СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык саат Ч. Айтматов

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Ч.Айтматов боюнча тарбиялык саат

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык саат Ч. Айтматов»

Сабактын темасы: «Кыргыздын залкар жазуучусу -Чынгыз Айтматов.

Сабактын максаты: - Окуучулар залкар жазуучу Чынгыз Айтматов жонундо

кенири маалымат алышат, тарбиялуу, адептуу, ыймандуу, аракетчил

болууга тарбияланышат.

Сабактын жабдылышы: Суроттор, китептер, видео слайд шоу, ватман, маркерлер.

Сабактын журушу: Саламатсынарбы балдар! Бугун биз силер менен «Кыргыздын залкар жазуучусу - Чынгыз Айтматов» деген темада тарбиялык сабак отобуз. Бугунку тарбиялык сабагыбыз башка сабактардан озгочолонуп, кызыктуу жана жанылыктарга аябай бай.

Чынгыз Айтматовсуз кыргыз элин ойлоо кыйын. Кыргыз адабиятын Чынгыз Айтматовсуз да элестетуу кыйын.

Чынгыз Айтматов жонундо кенири маалымат берууго аракет кылайын. Слайд-шоу корсотулот.

Кыргызстандын залкар уулу, дуйного аты таанымал белгилуу жазуучусу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чынгыз Айтматов Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун Шекер айылында 1928-жылы 12-декабрда туулган.

Согуш жылдарында Шекер айылында айылдык кенештин катчысы райфинболумдун агенти, 1953-1956-Кыргыз мал чарба илимий-изилдоо институтунун эксперименттик формасында зоотехник, 1958-1960-жж «Литературный Киргизстан» журналынын редоктору, 1960-1986-жж «Правда»гезитинин оз кабарчысы. 1965-ж Кыргызстан киноматографисттер союзунун торагасы, 1988-1990-жж «Иностранная Литература» журналынын башкы редактору , СССР Президентинин кенешчиси, 1991-жылдан элчилик кызматта болгон.

Айтматовдун чыгармачылыгы студент кезинеде башталган. Орус жана кыргыз тилдеринде жазып, биринчи ангемеси «Гезитчи Дзюйдо» деген ат менен 1952-жылы «Киргизстан» альманахында орус тилинде жарыяланган.

Анын чыгармалары кыргыз адабиятынын эл аралык денгээлде которуп, жазуучунун дээрлик бардык чыгармалары КМШ олколорунун драма жана опера театрларынын сахналарында коюлган жана чыгармалары боюнча тартылган кинофильмдер Эл аралык кинофестивалдарынын сыйлыктарына жана байгелерине татыктуу болгон.

Алгачкы ангемелери 1952-жылы орус тилинде «Комсомолец Киргизии» газетасына жана «Киргизстан» альманахына жарыяланган.

Балдар силер сабактарда окуп, тушунуп жургон чыгармаларын жакшы билсенер керек. «Бетме-Бет», «Жамийла», «Кызыл жоолук жалжалым», «Саманчынын жолу», «Ак кеме», «Эрте келген турналар», «Дениз бойлоп жорткон ала добот», «Кыямат», «Кылым карытар бир кун», «Кассандра тамгасы» ж.б ушул сыяктуу чыгармаларды жараткан. Бул чыгармаларды дуйнонун бардык элдери тан калуу менен окуп келишуудо.

Окуучулар анда силер «Ак кеме» повестинен кыска узунду аткарып берсенер.

Сыйлыктары: Кыргыз эл жазуучусу (1968), Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты(1979), КРУИАсынын анык мучосу (1974) Эмгек батыры (1978) Лениндик (1963) жана СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1968,1977,1983), Европа илимдер ,искусство жана адабият академиясынын анык мучосу (Париж 1983), Буткул дуйнолук Илим жана искусство академиясынын академиги (Стокгольм,1987), «Ысыккол форумунун» президенти, Австрия, Австралия, Америка, Индия, Италия, Туркия, Япония ж.б олколордун эл аралык сыйлыктарынын лауреаты. Кыргыз Республикасынын эл баатыры.

Улуу жазуучу Чынгыз Торокулович Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында катуу оорудан кийин дуйнодон кайткан.

Окуу-күн, окуу-чырак, окуу- күзгү, окуу-бакыт, окуу-жашоого багыт берерин билемин. Ошол үчүн силерге окууну гана тилеймин.  Мына эми биз Айтматовтун чыгармаларын аз да болсо эске түшүрүп алдык.

Видио роликтен жана буга чейин окуу китептеринен алынган маалыматтарды бышыктоо үчүн төмөндөгү суроолорго жооп бергиле.

Эки топко топтук суроолорду берүү.

  1. Чыңгыз Айтматовтун ата-энеси жөнүндө айтып бергиле?

  2. Ч.Айтматовтун сыйлыктарын атап бергиле.?

  3. Үй бүлөосү жөнүндө айтып бергиле.?

  4. Чыгармалары жөнүндө айтып бергиле.?



Топтогу ар бир катышуучуга жекелик суроо берүү

1)Ч.Айтматовтун алгачкы чыгармасы.(Гезитчи дзю)

2)Эң акыркы чыгармасы кайсы. ? (Тоолор кулаганда)

3)атак данк алып келген чыгармасы.? (Жамиля)

4)Ч.Айтматовтун чыгармамалары канча тилге которулган?. 176

5)канча бир тууган болгон ? (3. Роза Илгиз, Чыңгыз)

6) Канча уул-кызы болгон. ? (Ширин, Элдар, Аскар, Санжар)

7) Канчанчы жылы торөлгөн?. (1928-ж 12.12)

8) Канчанчы жылы көз жумган?. (2008-ж. 11.06)

9)Кесиби боюча ким болгон. ? (зоотехник)

10) Кайсы эмгеги үчүн ленин сыйлыгын алган?.

(тоолор жана талаалар)

11) Омүрүндө эмнени үйрөнө алган эмес?.

(машина айдаганды, компьютер иштеткенди)

12) Айтматов ким болгон.? (жазуучу)

Айтматов айткан учкул кептер боюнча айтышуу

1)Мекенди алып кете албайсын болгону сагынууну гана алып кете аласың. Эгер мекенди мүшөк сыяктуу ташып кете алсак , анын баасы бир тыйын болмок.

2)Эң ириде өзүңдүн киндик кан тамган жерин жөнүндо ойлонгондо жалпы дүйнө тууралуу акыл калчайсың.

3)Тил улуттун кубанса кубанычы, кайгырса кайгысы жана акыл-эси. Тилсиз улут болбойт.

4)Канча жер канча мейкиндик жана жарык болсо да, адамга баары бир бир нерсе жетишпейт. Баарынан биринчи –Эркиндик.

5)Өткөндү эстеп келечекти күтө билгендигибиз үчүн биз барбыз.

6)Биз дүйнөнү өзгортүк дүйнө бизди өзгөрттү.

7)Сүйүүдөн аалам жаралган сүйүунүн өзү түбөлүк.

8)Аял бул аял аялдар бат-бат ыйлашат. Ыйлашат, анткени баарын аяшат.

9)Дос кыйынчылыкта билинет дешет, менимче бактылуу кезиңде да билинет.

10)Сени тааныгандар жашап жатканда сен тирүүсүң.

11)Сен дем алып турганда өлүм дайыма сени менен, өлүмдөн кийин өлүм жок.

12)Өткөндү элестеткен ой жашоонун ар бир күнү.

13)Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу.

Жыйынтыктоо:

Баалоо. Ар бир окуучуга берилген упайлардын негизинде баалоо.

Үй тапшырма: Айтматов жөнүндө эссе жазып келуу.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!