СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жаңы жыл -жынылыктын жарчысы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жаңы жыл -жынылыктын жарчысы»

Кел жаёы жыл!


Сабактын  максаты  :
1.  Окуучуларга  жаңы  жыл  майрамын  кайсы  жерде  кандай  тосуша  тургандыгын  ,  анын  майрамдоо тарыхы  жөнүндө  айтып  берүү  ;
2. Жаңы  жыл  жаңылыктын  жарчысы экендигине ,  жана  бүткүл  дүйнөдөгү элдердин  ,  өзгөчө  балдардын  сүйүктүү майрамына  айланып  калгандыгына  окуучуларды  ынандыруу.

Сабактын  жабдылышы  :  Жаңы  жыл  жөнүндөгү  сүрөттөр, Иллюстрациялар.


Сабактын  жүрүшү :


1. Уюштуруу  .
Мугалимдин   балдар  менен  ким  кайсы  майрамды  жакшы  көрө  тургандыгы  жөнүндө  аңгемелешүүсү  .


 2. Жаңы  темага  киришүү:
Жаны жылдын тарыхына кайрылып королу:
Жаӊы жыл – дүйнөнүн көптөгөн элдери белгилеген майрам. Жаӊы жылды майрамдоо Месопотамияда 3-миӊ жылдыкта эле пайда болгон. 1-январдан (Үчтүн айынын биринен) баштап жылдын башталышы деп Рим башкаруучусу Юлий Цезарь тарабынан б.ч.з 46-жылы киргизилген. Бул күн башталган ай Байыркы Римде Янус (Тандоонун, баардык башталыштын кудайы) кудайына арналып январь деп аталган. Янус кудайынын эки бети болгон, бирөө - алдын, экинчиси – артын карап турган.

Кыргызстанда Жаңы жылды жалган куран (март) айынын 21де күн менен түнднүн теңдешүүсүндө майрамдашат.
Ал эми 1-январда Жаңы жылды белгилөөнү кыргыздар Кыргызстанга орустар басып келгенден баштап (өзгөчө совет доорунан тартып) майрамдап калышкан.

3. Жаны жылды ким кандай тосот?

  Жаңы  жылды  тосуу бардык  дүйнө  элдеринде  салт  болуп  калган  майрам  Майрамды  тосуп  алуу  салттары  ,  календардык  датасы  айырмаланганы  менен  бириктирип  турган  нерсе  өсүмдүк  экендигинде  .  Мисалы  ,  Японияда  жаңы  жыл  түнүндө  үйгө  кире  бериш  жерде  өзгөчө  икебана  коюшат  .Икебанада  карагайдын  ,  розанын   бутактары  ,  бамбуктун  жалбырагы  ,  кара  өрүктун  гүлу  ,  япон  өрүгү  ,  кыскасы  тубөлүк  жаштыктын  узун  өмүрдүн  символу  болгон  дарактар  колдонулат  .
      Ал  эми  жашыл  кооз  жыттуу  арча  дарагы  илгертен  эле  өзгөчө  дарак  болуп  эсептелген  .  Байыркы  германдыктар  арчада  токойдун  духу  жашайт  жана  ал  бардык  өсүмдүктөрдү  айбанаттарды  ,  канаттууларды  сактайт  деп  ойлошкон  .  Ошондуктан  арчага  уруулардын  эң  каардуу  аскер  башчылары  келип  каалоо  -  тилектерин  айтышып  ,  даракты  кооздошкон  .
         Голландиялыктар  жана  англичандар  елкага  түбөлүк  жашоонун  ,  түбөлүк  жаштыктын  жана  күчтүн  символу  катары  карашкан  .
        Россияда  Жаңы  жылды  Петр  Биринчи  атайын  указ  менен  киргизген  .  Ал  1700  -  жылдын  1  -  январында  бардык  үйлөрдү  арча  дарагынын  бутактары  менен  кооздоого    жана  көңүл  ачуунун  белгиси  катары  бири  -  бирин  Жаңы  жыл  менен  куттуктоо  буйрук  берген  .  Ошол  күнү  Москвада  пушкадан  атышып  ,  фейервертерди  уюштурушкан  . Мына  ошондон  баштап  бир  дагы  жаңы  жылдык  майрам  арчасыз  өтпөйт  .
     Колумбияда жаны жылдык карнавалдын негизги баатыры – эски жыл. Ал эл арасында бийик таякчалар менен басып, балдарга кулкулуу окуяларды айтып берет.
     Кубада балдардын жаны жылдык майрамы королдордун куну деп аталат. Балдарга белек алып келуучу сыйкырдуу- королдогу Бальтасар Гаспар жана Мельчор деп аташат. Жаны жыл алдында балдар аларга оздорунун тилектери жазылган каттарын жонотушот. Кубалыктар уйлорундогу идиштерди таза суу менен толтурушуп, 12де терезелерден суу тогушот. Бул Эркиндик аралыгында жашоочулардын жаны жыл суудай таза болсун деген тилектери жана ар бир кубалык саат 12 ге аз калганда 12 тоголок жузум жесе, бул жылдын аягына чейин аны жакшылык. Ийгилик коштоп журот дешет.
     Биздин  күндөрдө  бул  майрам  үй  -  бүлөлүк  майрам.

4 .Өтүлүп  жаткан  тема  боюнча  окуучулар  менен  маек.

Балдар  , Жаңы  жылдын  символдору  кайсылар  экен  ?
Силер  Жаңы  жылды  кандай  тососуңар?
Аяз  -  Атанын  Жаңы  жылдын  түнүндө  келишине  ишенесиңерби  ?
 Жаңы  жылга  карата  белек  алгансыңарбы  ?
Мектепте  өткөн  елка  майрамы  силерге  жагабы 
Аяз  -  Атанын  мекени  кайсы  жер  деп  эсептелинет  ?
Англичандар  Аяз  -  Атаны  кандай  деп  аташат  ?
Аяз  -  Атанын  тонунун  түсү  кандай  ?
Аяз  Кыздын  тонунун  түсү  кандай  ?
Аяз  -  Ата  Жаңы  жыл  түнү  эмне  менен  келет ?

5 .  Үй  тапшырмасы .
 Жаңы жыл жөнүндө сүрөт тартып , ыр жаттоо .



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!