СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тест. Физика 10-класс

Категория: Физика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тест. Физика 10-класс»

Тест. Физика предмети.



Мектептин аталышы_________________________________________________________



Окуучунун аты жөнү _________________________________



Классы ___________________

1. Суу куюлган идиште муздун сыныгы сүзүп жүрөт. Муз эрип кеткен соң, суунун денгээли....

а) өзгөрбөйт б) көтөрүлөт

в) төмөндөйт г) башында көтөрүлөт, анан төмөндөйт

2. Массасы 60 кг бала лыжачан турат. Ар бир лыжанын узундугу 1,5 м, туурасы 10 см. Баланын карга жасаган басымы кандай? Жообун кПа менен бергиле.

а) 1 б) 2 в) 6 г) 40 д) 60

3. Басым Па менен ченелет. 1 Па - бул...

а) 1 Па = 1 Н-1 м2 б) 1 Па = 1 Н-1 м в) 1 Па = 1 Н/1 м

г) 1 Па = 1 Н/1 м2 д) 1 Па = 1 НЧ м2

4. Төмөнку процесстердин кайсынысы механикалык кыймыл эмес?

а) Нерсенин өз огунун айланасында айланышы.

б) Нерсенин Күнгө салыштырмалуу тынч абалда болушу.

в) Аныктамаларды механикалык жаттоо процесси.

г) Идиштеги суунун агып чыгуу процесси.

д) Адамдын басуу процесси.

5. Төмөнкү каралып жаткан нерселердин кайсынысы материалдык чекит болот?

а) Күндүн айланасында орбита боюнча айланып жаткан Жер.

б) Өз огунун айланасында айланган Жер.

в) Өз огунун айланасында айланган молекула.

г) Ядронун бөлүнүшү учурундагы атом.

д) Бууга айлануу учурундагы суюктук.

6. Төмөндө келтирилген мисалдардын кайсынысында которулуштун чоцдугу ченелген?

а) Штурман, корабль бир күндө жалаң түштүк багытта 100 км ге (жылганын) которулганын аныктаган.

б) Футболист бир матч учурунда 15 км аралыкка чуркары ченелген.

в) Спортсмен стадионду 4 айланып чуркаган. Бир айланганы 400 м. Демек ал 1600 м аралыкка чуркаган.

г) Айдаардын алдында автомобилдин спидометри 1000 км ди көрсөткөн. Айдап токтогондо 9000 км ди көрсөткөн. Демек автомобиль 8000 км аралыкты өткөн.

д) Адам баласы емурунде орто эсеп менен 40000 км аралыкты етееру аныкталган.

7. Велосипедист эңкейиште 0,3 м/с ылдамдануу менен жүрөт. Эгер велосипеддин баштапкы ылдамдыгы 4 м/с га барабар болсо, анда 20 с өткөндөн кийин ал кандай ылдамдыкка ээ болот?

а) 20 м/с б) 10 м/с в) 5 м/с г) 15 м/с д)12 м/с

8. Инерциялдык эсептее системасы деп эмнени айтабыз?

а) Турактуу ылдамдыкта инерция менен айлана боюнча кыймылдаган эсептөө системасын.

б) Нерсеге сырттан күч аракет этпесе же алардын таасири өз ара компенсацияланышса нерсе ага салыштырмалуу тынч абалын же түзсызыктуу бир калыпта кыймылын сактай ала турган эсептөө системасын

в) Нерсеге сырттан аракет эткен таасир жок болсо же алар компенсацияланса, нерсе ага салыштырмалуу багыты жана чоцдугу боюнча турактуу ылдамдануу менен кыймылда болгон эсептөө системасын.

г) Парабола боюнча кыймылда болгон эсептөө системасын.

д) Жылма ийри сызык боюнча кыймылдаган эсептөө системасын.

9. Нерсенин массасы анын ... мүнөздөйт.

а) инерттүүлүгүн б) чоңдугун в) көлөмүн г) зарядын д) температурасын

10. Ньютондун экинчи закону кандай түшүнүктү аныктайт?

а) Нерсеге аракет кылган күч ылдамдыктан гана көз каранды.

б) Нерсеге аракет кылган күч массаны ылдамданууга бөлгөнгө барабар.

в) Нерсеге аракет кылган күч, ылдамданууну нерсенин массасына бөлгөнгө барабар.

г) Нерсеге аракет кылган күч, нерсенин массасын ошол күч берген ылдамданууга көбөйткөнгө барабар.

д) Нерсеге аракет кылган күч, нерсенин массасы менен ылдамдануусунун суммасына барабар.

11. 1 Н кучтун таасири астында массасы 1 г нерсе кыймылга келет.

Нерсенин ылдамдануусу эмнеге барабар.

а) 103 м/с2 б) 102 м/с2 в) 10 м/с2

г) 10-1 м/с2 д) 10-3 м/с2

12. Оң элементардык заряд ... таандык.

а) электронго б) а -бөлүкчөсүнө

в) протонго г) позитронго

13. Адиабаттык процесс деп ... процесс аталат.

а) турактуу температурадагы б) турактуу басымдагы

в) турактуу көлөмдөгү

г) сырткы чөйрө менен жылуулук алмашпаган системада жүрүүчү






14. Электростанциялардан алынуучу энергия кВт саат менен ченелет.
1 кВтсаат =

а) 1кВтсаат = 1 Дж б) 1кВтсаат = 1 кДж

в) 1кВтсаат = 3,6 МДж г) 1кВтсаат = 3600 Дж





15. Металлдардагы электр тогу бул ... иреттелген кыймылы.

а) протондордун б) “+” жана иондордун

в) электрондордун г) позитрондордун







16. Карусель станогунун платформасынын айлануу мезгили 4 с. Айлануу огунан 2 м аралыктагы платформанын четки чекиттеринин ылдамдыгын тапкыла.

а) 31,4 м/с б) 3,14 м/с в) 3,54 м/с

г) 0,314 м/с д) 3,44 м/с

17. 3 м/с ылдамдык менен кыймылдаган, массасы 2 кг болгон нерсенин кинетикалык энергиясы ... барабар.

а) 3 Дж б) 6 Дж в) 9 Джг) 18 Дж д) 12 Дж

18. Архимед закону ...

19. Паскаль закону ...



20. 840 г азот газы изобаралык түрдө 1000С ге ысыганда кандай жумуш аткарат? Азоттун молдук массасы 0,028 кг/моль. Жообун кДж менен бергиле.

а) 8,31 б) 16,62 в) 24,93 г) 33,24 д) 41,55

21. Серпилгич күчүнүн формуласын жаз …

22. Ньютондун 2-законунун формуласын жаз …

23.Ток күчү кайсы тамга менен белгиленет?

24. Омдун законун жаз…

25. Кубаттулуктун бирдигин жаз …









Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!