СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык сабак

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык сабак»

"Мен киммин?", "Мен кандаймын?

                                                                       Өзүңдү таанып билүү бардык нерсенин башталышы.

                                                                      Ал өзүнүн ааламын оңдоого акылман.

                                                                                              Акжан аль-Машани

 

Тема: "Мен киммин?", "Мен кандаймын?"

 

 Максаты:

«Адамдын» жогорку баалуулук катары маанисин Тема: кеңейтүү жана түшүндүрүү. Жалпы баалуулуктар аркылуу адамдын инсан болуп калыптанышына салым кошуу.

 

Милдеттери:

Өзүн-өзү таанып билүү, өзүнүн жетишкендиктерин айырмалоо, чыгармачылык менен ой жүгүртүүгө багыттоо.Өзүн-өзү сыйлоого жана өзүн өнүктүрүүгө тарбиялоо.

 

Методдор:

Сынчыл ой жүгүртүү технологиясы, унчукпай туруу, баарлашуу, талкуулоо көнүгүүлөрү, шаттык айлампасы.

 

Сабактын жабдуулары:

Проектор, музыкалык коштоо, маркер, ак кагаз, дидактикалык материалдар, күзгү.

Прогресс:

Кубаныч чөйрөсү: Тилек айтуу.

Кызыгууну ойготуу.

1. Таанышуу тренинги (өзүңүздү тааныштыруу).

2. Эки чындык, бир жалган.

3. Амандасу "Бумба-Юмба уруусу" (Маңдай, кулак, ийин, чыканак, тизе)

Топтоштуруу: тренинг: «Үч түс – үч эшик»

Үч столдун үстүнө сары, көк, кызыл үч түстөгү кагаздар коюлат.Булар үч эшик деп аталат.Тренер катышуучулардан кайсы эшиктен кире тургандыктарын сурайт.Ар бир катышуучу өзүнүн кире турган эшигин болжолдойт.Жообу төмөнкүдөй:

Сары түс - абдан таасирдүү, сезимтал, көптөш, эрктүү, өжөр, жан дүйнөсү ар кандай ойлорго толгон.

Кызыл түс - сиз бир ойлуусуз, сиз өз максаттарыңыз үчүн күрөшүүгө даярсыз.

Көк түс – сиз ак көңүл, кыраакы, табиятты сүйгөн адамсыз.Кээде балаңыздын билимине көңүл бурбайсыз.Балаңыздын окуусун тез-тез көзөмөлдөп турууну кеңеш кылабыз.

 

II.Маани таануу

- Эмне көрүп жатасың? (ак кагаз, кара буурчак) Топтоштуруу стратегиясы.

 -Ар бир адамда жакшы сапаттар болот, өзүңүздөгү асыл сапаттарды баалап, кабыл алыңыз, анын үстүнө ал сапаттар сиздин өзүңүздүн күчүңүзгө ишеничти жаратып, кыйын учурларды жеңүүгө жардам берет.Эч качан өз жөндөмүңүздү барктабаңыз.

I топ

1.  "Мен киммин?", "Мен кандаймын?" Өзүңө суроо бердиң беле?

2.  Максатыңыз кандай?

3.  "Кайсы жумушту кайсы убакта кылган жакшы?"


II топ

1. Сиздин оюңуз кандай?

2. Жашооңузду кандай багыттайсыз?

3. "Эң сүйүктүү адам ким?"

 

III топ

1. Адам баласы жашоодо эмнеге муктаж деп ойлойсуң?

2. Психологиялык ден соолук деген эмне?

3. "Эң негизгиси эмне?"

 

     Сиз айткандай, ар бир адам өзүн кабыл алып, жасаган иштерине баа берип, ошондой эле адамдык баалуулуктарын жоготпосо, келечегин пландай алса, жашообуз айлана-чөйрө менен гармонияда болмок.Жашообузда кереметтер көп болмок. мамилебиз чыңдалып, биз чыгармачыл инсан катары калыптанмакпыз... Мунун баары биздин таасирибизсиз болмок.

 

-А эми бизде бар жакшы сапаттарды жазып алалы, биз аларды тарта алабыз.Андан сырткары бизде жок, бирок бизде болсо деп тилеген сапаттарды жазып, тартсаңар болот.

 

Төмөнкү схемага ылайык тизме түзүүгө 5 мүнөт убакыт берилет.

 

Мен өзүмө эмне жагат?

Мен өзүмдө кандай сапаттарды өзгөрткүм келет?

 

 

 

 

 

Талдоо үчүн суроолор:

1. Суроолорго жооп бергенде кандай сезимде болдуңуз?

2. Ишенимдүүлүк сизге кандай таасир этет?

3. Денеңизде кандай сапаттарга ээ болгуңуз келет?

 "ой"

I топ

«Менин келечегим» деген темада дил баян, ыр жаз.

 II топ

«Менин келечегим» деген темада сөздөрдү, сүрөттөрдү, символдорду, чиймелерди, символдорду колдонуу менен чыгармачылык менен көрсөтүү.

 

 Текст менен иштөө

Гүлдүн сыры (легенда).

 

                Бир күнү хан бакчаны аралап жүрүп бак-дарактардын, бадалдардын, гүлдөрдүн куурап калганын көрүп калат.Таң калган хан эмен дарагына кайрылып абалды сурайт.Эмен дарагы: -Мен карагайдай бийик өсө албадым, Ошон үчүн мен чымчыктай куурап жатам" деп жанындагы карагайга карап: "Жүзүм дарактарындай мөмө бере албагандыктан куурап жатам" деди. Жүзүм дарагы гүлдөй албаганына өкүндү. роза.Бир эле ыргай гүлү өсүп турган.Гүл айтты:"Сен мени отургузганда менден ыргай өссүн дедиң.Эгер менин ордума эмен,карагай,роза өстүрөм десең отургузмаксың.Ошондуктан Анткени мен ырайымдан башка эч ким боло албасымды билем, мени отургузган адам мени карап ырахат алсын,Мен сулуу болууга жана гүлдөгөнгө аракет кылдым», - дейт ал.

 

Ар бир адамдын, башкача айтканда, сенин төрөлүшүң кокустук эмес, ошондуктан сен дүйнөгө керексиң, болбосо сенин ордуңда башка адам төрөлмөк.

-Эмне үчүн башка болушуң керек?Эмне үчүн башканы туурашың керек?Сен бул жашоого өз салымыңды кошуу үчүн келдиң жана бул сенин колуңдан келген нерсе.Өзүңө жакшылап карасаң,өзүңө жакшылап карасаң,бар экенин байкайсың. сендей адамдар бирок бул дуйнодо так сага окшош эч ким жок, андыктан башка адам болуунун кереги жок.Ошондуктан бир гана адам озунун жашоосуна кубаныч жана жарык тартуулай алат.



Сабактын темасы: Менин достугумдун тарыхы

Сабактын максаты:

А) Билим берүүчүлук: Чыныгы достук кандай болорун билишет;

Б) Өнүктүрүүчүлүк:: Дос тандоодо адилеттүүлүккө үйрөнүшөт;

В) Тарбия берүүчүлүк: Достукка бекем, туруктуу болууга үйрөнүшөт;



Сабактын тиби: интерактивдүү метод;



Сабактын жабдылышы: дидактикалык материалдар, карточкалар, чүкө;

Сабактын журүшү:



1. Уюштуруу: Саламдашуу, жоктоо, алтын эрежени эстетүү;

А) Чакыруу: Окуучуларга чүкө көргөзүп, Чукө емне экендигин, ал кайсыл жерде, кайсыл жиликте жайгашарын, 4 тарабы эмне деп аталарын, чүкөнүн эмне пайдасы бар экендигин, чүкө менен кандай оюндар ойнолорун суроо; Сураган соң өзүм түшүндүрүп берем;



2. Жаңы теманы түшүндүрүү:

А) Ой жүгүртүү: Теманы доскага жазып, сизди сиз сыяктуу тааныган, сизди дайыма ойлогон, адептүү, сиз үчүн көп нерсени аткарууга даяр болгон, ар дайым ишенимдүү болгон, Жакын адамдарыңызга айтчу сырды ага да жашырбай айта турган досуңуз барбы? Деп ар биринен сурап алып, “Достук” деген икаяны окуп кетип атып керектүү жерлеринде еми эмне болушу мүмкүн деп сурап турам. Карточкаларды ар бир окуучуга таркатып, алардын оюн угуу; Цицерондун төмөнкү достук формуласын окуп берем: Адам жалгыз жашоо үчүн жаратылбаптыр. Табият бирге болууну сунуштагандай эле, биримдикти жана биримдикти өнүктүрүү үчүн дос болууну да сунуштаган. Өз арасында ыңгайлуу атмосфера кура алышкан адамдардын биримдигинен достук пайда болот. Сүйүү менен толгон достор бири- биринен жардам күтүүдөн көбүрөөк жардам берүүнү каалашат. Досту сыйлык алуу, пайда көрүү үчүн эмес, пайда ошол сүйүүдө болгондугу үчүн издөө керек. Достор бардык темада ачык сүйлөшө алуулары кажет.

Икая: атасы өлүм алдында жатып баласына “Балам ар бир айылда бирден үйүң болсун” десе, баласы:”Ата, ар бир айылга үй салууга кантип жетишем” деп түшүнбөйт. Анда атасы:”Ар бир айылда үйүң болсун дегеним ар бир айыдда досуң болсун дегеним” деп жооп берген экен.



3. Бышыктоо:

Дос деген сөзгө класстер түздүрүү, чыныгы достук кандай болуш керек экендигин окуучулардан сурап чыгуу;



4. Корутундулоо:

Ж. Баласагындын поэмасынан цитата келтирем:

Досуңду ар кыл шартта сынап көргүн,

Сындан өткөн досуңа колду бергин.

Достун көөнүн дааналап билем десең,

Сынагын жаман кылык сөзүң менен.

Билгиң келсе, досуңдун чын көңүлүн,

Жакшы көргөн буюмун сурап көргүн.

Ким ошондо кабагын бүркөбөсө,

Дал ошол анык досун түбөлүккө.

Демек балдар, достукка бекем, туруктуу болуш керек. Достун да акылдуусун, адамгерчиликтүүсүн тандоо керек. Анткени сен көбүнчө досуңду көрүп тарбия аласын. Сага кемчилигиңди ачык айтса, кыйын күндөрүңдө кеңешин берип жаныңда болсо ошол чыныгы дос болот.



5. Баалоо:

Окуучулар активдүү катышкандарды өздөрү баалашат.



6. Үй тапшырмасы:

Кыргыз тыюларынан 20дан мисал жазып келүү;




 









































Сабактын темасы : «Жакшы» деген эмне – «жаман »деген эмне?

Сабактын максаты :

1. Сүрөт тарттырып , тест алуу менен окуучулардын кандай мүнөзгө ээ экендигине өздөрүн ынандыруу;

2. Бул сабак аркылуу окуучу өзүнүн билбеген жактарын билип, терең тааный алуусуна шарт түзүү ;

3. Улгулуу журуш-турушка,адептуулукко,ыймандуулукка, адамдарды урматтап сыйлай билууго, озун-озу таанып, тарбиялай билууго , жаман менен жакшыны ажыратып билууго багыт беруу Сабактын жабдылышы : кагаз , калем фломастер. Сабактын жүрүшү :

1. Уюштуруу . Сабактын темасы доскага жазылат .

2. Тест менен иштоо: Мугалим бул сабакта окуучуга өзүн - өзү таануусу үчүн сүрөт тарттырып , тест алуудан баштайт . Бул оюндун шарттарын мугалим оозеки түшүндүрүп берет :

а). Бир барак кагаз аласыңар .

б) . Ошол баракка тоонун , үйдүн , дарыянын , каптын ( мешоктун) жана өзүңө жаккан бир жаныбардын сүрөтүн тартасыңар . Буга 20 минут а убакыт берилет . Барактын четине фамилияңарды жазып койгула . Анан мага тап шырасыңар . 20 минутадан кийин мугалим барактарды топтоп алып , төмөндөгүдөй кылып чечме леп берет : Тоонун учтары шиш чуштугуй болсо адам өтө ачуусу чукул болуп чыгат . Боз үйдүн сүрөтүн тарткан окуучу патриот болуп эсептелет . Дарыя үзгүлтүксүз тартылса адам өз алдынча иш кыла алат , ал эми дарыя үзүк - үзүк тартылса өзүнчө иш кыла албайт , бирөөнүн көрсөтмөсү менен гана иш кыла т . Каптын ( мешоктун) оозу буулуп тартылса адам өтө бышык , сараң болуп эсептелет . Ал эми каптын оозу ачык тартылган болсо адам колу ачык , берешен март болуп эсептелет . Кайсы жаныбардын сүрөтүн тартса мүнөзү ошол жаныбардын мүнөзүнө окшош боло т .М: Иттин сурөтун тартса өтө сак , мышыктын сүрөтүн тартса үйдөн чыкпаган , арстан же жолборстун сүрөтүн тартса айбаттуу эч нерседен кайра тартпаган адам . Бул оюн аркылуу окуучулардын мүнөзүндөгү айрым кемчиликтерди аныктап , жою уга аракеттенсе болот же окуучулардын жакшы жактарын аныктап , өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт .

3. Улуу адамдардан улгу алалы... Улуу адамдардын озун-озу тарбиялоого ундогон баа жеткис ойлору, создору кылымдан кылымга отуп, унутулбай келет.Эмесе ар бир топ ушундай ой- берметтеринен таап айтып тушундурмо бергиле. -Адам учун эн кыйыны , кун сайын адам болуу.(ч.Айтматов) -Сен таза болсон,мен таза болсом, коом да таза болот. (и. Раззаков) -Мен пикир кылып жатам, демек, мен бармын (Рене Декарт) Бул даанышман создордон жыйынтык чыгарсак адамдын билимдуу, онорлуу болуу менен эле максатка жетпейт экен. Ал кун сайын озунун адамдык сапаттарын сактап, жаман адаттардан алыс болуусу керек экен. «Аалым болуу оной, адам болуу кыйын»-деген создо калет жок. Анда эмесе создун корку болгон макал-лакаптар га кезек берели.Планшетте жазылган макалды толуктап, маанисин тушундуруп бергиле:

*Он колундун ачуусун…………………..( сол колун менен бас).

*Сабырдын тубу-……………………………(сары алтын)

*Жуз жыл жашасан –……………………..(жуз жыл оку)

*Адамды адам кылган……………………(эмгек)

*Адам болуу аста-аста…………………….(акмак болуу бир паста)

*Абийиринди жашындан ……………….(сакта)

4. Жыйынтыктоо: Бугунку отулгон тема боюнча жыйынтыктоо иретинде томонку суроолорго жооп берип королу:

1.Жашообуз мазмундуу, максаттуу болушу учун эмнеге умтулуубуз керек? Жооптор: жакшы адам болууга, кесипти туура тандоого, адамдык жакшы сапаттарды онуктурууго, билимдуу болууга, ж.б.

2.Озубузду тарбиялоо учун эмне кылуубуз керек? Жооптор: иштерман болууга умтулуу, жакшы окуу, Улуу адамдардын чыгармачылыгын,омур жолун уйронуу, улгу алуу, ж.б.

3. Озубузду башкаруу учун эмне кылуу керек? Жооптор:сабырдуу болуу, ачууга алдырбоо, жаман адаттарга уйронбоо, эмгектене билууго уйронуу, ж.б.

4. Уйго тапшырма беруу: Идеал туткан адамын жонундо ой-жугуртуп кор. Андан кандай улгу аласын?

















Сабактын темасы:  Жоопкерчиликтуу болуу деген эмне?



 Сабактын максаты:
1. Окуучуларга  «Жоопкерчилик» деген создордун манызын, маанисин тушундуруу.
2. Оз мунозун таануу жана тарбиялоого, «жоопкерчиликтуу» болууга чакыруу.


Сабактын жабдылышы: таркатма материалдар.


Сабактын журушу:
Уюштуруу.
Сабактын темасы, максаты жонундо тушундурмо беруу.

Суроолордун тегерегинде маектешуу уюштуруу:
   -  Оз мунозунор жонундо эмне айта аласынар?
   -  Жоопкерчилик деген эмне?
   -  Сен озунду жоопкерчиликтуумун деп айта аласынбы?
    (Окуучулардын оз ойлорун тартынбай айтуусуна мумкунчулук беруу жана колдоо менен маектешуу)


Мугалим:
   Эми акылмандардын созуно конул бурсак «Жоопкерчиликсиз эркиндикке жетууго болбойт» деп айтышат.  Жоопкерчилик деген эмне экендиги жонундо бир топ оюнарды айттынар. «Жоопкерчилик – адамга куч беруучу жук» деген таамай айтылган афоризмдин маанисин чечмелеп королу. 
   Жоопкерчиликтуу болуу бир жагынан оордук келтирчу жук болсо, экинчи жагынан адам оз эрки менен которчу жук сыяктуу экен. Адам канча бийиктикке которулгон сайын ошончолук жоопкерчилиги жогорулайт. Эн биринчи адам озунун суйлогон созуно, журум-турумуна, аткарган ишинин тууралыгына, чыгарган чечимине жоопкерчиликтуу болот. Ошондой эле озунун ден соолугуна , омуруно да озу жоопкер болот. Уйунордо азыр да силер жоопкерчиликтуу болгон нерселер бар. Мисалы, озунордун кичуулорго коз салуу, аларды ойнотуу ж.б. ал эми чонойгон сайын жоопкерчилигинер да чоноёт. Кээде жоопкерчиликти такыр сезбеген балдар да болот. Озу ойноп кетип калып, инисин карабай же ата-энеси дайындаган ишти аткарбай койгон учурлар да болот. Мындай балдарды «жоопкерчиликсиз» дешет жана аларга ишенбей коюшат. Азыр силер ошондой эле сабакка оз убагында келип, тапшырмаларды аткарууга, жакшы журум-турумга милдеттуусунор. Оз милдетин аткарбаган окуучу да «жоопкерчиликсиз» болуп эсептелет.

    

Бышыктоо. Конугуу иштоо:


Ар бир адам оз жоопкерчилигин сезуусу керек. Ошондуктан балдар,
«Ким эмнеге жоопкерчиликтуу?»  деген оюн ойнойбуз. Класс эки топко болунуп, бири бирине кайсы бир кесиптеги же категориядагы адамды айтышат, экинчиси ал эмнеге жоопкер экенин табышат.
Мисалы, шофер – озунун автосундагы жургунчулордун омуруно, алдынан чыккан жоо журуучулордун, жолдогу башка автомобилдердин коопсуздугуна. ж.б. 
  Жетекчи кадр – оз кол алдында иштеген эмгекчилердин коопсуздугуна, алардын эмгек акысынын убагында толонушуно, эмгек шартына ж.б.
Окуучу –
Мугалим –
Врач –
Президент –                ж.б.
     

Жыйынтыктоо:
  Элибиз байыртан эле жоопкерчиликтуулукту баалаган. Анда элдик адеп-ахлак нормаларынан жоопкерчилик эмне экендигин дагы теренирээк тушунолу.
     Жоопкерчилик. Бул – пендечиликтеги жогорку сапат. Адамдар­дын өзүнө-өзү талап коюусу. Жашоо-тиричиликте ар кими өзүнүн жекече жолун тандап, ага карата мамиле кылуусу. Турмуш куруусу, бала-чака күтүүсү. Мындай касиеттер:
Биринчиден, бөбөктөргө, жаш муундарга, үйдөн тарбия-таалим берүүнүн туура багытта болушунан;
Экинчиден, ата-эненин ич-ара ынтымагынан, балдарына өзүлөрүнүнүн жүрүш-туруш үлгүлөрүнөн;
Үчүнчүдөн, үй-бүлөдө атанын алган ордунан, ал ээлик катары табышкеринен, үй-бүлөсүн ойдогудай багуусунан;
Төртүнчүдөн, анын айыл арасындагы, эл ичиндеги кадыр-бар-кынан, башкалар баамдоочу таасиринен, ишмердүүлүгүнөн ж.б. са-паттарынан;
Бешинчиден, эненин үй ичин тирдентүүсүнөн, зайыптарга таан­дык күч-аракеттерин талаптагыдай жүргүзүүдөн, үзүлгөндү улап, жоктон бар кылууларынан жоопкерчиликтери артылып келет.














Сабактын темасы:   Коомдук жайда тартиптуу бол!

Сабактын максаты:


1. Окуучуларда тартиптуу болуу жонундо ой жугуртууго өбөлгө тузуу.
2. Окуучуларда жакшы журум-турум билимин калыптандыруу, озун адептуу кармоого тарбиялоо.
3. Коомду, улуу-кичууну сыйлоого уйротуу.



Сабактын жабдылышы: Макал-лакаптар жазылган плакатттар.


 Сабактын журушу:

1. Уюштуруу:
Сабактын темасы, максаты боюнча тушунук беруу.


2. Киришуу учун суроолор:
Коомдук жай деген эмне?
Жакшы журум-турум дегенге эмнелерди киргизесинер?


3. Жаны тема:
     Коомдук жайларда кочодо, конокто, кино-театрда, коомдук транспортто, кафе-ресторандарда ж.б. жерлерде озун туура, тартиптуу алып журууго уйронушубуз керек. Коомдук жайларда, уйдо, бардык озун туура алып жургон адамдар маданияттуу деп аталат. Бугун ушундай туура журум-турум ченемдерин уйронобуз.


1. Уй булоодон баштайлы.
a. Уйдо бири -бирине болгон мамилеси сылык, урматтоо, сыйлоо болуу керек, акырын суйлошуп, бири-биринен кечирим суроону билуу.
b.  Уй булоодо жарышып суйлошпой биринин созун баары угуп, соз берип суйлошуу.
c. Улууларын торго отургузуу, тамакты чайнап жегенде оозду жаап чалпандатпай, чайды шорулдатпай ичуу, чыканакты столго койбоо, туз отуруп тамакты суйлобой ичип-жеп, бычакты он колго, вилканы сол колго кармоо керек.


2. Кочодо же эл коп жерде озун алып журуу.
a. Он жак менен басканды, адамдарды жоолобой, улуу кишилерге же кыздарга жол бошотуу, тукурунуп, же кыйкырып суйлошпоо.
b. Улуу кишилерге, апаларга, кыздарга эшик ачып беруу, улуу кишилерге салам айтуу.
c. Семичкени тарсылдата чагып жерге таштоо ото терс корунуш. Кочого таштанды таштабоо керек. Таштандыны атайын жайларга (мусор идиштерге) таштоо керек.


3. Коомдук транспортто озун алып журуу.
a. Коомдук унааларда улуу кишилерге орун беруу.
b. Айдоочулар жургунчулорго сылык мамиледе болушу, жургунчулор да бири-бирине жана айдоочуга сылык мамиле жасоосу керек.
c. Унун катуу чыгарып суйлошуу, башкалардын конулун буруп телефондо суйлошуу такыр туура эмес.


4. Филармониядан, драм театрдан концерт коруу. Кино-театрдан кино коруудо:
a. Филармониядан, драм театрдан концерт коруудо, кино-театрдан кино коруудо ышкырып, кыйкырып-окуруп кол чапканыбыз ото туура эмес. Бул жерге кийинип келишибиз да башкачараак болот. Дворец спортко ышкырып кол чапкан жарашат. Ар нерсенин орду бар.
b. Концерт, театр буто электе элдин конулун буруп чыгып кетуу, же кечигип келуу да туура эмес. Бул артисттерди жана коруучулорду сыйлабагандыкты билдирет.


4.    Бышыктоо:
  Адам эмнеси менен корктуу? –деген суроого жооп берип королу.
  Адамдардын бири-бирине болгон мамилеси, журум туруму маданияттуулугун далилдейт.
  “Адамзат жаашодон албаса таалим, зордоп уйрото албайт мугалим”-деген соз бар. Ар бир адам айланадан таалим тарбия алып, озунун маданиятын жогорулатуусу зарыл. Биз жакшы журум-турумубуз, бири-бирибизге болгон мамилебиз б.а.маданиятыбыз менен корктуубуз.


5. Уйго тапшырма беруу:
  “Мен коомдук жайларда озумду туура алып журууну уйрономун” . Ойлорунарды баракка жазып келгиле.











Сабактын темасы:    Саламдашпай соз баштаба.


Сабактын максаты:


1. Окуучуларда адептүү болуу жонүндо ой жүгүртүүго өбөлгө түзүлөт.
2. Окуучулар адеп билимин калыптандырышат, озүн адептүү кармоого тарбияланышат.
3. Элдик каада-салтты, үрп-адатты баалоого конүгүшөт. Улууларды урматтоого, кичүүлордү сыйлоого чакырылат.

Сабактын жабдылышы: Макал-лакаптар жазылган плакатттар.
 

Сабактын жүрүшү:

1. Уюштуруу:
Сабактын темасы, максаты боюнча тушунук беруу.



2. Жаны тема:


   Балдарым акыл-эстуу, адептуу болсо деп ар бир эле ата-эне тилек кылат. Ата-энебиз каалагандай бала боло алабызбы? Ата-бабаларыбыз байыртан эле адеп-ахлак маселесине олуттуу конул буруп келишкен.
 Кылымдар бою түзүлгөн элдик мораль, ата-бабаларыбыз түзгөн улуу адептик-ыймандык нарк-дөөлөттөр– күнүмдүккө эмес, түбөлүктүүлүккө эсептелген, калктын тарыхый тажрыйбасынан жаралып, доорлор сыноосунан өткөн көөнөрбөс элдик этикалык нарктар, адеп-ыймандык мурастар.  
   Калыгул даанышмандын гуманисттик этикасы насыяттайт: «Орой айтсаң адамга жукпайт, орой сөздү киши укпайт, сылык-сыпаа сөз жетет, ал мээге эмес, жүлүнгө кетет». Элдик кеменгер Калыгулдун ишениминде  оройлукту назиктик, сылыктык, ачууну токтоолук, сабырдуулук, жек көрүүнү мээрим менен сүйүү жеңет.
   Саламдашуу адеби да элдик этикада орчундуу орунду ээлейт.

САЛАМ БЕРУУНУН АДЕБИ Жаш киши кары кишиге; Атчан киши жоо кишиге; Арка тараптан келген киши алдыда бара жаткан кишиге; Аз жамаат коп жамаатка салам берет. Улуу болсо да, кичуу болсо да, аз болсо да, коп болсо да бир жерден келген киши отурган кишиге салам берет.

Копчулукко салам берилгенде, алардын ичинен бироо саламды алик алса, калгандары алик албаса да болот. Эч кимиси берилген саламды алик албаса, анда копчулуктун ичиндегилердин бардыгы жооптуу болуп калат. Ал эми саламды берген копчулук болсо, алардын ичинен бироо салам бергенде эле суннот орундалган болот, калгандарынын салам беришинин кажети жок. Башкача айтканда, копчулуктун ичинен бир кишинин салам бериши калгандарынын жоопкерчилигин жойгондой эле, копчулуктун ичинен бир кишинин саламды алик алышы да калгандарынын жоопкерчилигин жоёт. Мусулман киши салам беруу менен дин боордошун кадырлап, урмат корсоткон болот. Биринчи салам берген киши Алла тааланын жана пайгамбарынын алдында дагы суймончуктуу болот. Салам бергендин сообу саламды алик алганга караганда кобуроок. Пайгамбарыбыз мындай деп буюрган: “Адамдардын ичинен Алла тааланын алдында эн жогорусу – оозунуп салам айткандар” (Абу Давуд, Адеп, 144). Бир кишиден салам-дубай алып келгенин билдирген кишиге “Ва алейке ва алайхиссалам” деп жооп берилет. Бир катта жазылган саламга же кат менен, же соз менен жооп кайтарылат. Бир киши бироону “Баланчага менден салам айт” деп айтса, муну айтууга макул болгон киши убадасын орундатууга тийиш. Анткени айтам деп оз мойнуна алган бул милдет – бир аманат. Озунун уйуно кирген киши да уй-булосу менен учурашат. Азирети Анаска пайгамбарыбыз мындай деп айткан: “Уулум, сага жана уй-булоно берекет келсин десен, уй-булондун жанына барганда салам бер” (Тирмизий, Истизан, 10). Башка бироонун уйуно киргенде да салам берилет. Ыйык Куранда мындай деп буюрулган: “Оо, ыйман келтиргендер! Оз уйунордон болок уйлорго уруксат албай туруп, ун чыгарып уй ээлерине салам бербей туруп кирбегиле. Эгер ойлоп корсонор, бул силер учун дагы кайырдуу” (Нур суросу, 27-аят). Башка бироонун уйуно барганда, алгач уйго кируу учун уруксат суралат, андан кийин салам берилип анан ал-жай сурашып суйлошуу башталат. Намаз окуп жаткан, уйкудагы жана ажатканадагы кишиге салам берилбейт. Азан чакырылып жатканда салам беруу макуроо болуп саналат. Куран окуган же окулган Куранды угуп отурган кишиге салам беруу да – макуроо. Бирок азан чакырылып жана Куран окулуп жатканда салам бергендердин саламы алик алынат. Кутпа угуп жатканга да салам берилбейт. Тамак жеп жаткан кишиге оозундагысын жута электе салам берилбейт. Бир мечитте жамааттын бир болугу намаз окуп жатканда, бир болугу окубай турса, мечитке кирген киши намаз окубагандарга салам бере алат. Салам бербесе да суннотту кылбаган болуп эсептелбейт.

3. Бышыктоо:


Ата-бабаларыбыз тузгон улуу адептик-ыймандык нарк-дөөлөттөрду муноздогон макал-лакап, накыл создордон айтып бергиле. Аларды чечмелегиле.
Саламдашпай соз баштаба.
Сыйлаганга аш таппасан, сыпаалыкка соз тап.
Улууга урмат, кичууго ызаат.
Сыйласан сыйлуу болосун.
Сыйлашпаган тууганын, сыр айтпаган душмандай.
Сый сыйга жарашат, сый билбеген адашат.
Уят олумдон катуу.
Сабырдын тубу сары алтын.
Жылуу созго жылан ийнинен чыгат. Ж.б.


4. Жыйынтыктоо:


  “Карынын кебин капка сал” дегендей, ата-энебиз, улуулар айткан насаат создорду кунт коюп угуп, конулго туйуп, озубузду адептуу, ыймандуу, нарк- насилдуу болуп чоноюуга, келечекте “жакшы” адам болууга умтулуубуз керек экен.

















Кызыл,жашыл , сары түс.Жолдон өтсөң абайла.



Сабактын темасы: Кызыл , жашыл , сары түс ..Жолдон өтсөң абайла.

Сабактын максаттары:

а ) Жолдоо жүрүү , көчөдө , транспортто жүрүү эрежелерин үйрүнөшөт.

б ) Ырларды айтуу менен сөз байлыгы ,кабыл алуусу өрчөйт.

в ) Маданияттуулукка ,адептүүлүккө үйрөнөт.

Сабактын жабдылышы : Жолдо жүрүү эрежелери бооюнча с\ръттър. Светофор макети.Жол белгилеринин сүрөттөрү.

Сабактын жүрүшү :

  1. Уюштуруу иштери .Класска жагымдуу маанай түзүү.

  2. Сабактын темасын максатын угузуу.

Мугалим : Ар бир адам жолдо жүрүүнүн эрежелерин жакшы билүү керек .

Көчөдө жүрүү , басуу кыйын деле эмес, бирок чоң көчөлөрдө автомобилдер, мотоциклдер,автобустар тынымсыз ары- бери өтүп турат.Мына ошол түрдүү машиналардан этият болууга үйрүнөшүңр керек.Машина айдоочулар эреже боюнча так жүрүшөт.Ошондой эле жөө жүрүүчүлөрдүн да эрежеси бар.

Биз ошол жолдо жүрүүнүн эрежелерин жатка үйрөнүшүбүз керек.

1-окуучу : Светофордун макетин көрсотөт.

Жол үстүндө үч кабат,

Илинген нурду карагын .

Светофор деп коет,

Эсиңе ал, өчүп жанарын .

2-окуучу: Көлүңө илгиниң,

Көчө шартын дилгирим!

Шашкандардын шаарда ,

Не болорун билгиниң.

3-окуучу:

Жанаша турат көзү бар,

Жакшылап айткан сөзү бар.

Кызыл,сары, жашыл да,

Так жандоочтун өзү бар.

4- окуучу: Светофордун кызыл жарыгын көтөр

Көрдүңбү ,жанды кызылы,

Көбүнүн арбын кызылы.

Кишилер өтпөй турсун деп.

Чийилген жолго сызыгы.


5-окуучу: Светофордун сары жарыгын көтөрөт.

Кызылы өчпөй баспагын ,

Шааниси башка тактагын .

Сарысы күйүп турганда.

Саныңды чаап шашпагын.

6-окуучу: Светофордун жашыл жарыгын көтөрөт.

Жашылы күйүп жанганда,

Жарашпайт карап калганга.

Жорголой тартып өтүп кет,

Жол берип жатат басканга.

Мугалим:(алып баруучу) Бала топ ойноп жатат.

Камырабай ,Укпасбек деген бала,

Топ ойноп жаткан жол жээгинде,

Ай ,ай,эмне болот эми

Чоң жолго топ ыргытып кетти. Машина келе жатат тигинде.

Укпасбек топтун артынан жүгүрөт.Машина коюп кетет.Ал кыйкырып жиберет.Ай-ай!

Айдоочу : Ай,чунак бала,

Эмне болду сага?

Чоң жолдо коркпой ,

Ойногонун кара.

Тирүүсүңбү ,айланайын ай,а?(Карбаластап тургузат)

Укпасбек : Ой-ой.буту-ум!

Айдоочу (кармалап көрөт).

Бутуң ооруп жатса,

Тез жеткирейин ооруканага .(ооруканага алып кетет).

7-окуучу: Чоң жолго жакын ойнобоо керек .

Көрдүңөрбү,кырсыккка өзү болду себеп.

8-окуучу: Топ ойнобо чоң жолдо ,

Машинелер өтпөс деп,

Шашпай жүргүн көчөдө ,

Кокустук деги балакет.

Хор: Кырсык- каш кабактын ортосунда.

9-окуучу: Турса эгер ичке жолдо машина ,

Карап өткүн,барба жакын жанына .

Айдоочу коюп дагы кетпесин,

Эч ким жок деп карабастан айдаса.

10-окуучу: Жолдон өтсөң сол жагыңды карагын,

Шаша, көрбө бачым өтүп кеткенге.

Анан кийин оң жагыңа карагын,

Ортодогу ак сызыкка жеткенде.

Машиналар алыс жакта болгон соң

Өтө бергин коркунуч жок шектенбе.

Алып баруучу(ары жактан окуучулар келе жатышат)

А тигил окуучулар ,

Келе жатат мектептен ,

Жолдун таптак ортосунда.

Милиционер карап турат.

Ала- була таякчан.

Балдар бузуп эрежени ,

Өтмөк болду карасаң.(милиционер сөзгө алаксып келе жаткан

окуучулардын жолун тосот,ышкырат!)

Окуучулар.( туруп калышат)Кечириңиз!

11-окуучу:(окуучулар өз ара сүйлөшүшөт)

Милиционердин колундагы

Ала- була таякчасы

Жол кыймылын башкарат.

Сыйкырдуу карачы.

12-окуучу: Так көчөнүн ортосунда,

Турса эгер милиционер .

Жүргүнчүлөрдү жөнгө салат,

Тил алышат бардык эл.

Ышкырып ал бат токтотот,

Эрежени аткарбасаң сен эгер.

Милиционер :(окуучуларга карап,кыймылы менен көрсөтөт

Эгерде мен далым салып,

Же турганда бетме –бет,

Анда ойлонбостон ,

Светофордун кызыл көзүн элестет.

Колум сунуп турсам тосуп,

Анда дагы күү кере.

Ала –була таякчамды

Тик жогору көтөргөндө,

Сары жарык күйдү да,

Даярданып тургун анда,

Жолдон өтүп кетүүгө.

Капталымды салып ага,

Турсам колум түшүрүп,

Же өт!-деп көрсөтөм,

Таякчам менен белгилеп.

Анда ,досум,өтө бергин

Жашыл жарык күйдү деп.(балдарга жол көрсөтөт).

Жолдон ары өтөрүңдө,

Алаксыбай жүргүлө.

Жөө жүрүүнүн эрежесин

Беш колуңдай билгиле.

Окуучулар :Ооба ,бизди кечириниз,

Сактыкка кордук жок(окуучулар кетишет).

13-окуучу : Чана менен муз теппегин,

Жолго жакын дөңсөөдөн .

Күүң менен өтүп кетпегин,

Машина жүргөн жолго сен.

14-окуучу: Курулуш жүрүп жатканда,

Жанында ойноп баспагын.

Алыстан байкап карачы,

Крандын иштеп жатканын .

15-окуучу: Кызыл түстүү өрт өчүргүч машина ,

Ага жолду бошотобуз көргөндө.

Бул өң бизе коркунучту эскертет,

Кызыл жарык белгисиндей билгенге.

16-окуучу: Жолдо иштеген бульдозерлер,

Кран,асфальт төшөгүчтөр.

Сары түскө сырдалган

Арсында сары бешмантчан

Жумушчулар дагы бар.

Машинасын жай айдашып,

Шашпай өтөт этиеттеп,

Аны көргөн айдоочулар.

17- окуучу: Жашыл түс-бул бейкапардык

Чөптөн ,жалбырактын түстөрү.

Ошондуктан күтөбүз биз

Жолду кесип өтөөр кезде,

Светофордун жашыл көзү күйгөнүн .

Хор : Жолдо ж\р\\н\н эрежелерин билгиле жана сактагыла!

Жыйынтыктоо : Мына балдар жол эрежелери ,жол чырагы анын жардамы тууралуу бүгүн көп нерселерди үйрөндүнөр.Ушул үйрөнгөндөрдү турмушта колдонгула,жол эрежесин так сактагыла. Тарбиялык саатыбыз аяктады.



Сабактын темасы: Биздин уйдогу гезит жана журналдар.



Сабактын максаты: Гезит журналдарды туура пайдаланууга эмгекчилдикке,сергектикке,адептуулукко тарбиялоо



Кутулуучу натыйжа: Теманын мазмуунун тушунсо,темага миссалдар келтирип,корком айтып берсе,өз оюн эркин айта алса,бирин-бири сыйлап,топтордо иштей алса.



Сабактын жабдылышы:Окуу куралдары (Курдаш ,Байчечекей) гезиттер топтому

Сабактын журушу:

1.Уюштуруу

2.Жаны тема

3.Сабакты бышыктоо

Окуучуларга жагымдуу маанай тузу Мен киммин? оюнун

ойнотуу (гул ,топ,китеп) жана башка нерселерди.

Балдар мен отконку сабакта уйнордон гезит журналдардын

Топтомун бар бекен коруп билип келгиле дегенмин

1.Кана айткылачы кимдин уйундо кандай гезит журналдар бар экен

2.Алар кандай аталышта экен

3.Ата-эненер аларды эмнеге пайдаланышат экен

4. Алар силерге жактыбы

5.Эмнеси менен жакты

6.Аларды ата-эненер кайсыл жактан алышкан

Туура айтасынар балдар гезит журналдар ар бир уйдо бар. Алардын аттарын же маалыматтарды,жанылыктарды жана башка нерселерди даярдап чыгаруучу редакциялар бар.Ал жерде атайын адистер куну- туну изденишет.Эгерде керектуу кабарларды ,макала,кеп-кенештерди жана башкаларды жазып чыгышат.

Биз гезит журналдарды окуп ото пайдалуу копту билесин.Гезит журналдарды окуп буткондон кийин ыргытып же жыртпастан атайын жакшылап топтош керек.

Мисалы: Гезиттер же журналдар тортолгон папка корсотулот.

Атайын балдарга арналган журналдар бар. Мисалы: Курдаш,Байчечекей,Айданек жана башкалар .Силерда ошол китептерден алып окугула .Ким китеп коп окуса анын акылы осот ,ички дуйносу кенейет.

Сабакты бышыктоо: 1.Силер кандай гезит журналдарды билесинер.

2.Гезит журналдарды ким дер жазышат.

3.Балдарга арналган кандай журналдар бар.

4.Окуган гезит журналдарды эмен кылыш керек экен.













































Тема: «Мен суйгон китеп .»

Китеп – биздин досубуз.

Доскада «Китеп – биздин досубуз» деген тема корунуктуу жазылып коюлат. Башталгыч класстардын окуучуларына ылайыктуу китептерден тузулгон коргозмо китептер жана китептердеги айрым темаларга ылайыктуу окуучулардын тарткан суроттору, макал-лакаптар жазылып илинет. Адегенде шандуу музыка ойлонот. Улам акырындап музыка токтогондо окуучулар «Мектебим» деген ырды хор ырдашат.

«Мектебим»

Жаш денемди чыналтып. Корунгондо караанын.

Болоттой бек ширеткен. Колдой толкуйт талабым.

Билим кени мектебим, Омурумдун азыгы

Алпештеген энем сен. Озун берген сабагын

Кундо ачып барагым, Айланандан кетпеймин,

Китебимди карадым. Ар убак сени эстеймин.

Акыл-сезим оркундоп, Тарбиялап остургон

Алга кетип барамын. Таалай уйу мектебим.



Мугалим: Мектепти баарын суйосун,

Мыктымын, деп журосун.

Кана эми, силерге.

Бир табышмак айтайын.

Ойлонгула бут баарын.

Табышмак.

Отуруп алып ичин ачам,

Баатырларга аралашам.

Аябаган кызыкка батам,

Аягына жеткиче шашам.

Окуучу: Табышмактын жообу-китеп. (жооп берет)

Мугалим: Азаматсын, тура таптын.

(Доскада жазылган теманы жалпы окуучуларга окутат)

Кана балдар эмесе,

Чогуу окуйлу темасын.

Бугунку класстык сааттын.

Хор: Китеп – биздин досубуз.

1 – окуучу: Копту билсем экен деп,

Дегдеп согот журогум.

Ошондуктан ар дайым.

Айрыбастан барагын

Китепти

Ардактап окуп журомун.

Хор: Билими кучтуу минди жыгат

Билеги кучтуу бирди жыгат.

2 – окуучу: Окубай ойноп жургонду,

Жаман корот китебим.

Эсинде болсун, тушунгун

Китептин

Сен учун аппак тилегин.

3 – окуучу: Китеп менен дос болсон,

Уйроносун далайды.

Урматтап баркын билбесен.

Душманы болуп кирдетсен

Досум деп сени баалайбы?

Хор: Жок!

Мугалим: Демек, китеп эмне учун керек?

Хор: Китеп тарбия, билим берет.

Китептен копту уйронгубуз келет.

Мугалим: Суйуктуу достор аранарда

Журушот бирге карагыла!

Тааныйсынарбы деги бул китептерди? (окуу китептеринин ролун аткарган окуучуларды корсотот)

Хор: Ооба.

Мугалим: Окуу китептери экен,

Угалы, эмне дешээр экен.

Адабий окуу: «Адабий окуу» китебинмин.

Башаты бардык илимдин.

Окугун, уйрон талыкпай,

Капкагын ачып билимдин.

Хор: Эне тилин билбеген,

Элин суйуп жарытпайт. (макал)

Математика: Торт амалды билгизем,

Илимди абдан суйгузом.

Чындыктан тузуп маселе.

Жалпына ой жургузом.

Келечекке умтулткан.

Максат шамын куйгузом.

Математика: Математика – илимдин падышасы.

Кыргыз тили: Туура окуп, жазуунун

Эрежесин уйроткон.

«Кыргыз тилин» боломун

Катасыз корком суйлоткон.

Хор: Кыргыз тили кылымдарды суйлоткон

Алп Манас деп, дуйно элине уйроткон.

Орус тили :Орус тили – достук тил,

Ортосунда элдердин.

Бардык жерде керек тил,

Ошондуктан жакшы бил.

Хор: Коп окуган копту билет (макал)

Мекен таануу: Коз салып жакшы карагын.

Курчап турган дуйнонду.

Бардыгына эн керек.

Байкап баарын уйронуу.

Урматтап менден билим ал.

Оз жеринди билип ал.

Хор: Ата Мекеним – асыл жерим.

Китептер: Айланайын, балдар ай,

Биз силерди суйобуз.

Ар бирибиз журоктон.

Окусун деп журобуз

Ардактап бизден билим ал.

Айткандарын билип ал.

Хор: Китеп – билим булагы.

Китеп – блим чырагы.

Бардык бала мектепке.

Китеп тилин угалы.

(А. Токомбаев).

4 – окучу : Ким китепти кирдетсе,

Китеп баркын билбесе.

Жулуп алып барагын.

Орой койсо бир нерсе.

Хор: Ал китептин душманы.

5 – окуучу: Ким китепти суйбосо,

Кадырына куйбосо

Чылым ороп шарт айрып.

Калжан – култан суйлосо.

Хор: Ал китептин душманы.

7 – окуучу: Бардыгынан ким жаман.

Китепти жырткан шум жаман.

Китепти суйгон балдардан

Наалат алсын ал адам.

Хор: Ал китептин душманы.

(А. Осмонов)

(ойлуу музыка ойнолот)

Китепканачы: (кулагын салат)

Тыншагылачы, балдар жыкшылап,

Кызык китептер суйлошуп жатат.

(Айрылган, чийилген китеп аксап келе жатат. Анын жанында таза китеп аны колтуктап, суйоп келе жатат)

Байкуш китеп: Барактарым айрылган,

Анан калса чийилген.

Былтыр эле жаны элем,

Жарабай калдым быйыл мен.

Бактылуу китеп: Ий, байкуш китеп.

Эмне кылмыш кылдын эле?

Мынча жудоп…

Байкуш китеп: Тентектин колундамын,

Чиймелеп айрын жадатты.

Оюндан колу бошобойт.

Окубайт экен сабакты.

Бактылуу китеп: Менин окуучум жакшы,

Кирдетпей окуп,

Кенишимди угат.

Кундолугун ачсан

Жалан «4», «5» кулуп турат.

Байкуш китеп: Окуучум укпайт,

Айлам гана кетти.

Орулуу болдум,

Жардам берчи? (ыйлайт).

Бактылуу китеп: Жур орууканага,

Дарылатайын сени.

Анан окуучун менин

Жакшылап кенешейли.

Сени урматтап карабаса,

Китебим деп санабаса,

Андан эмне кутсо болот деш. Жур!

Китепканачы: Кайда барасынар?

Жардам беришет балдар.

(Балдарга кайрылат)

Барбы аранарда

Тез жардам бере тургандар?

Эки бала: Бар, бар. Байкуш китеп,

Айыктырайлы жур. (жетелеп кетишет).

Китепканачы: Байкуш китептин армандуу созун уктунарбы?

Хор: Ооба.

Китепканачы: Китепти таза кармап, суйуп окугула. Анын бир жери айрылса, дароо желимдегиле. Китепканадан кандай абалда алсанар, ошондой абалда откорууго тырышкын.

Сен окуган китепти сенден болок жолдошторун да сенден кийин алып окуй турганын унутпагын. Байкуш армандуу китептерди жолуктурсанар жардам бергиле. Ар дайым китепти суйуп окугула!

(Китеп коргозмосундогу китептерди корсотот.)

Мына, силердин чыныгы досторунар.

(Томондогу ыр хор менен ырдалат).

Китеп.

Созу: А. Токомбаевдики.

Билбегенди билгизген.

Мээге сезим киргизген.

Ак улуттун устундо,

Айга жакын жургузгон.

Китеп – менин акыным

Китеп – менин жакыным.

Эл достугун сактат канн,

Эрк талаайды мактаткан.

Китеп – менин акыным,

Китеп – менин жакыным.

8 – окуучу: (колундагы китепти корсотот)

Мына бул – алтын китеп!

Адамзат ушундан

Ар кыл акыл уйротот.

9 – окуучу: Китепти окуган

Арыштайт, озот,

Айга колун созот.

Анткени китеп

Акылга акыл кошот!

(М. Алыбаев)

(Окуучуларга белекке китеп тапшырылат.)

Белек болсун силерге.

Жакшы окуп жургуло.

1 – окуучу: Ооба, достор, силердин баркынарды билебиз.

Биз китеп чыгарыш учун эле канча эмгек, туйшук талап кылынат дейсин. Токойдогу дарактардан чамынды жасап, чон казанга салып эриткич кислота куюп, аралаштырып, анны кадимкидей ботко болгончо бышырат эмеспи.

2- окуучу: Ошол эле дейсинби. Ал боткону атайын кагаз жасоочу машиналарга куюп, турмок-турмок кагаздарды кургак чыгарат.

3 – окуучу: Ар турдуу сорттогу кагаздар турмоктолгон боюнча калбайт. Китеп дептер жасайт жемомпосуй, буюм оройбу, уй тиричиликтерине керектуу буюмдарга жумшайбы, айтар тиешеруу кызмат аткарганда болуштурулот.

4 – окуучу: Ошентип, досторум, силер болсо басмаканага келип, бизге алтын билимди сузуп ала келдинер. Силерге окумуштуу, жазуучу, жонокой жумушчулардын эмгегин айта берсек коп.

5 – окуучу: Китептерим, силер биздин колго тийгенче эле миндеген адамдардын мандай тери менен жаралыптырсынар. Таазим кылабыс.

Хор: Ырахмат! Уят кылбай окуйбуз.

Китеп – биздин досубуз.

Китептер: Билим кени – китеп.

Тарбия кени – мектеп.

Мугалим: Балдар озунор айткандар китеп билбегенди билгизет. Акыл – оюнду алдыга жетелеп, акыл кошот. Ким китепти коп окуса, копту билет. Силерди мен китептердин чыныгы досторунан болосунар го деп журом.

Ошондуктан китепти суй, айрыба, оку, уйрон.



























Сабактын темасы: Үй ичиндеги гүлдөр абаны тазалайт.

Сабактын максаты: Гүлдөргө туура мамиле жасоого,алар менен тыгыз байланышта болуп,аяр мамиле кылууга,сергектикке,тазалыкка тарбияланышат.

Күтүлүүчү натыйжа: Теманын мазмууну түшүнсө,темага мисалдар келтирип,көркөм айтып берсе,өз оюнэркин айта алса бирин-бири сыйласа,топтордо иштей алса.

Окуучуларга жагымдуу маанай түзүү.

Сабактын жүрүшү:

1.Уюштуруу

2.Жаңы тема

3.Бышыктоо

-Балдар силер гүлдүн кандай түрүн билесиңер?

-Адамдар эмне үчүн гүл эгишет?

-Гүлдү эмнеге окшошотсуңар?

Окуучулардын оюн угуп ,андан соң түшүнүк берилет.Адамдар гүлдөрдү аркандай мааниде өстүрүшот.

Миссалы :Үйдү жашылдандыруу,кооздоо,көрктөндүрүү жана ден-соолукка пайдалуу болуу үчүн.Баарынанда гүлдөрдүн пайдасы абаны тазалап турат.Алар өзүнүн жалбырактарына кычкылтекти сиңирип ,тазалап чыгарат.

Ошол үчүн үйдө гүл өстрүү өтө пайдалуу.Андан сырткары ар бир гүлдүн өзүнчө касиетти бар.Кээ бир гүлдор дарылык касиетке ээ.

Ак гүлдөр

Кичине эмесмин,

Гүл бакта теңештим.

Гүл багым атыргул,

Ал менен тең өстүм

Ак гүлдөр,көк гүлдөр,

Асырап өстүңөр.

Караачы татына,

Кааласаң көркүн көр.



Сабакты бышыктоо: Суроо жооп иретинде.Өзүн жакшы көргөнгүлдүн сүрөтүун тарт.



Сабактын темасы: Табият менен таттуу мамиледе болуу



Сабактын максаты

Билим берүүчүлүк

Өнүктүрүүчүлүк

Тарбиялык

«Табият да каргайт» тема боюнча кененирээк маалымат алышат.

Табият менен мындан ары таттуу мамиледе болууга, көнүгүшөт.

Көчөдө, коомдо жүрүүнүн адебин, жаратылышка аяр мамиле жасоону үйрөнүшөт.

Көрсөткүчтөр

Билим берүүчүлүк

Өнүктүрүүчүлүк

Тарбиялык

«Табият да каргайт» тема боюнча кененирээк маалымат алышса.

Табият менен мындан ары таттуу мамиледе болууга көнүгүшсө.

Көчөдө, коомдо жүрүүнүн адебин, жаратылышка аяр мамиле жасоону үйрөнүшсө.




Сабактын тиби: Жаңы теманы кененирээк өздөштүрүү.

Сабактын формасы: Өз алдынча иштеп, ой жүгүртүү.

Сабакта колдонулуучу ыкма: Синквейн түзүү.

Окутуучунун усулдары: Аңгемелешүү, ролдоштуруп аткаруу.

Сабактын ресурстары: сүрөттөр, ватман, түстүү боёктор.

Сабактын жүрүшү:

а) Саламдашуу.

б) Жагымдуу маанай түзүү.

в) Класстын санитардык гигиеналык абалына көңүл бөлүү.

г) Жаңы теманы атоо.

Жагымдуу маанай түзүү.

Жакшы маанай деген кандай?

Жакшы маанай деген момундай

Жагымдуу маанай тартуулоо

Кандай? Ал мындай

Бири-бирине күлө карап

Жакшы тилек кааламай

Сен мыктысың татына

А сен зорсун баарынан

Бул сага менден

А бул сага менден

Бүгүнкү сабакта озуп кетем барибир сенден

Маанай ачтык чын дилден

Ха-ха, хо-хо.

Үй тапшырмасын кайталоо: «Мекеним кыргызстан»

Жаңы тема: Табият менен таттуу мамиледе болуу.

Балдар табият деп биз эмнелерди айтабыз?

Акыркы жолу качан көчөгө таштанды таштадыңар?

Табиятка кандай мамиле жасадыңар?

Табияттын тазалыгы бизге кандай таасирин тийгизет?

«Табият менен таттуу мамиледе болуу»

Жаратылыш деген эмне?

  • Айланаңа көз чаптырып көрчү, ооба, сен күндү, асманды, булутту, жерди, өсүмдүктөрдү, жаныбарларды көрөсүң.

  • Демек ушулардын баары жаратылыш.

Бизди курчап турган чөйрө. Күн, асман, булут, таштар, суу, жаан, кар булар жансыз жаратылыш.

Өсүмдүктөр, жаныбарлар, адам булар жандуу жаратылыш. Канаттуулар да, айбандар да, кескелдириктер да, жыландар

да, бакалар да, балыктар да, ташбакалар да, курт-кумурскалар да жаныбарлар экенин эсиңден чыгарба.

Жаратылыш бул биздин айланабыздагы өтө таң калаарлык нерселер. Ар бир кадам сайын сен ошол таң калаарлык нерселердин сырын ачууга мажбур болосун. Алгачкы сапарыңды жылдын ар кайсы мезгилиндеги жаратылыштын жашоо тирикчилигине байкоо жүргүзүүдөн баштайсың.

Жаратылыш бул биздин эң жакын досубуз. Ал биздин жашоо тирикчилигибизге керектүү көп нерселерди берет.

Сабакты бышыктоо: Кайтарым байланыш.

Эс алдыруу мөөнөтү:

Ордубуздан турабыз,

Колубузду сунабыз,

Алгач ирет оң колду,

Андан кийин сол колду.

Чарчаганда токтойбуз,

Баксёрлорго окшойбуз.

Сабакты жыйынтыктоо: Суроолор ар бир окуучуга жекече берилип, сүрөттөр боюнча иштөө.

Баалоо: Эмоцияналдуу баллоо

Үйгө тапшырма: Жаратылыштын кооздугун сүрөттөө.
















Сабактын темасы: Денени чыңдоо-узак өмүргө өбөлгө.

Сабактын максаты: Ден соолуктуу чыңдоо үчүн көрунүүгө,адептүүлүккө,сергектикке,тазалыкка

тарбияланышат.

Сабактын жабдылышы: Окуу куралджары, түстүү сүрөттөр,буклеттер.

Күтүлүүчү натыйжа:Теманын мазмууну түшүнсө,темага,мисалдар келтирип,коркөм айтат берсе,өз оюн эркин айта алса,бирин-бири сыйлап,топтордо иштей алса.

Сабактын журушу:

1. Уюштуруу

2.Жаңы тема

3.Сабакты бышыктоо

Окуучуларга жагымдуу маанай түзүү.

Суу ,суу,суу,

Менин колум жуу.

Колум болсун таптаза,

Көңлум болсун башк

Окуучуларога суроо берилет.

-Сенин кун тартибиң кандай?

-Сен эрте менен туруп биринчи эмне кыласын?

-Сен денеңди кантип чындайсын?


Тиш щётка,тиш паста,самын,сүлгү-тазалыкты сактоого керектүү буюмдар.Алар кандай колдонуларын айтып берем.

Балдар силер денеңер чың болуш учун туура тамактанып ар дайым ата-энеңерди ошондой эле өзүңөрдөн чоңдордун сөзүн уккула.

Мен силерге табышмак айтам . тапкыла

Кыдырата таш койдум ,

Кызыл өгүз бош койдум (тиш)

Тишти күтүү үчүн кеңештер болот.

Сүрөттөр боюнча түшүнүк берилет о.э сурөттөр боюнча сахна көрүнүш аткарышат.

Сабакты бышыктоо: суроо жооп иретинде

Пайдалуу кеңештер

-Таза абада ойноо

-Тишиңди күн сайын жуу

-Тазалыкты сакта

-Тырмагыңды өстүрбө

-Аба ырайына жараша жылуу кийин

-Жашылча,жемиштерди жууп же

-Денеңди чыңда

Биринчи байлык-ден соолук


Сабакатын темасы:
Китепти кантип окуу керек? Окурманга кеңеш.

Сабактын максаты: Китеп окуунун маданиятына үйрөнүшөт,ошондой эле китептин келип чыгыш тарыхы ,эмнеден жасалары жөнүндө дагы билишет.

Ойлоосу ,кабыл алуусу, калыптанат.

Китепти жакшы сактоого,таза кармоого,китепти сүйгон окуучулардан болууга үйрөнүшөт.

Сабактын жабдылышы: Сүрөттөр,макалдар,ырлар.эмблема ,китеп көргөзмөсү,жомок ,аңгемелер.

Сабактын жүрүшү:

1)Уюштуруу иши. Класска жагымдуу маанай түзүү,сабактын максатын угузуу.

Мугалим : Саламатсыздарбы,бүгүнкү «Китеп –биздин досубуз» аттуу тарбиялык кечебиздин коноктору жана катышуучулары.Анда эмесе биздин класстын окуучулары тарабынан даярдалган кечени ачык деп жарыялайбыз.

Кыргыз Республикасынын гимни аткарылат.

окуучу: Китеп-менин тунук таза булагым,

Китеп –менин өчпөс жарык чырагым

.окуучу: Коптү окуп,көптү билип китептен ,

Мекениме талбай кызмат кыламын.

окуучу: Китепти сүй,баркын бил,

Китептин къп акылы.

Ким китепке дос болсо ,

Ал ошонун жакыны.

окуучу: Китеп керек айылга да шаарга,

Китеп керек балага да,карыга,

Китеп жардам берет баарына.

Хор : «Китеп»

Мугалим : Өзүнөр ырдап ъткъндъй биздин акылыбыз, жакыныбыз болгон китеп эмнелерден жасалат?

окуучу:Китеп кагаздан,ал эми кагаз жыгачтан жасалат.Китепти жасоого кър эмгек жумшалат.Ошондуктан китепти этияттап уруну керек.

Мугалим :Китептин эмнеден жасаларын айтып өтөт,түшүнүк берет.Байыркы элдер китепти ылайдан жасашкан .Жумшак ылайга учту таяк менен жазып,аны кургатып сатышкан.Европада орто кылымда музоонун терисине жазышып,аны пергамент деп аташкан.Байыркы Руста кайыңдын жука кабыгына жазышкан.15-кылымда Германияда Иоганн Гуттенберг китепти ойлоп тапкан.Ал жалпак тактайга адегенде тамгаларды тескерисинче жазып,бош калган жерлеринин бардыгын курч бычак менен ойгон.Анан дөмпөк болуп калган тамгалардын бетине боек сүйкөп,тактайды кагазга ныктап басканда кагаз бетине жазуу пайда болгон.

Көрдүңөрбү балдар ,китепти жасаш үчүн көп эмгек талап кылынат экен. Мугалим :Көрдүнөрбү балдар ,биринчи китеп тактайдан, кол менен аткарылгандыктан жетишсиз болгон .Азыр силер китептин түрлөрүн окуп жатасыңар,заманыбыздын бактылуу балдарысыңар .андыктан китепти барктай билүү керек.

Көркөм окуу

окуучу: Мына ушул алтын китеп,

Адамзат ушундан ар кыл акыл күтөт ,

Бул китепти окуган айга,күнгө да жетет



окуучу: Билим кени –китеп,

Тарбия кени –мектеп.

Ким китепти көп окуса ,

Ал көптү билет.

окуучу: Андыктан аны барктай билүу керек ,

Китеп бизге чын жолдош .

Китеп бизге анык дос,

Пайдаланып китептен ,

Акылыёа акыл кош.

окуучу: Чечен кылып сөзүмдү,

Сен ачкансың көзүмдү,

Акырындап ойготтуң,

Уйкудагы сезимди.

Инсценировка : «Эки китептин маеги»

Алып баруучу: Бир күнү эки китеп жолугушуп маектешип калышты:

1-китеп: -кандай досум?Көрүшпөгөнүбүзгө көп болду.Ии… эмне өңүң азып,

кумсарып жүдөп алыпсың? Арыктап да калгансыңбы?Жашооң деги кандай ?

2-китеп :-Ээ, досум ,менде айтсам арман къп .Басмаканадан чыккан соң жаман окуучуга туш болдум.Ал мени сырттап кармамак турсун ,барактарыма чийип, атын жазып,боеп ,керек болсо жалкоолугу кармаганда тапшырма аткарбаш үчүн барактарымды айрып салат,сыртымды этимден эбак эле бөлүп салган,класстагылардын баарынан уялам.ал бала «3»тү кээде эле алабаса,алган баасы «2».

А ,өзүң ,жөнүндө айтчы,өңүң жакшы жылтырайт семирип да калыпсың.

1-китеп:-Мен болсо жакшы окуучуга туш болдум.ал мени алган күндөн баштап сыртымды сырттап,окуп, токтогон жерине закладка коюп, барагымды бүктөбөй ,кадырлап кармайт.Барактарымдын бетинен бир да жазуу чийик көрбөйсүң.Колун самындап таза жууп,анан окуйт мени.Эркелетет ,анткени,окутам мен аны жалаң «5»ке.

Экөө: Бул жомокто табышмак жок,

Китептерде аып жок .

Кандай окуучу экениңди,

Жандырмагын өзүң,талда!

Мугалим :-Балдар ,кана жомоктун жандырмагн тапкылачы?Ким китептин душманы?

окуучу: Ким китепти кирдетсе,

Китеп баркын билбесе.,

Жулуп алып барагын,

Орой салса бир нерсе.

Ал –китептин душманы

окуучу: Ким китепти сүйбосө,

Кадырына күйбъосө,

Барактарын шарт айрып,

Калжаё –кулжаң, сүйлөсө,

Ал китептин душманы.

окуучу: Ким китепти кордосо ,

Ырайымы болбосо ,

Сүрөттөрүн уурдаса .

Уурдап көнгөн колдорчо.

Ал –китептин душманы.

Мугалим :-Бардыгынан ким жаман ? Хор : Китепти жырткан шум жаман.

Мугалим :-Китепти сүйгөн балдардан ,

Хор:-Наалат алсын ал адам!-Ал китептин душманы

Мугалим :Биздин залкар жазуучуларыбыз китеп жөнүндө көптөгөн ырларды жазышкан ,эң сонун ойлорду айтышкан.Бүгүн сабакта ошол ырлардан айтып көрөлү. «Кут билим»(Ж.Баласагын)

окуучу: Ушул китеп –улуу күндөр жемиши,

Билимдүүгө терең билим деңизи.

Жалаң акыл –насаат сөздөн түзүлгөн ,

Шуру сымал жибек жипке тизилген.

окуучу: Ким китепти окуй билсе түшүнө,

Эки дүйнө жарык берет ишине .

Мындан артык мурун китеп бар беле,

Жаралабы кийин буга тең тете.

окуучу: Мына бул-алтын китеп,

Адамзат ушундан ар акыл күтөт.

Бул китепти окуган Айга.Күнгө да жетет.

окуучу: Ойлойм өсөт акылым,

Окуй берсем күндө эле .

Китеп менен дос болуп,

Кирем кызык дүйнөгө.

окуучу: Китепти окуган –арыштайт ,озот,

Айга колун созот,

Анткени ,китеп акылга акыл кошот.

окуучу: Сүттөй таза тилеги,

Деңиздей талабы,

Көктөй тунук акыйкат,

Анын ар бир барагы.

окуучу: Таалайдын нурун көрсөтүп,

Чакырып турат келчи деп.

Арамдыктан тазалап,

Жакшылыкка ээрчитет.



окуучу: Ошондуктан баркын бил,

Кирдетпегин бир четин.

Сыя төгүп булгабай,

Таза сакта китепти.

Мугалим : Улуу адамдардын айтканынан угалычы.

окуучу: Китеп окуган,эч нерсе окубаган адамдан адамдан алда канча жогору турат .(В.Белинский)

окуучу: Адамдар окуганды таштаса,анда алар ой ойлонуудан да калат.(Д.Дидро).

окуучу: Бул кылымда китептен өткөн сүйүктүү дос жок.(А.Навои)

окуучу: Мен үчүн китеп алтын тактыдан да кымбат.(В.Шекспир)

окуучу: Китеп адам жанына чындыктын үрөнүн себүүчү курал. (Я.Каменский)

окуучу: Билимден ашкан көч жок.(М.Горький)

Мугалим :Элибизде китеп ,билим жөнүндө кандай макалдар айтылып жүрөт?

окуучу: Акыл айга жеткирет,өнөр къккъ жеткирет.

Китеп -билим булагы,билим өнөр чырагы.

окуучу: Китепсиз билим жок,билимсиз өмүр жок.

Ким окуса ,ал көптү билет.

окуучу: Билими күчтүү миңди жыгат,

Билеги күчтүү бирди жыгат.

окуучу: Китеп -мүлк,оокат,нан,китеп окубаган адам ал-наадан.

Мугалим: Табышмак айта билесиңерби?(табышмактарын айтышат)

Мугалим: Китепти кантип окуу керек,силер билесиңерби? Алгач эмнеден баштоо керек?

Алгач сен үчүн анча кыйын эмес сабактан баштагын,андан кийин оруна кириш.

Сабакты жакшы түшүнө баштасаң,анда эч нерсеге алагды болбоого аракеттен.сабакты түшүнбөй бара жатсаң,анда жеңил деп эсептеген предметти окугун.

Сабактан барып окуп,тапшырмаңды аткарып бүткөн соң,көчөгө чыгып ойно.Көбүнчө кыймылдуу оюндарды ойно.

Кайталоо –окуунун энеси.Оор материалдар болсо,аны жаттаганга 1саат калганда,же көбүнчө эртең менен туруп кайталагын.Эё оор жерлерин мектепке бара жатып ,дагы бир жолу эсиңе түшүргүн.

45-50мүнөт иштеп.анан эс алгын.Баарынан мурда калыптанып калган ритмди сактагын.

Мугалим : Көрдүңөрбү балдар,терең билимдин негиздери ушул эрежелери сактаганда гана жаралат.

Мугалим : -Кана ,балдар , кимиңер өзүңөр жазган жомок,аңгеме,табышмак,ыр, макалдардан окуп бересиңер.(окуучулар окуп беришет)

Жыйынтыктоо: -Бүгүнкү сабак силерге жактыбы?

-Силер эми мындан ары китеп ,дептерге кандай мамиле кыласыңар?

Мына ушинтип тарбиялык саатыбыз аяктады. Китеп, дептерлериңерди аяп дайыма таза күтөсүңөр деген үмүттөбүз.






Биздин атабабаларыбыздан калган макалда: "Аганы көрүп ини өсөт,эжени көрүп сиңди өсөт" дегендей , үй -бүлөдөгү улуулар ....

Сабактын темасы; Бөбөгүңө өбөк, ага-эжеңе жөлөк бол!

Сабактын максаты:

Окуучулар улууларга утматтоо менен мамиле кылуу керектигин түшүнүшөт.

Колдонулуучу каражаттар: проектор, компьютер, слайд

Сабактын жүрүшү:

Сабактын баскычтары

Мугалимдин ишмердүулүгу

Окуучунун ишмердүүлүгу

Уюштуруу

Мугалим окуучулар менен саламдашып, окуучуларга жагымдуу маанай тартуулайт.



Гимн ырдашат

Окуучулар бири-бири менен саламдашып, жагымдуу маанай тартуулашат



Окуучулар ордуларынан туруп, оң колун көкүрөгүнө коюп ырдашат

Жаңы тема

Сабактын темасы менен тааныштыруу-Балдар, бүгүнкү сабактын темасы: Бөбөгүңө өбөк, ага-эжеңе жөлөк бол!

Мугалим үй-бүлөдөгү улуулардын милдеттери жөнүндө түшүнүк берет. Доскага илинген макал-ылакаптардын негизинде сөз козгойт. Алдыңкы көч кайда барса , кийинки көч ошолжакка барат.

Уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың.

Биздин ата-бабаларыбыздан калган макалда: “Аганы көрүп ини өсөт , эжени көрүп сиңди өсөт” дегендей , үй бүлөдөгү улуулар кичүүлөрдүн алдында ар дайым туура жол көрсөтүүгө милдеттүү.Сүйүктүү окуучуларым , силердин да эже, байке , ини, сиңди-карындашыңар болсо керек. Ошондуктан үй-бүлөдө улуулар өзүнөн кичүүлөрдүн алдында өздөрүн адептүү алып жүрүүгө милдеттүү



Окуучулар түшүнүгүн айтышат

Физ минутка

Көзүбүздү ачып-жумуп, андан соң терезени карайбыз. Башыбызды кыймылдатпастан көзүбүздү айландырабыз: солго-оңго, өйдө-ылдый.

Окуучулар мугалимди кайталашат

Бышыктоо

Окуучуларга улуулар жана кичүүлөр жөнүндө суроолор берилет

Суроолорго жооп беришет














Сабактын темасы: Жаныбарлар биздин байлык

Сабактын методу: Ангемелешуу,тушундуруу,интерактивдуу ыкмалар

Сабактын жабдылышы : Кырдаалга карата суроттор,таркатмалар

Сабактын максаты: Корсоткучтору :

Билим беруучулук : Жаныбарлар менен таанышышат.Уй жана жапайы жаныбарларды билишет

Жаныбарлар менен таанышышат.Уй жана жапайы жаныбарларды билишсе

Өнуктуруучулук : Жаныбарларга аяр мамиле жасоого,кабыл алуусу,конул буруусу,соз байлыгы,уйронгондорун оз турмушунда колдоно билуу жондомдору онугот

Жаныбарларга аяр мамиле жасоого,кабыл алуусу,конул буруусу,соз байлыгы,уйронгондорун оз турмушунда колдоно билуу жондомдору онуксо

Тарбия беруучулук : Жаныбарларга туура мамиле жасоого,байкагычтыкка конугушот.Коопсуздук эрежелерин сактоого уйронушот.

Жаныбарларга туура мамиле жасоого,байкагычтыкка конугушот.Коопсуздук эрежелерин сактоого уйронушсо




Сабактын журушу :

Сабактын этаптары

Мугалимдин ишмердуулугу

Окуучунун ишмердуулугу

Компент-к

Баалоо

1.Уюштуруу

Классты жоктоо тазалыгына коз салуу.Алтын эрежени кабыл алуу

Окуучулар класстын тазалыгына, жооп беришет.Алтын эрежини кабыл алышат.




2.Уйго берилген тапшырманы суроо

Мугалим окуучулардан отулгон тема боюнча сурап,талкуу жургузот.

Окуучулар тапшырмаларга жооп беришет,талкууга катышышат



Мактоо менен

3.Тапшырманы бышыктоо


Суроо- жооп менен бышыкташат.

Суроолорго жооп беришет



Конулдорун которуу

4.Жаны теманы тушундуруу

Сабактын темасы жана максаты мене тааныштыруу.

-Ангемелешуу

-Балдар уйунордо кандай жаныбарлар бар?

-Ушул жаныбарларды эмне деп атайбыз?

-Уй жаныбарлары менен жапайы жаныбарлардын айырмасын айтып бергиле?

Мугалим окуучуларды эки топко болуп тапшырмаларды берет

Жапайы жана уй жаныбарларга кластер тузгуло







-Уйдо тоок,уй,эчки,кой,жылкы ж.б бар

-Уй жаныбарлары дейбиз

-Уй жаныбарлар уйдо адамдар карашат ал эми жапайы жаныбарлар ТОО,токойдо жашашат.





Окуучулар кластер тузушот





Геомет-к фигуралар менен

Эс алуу минутасы


Темага карата оюндарды ойнотот

Окуучулар аларды аткарып эс алышат







Мугалим торт тустор менен окуучуларды 4 топко болу палат.

1-топ:Суроттор менен ангеме жургузуу

2-топ :Суротко карата суйлом туздуруп,чиймесин чийдирет

3-топ :Жаныбарлар жонундо ырларды айтыруу





Окуучулар ар бир топтор оздорунун топтору менен иш алып барат жана аны аткарышат




6.Сабакты жыйынтыктоо










-Бугун кандай тема оттук?

-Бул темадан эмнени билдинер?

-Жаныбарларга кандай мамиле кылыш керек?

-Балдар демек жаныбарлар биздин байлыгыбыз.

-Биз бугун жаныбарларды коргоо,аларга кам корууну билдик жана уйрондук.-Жаныбарларга аяр мамиле жасоо керек экен.





Жыйынты -гын чыгаруу



7

Уйго тапшырма беруу

Уй жаныбарлардын балдарын атап беруу. Китепти окуу



































Сабактын темасы; Суу бул адамзаттын-өмүрү.

Сабактын максаты:

Окуучулар суунун адамзаттын өмүрүнө тийгизген таасирин, суунун ыйыктыгын билишет.

Колдонулуучу каражаттар: проектор, компьютер, слайд

Сабактын жүрүшү:

Сабактын баскычтары

Мугалимдин ишмердүулүгу

Окуучунун ишмердүүлүгу

Уюштуруу

Мугалим окуучулар менен саламдашып, окуучуларга жагымдуу маанай тартуулайт.



Гимн ырдашат

Окуучулар бири-бири менен саламдашып, жагымдуу маанай тартуулашат



Окуучулар ордуларынан туруп, оң колун көкүрөгүнө коюп ырдашат

Жаңы тема

Сабактын темасы менен тааныштыруу-Балдар, бүгүнкү сабактын темасы: “Таза болсоң суудай бол, баарын жууп кетирген”

Суу бул- адамзаттын өмүрүнө эң керектүү зат . Суусуз адамдын өмүрүн элестетүүгө мүмкүн эмес.Суусуз жашоону элестетүү мүмкүн эмес.Айталы бизди ысыктан тозуп,көлөкө тартуулаган,мөмөсүн берип,пайдасын келтирген бак-дарактар, суусуз даярдоого мүмкүн болбогон тамак-аштар, азык-заттар да сууну талап кылышат.Медициналык жактан карап көрсөк адам баласы күнүнө 1-2 литр суу ичип турушу зарыл жана суусуз адам баласы 3 күн гана жашай алат. Биздин өлкө сууга бай өлкөлөрдүн катарын киргенине карабастан техниканын эскилигинен жер-жерлерде айрым тургундар суу менен толук камсыздалбай келет.



Окуучулар түшүнүгүн айтышат




















Физ минутка

Көзүбүздү ачып-жумуп, андан соң терезени карайбыз. Башыбызды кыймылдатпастан көзүбүздү айландырабыз: солго-оңго, өйдө-ылдый.

Окуучулар мугалимди кайталашат

Бышыктоо

Окуучуларга суунун пайдасы жөнүндө суроолор берилет.

Адам күнүнө канча өлчөмдөсуу ичүүсү керек?

Суусуз жашоо болобу?

Суроолорго жооп беришет












абактын темасы: Салам сага, санжыралуу Ноорузум!.

Сабактын максаты:

  1. Окуучулар ата-бабадан мурас катары отуп, ушул кунго келип жеткен Нооруз майрамы тууралуу тушунук алышат. Майрамда сөзсүз түрдө сүмөлөк кайнатылаарын билишет.

  2. Ыймандуулукка, адептуулукко, ата-эне, эл-журт алдындагы милдетин сезе билууго, улуу муундарды сыйлай билууго тарбияланышат.

  3. Окуучулар чыгармачылык жондомдуулугун онуктурушот.

Сабактын жабдылышы: дубал газета, улуттук буюмдар.

Сабактын журушу:

Уюштуруу. Саламдашуу, окуучуларга жагымдуу жагдай түзүү.

- Алас, алас, алас,

Ар балээден калас.

Айдан аман, жылдан эсен бололу.

Жакшылыкты тенир берди,

Жарык күндү кеңири берди,

Орообуз данга толсун!

Оозубуз нанга толсун!

Нооруз майрамыныздар куттуу болсун, 

                    Үйүңөргө бакыт консун.

                    Башыңарга баш кошулуп,

                    Даныңарга дан кошулсун.

Ууртуңардан күлкү,

                     Жүзүңөрдөн нур кетпесин!

                     Быйылкы жыл жакшылыктын

                     Токчулуктун жылы болсун.

Байыркы Чыгыш элдеринде, ошонун ичинде кыргыздарда 2000 жылдан ашуун убактан бери кун менен тундун теңдешкен кунун жаңы жыл – Нооруз дешкен.

Нооруз – фарсы тилиндеги нав-жаңы, руз-күн деген сөзүнөн алынган. Ал бара-бара турк тилдериндеги элдерге төл сөз катары өтөт.

Нооруз – 

- Жаркыраган жаздын

- Жаштык жигердин

- Күжүрмөн эмгектин

- Жакшы тилек умуттун

- Биримдуулуктун

- Кайрымдуулуктун

- Боорукердиктин

- Ыймандуулуктун

- Адилеттуулуктун

- Таттуу, даамдуу жайыл дасторкондун майрамы.

Келди Нооруз жер энебиз нан берсин,

                    Жериме көк, жер жайнаган мал берсин,

                    Канат бутак өсүп, тукум жаңырып,

                    Бешиктерге бакыт шерик жан берсин.

Келди Нооруз, жаңырып кун, жаңы тилек,

                     Өмүргө бир кылчайып ойлонуучу.

                     Белгилеп амандыгын ар бир адам,

                     Кубаныч ар бир үйдө тойлонуучу.

 Келди Нооруз, дил майрамы жаркыраган,

                      Күндүн нуру төгүлүп дүйнө шаңдуу.

                      Өлбөгөн жан жазды көрдү кубанып,

                      Кыбырап күнгө умтулду бардык жандуу.

 

Нооруз жалган куран айынын 20сынан 21ине караган түнү өткөрүлгөн. Бул кунду баары: кары-жашына карабай чыдамсыздык менен кутушкөн.

Алар жаңы жылга жаңы кийимдерди даярдашкан. Алсак, карыялар, байбичелер ак, жашыл түстүү кездемелерден кийимдерди, көйнөктөрдү кийишкен. Ушул куну колунда барлар бей-бечараларга кайыр-садага беришкен. Ушул күнү Баба дыйкандар мол түшүмдү сурашып, үрөндү жакшылыкка жумшалсын деп себишкен. Ушул күнү айыл-ападагылар жаңы жыл бизге оттой ысык жашоону алып келишсин дешип, балбылдата от жагышып, тегеренип бий бийлешкен. Ушул күнү ага-туугандар, достор, коңшу-колоңдор бири-бири менен таарынышып журушсө, элдешишкен жана кечирим сурашкан. Ошентип, алардын биринин да көкүрөгүндө кири калбаган. Мына ушунусу менен Нооруз майрамы барктуу да, данктуу да болгон. Ошентип, Нооруз майрамын жылга-жыл улаар, өмүргө-өмүр улаар – улуу күндү тосуп алдык.

Куш келипсиз Нооруз!

Жер жарылып чөп чыгып,

Желин айрылып сүт чыксын.

Ар балээ бизден алыс болсун,

Дасторкон жайылып береке толсун.

 Ноорузга арналган тамак-аштын эң сыйлуусу, өткөрө сыйлуусу сүмөлөк менен чоң көжө болгон. Сүмөлөктүн келип чыгышы жөнүндө, эл ичинде ар кандай уламыштар айтылат, алардын бирин угуп көрөлү:

   Илгери өткөн заманда, жаркыраган жаздын алгачкы айында, калкты ачарчылык каптайт. Эл ичин өлум-житим аралайт. Жумурай-журттун айласы куруп, самандай сапырылат. Ошол заманда бир аялдын көп балдары бар экен . Кыйынчылык , жокчулуктан балдарынын жей турган тамагы жок . Алар тамак сурап ыйлашат. Эне эмне айла кылаарын билбей чоң казанга сууну куюп, ташты салып, кайната баштайт. Балдарына “мына азыр оокат бышайын деп калды” деген жоопту айтып, ыйлап,  оттон жагып олтуруп , балдары да өзү да уктап калышат . Эртең менен ойгонуп карашса казандагы таш кайнап , сүмөлөккө айланып калганын көрүшөт . Мына ошондуктан сүмөлөк сырдуу дагы ыйык дагы тамак деп аталып калган дешет .

   Сүмөлөк жасаш үчүн адегенде буудайды жууп, тазалап алабыз . Аны тегиз тактага жайып , күнүгө суу куюп турабыз . Ал жети күндө даяр болот, өнүп чыккан буудайдын узундугу 1-2 см ден ашыш керек. Буудай көп өсүп кетсе сүмөлөк кычкыл, даамсыз болуп калат. Өнүп даяр болгон буудайды жанчып, сууга салып сүзүп алабыз . Сүзүп алынган сууларды казанга куябыз. Сүмөлөккө сүзүп алынган суу, ун, 40 таш салынат . Жакшы тилек айтып , сүмөлөктү тынбай аралаштырып туру керек. Сүмөлөк эң узак 6-8 саат кайнап быша турган тамак. Сүмөлөктү баштаардан мурда жети токоч салынат . Жети күндө буудай өнөт. Жети саны кыргыз үчүн ыйык сан. Нооруздун дагы жети түрдүү тамагы бар. Алар: сүмөлөк, көк самса, бадырак, май талкан, эжигей, ширин күрүч , курут .

Сабакты жыйынтыктоо . 

“ Арыба, Нооруз!

Келе бер, Нооруз!

Элибиз айдан аман, жылдан эсен болсун!

Талаабызга ак нан берсин!

Алдыбыздан ак дасторкон,

Башыбыздан бак-дөөлөт,

Ырыс-кешик, ынтымак,

Узун өмүр ырашкерчилик кетпесин!” деген баталар жакында кирип келчу “Нооруз” майрамында берилет. Нооруз майрамы кайдан келбесин, анын символдору менен ритуалдары эмнени билдирбесин, кайсы ишенимге таандык болбосун – бул майрам миңдеген жылдар бою жер бетиндеги көптөгөн элдерин чыныгы элдик майрамы катары калууда. Аны 2010-жылы БУУ адамзаттын маданий мурасы деп жарыя кылып, “Бардык элдердин Эл аралык майрамы” деп бекитип берген.

    Үй тапшырмасы . Синквейн түзүү . Сүмөлөк .

Ыйык, таттуу .

Өнөт, кайнайт, бышат .

Сүмөлөк Нооруздун символикалык тамагы .

Таттуу  тамак































Сабактын темасы:Төрт мезгилдин өз-өзүнчө сыры бар.

Сабактын максаты:

  1. Жыл мезгилдери боюнча маалымат алышат.

  2. Жыл мезгилдеринин ѳзгѳчѳлүгүн билишет.

  3. Алган билимдерин турмушта колдоно алышат.

Сабактын кѳрсѳткүчтѳрү:

  1. Окуучулар жыл мезгилдери боюнча маалымат алышса;

  2. Жыл мезгилдеринин ѳзгѳчѳлүгүн билишсе;

  3. Алган билимдерин сүйлѳѳ кебинде колдоно алышса.

Сабактын жабдылышы: Түстүү сүрѳттѳр, видео ролик жыл мезгилинин макети.

Сабактын тиби: Жаңы билимге ээ болуу жана эркин сабак.

 Сабактар аралык байланыш: Адеп, мекен таануу, математика.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу.  Саламдашуу.

Балдар, бүгүн кандай күн ачык. Биздин да кѳнүлүбүз күндѳй жаркырап турат. Анда эмесе ушундай жакшы маанай менен сабагыбызды баштайлы.

Тарбиялык саатын максатын окуучуларга түшүндүрүү.



 Жаңы тема:

Бүгүнкү сабагыбыздын аты эле айтып тургандай, тѳрт мезгилдин ѳз ѳзүнчѳ сыры бар экендигин сабактын жүрүшүндѳ дагы жакшы билебиз.

Кана эмесе балдар, бир жылда канча мезгил бар?

Кана атап кѳрсѳңѳр?

Кимге кайсы мезгил жагат?

Мезгилдердин бири-биринен айырмачылыктарын айтып кѳрсѳңѳр?

Мына кѳрдүңѳрбү балдар, ар бир мезгил ѳз убагы, кооздугу менен айырмаланат.

Балдар, билесиңерби бир жылда 4 мезгил, 12ай, 52 жума, 365 күн, 8760 саат, 31миллон 536 миң секунд бар.

Ошондой эле ар бир жыл ѳз-ѳзүнчѳ аталат. Мисалы быйыл уй жылы.

Окуучуларга видео ролик кѳрсѳтүлѳт. Жыл мезгилдери жѳнүндѳ.

Окуучуларга доскадагы мезгилдер жѳнүндѳгү сүрѳттѳр менен таааныштырылат.

Окуучулар темадан түшүнгѳнү боюнча “Тѳрт мезгил” деген темада жомокту коюп беришет.

“Илгери ѳткѳн заманда Жыл аттуу ашкан акылман жашаптыр. Ал аябай боорукер, кѳп ѳнѳрдү билген адам экен. Анын Кыш, Жаз, Жай, Күз деген тѳрт уулу болуптур.



Жылдын экинчи уулу Жаз жана анын артынан Жай күндү аябай ысытып, булактар соолуп, кургакчылыктан кѳптѳгѳн жан-жаныбарлар ѳлүп калышат. Муну кѳргѳн Күз жамгыр, ага удаа эле Кыш калың кар жаадырып, катуу суук кылып жиберет. Буга чыдабаган курт-кумурскалар Жылга даттанып келишет.

Жыл ойлонуп бир күнү кыш, бир күнү жаз болсо болбойт экен. Ошондуктан мен тѳрт балама күндѳрдү бѳлүп берейин, ар кимиси ѳз иштерин ошол бѳлүнгѳн күндѳрдѳ аткарсын. Улуу балам Кышка 91 күн, экинчи уулум Жазга 91 күн, үчүнчү уулум Жайга 92 күн, эң кенже уулум Күзгѳ 91 бѳлүп берейин. Буга кандай дейсиңер? — дейт угуп отургандарга кайрылып. Буга бардыгы макул болушат”.

Ошентип, Жылдын тѳрт баласы тѳрт мезгил аталып калыптыр.

-Кана балдар, силерге жомок жактыбы? Мезгилдердин аталыштарын билип алдыңарбы?

Анда эмесе ким мезгилдер жѳнүндѳ ырлардан билет?

Кыш жѳнүндѳ ырлар

Боору оруп кыштын

Жалбыраксыз бутактарга,

“Бутактарың үшүйт” — деп ,

Ороп койду ак карга.

 

Аппак, аппак, аппак кар,

Ак кийинген бак-шактар.

Тоонун баарын карасаң,

Ѳзүнчѳ эле жомоктой.

 

Кыш керемет бизге,

Берекеңди бере бер,.

Элге бергин береке,

Жерге бергин береке.

Кана балдар, жаз жѳнүндѳ ким ыр билет?

Ѳзѳндѳ суулар мелтилдеп,

Ыргалат шибер желпилдеп,

Жаздын күнүн ырдадым,

Жаштар окуп жүрсүн деп.

 

Муздун баары тамчылап,

Ыйлап жатат барчылап.

Ал анткени жаз келди,

Салам сага, кѳк асман!

 

Күн жылмаят эми бизге,

Кардын жашы токтобой.

Суулар ырдайт шылдырап,

Жашыл чѳп да кылтыя.

 

Дарактын баары бүрдѳгѳн,

Мѳмѳлүү бактар гүлдѳгѳн.

Канаттуу кушка тил кирип,

Мукам-мукам үндѳгѳн.

Анда эмесе жай жѳнүндѳ ырлардан айталы

Ысык кумда какталып,

Сууга түшѳм түштѳ мен.

Ооруганды билбеймин,

Күнгѳ күйѳт бүт денем.

 

Байчечекей жакшы гүл,

Бакыт ырын жазчу гүл.

Жел ыргаса жайнаган,

Байчечекей жайкы гүл.

 

Кана, кана, канакей,

Карагыла анакей,

Бажырайып ачылган,

Жайкы күндү карачы.

 

Жайкы күндѳ гүлгѳ ашык,

Кѳпѳлѳктѳр гүлгѳ ашык.

Ширин соруп аарылар,

Гүлдү мактап ырдашат.

 

Куз жѳнүндѳ билген ырлардан айталы.

Коңур тартып туш-тарап,

Коон, алма жыттанат.

Аңыз кечип мүнүшкѳр,

Бѳдѳнѳгѳ куш салат.

 

Күз мээрими айланага алтын жаап,

Айланпадан балык ыргыйт жалтылдап.

Күнгѳ бышып, түркүн жемиш кызарып,

Агып барат ѳзөндѳ жай калкылдап.

 

Ырыскы чачып айлана,

Элдердин жүзү-жылмайды.

Кең болсо күздүн пейили,

Жыл жакшы болот турбайбы.

 

Берекелүү күз келди,

Айыл алма жыттанып.

Ак буудайдын данына,

Кампа толду шыкалып.

 

Шоола тартып, токой-түздүн жүзүн ѳѳп,

Күн келбетин мѳмѳлѳргѳ түшүрѳт.

Айлана тынч, кээде гана жел ойноп,

Алма шактан сууга чулп-чулп үзүлѳт.

Азаматсыңар балдар, мен силерге табышмак айтайын, тапкылачы?

Табышмак

Бир дарак бар экен. Анын он эки бутагы бар экен. Ал бутактарда тѳрт уя. Ал уялардын ар биринде  үчтѳн жумуртка бар экен. Бул эмне? (Бир жыл, он эки ай, тѳрт мезгилде үчтѳн ай бар экен.)

Азаматсыңар,силер табышмакты жакшы табат экенсиңер.

Сабакты бышыктоо 

Доскада тѳрт ак кагазда тѳрт дарактын сүрѳтү бар. Ал дарактарга ар бир мезгилге тиешелүү болгон сүрѳттѳрдү чаптап мезгил жаратышат.

Демек балдар, биз силер менен ар бир мезгилдин ѳз-ѳзүнчѳ сыры бар экендиги жѳнүндѳ  кеңири түшүнүк алдык.

Үйгѳ тапшырма:Тѳрт мезгилдин сүрѳтүн тартып келүү.











Сабактын темасы:

Мекенди коргоо- ыйык милдет




Сабактын максаты:Окуучулардын Ата Мекенге болгон сүйүүсүн козгоо. Эр жигиттердин аскерден качпоого, өз журтун коргоого даяр болууга тарбиялоо. Атуулдук сезимин ойготуу.




Сабактын жабдылышы:керектүү адабияттар, таркатмалар,сурөттөр.




Сабактын жүрүшү: Окуучулар сабактын башталышында “ Сен аскерге барууну каалайсыңбы?”,” Ата Журтту кантип коргойбуз?” деген суроолорго жооп беришет. Класста жалпы окуучулар талкуулашат. Бүгүнкү күндөгү кыргыз армиясынын абалы жөнүндө да кеп козголот.

Кыргыз армиясы чакырыктарга даярбы?

Кыргыз армиясы мурдагы союздук республикалардагыдай эле жаш армия. Бүтүндөй өлкөдөгү абал сыяктуу эле кыргыз армиясынын да азырынча чама-чаркы чектелүү. Армияда өзгөрүүлөр байкалып, барган сайын бир кадамдан алдыга карай жылыштар болгону менен абдан тездик менен өзгөрүп, өткөн дүйнө төрт кадам алдыга жулуп кетип жеткирбей барат.

Ошентсе да адистер кыргыз армиясы учурдун көйгөйү катары бүткүл дүйнөнүн коопсуздугуна бүлүк салып турган террорчулук, экстремизм сыяктуу коркунучтарга такай жардам бере аларына ишенишет. Анын үстүнө Кыргызстан Гланхой кызматташтык уюму, жамааттык коопсуздук келишим уюму сыяктуу уюмдардын алкагында аскердик кызматташуууларды тынымсыз жүргүзү п келет.

Аскердик кызмат кадыр баркын жоготтуубу?

Жашы жетип калган уландардын аскерден жаа бою качуусуна, кала берсе кызмат өтөбөө үчүн ар кандай иштерге баруусуна бир канча себеп бар.

Алардын эң негизги аскердик дедовщинанын көптүгү. Мындай абалга түшпөш үчүн аскер жашындагы уландардын көбү кызмат өтөөдөн кутулуунун жолдорун издей башташат. Ошентип аскерден калуунун жолдору изделип атып, текшерүүдөн өткөн, өзүнчө эле бир армиядан калуунун жолдорун үйрөткөн окуулук чыкчуудай болгон түрдүү ыкмалар чыга келди. Алардын бир дагы жогорку окуу жайларга тапшыруу менен аскердик кызматтан бошотулса, окууга өтпөй калгандары кийинки ыкмаларга өтүштү. Айрымдары шашылып үйлөнүп, балалуу болгонго ашыгышат.

Анткени, жубайы, жаш баласы барлар аскерге алынбайт, эгер биринчисине кийин удаасы менен дагы балалуу боло турган болсо, биротоло аскердик кызматтан бошотулат. Кыйласы башын оорутпай, дароо эле аскер комиссариатынын жетекчисине же бул тармакта иштеген тааныш билишине же алдынан акча бере коюшат. Өз кезегинде алар аскерге чакырылуучу уланды альтернативдик негизде кызматка калтырып, аскердик күбөлүк алып беришет. Ушул сыяктуу коррупциялык иштер аскердик тармактын алдыга жылышына чоң кедергисин тийгизип жатканы да айтылып келет. Армиянын жашоо шартына да кызмат өтөп келгендердин кыйласынын ичи чыкпайт. Бул жагдайда да жаштардын аскерге баруу ниетин тизгиндеп турат. Акыркы кездерде армиядагы жашоо шарт жакшырып калганы айтылганы менен, дале болсо коррупциялык элементтердин бар экендиги, аскерлердин тамак, аштары түгөл бойдон жетпей, жолдо кыйласы жок болору, ал аз келгенсип, аскерлердин курал кармаганды үйрөнбөй эле талада кетмен чабууга мажбур болгон учурлары кездешери айтылып калып жүрөт.




-Мугалим азыр биз макал лакаптарга орун берсек.




Эр энеден туулат,эли үчүн өлөт.




Коенду камыш,эрди намыс өлтүрөт.




Жолборс изинен кайтпайт,

Жигит сөзүнөн кайтпайт.




Чептен эрдин күчү бек.




Булбул гүлзарын сүйөт,адам мекенин сүйөт.




Ата Журтуңду Манастай сүй,

Ала-Тооңо Кошойдой күй.




Баатыр бир өлөт,коркок миң өлөт.




Байлык жерден чыгат,баатыр элден чыгат.

Булбул гүлзаарын сүйөт,адам ,адам мекенин сүйөт.




-Эмблема түзүү,аны жактоо

Мугалим ар кандай формадагы барактарды таркатат.Ага топтор сүрөт тартуу менен эмблема жасашат.Аны жактап беришет.Мындан сырткары ар бир топ өз ураанын айтыш керек.







Мугалим

-Сабагыбызды аяктап жатып апаларыбыздын көз жашы,аталарыбыздын эсепсиз төгүлгөн каны,сансыз өлүмү аркылуу келген мекенибиздин тынчтыгын түбөлүк бек сактайлы.Ал эми Мекенибизди тынч сактоо үчүн биздин уулдарыбыз ,ар бирибиздин мекен алдындагы ыйык милдетибиз,парзыбыз экенин унутпайлы.




Үй тапшырма:”Карегимде Ата Журт!”деген темада чакан дил баян жазып келү



Сабактын темасы: Мугалим – экинчи ата-энем

Сабактын максаты:

а)мугалимдердин кадыр-баркын билишет.

б) устат жана шакирт жөнүндө түшүнүк алышат.

в) мугалимдерге сый-урмат көрсөтүүнү үйрөнүшөт.

Сабактын методу:интерактивдүү метод

Сабактын жабдылышы:мугалимдер жөнүндө ырлар макалдар ,ватман,маркер, ак барак

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу

А.Осмоновдун “Мугалим” деген ырынан ар бир куплеттин өз-өзүнчө ватманга жазып илүү. Окуучулар ырды чогуу үн чыгарып көрктүү окушат.

Мугалим

Билим менен көгөртүп,

Эстүү болсун деп тилеп

Заманына жарашкан

Жакшы балдар болсун деп.

Тарбия берип тазартып,

Ырыстуу болсун деп тилеп.

Өлкөсүнө жарашкан,

Өткүр балдар болссун деп.

Жазгы сонун гүлдөрдой,

Кооздонтуп гүлдөтүп.

Ууз талдай буралтып,

Ак кайыңдай бүрдөтүп.

Маңдайынан нур төгүп,

Күлө карап турган ким?

Устатка кандай мамиле кылуу керек тигин төмөндөгү аңгемени айтып берем.Күндөрдүн бир күнүндө Улукман Акимдин устазы бир иш менен алардыкына келип калат.Атасы уулунун устазын үйгө кирүүгө чакырат.Ата менен устаз үйдө сүйлөшө баштайт да Улукмандын атасы отун алып келип чай кайнатууга жумшайт.

Бир убакта атасы сыртка чыкса, уулу ыйлап олтурат.

-Сага эмне болду?- дейт атасы.

-Сиз мени отунга жумшадыңыз,отун болсо тамдын башында,а устазым болсо тамдын ичинде олтурат, анан кантип мен анын үстүнө чыгып отун алам,-дептир.

Ата сөзүн таштап, устазды улуктаган Абу Али ибн Сина кийин атактуу дарыгер болбодубу.

Бышыктоо:

Мугалим жөнүндө дагы кандай ырларды билесиңер?

Үйгө тапшырма:
Мугалимдерге арналган ырларды, макалдарды жаттоо.



Сабактын темасы : ДОС ЖАНА ДОСТОШУУ

Сабактын максаты:



  • Дос, достук деген эмне экендигин түшүнүшѳт;



  • Текстти окуп, анын мазмунун түшүнѳ алат;



  • Жакшы, жаман достун кандай экендигин билишет;



  • Окуучулар ѳз ойлорун эркин айтууга үйрѳнүшѳт.

Сабактын жабдылышы:

Текст боюнча тартылган түстүү сүрѳттѳр, эки ватман, эки маркер (кызыл,

кѳк), темага байланыштуу таркатмалар ж.б. Сабактын ыкмасы: Багыттап окутуу



Сабактын жүрүшү:

Мугалим: Окуучум, бүгүнкү сага кайрылуучу насаат кебибиз достук жѳнүндѳ болмокчу. Достук деген эмне? Дос деген ким? Бул суроолорго жооп издеп кѳрѳлүчү , Дос - бул жан кыйышпас, кайгыңды тең бѳлүшѳѳр, кубанычыңа ортоктош болоор, ар дайым сага жѳлѳк, таяныч болоор асыл адам. Эгер сен достукка бекем болсоң, достуктун кадырына жете билсең гана жогорудагы биз айткандай дос болушу мүмкүн.



Тарыхтагы, элдик эпостордогу достуктун улуу үлгүлѳрүнѳ кайрылып кѳрѳлүчү. Мисалы, «Курманбек» эпосундагы Курманбек менен Аккандын достугун айтсак болот. Курманбек баатыр жоо огунан жараланып, ажал менен алпурушуп ээн талаада жаткан мезгилде аны жараатынан тазалап, дарыгер алдырып дарылап, үстүнѳ тон жаап, ичерине тамак камдап, кийин ал кѳз жумгандан соң баласы Сейитбекти асырап алган Аккан достуктун шертин аткарды десек болот. Дос мына ушундай кыйынчылык башка түшкѳн убакта сыналат эмеспи. Алардын достугу достуктун кадырына жетүү, достукка бек болууну айгинелеп турат.

Талкуу:



Достук жѳнүндѳ

Пайдалуу достон үчѳѳ, зыяндуу достон үчѳѳ болот. Пайдалуу досторго -

чындыкты бетке айткан, сѳздү түз сүйлѳп, кѳптү кѳрүп, кѳп билген адамдар кирет.



Зыяндуу досторго - эки жүздүү, калп айтканга эптүү жана маңыз адамдар кирет.

Конфуций





Бышыктоо: Акмак адамдан дос күтпѳгүн дейт эмне үчүн? Ойлорду жазышат



Үйгө тапшырмалар:

1.«Дос кандай болуш керек?» деген темада дилбаян жазгыла.

Сабактын темасы: ҮЙ-БҮЛѲДѲГҮ БИР ТУУГАНДАР МАМИЛЕСИ



Сабактын максаты:



  • Үй-бүлѳдѳгү бир туугандардын тарбияларынын маанисин түшүнүшѳт;



  • Текстти окуп, анын мазмунун түшүнѳ алат;



  • Тексттеги каармандар жѳнүндѳ айтып бере алышат;



  • Окуучулар ѳз ойлорун эркин айтууга үйрѳнүшѳт.

Сабактын жабдылышы:



Текст боюнча тартылган түстүү сүрѳттѳр, эки ватман, эки маркер (кызыл, кѳк), темага байланыштуу таркатмалар ж.б.



Сабактын ыкмасы: Башкарып окутуу

Сабактын жүрүшү:



Мугалим:

Бир тууганың -уялашың, тирегиң,

Алар үчүн аябагын барыңды.



Ажал келсе аларга түз бет мандай,



Артка качпа бергин асыл жаныңды.

К. Акматов

Балдар, «Күч бирдикте» жомогун эсиңерге салып кѳргүлѳчү. Андагы ыркы жок, ынтымаксыз бир туугандар, үй-бүлѳсүн ырашкерликке чакыра албаган балдардын атасынын абалы силерди ойлондурбай койбойт.

Силер дагы балдар сындыра албаган топ табылгыдай биримдикте болгула. Үй-бүлѳнүн ынтымактуулугун сактагыла. Бири-бириңерди сыйлап, «байке», «эжеке», «иничек», «карындашым», «сиңдим » деген жагымдуу сѳздѳрдү аябагыла, Бул ызаттуу сѳздѳр ынтымак, ырашкерликке үлүш болот.

“Куч бирдикте” жомогу мугалим тарабынан окулат.

Ой жүгүртүү үчүн суроолор:



1.Үй-бүлѳдѳгү бир туугандардын тарбиясы кийин турмушта ѳз таасирин тийгизет деген ойго кандай карайсынар?

Нуска сѳздѳр



Биз жакшылыкты билсин деп айтпайбыз,

Жакшы адам болсун деп айтабыз. (Аристотель)



Жамандыкты чын ниети менен жек керген адам гана жакшылыктын кадырына жете алат. ( Ф.Шиллер)



Күн асмандын нур чачкан кѳркү болсо,



Абийир адамдын нурданган кѳркү. ( Д.Бокаччио)



Үйгө тапшырмалар:



  1. «Күч бирдикте» жомогунун негизинде сүрѳт тартып, негизги маанисин сүйлѳп бергиле.























































Сабактын темасы: Жарашыктуу кийинүү да адеп

Сабактын максаты: Окуучулар ар бир доорго жараша ар кандай кийимдердин бар экендигин түшүнүшөт. Ошону менен бирге эле адамдар жарашыктуу кийинип жүрүш керек экенин билишет.Темага байланыштуу ыр, макал, табышмактарды айтып беришет.

Сабактын жабдылышы: доска, сүрөттөр, видео-слайд

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу: Сабактын темасын жана максатын түшүндүрүү.

1.Саламатсыздырбы ата-энелер,окуучулар! Бүгүнкү ―Жарашыктуу кийинүү да – адеп‖ аттуу класстык саатыбызды ачык деп жарыялайбыз! Кийим – адамдын денесин тышкы чөйрөнүн ар кандай жагымсыз таасирлеринен коргоочу буюмдардын жалпы аты. Кийим элдин чарбалык-маданий жашоосуна жана жашаган чөйрөсүнө ылайыкталган. Кийимге жүн,тери жана кездеме пайдаланылган. Кийимдин жаңы түрлөрү байыркы кийимдерди биротоло сүрүп чыгарбастан, аларды толуктаган. Кыргыздарда кийимдер эркектики,аялдыкы,балдардыкы болуп жыныс, жаш курактарына карата бөлүнгөн. Кыз-келиндер өңү ачык, түстүү кездемелерден кийинген. Аялдардын кийимдери жаш өзгөчөлүктөрүнө карата ар кандай кооздуктар, ойсо-чиймелер менен көркөмдөлгөн.

2.Доскадагы сүрөттөр боюнча аңгемелешүү.

3.Биз кийимдер жөнүндө маалымат алдык.Азыр болсо презентацияга көңүл бөлөбүз.

4.Бүгүн тарбиялык саатыбызды көргөнү келген апаларыбызга арнап Жасмин ―Апакем‖ ырын ырдап берет. 5.Ак калпак байыртадан эле кыргыз эркектеринин улуттук баш кийими, атабабаларыбыздын мурасы катары саналып, өзүнө терең философияны камтыйт. Ак калпак – тоолордун жана тазалыктын символу. Анын формасы Кыргызстандын ак кар, көк муз баскан тоо чокуларын элестетет. Анда эмесе биздин жигиттер ―Калпак‖ жөнүндө ырларды айтып беришет. Ак калпак жөнүндө ыр саптары Көк мелжиген мөңгүлүү бийик тоону, Кадиев Ариет Кичирейтип жасаган калпак кылып. Тоолор жылып жатабы деп ойлойсуң, Кыргыздар ак калпакчан бара жатса. Калпакты кийгенимде ойлор келет, Манасбеков Элдар Боз үйдө комуз чертип жатканымда. Кыргыз кызы кымыз сунат ичиниз деп, Жайлоодо ат чаап жүрөм, улак ойноп. Ак мөңгүлүү Ала-Тоонун сереси, Алманбетов Узак Ак калпакка чөгөрүлгөн элеси. Ак калпакты алтынга да алмашпа, Бул кыргыздын эң бир ыйык элеси. Ызгаар шамал урса дагы ашынган Базарбаев Умар Ак калпакты учурбагын башыңдан. Бул ак калпак ыроолонгон Теңирден, Көкүрөккө түйүпалгын жашыңдан. Чен элдерге ызаат менен ийилип, Жумгалбеков Акбар Сый-сыпатын, сыйкорлугун билгизип, Ата-бабам аздектеген калпакты, Өзгөчө да белек кылат кийгизип. Мындан башка белек жокпу аларга, Женишбеков Ариет Көңүлүн таап көкөлөтүп саларга. Сөзсүз эле баш кийимди берүүбү, Эмне үчүн муну албайбыз капарга.

6. ―Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат‖ дегендей азыр жигиттер ―Мен кыргыздын уулумун‖ аттуу ырды аткарып беришет. Мен кыргыздын уулумун Үйү болгон эзелтеден көктө жылдыздын, Көркү ажайып, көз тандырган ээси чындыктын. Ала-Тоодо ат салышып, бүркүт таптаган, Мен уулумун шамал жиреп, өскөн кыргыздын. Сыймыктанам, мактанам, жер жүзүнө жар салам, Мен кыргыздын, мен кыргыздын, мен кыргыздын, уулумун. Уламалуу уясындай ыйык нур куттун, Уюткулуу улут болуп устун тургуздуң. Кыйындыкта оттой жанып, белин чечпеген, Мен уулумун көз ирмебес, баатыр кыргыздын. Сыймыктанам, мактанам, жер жүзүнө жар салам, Мен кыргыздын, мен кыргыздын, мен кыргыздын, уулумун. Түпкүлүгүн түптөп бекем, жашоо-турмуштун, Түк буздурбай сактап боосун таза чындыктын, Бүт чегелеп түндүгүнө жылдыз кадаган, Мен уулумун кут ширеткен чебер кыргыздын. Сыймыктанам, мактанам, жер жүзүнө жар салам, Мен кыргыздын, мен кыргыздын, мен кыргыздын, уулумун.

7. ―Сөздүн көркү – макалда‖ демекчи азыркы кезекти макал айтууга берели. Адамдын көркү - чүпүрөк, жыгачтын көркү - жалбырак. Билгенден биле элегиң көп, көргөндөн көрө элегиң көп. Кийим менен мактанбай, билим менен мактан Кийимдин калыңы кир көтөрүмдүү, Кишинин калыңы сөз көтөрүмдүү. Көйнөк тердебесе, талаа гүлдөбөйт. Көйнөктүн кирин – жууса кетет, Көңүлдүн кирин – айтса кетет. Көлөкөгө карап тон бычпайт. Өнөрүң болсо, өргө чап. Өтүгү жаман төрдү булгайт, Оозу жаман элди булгайт Өтүгү жокко өзүм барам, Тону жокко салам айта бар. Өтүгүң майрык болсо, жериң түз болбой койсун. Өтүгүң тар болсо, дүйнөнүн кеңдигинен не пайда? Өтүкчүнүн жанына жолобо, ―Бир нерсем жоголду‖ дейт. Өтүкчү өтүккө жарыбайт, уста балтага жарыбайт. Тышы жалтырак, ичи калтырак Эже кийгенди сиңди киет. Эжелүү кызга тон кайда. Эчкилүү койго суу кайда?

8.Үч буроо, жалгыз тээк, үч кыл комуз Чертилбейт күүгө келбейт чебер колсуз Оп оңой көргөн көзгө, жөп жөнөкөй Бирок да өнөрү бар айтып болгус Кезекти комуздун коштоосундагы жагымдуу чыгармага беребиз. Сезим апасы менен ―Мукгалим‖ чыгармасын аткарып беришсин

9.Жаш кайыңдай буралган Тал чыбыктай суналган Кыргый мүчө кымча бел Кыргыздын сулуу кыздары ―Кыргыз бийин‖ бийлешет.

10. Табышмакты ким, бат тапса, тапкычтыгы билинет.Кана анда балдар, ата-энелерибизге табышмакты жашырабыз. Бара берет, бара берет, Оозу ачылып кала берет. (көлөч) Жердиги ак, кыюсу кара, Ача кайрык төрт талаа. (калпак) Ирегени жердеген, Төргө басып кирбеген. (Көлөч) Чаң жугузбай барктайбыз, Бассак ансыз баспайбыз, Жат-жатууга келгенде, Жандан оолак таштайбыз. (Өтүк) Капталы тилик, Дайыма кыргызда болот, Жүнбаскан чокуну минип, (Калпак) Кыйыктуу көйнөк кийген асыл таяк, Көтөрсөм, тамчы... тамчы... этек жаят, Көз жашын табигаттын, же аптабын Өзүнө тосуп алат мени аяп.(Калпак) Беш кичине үйү бар, Жалгыз бир эшиги бар. (Мээлей (кол кап)) Жылт этти, Жылгадан ашты. (Ийне) Ак дүйнөдө бир кемпир бар жалгыз аяк, Оозуна тиштегени — чийден таяк. (Ийик) Жөпжөнөкөй жасалган, Ысыктыкты ката алган Бырыш-тырыш кийимдерим Мына ошондон жасанган. (Үтүк) Басып жүргөндө Эки эгиз балабыз Тамак ичкен убакта, Столдун алдына барабыз. Элдер уктап жатканда Оозгу үйдө калабыз. (Ботинка, галош Эртен менен тура калам, эки жолго түшө калам. (Шым)

11.Сабагыбызды жыйынтыктоочу ―Кыргыз калкым‖ ырын тартуулайбыз. КЫРГЫЗ КАЛКЫМ Кемер кур, кемсел өтүк, ак калпагы, Кээ бирөө билбейт жүрөт анын баркын. Элинен белги берип тааныштырган, Киймиңден кагылайын, кыргыз калкым. Кайырма: Кыргыз калкым, кыргыз калкым, Киймиңден кагылайын, кыргыз калкым. Үйүнө конок келсе жүзү жарык, Кой союп, сыйлай билет ата - салтын. Кызытып кымыз берип, май жегизген, Пейлиңден кагылайын, кыргыз калкым. Кайырма: Кыргыз калкым, кыргыз калкым, Пейлиңден кагылайын, кыргыз калкым.

12.Жыйынтыктоо:Балдар бүгүнкү сабагыбызды жыйынтыктап жатып, былтыркы пандемияга байланыштуу виниеткаларларыбызды тапшыра албай калганбыз.Бүгүнкү ачык сабагыбызда балдарга винеткаларды жана онлайн окуу учурунда жетишкен ийгиликтерине грамоталарды тапшырууга уруксаат этиңиздер!

































Бата менен эл когорот



Окуучула бата деген создун маанисин билишет, бата беруу, бата алуунун маанилуулугун талдай алышат, жашоо тиричилигинде колдонууга тарбияланышат. Батаны ак сакал кишилер беришет.

видеону бул ссылка аркылуу коро аласыздар -    https://youtu.be/bg8rzamBZfM


Бата менен эл когорот

  • Бата тийген кишини бак жалгайт. Бата оңойлук менен жанбайт. Эгер бата жанса бак тайыйт. Батаны эл-журтка кадыр-баркы бар, көптү билип, көптү көргөн нарк-нускалуу даанышман карыялар, ак элечек байбичелер керек учурда гана берген. Мындай адамдардын батасын алыш үчүн кыйла жыл кызматын кылгандар, алыстан ат арытып атайын келгендер да болгон. Кээде эл чакырып бата сурашкан. Элдик бата касиеттүү, ыйык эсептелет. Кыргызда «эл керегине жараган киши бол!» - деп бата беришет.

  • Бул бата - кыргызга гана тиешелүү. Ошондой болсо да эл оозунда сакталып келаткан батанын түрлөрү көп.

  • Алсак, колго суу куйганда колун жууган киши суу куйган балага «өмүрлүү бол, бактылуу бол! Өркөнүң өссүн! Кудай тилегиӊди берсин! Кудай жалгасын! Тилегиңе жет!» деген батасын берет.

  • Ал эми ымыркай-уулга: «касиеттүүнүн сөзүнөн сакта, кескинин көзүнөн сакта, акелерине атчы болсун, үкөлөрүнө башчы болсун, жорткондо жолун ач, жоомарт кылып колун ач»;

Той ээсине: «керегең кептүү болсун, келиниң септүү болсун, уугуң учтуу болсун, уулуң туштуу болсун», күйөөгө узачу кызга же жаңы келген келинге: «кайнатаңды хандай көр, кайненеңди жандай көр, суу сунсаң да сумсайбай, алтын аяк балдай бер», эл керегине жарачу мыкты чыкма уулдарына «Теңир телегейиӊди тегиз, бактыӊды эгиз кылсын. Кем болбо, тең бол. Жолуң ачылсын,

  • Батанын касирет-күчү касиеттүү деп эсептелет. Кыргызда кан Кошойдун Каныкейге берген батасы, Түгөлбай Сыдыкбековдун, Кусейин Карасай уулунун, Аксаамай Кыдыраалы кызынын ж.б. баталары белгилүү. Тескери (терс) бата деген да болгон, аны ууру-кескилерге, чыккынчыларга ж.б. багытташкан. Ал эми «ырахмат» деген сөз бата эмес, тек гана ыраазычылык билдирүү. Батаны тамак ичилип бүткөндөн кийин аксакал адам алакан жайып бата берет. Куру дасторконго (тасмалга) бата тиленбейт.



        

 

 

 

 







Сабактын темасы: КѲП УГУП, АЗ СҮЙЛѲ, ОЙЧУЛ БОЛ

Сабактын максаты:



Окуучулар сүйлөө маданиятын үйрөнүшөт. Көп сүйлөөнүн зыяндуулугун түшүнүшөт. Ойчул болууга умтулушат.



Сабактын жабдылышы:

Талкуулоо үчүн тексттер.

Сабактын жүрүшү:



1-кадам: Мугалим окуучуларды 2 топко бөлөт. Ар бир топко текст берет.



Топтор текстти талкуулашып, класска жалпы презентация жасашат.

Мугалим:

Элибизде “Сууну сиңген жерге куй, сѳздү уккан кишиге айт”, “Ойлобой сүйлѳгѳн онтобой ооруга жолугат”, “Ойноп сүйлѳсѳң да, ойлоп сүйлѳ” деген нуска кептер бар. Бул сѳздѳрдүн түпкүлүгүндѳ кыргыз элинин адеп-ариетин чагылдырган түшүнүктѳр камтылган. Урматтуу жаш жеткинчек, бирѳѳнүн сѳзүн тыңдай билүү, аны түшүнүү, ойлоно билүү, сѳз кадырын билүү, аны кѳкүрѳктѳ бекем сактап калуу сендеги артыкча сапаттардан болуп саналат.



Кыргыз эли сѳз баккан, тирешкенин сѳз менен жыккан, ойго кенен эл. Кѳп сүйлѳгѳндү бабыр же тантык деп коюшкан. Кѳп тыңдап, аз сүйлѳсѳ да маанилүү саз сүйлѳп, чечендик ѳнѳрдү туу тутушкан. Элибизден чыккан Жээренче чечен, Акыл Карачач, Асан Кайгы ж.б. кѳптѳгѳн сѳз усталарынын ѳрнѳктүү ѳмүрү бүгүнкү күнгѳ чейин жетип келди. Силерге кыргыз элинин “Чечен келин” деген жомогун сунуш кылмакчымын, сѳз кудуретин баамдагыла. Чечен келин



Илгери бир кѳпкѳлѳң тарткан мырза жигит жолоочулап келе жатып бир үйгѳ токтойт. Үйдѳн бир сулуу жаш келин чыга калып, коноктун атын алып, үйгѳ киргизет. Мырза жигиттин куржуну бар экен. Үйгѳ киргенде ал бой кѳтѳрүп, бир жагынан жардыраак турмушту шылдыңдап: “Бул куржунду кайсы жерге илейин, келинчек”, - деп кекирейет. Анда келин: “Эгер сексен баштуу керегеден куржунуңуз илине турган баш табылбай калса, анда мойнуңузга илип алыңыз”, - дейт. Жигит келиндин туура сѳзүнѳ жыгылат.



.Эртеси келин конокту узатат. Мырза жигит аттанып жѳнѳѳрдѳ, конгон үйдүн чоң дѳбѳтү үрүп, жигиттин үзѳңгүсүнѳ асыла кетет. Жигит эңкейе калып, дѳбѳттү камчы менен башка тартып жиберет. Дѳбѳт каңшылап калат. Анда келин каңшылап жаткан дѳбѳттү эркелетип: “Кой, Маңгыт, ыйлаба! Агасы инисин уруп койсо эчтеке болбойт” - дейт. Ошентип чечен келинден мырза жигит сѳзгѳ сынып, сѳзгѳ сѳлтүк, кепке кемтик болуптур.

Бышыктоо үчүн Суроолор:



1. “Сууну сиңген жерге куй, сѳздү уккан кишиге айт” деген макалдын маанисин кандайча түшүнѳсүң?

2.Эмне үчүн аз сүйлѳ, ойчул бол деп айтылат?

3. Чечен келин эмне үчүн жигитти кайра-кайра сѳзгѳ жыгып жатты?

Үйгө тапшырмалар:



1.Жолдошуң менен чечен сѳздѳр аркылуу кат алышып кѳр.

  Сабактын темасы: Жаратылышты коргойлучу замандаш!

Сабактын максаты: Жаратылыштагы жандуу жана жансыз заттарды айрып таанытуу менен бирге окуучулардын жаратылышка болгон сүйүүсүн ойготуу, аяр мамиле жасоого багыт берүү, табигый байлыктарды сарамжалдуулук менен пайдалана билүүгө багыттоо, жаратылышка анын кубулуштарына кызыгып байкоо жүргүзүүгө тарбиялоо.



Сабактын жабдылышы: маркер, ватман, жаратылыш жана өсүмдүктөр тууралуу сүрөттөр, плакаттар 3-минуталык слайд.



 Жаңы теманы баяндоо:



Кана балдар жаратылыш жана аны курчап турган чөйрө менен таанышуубузду баштайлы.



ЖАРАТЫЛЫШ ДЕГЕН ЭМНЕ?

-Айланаңа көз чаптырып көрчү. Ооба, сен күндү, асманды, булутту, жерди, өсүмдүктөрдү, жаныбарларды көрөсүң,-демек ушулардын баары  жаратылыш.Бизди курчап турган дүйнө.

Күн, асман, булут, таштар, суу, жаан, кар  булар жансыз жаратылыш.

Өсүмдүктөр, жаныбарлар, адам  булар жандуу жаратылыш. Канаттуулар да, айбандар да, кескелдириктер да, жыландар да, ташбакалар да, бакалар да, балыктар да, курт-кумурскалар да, курттар да жаныбарлар экенин эсиңен чыгарба.

Жаратылыш  бул биздин айланабыздагы өтө таң каларлык нерселер. Ар бир кадам сайын сен ошол таң каларлык нерселердин сырын ачууга мажбур болосуң. Алгачкы сапарыңды жылдын ар кайсы мезгилиндеги жаратылыштын жашоотиричилигине байкоо жүргүзүүдөн баштайсың.

Жаратылыш  биздин эң жакын досубуз. Ал биздин жашоо тиричилигибизге керектүү көп нерселерди берет. Ошол себептен адамдар жаратылышты коргошот, анын байлыктарын арттыруу максатында көп эмгектенишет.

Жаратылыш – таланттын жан досу

Абасы таза, жаратылышы кооз жерлерден таланттар көп чыгат дешет. Шаркырап аккан тунук суу, суу түбүндөгү ар кандай балыктар, ар бир дабышты улап жаңырган аска жана ал асканын күчүнө моюн бербей тең ортосун жарып чыккан арча, карагайлар адамдын жан дүйнөсүн кызытып талантына талант кошот. Айта берсе сөз түгөнгүс болгон жаратылыш кооздугун жүрөгү назик адам сезе билет, суктана билет. Айлана-чөйрөсүн аярлап карап, ар бир нерсенин ийне жибине чейин кылдат баамдаган адам гана жаратылыштын ушул кереметин, сулуулугун жан дүйнөсү менен жүрөгүнө жакын кабыл алат.

Жаратылыштын өзүнөн эле зор күч алат. Мындай чөлкөмдө жашаган элден таланттар көп чыгат.

Кана арабызда таланттуу балдар барбы?

Жаратылыш-сенин койнуң эң кенен,

Азаматсыңар, бирок биз дайыма эле табияттын сырларын, кооздугун байкай бербейбиз. Биздин өлкөдө жоголуп кетүү коркунучунда турган өсүмдүктөр, жаныбарларды коргоо максатында «Кызыл китеп» басылып чыккан. Аларды өз убагында коргоп калбасак, жаратылыш өз кооздугунан айрылат.

-Араңарда Асанкайгы деген киши жөнүндө уламышты укканыңар барбы?

Жылдызбек кызы Диана : Илгери Асанкайгы деген боорукер, акылман, көрөгөч киши жашап өткөн экен. Ал жан-жаныбарларды аяп минтип ырдаган экен.

Асанкайгынын сөзү:

Салган тамы жок,

Кылган иши жок,

Алган даны жок,

Мал багарга даны жок.

Көзү башын көгөртүп,

Баягы көгөн байкуш кантти экен?

Көрө турган көзү жок,

Чымын байкуш кантти экен?

Таразасын көтөрүп,

Тырмаңдаган шо байкуш.

Таш бака байкуш кантти экен?

Боору жерге жабышкан,

Баса албаган балчактап,

Бака байкуш кантти экен?

Куйругу жок, жалы жок,

Кулан байкуш кантти экен?

Кирер эшиги жок,

Корголор тешиги жок,

Коңуз байкуш кантти экен?

Суукка муздап, сөөгү сыздап,

Көргүлүктү көргөн чыгар,

Балык байкуш кантти экен?

Жайлоодо жабуу албаган,

Арык байкуш кантти экен?

Курт-кумурска үйү жок, Куурап баары өлгөн чыгаар,

Өлбөсө да байкуштар,

Көргүлүктү көргөн чыгар.

Жанын сууда жашырып жүргөн, Чаян байкуш кантти экен?

II Өсүмдүк жана айлана-чөйрө.

Өсүмдүктөрдүн жашоо тиричилиги үчүн белгилүү бир шарттар зарыл. Ал эми тиричилик шарттары жаратылыштын ар кандай факторлорунун таасирине жараша болот. Өсүмдүктөрдүн тиричилигинде жансыз жаратылыш факторлору: жарык, суу, температура, минералдык туздар. Эң маанилүү роль ойнойт. Өсүмдүктөргө ошондой эле жандуу жаратылыш факторлору ар түрдүү тирүү организмдердин, анын ичинде кишинин да иш аракеттери таасир тийгизет.

Жарык өсүмдүктүн тиричилиги үчүн зарыл. Ансыз хлорофили пайда болбойт жана фотосинтез өстүрбөйт. Жарык өсүмдүктүн кадимкидей өсүшү үчүн керек. Караңгыда өскөн өсүмдүктөр узун жана агыш болот.

Жылуулук да өсүмдүктөрдүн тиричилиги үчүн керек. Алардын бирөө жылуулукту сүйөт, башкалары тескерисинче суукка абдан чыдамдуу келет.

Суу өсүмдүктөргө керек. Ал ар бир тирүү клетканын цитоплазмасынын жана клетка суюктугунун составына кирет. Суу болсо өсүмдүк боюнча азык заттар жыла албайт, фотосинтез жүрбөйт, буулануунун натыйжасында өсүмдүк өтө ысып кетпейт. Ар кайсы өсүмдүктүн сууга болгон талабы ар кандай болот.

Өсүмдүк дем алганда абдан кычкылтекти сиңирип алат, ал эми фотосинтез убагында көмүр кычкыл газын сиңирип алат.

Минералдык заттар өсүмдүккө топурактан келет, бирок өсүмдүккө алардын ичинен көбүнчө азот, фосфар жана калий баарынан көбүрөөк керек. Өсүмдүккө бор, марганец, темир абдан аз өлчөмдө керек.

Андан башка өсүмдүккө алардын айланасындагы тирүү организмдер –жаныбарлар, башка өсүмдүктөр жана микроорганизмдер таасир этет.

Өсүмдүктөр өз кезегинде, айлана-чөйрөгө да таасир этет. Алар абанын составын өзгөртөт: аны нымдайт, көмүр кычкыл газды сиңирип алат да, кычкылтекти бөлүп чыгарат.

Өсүмдүктөр топурактын составын өзгөртөт. Алар абдан бир затты соруп алып, ага башка бир затты аларга бөлүп чыгарат.

Эмесе балдар таблица менен иштейли:

1-топко тапшырма: 2 топко тапшырма




жаратылыш

  • Ү схемасы менен иштөө

Сезип турам:

- күндүн жылулугун;

-жаныбарлар менен адамдардын ортосундагы бири-бирине болгон ишеничти;

- салкын желди;

Көрүп турам:

- абышка- кемпирди, кызды

-чычканды, күчүктү, түлкүнү;

-үйдү, күндү, бак –дарактарды, чамгырды;

Угуп турам:

-адамдардын жаныбарлар менен сүйлөшкөнүн;

-кемпир-чалдын кыйкырыгын;

-короодогу түрдүү үндөрдү



Чайнвордду чечемелегиле

Туурасынан:

1.Тынчтыктын символу

2.Фотосинтез жүрөт

3. Дандан жасалат

Тигинен:

1.караңгыда көрөт

2. өсүмдүктө болот

3. Дандан жасалат





1 2

к

ө

Г

ү

ч

К

ө

н



2



к



3











ө

с

ү

м

д

ү

к











3



А















н

а

Н



































Мугалим жаратылышка аяр мамиле жасоо жана коргоо жөнүндө түшүнүк берет.

-Табиятты коргоо , курчап турган чөйрөгө сарамжал мамиле кылуу азыр бүткүл дүйнөдө эң маанилүү жана актуалдуу маселеге айланып олтурат . Атмосферанын жалпы жылууланышы , жыл сайын жана туруктуу болуп турган техногендик алааматтар , биосферанын кескин начарлашы адамдарды Жер планетасынын тагдыры жөнүндө ойлонууга аргасыз кылууда. Тилекке каршы , соңку мезгилде табигый ресурстарды коргоого талаптагыдай көңүл бурулбай калгандыктан тоолордогу жана адырлуу зонадагы токойлордун абалы өзгөчө кооптонууну пайда кылат . Бак – дарактар жөнү жок кыркылып , отун кылуу максатында же курулуш иштерине пайдалануу үчүн жырткычтык менен кыйылып жатты . Ал эми адам баласынын турмушунда жашыл бак – дарактар , токой маанилүү ролду ойнойт . Демек биз жаратылышты коргоо менен бирге түрдүү өсүмдүктөрдү өстүрүүгө милдеттүүбүз.

Бышыктоо.

  1. Балдар табиятка же жаратылышка аяр мамиле жасалбаган учурларды кайсы жерлерден көп кезиктиресиңер, жана аларды коргоо боюнча кандай оюңар бар?

  2. Биздин мектептин айланасында кандай дарактар отургузулган жана жазында кандай көчөттөрдү отургузабыз

  3. Суу сыйлаган зор болор, суу кордогон кор болор деген макалды турмушта кандай пайдаланабыз?

  4. ”Канаттуулардын уясын бузуп, балапандарын өлтүрбөгүлө, канаттуулар каргайт”-деген түшүнүккө кандай мамиледесиң

Жыйынтыктоо:

Окуучулардан жогорку суроолорго жооп алгандан кийин мугалим сабакты төмөндөгүдөй жыйынтыктаса болот. Табият менен таттуу мамиледе болуу окуучулардын жан дүйнөсүн тазартып, руханий бийиктикке көтөрүлүп, адам жаратылыштын бир бөлүгү экендигине ишенет.

Үйгө тапшырма: «Жаратылыш жан досум» деген темада аңгеме түзүү


























































Ата – эне мээрими чексиз

Сабактын темасы : Ата – эне мээрими чексиз .

Сабактын максаты:

а) Окуучулар теманын  мазмунун , маанисин  билүүгѳ үйрѳнүшѳт.

б)  Ѳз оюн эркин далилдүү айта билүүгө машыгышат.Анализ жүргүзүү, талкуулай билүү көндүмдөрүн өнүктүрүшөт.

в) Окуучулар бирин бир пикирин угууга , башкалардын оюн түшүнүүгө жана ата – энени сыйлоого , урматтоого ,  аларга кам көрүүгө тарбияланышат .

Сабактын тиби : Жаны теманы тушундуруу

Сабактын методу:  Айттып беруу

Сабактын жабдылышы : Дептер

                                          Сабактын журушу

Уюштуруу: Саламатсынарбы, балдар ? Маанайынар жакшыбы ? Сабакка жакшы даяданып келдикпи? Бугун кайсы кун жана кайсы ай ?

Уй тапшырма: текшеруу

Жаны тема :Бул жашоода ар бир адам баласы үчүн эӊ кымбат , эӊ ыйык жана дүйнө жүзүнөн табылгыс нерсе ата – эне . Ата – эне Жараткандын адам баласына тартуулаган мээримдүүлүк өлкөсү , үй – бүлөнүн бакты – куту , бейпилдиктин жана шаттыктын тийип турган күнү . Алар биз үчүн эӊ зарыл , эӊ улуу жана кадырлуу адамдар . Туура , ата – эненин жүрөгү кеӊ талаа . Алар жашообуздун башкы каарманы ,өздөрүнө баардык нерсени камтып турган мээримдүү  , боорукер , балдарына болгон сүйүүсү чексиз , жан дүйнөлөрү назик жандар .

       Ата – энелерди урматтап сыйлап билүү биздин милдет. Биз жарык дүйнөгө келгенден баштап , жаныбыздан карыш жылбай баккан биздин ыйык ата – энелерибиз .

      Алар өтө сезимтал жан болушат . Эч нерсени көрбөсө да жүрөгү менен сезип , билип , туюп турат . Алар биздин ар кандай кыял - жоруктарыбызга  чыдап  , таалим – тарбия берип , акыл – насаат айттып турушат .Биз оорусак кошо ооруп , ыйласак  кошо ыйлайт.Чындыгында алардын бизге болгон мээрими , сезими менен өзгөчөлөнүп турат .

      Биздин жакшы ийгиликтерге жетишибиз үчүн өмүр бою күрөшүп келген , мээримдүү , айтса сөз жеткис ыйык ата – энелерге кызмат кылууга , ыраазы кылууга биз баарыбыз милдеттүүбүз.

Бышыктоо :

       Атакем

Ата деген , Ата экен да аты улук ,

Уул - кызым деп , жерге – сууга өзүн уруп .

Балдарынын амандыгын тилейт экен ,

Турса дагы өзү ооруп , алы куруп .

Бар болгула ! Балам деген атакелер ,

Биз өсүп , кызматыӊар кайтып келээр.

Аман болуп , ден – соолукта жүргүлөчү,

Перзент үчүн чоӊ зоосуӊар , Ата Силер .

     Эне

Эне сага кандай мактоо жарашат ,

Эне сенден ким сыймыкты талашат .

Эне сага эч ким теӊдеше албайт эч бир жан ,

Баардык мактоо сага гана жарашат .

Ак шейшепке орор сени ,

Кичинеӊден баккан ким ?

Уйку көрбөй узун түндө,

Таптап сени жаткан ким ?

          Макалакаптар

Атадан таяк жеген – балдар жакшы ,

Энеден тил укпаган – кыздар жакшы.

Атаӊ барда эл тааны , атыӊ барда жер тааны .

Эне сыйлаган элге жагат , ата сыйлаган абийир табат.

Бейиш эненин таман алдында .

Эненин оюу балада , баланын оюу талада.

Эненин жүрөгү аштан , баланын жүрөгү  таштан .

Жыйынтыктоо :   Менин апам же менин атам деген сөзгө синквейн түзүү

Синквейн :

  1. _______

  2. _________ ,___________

  3. __________,____________,____________

  4. ___________________________________

  5. __________

Баалоо :

Үй тапшырма : Ырды жаттоо жана «Мен ата – энемди жакшы көрөм» деген темада дилбаян жазып келүү.

 

Скрыть








Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!