Сабакка чейин
Сабактын темасы: Туздардын алынышы. Туздардын химиялык касиети
Сабактын методу: көрсөтмөлүү
Сабактын тиби: Аралаш
Сабактын формасы: аӊгемелешүү
Сабактын максаты | Көрсөткүчтөрү |
А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Туздардын алынышы., туздардын химиялык касиетин окуп үйрөнүшөт | |
Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук): Оксиддер, негиздер, кислоталар, туздар, химиялык теӊдеме, химиялык формула, туздардын классификациясы, органикалык эмес заттардын ортосундагы генетикалык байланыш, металлдар жана металл эместер боюнча түшүнүгү өнүгөт. Ынтымактуу болууга тарбияланышат. | Оксиддер; Негиздер; Кислоталар; Туздар; химиялык теӊдеме; химиялык формула; туздардын классификациясы; органикалык эмес заттардын ортосундагы генетикалык байланыш; металлдар жана металл эместер боюнча алган билимине таянуу менен туздардын физикалык касиеттерин, туздардын классификациясы айтып бере алышса; Туздардын жалпы формуласынын негизинде туздарга формула түзүп ал тузду атап бере алышса |
Күтүлүүчү натыйжа:
Туздардын алынышы;
туздардын химиялык касиетин химиялык теӊдеме түрүндө жазып бере алышат;
Оксиддер;
Негиздер;
Кислоталар;
Туздар;
химиялык теӊдеме;
химиялык формула;
туздардын классификациясы;
органикалык эмес заттардын ортосундагы генетикалык байланыш;
металлдар жана металл эместер боюнча алган билимине таянуу менен туздардын физикалык касиеттерин, туздардын классификациясы айтып бере алышат;
Туздардын жалпы формуласынын негизинде туздарга формула түзүп ал тузду атап бере алышат
Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): Туздардын алынышы., туздардын химиялык касиети боюнча жалпы маалымат алышат. Туздардын аталышы, классификациясы, физикалык касиеттери боюнча түшүнүгү өнүгөт.
Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): Оксиддер, негиздер, кислоталар, туздар, химиялык теӊдеме, химиялык формула, туздардын классификациясы, органикалык эмес заттардын ортосундагы генетикалык байланыш, металлдар жана металл эместер боюнча билими бар.
Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.
Убакыт: 45 минута
Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин
Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин
Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин
Сабак
Сабактын жүрүшү:
Чакыруу этабы:
Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.
Жагымдуу маанай түзүү: Yйдүн сүрөт толук эмес тартылган барактар тартылат.Бул сүрөттү толуктап тарткыла.Тартылган сүрөттөргө карата мүнөздөмө берилет. Окуучулардын ойлору менен бөлүшүү.
Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:
Төмөндөгү айлануулардын реакцияларынын теңдемелерин түзгүлө:
1.C → CO2 → H2CO3 → CaCO3 → CaHPO4
Түшүнүү этабы(сабактын негизги бөлүгү):
Туздардын алыныштары.
1.Кислоталар менен негиздердин кошулушунан пайда болот:
HСl + NaOH → NaСl +H2O
H3PO4 + 3KOH = K3PO4 + 3H2O;
H2SO4 + Ca(OH)2 → CaSO4 ↓ + 2H2O
2.Кислоталар менен негиздик кычкылдардын кошулу-шунан пайда болот:
2HСl + Na2O → 2NaСl +H2O
H2SO4 + CaO → CaSO4 ↓ + H2O
3. Негиздер менен кислоталык кычкылдардын кошулушунан пайда болот:
2КOH + SO3 = К2SO4 + H2O;
Вa(OH)2 + CO2 =ВaCO3 + 2H2O
4. Металлдар менен кислоталар реакцияга кошулганда туздар пайда болот:
Fe + 2HCl = FeCl2 + H2 ↑ ;
Ba + H2SO4 = BaSO4 + H2 ↑
5). Металлдар менен кээ бир металл эместер кошулганда туздар пайда болот:
Ca + S = CaS;
2Na + Cl2 = 2NaCl;
2K + Br2 = 2KBr
Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):
Мугалимдин иш аракети: | Суроо-жооп, аӊгемелешүү менен сабак лекция түрүндө өтүлөт. |
1. 14,625 г кайнатма туз күкүрт кислотасы менен реакцияга кирет. Бөлүнүп чыккан газды тыгыздыгы 1,14 г/мл болгон 200 мл 5% түү азот кычкыл күмүштүн эритмеси аркылуу өткөргөндө, канча массадагы чөкмө пайда болгон? | |
Үйгѳ тапшырма:
1. 1 г кальций гидроксиди бар эритме аркылуу 56 мл (н.ш) көмүр кычкыл газын өткөргөндө бөлүнүп чыккан чөкмөнүн массасын аныктагыла.
Баалоо: