СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Троп жана анын түрлөрү

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сөздөрдүн баштапкы маанилеринин экинчи мааниге өтүп, ооштурулуп колдонулушу сөздүн өтмө мааниси деп аталат. Адабият теориясында муну “троп”(грекче “тропос”) дейт.

Просмотр содержимого документа
«Троп жана анын түрлөрү»

Көркөм чыгармадагы троптун табияты

Көркөм адабият искусствонун бир түрү катарында коомдук көрүнүштөрдү, кубулуштарды сөз менен сүрөттөп берет. Орустун белгилүү адабиятчысы Белинский: “Поэзия – бул адамды сөз аркылуу түшүндүрүү”, деген. Поэзияда сөз-дабыш, сүрөт да ачык, даана болууга тийиш, ошол себептен анда искусство чыгармаларынын бир топ элементтери камтылган.

Искусствонун башка түрлөрүнө салыштырганда көркөм адабияттын негизги өзгөчөлүгү анын негизги курулуш материалы болгон сөздүн өзгөчө сапат, касиетинде.

Сөз – адам баласынын оюн жана эмоциясын берүүнүн эң таасирдүү, эң ийкемдүү, жандуу куралы. Ал турмуштун көп кырдуу жактарын өзүнүн боёгу менен айкын жана терең сүрөттөп берүүчү каражат болуп эсептелет.

Көркөм адабияттын тилинин дагы бир өзгөчөлүгү – анын негизги курулуш материалы катарында кызмат аткарган ар бир улуттук тилдин айырмачылыгына негизделген. Улуттук тилдер өзүнчө лексикалык, фонетикалык, морфологиялык, синтаксистик бөтөнчөлүктөрү менен мүнөздөлөт.

Тилдеги сөздөр түз мааниде да, өтмө мааниде да колдонулат. Оозеки сүйлөөдө болсун, мейли жазууда болсун сөздөр бири-бирине ар кандай жолдор аркылуу айкалышуунун натыйжасында өздөрүнүн баштапкы тике маанилерин өзгөртүп, башка маанилерге өтүп кете берет. Сөздөрдүн мына ушундай баштапкы маанилеринин экинчи мааниге өтүп, ооштурулуп колдонулушу сөздүн өтмө мааниси деп аталат. Адабият теориясында муну “троп”(грекче “тропос”) дейт. Бири-бирине жакын турмуштук көрүнүштөрдүн, окуялардын, предметтердин салыштырылышы троптун негизин түзөт. Белгилүү бир көрүнүштүн касиеттерин көркөм сүрөттөө аркылуу автор анын элесин ого бетер күчөтөт, даана, таасирдүү, туюмдуу кылат.

Сөздүн өтмө маанисин колдонуу элдик речте кеңири таралган. Алсак, “каргадайдан баш коштук” деп колдонобуз. Бул “кичине кезимден” деген мааниде. Сөздөрдү мына ушундай өтмө мааниде колдонуу адабий туундуларда кеңири кездешет.

Троптун түпкү теги, сапаты, өзгөчөлүгү, белгилери жагынан бири-бирине кандайдыр бир жакындыкты, окшоштукту табууга негиз берүүчү эки предметти салыштыруудан келип чыгат.

Троп көркөм чыгармаларда образдарды жекелештирүү, турмуштук деталдарды мүнөздүү көрүнүштөрүндө конкреттештирип сүрөттөө, каармандардын ар кыл аептик бөтөнчөлүктөрүнүн типтик жагдайларын ачуу, автордук баяндоону түркүмдөштүрүү сыяктуу максаттарда колдонулат.

Троп” стилистикалык маанилүү каражат. Ал жазуучунун сөз байлыгын түзө турган бирден-бир булак болуп да эсептелет. “Троптун” көп түрү бар. Анын эң жөнөкөй түрү “салыштыруу” деп аталат. Мында сөздүн экинчи маанисинин жардамы менен эки көрүнүштүн же предметтин окшош жактары табылат. Мисалы, “жылдыздай жайнап көздөрү” дей турган болсок, анда көздүн кайсы бир белгисин жылдызга окшоштурдук. Ошентип, бир көрүнүштүн экинчиге алып келинген белги, касиеттери аркылуу жаңы маани пайда болду. Жөнөкөйү көбүнчө “дай” мүчөсү аркылуу бир сөздөн жасалат. (М: Жолдун чаңы мамыктай болуп, асманда бараткандай болдум.)

Ал эми татаал түрүндө бир нече сөз маанилик жактан тутумдашып, салыштыруу уюштурулат. (М: 1. Арык боюндагы кырчын талдар шыйрагы көгөргөн балдардай үшүп, бутактары салаңдайт. 2.Кылымдар кыз эскирткен шайыга окшоп, Кайдадыр желп-желп этип калып жатат.)

Эпитет – троптун бир түрү. “Сүрөттөп жаткан нерсенин, түшүнүктүн, окуянын заттын, автордун көз карашы боюнча эң негизги сырткы жана ички бөтөнчөлүктөрүнүн белгисин, касиетин же сапатын көркөм аныктоочу сөздү “эпитет” дешет”(М: Ысык-Көл кээде жымжырт, кээде толкун).

Троптун акын-жазуучулар көп колдонгон түрү – метафора. “Бир түшүнүктүн же бир нерсенин ордунаэкинчи бир түшүнүктүн же нерсенин жалпы белгилерине карай салыштыруу “ метафора” деп аталат”(М: Энекем, ак тактанын буту элең, Ак сарай үйдүн куту элең).

Метонимия. Грек сөзү. Сөздү алмаштыруу, же бир түшүнүктү башка сөз менен алмаштыруу аркылуу биринчи сөз менен ажыралгыс байланышы бар маанини билдирген троптун түрү метонимияны түзөт (М: Шота аба чын достуктун эң кымбаты, Жөнөй бер дагы сонун жерге алпарат. Ал дагы мен берген ат - кыргыз аты),

Синекдоха. Метонимиянын бир түрү, көптүн ордуна жекени, жекенин ордуна көптү, бүтүндү билдирүүчү түшүнүктөрдүн колдонулушу синекдоханы түзөт(М: Жашоо чиркин бир тамшаным нерсе экен, Кант жедимби, бал жедимби, билбеймин).

Гипербола. Кандайдыр бир кыймылды, предметти же көрүнүштү көркөм жана даана көрсөтүү үчүн апыртып, чоңойтуп көрсөтүү гиперболаны түзөт(М: Бул турмушка мен да изимди калтырдым. Кичинекей кудум шайтан изиндей).






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!