СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тест 150 суроо.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тест 150 суроо.»

  1. Текст бул...

а) стилдик жактан бирдиктүү, логикалык жактан бүтүн, сүйлөмдөрдүн топтому;

б) тематикалык жактан бирдиктүү сүйлөмдөрдүн тобу;

в) тематикалык, стилдик жактан биримдикте болгон, логикалык жактан бир бүтүн сүйлөмдөрдүн топтому;

г) сүйлөмдөрдүн топтолушу

2. Тексттин көлөмү:

а) болбойт; б) бир абзац;

в) чексиз, кээде бир сүйлөмдөн да болуусу мүмкүн в) бир бет

3 Текстти белгиле:

а) Түн, Ай жарык .

б) 1941-жыл. 22-июнь

в) Биз колледжден келдик. Автобус аялдамага токтоду.

г) Эр жигит – эл четинде, жоо бетинде.

4. Тексттин түзүлүшүнүн мүнөздөмөсү:

а) башталышы, негизги бөлүгү, аягы; б) микротемалар;

в) башталышы, аягы; г) жөнөкөй жана татаал план

5. Тексттин бөлүктөрүнүн аталышы:

а) абзац, тема, идея; б) тексттин планы, аты, темасы;

в) ойдун башталышы, өнүгүшү, аякташы; г) микротема, аты, темасы

6. Тексттеги ойдун башталышына мисал::

а) Эртеси Бекташ шаарга жөнөдү

б) Сен мунун эмнесине түшүнбөй турасың?

в) Ошол күнү таң азанда Асанкул телефон чалды.

г) Илгери-илгери бир абышка-кемпир болуптур.

7. Тексттеги ойдун өнүгүшү ... байланыштуу болот.

а) тексттеги ойдун, окуянын чиеленишине; б) окуянын улануусуна;

в) каармандарынын көбөйүшүнө; г) жаңы абзац болгонуна

8. Ошентип, үч бир тууган жыргап-куунап жашап калышыптыр. Тексттин бөлүгү:

а) ойдун өнүгүшү; б) ойдун башталышы;

в) ойдун жыйынтыкталышы; г) тесттин планы

9. Тексттин темасы деген ...

а) тексттин жалпыланган мазмуну; б) анын аты;

в) анын аты, идеясы, жалпыланган проблемасы; г) идеясы

10. Текттеги ой ... жараша болот.

а) стилине; б) темасына;

в) планына; г) атына

11. Тексттин тарбиялык мааниси ... жараша болот.

а) образдарга; б) темасына;

в) идеялык мазмунуна; г) атына

12. Тексттеги ойду ... аныктайт.

а) темасы, коюлган проблемасы б) планы;

в) түзүлүшү; г) аталышы

13. Атайылап аты аталбаган текст ...

а) макал-лакаптарда болот; б) аңгемелерде болот;

в) сүйлөм түзгөндө болот; г) болбойт

14. Тексттин планы ... болуусу мүмкүн.

а) жөнөкөй; б) жөнөкөй жана татаал;

в) ар түрдүү; г) текстке план түзүлбөйт

15. Тексттеги абзац деп ... аталат.

а) тексттеги жаңы сүйлөмдөр; б) жаңы ойдун башталышы;

в) чекит белгисинен кийин башталган сүйлөм; г) тексттин планы

16. Тексттеги микротема деген ...

а) тексттин жалпы мазмунунун чакан бир бөлүгү; б) абзацтары;

в) тексттин майда бөлүктөрү; г) жалпы темасы

17. Тексттеги абзац ... жараша болот.

а) мазмунуна; в) идеясына;

в) планга; -1- г) микротемаларга

18. Абзац белгиси коюлбаган тексттер:

а) абзац белгиси коюлбаган текст болбойт; б) бардык тексттерде коюлат;

в) ыр түрүндөгү; г) иш кагаздарында

19. Тексттеги сүйлөмдөрдүн байланышы:

а) уланма, темалар аралык байланыш; б) синтаксистик байланыш;

в) жарыш, уланма, темалар арлык байланыш; г) маанилик байланыш;

20. Тексттеги сүйлөмдөрдүн өз ара байланыш жолдору:

а) 5; б) 2; в) 4; г) 3

21. Эң кичинекей текст:

а) бир абзац; б) 10 сап ыр;

в) табышмак, макал-лакаптар; г) микротема

22. Табышмак, макал-лакап накыл кеп текст ...

а) төл жана бөтөн сөздөрдө болот; б) болот;

в) өз сөзүбүз менен улантып жазсак болуусу мүмкүн; г) болбойт

23. Тексттеги сөздөрдүн кайталанышы ...

а) кезектешүү жана ыңгайлашуу; б) карым-катнаш;

в) орундуу жана орунсуз кайталоо; г) ээрчишүү

24. Сөздөрдүн орундуу кайталанышы көп кездешкен жерлери:

а) жомоктордо; б) табышмактарда;

в) ыр түрүндөгү чыгармаларда; г) илимий чыгармаларда

25. Тексттеги сөздөрдүн орундуу кайталанышынын себеби:

а) логикага жараша, мазмунду тереңдетүү максатында зарыл сөз каражатын кайталап баса айтуу;

б) керек болгон учурда сөздөрдү кайталап айтуу;

в) көркөм болушу үчүн сөздөрдү кайталап айтуу;

г) темага жараша айрым сөздөрдү кайталап баса айтуу

26. Орунсуз кайталоого мисал:

а) Шибердин көркү мал менен,

Жылкынын көркү жал менен.

б) Мен бүгүн эртең менен эрте турдум. Мен бүгүн сабакка эрте келдим.

в) Күндөн-күндөн күн өтүп,

Күн мезгили келиптир.

г) Мен бир ыр жаздым. Ал ырды эч кимге көрсөтө элекмин.

27. Кептин формалары:

а) көркөм, публицистикалык, оозеки, жазуу; б) сүйлөшүү жана жазуу;

в) баяндоо, ой жүгүртүү, сүрөттөө; г) орундуу, орунсуз

28. Кептин түрлөрү:

а) көркөм, публицистикалык, оозеки, жазуу; б) сүйлөшүү жана жазуу;

в) баяндоо, ой жүгүртүү, сүрөттөө; г) орундуу, орунсуз

29. Кептин стили ...

а) белгилүү максатка ылайык оозеки же жазма формада тилдин колдонуш өзгөчөлүгү;

б) тилдин колдонуш өзгөчөлүгү;

в) көркөм жана илимий адабияттардын тили;

г) сөз каражаттары ар түрдүү болгон стилдер

30. Кептин функционалдык стилдеринин бөлүнүшү:

а) 2; б) 3;

в) 4; г) 5

31. Кептин оозеки стилине толук мүнөздүү белгилер:

а) сөз каражаттарынын түрдүү болушу;

б) диалектизмдердин болушу;

в) сөз каражаттарынын, интонация, мимика жана жестти эркин колдонуу;

г) синонимдердин, диалектизмдердин көп болушу

32. Көркөм стиль менен илимий стилди жакындаштырган белгилер:

а) ой жүгүртүүнүн күчтүүлүгү; б) маалыматтардын тактыгы;

в) баяндоолордун жыштыгы; г) автордун фантазиясы

33. Оозеки кептин өзгөчөлүгү ...

а) турмуш-тиричиликке байланыштуу сөздөр колдонулгандыгында, диалектилик сөздөрдүн эркин болушу;

б) сүйлөм түзүлүшү, сөз курамы болуп, жандоо, мимика, интонация, кептин көбүнчө диалог формасынын колдонулушу;

в) ар кандай терминдер эркин колдонулуп, диалектилердин, диалогдун колдонулшу;

г) сүйлөшүүүн диалог формасында болушу

34. Мимика, жандоо, сырдык сөздөр өзгөчө каражаты болуп эсептелген стиль:

а) көркөм стилден алынган каармандардын сөзү; б) сүйлөшүү стили;

в) илимий стилден башка бардык стилдер; в) публицистикалык

35. Расмий иш кагаздарына мүнөздүү белгилер:

а) мекемелер менен мекемелерди, мекеме менен адамдарды тейлөө үчүн кызмат аткарышы;

б) жалпы мамлекеттик деңгээлдеги, коомдук мааниси бар, өкмөт тарабынан кабыл алынган документтер;

в) жеке адамдар арасында колдонулушу;

г) жеке адамдар менен эмгек коллективдеринде колдонулушу

36. Иш кагаздарына мүнөздүү белгилер:

а) ой жүгүртүүнүн күчтүүлүгү; б) көркөмдүүлүк;

в) тактык; г) эмоционалдуулук

37. Мыйзам, Программа, кулактандыруу, Устав, токтом, акт, чакыруу кат: Иш кагазынын түрү:

а) официалдуу жана расмий иш кагаздары;

б) расмий иш кагаздары;

в) расмий жана расмий эмес иш кагазыдары;

г) илимий стиль катышкан расмий и кагаздары

38. Жогорудагыларды угуп жана талкуулап, тайпалык жыйналыш токтом кылат. Алды сызылган сөздөрдөгү сүйлөмгө мүнөздүү стиль:

а) көркөм чыгармалардан алынган илимий стиль; б) иш кагаздар стили;

в) расмий жана расмий эмес иш кагаздары; г) публицистикалык стиль

39. Кыргыз мамлекеттик университетин Кыргыз мамлекеттик улуттук университетине кайрадан уюштуруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы. Сүйлөм кайсы иш кагазынын түрү:

а) официалдуу эмес иш кагазы; б) өкмөттүк документ;

в) расмий жана расмий эмес иш кагазы; г) расмий иш кагаз

40. Расмий эмес иш кагазына тиешелүү болгон мисал:

а) КРнын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны токтом кылат;

б) Жарыш сөзгө төмөнкүлөр чыгып сүйлөштү;

в) Сабактан качып кеткендиги тууралуу түшүнүк кат;

г) Үйдөн өзүңөрдүн өмүр баяныңарды жазып келгиле.

41. Цитата көбүнчө мүнөздүү болгон стилдин түрү:

а) көркөм стиль ; б) илимий стиль;

в) иш кагаздар; г) оозеки-сүйлөшүү

42. Фонетика ... изилдейт.

а) тилдин тыбыштык түзүлүшүн жана анын өзгөчөлүктөрүн;

б) сөздөрдүн өзгөрүш жана жасалыш жолдорун, сөз түркүмдөрүн;

в) туура сүйлөө, сөздөрдү туура айтууну;

г) тыбыштарды тамгалар боюнча туура жазууну

43. Фонетика деген сөз кабыл алынган тил:

а) орус; б) латын; в) англис; г) грек

44. Тыбыш, алардын бөлүнүшү, басым, муун, үндөштүк жөүндөгү илимдин булагынын тил илиминде аталышы:

а) морфология; б) грамматика; в) фонетика; г) орфография

45. Сүйлөө органдары:

а) тил, кичине тил, таңдай, үн түйүндөрү, ооз көңдөйү, тиш; б) тил, тиш, мурун, көз;

в) алкым, мурун көңдөйү, эриндер, кулак; г) кекиртек, эрин, жүрөк, өпкө

46. Үндүн тоскоолдукка учурап, же учурабай айтылуусуна карата тыбыштардын бөлүнүшү:

а) жумшак, созулма; б) үндүү, үнсүз;

в) каткалаң, жумшак; г) созулма, кыска

47. Үндүү жана үнсүз тыбыштардын айтылышындагы негизги айырма:

а) үндүн созулуп жана кыска айтылышы;

б) өпкөдөн чыккан аба ооз көңдөйүндө тоскоолдукка учураса;

в) үн менен шыбыштын катышына;

г) абанын ооз көңдөйүнөн эркин же тоскоолдукка учурап чыгышы

48. Кыргыз тилиндеги тыбыштардын саны

а) 39; б) 36; в) 35; г) 14

49. Тыбыш ...

а) тамгаларды белгилөө үчүн алынган шарттуу белги;

б) сөздөрдү айтканда кулакка угулган айрым-айрым үндөр;

в) үндүн созулуп жана тыбыш менен айтылышы;

г) үндүн белгилүү өлчөмдө созулуп айтылыш

50. Тыбыштын пайда болуш негизи ...

а) сүйлөө органдарынын катышы менен; б) үндүн негизинде;

в) тамгадан, сөздөн; г) сүйлөөдөн, шыбыштан

51. Сөздөр ... түзүлөт.

а) тамгалардан; б) сүйлөмдөрдөн;

в) тыбыштардан; г) тыбыш жана тамгадан

52. Кыргыз тилиндеги үндүү тыбыштардын саны:

а) 12; б) 14; в) 8; г) 6

53. Тыбыш менен тамганын саны дал келбеген сөз:

а) боёк; б) тор; в) жый; г) кой

54. «Жыштык» деген сөздөгү үндүү, үнсүз тыбыштардын саны:

а) 2 үндүү, 4 үнсүз; б) 3 үндүү, 4 үнсүз;

в) 1 үндүү, 5 үнсүз; г) 4 үндүү, 2 үнсүз

55. Тамга ...

а) белгилердин ирет-ирети менен түзүлгөн жыйындысы:

б) үн катышпаган тыбыштарды жазууда көрсөтүү үчүн алынган белгилер;

в) тыбыштарды белгилөө үчүн алынган шарттуу белги;

г) сөздөрдү айтканда кулакка угулган айрым-айрым үндөр

56. Тыбышты жазуу үчүн колдонулган шарттуу белги:

а) тамга; б) сөз; в) сүйлөм; г) сүрөт

57. Кыргыз тилиндеги тамганын саны:

а) 39; б) 25; в) 36; г) 32

58. Баш тамга менен жазылган сөздөр;

а) сүйлөмдүн биринчи гана сөзү;

б) басма тамгалар;

в) жазма тамгалар;

г) сүйлөмдүн биринчи сөзү, энчилүү зат атоочтор, ыр саптарынын башталышы

59. Баш тамгасы жок тамгалар:

а) ю, я; б) х, ц; в) ц, ф; г) ң, ъ, ь

60. Өпкөдөн чыккан абанын агымы тыбыш жасаачу органдарыбыздын тигил же бул жеринде тоскоолдукка учурап чыгышынан пайда болгон тыбыштар:

а) үнсүз тыбыштар; б) үндүү тыбыштар;

в) йоттошкон тамгалар; г) ъ, ь белгилери

61. Кыргыз тилиндеги үндүү тыбыштардын саны:

а) 8; б) 14; в) 6; г) 25

62. Кыргыз тилиндеги үнсүз тыбыштардын саны:

а) 14; б) 8; в) 25; г) 6

63. Өпкөдөн чыккан аба ооз көңдөйүндө эч кандай тоскоолдукк учурабай эркин чыгышынан пайда болгон тыбыштар:

а) е, ё, ю, я, и, й; б) б, в, г, д, ж, з;

в) а, и, о, ө, у, ү, ы, э, аа, оо, өө, уу, үү, ээ; г) м, , л, н, ң, й, т, ж

64. Кыргыз алфавитиндеги эки тыбышты билдирген тамгалар:

а) ж, ң, к, г; б) е, ё, ю, я;

в) е, ё, ю, я, аа, оо, өө, уу, үү, ээ; г) аа, оо, өө, уу, үү, ээ

65. М тамгасынын алфавиттеги катар ордунун саны:

а) 14; б) 12; в) 15; г) 17

66. Түш оой короого кой келди. Алды сызылган сөздөгү тамга менен тыбыштын саны:

а) 3 тамга, 3 тыбыш; б) 3 тамга, 2 тыбыш;

в) 2 тамга, 3 тыбыш; г) 2 тамга, 2 тыбыш

67. Үндөшүү мыйзамы ...

а) үндүүлөрдүн жана үнсүздөрдүн алга, артка карай өзгөрүүсү;

б) үндүү тыбыштардын окшошуусу жана окшошпоосу;

в) үндүүлөрдүн тилдин, эриндин катышына карай ээрчишип окшошуусу;

г) үндүү тыбыштардын бөлүнүп айтылышы

68. Үндөшүү мыйзамы бузулган сөздөр:

а) тоолордо, үйдөгүлөр; б) китептер, окуучулар;

в) республика, мамлекет; г) комуз, мектеп

69. Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат. Макалдагы үндөштүк мыйзамдын сакталышы:

а) үндөштүк мыйзамы бузулду; б) тил күүсү сакталды;

в) тил жана эрин күүсү сакталды; г) эрин күүсү сакталды;

70. Адабий тилдин нормасын сактап, сөздөрдү туура жазуу үчүн иштелип чыккан эрежелердин жалпы системасы:

а) орфография; б) орфоэпия;

в) графика; г) фонографика

71. Орфография адабий тилдин ... формасына мүнөздүү түшүнүк:

а) диалектилик; б) поэтикалык;

в) оозеки; г) жазуу

72. Орфография ...

а) адабий тилдин нормасында туура жазуу;

б) адабий тилдин нормасында туура сүйлөө;

в) адабий тилдин нормасында туура сүйлөө жана туура жазуу;

г) диалектилик сөздөдү туура сүйлөө

73. Орфографиялык сөздүктүн автору:

а) К. К. Юдахин; б) Ш. Шүкүров;

в) К. Х. Карасаев; г) Ж. М. Мукамбаев

74. Айтылышы менен жазылышы бирдей боло бербеген сөздөрдүн туура айтылышына ылайык келген эреже:

а) орфография б) орфоэпия

б) морфология г) фонетика

75. Орфоэпия бул – ...

а) адабий тилдин нормасында туура жазуу жана туура сүйлөө;

б) адабий тилдин нормасынада туура жазуу;

в) адабий тилдин нормасында туура сүйлөө;

г) башка тилдерден кирген тилдерди туура сүйлөө

76. Лесика – бул ...

а) белгилүү бир элдин калыптанган тили;

б) белгилүү бир түшүнүктүн атын атоо;

в) бир тилдеги сөздөрдүн бардык жыйыдысы;

г) тил илиминин, тилдин сөздүк курамынын азыркы абалын, жана анын тарыхый өсүш өзгөчөлүктөрүн изилдөөчү бир бөлүм

77. Лексикология – бул ...

а) бир тилдеги сөздөрдүн бардыгы биригип келип, ошол тилдин сөздүк курамын тузүшү;

б) сөздүк курамдын азыркы абалын, пайда болушун жана өнүгүшүн изилдөөчү тил илиминин бир бөлүгү;

в) бир тилдеги сөздөрдү алфавит тартибинде же башка бир өзгөчөлүгүнө ылайык системалаштыруу;

г) сөздүктөрдү түзүүнүн теориясын, практикасын үйрөтүүчү тил илими

78. Лексиколог ...

а) тил илими боюнча адис-окумуштуу;

б) бир нече тилди билүүчү адам;

в) сөздүк түзүүчү адис-тилчи;

г) тилдеги сөздөрдүн лексика-семантикалык өзгөчөлүктөрүн изилдөөчү окумуштуу, адис-тилчи

79. Сөздүн лексикалык мааниси:

а) ар бир сөздүн өз алдынча тургандагы керт башына тиешелүү болгон, аны башка сөздөрдөн айырмалап турган негизги мааниси;

б) сөздөрдүн грамматикалык өзгөчөлүктөрүн аныктоого мүмкүнчүлүк берет;

в) бир эле сөздүн бир нече мааниге ээ болушу;

г) сөздөрдүн контексттин ичинде ар башка түшүнүктө колдонулушу

80. Сөздөр бири-биринен ... айырмаланат.

а) жасалышы; б) колдонулушу;

в) жазылышы; г) лексикалык мааниси

81. Лексикалык маанини билдирбеген сөздөр:

а) үй, китеп, эмгек, кызыл; б) жана, гана, өтө, сайын;

в) келди, иштеди, окуду, барды; г) окуучу, менен, космонавт, сымак

82. Сөздүн грамматикалык мааниси деген ...

а) сөздүн өзүнө тиешелүү жеке мааниси;

б) сүйлөм ичинде грамматикалык жактан аткарган милдетине карата алган мааниси;

в) сөздөрдүн сүйлөм ичинде жана айкындооч мүчөнүн милдетин аткарышы;

г) сөздөрдүн сүйлөм ичинде грамматикалык жактан мүчө боло албастыгы,

83. Кыргыз тилинин лексикалык курамы:

а) жөнөкөй сөздөр, татаал сөздөр, неологизм, архаизм;

б) кош сөздөр, кошмок сөздөр, бириккен сөздөр;

в) неологизм, историзм, диалектизм, архаизм, кесиптик сөздөр, терминдер;

г) терминдер, кыскартылган сөздөр, жөнөкөй сөздөр, татаал сөздөр

84. Лексикалык талдоо:

а) тыбыш жана тамга боюнча талдоо;

б) сөздүн жеке маанилерине карата жүргүзүлгөн талдоо;

в) сүйлөм мүчөлөрү боюнча талдоо;

г) жалпы, толук талдоо

85. Китеп, китепкана деген сөздөргө лексикалык талдоо жүргүзүү:

а) китеп – зат атооч, жалпы, конкреттүү, жөнөкөй, жекелик сан, китепкана – зат атооч, жалпы, конкреттүү, жөнөкөй, жекелик сан;

б) китеп – ээ, китепкана – ээ;

в) китеп – билим алуу үчүн пайдалана турган окуу куралы, китепкана – окурмандар барып китеп окуй турган, китептер сакталган жай;

г) китеп – уңгу түрүндө, зат атооч жөндөмөдө, III жак, китепкана – уңгусу китеп, -кана – зат атоочтон зат атооч жасоочу мүчө

86. Семасиология изилдеген тилдин тармагы:

а) тилдеги сөздрдүн маанисин, ал маанилердин өзгөрүүлөрүн изилдеген тармак;

б) тил илиминин бирдей маанилүү сөздөрдү изилдөөчү тармагы;

в) омонимдерди изилдөөчү бөлүм;

г) сөздөрдүн түпкү тегин изилдөөчү тармак

87. «Семантика» деген терминдин мааниси:

а) тил илими; б) сөздүн түпкү теги;

в) сөздөрдүн мааниси; г) адабий жазма тилди изилдөөчү илим

88. Бир тилдеги энчилүү аттардын системасын үйрөтүүчү илим тармагы:

а) антропонимдер; б) топонимика;

в) филология; г) ономастика

89. Сөздүн өтмө маанисинин пайда болушу:

а) сөздүн тике мааниси сөздүн башка маанисине өтүүсүнөн келип чыгат;

б) синоним сөздөрдөн келип чыгат;

в) көп маанилүү сөздөрдөн келип чыгат;

г) сөздөрдүн айкашынан келип чыгат

90. Өтмө мааниде турган туюнтмалар:

а) коомдук мамиле, өзүн-өзү башкаруу, эл аралыккызматташтык, демократиялуу коом;

б) түндүк көтөрүү, ак тинте, торко, саадак, жүк көрүү;

в) таеке, өзөк жалгоо, жалгыз аяк жол;

г) алтын медаль, булактын көзү, булбул Током

91. «Арстан» деген сөз өтмө мааниде колдонулган сүйлөм:

а) Арстан катуу качырат, жумшак алат;

б) Арстан алганына кубанбай, чалганына кубанат;

в) Арстан Манас, баатырың качырып кирди дейт.

г) Арстан күркүрөп качырды.

92. Сөздөрдүн өтмө маанилери:

а) күмүш сөйкө; б) кагаз баштык;

в) карагат кыям; г) алтын балалык

93. «Карагат» деген сөздүн өтмө мааниси:

а) бир түп карагат; б) карагаттын вареньеси;

в) карагат көз; г) карагаттын көчөтү

94. Көп маанилүү сөздөр:

а) тыбыштык курамы ар башка, бирок бир эле түшүнүктү билдирүүчү маанилеш сөздөр;

б) тыбыштык түзүлүшү бирдей, бирок мааниси ар башка сөздөр;

в) бир эле сөздүн бир нече мааниге ээ болушу;

г) бир сөз түркүмүндөгү карама-каршы мааниде колдонулуучу, бирокбири-биринесалыштырмалуу маанидеги сөздөр

95. Көп маанилүү сөздөрдүн пайда болушу:

а) антоним менен;

б) өтмө маани аркылуу;

в) синоним менен;

г) коомдун өнүгүшүнө байланыштуусөздүн маанисинин кеңейиши менен

96. Көп маанилүү сөздөр менен омонимдердин айырмасы:

а) бул сөздөр билдирген мааниси боюнча айырмаланбайт, айтылышы боюнча айырмаланат;

б) тыбыштык түзүлүшү ар башка, бирокмаанилеринин бирдейлиги боюнча айырмаланат;

в) көп маанилүү сөздөр менен омонимдердин бири-биринен айырмасы жок;

г) маанилери өз ара байланышпаган (белгилүү жалпылыкка бирикпеген), эгер байланышса, ар башка сөз түркүмүнө кирген сөздөр омоним болот, демек айырмасы бар

97. Сөздүн полисемия жана моносемия деген маанилери:

а) карама-каршы маанилери; б) жеке жана көп маанилүүлүгү;

в) тыбыштык түзүлүшү жана мааниси; г) өтмө жана көп маанилүүлүгү

98. Көп маанилүү сөздөр ...

а) көп сөздөрдүн бир мааниде колдонулушу; б) бир сөздүн көп маани бериши;

в) адабий жана диалектилик сөздөр; г) бир эле сөздүн бир канча формалары

99. Көп мааниге ээ болгон сөздөр:

а) үй, уч, кара, жай, тамак, эт; б) кебете, келбет, бат, ылдам;

в) баш, мүчө, ак, көз, борбор; г) балык, обон, көчө, буудай, абайла

100. Бир маанилүү сөздөр:

а) акыл, тоо, китеп; б) көз, кыш, баш;

в) машина, жаз, борбор; г) күн, ак, суу

101. Синонимдер деп ... аталат.

а) айтылышы, тыбыштык түзүлүшү ар башка болуп, мааниси бири-бирине өтө жакын сөздөр;

б) бир сөздүн көп мааниде колдонулушу;

в) айтылышы, жазылышы бирдей, мааниси ар башка болгон сөздөр;

г) бир тилдеги, бирдей маанилүү сөздөрдү изилдөөчү тармагы

102. Синоним сөздөрдүн айтылышы ..., мааниси ... болот.

а) ар башка, жакын; б) ар башка, да ар башка;

в) бирдей, да бирдей; г) окшош, башка

103. Күн бешимге таянып калган мезгил эле. Сүйлөмдөгү «мезгил» деген сөздүн синонимдик катарлары:

а) жаз, жай, күз, кыш; б) учур, убак, кез, маал;

в) кеч, күүгүм, түштөн кийин, кечирээк; г) бүгүн, эртең, бүрсүгүнү, түш, күн, түн

104. Мыкты – жакшы, жылдыздуу – сулуу. Синоним сөздөрдүн маанисине жараша мүнөздөмөсү:

а) тактоочтук синонимдер; б) этиштик синонимдер;

в) сын атоочтук синонимдер; г) синонимдик катар

105. Омонимдер ... деп аталат.

а) мааниси боюнча бири-бирине карама-каршы сөздөр;

б) тыбыштык түзүлүшү ар башка, бирок маанилери бири-бирине жакын сөздөр;

в) бир эле сөздүн ар түрдүү мааниде колдонулушу;

г) жазылышы бирдей, мааниси ар башка сөздөр

106. Айтылышы боюнча окшош, бирок мааниси жана жазылышы боюнча айырмаланган сөздөр:

а) омограф; б) омоформа;

в) омофон; г) омоним

107. Омоним сөздөр:

а) жаз, көз, кыш, жалкоо; б) отун, кирпич, нан;

в) жай, күл, сыр, ат, карта; г) чөп, гүл, сабак, сагызган

108. Омограф сөздөр:

а) жең-жең, көк-көк, жеңил-жеңил;

б) балл-бал, билет-билет, тушь-тушь;

в) атлас-атлас, ток-ток, бак-бак, карта-карта;

г) жер-планета, жер-орун, жер-топурак

109. Антонимдер ...

а) тыбыштык курамы ар башка, бирок бир эле түшүнүктү билдирүүчү сөздөр;

б) бир сөз түркүмүндөгү карама-каршы мааниде колдонулуучу, бирок бири-бирине салыштырмалуу маанидеги сөздөр;

в) тыбыштык түзүлүшү бирдей, бирок мааниси ар башка сөздөр;

г) курамы жагынан эки же андан да көп компоненттерден турган сөздөр

110. Антонимдик мааниде турган мүчөлөр:

а) –лык, -ба; б) –чы, -поз, -кер;

в) –ча, -дай, -лап; г) –луу, -сыз

111. Сүйлөмдөрдөгү антонимдер:

а) Аялдар – биздин коомдо чоң күч.

б) Түн бою кирпик какпайтаң атырды.

в) Качыке өзүнүн айыптуу экенин сезип, Батийнаны көргөндө башы жерге кирди.

г) Жакшы болсоң жатык бол, улук болсоң кичик бол.

112. Антоним сөздөр:

а) бакыт-таалай, дары-дармек, отун-суу, кыз-кыркын;

б) жакшы-жаман, ак-кара, асман-жер, өйдө-төмөн;

в) ата, аба, эже-сиңди, жеңе;

г) жүз-жүз, кат-кат, жаз-жаз, тарт-тарт

113. Историзмдер деп ... түшүнөбүз.

а) белгилүү тарыхый доордо кеңири колдонулуп, кийин ал касиетинен ажырап, ошол мезгилге тиешелүү окуяны баяндаган чыгармаларда гана учуроочу сөздөрдү;

б) азыркы мезгилдеги нерселердин, көрүнүштөрдүн жана башкалардын мурунку аталышын (же алардын колдонуудан чыгып калган фонетикалык түзүлүшүн, маанисин);

в) кандайдыр бир ишенимдин натйжасында айрым түшүнүктөрдү өз аты менен атабай, анын ордуна башка сөздөр менен атоону;

г) тарыхый доорго байланыштуу жаңы кирген сөздөрдү

114. Колдонуудан чыгып, эскирген сөздөр:

а) диалектилик сөздөр; б) говорлор жана жаргон сөздөр;

в) неологизмдер; г) историзмдер, архаизмдер

115. Эскирип, колдонуудан чыгып калган сөздөр, пассивдүү сөз катмары:

а) архаизм; б) неологизм;

в) жаргон сөздөр; г) лексика

116. «Болуш, бий, датка, бек, хан, миң башы, жүз башы, элүү башы, он башы, чоро» деген сөздөр:

а) архаизмдер; б) тарыхый сөздөр;

в) синонимдер; г) кесип сөздөрү

117. Архаизм колдонулган сүйлөм:

а) Саргара жортсоң – кызара бөртөсүң.

б) Кызыл кырман башында күн-түн болом.

в) Уулуң өсөрдө уулу жакшы менен коңшу бол, кызың өсөрдө кызы жакшы менен коңшу бол.

г) Бир дубан элге даңкы чыккан киши эле.

118. Коомдо жаңы пайда болгон түшүнүктөрдүн атын атап берүү үчүн колдонулган термин:

а) архаизм; б) неологизм;

в) тарыхый сөздөр; г) жаргондор

119. Неологизмдердин пайда болуш жолдору:

а) которуу жолу менен;

б) көп маанилүү синоним сөздөр менен;

в) семантикалык жактан сөздүн жаңы маани алышы, тилге кирген жаңы сөз;

г) сөздөрдү кабыл алуу, которуу, диалектилик сөздөр менен.

120. Неологизм сөздөр:

а) телефон, комбайн, трактор, лопатка, кружка;

б) колхоз, совхоз, союз, СССР, лесхоз;

в) фристайл, дисплей, шейпинг, холдинг, дискет;

г) медикамент, космос, ракета, тушь, тюнель

121. Диалектология ... изилдейт.

а) неологизм сөздөрдүн келип чыгышын; б) эскирген сөздөр;

в) бир элдин тилинин жергиликтүү өзгөчөлүктөрүн; г) историзм сөздөрдү

122. Кыргыз тилиндеги диалектилердин бөлүнүшү:

а) Түндүк, Батыш, Чыгыш; б) Түштүк, Батыш;

в) Түштүк, Чыгыш; г) Түндүк, Түштүк

123. Диалектолог ...

а) тил илимине кызыккан адам;

б) бир элдин тилиндеги жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү изилдеп, жыйноочу, окумуштуу;

в) колдонуудан чыккан сөздөрдү изилдеген адамды;

г) кабыл алынган сөздөрдү изилдеген адам

124. Челек, тукум, мака, көш. Бул сөздөр таандык диалект:

а) түндүк диалекти; б) түштүк диалекти;

в) Ысык-Көл говору; г) Талас говору

125. Жаргон жана арго сөздөрү:

а) адабий тилдин нормасындагы сөздөр; б) кесиптик сөздөр;

в) адабий тилдин нормасына жатпаган сөздөр; г) терминдер

126. Ар кайсы кесипке байланыштуу сөздөр:

а) жаргондор; б) диалектилер;

в) арго сөздөр; г) кесиптик сөздөр

127. Термин деген сөздүн мааниси:

а) илимдин ар кайсы тармактары боюнча бир тилде колдонулган сөздөр;

б) бардык тилдерде бирдей мааниде колдонулган сөздөр;

в) белгилүү бир түшүнүктүн атын атоо үчүн алынып, көбүнчө бир мааниде колдонулуучу сөз же сөз тизмеги;

г) өз ара тектеш тилдерде мааниси бирдей сөздөр

128. Кыргыз тили илиминде грамматикалык терминдерди алгач киргизген тилчи:

а) К. Тыныстанов; б) К. К. Юдахин;

в) Х. Карасаев; г) Б. М. Юнусалиев

129. Фразеологизмдер ...

а) эркин сөз айкаштары, кепте даяр материал катары колдонулат;

б) мааниси боюнча өз ара ширелишип, баштапкы маанисинен алыстоо менен, ой-пикирди курч, элестүү образдуу берет;

в) мааниси боюнча ширелишип, синтаксистик жактан сүйлөмдүн ар башка милдетин аткарат;

г) бир сүйлөм менен ойду түшүндүрөт

130. Фразеологизмдердин түрлөрү:

а) 2; б) 3; в) 4; г) 5

131. Фразеологизмдердин негизги типтери:

а) фразеологиялык бирдиктер, фразеологиялык айкаштар;

б) фразеологиялык ширешмелер, фразеологиялык бирдиктер, фразеологиялык айкаштар;

в) фразеологиялык ширешмелер, фразеологиялык айкаштар;

г) идиомалар, фразеологиялык айкаштар;

132. Фразеологизмдер сыяктуу макал-лакаптар ээ болгон касиет:

а) кепте даяр материал катары болбойт;

б) курамынын туруктуулугу;

в) образдуулугу;

г) кепте даяр материал катары колдонулат, курамынын туруктуулугу, образдуулугу

133. Фразеологизмдерге курамдык жана маанилик жактан окшош болгон тилдик каражаттар:

а) татаал сөздөр; б) эркин сөз айкаштары;

в) табышмактар; г) макал-лакаптар

134. Фразеологизмдер өзү толук сүйлөм ...

а) айрым учурда боло алышат;

б) боло алышпайт, алар сүйлөмдүн курулуш материалы гана;

в) сүйлөм мүчөлөрү менен айкашканда болот;

г) кызматчы сөздөр менен биргеликте келсе болот

135. Фразеологизм сөздөрдүн башка тилге так которулушу ...

а) которулат, анын башка тилде эквиваленти болбойт;

б) которулбайт, анын башка тилде эквиваленти болот;

в) айрым учурларда гана болот;

г) өз алдынча турганда гана которулат

136. Көркөм адабиятта фразеологизмдердин колдонулуш максаты:

а) каармандардын портретин сыпаттоо максатында гана;

б) стилдик максатта колдонулат;

в) тексттин көкөмдүгүн арттыруу максатында;

г) окурмандын сөз байлыгын арттыруу максатында

137. Фразеологизмдерди кебинде орду менен колдонуп сүйлөгөн адам:

а) бабыр; б) сүйлөөк; в) чечен; г) кара жаак

138. «Кара жаак» деген сөздүн фразеологиялык мааниси:

а) чулдур; б) бабыр; в) чечен; г) жаагы кара

139. Фразеологизм колдонулган сүйлөм:

а) Илгери-илгери бир абышка-кемпир болгон экен.

б) Кара жерге кар жааса, карды көр да, этин көр.

в) Анын эки көзү төрт болуп турган чагы.

г) Сыр сандыгында сыры толтура.

140. «Кой оозунан чөп албаган» деген фразеологизмдин мааниси:

а) жүүнү бош адам; б) момун адам;

в) оозу тынбаган адам; г) мокок адам

141. Фразеологиздер:

а) чачын тароо; б) кесип алса кан чыкпаган;

в) бала-бакыра; г) жолборс жүрөк

142. Лексикография деген термин ...

а) бир тилдеги сөздөр чогултулуп, алфавит тартибине келтирилипчыгарылган китеп;

б) сөздүктөрдү түзүүнүн теориясын, практикасын үйрөтүүчү тил илими;

в) адамдын оюнун жана сөздөрүнүн кагаз бетине түшүрүлгөн материалдык белгилери;

г) тилдеги сөздөрдүн курамындагы тыбыштардын ар бирин айрым тамгалардын жардамы менен белгилөөгө негизделген жазуу системасы

143. Сөздүктүн түрлөрү:

а) терминалогиялык, котормо; б) түшүндүрмө, котормо;

в) тармактик, илимий; г) энциклопедиялык, лингвистикалык

144. Сөздүктөрдүн көлөмүнө карата бөлүнүшү:

а) чоң, кичи; б) аймактык, тармактык;

в) энциклопедиялык, лингвистикалык; г) котормо, түшүндүрмө, көрсөтмө

145. Сөздүктөрдүн алдыга койгон максатына жараша бөлүнүшү:

а) чоң, кичи; б) аймактык, тармактык;

в) энциклопедиялык, лингвистикалык; г) котормо, түшүндүрмө, көрсөтмө

146. Лингвистикалык сөздүктөрдүн түрлөрү:

а) чоң, кичи; б) аймактык, тармактык;

в) энциклопедиялык, лингвистикалык; г) котормо, түшүндүрмө, көрсөтмө

147. 1965-жылы жарык көрүп, 40 000ге жакын сөз камтыган «Кыргызча-орусча» сөздүктүн автору:

а) К. К. Юдахин; б) Х. К. Карасаев;

в) Э. Абдулдаев; г) Б. М. Юнусалиев

148. Түрк тилдеринин алгачкы сөздүгү «Түрк тилдери сөздөрүнүн жыйнагынын» автору:

а) В. В. Радлов; б) Жусуп Баласагын;

в) Махмуд Кашгари; г) Н. А. Баскаков

149. Сөздүн туура жазылышы берилген сөздүк:

а) орфоэпиялык сөздүк; б) орфографиялык сөздүк;

в) түшүндүрмө сөздүк; г) терминалогиялык сөздүк

150. 1983-жылы кайрадан оңдоолор менен басылган, 60 00 сөз камтыган «Орфографиялык сөздүктүн» автору:

а) Б. О. Орузбаева, Р. П. Хван, Д. Ш. Шүкүров, Я. Ю. Яншанский;

б) Э. Абдулдаев;

в) Х. К. Карасаев;

г) П. И. Харахоз, А. О. Осмонкулов














































































Вариант

Вариант

Вариант

Вариант

1

В

41

Б

81

Б

121

В

2

В

42

А

82

Б

122

Г

3

Г

43

Г

83

В

123

Б

4

А

44

В

84

Б

124

Б

5

В

45

А

85

В

125

В

6

Г

46

Б

86

А

126

Г

7

А

47

Г

87

В

127

В

8

В

48

А

88

Г

128

А

9

А

49

Б

89

А

129

Б

10

Б

50

А

90

Г

130

Б

11

В

51

В

91

В

131

Б

12

А

52

Б

92

Г

132

Г

13

А

53

А

93

В

133

Г

14

Б

54

А

94

В

134

А

15

Б

55

В

95

Г

135

Б

16

А

56

А

96

Г

136

Б

17

Г

57

В

97

Б

137

В

18

В

58

Г

98

Б

138

В

19

В

59

Г

99

В

139

В

20

Г

60

А

100

А

140

Б

21

В

61

Б

101

А

141

Б

22

Б

62

В

102

А

142

Б

23

В

63

В

103

Б

143

Г

24

В

64

Б

104

В

144

А

25

А

65

А

105

Г

145

Б

26

Б

66

Б

106

В

146

Г

27

Б

67

В

107

В

147

А

28

В

68

В

108

В

148

В

29

А

69

В

109

Б

149

Б

30

Г

70

А

110

Г

150

В

31

В

71

Г

111

Г



32

А

72

А

112

Б



33

Б

73

В

113

А



34

Б

74

Б

114

Г



35

Б

75

В

115

А



36

А

76

В

116

Б



37

В

77

Б

117

Г



38

Б

78

Г

118

Б



39

Г

79

А

119

В



40

А

80

Г

120

В









Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!