Просмотр содержимого документа
«Тик бурчтуу үч бурчтук»
Геометрия
8-класс
1) Трапециянын орто сызыгы 7 см.
Негизинин бири экинчисинен 4 см
чоң. Негиздерин тапкыла.
2) Параллелограмдын эки бурчунун
айырмасы болсо, анын бардык
бурчтарын тапкыла.
Тема:
Тик бурчтуу үч бурчтуктун
жактарынын катышы
Сабактын максаты:
бурчунун синусу,косинусу,
тангенси жөнүндө
түшүнүктөрдү алуу
Аныктама : Тик бурчтуу үч бурчтуктун
тар бурчуна жанаша жаткан
катеттин гипотенузага болгон
катышы ал бурчтун косинусу деп
аталат
Теорема: Берилген бурчтун
косинусу ал бурчтун
чоңдугунан көз каранды болот.
Аныктама : Тик бурчтуу үч бурчтуктун
тар бурчунун каршысында жаткан
катеттин гипотенузага болгон
катышы ал бурчтун синусу деп
аталат
Аныктама : Тик бурчтуу үч бурчтуктун
тар бурчунун каршысындагы
катеттин жанаша жаткан катетке
болгон катышы ал бурчтун тангенси
деп аталат
Кээде бурчунун котангенсин (латын сөзү,тангенсти
толуктоочу дегенди түшүндүрөт) аныктоочу
катышты да колдонушат.
тар бурчтун тригонометриялык
функциялары дейбиз
Косинус -Латын сөзү, «Синусту толуктагыч» же
«синус менен бирге» деген мааниде.
Синус - «ийрилик,ийүү» деген маанини
аныктайт.
Тангенс - «жанышуучу» деген маанини
аныктайт.