СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Вирус-деген эмне

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк: Окуучуларга вирус жана анын түрлөрү жөнүндө түшүнүк берүү,  вирустун жугуу жолдорун жана алардан коргонууну үйрөтүү. Антивирустук программалар жөнүндө кеңири маалымат берүү жана аларды колдонууну үйрөтүү.

Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулардын маалыматтык маданиятын жана маалыматтык коопсуздук боюнча билимдерин тереңдетүү.

Тарбия берүүчүлүк: Окуучулардын маалыматтык маданиятын жакшыртуу, топто иштөөгө тарбиялоо.

Показать полностью

Просмотр содержимого документа «Вируcтар жана антивирустар (презентациясы)»

Компьютер иштесин,

адам ойлонсун

Компьютерге вирус түштү. Биринчи күнү бир эле вирус болчу. Ал күн сайын экиге көбөйүп турат. Эгерде 30 күндө компьютердин эсин толтурган болсо канча күндө жарымын толтурган болот?

1. Маалымат алып жүрүүчүлөр кайсылар? 2. Маалымат алып жүрүүчүлөрдө канча бош орун калгандыгын кантип текшеребиз? 3. Маалыматты компьютерден флешкага кантип көчүрөбүз? 4. Компьютердеги маалыматтын флешкага батаарын же батпастыгын кантип текшеребиз?

Сабактын темасы:

Вирустар жана антивирустар

 

Вирус деген эмне?

Билем

Билгим келет

Билдим

Вирус (Computer virus) – компьютерде башка программалык жабдыкка же файлга кирип, аларды зыянга учуратуу үчүн иштелип чыккан колдонуучуга белгисиз болгон компьютердик программа.

Вирус программасы контакт болгон программалык жабдыкка же файлга кирет. Ал көбүнчө компьютердик системаны зыянга учуратат, берилиштерди жоготот, бузат жана өзүн андан ары таркатат.

Вирустун таралуу каналдары

Вирус дискет, модем же байланыш тармагы боюнча башка компьютерден кирет. Эгер вирус кирген файл башка компьютердик системага жиберилсе же бул системага кайрылса, анда ал башка системага таралат.

Кийинки жылдары улам миңдеген жаңы вирустар пайда болуп, айрымдары кеңири колдонулуучу программаларга кирип, бүткүл дүйнөгө таралат жана бир нече ай бою компьютерде жайгашып, анан капысынан таасир эте баштайт. Вирус компьютер тармактарынын (локалдык, глобалдык), интернеттин пайда болушу вирустун таралышын өзгөчө жеңилдетти.

Вирустардын түрлөргө бөлүнүшү

Жайгашкан жери боюнча

Аракети боюнча

Жугуу жолдору боюнча

Алгоритми боюнча

Компьютерге вирус жуккандыгынын белгилери

• программалар туура эмес иштеп баштайт;

• компьютер жай иштеп баштайт;

• Аракет системасынын жүктөлбөй калуусу;

• Файлдардын жана папкалардын жок болуп кетүүсү;

• Файлдардын көлөмүнүн өзгөрүүсү;

• Файлдардын саны өз алдынча көбөйүүсү;

• Оперативдүү эстин толушу;

• Экранга күтүлбөгөн билдүрүүлөрдүн жана сүрөттөрдүн чыгышы;

• Күтүлбөгөн үндөрдүн чыгышы;

• Компьютердин катып же жай иштеши ж.б.

Вирустан кантип сактанабыз?

  • Антивирустук программа орнотуу
  • Компьютерди (түзүлүштү) системалуу түрдө текшерип туруу
  • Антивирустун базасын жаңыртып туруу
  • Келген маалыматтарды текшерип анан ачуу
  • Word жана Excel документтердеги макростордун жүктөлүүсүнө чек кою ;
  • Браузердеги жогорулатылган коопсуздук кызматын колдонуу
  • Маалыматтарды маал маалы менен архивдеп туруу
  • Эллектрондук почтадан кыстарылып келген файлдарды ачпоо керек. Зарыл болсо антивирустук прорамма менен текшерип туруп ачуу

Антивирустук программалар

Детектор-программалар - Файлдарга белгилүү вирустардын жуккандыгын таба алат. Бул программалар компьютерде вирус бар же жок экендигин гана текшере алышат. Тазалоо функциясы жок.

Доктор-программалар Вирусту таап эле тим болбостон, өчүрө да алат. Бул вирус жуккан файлдарды тазалайт. Башкача айтканда файлдарды баштапкы калыбына келтире алат.

Ревизор-программалар төмөнкүчө иштейт. Ал биринчи жолу ишке киришкенде кмпьютердеги файлдардын, папкалардын жайгашышын жаттап калат. Кийин ошол боюнча салыштырып текшерип чыгат.

Чыпка-программалар Маалыматтарды киргизүүдө файлдарды текшерип киргизет. Эгер вирус таап алса дароо колдонуучуга билдирет

Вирус

Флешка, диск

Антивирус

Вирустун түрлөрү

Маалымат сактагыч

Зыяндуу программа

Компьютер жай иштеп калат

Документтерди гана бузат

Троян, файлдык , макро

Вирустарга каршы программа

Макро вирустар

Вирус жуккандыгынын бир белгиси

Топтор менен иштөө 1. Вирус деген эмне 2. Вирустун түрлөрү 3. Жугуу жолдору 4. Жуккандан кийинки белгилери 5. Коргонуу жана дарылануу

Ачык көңүл балдарбыз,

Окуп да, эс алабыз.

Интеллектуалдык рефлекция

Интерактивдүү тест

Билдим

Баалоо

Просмотр содержимого документа
«Вирус-деген эмне»

Вирус бул – латынчадан которгондо “уу”дегенди билдирген медициналык термин.Технологиялык жактан алып караганда вирус
медицинадагыдай эле кызматты аткарат.Компьютердин программалык камсыздоосун иштен чыгаруу, файлдарды өчүрүү жана эң
негизгиси, компьютердин «мээсинин» иштөө функциясына доо келтирет. Анда эмесе, компьютердин иштешине байланышкан
вирус жана антивирустар жөнүндө сөз
кылсак. 

 

Вирус (Computer virus) – компьютерде башка программалык жабдыкка же файлга кирип, аларды зыянга учуратуу үчүн иштелип чыккан колдонуучуга белгисиз болгон компьютердик программа. Вирус программасы контакт болгон программалык жабдыкка же файлга кирет. Ал көбүнчө компьютердик системаны зыянга учуратат, берилиштерди жоготот, бузат жана өзүн андан ары таркатат. Вирус дискет, модем же байланыш тармагы боюнча башка компьютерден кирет. Эгер Вирус кирген файл башка компьютердик системага жиберилсе же бул системага кайрылса, анда ал башка системага таралат. Кийинки жылдары улам миңдеген жаңы Вирустар пайда болуп, айрымдары кеңири колдонулуучу программаларга кирип, бүткүл дүйнөгө таралат жана бир нече ай бою компьютерде жайгашып, анан капысынан таасир эте баштайт. Вирус компьютер тармактарынын (локалдык, глобалдык), интернеттин пайда болушу Вирустун таралышын өзгөчө жеңилдетти. Вирустардын негизги 4 тиби (жүктөлүүчү сектор Вирусу, файл Вирусу, троян Вирусу жана макро Вирустар) бар. Жүктөлүүчү сектор Вирусу компьютер системасын иштетүүчү баштапкы жүктөө программасына кирет. Вирус кирген программа иштетилгенде андагы Вирус компьютердин эсине жазылып калып, компьютердеги флоппи дисктердин ар бирине көчүрүлүп жазыла берет. Троян (грек мифи) Вирусу кадимки программага окшош, ал программанын ичинде жашыруун түрдө кирип алат. Текстти иштетүү сыяктуу колдонмолордо пайдаланылган макро-буйруктарда Вирус коддору жашырынып калат. Макро-буйруктардан киргизип алган Вирустуу документ ачылганда Вирус эске жүктөлөт жана андан башка программаларга кирет. Көп учурда макро Вирустар шаблондун бөлүгү түрүндө иштелет жана түзүлүп жаткан документ шаблонду (үлгү) колдонгон сайын кирет. Айрым Вирустар жөн гана компьютердик системага убактылуу кирип, үн же текст түрүндө кабар чыгарат. Мисалы, Грин курту аттуу Вирус экрандан жашыл куртту көрсөтөт. «Тире» деп аталган Вирус башка Вирустардай өзгө программаларга өзүн көчүрбөстөн, жөн гана эске же дискке өзүн көп ирет көчүрө берип, эсти же дискти толтуруп коёт. Эсте же дискте орун калбай калганда компьютер иштешин токтотот. Вирусту атайы таркатуу көп өлкөдө чыккынчылык катары эсептелет. Компьютердик тармакка туташгырылбаган жана башка компьютер менен маалымат алмашуу жүргүзүлбөгөн компьютерге Вирус кирбейт. Вирустун улам жаңы түрү пайда болуп тургандыктан, антивирус программасы да мезгили менен жаңыланып турушу зарыл. Белгилүү антивирус программалары: AIDSTEST, DRWEB, ADINF, WEBVAMP ж. б.

Эгер мындай кылган күндө да бекитилген папка, файлдар көрсөтү лбөсө, анда сиздин компьютерде ошондой кылуучу вирус бар. Аны болсо төмөндө гүдөй кылып жайлайбыз: 

  • Пуск – Выполнить ;

  • Ал жерге msconfig деп жазабыз. Анан ОК;

  • Бул жерден Автозагрузка вкладкасын ачып тизмедеги желекче тургандарды анализдейбиз. Меникинде NvCpl, Magent, avp, ctfmon дегендер туруптур.

А) NvCpl – Бул видеокартага тиешелүү , бул жок деле иштей берет. Ошондуктан желекчени алып коёбуз;
Б) Magent – Агент да бул. Тура берсин..
В) avp – Касперский досум. Бул жок бовойт;
Г) ctfmon – бул клавиатура которулушунун кызматчысы. Сааттын жанындагы RU EN KY деген жазууларды чыгарып турат.

Менин оюмча жана тажрыйбамда ctfmon менен avp дан башкаларын баарын алыш керек. Вирус эмес болгон программалардын деле ярлыктары болгон күндө деле алар системанын иштешин жайлатат, ошондуктан тиги экөөнө н башкасын алып салуубуз керек. Ушул жерге таптакыр тааныш эмес файлдар, ярлыктар "отуруп" алып өзүнү н ишин кыла берет. Ошондуктан мен сунуштаган экөөнө н башкасын баарын алуу керек;

Анан компьютерди перезагрузка кылабыз (Мен өчүрү п жандырабыз деп котордум);



Алгачкы компьютердик вирус 1969-жылы байкалып, ал ГРИППЕР деген атка конгон. Чынында, компьютердик вирустар 1980- жылдардан баштап иштелип чыга баштаган. Вирустардын алгачкы эпидемиясы болсо, 1987-жылдары катталган. Бул жылдарда Врейн аттуу вирустук программанын таралышы менен 18 миңден ашуун компьютер иштен чыккан. Азыркы учурда вирустардын жаңы түрлөрү дүйнөлүк желе аркылуу таралып келет. 2000-жылы “Мен сени сүйөм” деп аталган вирус электрондук почталар аркылуу таралып, миллиарддаган чыгымдарды алып келген. Анын негизинде миңдеген адамдардын электрондук почталары жапа чеккен

ВИРУСТУН ДАБАСЫАНТИВИРУС.

 

Антивирус бул – жеке компьютерге зыян алып келүүчү ар кандай вирустук программаларга каршы иштелип чыккан
программа. Антивирустук программанын негизги максаты – вирустук программаларды аныктоо, алардан жапа чеккен файлдарды калыбына келтирүү, тактап айтканда, аларды айыктыруу жана зыяндуу вирустардан алдын алуу болуп эсептелинет.Компьютердеги эң негизги программалар«Майкрософт Виндоус» фирмасы тарабынан жазылгандыктан, вирустук программалардын көбү ага жараша даярдалып келген. Бирок учурда «Майкрософттун» негизги атаандаштары өзүнүн кынтыксыз коопсуздугу менен айырмаланып келген «Линукс» жана «Мак ОСко» дагы каршы вирустук
программалар чыгарылууда. Алар бир гана компьютерлерге ылайыкталбастан, чөнтөк телефондорго дагы ылайыкталып чыгарылат.Өзүңүздүн жеке компьютериңиз жакшы иштеши үчүн лицензиясы бар антивирустук программаны орнотуу зарыл. Анын тийиштүү деңгээлде иштеши үчүн компьютер интернетке кошулуп, ошондой эле антивирустук программаны колдон келишинче жаңылап туруш керек.

















Тема: КОМПЬЮТЕРДИК ВИРУСТАР

Класс : 7Г













Аткарган:

Текшерген: Нурланбекова М.Н


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!