СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык сабак

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык сабак»


Тарбиялык сабак 6-класс

КЕКЧИЛ БОЛБО, КЕЧИРИМДҮҮ БОЛ!

Сабактын максаты:

  • Кекчил болбой кечиримдүү болууну үйрѳнүштү;

  • Текстти окуп, анын мазмунун түшүнѳ алат; • Окуучулар ѳз ойлорун эркин айтууга үйрѳнүшѳт.

Сабактын жабдылышы:

Текст боюнча тартылган түстүү сүрѳттѳр, эки ватман, эки маркер (кызыл, кѳк), темага байланыштуу таркатмалар ж.б. Сабактын ыкмасы: Багыттап окутуу Сабактын жүрүшү: Мугалим:

Бир акылман: «Бирѳѳ бир жаагыңды урса, анда экинчи жаагыңды тосуп бер» деген экен. Муну менен эмне демекчибиз? Элибизде жакшы сѳздѳр бар эмеспи «Алдыңа келсе жети атаңдын кунун кеч», «Жакшылыкка жакшылык ар кишинин ишидир, жамандыкка жакшылык эр кишинин ишидир» деген сыяктуу. Жакшьшыкка жакшылык кылуу ар бир адамдын аткара ала турган жумушу, ал эми жамандыкка жакшылык кылуу кѳпчүлүктүн колунан эле келе бербейт. Ал үчүн эрк, сабырдуулук керек. Кечиримдүү, айкѳл болууга умтулушуң керек. Кекчилдик сапатты ѳзүңдѳн оолак тутууга аракет кыл. Пейилиңди оңдо. Пейил - бул адамгсрчиликтин ченѳлчѳмү. Эгер сенде адамга тиешелүү бардык асыл сапаттар болсо, бардык адамдар ѳзүңѳ жараша мамиле кылат. Талкуу үчүн текст:

Талкуу үчүн «Отуз жыл бою айтылбаган сыр» тексти тыным менен окулат.

Окуучуларга алгач тѳмѳнкү суроо берилет: Текстте кекчилдикке, кечиримдүүлүккѳ байланышкан кандай окуялар баяндалат деп ойлойсуңар?

Андан соң, чыгарманын биринчи бѳлүмү кѳрктүү окулат. 1-бѳлүм

Жылдызбек кѳз байланганда гана үйгѳ баш бакты. Негедир күндѳгүдѳн башкача, жашырып каткан бир сыры бардай. Ал түз эле уктоочу бѳлмѳсүнѳ кетти да, чакырса да кечки тамакка келбеди.

-Уктайм, дейт чарчаган го... Тим кой, - деди апасы, - Эртең менен эрте турат эмеспи.

«Ооруп калган жокпу?» деп шекшиген Садыр Жылдызбекке барды. Жылдызбек ал учурда эч нерседсн капарсыз уктап калыптыр. Жашырып каткан кѳгѳргѳн чекеси менен кѳзү даана кѳрүнүп, чалкасынан түшкѳн.

Атасы уулунун бул абалын кѳрүп чочуп кетти. Чекеси да ысып турат. Садыр Жыддызбекти эптеп ойготту. Уйкусун ачкан соң, эмне болгонун сурады.

Окулган текстти окуучулар кайталап айтып беришет. Мындан кийинки окуя кандай болоору жѳнүндѳ божомолдорду айтышат.

2-бѳлүм

-Жѳн эле, - деди Жылдызбек, класстын каалгасынын туткасын сүзүп алдым...

-Класстын каалгасынын туткасын?, Эмне, эки жолу сүздүңбү?..

-Жок, бир эле жолу...

Уулунун бул сѳзүнѳ Садыр ишенбеди, күлкүсү келди. Күлкүсү келбей эле, кучактап алып кѳпкѳ күлдү. Атасынын күлгѳнүн кѳрүп Жылдызбек да аргасыз күлѳ баштады.

Садыр күлкүсүн тыйды да:

-Жыкы, билесиңби, мен сендей кезимде сенчилеп кѳзүмдү кѳгѳртүп келип, анан жашырып, сенчилеп: «каалганын туткасын сүзүп алдым» - деп кайдагы бир шылтоону айткам, атама… Сен да ошентип жатасың го.. ыя, чынбы?

Атасы күлүп алды да, отуз жыл мурда, дал ушул уулу Жылдызбектей 2-класста окуп жүргѳндѳгү, атасына айтпай койгон жоругун эми баласына айтып бергиси келди.

-Мен анда арткы партада олтурчумун. Алдымда бир кыз олтураар эле. Ал ар дайым беш деген баага окучу. Сабакта күн сайын жооп берчү. Ошол үчүн, бир күнү мен анын эки ѳрүм узун чачын партага байлап койдум. Бир убакта «Абылкасымова, кел доскага» дегенде, тура калам деп, чалкасынан кетпеспи... Анан кыз тура калып чаап жиберсе, кѳзүмѳ муштуму тийди. Класс ичи дуу эле болуп жатып калды. Кечинде үйгѳ кѳзүм кѳгѳрүп келдим. Сен айткан шылтоону айттым атама. Ал эми кызга кекенип жүрдүм, ѳзүмѳ жараша энчимди алсам да, окуучуларга уят кылгандыгы үчүн.

Окулган текстти окуучулар кайталап айтып беришет. Мындан кийинки окуя кандай болоору жѳнүндѳ божомолдорду айтышат. 3-бѳлүм

-А, менчи деди Жылдызбек, сабакта кыздар менен мелдешип кетип, балдар сабактан билбей калып, кыздар утуп кеткенин, анан, кыздар балдардын алма алып келүүсүн талап кылышканын, балдар Акундун багына уурулукка киргенин, колго түшүп калганын, андан эптеп бошонуп келатып, жолдон алма талашышып, ѳз ара мушташа кетишкенин эжелеп олтуруп айтып берди.

-Күнѳѳ кимиңерден кетти, сенденби же...?

-Асанбек деген бала жолдон биринчи талаша баштады... -деди актана, Жылдызбек.

-Жок, - деди атасы, - күнѳѳ сенде, -Эмнеге алманы мен тергем да...

-Терген уурулугун ѳзүнчѳ күнѳѳ чынбы?

Жылдызбек унчукпай жер карады.

-А, окубай барып, кыздарга утулган айыбың башка күнѳѳ...Туура айтамбы? Акылдуу айып кетирсе ѳзүн жемелейт, акылсыз айып кетирсе бирѳѳнү жемелейт деген ушу. Эртең ал досуң менен кек сактап, дагы мушташып жүрбѳ - деди атасы, - демек күнѳѳ кимде экен?

Жылдызбек ѳз айыбын эми түшүндү, Асанбектен кантип ѳч алам деп ойлоп жаткан оюнан да кайтты.

Ой жүгүртүү үчүн суроолор:

1.Жылдызбек эмне үчүн ачыгын айткан жок, эмне үчүн атасын алдады?

  1. Атасы баласына отуз жыл бою айтылбаган сырды эмне үчүн айтып берди деп ойлойсуңар?

  2. Жылдызбектин ѳч алам деген оюнан кайтышына эмне түрткү болду деп ойлойсуңар?

Нуска сѳздѳр

Адамдын бири тентек, Кекчил болбой, эпчил бол.

Кечиримдүүлүк, айкѳлдүк жашоодогу эң зарыл нерсе.

Кегинди ичиңе кат, Камчыңды койнуна кат.

Кегибиз ичте болсун.

Үйгө тапшырмалар:

1. Нуска сѳздѳрдү окуп, талкуулагыла.

2.«Кекчил болбой, кечиримдүү бол!» деген темада дилбаян жазгыла.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!