СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык саат много страниц

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык саат много страниц»

Сабактын темасы: АР КИМДИН ЭМГЕГИ ӨЗҮНӨ КЫМБАТ

Сабактын максаты: Эмгекчилдикке, сарамжалдуулукка үйрөнүшөт. Мээнеткечтиктин натыйжасын билишет.

Сабактын жабдылышы: Мугалимдин баяндамасы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.

Сабактын жүрүшү:

1-кадам: Мугалимдин баяндамасы.

Ак эмгектин наны таттуу,

Жалкоонун жаны таттуу.

(Элден)

Жаралган адам эмгектен,

Жарышып иштеп түрүнүп.

(Жеңижок)

Адамды Адам кылган ак эмгеги”, “Адам кааласа таштан суу, такырдан гүл чыгарат”, “Күмүш терди тѳкпѳсѳң, алтын данды ала албайсың”, “Адал эмгек абийир таптырат, арам эмгек азабын тарттырат”, “Акылыңдан адашсаң ак эмгек менен дарылан”, “Ѳнѳрлүү ѳлбѳйт”…

Кѳңүл буруп окуп кѳргүлѳчү, бабаларыбыз сѳз берметтерин мыскалдап жыйнап, аларда камтылган Ата конушка агынан жарылып агылган адал мээнеттин ыйыктыгын, ак жашоого умтулган адеп-ахлак улуктугу, кѳркѳм касиеттин түбѳлүктүүлүгүн айгинелейт.

Биздин ата-бабалар туулган күндѳн эле жер үстүндѳ тиричилик ѳткѳрү үчүн тынымсыз эмгек талап кылынарын баамдашып; “Дѳѳлѳтүңѳ ишенбе, мээнетиңе ишен”, “Эмгектин аркасынан чуркасаң эңсегениңе жетесиң, эркеликтин аркасынан чуркасаң ѳз ырысыңды ѳзүң кесесиң”, “Аары чакса ачууланба, айда күндѳ бал жейсиң”, “Алгың келсе түшүм, алдын ала күтүн”, “Адамды адам кылган - эмгек”, - деген сыяктуу накыл сѳздѳрдү муундан муунга мурасташкан.

Ал эми дыйканчылыктанбы, же мал чарбачылыгында болобу, кѳпчүлүк чогулуп, ашар ыкмасы менен эмгектенген жерлерде иштин кѳзүн билбеген, жалкоо, жанбактылардын кылык-жоруктары кѳз жаздымда калбай, эл чогулган тойтамашаларда айтылып кѳпчүлүктүн талкуусуна салынган.

Эмгекчил болсоң, эл керегине жараарың талашсыз. Агынан жарылган мээнет, талбас эмгек сени дени сак, сарамжал, коом үчүн пайда келтире турган инсан кылып жаратары чындык. Адам баласынын жашоосунда экономикалык байлык дагы чоң рол ойнойт. Анткени адам күнүмдүк жашоосунда тамак-ашка, кийим кечеге муктаж. А алар кайдан, кантип пайда болот. Албетте аларды инсан ѳзү жаратат.

Бүгүнкү күндѳгү Кыргызстандын экономикалык абалына саресеп салып карай турган болсок бир топ жетишкендиктерге күбѳ болобуз. Эмгекчил, мээнеткеч адамдар жашоо шарттын жакшырышына ѳбѳлгѳ түзүп жатышат. Алардын катарына бизнесчилерди, жеке ишкерлер тобун кошууга болот. Ѳздѳрүнүн тынымсыз аракетинин натыйжасында элди жумуш орундары менен камсыз кылышып, жакырчылык турмуштан чыгууга салым кошуп келишүүдѳ. Эгер коомубузда ушундай 37 ишкерлер, дыйкандар, мамлекеттин казынасына каражат түшүрѳ турган азамат атуулдарыбыз кѳп болсо пенсия, стипендия, жѳлѳк пул, айлык акыларыбыз ѳз убагында берилип, жашоо шартыбыз кыйла деңгээлге кѳтѳрүлмѳк.

Урматтуу жаш жеткинчек сен да эл керегине жараган мээнеткеч, сарамжал инсан бол. Сарамжалдуулук – бул тапкан кирешеңди ысырапкерчиликке учуратпай, үнѳмдѳп пайдалануу болуп эсептелет эмеспи. Эч качан жалкоолук менен жолдош болбо. Эл оозунда айтылып жүргѳн жалкоолук жѳнүндѳгү жомокторду окуп кѳрүп, ѳзүң жыйынтык чыгар.

2-кадам: Окуучуларга текст таркатылып, окууга көрсөтмө берилет. Жалпы талкуу уюштурулат.

Ар кимдин эмгеги өзүнѳ кымбат

Бир ата-эненин жападан жалгыз уулу болуптур. Бала ата-эненин тарбиясында чоңоюптур. Бала бойго жеткен соң, атасы уулун чакырып: “Уулум, эми чоңойдуң, кандайдыр бир ѳнѳр үйрѳн, аягында кор болбойсуң!” - дептир. Бала, макул дептир. Эртеси жумушка баратканда, аны энеси токтотуп:

-Уулум, сен оор жумуш жасап жаныңды кыйнаба, кѳчѳгѳ чыгып досторуң менен ойно, кайтып келгениңде атаңа мына муну берерсиң! – деп бир теңге бериптир.

Бала сүйүнүп кѳчѳгѳ чыгып кетет да, кечке чейин ойноп жүрѳт. Үйүнѳ келсе, атасы короодо кѳлмѳчѳнүн боюнда отурган экен. Энесинен алган акчаны ага бериптир.

Атасы теңгени алып кѳлмѳчѳгѳ таштайт. Бала унчукпай тим болот. Эртеси да ушул окуя кайталанат. Буга таң калышкан эне менен бала үчүнчү күнү ѳздѳрүнчѳ отуруп кеңешиптир.

Бала:

-Атам бул акчаны эмгектенбей алып келгенимди билген окшойт. Эми бүгүн бир эмгектенип акча таап келейинчи, эмне кылаар экен? – дептир да, бир кишиникинде жалданып иштеп, жарым теңге акча тааптыр. Кечинде үйүнѳ келип атасына берсе, атасы бул акчаны да кѳлмѳчѳгѳ таштайт. Бала атасына олурая карап, кийимдерин чечип ѳз боюн кѳлмѳгѳ таштап, баякы жарым теңгени таап чыгат. Ошондо атасы уулуна:

-Кѳрдүңбү уулум, бекер акчага караганда ѳз эмгегиң менен тапкан акча кымбат болот, - деген экен.

Суроолор:

1. Сарамжал дегенди кандайча түшүнѳсүң?

2. Жомоктогу ата эмне үчүн баласынын теңгелерин сууга ыргыта берди?

3. Энеси эмне үчүн балага тескери үгүттү кѳрсѳттү деп ойлойсуңар?

3-кадам: Залкар ойлор талкууланат.

Залкар ойлор

Кыялдуу короо, кооз бак

Эмгекчил элдин колунан.



Адал эмгек элге жеткизет,

Арамдык, куулук элден кеткизет.



Адамды акылга бай кылган – эмгек,

Тѳрт түлүктү шай кылган – эмгек.

Адамзатты эки нерсе багыттайт,

Чындык сѳзү, ак эмгеги карытпайт.



Акыл менен эмгек айкалышкан жерде ,

молчулук менен токчулук болоор.

( Эл оозунан )

Үйгө тапшырмалар:

1. “Мен да эмгектенем” деген темада дилбаян жазгыла.

2. Жомок боюнча сүрѳт тартып, мазмунун айтып бергиле.

3. Залкар ойлорду класста талкуулагыла.











Сабактын темасы: КИЧИПЕЙИЛ, ЖАПАКЕЧ, ЭЛПЕК ЖАНА ЖѲНѲКѲЙ БОЛ

Сабактын максаты: Кичипейилдикке үйрөнүшөт. Жапакечтиктин, элпектиктин маанисин түшүнүшөт. Жөнөкөй болгонго аракеттенишет.

Сабактын жабдылышы: Мугалимдин баяндамасы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.

Сабактын жүрүшү:

1-кадам: Мугалимдин баяндамасы.

Кандай адамды кичипейил, жапакеч жана элпек деп атасак болот? Бул суроого жооп издеп кѳрѳлүчү. Сезимтал, бардык нерсени айттырбай түшүнгѳн инсан гана бул сапаттарды ѳзүндѳ калыптандыра алат.

Эгер сен ѳзүңдѳн улуу адамдын тапшырган жумушун чын дилиңден жасасаң, айтканын аткарсаң, бардык кызматына даяр турсаң анда сени кичипейил, жапакеч деп атоого болот. Керкейип бой кѳтѳрбѳй, ѳзүңдү жогору сезбей элпек болсоң сен жѳнүндѳ кѳпчүлүк адамдар жылуу пикирде болот. Сени урматташат.

Кичипейилдик сапатыңдан эч качан жазбагын. Элиң үчүн ак кызмат кылууга, алардын жеңилин жерден, оорун колдон алууга умтулгун. Ата-энеңдин берген мыкты тарбиясын пайдалангын. Алар сени менен сыймыктангыдай, мактангыдай болуп, эл алдында жүздѳрү жарык болсун.

Окуучум, жѳнѳкѳй адам болуу деген ураан да сенде калыптансын. Мектепте окуп жүргѳн бир окуучу аябай шок болуп, сабагын окубай, мугалимдерин какшатып, атаэнесин тажатат. Жадап бүткѳн атасы: “Уулум сен такыр адам болбойсуң,” - деп айтат. Атанын сѳзүнѳ ушунчалык намыстанган уулу, ошол күндѳн тартып ѳзгѳрѳ баштайт. Сабакты эң жакшы окуп, мектепти алтын медаль менен аяктайт. Жогорку окуу жайга тапшырып, аны кызыл диплом менен бүтүрѳт. Тилеген максатына жетип, министр болот. Алдында машинасы, эки кабат үйү, байлыгы бардык нерсе жетиштүү. Ошол бала бир күнү креслодо чалкалап олтуруп бир учур атасынын “Уулум, сен адам болбойсуң” деген сѳзүн эстеп, машина жѳнѳтүп, айылдагы атасын алдырат. Атасын ордунан туруп тосуп алат. Жайгашкандан кийин атасына кайрылып: “Ата, бир убакта сиз мени адам болбойсуң деген элеңиз, мына адам болот деген ушу, бардык нерсе жетиштүү”, - дейт. Атасы уулун бир топко үнсүз тиктеп турат да: “Балам, туура сен бардык нерсеге жетишипсиң, бийлик, байлык баары бар. Эч кемчилдигиң жок. Бирок, балам, сен дагы эле адам болбопсуң”, -деп ордунан туруп чыгып кеткен экен.

Мына кѳрдүңбү окуучум, текеберликтин арты кандай болоорун. Сен кандай ийгиликтерге жетишпе ата-энеңдин эмгегин жадыңдан чыгарба, эң негизгиси жѳнѳкѳй адам болушту унутпагын. Инсан деген улуу атка татыктуу болгун.

2-кадам: Мугалим окуучуларга текстти окуп берет. Маанисин түшүндүрөт.

Сен адамсыңбы?..

Бир жолоочу алыс сапарга жол тартыптыр. Агыны катуу суу кечиптир, ашуусу бийик бел ашыптыр. Аты да чарчап, ѳзү да чаалыгып, ичерге суусу, жээрге тамагы калбаптыр. Жүрүп олтуруп калың бир чытырман токойго кез болуптур.

Токойдун четиндеги жалгыз үйгѳ кѳзү түшѳт да бир чыны суу сурап ичиш үчүн ошол үйгѳ багыт алат. Атынан түшүп, үн сѳзсүз эле эшикти шарт ачып кирип барат. Кирсе тѳрдѳ сакалы жерге чубалган бир карыя олтуруптур. Жолоочу колун бооруна алып “Ассалоому алейкум” деп саламдашат. Бирок карыя жооп бербейт. Экинчи, үчүнчү жолу салам айтса деле жооп жок. Унчукпай тиктеп гана турат. Жолоочу ичинен аны сѳз түшүнбѳгѳн дүлѳйбү же дудукпу деп ойлоду.

-Чоң ата мен жолоочу элем. Бир ууртам суу бере алаар бекенсиз, - деп кайрылды. Дагы эле жооп жок. Ушуга корогон кайран сѳз деп артына бурулуп, астанага жете берерде “Токто!” деген үндү укту. Артына бурулуп караса баягы карыя жолоочуну кѳздѳп келатыптыр. Экѳѳ бир саамга тиктеше түштү.

-Аксакал, эмне үчүн үч жолу салам берсем алик албадыңыз? Суу сурасам жооп бербедиңиз, акыры мен дагы адаммын го,-деди. Карыя жүзүнѳ тигилип туруп: “Сен адамсыңбы? Мен адам кирди деп ойлогон жокмун. Сайгактап качып кирген уй окшойт деп ойлопмун. Эй адам, эгер сен адам болсоң ыйманың кана, адамдык сапатың, кичипейилдигиң кана. Эгер адам болгонуңда сырттан уруксат сурайт болчусуң. Эшикти шарт ачып кирип келбес элең. Жолоочу экенсиң суу берейин. Жолоочуга суу берген сооп болот. Эгер башка болгонуңда дагы да үндѳбѳс элем”. – дептир.

Суроолор:

1. Карыя эмне үчүн уулун дагы эле адам болбопсуң деп айтты?

2. Кичипейил, элпек болуш үчүн эмне кылуу керек экен?

3. Жолоочу карыяга салам айтып кирди го, эмне үчүн жооп берген жок деп ойлойсуңар?

3-кадам: Залкар ойлор талкууланат.

Залкар ойлор

Жакшы адамдын досу кѳп,

Жакшы аттын ээси кѳп.



Жакшы болсоң жатык бол,

ар ким жолдош башыңа,



Жакшы болуп бар болсоң,

кимдер келбейт кашыңа.



Жакшы жѳрѳлгѳ – биримдикке ѳбѳлгѳ.



Калк кадырына жетүү кымбат,

Урмат-сыйдан ажыроо урмат.



Кичи пейилдикке кол жалгап коюңуз.

Эл оозуна

Үйгө тапшырмалар:

1. Кичипейилдик, элпектик, жѳнѳкѳйлүк жѳнүндѳ ѳзүңѳр аңгеме жазгыла.

2. Залкар ойлорду окуп, талкуулагыла.

































Сабактын темасы: СЫНДЫ ТУУРА КАБЫЛДОО, КЕМЧИЛИКТИ МОЮНГА АЛУУ ЖАНА КЕЧИРИМДҮҮ БОЛУУ

Сабактын максаты: Сынды туура кабыл алууга, кемчиликти монюнга алууга үйрөнөт. Кечиримдүү болууга умтулат.

Сабактын жабдылышы: Мугалимдин баяндамасы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.

Сабактын жүрүшү:

1-кадам: Мугалимдин баяндамасы.

Адилдикке баш ийип тепселейин,

Жалгандын гүлзарында кѳктѳбѳйүн.

Касымдын таттуу сѳзүн уккан кѳрѳк,

Досумдун ачуу сѳзүн эп кѳрѳйүн.

(А. Бегимкулова)

Ата-бабаларыбыз сенин кемчилигиңди сындаган, туура эмес жасаган ишиңди бетиңе айткан, жаман жолдон кайтарган адамды дос тутунгун деп таамай белгилеген. Бул сѳздүн чындык экендигине ынанабыз. Ѳзүң деле ой жүгүртүп кѳрчү окуучум, душманың сага бут тосот, сенин кубанычыңды кѳралбай, ичи тарып тескери жагын айтып, калп эле сага жакын адам катары тааныла баштайт. Сен аны дос деп билип, айткан кеңешин аткарып алышың мүмкүн. Ал эми досуң сага күйүп кемчилигиңди бетиңе айтса, аны тескерисинче түшүнүп аласың. Мына ушундай кѳрүнүштѳрдѳн оолак бол. Дос менен душманды ажырата бил.

Сен ѳзүң дагы досуңдун кемчилигин кѳрсѳң же ѳзүңдүн кемчилигиңди байкасаң эч качан жаап жашырып койбогун. Убагында түзѳтүлбѳгѳн ката, дагы бир катаны жаратаарын унутпагын. Артынан сүйлѳп эки жүздүү атанба. Элибизде сѳз бар эмеспи “Бетке айткан сѳздүн зары жок” деген. Анан сынайт десе эле бирѳѳнү ыксыз сынап, кемчилик издей бербе. Элибиздеги “Сынчынын сыңар ѳтүгү майрык” деген макал да жадыңда турсун.

Эгерде кимдир бирѳѳ сенин күнѳѳңдү мойнуңа койсо, жок жерден танып намысыңды түшүрбѳ. Күнѳѳкѳр болсоң моюнга ал, ал эми жалаа болсо теригип, жаңжалдашып олтурба. Токтоо, сабырдуу болсоң чындык ѳзү жеңип чыгат. Ошол адам менен кек сактап тиреше бербе, кекчил болбой, кечиримдүү бол!

2-кадам: Окуучуларга текст таркатылат. Окуп чыгууга убакыт бөлүнөт. Класста жалпы талкуу жүрөт.

Сынган кумура

Ата-энеси жумушка кетип үйдѳ инисин карап Канат калды. Ал тамак ичкен идиш-аяктарын жууп, үйдү иретке келтирди.

Анан бѳбѳгү экѳѳ ойноп киришти. Аябай чарчагандыктан бѳбѳгү тез эле уктап калды. Канат зериге баштады. Эмне кылаарын билбей турса, кѳзүнѳ шкафтын үстүндѳ жасалма гүл салынып турган кымбат баалуу кооз кумура илинди. Канат аны тазалап, жасалма гүлдүн чаңын аарчып коюуну чечти да стол коюп кумураны алды. Чаңын аарчып кайра ордуна коердо стол тайып кетип жыгылып түштү. Кумура жерге түшүп сынып калды. Коркуп кеткен Канат кумуранын сыныктарын жыйнап терезеден ыргытып таштады.

Апасы келгенде Канат ѳзү эле бѳбѳгүнѳ шылтап, кумуранын сынганын айтты. Апасы болгон окуяны түшүнүп, кичинекей уулун маңдайынан ѳѳп “Садагаң кетейиним, боюн токтотуп шкафтын үстүндѳгү буюмдарга да колу жетип калган тура”, - деп эркелетип момпосуй берди. Ал сѳз Канатка аябай оор тийди. Беттери чымырап күнѳѳнү ѳз мойнуна албаганына аябай ѳкүндү.

Суроолор:

1. Сындоо дегенди кандайча түшүндүң?

2. Досуңдун кемчилигин бетине кантип айтасың?

3. Канат эмне үчүн кумураны ѳзүм сындырдым деп айтпады?

4. Апасы анын сѳзүнѳ ишендиби?

3-кадам: Залкар ойлор талкууланып, мааниси чечмеленет.

Залкар ойлор

Жакшылап карасаң, айдын да бетинде тагы болот.



Ууру тойорчо жеп, ѳлѳрчѳ карганат.



Кекчил болбой, кечиримдүү бол.



Айтылган сынды, сыйдай кабыл ал.



Дос күйдүрүп айтат,

Душман сүйдүрүп айтат.

Үйгө тапшырмалар:

1. Ѳз турмушуңдагы жогорудагыдай окуяларды кагазга түшүр.

2. Кемчиликти бетиңе айткан досторуң жѳнүндѳ эссе жаз.

3. Залкар ойлорду талкуулагыла.

Сабактын темасы: СѲЗ КѲТѲРҮМДҮҮ, ЖАЙДАРЫ, КЕҢ ПЕЙИЛ БОЛ

Сабактын максаты: Окуучулар сөз көтөрүмдүүлүккө үйрөнөт. Жайдары, кең пейилдик сапаттар тууралуу маалыматка ээ болушат.

Сабактын жабдылышы: Мугалимдин баяндамасы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.

Сабактын жүрүшү:

1-кадам: Мугалимдин баяндамасы.

Ар иште акыл-эстүү болуу керек,

Акылдуу ѳз ишинен убай кѳрѳт.

(Жусуп Баласагын )

“Карынын сѳзүн капка сал”, “Улуу уксун деп айтат”, “Атаңын айтканын алтынга алмаштырба” деген нуска сѳздѳр ата-бабаларыбыздан бизге чейин жетип келди. Пейли кенен, меймандос кыргыз элинин мындай нускалары четтен саналат. Ѳзүнүн сынын, наркын жоготпой улам кийинки муундарга мурас катары калып келет. Адамдагы сѳз кѳтѳрүмдүүлүк адамдык баркыбызды бийик деңгээлге кѳтѳргѳн жакшы сапаттардан болуп саналат. Мындай сапаттар адамды ажарлантат.

Окуучум, сен эч качан ѳзүңдѳн улуу адамга каяша сүйлѳп жаман сапатыңды кѳрсѳтпѳ, алардын дилин оорутпа. Чоң адамдын назарына калба. Андан кѳрѳ сага айтылган сын пикирди терең анализдеп, туура тыянак чыгарууга үйрѳн. Эрте менен үйдѳн чыгып баратканда эмне иш бүтүрүү керек деп ойлон, ал эми кеч үйгѳ кайтканда эмне иш бүтүрдүм, кимге кандай мамиле жасадым деп бир күндүк ишиңди талда.

Кабагыңды бүркѳбѳй, дайыма жайдары бол. Сараң, зыкым болбой кең пейилдүүлүктү ѳзүңѳ адат кылгын. Муктаждарга жардам колуңду сунгун. Кең пейилдүүлүк менен жайдары мүнѳз сенин адамдар арасындагы кадыр-баркыңды кѳтѳрѳт, досторуңдун сага болгон ишенимин ойготот.

2-кадам. Окуучулар текст менен таанышышат. Класста талкуулашат.

Ѳзгѳргѳн мүнѳз

Жамийла аябай түнт, корс кыз эле. Достору менен да жакшы мамиле түзѳ албайт болчу. Кызынын мындай сапатына таң калышкан ата-энеси ал сапатты жоюга кѳп аракет жумшашты. Канчалык аркет жумшашпасын мүнѳзү ѳзгѳргѳн жок.

Бирге окуган классташтары да анын мүнѳзүнѳ түшүнүшпѳй, мамиле кылуудан да чочулашчу. Эч качан күлбѳгѳн, пейили да тар, эч кимге эч нерсесин карматпаган кыз. Айткан тамашаны да кѳтѳрѳ алчу эмес, уруша кетчү. Бир партада олтурган Кубат аны сѳзгѳ тартууга, мамиле түзүүгѳ кѳп аракет жумшайт, башкалардын иши да жок.

Бир күнү Жамийла мектепке тагып келген апасынын алтын үзүгүн жоготуп койду. Коркконунан аябай ыйлады. Издеп, эч жерден таппаган соң класста олтуруп ыйлай баштады. Класс жетекчиси окуучулар менен сүйлѳшүп, кыздын абалын түшүндүрүп чогуу издешти. Бир аз убакыт ѳткѳн соң сырттан Кубат “таптым” деп кыйкырды. Ошентип алтын үзүк кѳпчүлүктүн жардамы менен табылды. Жоготкон буюму табылганына Жамийла аябай сүйүндү, классташтарына ыраазы болду. Үйүнѳ баргандан соң болгон окуяны ата-энесине айтып, мындан кийин достору менен жакшы мамиле түзүүгѳ, кең пейил, жайдары болуп жүрүүгѳ сѳз берди.

Суроолор:

1. Кандай адамды кең пейил деп эсептейсиң?

2. “Атанын айтканын алтынга алмаштырба” деген нусканы кандайча түшүндүң?

3. Жамийла эмне үчүн достору менен жакшы мамиледе боло албады?

4. Жамийланын мүнѳзү эмне үчүн тез ѳзгѳрдү деп ойлойсуңар?

3-кадам. Залкар ойлорду талкуулашат.

Залкар ойлор

Кең пейилдүү кемибейт, тар пейилдүү жарыбайт.



Кеп кѳтѳрбѳй жакшы болбойт,

Тер кѳтѳрбѳй күлүк болбойт.



Сѳз айтпагын болбоско,

Суу куйбагын толбоско.



Сѳз башы ачуу болсо, Аягы таттуу болот.

(Эл оозунан)

Үйгө тапшырмалар:

1. “Ѳзгѳргѳн мүнѳз” тексттине жакын кыскача аңгеме жазгыла.

2. Залкар ойлордун ар бирин терең анализдегиле









Сабактын темасы : Адамдын эне тили – анын жан тамыры.

Сабактын максаты:

1) Билим берүүчүлүк: Окуучулар эне тил күнүнүн белгиленип калыш тарыхы жөнүндө булактардан маалымат алышат. Кыргыз тилинин байыртадын бери келе жаткан уюткулуу тил экенин түшүнүшөт. Эне тил улуттун мамлекет болуп сакталышына өбөлгө түзөт деп билишет;

2) Өнүктүрүүчүлүк: Сүйлөө кебин арттырып, адабий тилдин нормасын сактоого, логикалык ойлорун өстүрүп, эне тилди даңтаган көркөм окууларды, макал-ылакаптарды айтууга жетишет.Мекен алдындагы алардын жоопкерчилиги артат,атуулдук сезимдери ойгонот, эне тилин сүйүүгө, сактоого умтулушат;

3) Тарбия берүүчүлүк: Эли-жерин, тилибизди сүйүүгө, маданияттуулукка, тилдин тазалыгын, байлыгын сактоого тарбияланышат. Өз оюн ачык айтууга үйрөнүшөт.

Сабактын тиби: Жаңы билимди берүү сабагы

Сабактын усулу: Сынчыл ойломдуу өстүрүү, интерактивдүү усул.

Сабак аралык байланыш: кыргыз тили, адеп, адабият, тарых, музыка, Математика.

Сабактын жабдылышы: Эне тили тууралуу макал-лакаптар, дубал газеталар, учкул сөздөр, плакаттар, сүрөттөр, ватман, скотч, маркер ж.б.

Сабактагы негизги иш-аракеттер: Мамлекеттик тил гимни, доклад, эне тилди даңазалаган ырлар, көркөм окуулар, макалдар, тесттер, табышмактар, суроо-жооптор, юморлор, топтордо иштөө.

Сабактын жүрүшү : 1-кадам: Уюштуруу. Мамлекеттик тил гимни. Доклад.

2-кадам: Эне тили жөнүндө ырлар.

3-кадам: Макал - алкактар.

4-кадам: Көркөм окуу.

5-кадам: Макалдар (тест).

6-кадам Макалдарды ула.

7-кадам: Жыйынтыктоо.

1-кадам: Тарбиялык саат кыргыз тилинин Гимнин ырдоо менен башталат. (Гимн ырдалат).

Мугалим: Урматтуу окуучулар! 21- февраль – эл аралык эне тил күнү. 21-февраль – ЮНЕСКО тарабынан эл аралык Эне тил күнү катары белгиленген. Бул күн 1999-жылы Бириккен улуттар уюмунун агартуу, илим жана маданият маселелери боюнча уюму – ЮНЕСКО тарабынан жарыяланып, ошондон бери жыл сайын маданий жана тил байлыгын өркүндөтүү максатында белгиленип келе жатат.

Кыргыз тили – кыргыздардын эне тили, түрк тилдеринин кыргыз-кыпчак тобуна кирет.

Кыргыз тили 1924-1927-жылдары реформаланган араб алфавитинин негизиндеги, 1927-1941-жылдары латын алфавитинин негизиндеги жазууда болгон.

1935-жылы кыргыз тилинин алфавитин кириллицага өткөрүү боюнча талкуу жүрүп, 1941-жылдан тартып кириллица жазуу системасы колдонулууда.Жазуу системаларынын өзгөрүшү менен бирге кыргыз тилинин орфография эрежелери да улам такталып келе жатат.

Кыргыз тилибиз - биздин эне - тилибиз. Биз үчүн улуу тил, ыйык тил. Улуу тилде Манас атабыз ураан чакырып, эли - жерин коргоп келген. Бабабыз Бакай Накыл сөзүн баян эткен. Каныкей энебиз бешик ырын ырдаган. Биз да энебизден ак сүтү менен бирге алдей ырын укканбыз. Энени ааламды баккан жерге теңегени бекеринен эмес. Дүйнөдө эч жандын энеге теңдеши жогу чын. Эне тилди сүйүү ар бирибиздин парзыбыз. Кыргыз Республикасынын эне тили - кыргыз тили. Кыргыз тили - көрөңгөлүү тил. Ал тарыхтын байыркы түпкүрүнөн агып чыгып, нечендеген бөгөттөргө карабай, келечекти көздөй татыктуу жол таап, бүгүнкү күндө Мамлекеттик тилге айланды. 1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тили Жогорку Кеңеш тарабынан мамлекеттик статусуна ээ болду. Азыр кыргыз тили Эгемендүү Кыргызстандын улуттук тили. Анын сөз казынасы дүйнөдөгү башка тилдерден эч кылышпайт. Мамлекеттик статус алганыбызга быйыл 33 жыл болот. Мамлекеттик тил майрамы катары жылда 23-сентябрда өзгөчө иш чаралар аткарылат. 21 – февралда өз эне тилибиз болгон кыргыз тилибизди даңктап, мактап келебиз. Анын далили катары биз бүгүнкү "Адамдын эне тили – анын жан тамыры" аттуу тарбиялык саатты өтүп жатабыз. Элди түбөлүктүү мамлекет катары тааныткан анын тили. Кыргыз тилинин тагдыры - кыргыз улуттун тагдыры. Тилди сактасак, улутту сактайбыз.

Бүгүнкү күндө жоголуп кетүү коркунучунда турган тилдер да бар. Алар кайсы тилдер экен?

(доклад окуу)

1-окуучу: Жоголуу коркунучундагы тилдер катары учурда дүйнө жүзүндө 6700дөн ашуун тил катталган. Тилчи – окумуштуулардын маалыматына таянсак, ар бир 14 күндө дүйнөдө бирден тил жоголуп кетүүдө. Бул тилдер ошол тилде сүйлөгөн саналуу кишилердин акыркылары дүйнө салып кетишине байланыштуу жоголууда. Эгер минтип отурса, ушул жүз жылдыктын соңуна дейре дүйнө тилдеринин тең жарымы биротоло жоголуп кетүү коркунучуна туш келиши ыктымал. Мындай тилдердин катарына 200гө жакын адам сүйлөгөн кет тилин кошсо болот. Бул тилди Сибирдеги Енисейдин өйдө жагындагы айрым кыштактардан гана угууга болот. Ошондой эле Ооганстанда жүз чакты адам сүйлөгөн тирахи тили, Арменияда 50дөн ашык адам сүйлөгөн ловрамен тили да жоголуп кетүү коркунучундагы тилдердин катарында.

Мугалим: Балдар, биздин эне тилибиз – кыргыз тилинин жагдайы кандай болду экен? Бул нерсе баарыбызды кабатыр кылат болуш керек?

2-окуучу: Кыргыз коомчулугунда буга чейин кыргыз тили да ушундай жоголуп кетүү коркунучундагы тилдердин тизмесинде экен деген тынчсыздануулар айтылган эле. Бирок тиешелүү адистер муну четке кагып, бул маселе Кытайдагы Фү-Ю кыргыздардын тилине байланыштуу чыкканын айтышкан.

3-окуучу: Ар бир тил өзүнчө кайталангыс улуу мурас, интеллектуалдык байлык. Адамзат ошол кайсы бир тилден ажыраган сайын ошондой мурастарынан ажырап келатабыз. Бирок кыргыз тилине карата мындай маселени коюуга болбойт. Анткени бир миллион адам сүйлөгөн тил эч качан жоголбойт деген да аныктама бар. А кыргыз тилин азыр дүйнө жүзү боюнча 5 миллиондой адам колдонуп жатпайбы. Демек, кыргыз тилин жоголуп бараткан тилдердин катарына кошууга мүмкүн эмес.

Кыргыз тили бай, анын тамыры тереңде. Ал азыр бардык илимдердин тили болгонго да толук кудуреттүү. Болгону биз ушуну далилдеп, тастыктап беришибиз керек. Ошондо биздин тилибиз дагы ачылат. Ошондуктан мен кыргыз тили жарды, мүмкүнчүлүгү чектелүү дегендерге кошулбайм.

4-окуучу: Канткен менен акыркы жылдарда кыргыз тилине байланышкан бир катар сөздүктөр чыгышын тилге аз да болсо көңүл буруу катары баалагандар да жок эмес. Ошол эле учурда расмий жыйындар, ак үй-көк үйдөгү чогулуштар көбүнчө расмий аталган орус тилинде өтүп жатышына, көбүнчө өлкө жетекчилеринин сөздөрүн эл өз мамлекетинде бөтөн тилде угуп жатканына кабатыр болгондор да арбын. Акыркы жылдарда тилге өзгөчө көңүл бурулуп, көрнөк – жарнактар биринчи кыргыз тилинде жазылып, анан башка тилдерде жазылып жаткандыгы, расмий жыйындарда кыргыз тилинде сүйлөөгө көбүрөөк көңүл бурулуп жаткандыгы кубанарлык көрүнүш.

Мугалим: Балдар, кыргыз тилин биргеликте коргойлу. Биз, Кыргызстан, чоң держава эмеспиз, биз империянын балдары эмеспиз. Биз калкы 6 эле миллион, анын дагы таза кыргыздар 3-3,5 миллион болгон жөнөкөй гана өлкөбүз. Ошондуктан өз тилибизди, маданиятыбызды, каада-салтыбызды, үрп-адатыбызды, улуттук намысыбызды коргош үчүн чоң мамлекеттерге караганда көбүрөөк аракет кылышыбыз керек. Анткени чоң балык кичинекей балыкты жеп коёт. Жем болбош үчүн ар бир атуулдун милдети – кыргыз тилин коргоо деп эсептейм. Бул милдетти ким кандай аткарып же кандай аткарышыбыз керек? Өзүбүз, биринчиден, каяктан чыкканыбызды, ата-бабаларыбыздын тарыхын, кыргыз тилин жакшылап билишибиз керек. Дарт каякта экенин билбей туруп, дарман таба албайбыз.

Атуулдук аң-сезим ар бир жаранда бар болушу керек. Мен ата-энем сүйлөгөн, ата-бабаларыбыз адырларда кой бакса да, жайлоодо жатса сүйлөгөн тилде сүйлөйм. Эпостордун океаны болгон “Манас” дастаны жазылган, ар бир кыргызга таандык болгон эне тилим менен сыймыктанам.

5-окуучу: Келгиле, баарыбыз биригип кыргыз тилин сактайлы, кыргыз тилинин кадыр-баркын жогорку деңгээлге көтөрөлү! Барыбыз кыргызча таза, так, көркөм сүйлөйлү! Ошондо гана биздин эне тилибизди улам урпактан урпактарга жеткире алабыз!

Бирге жүрсөм, эне тилин кадырлайм,

Бул тил менен иштейм, сүйлөйм, ыр ырдайм.

Башка тилди жандай жакшы көрсөм да,

Эне тилди сүйгөнүмдөн жаңылбайм.

2-кадам: Эне тили жөнүндө ырлар

1-окуучу: Эне тилим улуу тил,

Манас бабам сүйлөгөн.

Жашап келет биз менен,

Эчен кылым дүйнөдөн.

2-окуучу: Эне тилим ырыскым,

Толуп турган чагымда.

Жашап келет биз менен,

Кылымдардан кылымга.

3-окуучу: Эне тилим таалайым,

Кайда гана барбайын.

Эне тилим барында,

Дайым жарык маанайым.

4-окуучу: Тилим барда улукмун,

Тилим менен улутмун.

Эне тили болбосо,

Аты аталбайт улуттун.

5-окуучу: Кааласам алар алп тилим,

Кандагы жүргөн бал тилим.

Кылымдар өчпөй келаткан,

Кыргыз тили жан тилим.

6-окуучу: Бул тилде атам сүйлөгөн,

Бул тилде апам сүйлөгөн.

Буруусуз сайрап жаткансыйт,

Булбул дагы кыргыз тилинде.

7-окуучу: Кыргыз тилим кылымдарды баскан тил,

Кыргыз тили көркөм дүйнө баскан тил.

Бул тил менен Манас бабам жар салып,

Мезгилдеги зор кайратты каткан тил.

8-окуучу: Кыргыз тили нускалуу тил, кутман тил,

Кыргыз тили кылымдарды уккан тил.

Кыргыз тили акындардын ырынан,

Чечендердин таңдайынан чыккан тил.

9-окуучу: Кыргыз тили бабалардан калган тил,

Кыргыз тили тээ түпкүрдөн жазган тил.

Кыргыз тили байыркынын дастаны,

Бир мезгилде муңга баткан арман тил.

10-окуучу: Бул тил менен даанышмандар сыйлашкан,

Бул тил менен ачылбаган сырды ачкан.

Бул тил менен ак таңдайлар ачылат,

Далай акын дастан жазган ыр жазган.

3-кадам: Макал-ылакаптар.

1-окуучу: "Тил тагдыры-эл тагдыры"

2-окуучу: "Буттан жанылган турат, тилден жанылган турбайт"

3-окуучу: "Ооздун көркү – тил , тилдин көркү сөз"

4-окуучу: "Ата сөзү алга сүйрөт адамды, Эне сөзү эпке салат жаманды"

5-окуучу: "Тил - акындын таразасы"

6-окуучу: "Элсиз тил болбойт , эне тилсиз эл болбойт"

7-окуучу: "Тил - ойдун булагы"

8-окуучу: "Тилсиз улут болбойт"

9-окуучу: "Узун тил - уудан жаман"

10-окуучу: "Өнөр алды - кызыл тил"

11-окуучу: "Тилдин сөөгү жок"

12-окуучу: "Илим менен билимге көпүрө - тил"

13-окуучу: "Эне тил - улут сыймыгы"

4-кадам: Көркөм окуу: "Жан ордуна келет тилди сурагым"

Эне тилим – ыйык туткан сыймыгым,

Бабалардан жете келген сыйлыгым.

Тамчы суудай бапестелип сакталган,

Жүрөгүмдөн түнөк алган ыйыгым.



Эне тилде ой жүгүртөм, сүйлөймүн,

Канат созо, ай ааламга күүлөумүн.

Аалам менен алакалар түзүлүп,

Эне тилди энекемдей сүйөмүн.



Суусаганда, тамчы сыңар тамчылайт,

Чаңкооңду да, суусун сымал кандырат.

Чарчаганда, эргүү берет эс менен,

Жыргалдантып, анан демин алдырат.



Эне тилди мен ардактап туу тутуп,

Тилим менен келе жатам мен утуп.

Жоолашканга сүр беремин дайыма,

Эне тилди өз үйүмдө кут тутуп.



Эне тилди энекемдей коргоймун,

Энекемдей эртеңкимди ойлоймун.

Ыйык туткан эне тилди ардактап,

Душмандардай алсыз өзүм болбоймун.



Эне тилим – кубат берчү куралым,

Өзүң менен сыймыктанар убагым.

Керек болсо берер элем жанымды,

Жан ордуна келет тилди сурагым.



5-кадам: Макалдар (тест).

1. Тил билсен... билесиң.

а) адам. б) дил в) эл

2. Адеп башы...

а) тарбия, б) ата-эне, в) салам

3. Тил ойдун...

а) бешиги, б) булагы, в) чырагы,

4. Тил акылдын...

а) каражаты, б) күзгүсү в) тепкичи

5. Тил акыйкаттын...

а) символу, б) баштыгы, в) ачкычы

6. Тилде... жок

а) уят, б) мээ, в) сөөк

7. Жигиттин өзүнө караба, ... кара

а)ишине, б) сөзүнө в) колуна

6-кадам: Макалды ула.

1. Ой - океан - ...( тил - булак)

2. Тилден жанылган турбайт, ...(буттан жаңылган турат)

3. Сөздү билген таап айтат, ... ( сөздү билбеген каап айтат)

4. Ааламдын көркүн сөз ачат, ... (адамдын көркүн бөз ачат)

5. Аз сөз, ... (саз сөз)

6. Сөз айласын билбеген, ...(сөздү өзүнө келтирет)

7- кадам. Жыйынтыктоо. Мугалим: Туура айтасыңар, достор! “Адамдын эне тили-анын жан тамыры” дегендей, жан дүйнөдөгү ой тизмектерин эне тилибиз аркылуу билдирип жүрөлү.

Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов: “ Кылымдан кылым өтүп, кыргыз эли жер үстүндө жашап турса, кыргыз тили да жайшай берет “ –деп айткандай, эне тилибиз – кыргыз тили нечендеген кылымдар бою жашап келген, жашап жатат жана жашай бермекчи!

Силер, биздин келечегибизсиңер. Ошондуктан бабаларыбыз сүйлөгөн сөздөрдү улап, аны көкүрөгүңөргө сактап, эне тилибизди эң жөнөкөй угумдуу да, жагымдуу да, көркөмдүү да, өзгөчөлөнгөн тил экендигин дүйнө элдерине тааныта билүү, кийинки муундарга жеткире билүү ар бирибиздин эң ыйык парзыбыз.

Элдин өлбөстүгү -анын тилинде. Ар бир тил- өз эли үчүн улуу.

Жыргагандын баары эле турмуш эмес,

Жылт эткендин баары эле жылдыз эмес,

Билебиз деп төштөрүн каккан менен,

Билбегендер өз тилин кыргыз эмес.

Үй тапшырма: "Кыргыз тили керемет" деген темада дил баян жазып келүү.















МАКСАТЫҢЫЗ БЕЛГИЛҮҮ БОЛСУН

Максатын туура коё албаган кемеге эч бир шамал жардам бере албайт.

Конфуций

Сабактын максаты: Окуучулар максат коюунун маанисин түшүнүшөт. Максатка жетүүгө аракет кылууну үйрөнүшөт.

Мугалим үчүн материалдар:

Көрүнүп тургандай эле максат – кылынуусу керек болгон бир ишти соңуна чыгаруу болуп саналат. Мүдөө – болсо баруу керек болгон жер. Бул эки термин, бирибирин толуктаган маанилүү элементтер.

Инсандын каалаган натыйжага жетүүсү үчүн тѳмѳндѳгү эки суроого ачык жана так жооп берүү керек:

1. Максатымды жана мүдөөмдү туура белгилегенминби?

2. Жашоомду бул максатка жана мүдөөмө ылайыктуу пландай алганмынбы?

Бир инсандын так ушул суроолордун үстүндө туруусу керек болгон чекит. Бул суроолорго сөзсүз түрдө жооп берүүсү керек.

Туура максат жана мүдөө белгилениши керек.

Инсан жашоодо эмне боло тургандыгына жана эмнени каалап жаткандыгына чечим чыгаруусу керек. Эмне үчүн окуп жатат? Өзү тандаган окууну бүткөндөн кийин эмне болууну каалап жатат? Өзү каалаган жерге жеткенден кийин бактылуу боло ала тургандыгына жана бардык проблемаларынын чечиле тургандыгына канчалык даражада ишенүүдө?

Келечегине байланыштуу маалыматтарды кимден же болбосо кимдерден алуусу керек? Досторунун, мугалиминин, ата-энесинин жана туугандарынын сунуштары канчалык даражада туура жана так? Булардын кайсынысы этибарга алынуусу керек?

Бардык мына ушундай суроолор инсандын башын толтурат, кээ бир убакытта ичинен чыга албай турган даражада депрессия жана чечкинсиздикти пайда кылат.

Мындай учурда эмне кылуу керек?

Депрессияга түшүүгө жана буларды проблема кылууга эч кажет жок.

Төмөндөгүдөй кылуу керек:

1. Алгач өзүңүздүн таланттарыңызды белгилөөңүз зарыл.

2. Бул таланттарыңыз менен эмнелерди кыла аласыз мына ошого чечимиңизди чыгарыңыз. Башкача айтканда кайсыл тармакта ийгиликке жетишишиңизге ишенесиз? Бул маселеде өзүңүздүн көз карашыңызды тактаңыз.

Так илимдерге жетишээрлик деңгээлде кызыгууңуз жок болсо, гуманитардык тармактарда чечим чыгаруу керек болот. Гуманитардык тармакта кетүүгө чечим чыгарсаңыз, дарыгер болууну максат кылууңуз орунсуз.

3. Тандаган тармагыңызга тиешелүү каалаган кесиптерди белгилеңиз.

4. Тармакка тиешелүү максат мүдөөңүздү белгилеп жатып төмөндөгү пункттарга көңүл буруңуз:

• Тандаган тармагыңызда иштеген бир ошол кесиптин ээси менен сүйлөшүңүз.

• Өзүңүздүн таланттарыңыздын ошол ишке ылайыктуу болуп болбогондугун жакшы эсептеп чыгарыңыз.

• Тажрыйбалуу жана өз ишин мыкты билген мугалимдериңиздин көз караштарын сураңыз.

5. Аныктамаларыңызды тизмектеп бир тармакка тиешелүү чечимиңизди ортого коюңуз.

6. Чечим түзүп жатып, максатыңыз жана мүдөөңүз ар тараптуу канааттандырарлык болсун. Башкача айтканда тандай турган максатыңыз жана мүдөөңүз эки жагынан канаатандырарлык болушу керек. Алар:

Тандай турган кесибиңиз же болбосо өзүңүз каалаган иш сизге жетишээрлик пайда алып келиши керек. Башкача айтканда акча.

Ошол ишти кылып жатып өзүңүз ырахат алышыңыз жана каалоо менен кылышыңыз керек. Ошол эле учурда ал ишти кылып жатып, коомго да пайдалуу болушуңуз керек.

7. Бекиткен максатыңыз жана мүдөөңүз, 100% сизди канааттандырбашы мүмкүн. Тактап айтканда, 100% канааттандырышы да күтүлбөйт. Кирешеси көп жана зыяндары аз болгонунун бир тандоо себеби болгондугун унутпаңыз.

Тандаган максатыңызды жүзөгө ашыруу жана мүдөөңүзгө жетүү үчүн эмнелер кылынуусу керек?

Максатыңыз жана мүдөөңүз белгилүү болсо, анда иштин маанилүү бир бөлүгү артта калды дегендик. Мындан ары бир гана аракет калды. Аракет болсо, белгилүү бир тартиптин айланасында болбосо, каалаган натыйжага жетүүгө болбойт. Кээ бир окуучулар максатын белгилеп мүдөөсүн максатына айкалыштырса да, муну аткара албай жатышат. Муну төмөндөгүчө ачыкташат:

• «Эмгектенишим керектигин билемин, бирок кыла албай жатам».

• «Китебими ачам, бирок окуй албай жатам».

• «Сабак даярдаган столума отуруу жана китептерими ачуу, мен үчүн өлүмдөй сезилет».

• «Эгер апам менен атамдын көзөмөлү болбосо, эч окубайм».

Сабак окуунун оор көрүнүүсүнүн кээ бир себептери бар. Алар төмөндөгүчө:

1. Ден соолук проблемалары бар.

2. Психологиялык проблемалар бар.

3. Кайсы бир окуянын таасиринде болушу мүмкүн.

4. Айланасындагы достору баш аламан тартипсиз, алардын таасири астында калышы мүмкүн.

5. Мектебин, классын жана мугалимин сүйбөйт.

6. Системалуу окуу тартиби жок.

7. Ийгиликсиз болуу коркунучунда.

8. Өзүнө жол кѳрсѳтѳ турган адам таппай жатышы мүмкүн.

Максатына жетүү үчүн жогорудагы проблемалар чечилүүсү керек.

Максатыңызга жетүү үчүн төмөндөгү иштерди аткарышыңыз зарыл:

1. Максатыңызга жетүү үчүн кылына турган иштериңизди белгилеп, пландаңыз. Күнүмдүк, жумалык, айлык жана жылдык түрдүүчө пландарды түзүңүз жана сөзсүз түрдө аны аткарыңыз.

2. Ишиңизди орундатуу үчүн ал ишти бир гана сиз аткара ала тургандыгыңызды жана башкасынын бир мүмкүнчүлүк менен да аткара албай тургандыгын, мүмкүн эмес экендигине ишенишиңиз керек.

3. Иштериңизде канчалык ийгиликке жетишкендигиңизди натыйжаларга карап туруп билиңиз.

4. Досторуңузду жакшы тандаңыз, досторуңуз сизди окууга үндөп жатабы же тескерисинче тоскоол болуп жатабы? Бул нерсеге көңүл буруңуз. Эгер тоскоол болуп жатса тезинен ал досторуңуздан айрылыңыз.

5. Үйрөнүүнү жана үйрөнүү куралдарын өздөштүрүңүз. Катардагы эле жана ойду келди эмес, илимий жана метод менен иштеңиз.

6. Тажрыйбалуу мугалимдериңиздин кеп-кеңештерине көңү буруңуз.

7. Ата-энеңиз менен кагылышпаңыз, алардын моралдык жана материалдык колдоолорун алыңыз. Тартиптүү бир үй-бүлөлүк жашооңуз болсун. Тартиптүү үйбүлө жашоосу ийгиликти арттырат.

8. Ийгиликсиз болгонуңузда үрөйүңүз учпасын. Себеби ийгиликсиздик, ийгиликке жетүү үчүн өтө маанилүү башталгыч.

9. Ийгиликтин, программалуу, үзгүлтүксүз жана бир калыпта иштөөнүн натыйжасында болорун унутпаңыз.

10. Убакытты туура пайдаланыңыз. «Кийинчерээк кылына турган иштин, эч кылынбай турган иш болгондугун» унутпаңыз.

11. Өз кесибин мыкты билген адамдардан жардам сураңыз.

12. Мүмкүн болушунча билим берүү технологиясын колдонуңуз. Ар дайым, адамды чыныгы максатынан четтеткен бош эле оюн күлкү жана убакыт өлтүрүү каалоосу болушу мүмкүн. Эң биринчи инсандын напси жана сезимдери бул нерсени каалайт. Инсан, ар дайым максатын акылында жана жүрөгүндө тута алса, булардын таасиринден өзүнү куткара алат.

Эгер тескерисинче болсо сезимдерибизге жана напсибизге жага турган бош нерселер менен алек болобуз. Окууну каалап жатып, бирок окуй албай жаткан окуучулардын көпчүлүгү, окуу үчүн өздөрүнө тиешелүү чындыгында кабыл алган бир себептери болбогондор. Ушундай бир окуучуларга, жакшы досторду тандап, иштөө программаларын түзүүгө жана аны аткарууларына кеңеш беребиз.

Аябай маанилүү бир жарышта ийгиликке жетишүү үчүн көптөгөн тер төгүүнү жана бир канча кыйынчылыктарды талап кылгандыгы чындык. Терлебестен жана 5 кыйынчылык көрбөстөн ийгиликке жетишүү мүмкүн эмес. Бир жарышка катышканыбызды мына ушул нерселерди көз алдыбызга алуубуз керек.

Жогорудагы жумуштарды аткарууда кыйналып жаткан окуучулар болсо, бир канча достору менен күнүмдүк же жумалык бир канча иш аракеттерди пландаштырып биргеликте аткаруулары керек. Эгерде жакшы достор тандалган болсо, программаны жеңилдештирет жана ийгиликтерди арттырат.

Эч унутулбашы керек, ийгиликке жетүүдөн башка чарабыз болбогон бир доордо жашап жатабыз. Ийгиликсиздикке эч ким сыйлык бербейт. Башкаларынын ийгиликтерине жашынып жана аны менен сыймыктануу болсо, пайдасыз.







Сабактын темасы: Дос тандоо жана дос күтүү адеби

Сабактын максаты: окуучуларга дос табуунун жол-жобосун үйрөтүү, жолдошторуна жардам берүүгө даярдоо.

Доскага төмөнкү сөздөр жазылып коюлат: “Достон кымбат эч нерсе болбойт, достошууга мүмкүнчүлүк болсо эле достошкула” (италиялык тарыхчы 40 Ф.Гвиччардини), “Бактылуу күндөрдө дос кубанып бөлүшпөсө, ал сонун көрүнбөйт, бактысыз күндөрдү дос бөлүшпөсө, көтөрүү кыйын” (Цицерон)

Сабактын жүрүшү: 1) Уюштуруу.

2) Жаңы тема. Достук бул – адамдын адамга чын жүрөктөн берилгендиги, кыйбастык, рухий жакындык. Достук – адамдын жардамга келүүгө даярдыгы, чын дилден адамга күйүү. Чыныгы дос табуу – бакыт. Достук бул – кызыкчылыктын биригиши, ынанымдын, көз караштын окшоштугу, көздөгөн максатынын, таламдарынын бирдиги, адамдардын бири-бирине ниетинин түздүгү, бири-бирин жактыруу, кыйынчылыкты бөлүшүү.

“Дос тапкың келсе, анын мүдөөлөрүн түшүн, дүйнөнү анын көзү менен кара, анын кубанычын, кайгысын бөлүш, турмуштун ысык-суугун бирге тат. Сенин кылык-жоругуң башка адамды кандай абалда калтырарын ойло, жаман мүнөзүңдү көрсөтпө, анын көңүлүн калтырба, андай кайгы бир күнү сага да келерин унутпа. Анын кайгы-кубанычына кайдигер болбо. Кайдыгерлик – жүрөктүн катуулугу. Кайдыгерлик – жан дүйнөнүн сокурдугунун белгиси” – деген В.А.Сухомлинский.

Жакын адамдын, достун кайгысын түшүнүү – кыраакылык, бул сапат адамгерчиликтүү, асылзат адам болууга өбөлгө болот. Биз адамдын кыймылдарынан, көз карашынан, маанайынан жүзүнөн, дем алуусунан, дүйнө таанымынан анын кайда бара жатканын көрө билсек, турмушта кайгы болмок эмес.

Эми достукка карата мисал келтирели. Бир класста төрт бала окуган, чогуу ойноп, чогуу жүрүшкөн, мектепте чогуу дежур болушкан. Асан менен Айбекти олимпиадада жеңишке жетишкендиги үчүн математиканы тереңдетип окуткан мектепке котормокчу болушкан, бирок алар досторунан ажырагысы келбей, өз мектебинде калган. Ошентип негизги мектепти (9-классты) чогуу бүтүрүшкөн.

Ошол төрт бала кайыкта сүзүп баратканда күн күркүрөп, шамал болуп, жамгыр башталды. Балдар коркуп кетишип, кайыкты жээкке айдап, Чолпон-Ата тарапка качышты. Бирөө эле кайыкта калды. Ал Айбек болчу. Жамгыр бетке чаап, жаап жатты. Толкун кайыкты омкоруп кетчүдөй шарпылдап,уруп жатты. Айбектин колдору ооруп, көздөрү тунарды, бирок ал көлдүн жээги менен кеме токтоочу жайга бардык күчүн жумшап сүзүп баратты. Максатына жетип, кайыкты ордуна жип менен байлады. Кайыкчы баланы таң калып карады.

– Сен кайдан келдиң иничек?

– Бүгүн сизден кайык алганбыз, мен кайра алып келип берем деп убада бергем.

Он алты жашар баланын мындай шартта сөзүнө турушу үчүн эрк керек эле. Ал да корккон болчу, кайыктан түшүп, үйүнө качууну ал да ойлогон, бирок турмушта дайыма эле каалаганын кыла берүүгө болбойт. Айбек бу жолу бир нерсени түшүндү, анын достору чыныгы дос эмес экен.

4. Бышыктоо үчүн суроолор:

1) Адептик кыраакылык деген эмне, дос күтүүдө кыраакылыктын мааниси кандай?

2) Дос-душманга карата кандай мамиле кылуу керек?

3) Айбектин мүнөзүндө кандай өзгөчөлүк бар экен?

4) Сен анын ордунда болсоң кантет элең?

5) Достору Айбекти эмне үчүн таштап кетишти?

6) Л.Н.Толстойдун “Коркок дос душмандан коркунучтуу, анткени душманыңа сак болосуң, досуңан үмүттөнөсүң” – деген сөзүн чечмелегиле.

7) Бул мисалда кандай адептик маселе каралат? Анын мааниси кандай?

8) Достун милдети болобу?

9) Дос болуш үчүн адам кандай жоопкерчиликти билиш керек?

10) Жогорудагы мисалда балдарга кандай талап коюлуп жатат?

11) “Жан дүйнөм менен берилип, досума иштеп бердим” – дегенди кандай түшүнөсүң?

12) Норвегиялык драматург Генрик Ибсен: “Сага (чын дилден) берилген досуң үчүн өтө көп иш жасаба” – деген. “Өтө көп” дегени эмнеси? Сенин пикириң кандай?

13) Өз тажрыйбаңан мисалдарды келтиргиле.

14) Сен жардамга муктаж болгондо жоромолдоп билген адам барбы?

15) Н.Островский: “Достук – бул чын ыкластуулук, жаңылыштыгын сындоо. Адам жаңылыштыгын оңдош үчүн эң оболу достору катуу сынга алыш керек” – деген. Силердин пикириңер кандай? Өспүрүм куракта кээде ата-эненин пикиринен да досторунун пикири маанилүү болот. (Н.И Дереклеева, М.Ю.Савченко. Справочник классного руководителя. М., 2009). (Окуучулардын жоопторун угат).

Суроо: Достук жөнүндө кандай макал-лакаптарды билесиңер? “Досу көптү доо албайт, акылы көптү жоо албайт”. “Эски дос эстен кетпейт, жаңы дос кадырыңа жетпейт”. “Дос сыйлайт, душман кыйнайт”. “Дос сыртыңда мактайт, душман көзүңчө мактайт”. “Дос, доско жаныңды кош”. “Доско зар болбо, душманга кор болбо”. “Досуң канча болсо, душманың ошончо”. “Дос миң болсо да көп дебе, душманың бир болсо да аз дебе”. “Жүз сомуң болгуча жүз досуң болсун”. “Досуңун касынан сактан, касыңын досунан сактан”. “Досуңдун кебинен чыкпа, кебинен чыксаң эбинен чыкпа”. “Досуңдун сөккөнүнөн коркпой, касыңдын өпкөнүнөн корк” [20]. (уланткыла).

Суроо:Достук жөнүндө кандай ырларды билесиңер?

Жоого таштап, өзүн ала качпаган,

Жакшы жолдош алтын го дат баспаган.

Жүрөгү бир, жүлүнү бир ар дайым,

Жат, бузуктун алдоосуна сатпаган.

Жакшыңды айтып, жаман жагын ачпаган,

Жакшы жолдош калканч экен сактаган.

Ага айтасың жүрөктөгү сырыңды,

Ата-энеңе, аялыңа айтпаган.

Жамандыкта жанын тиштеп жүгүрөт,

Сен күйүнсөн, ал да кошо күйүнөт.

Сен сүйүнсөн, сенден катуу сүйүнөт,

Кайгы-муңуң тең бөлүшүп бүлүнөт.

Кеп, кеңешин түгөл айтып туюнтуп,

Кемтикти оңдоп, акыл кошот уютуп,

Чечилесиң чын жолдоштун үйүндө,

Тирүүлүктүн түйшүгүн бүт унутуп.

Жакшы жолдош бүткөн сындуу каныман,

Куса болом, алыс кетсе жаныман.

Бир-эки апта сыр айтышпай калганда,

Буулуккансып, ичим бышып сагынам.

Казаныңа салып бербейт оокатын,

Бирок ага белен сыйың, урматың.

Жүрөк сырын, жакшы даамды бир бөлгөн,

Бул турмушта жолдоштун айт кымбатын.

Бир акылдуу ачууланса көрүп жек,

Сүйлөнчү экен, “жолдошуңан арыл”–деп,

Жолдошу жок жашоо дагы жашообу,

Андан көрө жакшы жолдош күткөн эп (К.Артыкбаев).

Бир акылман айткан экен: Агаңдын анча-мынча кебин уккун, уккун да өмүр бою эске туткун. Душман берген мүрөктүн суусун жутпай, чын досундун карматкан “уусун” жуткун. Муну кандай түшүнөсүңөр?

– Душман алдап, сени жеңгиси келет, ошондуктан жакшы көрүнгөн нерсени тандаба, дос кыйынчылыгы,“ачуусу” болсо да, туура нерсени, келечеги кең, түбөлүгү түз болчу нерсени сунуштайт, ошону тандоону унутпа деген мааниде айтылган. Бирок доско ачуу чындыкты айтуу кыйын, анткени көңүлү ооруп калат деп коркосуң, бирок ачуу болсо да чындык (“уу”) жакшы.

Дж Руми: “Калыстыктын белгиси – талаш маселеде чынчылдык, акылмандын белгиси – өткөнгө өкүнбөө, коркоктун белгиси – күчтүүгө каршы чыга албоо, зулумдуктун белгиси – алсыздын малын тартып алуу, эси жоктун белгиси – акылдуунун кебин түшүнбөө, достуктун белгиси – кыйындыкта сага жан тартуу” – деген.

Эми сабакты жыйынтыктайлы. Достук жөнүндө ойчулдардын пикири мындай: “Достун милдетин аткаруу, достун аракетине кубануудан, ага суктануудан кыйын” (Г.Лессинг). Ар бир адамдын досунун алдында милдети да болот. Анын алдындагы жоопкерчиликти билиш керек. Эмгектенген адам да 44 жоопкерчиликти билиш керек. Жүрүм-турумуң, сүйүүң, сүйлөгөн сөзүң ж.б. барынын жоопкерчилиги бар. Досту тандайт, бирок адамда чыныгы достор аз кездешет. Достун болушу – улуу нерсе, демек, ишиңин оңолгону, дос кубаныч тартуулайт. Турмушта ишиң өзүнөн өзү эле оңоло бербейт, жыргалчылык өзү келбейт, аны үчүн эмгектенүү, рухий аракет керек. Дос күткүң келеби, күт, аны үчүн анын кубанычына кубан, кайгысын бөлүш. “Убактыңды да, күчүңдү да, сезимиңди да аяба” (Е.Лосото). Досуңар көп, жашооңор бактылуу болсун.







КИТЕП ОКУУНУ КӨНҮМҮШ АДАТКА АЙЛАНДЫРЫҢЫЗ



Окуу ушунчалык бир таттуу, башка эч нерсе анын даамына жетпейт. Окуунун даамын таткан жашоонун да даамын татып баштайт.

Али Серт

Сабактын максаты:

Окуучулар окуунун маанилүүлүгүн түшүнүшөт, жакшы окуу тууралуу пикирлерди окушат жана пайдаланышат.

Мугалим үчүн материалдар:

Окууну көнүмүш адатка айландыруу максатында канчалаган түрдүүчө методдор иштелип жана бир канчасы ийгиликтерге жетишкен. Бул методдордун орток пикирлерине көңүлдү буруп, бул принциптердин арасында чыныгы аракеттин окуган инсанга түшө тургандыгын баса белгилеп кетүү керек. Бардык жөндөмдөр сыяктуу эле, окуу жөндөмдүүлүгүн да өнүктүрүүгө болот. Окуган инсан жогорудагыларды аткарганда окууну көнүмүш адатка айландырууда эч кимдин жардамына муктаждыгы калбагандыгын көрөт.

Бир китепти бир эле жолу окуп бир чекеге таштап коюу болбойт, убакыттын өтүшү менен кайталап окуп туруу керек. Үйрөнүүнүн бир гана шарты кайталоо. Бардык окугандарыбызды акылыбызда сактай албашыбыз мүмкүн, бул психологиялык жана физиологиялык чындык. Бир китеп шаар сыяктуу. Ал шаарда бир эле жолу айлануу жетишсиз. Мүмкүн болсо шаарда бир аз калуу керек жана кээ бир маанилүү жерлерди кайра айлануу пайдалуу болот.

Адаттагыдай эле окуу формасы, билимге болгон чаңкообузду кандырбайт. Бул үчүн жашоонун ар кадамында болгондой эле, окууда жана түшүнүүдө бир план жана программа керектелет. Окууну адатка айландыруу жана окулган нерселерден пайдалана билүү үчүн бир канча принциптерди билүү жана жүзөгө ашыруу шарт.

Көргөндөрүбүз жана жасагандарыбыз, тажрыйба да окуу да билимди арттырат. Ийгиликтин алгачкы сыры, тажрыйбаны билим менен айкалыштыруу же болбосо билимди тажрыйба менен бышыктоо. Мына ошондуктан ар бир инсандын көп-көп окууга муктаждыгы бар. Жалгыз, акылдын жетилүүсү, окулган нерселердин түшүнүктүү болуусуна байланыштуу.

Бир жазууну мааниси менен түшүнүү, ал да бир өнөр. Биз мунун атын окуу жана түшүнүү деп атайбыз. Окулган билимдин практика жүзүнө ашырылуусу, аны түшүнүү менен гана мүмкүн болот. Окуунун адатка айландырылуусу жана уланып туруусу үчүн кээ бир нерселерге маани берилүүсү керек. Кыскача төмөндөгүчө:

1. Учурдагы аз окуган адам менен көп окуган адамдын өздүк жана коомдогу ордун салыштырыңыз.

2. Окуунун сизге алып келген пайдаларын ойлонуңуз.

3. Окуунун бир канча проблемаларды чечкендигин, психологиялык рахат тартуулаганын, эң жакын дос болгондугун, өмүрдүн ар бир мүнөтүнүн бош кетүүсүнө жол бербегендигин билиңиз.

4. Бир адат, тырышчактык, ырахат жана уланып туруу менен болот. Окуу темасында өзүңүзгө өзүңүз сөз бериңиз жана мында тырышчаактыкты көрсөтүңүз. Бир канча убакыттан кийин мунун жыйынтыгы алынат.

5. Китеп окууну сиз үчүн кызыктуу болгон темадан баштаңыз. Кызыгууңуз артсын жана каалооңуз болсун.

6. Досторуңузга китеп белек кылыңыз.

7. Китеп окуу үчүн күчтүү бир каалоо керек. Китеп окуу каалоосу төмөндөгүчө түзүлөт:

а) досторуңуздун арасында сөзгө ээ болууңуз үчүн;

б) ырахаттанып сүйлөшүү жана оригиналдуу пикирлерге ээ болуу үчүн;

в) класстын же болбосо мектептин эң жакшысы болуу үчүн;

г) келечегиңизге эң жакшы инвеститция тартуу үчүн;

д) жазуучу же болбосо газета журналдарга макалаларды жазуу үчүн;

ж) билимдүү инсан болуу үчүн.

8. Бош убакытыңызды китеп окуу менен өткөрүңүз.

9. Китеп окуу планыңызда сөзсүз түдө болсун. Күнүнө ушунчалык, саат мынчада... «Жумасына же болбосо айына мынча китеп окуйм» сыяктуу өзүңүзгө максат коюуңуз.

10. Окуунун алгачкы баскычы, окууга даярдык болуп саналат. Окууну улантып туруу маанилүү болсо, алгач план түзүү зарыл. Өзгөчө сабак даярдоо максатында окуу сөзсүз түрдө план менен болуш керек. Бул иш жараяны күнүгө бир убакытта болуусу керек. Эмнени эмне үчүн окушубузду жакшы билишибиз керек.

11. Окуу, иш жараяны, дайыма уланып турган болсо отурган жер мааниге ээ. Отурган жериңизден баштап дубалдагы сүрөттөргө чейин бардык нерсе бизге таасирин тийгизет. Көбүнчө терезенин астына олтурбоо керек. Үндөн алыс жана бош дубалга караган столдо окуу дагы да жакшы болот.

12. Окуп жаткан мезгилде тамактануу көңүлдү бурат.

13. Китеп – окуу үчүн. Китепке эч качан жазуу жазылбайт. Бир гана маанилүү жерлеринин асты сызылат.

14. Окуу жараяны тик олтурган отургучта дагы да пайдалуу болот.

15. Китептин беттери ортоң кол менен жана беттин оң үстү тарабынан ачылыт. Бармак сууланган абалда астынан ачылбайт.

16. Китептин беттеринин четтери бүктөлбөйт. Китептин кайсыл жерине келген болсок, ошол жерге кичинекей бир кагаз коюлат. Кээ бир том-том китептерде ушул максатта китептин четине жип орнотулат.

17. Сыйлык болуп берилген китептер өзгөчө дагы жакшы колдонулушу керек.

18. Китепкананын китептери убагында тапшырылышы керек.

19. Үйдө окуп жатканда сөзсүз алдында сөздүк болуусу зарыл.

20. Сапарда эң жакшы дос китеп. Китепсиз узун жолго чыгылбайт.

21. Китеп эң жакшы дос, ал корголуусу керек.

22. Окууга байланыштуу үйрөнгөндөрүңүздү колдонуу жана адатка айландыруу үчүн күнүмдүк окугандарыңыздан газета журналдардан тартып китепке чейин да пайдаланууга аракет кылыңыз.

Коомдун ичинде жашаган ар бир инсан, өзгөчө окуучулар, дайыма окуп туруулары зарыл. Себеби, билимдин жана технологиянын өтө тез темптте өнүгүп турган учурунда, жашоодо ийгиликке жетишүү мүмкүн эмес.

АЧУУҢДУ ЖЕҢЕ БИЛ!



Ачууланган учуруңузда чөйрөңүздөгүлөрдөн да көбүрөөк өзүңүзгө зыян жеткирген болосуз. Психологиялык дүйнөңүздө ачуудан дагы жогору душман жок.

Гари Аванс

Сабактын максаты:

Окуучулар ачуунун арты өкүнүч экенин билишет. Ачууну баса билүүгө үйрөнүшөт.

Мугалим үчүн материалдар:

Ачуулануу, адамдын өз ичинде же болбосо башкалар менен болгон мамилелерде ортого чыккан «жан дүйнөнү сыккан» кыймыл-аракеттер.

Инсандар эмне үчүн ачууланышат?

Нормалдуу инсандар убагы келгенде, ачууланышат. Бул албетте табийгый нерсе. Бирок кээ бир инсандар ачууланганда аябай чектен ашат. Өзүн-өзү көзөмөлдөй албай калат. Үй-бүлөдө ата-энесинин, мектепте мугалимдин жана коомдо чоңдордун үстөмдүгүнө кабылган инсандар, келечектеги жашоосунда башкаларга чорт, чыдамы жок жана сабырсыз бир кыймыл-аракетте болушат. Кол астында иштеген инсандарга карата сабырсыз, корс болгон бул инсандар өздөрү сезбестен чөйрөсүндөгү инсандарды дайыма бактысыз кылышат. Кээ бир убакытта өзүбүз да ичинде жашап жаткан маданият ачууланууга мажбур кылат.

Кээ бир учурда мугалимдер окуучуларга күтүлбөгөн корс мүнөздөрүн көрсөтүшөт. Маанилүүлүктөрүн, кабагы бүркөлгөн, ачуулуу кыймыл-аракеттери менен далилдегенге аракет кылышат. Ошондуктан окуучулар же болбосо ата-энелер менен жаңжалга жол ачышат. Албетте биздин бул ачуулуу кыймыл-аракеттерибиз убак-убагы менен психологиялык дүйнөбүзгө чоң залакасын тийгизет. Өзүбүздөн өзүбүз узакташа баштайбыз. Андан кийин өзүнө болгон ишеничин жоготкон, чочулаган жана артка чегинген же тескерисинче агрессивдүү жашоого бажбур болобуз. Кызуукандуулук бир жолу жашообузга мөөрүн ургандан кийин, башка балекеттердин жана проблемалардын аягына жетпейт жана өткөн чактын таасири менен, күн өткөн сайын дагы да ачуулуу абалга келебиз.

Инсан ачуулуу абалында, бир чаян сыяктуу өзүн-өзү чагат. Ачуу деңиздеги бороон сыяктуу. Бороон токтогон убакытта деле толкун боло берет. Ачуулуу адамдар, алкоголдуу ичимдиктерди же болбосо апийим колдонгон сыяктуу мас болушат жана өздөрүнө-өздөрү ээ чыга албай калышат. Кокусунан ачууланган инсандар, кудум эле апийим колдонгон жана ага байланып калган сыяктуу өздөрүнө да башкаларына да зыян беришет. Мындай инсандарды дарылоо, жаман сапаттарды адатка айландырган адамдарды тарбиялоодон да оор.

Ачууну кантип жеңе алабыз?

Бейгамдык кандай колго алынат? Алгач ачуулуу убакытты түшүнүү керек. Ачуулануу эч качан жөн жайынан келбейт. Сөзсүз түрдө белги берет, келгендигин билдирет. Ысытылган сууда алгач көбүктөр пайда болот, ачууланган инсанда да ушул сыяктуу алгач көбүктөр көрүнөт. Инсандын кыймыл-аракеттери өзгөрүп баштайт, ачуусу сүйлөгөн сөздөрүнө чагылат. Бул инсандардын руханий абалы жүзүнөн окулат. Копмейр айтканындай эле: «Сүйлөшүү бир коңгуроонун чалуусу сыяктуу. Инсан бул адамдын үнүнөн ачууланып жаткандыгын дароо түшүнөт. Ачууланган адамдын үнүнүн тону өзгөргөндүгүн байкабаган адам жок».

Ачуубуздун келип жатканын сезгенибизде, дароо анын буйругунан чыгууга аракеттенишибиз керек. Бир убакытта өткөн чактын жана келер чактын кайгыларынан узакташышыбыз керек. Ошол убакыттагы окуяны чоңойтпостон, ачуулануунун себептерин иликтешибиз керек.

Ачууланган инсан ошол убакытта мүмкүн болсо сүйлөбөгөндүгү дагы жакшы. Эгер сүйлөгөнгө мажбур болгон болсо, ал убакта жумшак сөз менен тонун өзгөртүп сүйлөөсү керек. Азирети Сулайман билдиргендей: «Жумшак жана жылуу бир жооп ачууну азайтат, ал эми оор жана катуу сөздөр ачууну күчөтөт».

Эч унутулбашы керек болгон нерсе, ачуулануу бир сезим, ошондуктан башка сезимдер сыяктуу көзөмөлгө алууга болот. Акимдин жанында кылмышкер: «өзүмдү жоготтум!» деп туура эмес сөздүн же болбосо кыймыл-аракеттин кызуу кандуулук учурунда болгондугун кабыл кылышат. Чынында күнөөкөрлөр, ачуулуу абалында сабырдуу тута алышканда, балким өздөрүн жоготпой эле жана ошол кылмышты да жасабайт эле.

Мевлана Желалиддин Руми: «Чыдамкай бол, себеби сабыр жокчулуктун ачкычы. Сабырсыздык менен эч ким бул буктурмадан кутулган эмес» деген. Бир нерсени жакшы билишибиз керек, ар кайсы инсандын ар бир сүйлөгөн сөзүнө ошол замат жооп берүүгө мажбур эмеспиз.

Бир макалада: «Бир ачууну, бир мүнөт убакытта басуу астында тута алган адам, бир күндүк кайгы-кападан кутулат» делинет. Ал тургай көз ирмемдик бир убакытта ачуулануу, кээ бир убакта өмүр бою кайгы-муңга себепчи болушу мүмкүн.

Жинденүүнүн кечиктирилүүсү инсандын анатомиялык жана физиологоиялык түзүлүшү жагынан мүмкүн болот. Ал төмөндөгүчө: Мээнин астында гипоталамус аттуу нерв клеткалары бар. Гипоталамус сезимдерибизди жөнгө салып турат. Анын милдети, сезимдерди реакцияга айландырып мээнин алдыңкы булчуңуна жөнөтүү. Гипоталамус сезимдердин, ал эми мээ болсо ой жүгүртүүнүн борбору болуп саналат. Бирөө бизге акаарат кылып жаткан болсо, биз да ага ачууланган болсок, мындай абалда кабар алгач гипоталамуска келет.

Эгер ачуулуу убагыбызда ошол жерге такалып туруп калсак, мунун аягы жамандык менен аякташы мүмкүн. Ошол убакытта бардык нерсени бир аз да болсо кечиктире алган болсок, гипоталамус кабарды баш мээге жиберет.

Эгер каршылашкан акаарат менен баш мээнин борборунда анализдеген болсок, проблемабыз ой жүгүртүүнүн натыйжасында чечилет. Чынында ачуулуу адамдарда проблемалар баш мээде эмес гипоталамуста чечилүүгө мажбур кылат. Бирөөгө бакыруудан мурун, онго чейин санай алсак бакырууга эч муктаждык калбайт.

Мындай убакытта өзүнө-өзү эгедер чыга алгандар, толкундуу деңиздеги капитандар сыяктуу болуп калат. Унутулбай турган нерсе, жакшы капитандар толкундуу деңизде да жетишишет. Ачуулуу убагыбызда дайыма алдыбыздагы адамдын эмне үчүн андай кылгандыгын ойлонушубуз керек.

Ошондуктан аны бир аз убакыт робот катары көрсөк, мында бир коркунуч жок. Мындан башка жолу болбогондугун жана бул нерсеге мажбур калганыбызды ырахаттык менен кабыл кылышыбыз керек. Өзүбүздү анын ордуна коюп көрүп, аны бир себептүү деп билип жакшы мамиледе болушубуз шарт.

Мындай абалда өзүбүздү эч качан адилеттүү деп ойлобошубуз керек. Себеби адилеттүү болуу бактылуу болууга жетиштүү эмес. Адилеттүүлүктү коргоо менен, бактылуулукту ага курбандыкка чала албайбыз. Мындай абалдарда маңдайыбыздагы инсанды кечирип, өзүбүздү улуулашыбыз керек.

Эч күмөнсүз ачуунун дарысы сабыр болуп саналат. Сабырдын ачууну жеңе алуусу үчүн, ачуунун бир чечим жолу болбогондугун, пайдасынан зыяны көбүрөөк экендигин түшүнүшүбүз керек.

АРАККОРЛУК



Сабактын максаты:

➢ Окуучулар араккорлук жаман адат экенин билишет;

➢ Арактын кесепетин, анын жашоого тийгизген таасирин айтып бере алышат;

Сабактын жабдылышы: Проектр, слайддар.

Сабактын жүрүшү:

1-кадам: Мугалим окуучуларга слайд аркылуу теманы түшүндүрөт. Сабактын аягында суроолорду берип жыйынтыктайт.

1-слайд. Ага-буга шылтоолоп ичип кетүү адамдын алсыздыгы, жараткандын киши баласына берген мүмкүнчүлүгүн пайдалана албай калгандык. Адам табияттын берген чоң тартуусу болгон акылдан пайдаланыш керек эле, жакшыны жамандан, пакизалыкты куниктиктен, адалды арамдан ажырата билиши керек эле, бирок көп адамдар шайтан жолуна азгырылып дал ушул жерден айныйт. Адал-пак ырыскыны арам кылып алган адамдын өзүнүн күнөөсү чоң.

2-кадам: Мугалим окуучуларга икаяны окуп берет. Класста талкуулашат.

Икая.

Насириддин Бурканиддин уулу Рабгузий (13-14-кылымдарда Хорезмде жашаган) мындай бир икаяны келтирет: Наалаты шайтан жүзүм уругун уурдайт. Канча-канча издешсе да аны таба алышпайт. Канча бир айбандардан сурап чыгат, эч ким билбейт, ыңжыңсыз жоголуптур. Акыры шайтанды кармап алышат. Шайтат айтат: «мага ошол жүзүм уругуна үч мертебе суу куйганга уруксат берсеңер, мен ошол үрөндү силерге таап берем», - дейт. Нух алейхисалам маакул болот. Ошондо шайтан урукту таап берет. Топон суудан аман калгандар жерге түшкөн соң ошол урукту себет. Убада боюнча шайтан үч жолу суу куят: биринчисинде – түлкүнүн; экинчисинде – арстандын; үчүнчүсүндө – доңуздун канын себет. Ошентип жүзүм ширесинен май (шарап) кылышат. Ким андан ичкен болсо, адегенде түлкүчөсүнөн мурда көрүпбилбегендер менен дале шыйпаңдап дос болот, анан андан өтүп, көрүнгөндү качырып, күчүн көрсөтүп, арстан болот, марттыгы кармап адамдардан соога-белек аябай калат, үчүнчүсүндө – чылк мас болот да, доңуз кейпин кийет.

Ошентип, бул шайтандын адамдарга кылган кыянаттыгынын акыбети, шайтандын тамагы деп айтылып келет. Улуулар ошол шайтандын жолуна түшүп кеткен, шайтан оокатына азгырылган адамдардын шору өзүндө деп айтышат.

Азыр бүт дүйнөгө тараган «алкоголь» деген сөз түпкүлүгү араб сөзү, «ал кухл» деген сөздөр, бизчеси «акыл уурдамак», «акылдан айнытмак» деген маанилерде. Мухаммед пайгамбарыбызга чейин Арабстан жарым аралында жана кураиш уруусунда ичкиликпоздук аябай катуу өөрчүп кеткен экен. Бир уруу экинчи бир уруу менен өлгөн төөнүн куну үчүн кырк жыл согушуп, акындар ичкиликти көкөлөтө мактап, арак ичүүгө үндөп ырлар жазып, рухий идеал ыймансыздыкка ооп кеткен. А түгүл берешен марттыгы менен бүт араб урууларына дайын болгон Кайс акынга 55 атасынын өлтүрүлгөнүн угузушканда кызып отурган неме май ичүүнү атасынын өлүмүнөн да өөдө койгон.

3-кадам: Мугалим слайд аркылуу түшүндүрүүнү улантат.

2-слайд.

Ошол мас кылуучу суюктуктарга каршы мамлекеттер, жалпы коом кандай гана иш-чараларды көрсө да, ал жоюлбаган. Байыркы Румда ичкиликпоздорду дарга асканга чейин барган. Бизде дале андроповдук-лигачевдук доордо жалпы мамлекеттик деңгээлде аракка каршы катуу күрөш жүргөн: арак сатуу аябагандай азайтылган, жүзүм плантациялары талкаланган, бирок мас кылуучу жасалма ичимдиктер чыккан, акыраягы баары бир эл, мамлекет аракка жеңилип берген.

3-слайд. Кураны каримде курмадан жана жүзүмдөн мас кыла турган шарап алууга да болорлугу, ошол эле кезде андан таза, пакиза ырыскы да алууга мүмкүндүгү айтылат, ал ошол адамдын акыл-идирегине байланыштуу, бирөө акмак кылчу, айбан кылчу суюктук алат да, бирөө денесине жана рухуна пайда бере турган витаминдүү азыктарды алат. Алла Тааланын бул түшүндүргөнүн түшүнгөндөр болду, түшүнбөгөндөр болду. Кийинки жолу жараткан адамдарга май ичиш, кумар ойнош арам экендигин көзгө сая көрсөттү. Ичимдикке берилген адам улуу-кичүүнү көзгө илбей жаман адаттарды кылат, адепсиздигин көрсөтөт: какырынат, түкүрүнөт, сөгүнүп-сагынат, ургаачылардын көзүнчө эркектер, же тескерисинче, эркектердин көзүнчө ургаачылар ыймандык чекти сактай албай калат, ортодогу уят деген тосмо жоюлат. Азыр келининен доолап арак ичкен, же келини менен кайыненеси кагыштырып арак шыңгыраткан улуу-кичүүлөрдү көп эле көрүп жүрбөйбүзбү, аларга ыйман берсин дегенден башка эмне айтасың...

4-слайд. Арабстанда адамдардын ичимдиктен кайтышынын дагы бир себеби мындай окуяга байланыштырылат: Мадинада Мухаммед пайгамбарыбыздын сабаларынын бири Абдырахман бин Авф жакындарын дасторконго чакырып, зыяпаттап, аларга май тартуу кылат. Шам намазынын убакты-сааты келип, меймандарга намаз окуш керек болот, ошондо бирөөсү имамдыкка өтөт. Ал да шире кайф эле. Бир убак намаз сүрөөлөрүн айтып атып, кыргызчага которуп айтканда «эй, динсиздер, сиздер сыйынган нерсеге мен сыйынбаймын» деген аяттын ордуна адашып: «эй, динсиздер, сиздер сыйынган нерсеге мен да сыйынамын» деп салат. Карабайсызбы, мусулманчылыктын эң чоң катасы кетирилет, башка диндегилер отко, сууга, ташка, даракка, бутка, уйга сыйынып келсе, ислам дини ошолордон баш тартып, жалгыз гана Алла Таалага сыйынып келсе, ошонусу таптакыр тескери айтылып кетсе, болгондо да шам намазынын үн чыгарып окулуучу жеринде ушинтип атса. Буга эмне айыптуу? Албетте, акыл-эсти алган масчылык, арак айыптуу. Ошондо дагы көбү бул окуяны көрүп туруп арактан кайтат, анын эсти алар кесепетин түшүнүшөт.

5-слайд. Улуу Карл (742-814-жылдар) доорунда май ичип биринчи жолу колго түшкөндөрдү кандайдыр бир имарат ичинде жазаласа, экинчи жолкусунда эл алдына чыгарып жазалаган, үчүнчүсүндө болсо өлтүрүлгөн. Арабстанда эркин адам (кул эмес дегеним) май ичип колго түшсө 40 жолу, кул колго түшсө 80 жолу балак алынган. Байыркы Индияда болсо андай адамдардын оозуна күмүш, коргошун, жез ээритип коюп таштаган, брахмандын аялы ичкен болсо маңдайына бөтөлкө формасында «мөөр» басып үйдөн айдап жиберишкен. Орусиянын Самара аймагында ичкиликтен өлгөн кишилерди кургакчылык, каатчылык алып келет деп мүрзөгө койбой, дарыяга агызып ийген, же токойдун ичине алып барып, өтө терең жер казып көөмп салган учурлар болгон.

6-слайд. Малайзияда «жыттанып» колго түшкөн айдоочу болсо жанына аялын кошо алып келип камап салып, жазалаган. Түркияда мындай айдоочуларга 30 чакырым тыным албай жөө басууга туура келсе, Сальвадордо өлүм жазасына өкүм кылынган учурлар кездешет.

7-слайд. Бир убакта Орусия империясында аракты дары катары көп колдончу экен, 1915- жылы дарыгер Пирогов алкоголь терс таасир этпеген адам организминде бир да орган жок экендигин айтып, муну дары катары колдонуудан алып салуу сунушун өкмөткө киргизген. Эгер адамдын канында 0,1-0,15 пайыз алкоголь болсо кишинин өзүн өзү башкаруусу бузулат, 0,3 пайыз болсо киши эсинен кетет, 0,5 пайыз болсо дем алуусу кыйындап, өлүп калышы да ыктымал. Эгер киши 150-200 грамм арак ичсе, жок дегенде 8-10 саатка чейин организмди өзгөртүп турат, жарым литр ичсе, таасири бир суткага дейре сакталат. Жалпысы адам денесинде, канында алкоголь он күнгө чейин жоголбойт дейт, андай болсо, ошончо күн адам ишке жөндөмсүз, ошончо күн урук таштап, тукум көбөйтүүгө акысы жок. Киши эгер жумасына бир-эки жолу гана ичсе, анда «алкоголь» дарты башталды дей бериңиз, эгер ичкен күндөр менен ичпеген күндөр теңелип баратса, ал адамдын аңга кулап бараткандыгы, эми анын «баш оорусу» башталат, себепсиз да, бирөөлөрдү ээрчип да, өзү жалгыз-жарым да ичүүгө кынык алат. Бара-бара аны бери тартуу кыйын болот, ооруну да, акыл-насаатты да укпай, ар-намысын жоготот, жалгыз гана эңсегени вино, арак, самогон болот. Бул адамдын коомго да, эл-журтка да пайдасы тийбейт, бул ааламга зыян кылуу үчүн гана келген неме деп түшүнүлөт.

8-слайд. Мухаммед пайгамбарга чейин араб урууларында аракка абдан берилип кеткендей азыркы кыргыздарда да арактын артынан түшкөн бүтүндөй айылдар, үйбүлөлөр, адамдар арбындап кетти. А түгүл улуттук салтка арак аралашты. Белгилүү салттаануучу Амантур Акматалиев «Уйкулук» деген жаңы адат жөнүндө мындай жазат: «Бул кийин чыккан, оюн-чындан жаралган, жапырт таралган, ичимдикке байланышкан, «уктап калба» деген сөздөн алынган, кунары анча эмес адат. «Шылтоого – шыноо», бирдеме доолашып ичүү. Ал бөтөлкө бузат. Ичилет. «Уктабай барып кел» деген алкоо айтылат.

Анан кайра айылга тарткандагы доолашуусу - «базарлык». Мында да бөтөлкөнүн шору. «Ал базарлык алып келет эле» деп жол кароолор...

Уйкулук жана базарлык – бөтөлкө достордун бирдемеге тогоп, жүйөөлөшүү аркылуу бирдеме ичүүдөгү өз ара ынтымагы. Албетте, муну каадалуу салт кылып жайылтуунун кажети жок. Чынында, илгерки базарлык соода-сатыкка байланыштуу башкараак болгон».

Мына ушинтип аракка байланышкан жаңы салттардын пайда болушу эл ыйманын дүрбөлөңгө салып, азыр эми калктын айрым катмары диндин ыйык майрамдары - Орозо айтты, Курман айтты, ислам дини пайда болгонго чейинки Нооруз майрамын да бөтөлкө менен тосууну адат кылып алышты. Ыйык айттарда көчөлөрдө оозу буркурап, же ичип алып тополоң салып жүргөндөрдү байкап эле жүрбөйбүзбү.

Улуттук салтты, элдик жөрөлгөлөрдү ичимдик менен коштоо – улутка кылган чыккынчылык. Азыр өлгөн жерге маркумдун жакындарына көңүл айтуу үчүн арак көтөрүп баргандар, «суусундук жуткуруу» бул кыргызга душмандардын кыла турган иши. «Маркум атаң ушуну жакшы көрчү эле» деп уялбай өлгөн кишиге көө жаап, өздөрү ичүү үчүн жол табуу, шылтоо издөө адамдардын адепсиздиги.

Мындайды тыйып койбогон күнөө баарыбызда бар.

Инсан баласынын акылдан айнып, кылмышка барышынын да бирден бир себеби ушул – арак. Түрмөдөгүлөрдүн көпчүлүгү кылмыштарын ичкилик ичип алып жасагандар.

9-слайд. Имам Насоий азирети Осмон мындай бир раваят келтирет: «Араккорлуктан сактангыла, себеби, ал бардык балакеттердин энеси. Илгерки замандарда ыйманынсаптуу бир жакшы адам болгон. Жеңил мүнөз аялдардын бири аны жолдон азгырмак болот. Ошо максат менен досторунун бирин ал кишиге жиберет. «Биз сизди бир ишке күбө өтүп берсин деп такилип кылып жатабыз», - дейт чакырган жубан. Киши жакшы ниет менен келет, келсе, аерде баягы жеңил мүнөз аял, бир бала жана бир карапа ичимдик (май) бар экен. Аял эшигин жаап, «мен сени өзүм менен бир күн түнөтүүгө чакырдым, жок, ага көнбөсөң мынабул майды ичесиң, ага да көнбөсөң тиги турган баланы өлтүрөсүң» деген талап коюптур. Кишинин айласы кетет, эң оңою деп май ичет, мас болот, ошол мастыгы менен аялга да ниети бузулат, баланын да жанын кыят.

Ушул окуя силерге ибарат болсун, май менен ыйман бири-бирине карама-каршы экендигине Алла өзү күбө».

10-слайд. Аалым Ризоуддин бин Фахриддин минтет: «Аялы менен балдары бар адам чөйчөккө куюлган ичкиликти колуна алса эмне сөздөрдү сүйлөйт болду экен? Балким тили сүйлөбөсө да дили буларды айтса керек: «Эй, жандан артык көргөн үй-бүлөм. Менин силерге калтырып кетээр байлыгым, дөөлөтүм жок. Бул жашоодон эмне тапкан болсом, ушул шише менен мына бул чөйчөк бардыгын тең бүтүрдү».

11-слайд. Дагы бир аалым Максудийге кеп келебин берели: «Ичкиликке берилген адам – жандуу өлүк, үй-бүлөсү үчүн өзүнчө эле бир кара балээ. Бул бечаранын ичкиликке баш-оту менен кирип кетишине кимдер себепкер болду? Душмандарбы? Эч качан! Адам уулу ичүүнү душмандарынан үйрөнбөйт. Эч бир душман өз душманына: «Кана жүрчү, бир аз ичип көңүлүбүздү көтөрүп келели» деп, анын колунан тартып, үлпөтчүлүккө сүйрөбөйт. Бул жалпыга маалим чындык. Ал бечараны ичимдик ичүүгө үндөөчү, эң бир жийиркеничтүү абалга түшүүсүнө себепкер болгон эки жүздүү 58 достору. Ал байкуш качан гана адам сапатынан чыккандан кийин аны маскара кылып, санга кошпой күлүп жүрүүчүлөр да дал ошол өзүнүн «ынак» достору».

12-слайд. Кайковус таалимчи айтылуу «Кабуснаама» китебинде айтат: «Араккорлуктун акыбети эки нерседир – же кеселман болуу, же салсаяктык күндө калуу. Шарапкор же мас болот, же маркум болот».

13-слайд. «Ичпегендик – очокко отун, казанга – эт, дасторконго – нан, мамлекетке – киреше, капчыкка – акча, денеге – күч, үстү-башка – кийим-кече, мээге – акыл, үйбүлөгө - тынччылык тартуулайт» дейт Б.Франклин. Демек ичкен адам өзүнө гана эмес үй-бүлөсүнө, мамлекетине ушунчалык зыян келтирет.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!