СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Туздар. Составы. Аталыштары. Формулаларын түзүү. Колдонулушу Физикалык касиети.

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Туздар – металл атомунан жана кислота калдыгынан турган татаал заттар, химиялык бирикмелер чоң классы. Кадимки шартта түрдүү түстөгү кристаллдар. Аларга иондук структура мүнөздүү.

Просмотр содержимого документа
«Туздар. Составы. Аталыштары. Формулаларын түзүү. Колдонулушу Физикалык касиети.»

Сабакка чейин

Сабактын темасы: Туздар. Составы. Аталыштары. Формулаларын түзүү. Колдонулушу Физикалык касиети.

Сабактын методу: репродуктивдүү

Сабактын тиби: Аралаш

Сабактын формасы: түшүндүрүү


Сабактын максаты

Көрсөткүчтөрү

А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Туздар, курамы, жалпы формуласы, аталыштары, туздардын жалпы формуласынын негизинде туздардын формулаларын түзүү, колдонулуш, физикалык касиетин окуп үйрөнүшөт

  • Туздар;

  • Курамы;

  • жалпы формуласы;

  • туздардын аталыштары;

  • колдонулуш;

  • физикалык касиетин айтып бере алышса

  • туздардын жалпы формуласынын негизинде туздардын формулаларын түзө алышса.


Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук):

Органикалык эмес заттар, оксиддер, негиздер, кислоталар, металлдар, металл эместер, кислота калдыгы, кислота калдыгынын аталышы боюнча түшүнүгү өнүгөт. Ынтымактуу болууга тарбияланышат.

  • Органикалык эмес заттар;

  • Оксиддер;

  • Негиздер;

  • Кислоталар;

  • Металлдар;

  • металл эместер;

  • кислота калдыгы;

  • кислота калдыгынын аталышы боюнча алган билимине таянып туздарга формула түзүп, атап, классификациялап бере алышса


Күтүлүүчү натыйжа:

  • Туздар;

  • Курамы;

  • жалпы формуласы;

  • туздардын аталыштары;

  • колдонулуш;

  • физикалык касиетин айтып бере алышат

  • туздардын жалпы формуласынын негизинде туздардын формулаларын түзө алышат.

Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): Туздар, курамы, жалпы формуласы, аталыштары, туздардын жалпы формуласынын негизинде туздардын формулаларын түзүү, колдонулуш, физикалык касиети, органикалык эмес заттардын негизги класстары боюнча жалпы маалымат алышат, мурунку алган билимдерин бекемдешет.

Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): Органикалык эмес заттар, оксиддер, негиздер, кислоталар, металлдар, металл эместер, кислота калдыгы, кислота калдыгынын аталышы, химиялык формула боюнча билими бар.

Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.

Убакыт: 45 минута

Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин

Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин

Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин

Сабак

Сабактын жүрүшү:

Чакыруу этабы:

Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.


Жагымдуу маанай түзүү: Саламдашуу оюну. Ар бир парта өзү каалагандай саламдашышат.


Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:

  1. Төмөнкү кислоталык оксиддерге туура келген кислоталардын формуласын жазып, атын атагыла: P2O5, CO2, CrO3, Mn2O7, SiO2, SO2, SO3.

  2. Төмөнкү кислоталарга туура келүүчү оксиддердин формулаларын жазгыла: H2SiO3, HNO2, H2CrO4, HClO3, H3PO4, H2Cr2O7, H2MnO4, HClO2


Түшүнүү этабы(сабактын негизги болүгү):

Туздар – металл атомунан жана кислота калдыгынан турган татаал заттар, химиялык бирикмелер чоң классы. Кадимки шартта түрдүү түстөгү кристаллдар. Аларга иондук структура мүнөздүү. Көпчүлүк туздар уюлдуу эриткичтерде, өзгөчө сууда жакшы эрийт. Туздар эритмелеринде оң (катион) жана терс заряддуу (анион) иондорго ажырайт. Туздар орто, негиздик, кычкыл ошондой эле кош, аралаш, комплекстик туздар болуп бөлүнүшөт. Туздар кислоталар менен негиздер, кислоталар же туз менен металл өз ара аракеттенишкенде пайда болот. Туз кислотасынын туздары – хлорид, күкүрт кислотасыныкы – сульфаттар, азот кислотасыныкы – нитраттар деп аталат. Жаратылышта деңиз сууларында, деңиз булуңдарында, акпаган көлдөрдө чогулат. Туздар тамак-аш өнөр жайында, медицинада, кээси минералдык жер семирткич катары колдонулат


Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):


Мугалимдин иш аракети:

Суроо-жооп, аӊгемелешүү менен сабак лекция түрүндө өтүлөт.

1. Кандай заттар туздар деп аталат? Беш мисал келтиргиле, туздун формуласын кандайча түзүүнү көрсөткүлө, аларды атагыла.




Үйгѳ тапшырма:

Төмөндөгү берилген схемалар боюнча химиялык реакциялар теңдемелерин түзгүлө:

1) Nа + НС1 →

2) Мg + НС1 →

Баалоо:




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!