СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ысык-Көлдүн жети акеси

Нажмите, чтобы узнать подробности

Ысык-Көлдүн жети акеси боюнча класстык саат

Просмотр содержимого документа
«Ысык-Көлдүн жети акеси»

Сабактын темасы: Акелерибизди ардактай билели
Билим берүүчүлүк максаты: Окуучуларды берилген темада ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү.
Өнүктүрүүчүлүк максаты: Мекенди сүйүү, киндик кан тамган жерди, көлдү коргоо жана сүйүү ар бир атуулдун парзы экенин, анын ыйыктыгын түшүндүрүү.
Тарбиялык максаты: Окуучуларды патриоттук сезимге тарбиялоо, намыскөйлүккө, чечкиндүүлүккө, эр жүрөктүүлүккө ак эмгек менен кызмат кылууга көнүктүрүү.
Тарбиялык сабактын жабдылышы: Ысык-Көлдүн картасы тартылган плакат, автобус, окуучулар өз колу менен тартышкан көлдүн пейзаждык сүрөттөрү. Акелердин сөздөрү жазылган плакат, асмандагы жети кереметтин сүрөттөрү ж.б.
Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу иши (класска жагымдуу жагдай түзүү). Окуучулар менен саламдашып, өтүлүүчү тарбиялык сааттын темасы, максаты менен тааныштыруу.
XVII кылымдан XX кылымдын башталышына чейин кереметтүү көл боорунда бир топ акылман акелер жашап өтүшкөн экен. Акелер бүт өмүрүн эл кызматына арнап, адилеттүүлүктү, калыстыкты, адамгерчиликти ыйык тутуп, калк арасында тынчтыктын тиреги болушкан. Анткени, акелер жер жүзүндөгү баа жеткис байлык, тынчтык, бейкут жашоо экендигин билишкен. Ушундай кадырман акелер көлдүн тегерегинде жетөө болгон. Саякатка чыгабыз. Көлдү тегеренип келебиз. Жети акеге саякат жүрүшкө чыгардын алдында жети санынын ыйыктыгын дагы билип алалы. Кана, балдар, жети санын ыйык дейбиз. Кимдин ою кандай? 
- Асмандагы жетиген жылдызы! Класстагы парталардын жети жерге коюлганы асмандагы жылдызды түшүрүп койгондой. Окуучулар төрттөн бөлүнгөн. 7х4=28 окуучу. Манаста 7 осуят бар. 6-осуяты - Табият менен таттуу мамиледе болуу. Демек, Ысык-Көлдүн жаратылышын сактайбыз. Бир бак кыйылса, канча бак отургузуш керек? 
- Жетини.
Асмандагы жети керемет
1. Египет пирамидасы
2. Вавилондогу Семирамиданын алма багы.
3. Артемиданын храмы
4. Галикарнастагы мовзолей
5. Грециядагы Зевстин статуясы
6. Родос аралындагы Родостун колосу
7. Александриядагы Маяк
- Сүрөттө 7 боек түс, Күндүн желеси 
- Курандагы 7 парз
- Жети кишинин бири кыдыр
- Жети өлчөп бир кес
- Жети атаңды бил
- Музыкада 7 нота бар
- Кыргызстанда 7 область бар
- Көлдүн тегерегинде 7 борбор
5 райондун борбору 2 шаар. Балыкчы, Каракол, Аксуу, Түп, Чолпоната, Бөкөнбаев, Кызылсуу.

Биз 7-класспыз. Мектептен чыгып автобус менен Аксуу районундагы Керегеташ айлына жеттик.
Кыдыр аке тарыхын Нурдөөлөт,Адеми, Бегимай жактап беришет.
Нурдөөлөт: - Ак ниеттен жол тартсаң, 
Өз жолуң шыдыр болот, 
Жолдошуң Кыдыр болот, 
Жолуңдан үзүр болот. 
Адеми: - Кыдыр аке төрөлөрдө, 
Кызыр алей салам болгон, 
Кыдыр деп атын койгон, 
Касиет калган ушул бойдон. 
Бегимай: Көл айлана Бугу уруусу, 
Кыргыз-казак элин билген, 
Кайтарып эки жолборс, 
Ээрчий кошо жүргөн. 
Алтынай: - Кыдыр акемди карачы, 
Калк ичинде даңкталган. 
Калыстыгы касиет, 
Кара кылды как жарган. 
Адеми- Ай ааламга билинип, 
Арык элин билгизип, 
Айкелдеп күмбөз коюлду, 
Айтарлык берип тоюңду. 
Нурдөөлөт: - Кыдыр акенин ата-бабасы көлдүн көкүрөгүнөн орун очок алып келишкен. Арык тукумунан тарайт. Арык мырзанын Балтатыр, Жоотатыр аттуу эки баласынын Жоотатырынан Күчүк, Күчүктөн Байым, Сейитказы, Сейиткулу, Калматай, Сейитказыдан Бөбөн, Бөбөндөн төрт уулунун бири Түлөберди, Түлөбердиден Олжобай.
Олжобай илгери калмак менен кыргыздардын элчиси катары ак үйлүү атанып, кийин бий болгон киши. Олжобайдын аялынан Байсары менен Токсоба туулат. Байсары Кайыңды деген жерде турганда эркек балалуу болот. Атын думана келип Кыдыр деп коет. Бул окуя 1843-жылы болгон. Акелердин эң кичүүсү.
Керегеташ Күңгөй, 
Жерин билсек Кыдырдын, 
Эштек, торок аралаш, 
Кебин билсек Кыдырдын. 

Сары алтындай сөздөрүн, 
Сактап келген эл дечи. 
Өз ордун алды тарыхтан, 
Калыстан жок теңдеши. 
Көлдүк акылмандардын, 
Кыдыр аке кенжеси. 

Кыдыр акенин арбагына бата кылып, кайра Караколго келип, Түптөгү Жылуубулакка Карач акеге бардык. Бул командадө Жусуп, Айзирек, Кайрат, Бакдөөлөт төртөө.


Жусуп: - Бул бир мисал турмуштагы атанын, 
Таамай айткан нечен сөзүн укканмын, 
Чечен Карач, калыс Карач, 
Карач аке аталып, 
Бийик туткан элдин ыйык тумарын. 
Айзирек: - Атаке сизде болгон улуу 
Чындык деп чырылдаган калкка калыс. 
Мейли топ, мейли жыйын кайсы кезде, 
"Жарк" этип, чагылгандай жанган алыс.
Кайрат: - Аталар сөз атасы, сөз батасы 
Акылдын чалкып жаткан океаны, 
Көк теңир, Түптүү жерди ээлеп, 
Таркаган чар тарапка даңазасы. 
Бакдөөлөт: - Белек, Шапак атанын балдары Ысыккөлдүн чыгыш тарабынан орун алып Түп, Жыргалаң сууларынын күңгөй-тескейинде жайгашкан. Азыркы кезде ондон ашык айыл кыштактарда жашап, күндөлүк тиричилигин өткөрүп келишүүдө.
Шапак атанын баласы Чүрүм, Чүрүмдөн Эсенбай, Эсенбайдан Мендегул, Мендегулдан Карач. Карач жаш кезинде эле өзүнүн зиректиги менен сөзгө алынып, Өмүр баатырдын алтын шакегин алууга татыктуу болгон. Өмүр баатыр Карачтын чоң атасы Эсенбай менен уялаш бир тууган. Өмүр баатыр өлөөрүндө түш көрүп, өзү менен улуу жортуулга тогуз жаар кезинен жанына ала жүргөн иниси Мендегулдун уулу Карачка алтын шакегин тапшырып баш батасын берген экен.
"Отурчу, балам - Карач садагасы 
Түш көрсөм бийик терек чынар башы 
Ошол кылда учунда олтурупмун 
Балдарым жете албады мага баары" 
Карач акенин арбагына бата кылып, Орто Өрүктүнү көздөй жол тарттык. Жолдо карата автобус менен баратып көл жөнүндө обондуу ыр менен көңүлдүү барабыз. 
Хор: 
Атың жакшы Ысыккөл, 
Ата-бабам сыйлаган. 
Айланасы жашыл төр, 
Сулуулукту жыйнаган. 
Көрбөй калсам сагынып, 
Куса болуп, куса болуп кыйналам. 
Ысыккөл районундагы Орто Өрүктү айылында Мойт аке жашаган бул командада Бактыяр, Акыл, Курманжан,Айдана
Акыл: - Мойт аке көзү ачык, олуя чалыш, согуш тактикасын мыкты билген, адамды бир көрүп сын берген, айтканы эки чыкпаган, мүнүшкөр саяпкер, батакой касиеттүү инсан, аба ырайын кандай болоорун да алдын ала айта турган тубаса астроном болгон.
Айдана- Кыргызда "Жети атасын билбеген жетесиз", "Тегин билбеген тексиз" деген сөз бар, мунун маанисин ата-бабаңды, элиңдин өткөн тарыхын, ким экендигин билип унутпай жүр, жакшыларынан таалим ал, жамандыгы болсо кайталаба дегенди түшүндүрөт, дегеле кыргыз баласы жети атасына чейин жаңылбай билүүгө милдеттүү, мойнундагы парз. Демек, билбегенибизди билип алсак жаман болбойт деп улуу-кичүүгө акыл кылып айткандан тажачу эмес экен.
Курманжан: - Сабатар Атакандын денеси жара басып дары дегендерден айыкпай коет. Мойт аке келип көрүп: "Мунуң жылдан өтүп кетиптир, сазда солкулдаган ак тикендин бойго жетип, бышып турган кези, бир боодой түбүнөн кесип келип, казанга салып жаш козунун эти бышкыдай убакыт кайнатып, кабыгын аарчып үч маал бергиле, жума өтпөй айыкпаса мага келгиле", - дептир. Атакан чын эле төшөгүнөн турат.
Бактыяр- Мойт аке бүркүт, ителги, куш таптаган, көздөгөн олжосун жаземдебей алдырган чыгаан мүнүшкөрлөрдүн бири.
Мойт аке 86 жаш курагында каза болуп өзүнүн керези менен Тоң районундагы Манжылы ата мазарына анын айтканы менен өлгөн адамдардын денесин Анжиянга алып барып коюу көлдүктөрдө токтотулган. Мойт акенин арбагына бата кылып жол тарттык. Автобуска түшүп "Ысыккөл вальсы" хор ырдалат.
Жай-кышы бийлеп, сайран куруп, 
Толкундар жээкте ойногон. 
Аккуудай канат жайган булут, 
Кылоолоп көлдү бойлогон. 

Ысыккөл районундагы Кожояр айылынын кире беришинде жолдун боюндагы Садыр акенин күмбөзүнө келдик. Бул командада Айдин, Медина, Акмарал

Айдин: - "Бул Садырдын тилинде мөөрү бар, таңдайында сөөлү бар, оң жагында бөгүп жаткан бөрү бар" (Эл сөзүнөн).
Айтканы аңыз кепке айланган, аткарган элдик иши унутулбай адамдардын жүрөгүндө сакталган "Акелердин" бири Садыр аке. Түбү саяк, уругу Кожояр, өз атасы Жолболду, ата-бабалары Тагай бийдин уулу Карачорону ээрчип келип, адегенде Алабука, Нарын, андан кийин көлдөгү Корумду, Сөгөттү, Торуайгыр, Чырпыкты айылдарында жайгашкан.
Медина: - Садыр акенин айтканы айткандай төп келген, жекече касиет жылоологон, качан болсо калыс кебинен жүргөн адам болгондуктан жеке гана бугу уруусуна эмес, сарбагыш, солто, албан элинде кадыры чоң болгон. Ошол доордогу "атка минерлер" катары таанылган. Шабдан, Байтик баатыр, Чыныбай, Балбай баатыр, Кыдыр аке сыяктуу аттын кашкасындай белгилүү инсандар анын ыгынан, акылынан чыгышкан эмес. Садыр акенин адамдык дагы бир артыкчылыгы кайсы жерде, кандай шартта болбосун кээ бирөөлөрдөй кеп тапкычтыкка таянып, өзүн мактап, өзгөлөрдүн жаманчылыгын бетке кармабай кемчиликти моюнга ала билген.
Акмарал: - Сөзүнөн бал таамп, уккан адамдын бүйүрү кызыйт: "Дүйнөдө жети жетим бар, тыңшабаган сөз, чөп чыкпаган жер, багылбаган мал, кемпири жок чал, бойго жетип эр албаган кыз, элинен кеткен эр, башчысы жок эл жетим дейт, анысы кандай башчысы өлгөн бугу бүгүн жетим болуп отурат, ошондуктан бүгүн биз татыктуу адамды "хан" шайлап алалы деп мында чогулуп отурабыз", - деп Балтабайды калыстап хан шайлаган. Садыр аке каза болгондо көл башындагы Балтабай жүз жигити менен келип "абакелеп", "алтыным" деп бир чай кайнам өкүрүп басылбай коет, анын кылыгын жактыра бербеген бугунун бир жигити:
- "Хан" балтабай улук башын кичик кылып саяк садырга эмне мынча күйдү? - десе Балтабай аны чаап ийчидей обдула түшүп, көзүнүн жашын аарчый: - Садыр аке бугу, саяк гана эмес калыстыгы менен казак, кыргызга тең киши, эл үчүн күйгөн мындай акылман болуш да, бий да болгон эмес деген экен.
- Садыр акенин арбагына бата кылып андан ары жол тарттык. Автобуска түшүп "Ысыккөл" деген ырды ырдадык:
Кайдадыр бир күйүү сезим агылып, 
Бүт дүйнөгө мончоктору чачылды. 
Эң биринчи бул дүйнөдө үн катып, 
Ким койду экен Ысыккөл деп атыңды, 
Жети-Өгүз районундагы Дархан айлына Карга акенин күмбөзүнө келдик. Бул командада Чыңгыз, Айчүрөк, Адеми, Мирбек, Алымбек
Чыңгыз: - Карга аке акелердин эң улуусу (1718-1828). Карга акенин теги: Долон-Агуул-Тагай-Кылжыр-Орозбак-Мырзакул мырза Алсеит Туумакашка-Каракозу-Желдең баатыр Түлөкө-Мендегул-Карга. Карга аке болжолуу Мойт акеден отуздай, Сарт акеден элүүдөй, Тилекмат акеден сексендей, Садыр акеден жүз үч, Карач акеден жүз жыйырма, Кыдыр акеден жүз жыйырма беш жаш улуу. "Улуу жаш, асыл баш издегендер Карга акеге барышсын" (Сарт акенин сөзү)
Көбүнчө Карга акенин 
Калууда аты аталбай 
Көп урук көлдүн элине 
Кадырлуу экен Бакайдай 
Айчүрөк- Жөнөкөй сөзү тарбия, 
Жок экен ага тең келген. 
Дөөлөтү болгон журтунун, 
Карга аке Бугу желдеңден. 
Адеми: - Кеменгер Карга акебиз, 
Жашаган кылым карыта. 
Жашоодо айткан нускасы, 
Кылымдар менен жарыша. 
Алымбек: 
Баарына тегиз караган, 
Бий болгон Карга элине. 
Өмүрү өтүп күн бүтүп, 
Коюлган Дархан жерине. 
Мирбек- Элине болуп коргоочу, 
Жашап өткөн жупуну, 
Конушунда азыр да. 
Карга аке укум-тукуму. 
Ошол райондогу Аңөстөн айылына Сарт акеге бардык. Бул командада: .
Кайрат: - "Нукура акыл сурасаң Сарт акеге бар" (Эл накылы). Сарт аке Кызыл уулдан тараган Дөөлөс уруусунун урпактары. Асандагы аты Сартбай, атасы Доскулу, чоң атасы - Байболот, бабасы Кудаш. Сарт аке асыл ойдон келип чыккан насыят нуска сөздөрдү көп айткан. Чоң жыйындарда, эл чогулган жерде, аш-тойлордо сыйлуулар отурган үлпөттөрдө элдер жүйөлүү суроо беришип, сабырдуулук менен жообун күтүшүп, ооздон чыккан жообун эске сактоого аракеттенчү экен.
Сарт акенин арбагына бата кылып, андан ары жол тарттык. Жетиөгүз районундагы Шалбаа айлындагы Тилекмат акенин күмбөзүнө келдик. Бул командада: Айчүрөк, Кайрат,Алымбек,Айдин
: - Ашуусу бийик белдеймин 
Агыны катуу селдеймин. 
Эми эле табылбайт 
О-о Тилекмат сендейим (Сартакенин күйгөнүнөн). 
"Асыл сөз сурасаң, Тилекмат акеге бар" (Эл накылы). Тилекмат Баатыр менен бет маңдай тике багынып сүйлөшкөндө туруштук бере албаган, эч ким даай албаган, арыстандай сүрдүү адам экен.
Күңгөй, Тескей Алаоону курчаган, 
Тоолорунда жайлоолор көп сандаган, 
Кадимки эле Көкөтөйгө аш берген 
Көлдүн башы Каркыраны жайлаган, 
Калка болуп элин сактап жоосунан. 
Калың топто Тилекматы сайраган. 

Эркайым- Тириликте ар пенденин жолу бар, 
Тилекмат ааламда жок чечен болгон, 
Ташка түшкөн журт тагдырын чечишкен, 
Туюктурган кыйын кезде, тайгак жолдон. 
Туура сүйлөп башка элдерге кадырлуу, 
Тууган элге болуптур бекем коргон. 

Үйгө тапшырма: "Ысык-Көлдүн жети акеси" жөнүндө чакан дилбаян жазып келүү. Синквейн, кластер, Венндин диаграммасы түзүлөт. Каалоочулар ыр жазып, элестетип сүрөт тартып келүүгө уруксат берилет. Сабактын соңунда окуучулардын билимдери бааланат.



























                                                                                                                                                                                                                             "Бекитем"

                                                                                                                                                                                                                 Мектеп директору:/_____________/     

                                                                                                                                                                                                                  Атаева М.Т.

                                Социалдык педагогдун жылдык планы 2016-2017-окуу жылы

Багыт

тар

Аткарылуучу иштер

Кл

Мооноту

Жооптуулар

Кайда каралат

Ресурстар

Күтүлүүчү натыйжа

 

 

 

Окуучулар менен иштоо

Сентябрь

1.Окуучулардын социалдык абалын аныктоо.

1-11

3-5.09.2016.

Кл.жет., соц.пед.

Кл.жетекчи биримесинде

Кл.жет.,ата-энелер.

Окуучулардын социалдык абалы аныкталат.

2.Учету жок квартирада жашаган окуучуларды иликтоо.

 

7-8.09.2016.

 

Усулдук кенешмеде

Кл.жет.,китепканачы.

Окуучулардын жашоо-шарттары аныкталат.

3.Жаны келгендерди, кайра окуй баштаган окуучуларды, бешинчи класстын окуучуларын ынгайлаштыруунун жүрүшүндө,жүрүм-турумунда өксүгү  бар балдарды  педагогикалык  калыбына келтирүүдө социалдык  педагогикалык  колдоо  жана кам  көрүОнү ишке  ашыруу ,мугалимдер менен  ата-энелердин  ортосунда карым-катнаш  түзүү.

2.Окуучулардын  китеп  менен  толук  камсыз  болушуна  көзөмөл жүргүзүү.

3.Кыздар арасында  иштерди  уюштуруу.Кыздар кеңешин түзүү.

4.Ата-энелер арасында  аталар жана  апалар коомун  түзүү.

1-11

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

6-11

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

3-7.09.16.

 

 

11.09.16.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Библиотекарь

 

 

Кыздар кеңешинин  төрайымы 

Класс  жетекчилер  бирикмесинде

Окуучулар.класс  жетекчилер

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Библиотекарь

 

Кыздар кеңешинин  төрайымы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Окуучулар китеп  менен  камсыз болушат .

 

Кыздар  кеңеши  түзүлөт.

 

Аталар,апалар коому түзүлөт

 

Пед коллектив  менен иштөө

1.Жетим,жарым  жетим,инклюзив,инвалид   жана  группа  рискадагы  балдардын  тизмесин  тактоо.

 

 

1-11

4.09.16

Класс  жетекчилер

Усулдук  кеңешмеде

Мектептин  президенти,класс жетекчилер

Так  маалыматтар алынат.

 

                               Үй- бүлө  менен  иштөө

1.Жакыр үй-бүлөлөрдүн  тизмесин тактоо.

2.Турмуш  шарты оор  балдардын үйлөрүн кыдыруу.

3.Ата-энелер  чогулушу.

Ата-энелер  комитетин  шайлап алуу.

4.Инвалид   балдардын  жөндөмдүүлүгүн  иликтөө.Жөндөмдүүлүгүнө жараша  ар кандай  ийримдерге тартылууга  жардам  берүү.

1-11кл

 

19.09.16.

 

 

 

 

 

21-29.16.

Соц  педагог

 

СБ кызматкери

Класс  жетекчилер

 

 

 

Соц  педагог

Класс  жетекчилер

Кл.жетекчи

лер-дин  бирикмесинде

Өндүрүштүк  кеңешмеде

 

Мүдүр алдындагы  кеңешмеде

 

Класс  жетекчилер бирикмесинде

 

Окуучулар,класс  жетекчилер.

 

Парламенттин  мүчөлөрү.кл  жетекчилер.

 

 

Чогулуш.класстык  сааттар.

 

Парламент ,мугалимдер

1.Так  маалымат алынат.

2.Турмуш  шарты  начар  үй-бүлөдөгү балдардын   муктаждыктары  аныкталат.

3.Ата-энелер  комитети  шайланат.

 

4.Окуучулардын  шык-жөндөмдүүлүктөрү аныкталат.Ийримдерге  тартылышат.

 

1.Окууга  тартылбаган  окуучуларды  изилдөө  жана  аны  окууга  тартуу.

1-11кл

Жыл ичинде

Класс  жетекчилер,

соц  педагог

Класс  жетекчилер

дин  бирикмесинде.

Окуучулар,,класс  жетекчилер

Окууга  тартылбаган  окуучулар аныкталып,окууга  тартуу  үчүн  иш  аракеттер  көрүлөт

 

Таланттуу   окуучулардын илимий  коомун  уюштуруу,планын  иштеп  чыгуу.

5-11-класс

Жыл бою

Класс  жетекчилер,

соц  педагог

Класс  жетекечилер

дин бирикмесинде

Окуучулар,,класс  жетекчилер

Таланттуу  окуучулардын илимий  коому  уюштурулат,планы  иштелип  чыгат.

 

Томолой,жарым-жартылай,соц  жетимдер менен иш  алып  баруу,жашоо  шартын иликтөө.

1-11-класс

Дайыма

Мектеп  адм-сы,соц  педаго Исакаова Ш.

Класс  жетекчилер  бирикмесинде.

Окуучулар,класс  жетекчилер

Соц,томолой,жарым  жетимдер  менен  жекече  иштер  жүргүзүлөт.жашоо шарты  аныкталат.

                                                                         Октябрь

 

Окуучулар менен  иштөө

1.5-класстын  окуучуларынын   жаңы  окуу  шарттарынын калыптанышы. «Сенин жашооң  кандай  болуп  жатат?»анкета.

5-кл

03.2017.

Кл.жет,соц  педагог.

Класс  жетекчилер  бирикмесинде

Окуучулар,анкеталар

Окуучулар өз  абалдарын аныктай билишет.

 

2.Ата-энелер  менен  байланышып,турмуш шарты  менен  таанышуу.

8-11-кл

Ар бир  айда.

Соц  педагог.

организатор.

Усулдук  кеңешмеде мугалимдер  кл.жетекчи

лер.

Окуучулар,ата-энелер.

Ата-эненин  социалдык абалы  аныкталат.

 

 

3.Иштеп  жүргөн  окуучу  балдарды  иликтөө

9-11-кл

Ар бир айда.

Соц  педагог  жана  организатор

Мүдүр  алдындагы  кеңешмеде

Класс  жетекчилер

Так  маалымат  алынат.

 

 

4.Окуучулардын диний  маданияттуулугун  жогорулатуу  максатындагы  иштерди  жүргүзүү.Хиджаб кийген  кыздар менен  аңгемелешүү.Мечитке  жума  намазга  барып жүргөн  балдарды  аныктоо.

5-11кл.

6.10.2016.

Соц  педагог.

Мүдүр  алдындагы  кеңешмеде

Мугалимдер,мектеп  администрациясы

Окуучулардын диний  көз караштары аныкталып,диний  маданияттуулугу   сакталат.

 

Пед коллектив  менен  иштөө

1.Жашына  жараша  ден соолук  группасын  түзүү:башталгыч кл,толук кл.

1-11-кл

Ар бир айда

Соц  педагог,дене  тарбия  мугалими.

Класс  жетекчилер бирикмесинде

Кл.жетекчилер.мед. кызматкерлер,дене  тарбия мугалими.

Окуучулардын медициналык  жактан  абалдары  аныкталат.

 

2.Рекетчиликке  каршы  тарбиялоо  иштерин  жүргүзүү.Рекетчилик  темасында  анкета  алуу жана класстык  саатарды  өткөрүү.

6-11-кл

Октябрь

Соц  педагог,класс  жетекчилер.

Класстык  бөлмөлөрдө

Класстык  сааттар,парламент.

Алдын ала  иштер  жүргузүлөт.

 

 

 

 

3.Улуу  Ата Мекендик  согуштун  катышуучуларына  жакындан жардам  берүү,аларды шефке  алуу.

5-11-кл

Дайыма

Мектеп  адм-сы,класс  жет.

Класс  жетекчилер бирикмесинде

Окуучулар,класс  жетекчилер.

Ардагерлерге  жакындан  жардам  көрсөтүлөт.

 

4.«1-октябрь—карылар күнү»Улгайган  адамдар менен  жолугушууларды  өткөрүү.»   Кадырман  карыларым»тегерек стол  уюштуруу.

5-11-кл

1-октябрь

Окуучулар,

соц  педагог

Мүдүр  алдындагы  кеңешмеде

Окуучулар,класстык  сааттар

Улгайган  адамдар менен  жолугушуулар  өткөрүлөт,класстык  сааттар өткөрүлөт

 

             

Үй-бүл ө менен  иштөө

1.Сабактан  жетишпеген  окуучулардын  ата –энелери  менен  иш  жүргүзүү.

1-11 кл

17-22-10.16.

Класс  жетекчи,соц  педагог.

Усулдук  кеңешмеде

Мугалимдер,ата-энелер.

Окуучулардын  билим  деңгээли  жогорулайт.

 

2.Бирөөгө көз каранды  болуу  эмнеден  башталат»Ата-энелер  үчүн анкета жүргүзүү.

1-11-кл

Октябрь

Класс  жетекчи,соц  педагог.

Усулдук  кеңешмеде

Мугалимдер,ата-энелер.

Ата-энелерден анкета  алынат

 

3.Мусулманчылыкка  берилген окуучулардын ата-энелери  менен  жолугушуу.

Ата-энелер үчүн  жекече  консультация .

5-11-кл

Октябрь

Класс  жетекчи,соц  педагог

Мүдүр алдындагы  кеңешмеде

Мугалимдер,ата-энелер.

Мусулманчылыкка  тиешелүү   туура  эрежелерин сакташат.

 

    4.Таланттуу  окуучулардын  илимий  коомун  уюштуруу,планын  иштеп  чыгуу.

5-11-кл

Жыл  бою

Класс жетекчилер. предметтик  мугалимдер

Класс  жетекчилер

дин бирикмесинде

Класс  жетекчилер,предмет тик  мугалимдер

Таланттуу  окуучулардын илимий коому  уюштурулат,планы иштелип  чыгат.

 

Алдын  алуу  кеңеши.

 

1.Тарбияга  оорчулук  келтирген  балдар  менен   иш  алып  баруу.

 

3-11-кл

Ай  ичинде

Класс  жетекчилер,

соц  педагог

Мүдүр  алдындагы  кеңешмеде

Класс жетекчилер, докладдар.

Окуучулардын  ойлоо  сезимдери  тазаланат.

                                                                                 Ноябрь

 

 

Окуучулар менен  иштөө

 

 

1.Бала  укуктары  тууралуу  конвенция  менен  тааныштыруу.

2.Укуктук  билим  деңгээлин  жогорулатуу.Үй бүлөлүк административдик  жана  жоопко  тартуу кодекстери  менен  тааныштыруу.

3.Каникул  учурунда  окуучулар менен  жекече  иш алып баруу.Үй бүлөлүк  жашоо  турмушу менен  таанышуу  үчүн  рейд  жүргүзүү.

 

 

 

 

 

 

1-11-кл

20-ноябрь

 

 

 

 

 

 

20-29-ноябрь

Класс.жет.

 

 

ИДН  кызматкер

лери

Өндүрүштүк  кеңешмеде

 

ИДН кызматкерле

ринин  катышуусун

да

Класстык  сааттар

Окуучулар өз  укугун  жана  милдетин  түшүнөт.

 

                      Пед  коллектив  менен  иштөө

1.Окуучулардын   ден  соолугу  боюнча  анализ  жүргүзүү .

2,Жогорку  класстагы  кыздар үчүн  гинекологдор  менен  жолугушууларды уюштуруу.Кыз  жигиттер  ортосундагы мамиленин  маданияттулугун сактоого  багыттоо.

3. «Менин  милициям  мени  сактайт» деген темада  класстык  саат  өткөрүү

 

1-11-кл

 

9-11-кл

17.11.16.

Ай  ичинде

 Ай  ичинде

Мед кызматкерлер ,кл  жетекчилер.

Класс  жетекчилер

дин кеңешмесин

де

Класс  жетекчилер

 

 

 

 

 

 

 

ИДН кызматкерлери

 

 

 

Кыз жигиттер ортосундагы  маданияты  калыптанат.

 

 

Милициянын  коргоо  эрежелери  айтылат.

 

Үй бүлө  менен  иштоөө

1.Сен  жашоону  кандай  кабылдайсың?(анкета)

 

 

1-11-кл

17.11.16

Класс  жетекчи

Усулдук  кеңешмеде

Окуучулар

Алдын ала  иштер  жүргүзүлөт

 

2.Ата-энелерге жекече консультациялар.

 

1-11-кл

Ай ичинде

Соц  педагог

Усулдук  кеңешмеде

Ата-энелер

Ата-энелерге  жекече  консультация  өткөрүлөт

 

3.Турмуш  шарты  оор  окуучулардын кийим –кечек  менен  камсыз  болушуна  көмөк  көрсөтүү.

 

1-11-кл

Ай  ичинде

Соц  педагог

Усулдук  кеңешмеде

Спонсорлор.

Окуучулар кийим-кече  менен  камсыз болот.

 

Алдын алуу кеңеши.

Ата-энелердин  балдарына  болгон  жоопкерчилигин  күчөтүү.

 

 

Мүчөлөрү

Айдын аягында

Класс  жетекчилер

Усулдук  кеңешмеде

Ата-энелер,окуучулар

Ата-энелердин  балдарына  болгон жоопкерчилиг  күчөйт.

                                                                         Декабрь

 

 

Окуучулар менен  иштөө

 

 

1.«Сен  жакшы  окуучусуңбу?»анкета  жүргүзүү.

2.Биринчи  жарым  жылдыктын  жыйынтыгы.

3. «Мектепте  рекетчилик  барбы?»(диспут)

 

 

6-8-кл

15.12.16.

Кл.жетекчи.

Соц  педагог

Класс  жетекчилер  бирикмесинде.

Анкета.диспут,

кл  бөлмө.

Алдын  ала  иштер  жүргүзүлөт.Жыйынтыгы  чыгарылат.Пикирлешүү  жүрузүлөт.

 

Пед коллектив 

менен

 иштөө

1.      «Өспүрүмдүн  ден  соолугу»--тамеки  чегүү,наркотикалык  заттардан алыс  болуу.(кл  сааттар)

 

Адам  укуктарынын  жалпы  декларациясы  менен  таанышуу.Адам  укугун бузган  уюмдар,чөйрөлөр жөнүндө. Кл сааттар:Өз  укугуңду  жана милдетиңди  билесиңби?

 

2.Мугалимдердин  окуучуларга  болгон гумандуу  мамилесин  өнүктүрүү.

8-11-кл

 

 

 

 

9-11-кл 

Декабрь

 

 

 

 

 

10-декабрь

Соц  педагог

 

 

 

 

 

Соц  педагог

 

ИДН кызматкер

лери

Усулдук  кеңешмеде

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Мүдүр  алдындагы  кеңешмеде

Класстык сааттар,докладдар

,класстык  чогулуштар.

Адам  укугунун  жалпы  деклорациясы  менен  таанышышат.

Наркотикалык  заттардын  зыяндуу  экенин  түшүнөт.

 

 

 

 

 

 

 

 

Пикирлешүү  өткөрүлөт.

 

Алдын алуу

 кеңеши.

1.Өспүрүмдөрдүн  ден соолугуна  шек  келтирген терс  көрүнүштөр.

9-11-кл

 

 

 

22.12.16.

Соц  педагог

Мүдүр  алдындагы  кеңешмеде

Докладдар

1.Өспүрүмдөрдүн  ден соолугуна  шек  келтирген терс  көрүнүштөр аныкталат,докладдар окулат.

 

 

Жаңы  жылдык  «Балаты» майрамына карата  кооз  оюнчуктар  сынагын  жарыялап,балаты  майрамын  өткөрүү.

1-11-кл

Декабрь

Кл  жетекчилер, соц  педагог,орга низатор

Класс  жетекчилер дин кеңеш месинде.

Окуучулар

Жаңы  жылдык  «Балаты»майрамы  өткөрүлөт.

 

 

 

 

Ысык-Көл районунун  87 жылдыгына карата  «Ысык-Кол районунун  тарыхы  жана улуу  инсандары» деген  темада  реферат,докладдардын кароо-сынактарын өткөрүү.

Бурчтарды  уюштуруу.Дубал  газеталарды  чыгаруу.Дил баяндарды  жазуу.

 

-5-8-кл

 

 

 

 

 

9-11-кл

Декабрь

Класс жетекчилер,организатор,

Абыкеева Ш.

Класс  жетекчилер дин бирикмесинде

Докладдар, рефераттар,дил  баяндар

Дилбаяндар,рефераттар, докладдар жазылып,дубал  газеталар  чыгарылат.

 

 

Эл  аралык СПИД ке  каршы   күрөшүү  күнүнө карата  «СПИД коркунучтуу  дарт»деген  темада  дубал газеталарды чыгаруу,лекцияларды  окуу,тегерек  столдорду  уюштуруу.

9-11-кл

1-декабрь

Класс  жетекчилер, организатор

Парламенттин  чогулушунда,класс  жетекчилер

дин  бирикмесинде

Дубал газеталар,лекциялар

СПИД боюнча  кеңири  маалымат  алышып,дубал газеталарды  чыгарышат.

 

 

«Жөнөкөйлүк  адамдын  эң жогорку  сапаты»диспут  уюштуруу

8-11-кл

12.12.16.

Организатор,Исакова Ш

Парламенттин  чогулушунда

Окуучулар,класс  жетекчилер

«Жөнөкөйлүк   тууралуу  кеңири маалымат алышат .

                                                                             Январь

 

Окуучулар менен  иштоө

 

1.Инклюзив  окуучулардын сабактарына катышуу.Сабакты  аткара  албагандыктын себебин  изилдөө.

А)Эске  тутумун,аң  сезимин,кунт

   коюсун.

Б)Окуучунун  үй бүлөдөгү шартын .

2.Сабактан  жетишпеген  окуучулар менен каникул  учурунда  жекече  иштөө.

3.Мектеп  айланасында  тамеки  чеккендер  болбошу  үчүн  рейд жүргузүү.Мед сестра  менен .

4.Мектеп  айланасында  жашаган  окуучулардын үйүнө барып  маек  жүргүзүү.

1-11-кл

 

 

 

 

 

 

 

5-11-кл

 

 

 

 

8-11-кл

Ай  ичинде

Кл.жетекчи.

Соц  педагог.

Мед  сестра.

 

 

 

 

 

 

Мед сестра.кл  жетекчилер.

Усулдук  кеңешмеде.

 

 

 

 

 

 

 

Усулдук  кеңешмеде

 

Өндүрүштүк кеңешмеде

 

 

Мугалимдер,кл  жетекчилер.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Мед сестра,              кл  жетекчилер.

Сабактан  жетишпегендигинин  себеби  аныкталат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Окуучулардын  ден  ссолугуна кам  көрүү  башталат.

 

Үй бүлө  менен 

Иштөө

 

1.Ата-энелер  чогулушуна катышуу.

2.ИДН дин учетунда  турган окуучулардын үйүн бару.

 

 

10-11-кл

Ай ичинде

Админстра ция,соц  педагог,кл.жетекчи.

Аудиторияда

Администрация,кл жетекчилер

Көйгөйлүү  маселелер  чечилет

 

Алдын алуу  кеңеши

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1.Учурдагы иштер  боюнча кеңеш  мүчөлөрүнүн  чогулушу.

 

 

 

 

Айына  2  жолу

Кеңеш

Парламент тин кеңешме синде.

Парламент, президент, организатор

 

 

 

«Мен келечекте  энемин» дил  баяндар конкурсу

8-11-кл

24-январь

Кыздар кеңеши

Кыздар кеңешинде

Парламент, президент, организатор

Дилбаяндар  жазылып,талкууланат.

                                                                                Февраль

 

Окуучулар менен  иштөө

1.«Кичи  пейил  болуу  деген  эмне?» «Адамдын  кайсы  сапаты  үйдө  жана  коомчулукта

сыйлайт?»

2.Окуучулардын аскердик  патриоттук  сезимдерин  ойготууга  тарбиялоо.

3.Аталар коомунун   мүчөлөрү  менен  жолугушуу.

1-11-кл

 

 

 

 

 

 

 

 

8-11-кл

Ай  ичинде

 

 

 

 

 

10.02.17

 

20.02.17.

Класс  жетекчилер

Соц  педагог

Дене  тарбия  мугалими.

 

 

 

 

Эркек  окуучулар

Усулдук  кеңешмеде

 

Класс  жетекчилер дин  бирикмесинде

 

 

Парламентте  

Класс  жетекчилер

 

 

 

 

Окуучулар ,мугалимдер 

 

 

Аталар  кеңеши.

Адамдардын  жогорку  сапаты  аныкталып  бааланат.

 

 

Патриоттук  ырлардын  конкурсу  өткөрүлөт.

 

 

 

Аталар кеңешинин  отчету  каралат.

 

Пед  коллектив

Менен  иштөө

1.Тарбияга  оорчулук  келтирген  окуучулар менен иш жүргүзүү.

 

 

2.Мугалимдерге  жекече  кеңештер.

 

 

5-11-кл

1-11-кл

24.02.17.

Талап  боюнча

Админис  -       трация  соц педагог

Өндүрүштүк  кеңешмеде

Класс  жетекчилер,соц  педагог,организатор

Тарбиялоого  оор  балдар менен  жекече  иштер  жүрузүлөт

 

Мугалимдерге жекече кеңештер  берилет.

 

 

Үй бүлө менен  иштөө

 

 

 

 

 

 

 

 

 «Мыкты,үлгүлүү үй-бүлө» «Мыкты  класс», «Кош жылдыз» конкурстарын өткөрүү

9-11-кл

Февраль

Парламент

Өндүрүштүк  кеңешмеде

Класс  жетекчилер ,соц  педагог

Конкурстар  өткөрүлүп ,жеңүүчүлөр  аныкталат.

 

1.1.Ата-энелер менен  администрация  мүчөлөрү  бирдикте мектеп  айланасында  рейд  жүргүзүү.

2.Микроучасток  боюнча иш жүргүзүзүү.Окууга  тартылбай калган  окуучулардын себебин  иликтөө.

 

 

 

1-11-кл

Ай  ичинде

Соц  педагог ,

Мектеп  админис трациясы

Өндүруштүк кеңешмеде

Класс  жетекчилер,ата-энелер .

Пикирлешүү  жүргүзүлөт.

 

 

 

 

Окууга  тартылбай калган  окуучулардын себеби  иликтенет.

 

 

 

 

 

 

 

Алдын  алуу

Кеңеши.

Мектеп  ичиндеги  орой  мамилени  жок кылуу  боюнча чогулуш  өткөрүү.

Ке ңеш

27.02.17

Кеңеш.

Мүдүр  алдындагы  кеңеш

Класс жетекчилер,мугалимдер,администрация

Суициддин  себептери аныкталат.

 

 

Кылмыштуулукка  колдонулуучу  жаза.(тегерек  стол)

9-11-кл

 Февраль

Парламент

Класс  жетекчилер дин кеңешме синде

Окуучулар,  мугалимдер 

«Кылмыштуулукка  колдонулуучу жаза»аттуу  тегерек  стол  өткөрүлөт.

 

 

Аталар,энелер кеңешинин  жарым  жылдык  отчетун  талкуулоо.

9-11

Февраль

Исакова Ш

,организатор.

Өндүруштүк кеңешмеде

Ата-энелер,окуучулар

Аталар.энелер  кеңешинин  отчету  угулат ,талкууланат.

                                                                                    Март

 

Окуучулар менен

иштөө

1.Окуучулар  арасында  мүнөздөрүн аныктоо  боюнча  анкета  жүргузүү

5-11-кл

Ай  ичинде

Кл.жетекчи.

Соц  педагог

Класс  жетекчилер дин кеңешме синде

Окуучулар,анкеталар.

Анкеталар  алынып,мүнөздөрү  аныкталат.

 

2.Сабактарынан  артта калган  окуучулар менен  аңгемелешүү.ИДН  учетунда  турган  окуучулардын үйлөрүн кыдыруу.

1-11

 

5-11

Ай  ичинде.

Соц  педагог

Парламентте

Окуучулар

Сабактардан  артта калган  окуучулар менен  аңгемелер өтүлөт.

ИДН дин учетундагы  балдардын үйлөрүн рейд  жасалат.

 

3.Апалар коомунун  мүчөлөрү  менен  жолугушуу.

9-11

Ай ичинде

Кыздар кеңеши

Апалар кеңешинде

Апалар,кыздар.

Апалар кеңешинин  отчету  угулат .

 

4.КВН (кыздар  үчүн.)

7-8-кл

5-март

Кыздар кеңешинин  төрайымы.

Кыздар кеңешинде

Кыздар(7-8-кл)

Конкурс  жарыяланат. «Ану-ка девушки!»

 

Пед коллектив

 Менен  иштөө

1.5-6-кл.үй шарты начар  окуучулар менен  иш алып  баруу.

5-6-кл

Ай  ичинде

Кл.жетек

чилер

Усулдук кеңешмеде

Окуучулар,

предметтик  мугалимдер

Үй  шарты  начар  окуучулар менен   жекче  иштер  жүрузүлөт.

 

2.Инклюзив  окуучулардын сабакты  өздөштүрүүдөгү абалы  жөнүндөгү  маселелер боюнча  мугалимдер менен  тегерек  стол  өтүү.

1-11-кл

Ай  ичинде

Кл.жетек

Чилер,пед коллектив

Усулдук кеңешмеде

Окуучулар,

предметтик  мугалимдер

Тегерек  стол  өткөрүлөт.

 

Үй бүлө

Менен  иштөө

1.«Ата-энелердин балдарына  болгон  мамилеси.» деген  темада  ата-энелер  чогулушу.

2.Үй шарты  начар  окуучулардын үйлөрүн  кыдыруу.

 

1-11кл

 

1-11кл

Ай  ичинде

 

Ай  ичинде

Класс  жетекчилер

 

 

Класс  жетекчилер 

 

Өндүрүштүк  кеңешмеде

Кл.жетекчилер,администрация

Пикирлешүү  өткөрүлөт.

 

Алдын алуу 

кеңеши

Суицидди  болтурбоо  үчүн алдын алуу  кеңеши.

 

 

 

 

9-11-кл

26-март

Кеңеш.

Мүдүр алдындагы  кеңешмеде.

Кл.жетекчилер,администрация,

мугалимдер

Суициддин  себептери  аныкталат.

 

 

Кыздар кеңешинин иш-чараларын  анализдөө.

8-11-кл

Март

Кыздар кеңеши

Кыздар  кеңешинде

Класс жетекчилер,кыздар  кеңеши.

Маалымат алышат

                                                                 Апрель

 

Пед коллектив  менен   иштөө

1.Суицид  боюнча  анкета  жүргүзүү.Анкета  боюнча  шектүү окуучулардын үстүндө иш  алып баруу.Алар үчүн  байкоо  дептерлерин ачуу.

 

6-11-кл

Айдын  башында

Соц  педагог

Кл.жет кеңешме синде

Окуучулар,класс жетекчилер,

анкеталар

Анкеталар алынып,байкоо  жүргүзүлөт.

 

 

2.«Депрессиядан  чыгуу  жолдору» деген темада  окуучулар менен  тегерек стол.

 «Оор  кыйынчылыкта  турам,мага  жардам  бергиле!» деген  темада  лекция.

4.Мамлекеттик экзаменге  жана көчүрүү  экзамендерине  даярдык  көрүү.Инклюзив  окуучуларды медициналык кароодон  өткөрүү.

 

 

Соц педагог,кл.жетекчилер

Кл.жет кеңешме синде

Окуучулар,класс жет,лекциялар

Алдын ала  иштер  жүргүзүлөт.

 

 

 

 

 

 

 

Пед  совет өткөрүлөт.

 

Окуучулар   менен 

Иштөө

1.Кесип  тандоого  туура  багыт  берүү  иштерин жүргүзүү.

2.Окуу  жайларынан келген  өкүлдөр менен  жолугушууну  уюштуруу.Окуу  жайларындагы   «ачык  эшик»күндөрүнө алып баруу.

3.Аттестация  учурунда  окуучунун  өзүн  бекем кармап  стресске  кабылбашы  үчун  психологиялык  иш-чараларды  өткөрүү.

9-11-кл

9-11-кл

 

 

 

5-6-кл

Ай  ичинде

Ай  ичинде

 

 

 

Ай  ичинде

Соц педагог,кл.жетекчилер

 

 

 

 

 

 

Соц  педагог.

Класс жетекчилер бирикмесинде.

Класс  жетекчилер,мугалимдер

Кесиптик  багыт берилет.

 

 

 

 

 

 

Алдын ала  иштер  жүргүзүлөт.

 

Үй  бүлө

 менен иштөө

Ата-энелердин кийинки  окуу  жылына  карата  иш  пландарын  түзүүсү.

 

 

 

1-11-кл

19.04..16ж.

Администрация,соц  педагог.

Класс жетекчилер дин  бирикмесинде

Класс жетекчилер,

Окуучулар,ата-энелер

Пландар  түзүлөт.

 

Алдын алуу  кеңеши.

Инвалид жана  инклюзив  окуучулардын   сабакты  өздөштүрүүду абалы.

 

 

 

1-11

Талапка  ылайык

Администрация,соц  педагог.

Мүдүр  алдындагы кеңешмеде

Окуучулар,

мугалимдер

Алдын ала иштер  жүргүзүлөт.

 

 

 «Мен  укугумду  билемби?» дебат-клуб

9-11

Апрель

Кл.жет.соц педагог

Парламентте

Окуучулар,

Мугалимдер

Дебат өткөрүлөт

                                                                        Май

 

Окуу  Окуучуолар  менен

мен        иштөө

 

1.Окуучулардын  жайкы  эс алуусу  жөнүндө  класс   жетекчилерден маалымат алуу.

2.ИДНдин учетунда турган   же  «Тобокел» группасындагы  окуучулардын    абалы.

 

 

 

 

5-11-кл

3-11-кл

20.05.17.

 

 

 

Айдын  аягы

Класс  жетекчилер,

соц  педагог

Кл  жетекчилер  бирикмесинде

 

Мүдүр  алдындагы  кеңешмеде

Класс  жетекчилер

Алдын ала  иштер  жүргүзүлөт.

 

 

 

ИДН дин учетунан  алынат.

 

Пед колле

ктив  менен   иштөө.

1.Микроучасток  боюнча  май  учетун  жүргүзүү.Окууга  тартылбай калган  окуучуларды тактоо.1-класска  келе  турган  окуучулардын  тизмесин  тактоо.

2.Класстарда  экскурсия  уюштурууда  мыйзамдуулукту  сактоо.

3.Жылдын  жыйнтыгын  анализдөө.

1-11-кл

 

 

 

1-11-кл

Ай  ичинде

 

 

 

25-30.05.17.

Класс  жетекчилер.

Мектеп  админис трациясы

Мүдүр  алдындагы  кеңешмеде

 

 

 

Кл.жет.бирикмесинде

Мугалимдер

директор,окуу бөлүм  башчысы

 

 

 

линейка ,класстык  сааттар.

Маалыматтар алынат.

 

 

Алдын ала  иш чаралар өткөрүлөт.

 

Үй  бүлө  менен

 иштөө

1.Ата-энелердин  чогулушу.Жаңы  окуу  жылына карата окуучуларды  форма  менен  камсыз кылуу.

2.Жайкы  каникулда  жаш өспүрүмдөрдүн эмгегин  оор  жумуштарга  пайдалануу коркунучтарына бөгөт коюу  боюнча   ата-энелер менен  аңгемелешүү.

1-11-кл

 

 

4-11-кл

22-23.05.17.

 

 

 

24.05.17.

Ата-энелер,соц  педагог.

Мүдүр  алдындагы  кеңешмеде

 

Мүдүр  алдындагы  кеңешмеде

Админисрация,

кл.жет.

 

 

мугалимдер,ата-энелер.

Маалымат алынат.

 

 

 

 

Алдын ала иш-чаралар көрүлөт.

 

 

«Аталар,энелер»кеңеши  курамын  түзүү.

 

Май

Организатор,

соц  педагог

Кл.жет кеңешме

синде

Админисрация,

кл.жет.

 

«Аталар,энелер»кеңеши  курамы түзүлөт.

 

Алдын  алуу кеңеши.

Тарбияга  оорчулук  келтирген  окуучулардын  абалы

.Мамлекеттик  экзамендерге  даярдыгы .

 

9-11-кл

Бир айда  2  жолу

Кеңеш

Мүдүр  алдындагы кеңешмеде

Окуучулар

,мугалимдер

Алдын ала  иш чаралар  көрүлөт.

Мамлекттик  экзамендерге  даярдык  көрүлөт.

                                                                                       

                                                     Соц  педагог:/___________/Исакова Ш.





              Т.Атаев   атындагы  орто  мектебинин  соц  педагогунун   сентябрь

                 айында  иштелген  ишинин  отчету.

 

     2016-2017-окуу жылынын  сентябрь  айында төмөндөгү  иш-чаралар кабыл алынган.

1.Окуучулардын  социалдык  абалын аныктоо:

А)соц  жетим балдардын

Б)тоголок  жана  жарым  жетим  балдардын.

В)Аз  камсыз  болгон  балдардын.

Г)Көп  балалуу үй-бүлөдөгү  балдардын

Д)Инвалид  балдардын

Ж)Ата-энеси чет  жакада  иштеген  окуучулардын.

З)Өгөй  ата,өгөй  эне  менен  жашаган  окуучулардын  тизмелери  такталып,класс  жетекчилер  бирикмесинде 5-сентябрда  класс  жетекчилер  отчет   беришти.

 

 №2.Бактуу-Долоноту  айылында учету  жок,квартирада жашаган  окуучулар ды  иликтөө иштери  жүргүзүлүп   такталды.Бул маселе    усулдук кеңешмеде  каралып,жыйынтыгында  5

 Окуучунун  ата-энеси  айылда  учету  жок  квартирада  жашай тургандыгы аныкталды.

1.      Рыспек к Бегимай  8 «а»класс.Нарын.

2.      Капарова Үмүт     6 «б»класс.Чолпон-Ата.

3.      Мунарбек уу Адил  9 «а»класс.Тон району.

4.      Рысбек  к Алтынай. 5 «а»класс .Нарын.



2016-2017-окуу жылына карата  окуучулардын  китеп  менен камсыз  болушу төмөндөгүчө  аныкталды.

Кыргыз класстары  боюнча:

1-4-класстар ---68%

5-9-класстар---91%

10-11-класстар----100%

 

Орус класстары  боюнча:

1-4-класстар---39%

5-9-класстар----89%

10-11-класста----84%

 

Жалпы  мектеп  боюнча кыргыз  класстарында  окуучулардын китеп  менен камсыз  болушу 87%ды ,орус класстарында  71%ды түздү.

 

   №3.Кыздар арасында.балдар арасында  иштерди  уюштуруу. «Балдар» жана «Кыздар»кеңешин түзүү.Ата-энелер  арасында  «Аталар»жана «Энелер» кеңешин  тузүү. «Профилактикалык кеңештин»курамын түзүү  жагы  каралган.Бул маселе  Т.Атаев  атындагы  орто  мектебинде  өтүлгөн  жалпы  ата-энелер   чогулушунда  күн  тартибиндеги  маселеге  коюлуп,талкууланып көпчүлүктүн колдоосу  менен бул кеңештер түзүлдү.

 

       «Кыздар» кеңеши:

1.Алмазбек к Айдай .11 «а»кл

2.Жыргалбаева Ж     11»б»кл

3.Камчыбек к З.10 «а»кл

4.Бактыбек к Бегимай    10 «б»кл

5.Кудайбергенова Акак    9 «а»кл

6.Мамадаминова Айзада.  9 «б»кл

7.Садыбакасова Айдана.    8 «а»кл

 

    8.Үсөнакунова   Адина      8 «б»кл

    9.Марсиян к Акмарал     7 «а»кл

    10.Максат к Алия          7 «б»кл

    11.Алыбек к   Алтынай    6 «а»кл

    12.Абдыбекова Нурайым   6 «б»кл.

    13.Орозобекова Айзада       5 «а»кл

    14.Байгельдиева Каныкей    5 «б»класс.

 

   «Балдар»кеңеши:

1)Исаев Урмат    11 «а»кл

2)Исаков Эрбол        11 «б»кл

3)Исаев Урмат              10 «а»кл

4)Исаков Эрбол            10 «б»кл

5)Карыев Улан              9 «а»кл

6)Батыков Акбар           9 «б»класс

7)Каныбек уу    Аман    8 «а»кл

8)Чынгыз уулу Илгиз     8 «б»кл

9)Кеңеш уулу Давлес     7 «а»кл

10)Мусабеков Данияр      7 «б»кл

11)Орорзобеков Руслан     6 «а»кл.

12)Курманбаев Ташкул    6 «б»кл

13)Руслан уу   Ынтымак    5 «а»кл

14)Саламат уулу  Нуржигит    5 «б»

 

 

 «Каныкей»энелер кеңеши:

1)Калыкова Жайлоо

2)Орозобаева Чынара

3)Экембаева Бүбүмайрам

4)Бейшеналиева Айгүл

5)Тилекматова Динара 

6)Ашикеева Шайкүл

7)Абакирова Кенже

8)Касымалиева Мөөркан

9)Дүйшеева Бейшегүл

10)Акидеева Кыял

11)Исаева Роза

12)Косумбаева Роза

13)Ажиганова Айганыш

14)Барабанова Оксана

 

 

«Бакай»аталар кеңеши:

1)Алтымышев Карыпбай

2)Лобасенко Александр

3)Асанбеков Эрчил

4)Усубалиев  Бакыт

5)Кабылбек уу  Калыс

6)Мусапыров Алмаз

7)Куланов Алмаз

8)Калыков  Нургазы

9)Асамбеков Кеңеш.

10)Бакаев Максат

11)Калыков Нургазы

12)Чекиров Жоомарт

13)Асанбай уу  Ырысбек

14)Багелдиев Мир

 

 

 

    «Профилактикалык»кеңештин курамы:

1.Кудайбергенова Наргүл----   кеңештин төрайымы .завуч  организатор

2.Исакова Ш.А.                     ----кеңештин  мүчөсү.соц  педагог

3.асамбеков Максат              --кенештин мүчөсү , завхоз.

4.Осмонов Алмаз                ---- кенештин мүчөсү,таможенник

5.Эсенбаев Улан                  --- кенештин мүчөсү  ЖОН кызматкери

6.Капасов Асеин.               ---- кенештин мүчөсү.айылдык кеңештин депутаты.

7.Өмүралиев Болот           ---- кенештин мүчөсү ,куруучу

8.Жумабева Чынара         ----- кенештин мүчөсү, пенсионер.

 

4  Инвалид  жана   группа  рискадагы балдардын тизмесин тактоо усулдук  кеңешмеде  каралып.мекетеп  боюнча  инвалид окуучулардын саны төртөө  экендиги аныкталды.

6 «а»класынан:

1)Абдыкадыров Ислам

2)Тургумбаев Рустам

3)Мусаев Рустамкатышат.

 

10«а» Сагатбек уу Алишер.Бул  окуучулар  ийримдерге  тартылып.ийримдин  жетекчилери  тарабынан колдоого алынып,көзөмөлдөө  иштери  жүргүзүлүп турат.

  6 «а»класс.Тургумбаев Нурсат------Ыр-хор музыкалык  кружогуна катышат.

                      Абдыкадыров Ислам-----комуз кружогуна катышат(Чолпон-Ата)

                      Мусаев Рустам------кыргыз  тили  адабияты кружогуна катышат.10 «а»классынын  окуучусу Сагатбек уу Алишер көркөм сүрөт кружогуна  катышат.

 

  10-сентябрда  «Кайрымдуу  бол,каралдым»аттуу  мектеп  ичинде  акция  уюштурулуп,айыл өкмөтүнөн сөц кызматкерелердин  катышуусу  менен  инвалид  окуучулардын  жөндөмдүүлүтөүнө  жараша  сүрөт конкурсу,колго  жасалган (картондон,жыгачтан,пластилинден  ж.б. дан)буюм-тайымдардын көргөзмөсү уюштурулуп,мектеп  окуучуларынын  концерттик программасы  тартууланды.

           21-сентябрда  жалпы  ата-энелер чогулушу  болуп өттү.Чогулушта  күн  тартибинде төмөндөгү  маселе  каралды:

2016-жылдын  21-сентябрында  Жумгал  районунун  Көк-Ой  айылындагы  орто  мектебинде  болгон  бала  өлүмүнө  алып келген өкүнүчтүү  окуя   туурасында  маалымдоо.

 

5.Окууга  тартылбаган  окуучуларды  изилдөө жана  аларды  окууга тартуу бирикмесинде  каралган.Ысык-Көл райондук    элге   билим  берүү бөлүмү  тарабынан  «Мектепке  барбаган,мектеп курагындагы  балдарды аныктоо  максатында  үч  айлык  өткөрүү  боюнча  №36  буйруктун  негизинде  Т.Атаев  атындагы  орто  мектебинин  директору  Атаева М.Тга милдеттендирилди.

 

    2016-жылдын  15-октябрынан  2016-жылдын  15-январына чейин мектепке  барбаган мектеп  курагындагы  балдарды  аныктоо  боюнча  Бактуу-Долоноту айылынын  көчөлөрүнө   бардык  мугалимдер бөлүштүрүлүп 3  айдын  ичинде   аныктоо  иштери  жүргүзүлүп  башталды.Айылдын картасы  чийилип айылдын көчөлөрүнө  мугалимдер  бекитилди:

 

 

      №6. Мектептин  ички көзөмөлүндөгү   группа рискадагы   балдардын  тизмеси такталып,мектептин учетуна  төмөндөгү класстардын окуучулары  каттоого  алынды.Атап  айтсак:

     

    10 «а»класс.Айдарбек уу   Жанат

 

      

      9 «а»класс.     Руслан уу Акылбек

      8 «а»класс.       Тааайбек уу Рахат.

      9«б»класс.       Саргулов Марк

       6 «а»класс.     Тургумбаев Нурсат

 

          Бул  окуучуларды   көзөмөлдөө  жагы  класс  жетекчилерге ,организатор  завуч Кудайбергеновага ,соц  педагогго .   милдеттендирилип,бул  окуучулардын  үйлөрүнө  байма-бай  рейд уюштурулуп байкоо  күндөлүгү уюштурулду.

    Таланттуу  окуучулардын  илимий  кому усулдук  бирикмеде  ар  бир  предметтик  мугалим өз  предмети  боюнча  таланттуу  окуучуларды тандап,планы  иштелип  чыкты.Таланттуу  окуучулардын билим  сапатын бекемдөө макстында  окуучуларды  райондук,областтык олимпиадага  даярдоо ,райондук  жана республикалык тестирлөөгө даярдоо  боюнча  педсоветтин  чечими  менен предметтик  мугалимдерге   милдеттендирилип,иш-чаралар  жүргүзүлүп иштер алынып  барууда.Ата-энеси  чет  жакада иштеген ,өгөй  ата,өгөй  энеси менен жашаган  окуучулардын  үйлөрүнө   жумасына  2 жолу рейд  жүргүзүлүп турду.Аз камсыз  болгон үй-бүлөдөгү балдардын абалы,жашоо  шарты менен  жакындан  таанышып,ата-энеси менен  жекече сүйлөшүүлөр аркылуу бираз  да  болсо  жардамдар  көрсөтүлдү.Атап  айтсак,мектеп  директору Атаева М.Т. ушул  айылдын  тургуну  Исаков Фархаттыын уулдары  3 «а»классФархат  уулу Абдисалих,даярдоо классындагы Фархат уу Абдулазизге кийим-кечектер.бут кийимдери ,ич кийимдери  алынып  берилди.Дептер ,ручка,карандаштар  берилди.

 

 

                                 Соц.педагог:/____________/Исакова Ш.А.

 

Т.Атаев  атындагы  орто мектебинин  соц  педагогу Исакова

         Шайыр Асанакуновнанын октябрь айында  өткөрүлгөн  

                            иш-чараларынын  отчету.

 

     №1.    5-класстын  окуучулары  үчүн  башталгыч класстан ортоңку  звеного  өтүүдө жаңы           окуу  шарттарына  калыптанышы  туурасында «Сенин  жашоооң    кандай  болуп  жатат?» анкета аркылуу.орус класстары  үчүн «Моя  жизнь»деген  темада  анкеталары  аркылуу окуу  шарттарына  изилдөө  жүргүзүлдү.

 

    №2      Окуучулардын  диний  маданияттуулугун  жогорулатуу  максатында  «Хиджаб»кийген кыздар менен кыздар кеңешинде  аңгемелешүү жүрузүлдү.Ата-энелери  менен  жолушушуп,пикир алышуулар   болду.Мечитке  жума  намазга  барып  турган  окуучулардын  тизмеси такталды.Аларды атап айтсак:

   

 

           8- «А»класс

 

1.Анарбеков Сыймык

2.Алмазов Сыймык

3.Дөөлөтбек уу Мирлан

 

      8 «б»класс

 

1.     Эсенакунов Эмир

2.     Жээнбеков Алишер

 

    9«б»класс

 

1.Батыков Акбар

 

    Бул окуучуларга түшүндүрүү  иштери  жүргүзүлүп,сабактарга  жолтоо  болбогондой  учурда  мечитке  баруу  жагы каралды.

 

   №3   Жашына   жараша ден  соолук  группалары  менен  түзүлдү.1-4-класстарда ,5-8-класстарда ,9-11-класстарда  түзүлдү.Бул  группалар менен класс жетекчилер,дене  тарбия  мугалими ,айылдык  мед кызматкерлери биргелешип  иштеп  келүүдө.

 

   №4.   Рекетчиликке  каршы  тарбиялоо  боюнча 6-11-класстарда анкеталар  алынып,классттык сааттар өтүлүп  жатты.Атап айтсак: «Кылмыштуулук  кайдан келип чыгат»деген темада

 4 «а»класс Карбозова Майрам.

    «Рекет  деген  эмне  жана анын кесепеттери  7 «а»класс     Экембаева Б. «Рекетёрство»       11-«б»класс  березкина Т.Н. «Кандай учурла  тартипсиздикти  жоюуга  болот»тегерек  столдогу  маек     9-11-класстар ортосунда  өтүлдү.Жана кызуу  талкууга  алынды.

 

   №5. «Карылар күнүнө карата»айылдын кары  адамдарынын  үйлөрүнө  7-11-класстардын  окуучулры  жардамга  барып  күзгү жыйым-терим  иштерине  жана  ошондой  эле  үйдөгү ар кандай  жумуштарына  кол кабыш кылышып,буклеттерди  жасашып,алкыштарга  ээ болушту.

 

 

 

 

       №6  5-11-класстын окуучуларынан  түзүлгөн  атайын  отряд ,ай сайын  Улуу Ата Мекендик  согуштун катышуучуларына  жакындан  жардам  берип  ай сайые  ал-жайын  сурашып,шефтик   жардамдарын көрсөтүп келишти.

 

    №Сабактан   жетишпеген окуучулардын ата-энелери  менен  жолугушуулар өткөрүлүп,предметтик  мугалимдер  тарабынан  атайын  дептерлер  уюштурулуп,окуучулар менен жекече  иштөөлөр  башталды.

    

   №8   Тарбияга  оррчулук  келтирген  балдарга  байкоо  күндөлүктөрү ачылып,анализдөө иши  жүргүзүлүп жатты .Чейрек ичинде  10-октябрда  окуучулар арасында  жалпы  чогулуш өтүлдү.Чогулуштун  күн тартибиндеги  негизги маселе :

 

1)Кылмыштуулуктун  алдын алуу.

2)Салык  салуу жана кысым көрсөтүү боюнча кеңири  талкуу  жүрдү.Чогулуштун  жыйынтыгында  окуучулар  арасында кылмыштуулукту  болтурбоо  боюнча  алдын ала кандай  иш-чараларды  жүргүзүү   керектиги  түшүндүрүлдү.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!