СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Түр-тирүү организмлердин систематикалык категориясы катары

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Түр-тирүү организмлердин систематикалык категориясы катары»

Жаңы стандарттын негизинде сабактын планы

Текшерилди ___________ Күнү : 29.01.2021

Класс: 9-а Предмет: биология Мугалими: Исмаилова Мээрим чейрек: 3

Сабактын темасы: Түр – тирүү организмдердин систематикалык категориясы катары

Негизги компетенттүүлүктөр:

Предметтик компетенттүүлүктөр

Маалыматтык НК - 1

Жандуу объектилерди аныктап таануу жана сыпаттоо максатында илимий суроолорду коюу ПК-1

Социалдык коммуникативдик НК - 2

Жаратылыш чөйрөсүндөгү жандуу организмдердин өз ара мамилесин илимий түшүндүрүп берүү ПК-2

Өзүн – өзү уюштуруу жана учурунда кырдаалга карата көйгөйлөрдү чечүү НК - 3

Билимдерди өздөштүрүү жана аларды практикада

колдонуу ПК-3

Адамдын ишмердүүлүгүнүн натыйжаларын болжолдоодо илимий далилдерди пайдалануу ПК-4

Сабактын максаттары:

Көрсөткүчтөрү: максаттарга жетти дейбиз, эгерде окуучу...

1. Билим берүүчүлүк: түр жөнүндө түшүнүк алышат

Өсүмдүк, жаныбарлардын көптөгөн түрлөрү бар экендиги жөнүндө түшүнүктөрү болсо,

Түрдүн критерийлерин окуп – үйрөнүшөт.

Түрдүн критерийлерин сүрөттөрдөн көрүп түшүнсө,

Көп түрдүүлүк жөнүндө түшүнүктөрүн кеңейтишет.

Бир катар өсүмдүк жана жаныбарлардын түрлөрүн атай алса,

2. Өнүктүрүүчүлүк: анимациялык сүрөттөрдү пайдалануу менен көп түрдүүлүктү аныкташат.

Анимациялык сүрөттөрдү көрүп туура ой жүгүртүшсө,

Түрдүн аныктамасын дептерине жазышат.

Маалыматтарды дептерге жазуу менен эсте сакталарын түшүнсө,

Түрдүн критерийлерин аныктоодо

интерактивдүү доскада ар кандай көнүгүүлөрдү аткарышат.

Интерактивдүү доскада көнүгүүлөрдү аткарууга кызыкса,

Гербарий, буклет жана дан өсүмдүктөрүнүн катырылган препараттарына түшүнүк беришет.

Гербарий эмне экенин билсе,

Дан өсүмдүктөрүнүн катырылган препараттарын көрүп, өз түшүнүктөрүн айта алса,

Банкив тоогун систематикага салууда таблица түшүрүлгөн барактар менен өз алдынча иштешет.

Систематиканы түшүнсө,

3. Тарбия берүүчүлүк: Өз алдынча иштешет

Өз алдынча ой жүгүртүп иштей алса,

Өз оюн тартынбай айта алышат

Ар бир ой баалуу экенин билсе,

Түр жөнүндө алган билимин жашоодо пайдалана алышат

Алган билимдери жашоодо чоң жардамы тиерин түшүнсө,

М: сатуучу, врач, дыйкан болсо түрлөрдү аныктай алышат, бизнес кылуу мүмкүн экенин түшүнүшөт.

Сатуучу, врач, дыйкан болсо көп түрдүүлүк жана аларды пайдалануу менен бизнес кылуу мүмкүн экенин түшүнсө,

Сабактын тиби: Жаңы теманы окуп - үйрөнүү

Сабактын формасы: аңгемелешүү, лекция, ойлоп табуу, оюн, предмет аралык байланыш,өз алдынча иштөө

Окутуунун усулдары жана ыкмалары: көрсөтмөлүү, сүйлөмө, иллюстрациялоо,

интерактивдүү( SMART lab программасы)

Сабакта колдонулуучу ресурстар: интерактивдүү доска, буклеттер, гербарийлер, дан

өсүмдүктөрүнүн катырылган препараттары, Банкив тоогун систематика салуучу барактар, өзүн – өзү баалоочу баракчалар, дан өсүмдүктөрүнүн түрү салынган баштыкча

Предмет аралык байланыш : адабий окуу, табият таануу, технология, музыка

Сабактын жүрүшү:

Сабактын этаптары

Мугалимдин иш-аракети

Окуучунун ишаракети

Компонент

тер

НК ПК

Баалоо

1

Уюштуруу

(мотивация) 2 мин

1.Саламатсыңарбы, окуучулар? 2. Балдар окуу куралдарды даярдайбыз 3. Окуучулар такталат. 4. Өзүн –өзү баалоочу баракчалар таратылат жана түшүндүрмө берилет.

5. Жагымдуу маанай түзүлөт(интерактивдүү доскадан мээге жана манжаларга көнүгүүлөр көрсөтүлөт)

1.Саламдашышат 2.Китеп,дептер, ручка, калемин даярдашат

  1. сабакта бар экенин кол көтөрүп билдиришет.

  2. өзү- өзү баалоочу баракчаларды алышат

  3. Доскадан видеону көрүп, манжаларына көнүгүү жасашат

НК-2

НК-3

калыптандыруучу

2

Окуучулардын билимин

актуалдаштыруу

үй тапшырма

7 мин

Балдар мурунку сабакта кайсы теманы өткөнбүз? 1.Эволюциялык окууну, тирчиликти изилдеген окумуштууларды табабыз. интерактивдүү доскага чыгып көнүгүү аткарабыз.

Мурунку сабакта “Дарвиндин эволюциялык окуусу”деген теманы өткөнбүз. 1.Эки окуучудан доскага чыгып көнүгүүлөрдү аткарышат.

НК-2

НК- 3

ПК-1

ПН-2

ПК-4

калыптандыруучу




  1. Ж.Б.Ламарк жана Ч.Дарвиндин окууларын 2 топко бөлөбүз.

  1. Эволюция дегенди кандай түшүндүңөр? Суроого ооз эки жооп беребиз балдар.

2.Эки окуучудан доскага чыгып Ламарк жана Дарвиндин окууларын 2 топко бөлүшөт. Улам кийинки окуучулар көнүгүүнү аткарышат.

3.Берилген суроого кол көтөрүп ооз эки жооп беришет.



3

Сабак темасы, максаты жана

күтүл.натыйжалар менен

таанышуу, талкуулоо 1 мин

Окуучуларга дан өсүмдүктөрү салынган баштыкчалар таратылып берилет.

Балдар, баштыкчаны кармап көргүлө, эмнелерди көрүп, сезип жатасыңар?

Туура балдар, дан өсүмдүктөрүнүн түрлөрүн көрдүңөр. Демек , бүгүнкү сабагыбыздын темасы: Түр – тирүү организмдердин систематикалык категориясы катары .

Сабактын максаты:

1.Түр жөнүндө түшүнүк алабыз

2.Түрдүн критерийлерин окуп – үйрөнөбүз 3. Гербарий, сүрөттөр, өсүмдүктөрдүн катырылган препараттарын пайдаланып маалымат алабыз, жана интерактивдүү доскада берилген ар кандай тапшырмаларды аткарабыз.

Баштыкчаларды кармап көрүшөт. Баштыкчаларда дан өсүмдүктөрүнүн түрлөрү бар экенин айтышат.

Доскада жазылган теманы дептерине жазышат. Сабактын максатын угушат.

НК-1

ПК-1

ПК-2

диагноздоочу


4

Жаңы тема 10 мин

Түр –бул тирүү организдердин

физиологиялык жана

биохимиялык түзүлүшү окшош, белгилүү

аймакта өсүп же жашап, бири-бири менен

кайчылашып, арбын тукум берген

жандыктардын тобу.

Балдар дептерге аныктаманы жазабыз. Жер жүзүндө түрлөр 2млн.дон ашык.

М: балыктардын -33000

Сүт эмүүчүлөрдүн – 5500

Курт-кумурска – 1000000

Канаттуулардын – 10600 дөн ашык түрлөрү бар. Түрдүн пайда

Түрдүн критерийлери:

  1. морфологиялык

  2. физиологиялык

  3. географиялык

  4. экологиялык

  5. этологиялык

  6. биохимиялык

  7. генетикалык

Тиричиликтин уюшуу деңгээлдери (систематикасы)

Тиричилик

Домен

Дүйнө

Тип

Класс

Ирет

Тукум

Уруу

Түр

Дептерге аныктаманы

жазышат.

Берилген суроолорго өз

ойлорун айтышат.

Интерактивдүү доскадан

маалыматтарды алышат.

Систематиканы дептерине жазышат.

НК-1

ПК- 1

ПК-2

ПК-4

калыптандыруучу

5

Сабакты бышыктоо. Кайтарым

байланыш

8 мин

1.Жаныбарлардын түрлөрүн 2 класска бөлөбүз

2. Түрдүн критерийлерин аныктайбыз (интерактивдүү доскада

тапшырмаларды

аткарабыз) 3.Банкив тоогун систематикага салуу үчүн баракчаларды толтурабыз

Эки окуучудан чыгып

тапшырмаларды

аткарышат, туура аткаргандардын баллдары дароо

көргөзүлүп турат 3.Банкив тоогун систематикага салышат.

НК-3

ПК-1

ПК-2

ПК-3

ПК-4

суммалоочу

6

Сабакты жыйынтыктоо

Баалоо 3 мин

Бүгүнкү сабак жактыбы, эмнеси менен кызыктуу болду?

Демек балдар силер түрлөр жөнүндө маалымат алдыңар, өтүлгөн темабызды жашооңордо колдоносуңар. Силер келечекте ар түрдүү кесиптин ээси болосуңар, М: врач- косметолог болсоңор түрлөрдү аныктай аласыңар, сатуучу же кардар болсоңор жакшы түрлөрдү аныктай аласыңар, дыйкан жана мал чарбачылык менен иштесеңер жакшы сорт жана пародаларды өстүрүп бизнес кыла аласыңар. Ата – эне катары балдарыңарга туура түшүндүрмө бере аласыңар.

Өзүн –өзү баалоочу барактарды толтуруп бааларыңарды коюп бергиле

Сабак кызыктуу болду.

Интерактивдүү доскада

көнүгүүлөрдү аткаруу абдан

кызыктуу болду.

Бүгүнкү өтүлгөн темадан көп

маалымат алдык, жашообузда

колдонобуз

Баалоо баракчаларын толтуруп беришет

ПК- 3

диагноздоочу

7

Үйгө тапшырма 1 мин

26-параграфты окуйсуңар.24- таблицада көрсөтүлгөн түрдүн

критерийлерин дептерге жазасыңар

Үй тапшырмасын дептерге жазып алышат

НК-1

Ачык сабактын планы

Текшерилди ___________ Күнү : 21.04.2021

Класс: 9-в Предмет: биология Мугалими: Исмаилова Мээрим чейрек: 4

Сабактын темасы: Биогеоценоз жана анын негизги компоненттери

Негизги компетенттүүлүктөр:

Предметтик компетенттүүлүктөр

Маалыматтык НК - 1

Жандуу объектилерди аныктап таануу жана сыпаттоо максатында илимий суроолорду коюу ПК-1

Социалдык коммуникативдик НК - 2

Жаратылыш чөйрөсүндөгү жандуу организмдердин өз ара мамилесин илимий түшүндүрүп берүү ПК-2

Өзүн – өзү уюштуруу жана учурунда кырдаалга карата көйгөйлөрдү чечүү НК - 3

Билимдерди өздөштүрүү жана аларды практикада

колдонуу ПК-3

Адамдын ишмердүүлүгүнүн натыйжаларын болжолдоодо илимий далилдерди пайдалануу ПК-4

Сабактын максаттары:

Көрсөткүчтөрү: максаттарга жетти дейбиз, эгерде окуучу...

1. Билим берүүчүлүк: биогеоценоз жөнүндө түшүнүк алышат

Өсүмдүк, жаныбарлардын көптөгөн түрлөрү жансыз жаратылыш менен байланышта экендиги жөнүндө түшүнүктөрү болсо,

Биогеоценоздогу организмдин функционалдык группаларын окуп – үйрөнүшөт.

Биогеоценоздогу организмдердин функционалдык группаларын сүрөттөрдөн көрүп түшүнсө,

Азыктык деңгээлдер жөнүндө түшүнүктөрүн кеңейтишет.

Азык пирамидасын жана азык чынжырын интерактивдүү доскада схемасын чийип түшүндүрө алса,

2. Өнүктүрүүчүлүк: биогеоценоз жөнүндө кыскача дептерине жазышат,

Маалыматтарды дептерге жазуу менен эсте сакталарын түшүнсө,

Биогеоценоздун фукционалдык группалары жана азыктык деңгээлдерин аныктоодо интерактивдүү доскада ар кандай көнүгүүлөрдү аткарышат,

Интерактивдүү доскада көнүгүүлөрдү аткарууга кызыкса,

Глобусту пайдалануу менен биоценоздун түрдүк структурасын аныкташат,

Глобусту пайдаланууну билсе,

География сабагынан жер шарын жакшы түшүнүшсө,

Барабанды айлантуу менен сызыкка келген суроону алып топто талкуулап, ватманга жазып презентациялашат( 5 минутада)

Берилген суроо боюнча түшүнүктөрү болсо, Убакытты туура пайдаланышса,

Отоо чөптөрдү, стаканда өстүрүлгөн декаративдүү гүлдөрдү, оюнчук жаныбарларды пайдалануу менен азык пирамидасын түзүшөт (2 минутада)

Ар бир топ алдына коюлган чөп, гүл жана оюнчук жаныбарларды ирээти менен жайгаштырып азык пирамидасын түзө алса ( билимдери болсо),

Ар бир топтон окуучулар доскага чыгып, кайырмак менен балык кармашат, балыкта жазылган суроого ооз эки жооп беришет.

Өтүлгөн теманы жакшы түшүнсө,

Кайырмак менен балык кармоого кызыкса,

3. Тарбия берүүчүлүк: топто ынтымактуу иштешет,

Ар бири өз оюн ортого салып иштей алса, Бири-бирин сыйлашса,

Өз оюн тартынбай айта алышат,

Ар бир ой баалуу экенин билсе,

Биогеоценоз жөнүндө алган билимин жашоодо пайдалана алышат, мисалы: жашыл өсүмдүктөрдү өстүрүшөт ( гүлдөр, бак-дарактар), Курт-кумурскалардын уяларын бузбоо керектигин түшүнүшөт ж.б

Алган билимдери жашоодо чоң жардамы тиерин түшүнсө,

Жашыл өсүмдүктөр кооздук жана тамак-аш гана эмес, тирүү организмдер дем алуучу кычкылтекти бөлүп чыгарарын билсе,

Курт-кумурскалар азык чынжырын түзүүдө чоң роль ойноорун түшүнсө,

Сабактын тиби: Жаңы теманы окуп – үйрөнүү, өркүндөтүү

Сабактын формасы: аңгемелешүү, лекция, ойлоп табуу, оюн, предмет аралык байланыш, топтордо иштөө, ишмердүүлүккө негизделген практикалык сабак

Окутуунун усулдары жана ыкмалары: көрсөтмөлүү, сүйлөмө, иллюстрациялоо, интерактивдүү( SMART lab программасы)

Сабакта колдонулуучу ресурстар: интерактивдүү доска, окуу китеби, презентация,

ватман, маркерлер, барабан, глобус, стаканда өстүрүлгөн гүлдөр, чөп, оюнчук жаныбарлар, кайырмак, жыгачтан жасалган балыктар,

сабактын планы, баалоо үчүн кызыл, көк жана сары фигуралар

Предмет аралык байланыш : адабий окуу, табият таануу, музыка, география

Сабактын жүрүшү:

Сабактын этаптары

Мугалимдин иш-аракети

Окуучунун ишаракети

Компонент

тер

НК ПК

Баалоо

1

Уюштуруу

(мотивация) 3 мин

1.Саламатсыңарбы, окуучулар?

2. Балдар окуу куралдарды даярдайбыз 3. Окуучулар такталат.

1.Саламдашышат 2.Китеп,дептер, ручка, калемин даярдашат

НК-2

НК-3

калыптандыруучу




  1. Окуучулар ким кайсы мезгилди жакшы көрсө ошол мезгил тобуна отурасыңар

  2. Баалоочу баракчалар көргөзүлөт жана түшүндүрмө берилет. 6. Жагымдуу маанай түзүлөт ( жай музыка коюлат, мугалим окуучуларга көзүн жумуп айткан ар бир сөздү элестетүү керектигин айтат. Ал төмөнкүчө баяндалат: жолдо бара жатасынар, жолдун эки тарабында эмнелер бар, алдыңардан бир жаныбар чыкты, аны менен кандай мамиле болду, андан ары бир үйгө кирдиңер, столдун үстүндө эмне турат, үйдөн чыксаңар суу көрүндү, андан кантип өттүңөр? Көзүңөрдү ачып кандай окуя болгонун айтып бергиле )

3. сабакта бар экенин кол көтөрүп билдиришет. 4. 4 мезгил жазылган тегерек столго бөлүнүп отурушат 5. баалоо баракчалар боюнча түшүнүк алышат. 6. Көзүн жумуп, мугалим айткан сөздөрдү элестетишет, эмнелер элес болгонун айтып беришет.


2

Окуучулардын билимин

актуалдаштыруу

үй тапшырма

8 мин

Балдар мурунку сабакта кайсы теманы өткөнбүз? 1.Тиричиликти изилдеген окумуштууларды табабыз, интерактивдүү доскага чыгып көнүгүү аткарабыз.

2. Ар бир топтун башчылары келип барабанды айландырып, сызыкка келген суроону алып топ менен чогуу талкуулап, ватманга жазып презентация кыласыңар.

Мурунку сабакта “Биоценоздун структурасы анын бүтүндүүлүгүн кармап туруунун негизи катары” деген теманы өткөнбүз.

1.Эки окуучудан доскага чыгып көнүгүүлөрдү аткарышат.

2. топ башчылары доскага чыгып барабандын айландырып, суроону алып тобу менен иштешет. Глобус, ватман, маркерлерди пайдаланышат. Ватманга жазган маалыматтарды

НК-2

НК- 3

ПК-1

ПН-2

ПК-4

калыптандыруучу





доскага чыгып презентациялашат.



3

Сабак темасы, максаты жана

күтүл.натыйжалар менен

таанышуу, талкуулоо 1 мин

Жолдо кетип бара жатып же эс алып жатып, айлана- чөйрөгө көз чаптырган учурларыңар болобу? Адам баласы башка жаныбарлардан акыл-эси менен айырмаланып турат. Ошондуктан дайыма айлан-чөйрөгө көз чаптырып, аларды терең изилдеп келищкен.

Мисалы жердеги жашоо атом, молекула, клетка ткань, орган, организм, популяция, биогеоценоз, биосфера сыяктуу түрдүү системалар түрүндө болот. Алар бири-бири менен курамдык бөлүктөрү – компоненттери менен айырмаланып турат. Демек , бүгүнкү сабагыбыздын темасы: Биогеоценоз жана анын компоненттери . Сабактын максаты:

1.Биогеоценоз жөнүңдө түшүнүк алабыз 2.Биогеоценоздогу организмдердин функционалдык группаларын окуп – үйрөнөбүз

3. Чөп, гүлдөрдү жана оюнчук жаныбарларды пайдаланып маалымат алабыз, жана интерактивдүү доскада берилген ар кандай тапшырмаларды аткарабыз.

Окуучулар өз ойлорун айтышат.

Доскада жазылган теманы дептерине жазышат. Сабактын максатын угушат.

НК-1

ПК-1

ПК-2

диагноздоочу


4

Жаңы тема 10 мин

Биогеоценоз деген терминди 1940-жылы орус окумуштуусу Владимир Николаевич Сукачев илимге киргизген. Грек тилинен которгондо, биос – жашоо, ге – жер, койносжалпы дегенди билдирет. Биогеоценоз – жер бетиндеги жансыз жаратылыш менен тирүү организмдердин өз ара катнаштары.

Биогеоценоздордогу организмдердин функционалдык группалары: биогеоценоздо бардык организмдер бири-бири менен азыктык чынжырлар менен байланышкан. Алардын бири автотрофтук организмдер. Булар жашыл өсүмдүктөр, фотосинтезге жана хемосинтезге катышкан бактериялар – органикалык эмес заттардан органикалык заттарды пайда кылуучулар. Булар продуценттер (латынча –

Дептерге аныктаманы

жазышат.

Берилген суроолорго өз

ойлорун айтышат.

Интерактивдүү доскадан

маалыматтарды алышат.

Азык пирамидасын дептерине жазышат

НК-1

ПК- 1

ПК-2

ПК-4

калыптандыруучу


5

Сабакты бышыктоо. Кайтарым

байланыш

9 мин

  1. интерактивдүү доскада сууда жана кургакта жашаган жаныбарларды 2 топко бөлөсүңөр.

  2. 4 топко чөп, стаканда өстүрүлгөн декоративдүү гүлдөр жана оюнчук жаныбарлар таратылып берилет.

  3. ар бир топтон бир окуучу чыгып азык пирамидасын доскага жазып бергиле.

  4. ар бир топтон каалаган окуучу доскага чыгып, кайырмак менен балык кармагыла да балыкта жазылган суроого оозэки жооп бергиле. Ким балык кармоого кызыгат?

1. Эки окуучудан чыгып

тапшырмаларды

аткарышат, туура аткаргандардын баллдары дароо

к өргөзүлүп турат 2. столдун үстүндөгү каражаттарды азык пирамидасынын ирээти боюнча жайгаштырышат.

  1. ар бир топтон бир окуучу чыгып интерактивдүү доскага азык пирамдасын жазып беришет.

  2. балык кармоого кызыккан окуучулар доскага чыгып кайырмак менен балык кармап жооп беришет.

НК-3

ПК-1

ПК-2

ПК-3

ПК-4

калыптандыруучу

6

Сабакты жыйынтыктоо

Баалоо 3 мин

Бүгүнкү сабак жактыбы, эмнеси менен кызыктуу болду?

Демек балдар силер биогеоценоз жөнүндө маалымат алдыңар, өтүлгөн темабызды жашооңордо колдоносуңар. Жашыл өсүмдүктөрдү: бак-дарак, гүлдөрдү өстүргүлө. Курт-кумурскалардыды өлтүрбөгүлө. Бүгүнкү сабакта активдүү катышкандар, баалоо баракчаларды алгандар көргөзүп койгула

Сабак кызыктуу болду.

Интерактивдүү доскада

көнүгүүлөрдү аткаруу абдан

кызыктуу болду.

Бүгүнкү өтүлгөн темадан көп маалымат алдык, жашообузда

колдонобуз

Баалоо баракчаларын көргөзүшөт

ПК- 3

суммалоочу

7

Үйгө тапшырма 1 мин

38-параграфты окуйсуңар.147- сүрөттө көрсөтүлгөн азык

пирамидасын дептерге тартасыңар

Үй тапшырмасын дептерге жазып алышат

НК-1







Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!