СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык сабак

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык сабак»



НАМЫС ЖАНА НАМЫСТУУЛУК

Сабактын максаты: Окуучулар намыстуу болууга намыстуулукка тарбияланышат.

Балдардын улуттук намысы ойгонот.

Сабактын жабдылышы: Ватман, маркерлер, ж.б.

Сабактын жүрүшү: Мугалим сабакты «Намыс деген улуу журт» деген темада 5 мүнөттүк эссе жазуу менен баштайт. Каалаган окуучулар жазган эсселерин класста окушат. Жалпы талкуу өткөрүшөт.

“Намыс… Бул адамдын адамдык өлчөмү, анын кишичилик даражасынын бийиктик ченеми”.

Касым Тыныстанов “Эр энеден төрөлөт, элге кызмат кылат. Баатырды намыс жаратат”. Торгой Эл оозунда мындай бир икая айтылып жүрөт: Күндөрдүн биринде намыс өз кийимин жоготуп койду. Ырахат-жыргалга, байлыкка жана күч-кубатка кайрылып, алардан жоголгон кийимин талап кылды. Булардын бирөө дагы анын кийимин таап берүүгө кудуретсиз эле. Акырында намыстын кийимин өкүнүч менен бушаймандык таап келди. Намыс – бул адам баласынын эң жогорку сапаты. Ыймандын бир бутагы. Жогорудагы икаяда айтылгадай намысты колдон чыгаргандан кийин, аны кайрадан табуу, аны менен жарашуу кыйын. Канча байлыгың болсо да, эч кимде жок күч кубатка ээ болсоң да, өзүң сезген жыргалга тунуп турсаң да намысыңды кетирип алсаң анда сен адашкан адамсың. Өкүнүч менен бушайман болуу гана сени ошол абалдан чыгарууга жардам бериши мүмкүн. Анткени өткөн ишке өкүнгөн адам аны кайрадан кайталабоого аракет жасайт. Элибизде сөз бар эмеспи “Эрди намыс, коенду камыш өлтүрөт” деп айтылган. Негизинен намыс эр жүрөк, эркин болууну каалаган, кадыр-баркын бийик сактаган, ата-салтын даңктаган, өзгөлөрдү барктаган адамдардын сапаты болуп эсептелет. Улуу акыныбыз Барпы Алыкулов “Ариет менен намысты алган жигит жакшы экен” деген ыр саптары менен эр жигиттердин намыс-ариетинин, намыстуулугунун бийиктигин баса белгилеген. Кыргыз эли эр жүрөк, намыстуу баатырларга бай эл. Илгертеден эле алышкан жоосун доого жыккан жигиттер улуттук намысын колдон беришкен эмес. Канчалаган кан күйгөн согуштарда да кыргыз туусунун бийик желбиреп турушу үчүн күрөшүшкөн. Анткени туусу кулаган элдин намыс-ариети төгүлүп, эр ~ 3 ~ жигиттеринин баштары жер караган. Элдин намысын коргой албаган суу жүрөк деп эсептелишкен. Төмөндөгү Байдылда Сарногоевдин “Намыстанып” деген ырын окуп көрөлү. Кыргыздардан космосту багындырган космонавт, кыл чокуларды багындырган альпинист, жер бетин гүлзарга айландырган багбан, дүйнөлүк чемпион болгон балбандар саналуу гана. Эмне үчүн мындай ийгиликтерге жетишпейбиз. Жетишкен жагыбызды башкаларга көрсөтүп сыймыктансак болбойбу?

Бар болгон күчүбүздү, бар болгон акылыбызды ар-намысыбыз үчүн арнайлычы. Намыстуу адам болууга умтулалычы. Намыстанып Кыргыздан кыйын учкуч аз, Кыл чокуларга чыккыч аз. Курулуш салган чебер аз, Ойлонуп тапкан өнөр аз. Гүл бакча тиккен багбан аз, Күрөштө чыккан балбан аз. Футболчу жагы жокко эсе, Бул жактан начар алгалаш. Ар иштен мисал келтирип, Айтсам бар бир топ кемчилик. Кыйындар чыкчу кез жетти, Кырк бир жыл мурун телчидик. Тоолуктун шаарын көрсөк деп, Дос элдер келет кубанып. Кыргыздар аз го дегенде, Кызарып кетем уялып. Далай иш бүттү колуңдан, Таланттуу кыргыз жаштары. Жебиреп сүйлөй бербейин Жетишкен жагың аз дагы. Ар-намыс үчүн арналсын: Жүрөктүн ар бир какканы, Бар болгон күчтөр бойдогу, Бар болгон акыл баштагы.

Б.Сарногоев Ар-намыстын арты ийгилик Нурзаман жалкоолуктан улам сабакта ар дайым “2” деген бааны алчу. Ал канчалык жакшы окуюн деп аракет кылса да, жалкоолук аны жүгөндөп кое бербеди. Шоктугун айтпа. Классташ кыздары анын жасаган кылыктарынан аябай тажашты. Балдар болсо аны көп өздөрүнө кошкусу келишчү эмес. ~ 4 ~ Бир күнү класс жетекчиси балдарга шаардагы маданий эстеликтерге баруу үчүн жолдомо алып келди. Бирок алардын ичинде Нурзамандын аты-жөнү жок эле. Муну агайы бала үчүн таасир болсун деп атайын жасаган эле. Ыза болгонунан “Мен эмне үчүн барбайм?” деп класс жетекчисинен сурады. Мугалим аны башынан сылап, эркелетип: “Нурзаман, бул жолдомо жүрүш-турушу, кыздарга, мугалимдерге жасаган мамилеси аябай жакшы балдар үчүн экен. Сенин ал жерге баргандан кийин тартибиңди жакшы кармай албасыңды эске алышканбы, жолдомого атыңды киргизишбептир. Балким жакшы окуп, тартиптүү болуп калсаң кийинчерээк барарсың?” деген таасирдүү сөзүн айтат. Мына ушул окуядан кийин Нурзаман тез эле башка адам болуп чыга келет. Себеби ал: “Эмне үчүн мен башкалардай боло албайм?

Жакшы окуганга, тартиптүү жүргөнгө, мугалимдерге жакканга менин деле мүмкүнчүлүгүм бар да.

“5” деген баа менин күндөлүгүмдө турса жарашпайбы?

Эмнеге кыздар, досторум мени жактырышпайт десе….” деп аябай намыстанат.

Ар-намысынын күчтүүлүгүнөн ал тез эле өзгөрөт. Көп ийигиликтерге жетишип, сүйүктүү досторду таап, классташ кыздарына жагып, мугалимдин мактоо сөздөрүн уга баштай

Намыстанып Кыргыздан кыйын учкуч аз,

Кыл чокуларга чыккыч аз.

Курулуш салган чебер аз,

Ойлонуп тапкан өнөр аз.

Гүл бакча тиккен багбан аз,

Күрөштө чыккан балбан аз.

Футболчу жагы жокко эсе,

Бул жактан начар алгалаш.

Ар иштен мисал келтирип,

Айтсам бар бир топ кемчилик.

Кыйындар чыкчу кез жетти,

Кырк бир жыл мурун телчидик.

Тоолуктун шаарын көрсөк деп,

Дос элдер келет кубанып.

Кыргыздар аз го дегенде,

Кызарып кетем уялып.

Далай иш бүттү колуңдан,

Таланттуу кыргыз жаштары.

Жебиреп сүйлөй бербейин

Жетишкен жагың аз дагы.

Ар-намыс үчүн арналсын:

Жүрөктүн ар бир какканы,

Бар болгон күчтөр бойдогу,

Бар болгон акыл баштагы.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!