СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жарамазан жөнүндө

Нажмите, чтобы узнать подробности

Улуу муундагылар жарамазан мурда кеч киргенде айтылганын, аны да атайын даярданып айтышканын белгилеп келишет. Жарамазан айтуу шариатта жок экенин, бул салт катары илгертен келе жаткан ырым. Ал каада-салтка киргендиктен аны да өзүнүн эреже-тартиби менен айткан туура. Азыр коомчулукта жаш балдар жарамазанды шылтоолоп тилемчилик кылып жүрүшөт. Бул жакшы көрүнүш эмес. Андыктан түшүндүрүү иштерин жүргүзсө ашыктык кылбайт. Жарамазанды илгери жокчулук учурунда кедейлер колунда бар кишилерди мактап, ошолорго арнап айтышкант. Азыркыдай эмес, жарамазан ар бир кишиге өзүнчө айтылган.

Просмотр содержимого документа
«Жарамазан жөнүндө»

Жарамазан тууралуу ойлор

Бүгүнкү күндө жарамазан айтуу тилемчиликтин маданияттуу формасына айланып калды. Учурда бардык нерсе товарга айланып кетти.

Адамдар элдин салтын дагы товарга айландырып, ошондон акча тапкысы келип калды. Ар бир сөз товар. Азыр жарамазандын сөзү да товар. Унааңды токтото албай жатсаң, жүгүрүп келип жарамазан айткандар бар. Жаттап алганын айтып бергенден кийин колуна акча карматып, жарамазанды кечинде айтат десең түшүнгөндөй болушат.

Жарамазанды жаш балдардын, кыздардын күндүз эле көчөдө айтып жүргөнүнө жаман сөз айткым келбейт, бирок тилемчиликтин эле маданияттуу түрү болуп баратат. Салтыбызды акча табуунун ыкмасына айландырып жибергенибиздин өзү туура эмес. Бул маданият эмес, бул салттуу маданияттын бузулуп баратканын көрсөтөт.

Орозо башталары менен жарамазан айтылып келет. Өзгөчө Бишкек шаарында жолдо, дүкөндө, токтоп турган автоунаага, кафе-ресторандарга барып айтуу көнүмүш адат болуп калгандай. Жарамазанды өзгөчө жаш балдар акча табуунун, тилемчилик кылуунун бир жолу катары өздөштүрүп алган. Алардын жаттап алган төрт сабы төмөндөгүдөй:

Ассалому алейкум, жарамазан,

Он эки айда бир келген орозо жан,

Орозоңуз кабыл болсун бай аке жан.

Адыр, адыр ай тоолордон,

Айгыр минип биз келдик.

Айгыр оозун тарта албай,

Ушул үйгө туш келдик.

Жарамазан айтып келдик эшигиңе,

Ак кочкордой бала берсин бешигиңе.

Айрымдары жарамазанды замандын талабына ылайыктап, "жегениңиз жүзүм, өмүрүңүз узун, кийгениң костюм-шым, мингениңиз хаммер болсун" деп алышкан.

Улуу муундагылар жарамазан мурда кеч киргенде айтылганын, аны да атайын даярданып айтышканын белгилеп келишет. Жарамазан айтуу шариатта жок экенин, бул салт катары илгертен келе жаткан ырым. Ал каада-салтка киргендиктен аны да өзүнүн эреже-тартиби менен айткан туура. Азыр коомчулукта жаш балдар жарамазанды шылтоолоп тилемчилик кылып жүрүшөт. Бул жакшы көрүнүш эмес. Андыктан түшүндүрүү иштерин жүргүзсө ашыктык кылбайт. Жарамазанды илгери жокчулук учурунда кедейлер колунда бар кишилерди мактап, ошолорго арнап айтышкант. Азыркыдай эмес, жарамазан ар бир кишиге өзүнчө айтылган.

Жарамазанды кедейлер байлардын жашоо тиричилигин, байлыгын, бала-чакасын мактап айткан. Айрым байлар балалуу болбой, же ден соолугу начарлап жүрсө, ошол мүдөөсү орозо айында орундалсын деп ырдашкан. Үй ээси жарамазан айткан кишинин ырына жараша анын жолдугун жасаган.

Жарамазан айтуу жылкычылардан калган деген да кеп бар. Жылкыларды карышкыр жеп кетпесин деп түнү менен кайтарышкан. Анан азыгы түгөнүп калып курсактары ачканда орозо айында жакын айылдарга келип жарамазан айтышкан. Үй ээси колунда бар тамагын берген.

Жарамазанды бир адам бир үйгө бир эле жолу айтышы керек, илгери буга жоопкерчилик менен даярданышкан. Мурда жарамазанды үнү бар, сөз байлыгы кенен жигиттер айтышкан. Азыр болсо 4-5 жаштагы балдарга чейин жарамазан айтып, керек болсо бата берип жатпайбы. Кыргызда батаны улуу, көп жашаган адамдар гана берген. Азыркылар жарамазандын төрт сабын эптеп жаттап алып айтып жүрүшкөнү туура эмес

Орозо айы кирип келери менен айрымдар Жарамазан айтууну баштады. Бирок бул туура эмес. Элдик каада деп эсептелген жарамазан айтуунун өзүнүн тартиби бар.

Кыргыздын салты катары калыптанып калган жарамазанды илгери кедейлер айтып, колунда бар адамдардын үйүн каккылап ырдап, кардын тойгузуп, андан соң батасын берген. Аны менен катар эл ичинде кимдин үйүнө жарамазан айтып барса кут кирет деген түшүнүк орун алган.

Жарамазан орозо менен эле дароо башталбайт. Аны орозонун 20-күнүнөн кийин, акыркы жумаларында орозо кармагандар гана айтышкан. Ыйык түндө жерге периштелер түшүп, адамдын каалоо-тилектери аткарылат деген ишеним жашаган.

Жарамазан күндүз айтылбайт. Көчмөн кыргыз эли малын короого киргизип, ооз ачкандан кийин гана оюн-зоокту баштаган. Мындан улам жарамазан айтуу да кеч кирип, эл ооз ачкандан кийин жанданган. Бир үйгө бир эле жолу айтылат. Өз айылына эмес кошуна айылдарга айтылганы туура болот.

Жарамазанды балакаттан өткөндөр айткан. Азыр жарамазанды балдар айтып жүрөт. Бирок мурда аны 12 жаштан өйдө, бойго жеткендер - бозойлор айткан. Алар жарамазанды жөн эле айтпастан, маани-маңызына жараша аспаптын коштоосунда ырдашкан.

Кыздар айтканга болбойт. Жарамазанды кыздар эч качан айткан эмес.

Чала-чарпыт айтпаш керек. Жарамазан - бир-эки саат ырдала турган ыр. Аны да уйкаштыра, куюлуштура сүйлөгөн, акындык өнөрү бар жигиттер айткан. Төрт-беш сап менен будамайлап коюу жарамазан деп эсептелбейт.

Балдар бата бербейт. Кыргыздын салт-санаасы боюнча оозунда сөөлү, таңдайында мөөрү бар очор-бачарлуу, бала-чакалуу, турмушта көп нерсеге жетишкен адамдар гана бата бере алган. Баланын алакан жайып, акыл айтышы осол иш деп саналган.

Жарамазан айткандарды куру кол кетирбейт. Кыргыз босогодогу кишини эч качан кубалап, "кет" деген эмес. Ал тургай душманы келсе да тосуп алган. Жарамазан айткандарды үйдөн тамак берип же баштыгына бир нерсе салып узатышкан.

Жалгыз киши айтпайт. Жарамазан жамааттын ыры болгондуктан аны жок дегенде 5-6 адам айтат.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!