СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тукум куучулуктун хромосомалык теориясы

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тукум куучулуктун хромосомалык теориясы

Генетиканын өнүгүүсү Менделдин закондоруна ылайык бардык эле белгилер тукум куубаганынкөрсөттү. Алсак, гендердинкөз карындысыз тукум куучулук закону ар түрдүү хромосомаларда жайгашкан гендер үчүн гана иштейт.

  • Гендердин чиркелешкен тукум куучулук мыйзамченемдүүлүктөрү XX кылымдын 20- жылдарынын башталышында Т.Морган жана анын окуучулары тарабынан изилденген. Алардын изилдөөлѳрүнүн объектиси болупмѳмѳжемиш чымыны - дрозофила болгон (анын жашоо өмүрү кыска жана бир жылдын ичинде бир канча ондогон муун алса болот, анын кариотиби 4 жупталган хромосомалардан гана турат). Америкалык генетик Т.Морган тарабынан 1910 - жылы гана конкреттүү гендердин конкреттүү хромосомаларда локализациялоонусунун эксперименттик далилденүүсү алынган, ал кийинки жылдарда (1911 -1926) тукум куучулуктун хромосомалык теориясыннегиздеген. Бул теорияга ылайык,тукум куучулук маалыматтардын берилиши хромосомалар менен байланыштуу, аларда сызыктык, белгилүү иреттүүлүктѳ гендер жайланышкан. Мына ошентип,дал ушул хромосомалар тукум куучулуктун материалдык негизин түзүшѳт.Ар түрдүү жыныстардын организмдеринде хромосомалардын топтомунда айырмачылыктар табылган учурда жыныстык генетикасын изилдөөдѳ алынган маалыматтар хромосомалык теориянын калыптануусуна түрткү болгон.
  •  

 

Жыныстык генетика

Жынысы организмдин башка белгиси сыяктуу эле тукум куучулук менен аныкталат. Жыныстын генетикалыканыкталышындажана жыныстардын мыйзам ченемдүүөз ара айкалашын колдоодо манилүү роль хромосомалык аппаратка тиешелүү.

Жыныстык хромосомалардын ачылышы жана жынысты аныктоодо алардын ролун тактоо хромосомалар организмдин белгилерин аныктагандыгы жагына маанилүү далил болгон.

Чиркелешкен тукум куучулук. Чиркелешкендин бузулушу

Моргандын закону: бир хромосомада жайгашкан гендер бирге тукум куушат.

Чиркелешкен гендер – бир хромосомада жайгашкан гендер.

Чиркелешкендин тобу – бир хромосоманын бардык гендери.Чиркелешүү кээ бир учурлардын пайызында бузулушу мүмкүн. Чиркелешүүнүн бузулуу себеби – кроссинговер (хромосомалардын кайчыланышы) –мейоздун бөлүнүшүнүн Iпрофазасында хромосомалардын аянтчалары менен алмашуусу. Кроссинговер генетикалык рекомбинацияга алып келет. Гендер бири-биринен канчалык алыс аралыкта жайгашса, алардын ортосунда кроссинговер тезирээк болот. Ушул кубулушта генетикалык карталардын түзүлүшү - хромосомадагы гендердин иреттүүлүгүн жана алардын ортосундагы болжолдуу аралыгын аныктоонегизделинет.

Жыныстын генетикалык аныкталышы

  • Аутосомалар -эки жыныстын бирдей хромомсомалары. Жыныстык хромосомалар (гетерохромосомалар)- эркек менен аял жынысы бири - биринен хромосомалар боюнча айырмаланышы. Адамдын клеткасында 46 хромосомалар же 23 жуп бар: 22 аутосома жуптары и бир жубу жыныс хромосомалар. Жыныс хромосомалар Х жана Y – хромосомалар деп белгиленет. Аялдарда эки Х – хромосомалар, эркектерде бир Х – хромосома жана бир Y – хромосома бар. Жынысты хромосомалык аныктоонун 5 түрү бар..

Жыныс менен чиркелешкен тукум куучулук – белгилердин тукум куушу, алардын гендери Х жана Y – хромосомаларда жайгашышкан. Жыныс хромосомаларда жыныс белгилеринин ѳнүгүүсүнѳ мамилеси жок гендер жайгашышы мүмкүн.XY айкалышындагы Х – хромосомада жайгашкан гендердин көпчүлүгүндѳY – хромосомада аллелдик жуп болбойт. Ошондой эле Y – хромосомада жайгашкан гендердин Х - хромосомасында аллелдик жубу болбойт. Мындай организмдер гемизиготтук деп аталат. Бул учурда генотипте жалгыз санда болгон рецесивдикген байкалат. Алсак, Х- хромосомада гемофилияны (кандын төмөнуюшу) козгогон генден турушу мүмкүн. Анда ушул хромосоманы алган бардык эркек жандыктар бул оору менен оорушат, анткениY – хромосомада басымдуу аллель жок.

Гендердин өз ара аракети

Генотип – бул жөнөкөй эмес гендердин тобу. Бул тарыхта пайда болгон бир бири менен өз ара аракеттенген гендердин системасы. Так айтсак гендер эмес (ДНКнын молекуласынын бөлүктөрү) алардын негизинде пайда болгон продуктулары (РНК жана белоктор) өз ара аракеттенет. Аллелдүү жана аллелдүү эмес гендердин өз ара аракеттенеши мүмкүн.

Аллелдүү гендер өз ара аракеттенеши: толук доминанттуу (басымдуулук кылуу), толук эмес доминаттуу (басымдуулук кылуу), кодоминаттуу.

Толук доминаттуу – бул кубулушта доминанттуу ген рецесивдүү гендин иш аракеттин толук басат, жыйынтыгында доминанттуу белгиси өнүгөт.

Толук эмес доминантуу – бул кубулушта доминанттык ген рецесивдүү гендин иш аракетин толук басымдуулук кылбайт, ошондуктан аралык белги пайда болот.

Кодоминаттуу (көз карынсыз пайда болуу) бул кубулушта гетерозиготалуу организмдеги белгинин пайда болууда эки аллел катышат. Адамда кандын топторун аныктаган ген бир нече аллелдер менен көрсөтүлөт. А жана В кандын топторун аныктаган гендер бир бирине караганда кодоминантуу жана О топту аныктаган генге караганда доминаттуу болот.

Аллелду эмес гендердин өз ара аракети: кооперация, комплементардуулук, эпистаз жана полимерия.

Кооперация – бул кубулушттун ар биринде фенотипикалуулуктун пайда болуусундагы эки доминаттуу аллелдүүлүк эмес гендердин өз ара аракетинде жаӊы белгинин пайда болушу.

Комплементардүүлүк – бул кубулушта белгинин өнүгүүсүнө ар бири өзүнчө алып барбаган эки доминаттуу аллелдүү эмес гендердин өз ара аракеттинде жаӊы белгинин пайда болушу

Эпистаз – бул кубулушта бир ген (доминанттуу жана рецессивдүү да) башка (аллелдүү эмес) гендин (доминанттуу жана рецессивдүү да) иш аракетин басат. Басымдуулук кылган ген (супрессор) доминаттуу (доминаттуу эпистаз) же рецессивдүү (рецессивдүү эпистаз) болушу мүмкүн.

Полимерия – бул кубулушка бир эле белгинин өнүгүүсүнө окшош таасир тийгизген бир нече аллелдүү эмес доминанттуу гендер жооп берет. Генотипте канчалык ошондой гендер көп болсо ошончолук белги ачык пайда болот. Сандык белгилердин (теринин түсү, дененин салмагы, уйдун сүттүүлүгү) тукум кууганда полимерия кубулушу пайда болот. Полимерияга карама - каршы плейтропия кубулушу пайда болот. Плейотропия – гендин көп түрлүү иш аракети,бул убакта бир ген бир нече белгилердин өнүгүүсүнө жооп берет.

Тукум куучулуктун хромосомалык теориясынын негизги жоболору:

  • хромосомалар тукум куучулукта негизги ролду ойношот;
  • хромосомада гендер белгилүү сызыктуу иреттүүлүктѳ жайгашышкан;
  • ар бир ген хромосоманын белгилүү ордунда (локуста) жайгашкан; аллелдүү гендер гомологиялык хромосомаларда бирдей орун (локус) ээлейт;
  • гомологиялык хромосомалардын гендери чиркелешкен топту пайда кылат; алардын саны хромосомалардын гаплоидик топтомуна барабар;
  • гомологиялык хромосомалардын ортосунда аллелдик гендер менен алмашуу мүмкүнболот(кроссинговер);
  • гендердин ортосунда кроссинговердин жыштыгы алардын ортосундагы аралыгына пропорционалдуу.

 

 

Селекциянын негиздери

«Селекция» латын тилинде "selectio" – тандоо деген сөздөн келип чыккан. Селекция – бул жаныбарлардын породаларын, өсүмдөктөрдүн сортторун жана алардын гибриддерин пайда кылуунун жаӊы жолдорун жана ыкмаларын негиздеген илим. Андан тышкары бул тармагы – адамга керектүү касиеттер (жогорку түшүмдүүлүгү, продукциянын белгилүү бир сапаты, ооруга туруктуу, ар түрлүү өсүшүнүн шарттарына ыӊгайланышы) менен жаӊы сортторду жана породаларды пайда кылган чарбанын бир тармагы.

Бул көйгөйдүн чечилишинин мүмкүнчүлүгү, эгерде селекциянын соӊку методдору пайдаланылса: тандоо, гибридизациялоо, мутагенез, полиплоидия жана геноинженерия. Бирок көйгөйдү чечиш үчүн генетика изилдеген белгилердин тукум куучулуктун мыйзам ченемдүүлүктөрү, түрлөрдүн ортосунда жана түрдүн ичинде өзгөргүчтүктү, чарбачылык формалардын болушу мүмкүн.

Мутагенез жана полиплоидия- ДНКны жаӊы түзүү жана хромосомалардын жыйынтыгынын көбөйүү менен байланыштуу тукум куучулуктун өзгөрүшү.

Мутациялар – бул тукум куучулуктун негизинин секириктүү өзгөрүүшү. Алар мутагендердин – температуралык дүүлүктүргүчтөр, ар түрлүү химиялык заттар, ар түрлүү нурлардын - таасири астында пайда болот.

Геноинженерия гендердин жаӊы айкалышы менен багыттуу конструкциялоо менен байланыштуу.

Өсүмдүктөрдүн селекциясынын методдору

 

 

Кыргызстандын селекционерлери

Кыргызстанда көрүнүктүү селекционерлер Р.Ф.Любавина, Д.Токоева, В.Ибрагимова, Т.В. Бессонова күздүк будайдын жогорку түшүмдүү сортторун иштеп чыгышкан: Лютенс – 42 ( бир гадан түшүмү 90-110 ц) , Кыял, Бермет (бир гадан түшүмү 82 ц жакын), Тилек (71 ц). Т.В. Бессонова Нутанс – 89ц. Ардак- күздүк арпанын сортторун, жаздык арпанын сортун чыгарган. Жүгөрүнүн Манас- сортунун негизинде жогорку түшүмдүү гибриддерди К.С. Седоев деген селекционер иштеп чыккан. Бул гибриддердин түшүмдүүлүгү гектарына 200 ц.ден айланат.

Жогорку дээӊгелдеги ийгиликтерге Кыргызстандын селекционерлери башка айыл– чарба өсүмдүктөрү менен иштегенге жетишти: кант кызылча (академик Акималиев Ж.А, Степаненко Г.С.), софлёр, пахта, мөмө- жемиштер, капуста ж.б.

Зоотехнологиялык илимге зор салым киргизгени үчүн белгилүү Кыргызстандын окуумуштулары эл аралык таануда : академиктер М.Н. Лущихин, Н.И. Захарьев, А.С.Всяких, ошондой эле академиктер И.М. Ботбаев, Р.Э Садыков, илимий докторлор жана профессорлор А.З. Квитко, Р.Э Садыков, Е.Г.Мезенцев, А.К.Каниметов, А.С Ажибеков, А.К. Кыдырмаев О.Д. Дуйшекеев, А.Н. Назаркулов, И.А.Альмеев, В.А. Чертков жана башкалар.

Эӊ чөӊ жетишкендиктери:

• койлордун кыргыз уяӊ жүндүү, тянь-шандык жарым уяӊ жүндүү, алай кесик жүндүү, кыргыз тоолук меринос, айкөльдүк эттүү – майлуу породаларын пайда кылуу;

• бодо малдын алатау жана аулиэатин породалары;

• аттардын жаӊы кыргыз породасы;

• кыргыз эчкинин тыбыт, жүн жана сүттүү породолары;

• кыргыз тооктордун породалык группалары;

• андан тышкары койлордун 27 линиялары жана 4 типтери, 21 бодо малдын түркүмдөрү болду.

 

 

  •  


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!