СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык сааттар

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык сааттар»

Сабактын темасы : "Жолдо жүрсөң абайла".
Максаты: 1. Окуучуларга жол эрежесин түшүндүрүү жана жол белгилерин так билүүгө үйрөтүү.
2. Балдарды жолдо жүрүүдө тыкан алып жүрүүгө, көңүл бурууга, тартиптүүлүккө тарбиялоо.
Жабдылышы: таблицалар, сүрөттөр, жол белгилери.
Жүрүшү: Уюштуруу.
Мугалимдин сөзү: - Ар бирибиз жолдо жүрүү эрежесин жакшы билүүгө тийишпиз.
Көчөдө басуу өтө деле кыйын эмес, бирок шаарда жана айыл-кыштактагы көчөлөрдөгү автомобилдер, автобус, троллейбустар тынымсыз ары-бери өтүп турушун баарыбыз көрүп, билип жүрөбүз. Мына ошол тынымсыз жүргөн түрдүү машиналардан этият (сак) болууга үйрөтүү баарыбыздын милдетибиз.
Машина айдоочулар эреже боюнча так жүрүүгө аракет кылышат. Себеби айдоочуларга жолдо жүрүүнүн эрежесин так окутуп, анан машина айдоо укугун беришет. Жалаң эле машина айдоочулардын жол эрежеси эмес, жөө жүргөн адамдардын да жолдо жүрүү эрежеси бар. Андыктан жол эрежесин окуп үйрөнүп, аны ар дайым так сактоо биздин милдет.
Көчөдө бара жатканда шашпай, жолдун чети менен басуу туура.
Адамдар автобуска же троллейбуска түшкөндө арткы эшигинен кирип, алдыңкы эшигинен түшүү керек. Көчөдө бара жатып көчөнүн бир жагынан экинчи жагына өтүүдө ар дайым эки жакты карап өтүү зарыл. Шаар жергесинде жүргөндө атайын жөө адам өтүүчү белгилерден же болбосо светофордон жана жер астындагы өтүүчү жолдордон өтүү керек. Биз жөө жүрүү эрежесин так билбесек, анда жол эрежесин бузуп, көптөгөн кырсыкка кабылып өзүбүздүн өмүрүбүзгө, ден соолугубузга жана машина айдоочуга зыян алып келебиз. Светофордун ар бир жарыгы өзүнчө символдук мааниге ээ.
o Жашыл жарык - бул өзү жаштыктын жана жашоонун, ден соолуктун, ошондой эле жашоодогу жолуң ар дайым ачык деген символду билдирет.
o Сары жарык - бул адамды бөөдө кырсыктан сак болууга, жашоодо ар бир адамдын кылдат жашоосуна багыт берүүчү символдук белги болуп саналат. Ошондуктан биз окуп үйрөнүүчү жол эрежелери боюнча

Кишилер өтпөй турсун деп
Чийилген жолго сызыгы.
(светофордун сары жарыгын көргөзүп)
Кызылы өчпөй баспагын,
Шааниси башка карагын.
Сарысы күйүп турганда,
Саныңды чаап шашпагын.
(Светофордун жашыл жарыгын көргөзүп).
Жашыл күйүп калганда
Жарашпайт карап калганга,
Жорголой тартып өтүп кет,
Жол берип жатат өткөнгө.


Ыр. Эрежени бузбайбыз
Жолдо жүрүү өзүнчө,
Кызык экен окусаң,
Эрежени үйрөнсөң,
Эркин басып жүрөсүң.

Эрежени сакташат
МАИ деген ар дайым.
Эрежени үйрөнүп
Эрежени бузбайбыз

ырлардан айтабыз.
Кана балдар айткыла!
Эрежени билбесек.
Эркин ойноп көп жүрсөк,
Эки жакты карабай.
Чуркап өтүп жолдордон,
Эрежени бузсак биз,
Эмне болот айткыла!

Балдар: Кырсык болот.
Болбос үчүн кырсыктар,
Айталы жол эреже.
Эсиңерге туткула!
Билбегендер билишсин.

Декламациялар:
Жол үстүндө үч кабат,
Илинген нурду карагын.
Светофор деп коет.
Эсиңе ал, өчүп-жанганын.

Көңүлүңө илгиниң,
Көчө шартын, дилгирим!
Шашкандардын шаарында,
Не болоорун билгиниң.

Жанаша турган көзү бар,
Жакшылап айткан сөзү бар.
Кызыл, сары, жашыл да,
Так көргөзгөн жолу бар.
(светофордун кызыл жарыгын көргөзүп).
Көрдүңбү? - жанды кызылы.
Көбүнө арбын кызыгы.
Мына балдар биз светофор жөнүндө кичине болсо да окуп үйрөндүк.

Ал эми темир жол аркылуу эмне жүрөт?

Укпасбек: (ыйлайт)
Ой бутум ай, бутум.
Айдоочу: (бутун кармалап көрүп)
Бутуң сынып калган тура,
Тез жеткизейин ооруканага.
(айдоочу Укпасбекти ооруканага алып кетет


Балдар: Паровоз.
Ооба, балдар анда биз темир жолдо жүргөн паровоз жөнүндө да айта кетели.
(Паровоздун сүрөтү илинип)
Кыя бел, кыштак шаардан,
Шашып келет паровоз.
Азык, түлүк, эл тартып,
Бачым келет паровоз.
Темир жолго ойнобо!
Тепсебейт деп ойлобо.
Токтоталбайт поездди
Темир жолдон алыс бол!
Бул айткандын баарысын
Эсиңерге тут балдар!

Мугалим: Камырабай Укпасбек,
Топ ойноп жаткан жол жээгинде.
Ай, ай эмне болот эми
Чоң жолго ыргып кетти, мына, мына.
Машина келе жатат тигинде.
Укпасбек: (топтун артынан жүгүрөт)
(Машина Укпасбекти коюп кетет)
Ай, ай, ой, ой бутум ай, бутум.
Айдоочу: (машинаны токтотуп)
Ай, ай, чунак бала,
Эмне болду сага?
Чоң жолдо коркпой,
Ойногонун кара.
Тирүүсүңбү, айланайын ай, айланайын.

Балдар: "Кырсык каш-кабактын ортосунда". Мына балдар жол жээгине ойнобогула!


Декламация: Топ ойнобо чоң жолдо,
Машиналар көп өтпөс деп.
Шашпай жүргүн көчөдө.
Кокустук деген балакет
Укпасбекти көрдүңөр
Эмне болгонун өзүңөр.
Жол жээгине ойнобо!
Кырсык болот ушундай.
(милиционер ала-була таягы менен чыгат).
Мына менин колумдагы
Ала-була таягым да,
Жол кыймылын башкарат,
Сыйкырдуудай карачы.
Бала: Жолдо турган милиционер,
Жол эрежени сактаган,
Азыр айтат силерге,
Жол эреже сабагын.

Милиционер:
Эгер мен далым салып,
Же турганда бетме-бет.
Анда досум ойлонбостон
Светофордун кызыл көзүн элестет.
Колум сунуп турсам тосуп
Анда дагы күтө тур
Ала-була таягымды
Тик жогору көтөргөндө
Бала: Жол эрежеси ушундай,
Айткандарды туткула!
Жол эрежесин так окуп,
Жол кырсыкка кабылба!

Бала: Жол эрежени так билсек,
Кырсык болбойт эч качан.
Өмүрүңө коркунуч,
Алып келбейт эч качан.

Хор: Жол эрежени сактайлы,
Ден соолукту барктайлы.
Хор ырдоо:
"Жол эрежесин окуйбуз"
Уят болбой окуйбуз,
Жол белгисин баарыбыз.
Эрежени бузбастан,
Эстүү балдар болобуз.

Жол үстүндө үч кабат,
Илинген нурду карайбыз.
Светофор деп коет,
Эсиңде болсун ар дайым.

Сарысы күйсө камданып,
Кызылы жанса токтойбуз.
Туура эмес өтүп көчөдөн,
Машина жолун тоспойбуз.

Жол белгисин билбесек,
Жаман жорук башталат.
Шашпай жүргүн көчөдө,
Кокустук деген балакет.

Ошондуктан окуйлу,
Жол белгини жакшылап.
Жолдо болбойт кырсыктар,
Эрежени так билсек.

Колдонулган бегилер боюнча эки командага бөлүп суроо-жооп аркылуу оюн түрүндө

жыйынтыктоо.




ТЕМА: Жолдо жүрсөң

абайла

9 Жалал Асанов атындагы орто мектеби.









7-в-класс

Аткарган: Тилевалдиева Т


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!