Тема: Волейболдун жаралуу тарыхы
Волейбол - (англ. volley – “ учуучу топту чабуу, калкуучу топ) жана ball – топ)- оюндун туру, командалык спорттук оюн, ортосунда торчо (сетка) тартылган атайын жасалган аянтта эки команда, топту каршылаш тарапка откоруп полго чапканга аракет жасайт же каршылаш команданын катачылыгын пайдаланат. Чабуул жасоо учун бир команда уч жолу гана топко тийууго уруксат берилет.
Волейбол – каршылаш команда менен контакт жок, комбинациялык спорттун туру, аянтта ар бир оюнчунун оз милдети бар. Оюнчунун эн негизги сапаттары бийик секируу, корогочтук (реакция), физикалык куч, себеби: эффективтуу чабуул, коргонуу жасоо учун.
1. Волейболдун жаралуусу тарыхы.
Кээ бир ойлорго таянсак волейболду “учуучу топ ”-деп Спрингфилдтик америка жараны Хальстед 1866-жылы тартуулай баштаган. Волейболдун пайда болушун талдап королуу.
Мисалы: Байыркы Римде биздин заманга чейин 3-кылымда топту колдору менен чаап ойношкон. Биздин заманга чейин 1500- жылдары тарыхчылардын жазуусу боюнча эрежелер жеткен. Ал кезде “ фаустбол“ деп аташкан. Аянты 50х20м болуп, ортосунда бийик эмес таштан жасалган дубал болуп турган жана эки командада 3-6 оюнчу, топту асманда жана жерге тийип кайтканда да ойношкон. Оюн 15 минутадан 2 тайм ойнолуп, женуучу аныкталбаса дагы 5 минутадан 2 жолу ойношкон. Кайсы бир команда 2 топ айырмачылык менен женишке жеткенге чейин ойнолгон. Бир командадагы оюнчулар топту дубалдан откоруп атандаш команда тарапка чапканга аракет жасашкан.
Волейболду ойлоп табуучу - Уильям Дж. Морган, 20 жаштагы дене тарбия коллеждинин окутуучусу 1895-жылдын 9-февралында АКШнын Массачусетс штатындагы коллеждин спорт залында бийиктиги 197 см болгон теннис торчосун (сетка) тартып алып, баскетбол тобунун камерасын ыргытып ойношкон. 1897-ж АКШда биринчи жолу волейболдун эрежеси жарыяланган: аянт 7,6х15,1м(25х50 фут), торчонун бийиктиги 198см(6,5 фут), топтун айланасы 63,5-68,5см(25-27 фут) жана салмагы 340г болгон. Озунун подачасы гана упай эсептелип, 21 упайга чейин ойношкон. Анда оюнчулардын саны чектелген эмес. Бул оюнду Морган “минтонет “ деп атаган.Бир жылдан кийин жалпы коллеждердин конференциясында бул оюн тартууланып, профессор Альфред Т.Хальстедтин сунушу менен волейбол деген ат берилген.
Просмотр содержимого документа
«Волейболдун жаралуу тарыхы»