СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык саат. Баткен облусуна 25 жыл.

Нажмите, чтобы узнать подробности

 Баткен бүгүн башкача,

Багы ачылып таптаза.

Баткен бүгүн башкача,

Шаар болду таптаза.

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык саат. Баткен облусуна 25 жыл.»

Баткен облусуна 25 жыл.

Баткен районуна 90 жыл.

Сабактын максаты:

  1. Балдар өздөрү төрөлүп өскөн Баткен облусу жөнүндө маалымат алышат.

  2. Өрүкзарлуу Баткендин “Айгүл гүлү” жөнүндөгү уламышты угуп, аны ролдоштуруп аткаруу менен балдардын сөз байлыгын, ой жүгүртүүсүн өнүктүрүшөт.

  3. Эли – жерин сүйүүгө, патриоттуулукка тарбияланышат.

Сабактын тиби: Жаңы тема менен таанышышат.

Колдонулуучу куралдар: Темага байланыштуу сүрөттөр, “Айгүл гүлү” уламышы.

Сабактын жүрүшү:

  • Саламатсыңарбы, балдар!

  • Келгиле балдар, эрте мененки маанайыңарды көтөрүү менен бүгүнкү тарбиялык сабакты баштасак. Ал үчүн мен ыр айтам, силер артымдан кайталайсыңар.

Кол кармашып алабыз,

Бирге билим алабыз.

Жайдарыңкы дайыма,

Биз көңүлдүү балдарбыз – демекчи.

Келгиле, баарыбыз чогуу билим алууга аракеттенебиз.

Эмесе балдар, бүгүнкү сабакка көңүл бөлүп, тынч отуруп угабыз.

Бүгүнкү тарбиялык сабагыбыздын темасы, “Баткен облусуна 25 жыл, Баткен районуна 90 жыл” деген темада сүйлөшөбүз.

  • Балдар, биздин мекенибиз?

  • Кыргызстан.

  • Кыргызстандын борбору?

  • Бишкек.

  • Кыргызстанда канча облус бар?

  • Ооба балдар, Кыргызстанда 7 облус бар. Келгиле эмесе, аларды атап алалы. Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Нарын, Чүй жана Ысык-Көл облустары.

Мына балдар, биз 7 облусту атап алдык. Балдар, ар бир облус өзүнүн өзгөчөлүгү менен таанымал.

Мисалы: Баткен облусу өрүгү жана Айгүл гүлү менен баардык облустарга, жада калса башка мамлекеттерге да таанымал экен.

  • Балдар, биз кайсыл облуста жашайбыз?

Ооба, биз Баткен облусунда жашайбыз. Баткен облусу шаардын борборунан эң алыскы жана эң кичинекей облус болуп эсептелинет. Баткен облусу Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттери менен чектеш.



Баткен облусу 25 жылдын ичинде өнүгүп, өстү. Районубуз 90 жыл ичинде көптөгөн тарыхый окуяларды башынан өткөрдү. Жакында эле 2022-жылы 17-сентябрда кыргыз-тажик жаңжалы болду. Баткен оор күндөрдү башынан өткөрдү. Кыргыз эли дагы бир жолу ынтымагын, биримдигин көрсөтүп, оор күндөрдү артта калтырды.

Мына балдар, биз бүгүн өзүбүз төрөлүп-өскөн Баткен облусу жөнүндө кичине болсо да маалымат билип алдык.

Эс алуу көнүгүүсү.

Отуруп, отуруп чарчадык,

Акырын туруп баштадык.

Талып кетти бойлорум,

Чачырап кетти ойлорум.

Эс алдырып албаса,

Таарынат го колдорум.

Эс алдырып албаса,

Таарынат го буттарым.

  • Азаматсыңар, балдар, эс алып алдыңарбы?

  • Келгиле анда, мен силерге Баткен облусун дүйнө жүзүнө таанымал кылган “Айгүл гүлү” жөнүндөгү уламышты айтып берейин. Силер тынч отуруп уккула.



Айгүл гүлү жөнүндө уламыш.

Кыргыз эли байыркы көчмөн эл. Илгери алар, өз турмушунда согушту башынан көп өткөрүшкөн. Ошол жоокерчилик заманда бир хан болгон экен. Ал, жүзү ай нуруна бөлөнгөн, сулуулугу суктандырган кыздуу болот. Анын атын аздектеп Айгүл коёт.

Айгүл акылдуу, мээнеткеч жана жароокер болуп бой жетет. Ал күндөрдүн биринде, хандын аскер башчысы болгон Козулан аттуу жигитти көрүп, жактырып калат. Анын келишкен бою, кыймыл-аракети, сүйлөгөн сөзү, аткарган жумушу кыздын жүрөгүнөн түнөк табат. Ал эми ошол эле күндөрдө, Козуланда Айгүлдү жактырып, бирок сүйүү сезимин билдирүүдөн айбыгат. Арадан бир канча күн өткөн сайын, экөөнүн ортосундагы жылуу мамиле жакындап, жылдыздары төп келип, баш кошууга даярдыктар көрүлө баштайт.

Ошондой күндөрдө, айыл ичине душмандар капилеттен кол салып, Козулан сүйүүдөн Мекенин артык тутуп, жеңиш менен келип үйлөнүүнү болжоп, согушка аттанат. Согуш жеңиш менен аяктайт. Аскер башчы Козулан катуу жарадар болот. Мекенине жетүүгө эч мүмкүнчүлүгү болбогондон улам, аскерлерине кайрылып: “Менин жүрөгүмдү кутучага салып, Мекениме жеткиргиле” - деп, акыркы сөзүн айтат.

Бул учурда айыл ичи тойго кам көрүү аракетинде болот. Жеңишти уккан Айгүл кырк кызын ээрчитип, аскерлердин алдын тосуп чыгат. Козулан баатырдын өлгөнүн айта албаган аскерлер, кутучадагы жүрөктү Айгүлгө сунушат. Акылдуу кыз окуянын чоо-жайын дароо түшүнүп, кутучадагы жүрөктү алып, тоону көздөй бет алат. Ал чуркап тоого чыгып, боюн тоодон таштайт. Сүйүүнүн күчүнө багынган ай чырайлуу Айгүл каза болот. Кийинки жылы кыздар ал тоого чыгышса, ошол жерге кызыл тазыл, кочкул сары түстөгү гүлдөр жайнап чыккан болот. Ал гүлдөргө Айгүл деп ат коюшат. Эми, тоону “Айгүл таш”, ага жакын жайгашкан тоону “Козулан” деп аташкан экен.

Ошондуктан, ал жер ыйык, көп эл келет. Өзгөчөлүгү ай тийгенде, ал гүл ачылат. Башка жерге өспөйт. Бул сүйүүдөн бүткөн гүл. Айгүл гүлү чыныгы таза сүйүүнүн символу.

Кайтарым байланыш:

  • Балдар Кыргызстанда канча облус бар?

  • Биз кайсыл облуста жашайбыз?

  • Баткен облусу башка облустарга эмнеси менен таанымал экен?

  • Баткен облус болуп түзүлгөнүнө канча жыл болуптур?

Баалоо: ,

Үйгө тапшырма: Айгүл гүлүнүн сүрөтүн тартып келүү.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!