СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жаратылыш сырлары

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жаратылыш сырлары»

Жаратылыш сырлары

Он үчүнчү кылымды оодарган арча

Кыргыздар арчаны касиеттүү дарактардын алды деп карайт. Баткен менен Лейлек жергелеринде болгон археологиялык казуулар мезгилинде миңдеген жылдар мурун сөөк салынып көмүлгөн арча табыттар эч бузулбастан табылганы, арчаны байыртадан бааланып келгенин көрсөтөт. Ал табыттарды Бишкектен, Оштон көрүүгө болот. Азыркыга чейин арча челекке уютулган айранды , ачытылган максымды жактыргандар бар. Келиндин төркүндөрү жаңы төрөлгөн ымыркайга арча бешикти сыймык менен алып барышат. Бөлөнгөн наристенин да өмүрү арча сыяктуу узун болот деген ишеним бар. Кыргыздар арчанын бүрүн нандын күкүмү менен барабар баалаган, бүрдү тебелеген эмес. Ал эми көчөлөрдө же базарларда ысырыктап жүргөндөргө салтты билген адамдар өздөрү эле берчүүлөрүн карматышат. «Көктөп турган арчаны кыйган көктөбөй соолуйт (жашында өлөт)» деп арчаны кыйуудан коркушкан. Бул түшүнүктөр бабаларыбыздын экологиялык ан сезиминен келип чыкканын айгинелеп турат.

Кыргыз арчаларынын аксакалы.

Лейлек жергесинде табияттын таң калыштуу белектери бар. Алардын бири Баул айылындагы Көк терек (ичкилик диалектисинде катта терек деп да аталат), диаметри 7 метрге жеткен бул теректи Захириддин Бабур тиккен деген уламыш бар. Белестин «тоо бүркүтү» пионердик лагеринин четинде өскөн дагы бир алп дарак бар. Бул даракты Исфананын райондук администрациясынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, райондун тарыхынын энциклопедиясы аталган Умар Усановдун айтуусу боюнча, бул дарактын аты «Шуң» деп аталат. Бир жылы россиялык дендрологдор, немистердин дарактын жашын өлчөөчү аспабы менен келишкен. Шуң теректин жашын жергиликтуу калк 300-400 жыл чамасын айтышса, аппараты менен өлчөп көрүп, 1260(!) жыл болгонун айтышкан. Бул дарактын диаметри 11метр 30см (!) экен. Бир капталы көңдөй болуп, ондон ашуун адамды батыручудай болсо да, азырга чейин көктөп, «тирүү» турат. Лагердин жанында жашаган жергиликтүүлөр аны «Сада» тал деп аташат экен. Шуң терекпи же Сада талбы? Бул суроонун жообун токойчулук боюнча адис Акулов Жапар бул Шуң теректин ясень дарагы экенин далилдеген. Илимде да «туркестанская ясень» дарагы деп таанылган.

Кароосуз калган «аксакал»

- Атаңдын көрү, атпай журтубузду ааламга таанытчу «аксакал» дарагыбыздын кароосуз калганы кейитпей койбойт. Эч ким көзөмөлгө албай, өзү да эч кимге залалын тийгизбей, жөн гана өсүп турат. Кокус лагердеги тентектердин бири кокустан өрт коюп жиберсе, өзөгү ачык алп дарак куурап калчудай. Жергиликтуу айыл өкмөтүнүн башчысы, ал болбосо райондун акимчилиги тегерегин темир менен кашаалатып, атайын табличкага жашын көрсөтүп, мамлекет тарабынан корукка алынганын жаздырып койсо, сооп эле иш болмок. Кыргызстандын баардык жеринде эле он үч кылым жашап, он метрден ашык жоондукка жеткен дарак өсүп турбаса керек... Балтика боюндагы өлкөлөрдө жүз жылдан ашык өсүп турган дарактарга атайын паспорт берилерин окуган элем.

Мына ушундай майда-чүйдөлөргө маани берилгенде гана кунсуз байлыгыбыз болгон табиятыбызды сактап, ошондо гана туризм Кыргызстандын чар тарабына кулачын жаят деп эсептээр элем - дейт журналист Абдымиталил МЫРЗАКМЕТОВ


Кыргыз кереметтери

Кышында тоңбогон, бир тамчы суу агып чыкпаган кыргыз керемети – Ысык Көл.

Дүйнөдө Соңкөлдүн «Көк – Чар» балыгына даамы боюнча эч бир балык тендеше албайт.

Дүйнөдөгү эң бийик жети чокунун экөө Кыргызстанда: «Жеңиш», «Хантеңири» чокулары.

Дүйнөдөгү эң ири жети алтын кенинин бирөө- биздин «Кумтөр».

Дүйнөдөгү эң ири тоо дарыяcы «Нарын». Ал үч өлкөнү аралап өтүп « Арал» денизине барып куят.

Кыргызда Балбайдын «Актаман» деген тайганы жолборс алган.

Кыргыздын азыркы кыраан тайгандарынын бири Көл кылаасынын тургуну Замирбек Мукашевдин жети карышкыр алган «Коккушу».

Кыргыздын эн акыркы жолборсу 1930 жылы Чүйдө атылган..

Темирбек АЛЫМБЕКОВ. ЗАМАНДАШ №11 (52) НОЯБРЬ 2007 43 БЕТ


2) Жерүй

Жайлоонун ар бир коктусу, апай беттери, түзөң жерлери төрт түлүк малга толук жайылып, элим беймарал, бейкут өмүрүн сүрөөр эле. Балдар болуп күңгөйдөн жапалак арчанын кууларын тергенибиз, тескейиндеги мөңгүгө чейин барып, катып калган кардын үстү менен басканыбыз, жашыл жайлоо салкын төрүндө мал кайрыганыбыз, мөлтүрөгөн көк кашка сууларынан жата калып жутканыбыз, салкын таза абасынан дем алганыбыз, таштай муздак экенине карабай тоо көлүнө түшкөнүбүз күнү бүгүнкүдөй эсимде турат. Ошол таза назик кыздай болгон Жерүйдөн тээ совет доорунда алтын кенин табышкан. Бул болжолу өткөн кылымдын элүүнчү - алтымышынчы жылдар аралыгына туура келет. «Запасы түзүк бул алтын кенин эмне үчүн совет учурунда иштетишкен эмес?» - деген суроо туулат. Мындан бир олуттуу себеп болуп жүрбөсүн? Ошол эле учурларда Кыргызстандын башка жерлеринде алтын, уран жана башка кен казуу иштери жүргүзүлгөн. Тоо арасынын эң кыйын татаал шарттарына карабай, өтө ири гидростанциялар курулган. Анан эмне үчүн Жерүй алтын кени иштетилген эмес? Ошого эмне, совет өкмөтүнүн күчү жетпей калды беле? Анан өзүбүз эгемендүүлүктү алаарыбыз менен эле Жер-үйгө курт чымындай үйүлүп калдык? Жок! Мында бир мандем бар. «Алтын бар жерде азап бар» - дегендей, Кум-Төр алтын кенинин азабын иттей эле тартып жатканыбызды бешиктеги балдарга чейин билишет. өлкөбүз жарыбаган пайда тапкан болуп, алтын тышка ташылып кетип жатканын эсепке кошпогондо да, жер-суубуз цианитке ууланды, ичек-карды тышка чыгып, жерибиз ордуна келгис болуп бузулду, бейкапар жаткан кыргыз элинин ичинде алтын менен байланышкан келишпестиктер, чыр-чатак, уруш-талаштар пайда болду. «Жер-үй» менен «Андаш» алтын кендеринин иштетиле электигине карабай, Талас эли эмитен эле азапты баштарынан кечирип жатышат. Канча бир патриот жигиттерибиз кармалды. Канча бири талаалап качып жүрөт?
«Андаш», «Жер-үйдөн» алына турган болсо алтын,
Анык азапка салганы турат Талас калкын!
Талас эли жогорто аталган эки алтын кенин жабуу маселесин көтөрүшкөн жана ошол талабын дагы деле улантып жатышат. Анын негизги себебин жаратылыштын экологиясынын бузулушу жана элдин ден-соолугуна зыян болору менен байланыштырып жатышат. Ооба, тура мотивировка! Менин жеке пикиримде, советтик тоо-кен инженерлерин да ушул себептер кооптондурган. Ошол себептен Совет учурунда кен иштетилген эмес деп болжолдосок болот. Эгерде алтын кендери казыла баштаса, Талас эли эмне пайда табат жана эмне зыян тартат? Таластын, ошонун ичинде Бекмолдо айыл өкмөтүнүн анча-мынча калкы, өзгөчө жаштары алтын казылып бүткүчө жумуш менен камсыз болушат. Алтын кенин иштетмек болуп жаткан чет элдик компания Талас облусуна, ошонун ичинде Бекмолдо айыл өкмөтүнүн элине тил эмизген жардамдарды берет. Бул убактылуу гана пайда, бирок анын артында орду толгус канча зыяны барын неге ойлобойбуз. Алтын казылган аймактагы жайыт тарыйт. Жер челинип, руда алынган жер кайрадан калыбына келбейт. «Андаш» жана «Жерүй» алтын кендерин иштетүү Көпүрө-Базар жана Кара-Ой айылдары гана эмес, бүткүл Талас өрөөнүнө, андан ары Казакстандын Жамбыл облусунун элине коркунучтуу. Жер үстүндө болсун (дождевая вода), жер астында болсун (грунтовая вода) тоо жеринде суу тынымга токтобой,эңишти көздөй умтулат. Алтын кени казылганда пайда болгон зыяндуу элементтер акырындап ошол суулар менен агып, Каракол жана Чоңчычкан сууларына куюлат. Бул эки суу Талас дайрасынын башталыш куймалары экенин эстен чыгарбоо керек. Радиоактивдүү элементтердин калдыктары сакталуучу жайы (хвостохранилише) дегендери Каракол жанан Чоңчычкан сууларынан алыс эмес жерлерде курулат. Орто-Азия Жер шарынын тез-тез кайталанма жана катуу жер титирөөчү аймагына кирет. Ошондой жер титирөө болуп, калдыктар сакталуучу жай бузулса, андагы уулуу заттарды эчтеме менен токтото албайсың. Дароо Талас өрөөнүнүн ортосу менен аккан Талас дайрасына кошулат. Бул болсо бүтүндөй өрөөндүн караганы. Казактар да жөн калбайт. Калдыктар сакталуучу жай бүтүн турган күндө да, урпактарыбыз жарылчу дары салынган челектин (бочканын) үстүндө олтургандай, дамамат коркунучта жашашат. Экологиянын бузулганына байланыштуу Талас жана Казакстандын Жамбыл облусун, Тараз шаарынын элдеринин ортосундагы соода-сатык үзгүлтүккө учурайт же биротоло токтойт. Туризмди өнүктүрүү- Кыргызстандын келечеги. Алтын кенинин иштетилиши Талас өрөөнүндө туризимдин өнүгүшүн четейт же таптакыр токтотот. Ал эми Таласта Кеңкол, Бешташ, үрмарал, Жерүй, Күмүштак Каракол, Кумбел, Бакайташ, Желдисуу, Жарганат, өтмөк деген «жапайы туризм» уюштура турган абасы, суусу таза ажайып жерлерибиз, төрлөрүбүз бар эмеспи. «Манас Ордо» музей комплексин айтпаганда да. Германия өлкөсүнүн биздеги посолу, профессор, доктор Клаус Гревлих «Кыргызстан-суу державасы» деп белгилегендей, кыргыздын келечеги, тагдыры таза суу менен байланышып жүрбөсүн? Алтынды коюп, Таластын сууларын таптаза бойдон кийинки муундарга мурас кылып калтырганыбыз оңдур. Ошол таза сууларыбыз алтындан кымбат болор. Кара-Ой айылы – 20-кылымдагы кыргыз элинде популярдуулугу боюнча алдына эч кимди салбаган «Жаман сары» акыны Байдылда Сарногоевдин туулуп, бала чагы өткөн жер. Азыр даңгыраган Суусамыр – Талас шоссе жолу салынып жатыр. Кара-Ой айылын басып өтөт. Чоң Чычкан менен жолдун кесилишине Байдылданын комплекстүү музейин салууга, жыл сайын ыр майрамын, улуттук оюндарды, мелдештерди өткөрүп турууга эмнеге болбосун? Эр көкүрөк жигитибиз Болот Шерниязов музей салам деген убадасын качан аткарат? Талас жергеси таланттардын уюткусу. Алтындын азабы аң-сезимдерин аралаган жана жаралаган келиндерибизден Эенаман, Эшмамбет, Жеңижок, Алымкул, Атай, Шекербек, Чыңгыз, Сүйүнбай, Байдылда, Анатай, Эстебес, Замирбек, Амантай, Аалы, Айчүрөктөр… төрөлүшөөр бекен?.

Жыйынтык сөз:
Таласымдын алтынын алып кетер,
Талас элин азапка салып кетер.
Жашыл жайлоо бузулуп таштар калар,
Жанды кыйган уу толгон заттар калар.
Таласымдан таза суу акпай калар,
Таласым эл-журту жок актай калар!
«Андаш», «Жерүй» алтын кендерин иштетүү, иштетпөө жалгыз эле Талас элинин көйгөйү эмес. Президентибиз баш болгон бүт кыргыз эли, бул жөнүндө жакшылап ойлонушубуз керек. Илгертен мал менен жан баккан кыргыз элине алтынга караганда, жашыл жайлоо түбөлүктүү керек!
Казакбай АБДЫШЕВ акын-жазуучу Материалдык дүйнөдөн-рухий дүйнөгө


Полуэтилен баштыгы жана биздин жашоо

Тарыхы

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын базарларында жана турмуш тиричиликте колдонуп жүргөн, «целлофан» аты менен таанылган полуэтилен баштыктары эн алгач АКШда пайда болгон. 1957- жылы Америкалыктар сэндвичти, нанды жана жашылча жемиштерди ороо үчүн ойлоп табышкан. 1966- жылы бул баштыктар өлкөдө ун азыктарынын 30 пайызын орошкон (упаковать). 1973- жылы болсо Батыш Европада полуэтилен баштыкчасынын саны 11,5 млн го жеткен. Болжол менен он жылдан кийин «майка» деген ат менен саптуу баштыкчалар ири соода борборлорунда сатыкка чыга баштаган. 2002- жылы болсо дүйнөлүк баштык чыгаруунун эсеби 4- 5 триллионго жеткен.

Кызыктуу фактылар

  • Энелерибиз, эжелерибиз СССР доорунда мындай полуэтилен баштыктарын узакка колдонушкан. Кирдеп калса жууп, суртуп, тазалап турган. Себеби, мындай баштыктар «жетишсиз» болгон.

Көйгөйлөрү

Биздин апаларыбыз дүкөнгө же базарга барарда сөзсүз кам көрүшчү. Колго тигилген баштыгын, суюктук куйганга бидон же банкасын ала журчу. Бул көрүнүш акыркы он- он беш жыл аралыгында таптакыр өзгөрдү. Азыр эч нерседен бейкапар базарга же дүкөнгө барышат. Алган буюмдарын ошол эле жерден арзан баштык сатып ала коюп, салып келе беришет.

Кагаз баштык же полуэтилен баштыгы деп кардарларга сунуш кылынса сөзсүз полуэтилен баштыгын тандашат. Себеби, бул баштыктар турмуш тиричиликте колдонуу өтө ыңгайлуу жана кагазга караганда алда канча женил. Баасы да арзан. Бирок, экологиялык жактан алып карасак, кагаз полуэтиленге караганда жүз эсе аз убакытта чирип жок болот. Буларды билишсе да адамдар «арзан» баштыктарды колдонушат.

Баштыктардын дээрлик баардыгы бир жолудан колдонулуучу буюмдар. Мисалы, базардан товар салып келген баштыктарды, бошотуп туруп таштандыга ыргытып жиберишет. Бул өнөкөт кайталанып жүрүп, чөйрөбүздү баштык таштандыларына айландырып жиберет. Шамал болгондо бул буюдардын асманда учуп жүргөнүн, деңиз, көл - дарыялардын бетинде калкып жүргөнүн көрүүгө болот.

Жогорудагы көрүнүш бара- бара экологиялык көйгөйлөрдү жаратат. Анткени полиэтилен узак убакытка чейин «чирибейт». Ушул көйгөйдү болтурбоо максатында чаралар көрүлүп жатат. Азыр айрым өлкөлөр полиэтилен баштыктарды колдонууга тыюу салып жатышса, айрымдары таптакыр колдонушпайт. Мисалы, Австралия, Тайвань, Ирландия, Бангладеш, Кытай өңдүү өлкөлөр экологиялык тазалыгы сактоо үчүн «арзан» баштыктарды колдонууга жана сатыкка коюуга таптакыр тыюу салышкан. Жылына 1,2 млрд баштык колдонуучу Ирландия мамлекети 2002-жылы баштык учун 15 сенттик салык киргизишкен. Натыйжада колдонуучулардын саны 90 пайызга азайган.

2004- жылы январь айында эркин полуэтилен аймагы (plastik bag- free) пайда болгон. Австралиянын Kangaroo жарым аралындагы ишкана олкодогу полиэтилен баштыктарына койгон тыюуларды жеңүү үчүн баштыктын жаңы түрүн ойлоп чыгышкан. «Полимер» аталган бул баштык айлана чөйрөгө терс таасирин тийгизбестен узак убакытта чирип жок болот. Бул түрдөгү буюм тоскоолдуктарга карабастан кабыл алынды. Себеби, ишкана чон аз эмгек менен эбегейсиз чон пайда алып келуучу товардан баш тарткылары келген эмес. Ошол эле жылы Англиялыктар биологиялык затка айланып кетуучу баштыкты ойлоп табышкан. Суу менен комур кычкыл газына айланган бул баштыктын биологиялык эруусу торт жылга созулат. Бул баштыкчалар нан жашылчаларды ороодо колдонулат.

http://www.novayagazeta.ru/data/2007/color46/19.html


Нарын мамлекеттик коругу

Нарын мамлекеттик коругу 1983- жылы Борбордук Тянь - Шандагы жаратылыш комплекстерин коргоп калуу жана жоголуп кетүү коркунучуна дуушар болгон жаныбарларды калыбына келтируу максатында уюштурулган.

Азыркы учурда коруктун жалпы аянты 91023 гектарды түзөт.

Корукта жаныбарлардын бир нече түрлөрүн көрүүгө болот. Алсак, сутэмүүчүлөрдүн 26 түрү, канаттуулардын 100 түрү, балыктардан 3 түр, жерде сууда жашоочулардын 1 түрү жана сойлоп жүрүүчүлөрдүн 4 туру кездешээри аныкталган. Бул жаныбарлардын арасында, Кыргызстандын кызыл китебине кирген Илбирс, Сүлөөсүн, Мадыл, Тянь- Шань күрөң аюусу, Бугу, Кундуз, Аркар - кулжалар да байырлашат. Ал эми канаттуулардан Бүркүт, Ителги, Көк - жору, Кумай, Ылаачын, Орок тумшук, Чулдукту кездештирүүгө болот.

Корукта омурткасыз жаныбарлар толук изилденген эмес, бирок кызыл китепке киргизилген «Аполон», «Махаон» жана омурткасыздардын көптөгөн түрү катталган.

Бул коруктун аймагы өсүмдүктөр дүйнөсүнө бай келет. Өсүмдүктөрдүн 2000ге жакын түрү өсөт. Ал эми алардын көпчүлүгү дарылык касиетке ээ.

Аймагы болсо төмөнкүдөй аймактарга бөлүнөт:

Талаа аймагы

Токойлуу жана бадалдуу субальпикалык аймак

Альпылык аймак

Гляциально - нивалык аймак


Бугу марал питомниги

Бул питомник Нарын мамлекеттик коругунда, 1988- жылы бугу - маралдардын тукумун көбөйтүү максатында уюштурулган. Себеби, Ч. Айтматовдун «АК КЕМЕ» повестиндеги «Бугу эненин» тукуму ар кандай себептер менен азайып кеткен. Кыргызтанда бугулар Нарын мамлекеттик коругунда гана сакталып калган. Азыркы мезгилде пиомникте 18 баш бугу - марал багылууда. Алар колдо жана жарым колдо багылат. Келечекте бугуларды көбөйтүү менен аларды Кыргызстандын башка аймактарына да жайылтуу максаты коюлган.

Коруктун токойлуу аймактарынан эртен менен жана кечке жуук бугуларга байкоо жүргүзүп турушат.



Жаратылыш музейи

Келген конкторго жана жергиликтуу калкка жаратылыш кенчтерин жакындан тааныштыруу максатында 2003- жылы Нарын мамлекеттик коругунун базасында түзүлгөн. Бул музейден Нарын мамлекеттик коругунда байырлаган жаныбарлардын, канаттуулардын экспонаттары ошондой эле облустун чегинде чыккан кен байлыктарды көрүүгө болот.

Экологиялык борбор

Экологиялык билим беруу борборунун негизги милдети окуучуларга жана студенттерге методикалык жардам көрсөтүү болуп саналат. Бул борбор «Флора- Фауна» эл аралык уюмдун жардамы менен жергиликтуу элдин, окуучу жаштардын экологиялык билимин жогорулатуу максатында 2004- жылы ачылган. Нарын облусундагы жаратылышты коргоочу мекемелердин алып барган иштери боюнча кеңири маалыматтарды экологиялык борбордон алууга болот.



1) Кыргызстандын аймагындагы тоо кен калдыктарынын кампалары

КР өкмөтүнүн алдындагы геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянсак, Кыргызстандын аймагында тоо кен өнөр жайында ар кандай кендери иштетүүдөн чыккан зыянду (токсичный) жана радиоактивдүү калдыктар комулгон 92 объект катталган. СССР жоюлуп, тоо-кен өнөр жайлары өз иштерин токтоткондон кийинки жалпы көлөмү 13,35 миллион куб метр болгон жана 2,35 миллион куб метр келген тоо арасындагы калдыктар сакталуучу 36 жер узак убакыттан бери кароосуз калган. Ошондон улам өкмөттүн токтому менен ага көңүл буруп, реабилитац­иялык иштерди жүргүзүү үчүн КР өзгөчө кырдаалдар министрлигине өткөрүлүп берилген.

Ошол зыяндуу калдыктар сакталган 36 жайдын 31инде радиоактивдүү калдыктар. Анын ичинде 28инде уран өндүрүшүнөн чыккан калдыктар, 3 жерде полиметалл өндүрүшүнөн чыккан составында торий бар калдыктар, ал эми 5 жерде түстүү металлдын калдыктары көмүлүп турат. Аталган зыяндуу калдыктардын жалпы көлөмү 8,2 миллион куб метрди ал эми 5 жайдагы түстүү металл калдыктарынын көлөмү 5,15 миллион куб метрди түзөт.

Ысык-Көл облусундагы “Кумтөр” калдык кампасын колдоочу дамба “Кумтөр Оперейтинг Компани” (КОК) калдык чарбасынын объектилеринин бири болуп эсептелет. Өндүрүш ишинен чыккан калдыктардын көлөмү 40,19 млн куб метрди, анын ичинде катуу таштандылар 37,24 млн куб метрди, бош аккан суулар 2,95 млн куб мтерди түзөт. Кендин технологиялык схемасында натрийдин цианиди (өтө уулуу зат) жана ар түрдүү кислоталар пайдаланылат. Калдык кампасынын дамбасынын коопсуз абалына КОК мониторингдин толук комплексин жүргүзүп турат. Ал дамбадагы температуралык режимди аныктоону, дамбанын горизонталдык жылышын, дамбадагы чыпкаланган суулардын деңгээлин, алардын химиялык составын аныктоо үчүн байкоочу скважиналар иштейт.

Чүй облусунун Ак-Түз поселкасындагы № 1 жана 3 калдык кампасы КР Өкмөтүнүн карамагында, № 2 менен № 4 калдык кампалары “Ак-Түс” ишканасынын балансында турат. Калдык кампаларында кармап туруучу дамбалардын бекемдигин аныктоо учун инженердик - геологиялык изилдөө жүргүзүү керек. Себеби №4 калдык кампасында авариалык - калыбына келтирүүнү жана жердин үстүндөгү суулардын калдык кампасынын үстүнөн кирип кетишин болтурбай коюу максатында тоо арыктарынын айрым участкаларында реконструкциялоо ишин шашылыш түрдө (!) жүргүзүү зарыл.

Чехия Республикасынын өкмөтүнүн техникалык жардамынын алкагында КР Өкмөтүнүн көмөктөшүүсү менен 2004-2006-жылдарда 290 миң доллар суммасында “Тоокендерин байытуу комплекстеринин айланасындагы геоэкологиялык изилдөөлөр жана экологиялык жүктөргө жана тобокелдиктерге баа берүү” долбоору аткарылган.

Карабалта тоокен комбинатынын калдык кампасы Кара-Балта тоокен комбинаты урандын окисин, закисин чыгарат. Завод жылына 2 миң тонна уран чыгарат. Тоо металлургия заводунун калдык кампасы Кара-Балта шаарынан 1,5 километр аралыкта жайгашкан. Ал 1955-жылдан бери пайдаланууда. Анын аянты 2380 миң чарчы метр, өтө бийик жери 35 метр, пайдалуу көлөмү 63,5 млн куб метр, анын 54,4 пайызы толтурулган. 32,5 млн тонна, кюри калдыктары көмүлгөн. Негизги булгай турган компонент, элементтердин уран кен кайрадан иштелип чыккандан кийин байытуунун шламдары жана калдыктары калат. Коргоочу курулуштар бар. Коргоочу дамбанын бийиктиги 12 метрге жетет. Жабык дренаж жасалган, кампанын аймагынын 35 пайызына пленка жаткырылган, калган бөлүгүнө топурактан коргоочу экран жаткырылган. Жер астындагы булганган суулар 5 скважинадан сордурулуп алынат жана жер астындагы суулардын абалына үзгүлтүксүз текшерүү жүргүзүлөп турат. Соңку жылдарда булгануунун азайышы байкалууда. Ошондой эле булгай турган заттардын (сульфаттар, нитраттар) консентрацияларынын төмөндөө тенденциясы да байкалууда. Бул экрандарды жаткыруунун булганган сууларды сордуруп алуунун эсебинен жетишилет. Кампанын туруктуулугу шек туудурбайт. кошумча коргоочу дамба курулган, кампа суудан арылтылып турат, суунун толук айланышынын системасы иштейт.

Баткен облусундагы Айдаркен сымап комбинаты байытуу фабрикасынын калдык кампасы

“Казмеханобр” институтунун долбору боюнча 1967-жылдан бери пайдаланууда. 1986-1987-жылдарда коргоочу дамбага 30 миң куб метр көлөмүндөгү коопсуздук бермалары менен таш жаткырылган. Туруктуулук жагынан объект шек туудурбайт. 1972-жылы пленкалык коргоочу жабуу жана бетондоо менен өнөр жайдык агымдарды топтоочу 6 карт курулган жана пайдаланылууда. Суюк фаза табигый түрдө бууланып кеткенден кийин шлам кумдары уранды болуп үйүлөт. 1940-жылдан бери тоокен өндүрүшүнүн бош калган породаларынын урандыларында 53,5 млн куб метрден ашуун таш топтолгон. Урандылар жана карьерлер рекультивацияланбайт жана шамалдын эрозиясына дуушар болбойт, чаңды курчап турган атмосферага алып чыкканы менен калктын коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч келтирбейт. Мында негизги продукция – металл сымабы. Кошумча продукция – эритилме кислота жана металл сурьмасын чыгаруу үчүн аралашмалар бар.

Кадамжай сурьма комбинатынын калдык кампасы 2600 миң куб метрлик долбоорду кубаттуулук менен 1971-жылы “Гипроникелдин” долбоору боюнча курулган. Иш жүзүндө 2014 миң куб метр калдык жаткырылган. Калдык кампасын пайдалануу долбоорду сактоо менен жүгүзүлөт, негизги параметрлери боюнча чектөөлөр байкалбайт. Иштеп жаткан калдык кампасынан түздөн-түз төмөнүрөөк эски калдык кампасы жайгашкан, ага 1,8 млн кубометр кум жаткырылган. Калдык кампасы кургатылган, консервацияланган. Поселканын турак - жай массивинин бир бөлүгү санитардык - коргоо зонасында турат. Мурда Кыргыз ССРинин министрлер совети 1990-жылдын 20-апрелинде поселканын бир бөлүгүн башка жерге көчүрүү жөнүндө токтом кабыл алган, бирок бир катар себептер менен токтом аткарылбай калган. 1976-1980-жылдарда жалпы көлөмү 245, 5 миң куб метрлик Каждамжай металлургия заводунун өнөржайлык агындары үчүн туз топтоочу 7 карт курулган. Негизги продукция - ар кыл даражадагы тазалыктагы металл сурьмасы. Комбинаттын аймагында гидрометаллургиялык чекте колдонулуучу уулуу заттар менен туз топтогучтар турат. Калдык кампасы поселканын селитеб зонасынын үстүндө турат, ал эми туз топтогучтар Өзбекстан тарапка эңкейиште турат. Бишкектеги радиоактивдүү калдыктардын кампасы “Кыргызтуракжайкоммунсоюз” атайын комбинатынын балансында турат.

Шаардын 35 километр түндүк тараптагы “Манас” аэропортунун районунда радиоактивдүү калдыктар көмүлгөн пункут бар. Негизинен геологиялык чалгындоодо, медицинада, өнөр жайда колдонуудан чыккан радиоактивдүү калдыктар көмүлөт. Ал бетондолгон каньондон турат. Азыркы убакта алардын бешөө толтурулган. Ал Россия Федерациясынын атоммининин “Радон” илимий өндүрүштүк бирикмесинин долбоору боюнча курулуп, Кыргыз – турак жай коммунсоюз атайык комбинатынын карамагында. Пункт “булганган” бомба түзүү максатында же жардыргыч заттарды колдонуу менен террордук акт жасалган учуруда булактар уурдалган кезде коркунуч туудурат. МАГАТЭнин адистери көрсөткөн жардамдын алкагында объектини физикалык жактан коргоо күчөтүлгөн. Жумушчу коньонунун үстүндө автоматтык сигнализация менен темир-бетон имараты курулган. Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында жогоруда көрсөтүлгөн опурталдуу объектилер балансында турган уюмдарга катуу жана туруктуу контролдук орнотуу зарыл.

Калдыктар сакталуучу жайлардын абалы

Жалалабад облусунда “Макмалалтын” комбинаты иштеп жаткан райондо 1986-жылдан бери байытуу фабрикасынын калдыктар кампасы иштейт. ал “ВНИПИгорцветмет” институтунун долбоору боюнча курулган, анын көлөмү 4,8 млн куб метрлик. Иш жүзүндө жарымына калдык топтолгон. “Казмеханобр” институтунун корутундусу боюнча тосмо дамбанын бекемдиги шек туудурбайт. “Макмал” карьеринин районунда эки тоотектеринин урандысы жана жалпы көлөмү 6,5 млн кубометрге жакын тоо массасынын жарды кендери үчүн бир урандысы бар. Урандылар долбоорго ылайык пайдаланылат жана коркунуч туудурбайт. Пленка менен жабылган коргоо катмарынан жогорку калдык кампасындагы суюктуктун деңгээлинин көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу циандуу агындардын жерастындагы сууларга кошулуп кетүү коркунучу бар.

(Материал КР айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин материалдары боюнча даярдалды. Т. Сулайманов)

http://kg.kabar.kg/print_version.php?ID=218711


Беш – Таш.

«Беш – Таш» Мамлекеттик улуттук жаратылыш паркы 1966-жылдын 2- августунда Кыргыз Республикасынын Башкармалыгынын №383чү токтомунун негизинде түзүлгөн. Улуттук жаратылыш паркынын аянты 32411 ганы түзүп, Талас районунун территориясында «Беш-Таш» дарыясынын эки тарабында, Талас шаарынан тү 13 км алыстыкта жайгашкан. Өзгөчө экологиялык, эстетикалык баалуулугу болгон баалуу, уникалдуу жаратылыш комплекстерин, токойлорун, өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объетилерин сактоо бул «Беш-Таш» Улуттук жаратылыш паркынын негизги маселелеринин бири болуп эсептелет. Бул баалулуктар, табигый жана жасалма ланшафтардын бири бири менен жагымдуу айкалышы үчүн, илимий жана маданий, агартуу жана рекреациондук максаттарда колдонулат.

Жаратылышы

«Беш Таш» коругу өзүнүн уникалдуу кооздугу жана био тү менен озгочолонгон жаратылыш комплекси болуп эсептелет. Бул комплекс чоң жана көп калктуу Тараз, Талас, Бишкек шаарларына салыштырмалуу алыс эмес жайгашып, өрөөндөрдөн баштап бийиктеги ири муз чокуларына чейин табигый ланшафттары сакталган. Үч жагынан өрөөндүн коктулары менен курчалган бул корук дениз денгелинен 1100-3600 м. бийиктикте жайгашкан. Бул корук «Талас Ала-Тоо» тоо кыркасына кирип, муздардын, түбөлүк мөңгүлөрдүн, бийик чокулардын, кууш кырлардын, көлдөрдүн, жана цирктердин хандыгы болуп саналат. Бул жерде кристал тоо тектери, гнейлердин, порфриттердин, базальттардын (жанар тоодон пайда болгон тоо теги) ж.б. кени бар. Ачык чагылдырылган ландшафт курчоосу, өтө бийикте жайгашкан жана бул аймактан агып өткөн ири дарыя, арча карагай жана аралаш токойлордун массиви, ар түркүн чөптүү жайлоолору, табылгыс биоценоздор «Беш –Таш» дарыясынын бассейининде жергиликтуу адамдардын жана эс алуучулардын жашоосуна ылайыктуу, жагымдуу шарт түзүп берет.

Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү.

Татал рельеф жана өсүмдүктөрдүн молдугу жаныбар дүйнөсүнүн түрлөрүнүн да артышына шарт түзөт. «Беш –Таш» паркынын өсүмдүк дүйнөсү ар түркүн жана мол. Бул жерде 800дөш ашуун өсүмдүк түрү өсөт, алардын ичинен бак-дарактардын 20 түрү , бадалдардын 40 түрү өсүүдө. Негизги токойду түзгөн жыгач - дарактардан бул жерде: Арча, кызыл карагай, карагай, пихта, ак кайын, кара жыгач, бай терек, мырза терек, бака терек, мажүрүм тал, алма дарагы, лох, чычырканак, жапалак арча жана башкалар өсөт. Улуттук парк башкармалыгынын негизги маселелери, бул парктын баардык аймагында жайгашкан жапайы токой фаунасын сактоо жана коргоо болуп эсептелет. Тоют базасынын иш аракеттерин жакшыртуу жана чымчыктардын уялоо шарттарын түзүп берүү чараларын көрүү.

Кыргыз республикасынын Кызыл Китебине жогоруда айтылган өсүмдүктөрдүн 11 түрү кирген. Булар: персид долоносу, табылгы, Семен пихтасы, Островскийдин, Колпаковскийдин, Грейгтин тюльпандары, Аулеатанын велосистоцветочниги, Аулеатанын чөмүч баш, бийик карандаз, сарындаз, Туркестан козополянкасы.

Коруктун жашыл паркында: 2000 ден ашуун курт кумурскалардын түрү, жерде сууда жашоочулардын 11 түрү, жырткычтардын 40 түрү, чымчыктырдын 100 түрү жана балыктардын 3 түрү бар. Булардын ичинен КР Кызыл Китебине: курт кумурскалардын жана чымын чиркейлердин 12 туру (жапан аары, апполон кополоктору ж.б), сут эмуучулордун 5 туру ( Тань-Шань курон аюусу, Тань-Шань тоо эчкиси, ак илбирс, туркстан сулосуну, аркар) жана чымчыктардын 7 туру (буркут, ителги, бородач (сакалчан), кумай ж.б) кирген.


Таласка саякат


Кен- кол капчыгайы:

Кыргыз Ала- Тоосунун туштук энкейишинде, эки коктунун ортосунда Кен- Кол ороону жайгашкан. Кен- Кол оронунун жаратылышы коп жагынан озгочолонуп, озунун уникалдулугу менен айырмаланып турат. Мисалга алсак: тоодогу шар аккан дарыялары, мажурум тал, ак кайын аралаш токойлору, кызыктуу аска- зоолору, жана чанда жолуккан альпий флорасы. Кен- Кол дарыясынын тайыз жерлеринде жана анын куймаларында ак кайын, долоно, четин,ыргай, Альберт розасы, табылгы жана башка осумдуктор кездешет. Бул ороондун болунгус кооздугунун бир болугун тарыхый, археологикалык эстеликтер тузушот. Алар илгерки откон замандын чыныгы куболору болуп саналышат эмеспи. Эски замандын ар туркун эстеликтеринин арасынан: доболор, таш бетиндеги чиймелер, аскалардагы суроттор озгочо орунга ээ. Бул жерде ондон ашуун руникалык жазуулардын эстеликтери да бар. Мындан башка гранит тоо таштарында эпитафийлер (кор устундогу жазуулар) да бар. Булар: «Бакайдын ункуру», элдин оозунда «Бакайдын Тогуз- Корголу» деп айтылып калган руникалык жазуулар жазылган жалпак таш. Бул таш жонундо «Манас» эпосунда да айтылып отот. Бул Кен – Кол ороонундогу таштарда, аскаларында калтырылган тарыхый эстеликтер жана жазуулар биздин замандын 5-7 кылымдарына таандык, башкача айтканда турк каганатынын баштапкы доорлоруна дал келет. Элдик «Манас» эпосунда Кен- Колдун укмуштудай жери мындайча суротолот.

Жаратылышынан эле укмуштудай

Ай тоолуу ороонундо аккан кашка тунук булагы.

Кен- кол сен укмушсун жана кенсин.

Сен жердин эн корку белемсин.

Абдан намыской, текебер жана багынбас кыргыз эли Алтайдан коп жылдардан кийин Манастын жетекчилиги астында бул жерге, кайта кайтып келген. Бул идеология, озгочо ыр турундо айтылып, Кен- Кол жергесинин сулуулугу, укмуштуулугу, коп кылымдар бою элди тамшандырып келген. Кен-Кол бугунку кунго чейин озунун алгачкы кайталангыс кооздугун жоготпой сактап келет. Бул сулуулук жана кооздук, откон замандын таш эстеликтери да «Манас» эпосунда айтылган уламыштар менен байланыштуу. Кен- кол ороонунун туштук энкейиши, Кен-Кол коругуна караштуу чон аймак хлорид диабездин дайктары менен кесилишкен кристал сланцылары менен капталган. Бул дайкалар кун куйугу-«патина» менен коздолуп турат. Бул дайкалардын кара сырттары б.з.ч. жана б.з. ар туркун эпохалардын суротчулорунун аска суроттору менен чиймеленген. Кен-Кол дарыясынын алгачкы 2-3 км аралыгындагы аймак петроглифтерге бай.


Чачыке ороонундо Батыш жана Чыгыш Чачыкелеринин кошулушунда 29 хлорид-диабездин дайкалары бар. Алардын баардыгы петроглифтер менен капталган. Чачыкенин ороонунун башталышындагы кара дончолордо тоо текелердин суротторун жолуктурса болот. Суроттордун арасында кобунчо мергенчиликтин корунуштору, текенин устундо бараткан балалуу аялдардын суроттору орун алган. Чачыке дарыясынын жанында капчыгайдын он жагында мурзо доболору менен Кургансай сайы бар. Кургансайдын ортонку жана жогорку аймактары бир нече болуктон турат. Кургансайдын бардак жагынан коптогон петрофил менен капталган кара дайк дончолору корунот. Жол- Кайсы ашуусуна чейин Чачыке таш жазуучулардын «сурот галериясын» элестетет. Чачыкенин батыш жана чыгыш айрылышында абдан кызыктуу сурот композициялары бар. Бул жерде дайктардын устундо 43 суроттон турган оригиналдуу композициясын жолуктурса болот. Булар: тоо текелери, мергенчилик корунуштору жана беш кишинин диний мезгилдегиси. Чачике дарыясынын жакыбелдеринде 227 петрофилдер менен капталган дайктардын сыныктары катталган.


Урмарал капчыгайы.

Талас-Алатоо чокуларынын тундук тарабында жайгашкан Урмарал капчыгайынын жаратылышы озунун озгочолугу жана байлыгы менен белгилуу. Капчыгайдын торунон бак-дарактарды омкоруп, чон таштарды тоголото катуу агым менен шаркырап аккан Урмарал дарыясын бар. Дарыянын 27 куймалары бар. Булардын арасынан эн ирилери: Беш –Таш, Чийим Таш, Кара- Коюн. Бул дарыяда жана анын куйумдарында осман, кадимки Маринка, Талас лещи, климатташтырылган амударыя форели жашайт. Урмарал дарыясынын жайык жерлеринде негизинен мажурум тал, ак кайын токойлору осот. Алардын арасында долоно, ит мурун, кожогат, кара карагат, жана башка жемиштерди да жолуктурса болот.

Бул капчыгайдын жаныбарлар дуйносу: сут эмуучулордун 42 турунон, чымчыктардын 165 турунон, сойлоочулардын 14 турунон, жерде сууда жашоочулардын 3 турунон, балыктардын 18 турунон турат. Кара- Коюн дарыясынын устундо Кара – Коюн ункуру бар. Бул ункурдун киреберишинде чон жана кенен арка бар, андан ары ункурдун ичи тарып кетет. Ункурдун тор жагы бугунку кунго дейре толук изилдене элек. Кара- Коюн ункуру илгерки ыйык жер болуп саналат жана жашаганга жараксыз. Бул жерлерди коруп кеткен турист атайын маданий урп адаттарды откозгонго ынгайлуу орундун тандалганына толук ишенсе болот. Капчыгайга киребергенде Кара-Коун ороонунун толкундаткан эпикалык жашыл панорамасы ачылат. Суттой ак болгон лента сымал дарыя, кок асмандын кендиги, булардын арасында кок асманга созулган «Терек» чокусу озунун хандыгын жар салат. Урмарал капчыгайынын озуно тартуучу кооздугун болунгус болугун тарыхый эски руникалык жазуу эстеликтери тузот. Бул «Чийим –Таш» гранит аскасындагы эски согдий жазуулары жана аска суроттору негизинен контуралык, силуэт жана колоко техникалары менен тартылган. Булар мерген корунушторунун, маданий ритуалдардын, жалгыз жана топтолгон адамдардын жана жаныбарлардын суроттору. Урмарал капчыгайындагы бул согдий эпиграфикалык жазуулар оз убагында тарыхый жана мадании мааниге ээ болгон. Согдий тили биздин заманга чейинки 3-4 кылыдарында Орто азияда жана чыгыш Туркестанда эл аралык байланыш тили болуп саналган.

Караколдун....

Каракол ороону. Каракол ороонуно кетип бара жаткан жолдун боюнда артуркун жаныбарлардын суроттору жана Чынгыз хандын ат арабасынын суроту тартылган таштарды жолуктурса болот.

Киндик таш. Бул тоо дениз денгелинен 2523м. бийиктикте жайгашкан, башка тоолордон аябай айырмаланат. Ошондуктан «Киндик-таш» деп аталат. Байыркы таштардын устуно чиймеленген саймаларды, ар туркун кулдор менен капталган тоо борлорду, таза аба, агымы катуу Талас дарыясы ж.б. сулуулуктар, бул укмуш корунушту дал ушул жерден жолуктурса болот.

Жар-Таш Дениз денгелинен 3708м. бийиктикте жайгашкан укмуш сулуу жер: бийик тоолор, кашка тунук суулар, жыпар жытуу гулдор. Чокусунда жылдар бою жаткан монгулуу бийик тоолор менен курчалган шаркыратма жана жашыл кол, укмуштуулуктун болунгус бир болугу. Тоо чокуларындагы монгулор тоо сууларынын башталышы болуп саналат. Мындан башка бул жерде бири биринен 200-300м. аластыкта жайгашкан эки кол бар.

Саймалуу- Таш. Бул жергелерде байыркы суротчулордун бизге мурас катары таштап кеткен аска бетиндеги оймо чиймелер, суроттор, мергенчиликтин корунуштору, жаныбарлардын жана осумдуктордун суротторун жолуктурса болот. Бул жерде суусу таштай муздак эки кол, эки ири шаркыратмаларынын башталышы болуп саналат.

Уч-чат. Дениз денгелинен 3758м.бийиктикте жайгашкан жер, уч ороондон турат: Кол-Тор, Маймыл-Тор, Ашуу-Тор. Бул уч ороондун суулары Талас дарыясынын башталышы болуп эсептелет. Бул ороондордон Чынгыз хандын аскерлери откон. Согуш мезгилинде бул ороондо шейит болгондорду таш менен комушкондору, мурзонун устуно уйулгон таш доболордогу таштардын саны тируу калган аскерлердин санына барабар болгондугу, эн артында бир чон ташка ал аскердин солокотун чегип койушкандыгы айтылып журот. Бул жерде Чынгыз хандын аялынын биринин соогу жатат. Анын мурзосундо да бир чон ташта анын келбети чегилген. Чынгыз ханадын буйругу менен бугунку кунго чейин сакталган таш жолдор салынган.
Кол-Тор. Дениз денгелинен 3758м. бийиктикте жайгашкан Кол-Тор ыйык колу. Элдер бул колго, оздорунун калоолору, капалары, ыразычылыктары менен келип сыйынышат. Эгер сиз ишенич менен бир жакшы ыйык нерсе кыялдансаныз, ал нерсе созсуз орундалат.

Ашуу Тор ашуусу. Бул ото бийик ашуу болуп саналат. Ат менен ашканда 4-5саатты ашуу.

Бул жерде «Сур эчкинин коз жашы» шаркыратмасы бар. Ашуу Тор, Токойлуу жергесине, Суусамыр жайлоосуна, Бишкек-Ош трассасына багытталган ачкыч айрылышы болуп саналат.

Чат. Сары-Ункур капчыгайынын эн кооз жерлеринин бири болуп саналат. Койчулардын боз уйлору, хан форели жашаган эки суунун жээктеринде жайгашкан. Бул жерде кочулардын чыныгы жашоосун корууго болот. Уй, бээ саганды, дары кымыз жасаганды, казанда нан жапканды, балык кармаганды, эшек менен ат чапканда бул жерге келип уйронуп кетсениз болот.


Шекер.

Шекер – чон жана тамыры бекем айыл. Элде айтылгандай «суунун башында»,

Талас коктусунун боорунда Манас чокусунун мандайында корунуктуу жерде жайгашкан.

Ал бийик тоого Манас аты менен, айлананы караганга- «кайсыл жактан душмандар келген жокпу!...» учуп чыкчу экен. Ал бийиктикткн Манас кандай чон мейкиндикти коро алгандыгын элестетуу кыйын эмес. Чынында эле масштабтар эпикалык болгон. Илгери эл озунун баласын жана Манас баатырды дал ушундай коргусу келген. Кандай болбосун Манас чокусундагы муз монгулор, ороонго шар аккан, суусу муздак болгон Куркуроо суусунун башы болуп саналат. Бул суу ороон менен чогуу ороондогулорго жашоону да алып келет... Шекер айылы дуйного белгилуу болгон жазуучу Чынгыз Айтматовдун бул жерде торолуп, оскону менен данктуу. Чынгыз айтматовдун чыгармалары дуйнодогу коптого тилдерге которулган. Бул айылда ачык асман алдындагы музей-тарыхый парк бар. Бул музей-парктын ичинде Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынын каармандары орун алган.

Ачык асман алдындагы музей. Бул тарыхый парктын ичиндеги Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынын кармандары таштан чегилген. Парка коншулаш бак бар. Ал бактын мол момолору менен чымчыктардын сайрашы сизди тамшандырбай койбойт.

Керген-таш. Бул жерде, байыркы Шахер (азыркы Шекер) шаарынын жашоочулары Олжобайды озунун энесинин синдиси болгон Кишимжан менен качып кеткендиги учун олосоло сабап олтуруп, анан олугунун устунон бир коргон койду айдап откоруп жиберишкен экен.



Илбирс

Кыргызстан откон кылымдын жарымына чейин дуйнодо илбирс коп мекендеген олко катары таанымал болуп келген. Жырткычтын коптугуно таянып биз аны коптогон олколорго зоопарктарга экспорт кылчубуз. Олкодо илбирс кармаган дасыккан анчылар бар эле, андан сырткары каалаган чабан тируулой кармап, зоопарктарга откоруп сыйлык алуучу. Откон кылымдын 80-жылдарында башталган бийик тоолорду оздоштуруу, олкодо малдын санын, аны менен бирге бийик тоолуу аймактардын калкынын кескин кобойушуно алып келген. Бийик тоолордо ашуулар, жолдор, жуздогон уйлор жана кашарлар салынган.Чумага каршы жана геологиялык экспедициялар, чек арачылар, жол салуучулар жана башка аракеттердин артында тоолуу экосистемаларга болгон антропологиялык басым чектен ашып кеткен. Жаратылыштын тен салмактуулук бузулуп, уй жаныбарлардын биомассасы жапайы жаныбарлардыкынан кобое баштаган. Анын натыйжасында экосистемалар оз функциясын толук аткара албай, озунун жаратылыш бирдиктерин жогото баштаган.

90-жылдарда экономикалык кризистен кийин олкодо малдын саны кескин азагандыгы белгилуу. Экономикалык системанын бузулушу жергиликтуу тоо калкына дагы терс таасирин тийгизип, жашоо абалы томондогон. Элге кошумча булактары керек болгон катал учурда жергиликтуу тоо калкы, озгочо чабандар аны жергиликтуу биологиялык ресурстардан таба алган. Бири суур, карышкыр, кийик атса, экинчиси илбирске капкан салган. Ошол учурда газета беттеринде илбирс, ителги сатып алма сыяктуу жарнамалар ачык эле жарыяланып калган. Натыйжада акыркы отуз жыл ичинде олкодогу илбирстин саны кескин азайып кеткен. Буга анын тамак-аш базасынын кыскарышы дагы себеп болгон.

Учура Кыргызстандын аймагында илбирстин саны кээ бир окумуштуу эксперттердин божомолдуу эсеби боюнча 300 го чукул. Мамлекет ичиндеги илбирс популяциясынын майда бири-бири менен байланышы узулгон. Локалдык популяцияларга айланышы аны сактап калууга болгон мумкунчулукту кескин томондотот. Илбирстин олкодогу абалын аныктоо комплекстуу жургузууну талап кылууда. Бийик тоолуу аймактарды камтуучу бул иш чон финансылык колдоосуз ишке ашышы мумкун эмес. Жогоркудай демилге менен «Башат» ОЭУ Глобалдык Экологиялык Фонддун кичи гранттар программасынын колдоосуна ээ болду. Кыргызстанда тузулгон коруктар олкодогу илбирс таралган аймактын 1% эле тузот. Коруктарга чектеш жаткан аймактардын биологиялык корсоткучтору кобунчо корук ичиндеги корсоткучторго жакын келерин дуйнолук практика коргозуп келет. А бирок коркукка чектеш жайгашкан айыл элдери ал жерлерге зор басым коргозуп келишет. Сары-Чат-Ээрташ жана Нарын коруктары дагы ушул ондуу абалга туш болуп келуудо. Коншу жайгашкан элдер албетте корук чек арасына жакын жерлерде анчылык кылып биоресурстарга терс таасирин тийгизишет. Жергиликтуу эл менен иш жургузуу, же аларга альтернативдик булактарды сунуштоо бул проблеманы чечуунун бир жолу. Аткарылып жаткан долбоор ушул максатта экотуризмди онуктуруу жолун тандап алган. Жергиликтуу эл сейрек болгон илбирстин издерин, жашоо-чойросун жана жеми болгон аркар-кулжа, эчки текени четен келген туристтерге коргозуу менен бирге, ал жонундо жетишпей келген илимий маалыматты топтоого, санак иштерин жургузо алат. Ушуларды эске алып «Башат» ОЭУ жергиликтуу калк менен тыгыз байланышта иш алып барып келет. Илбирс учун Кыргызстандагы эн маанилуу аймактардын бири бул Борбордук жана Ички Тянь-Шань тоо кыркалары эсептелинет. Аксуу районунун Энильчек, Жетиогуз районунун Акшыйрак, Нарын районунун Оорук-Там, Таш-Башат жана Эки-Нарын айылдары, жогоруда аталган тоо кыркалары менен чектешкен Сарычат-Ээрташ жана Нарын коркутарына жакын жайгашкан тоолуу айылдар. Долбоордун негизинде жогорку айылдардын элинен экотуризмди онуктуруу учун топтор же жамааттар тузулгон. Экологиялык талапты эске алган ат жана жоо журуучу маршруттар тузулуп, иштелип чыккан. Тузулгон маршруттар Интернет аркылуу дуйно элдерине сунушталган. Натыйжада 2007-жылы жергиликтуу элдер биринчи туристтерди кабыл алып, кызмат корсото баштаган.

Жогорудагы иштердин натыйжасы менен илбирстердин тукумун сактап калуу мумкунчулугу бар.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Похожие файлы

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!