СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык саат 10-класс

Нажмите, чтобы узнать подробности

тарбиялык сабак

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык саат 10-класс»

Сабактын темасы: ЭМНЕГЕ ЖАШАП ЖАТАМ?

Сабактын максаты: • Жашоонун маӊызы эмне экендигин билишет;

• Жашоодогу максаттарын айтып бере алышат;

• Масатка жетүүгө кандай иш-аракеттер керек экендигин үйрөнүшөт.

Сабактын жабдылышы: Тексттер, ватман, маркерлер ж.б.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу.



1-кадам: Мугалим окуучулар төмөндөгүдөй текстти окуп берет: Эскерүү Сабакка катышуусу начар, окуучулук тартипке моюн сунбаган окуучум бар эле. Бир себептен улам аны бөлмөмө чакырып, ийгиликсиздигинин себептерин мени менен бөлүшүүсүн сурандым. Анын айткан себептери «адам ким экендигин, эмне үчүн жаралгандыгын» тезинен билиши керектигин аныктаган болчу. Ал: - Агай, балким айткандарыма күлөттүрсүз. Балким «ушул себептер да ийгиликсиздикке алып келеби?» - деп таң калышыңыз мүмкүн. Бирок бул менин эң орчундуу көйгөйүм, аны да сиз менен бөлүшүүнү каалап турам. Ийгиликсиздикке учурашымын да эң негизги себеби ушул көйгөй. Менин, сиз сыяктуу ишеничим күчтүү эмес. Мындайча айтканда жашоодо мага үмүт бере турган ишеничим жок. Мен үчүн жашоонун, бүткүл жан-жаныбарлардын эч кандай мааниси жок. Мен үчүн маанилүү нерсе болбогондон кийин, ийгиликке жетүүмүн кандай мааниси болмок эле. Эмне үчүн өзүмү-өзүм кыйнашым керек? Мааниси жок нерселер үчүн жаштыгымды короткум келбейт. Маңызсыз жашоодо, ийгиликке жетүүнү каалагандарга боорум ооруйт. Адамдар өзү каалагандай жашашы керек. Адамдын жашоосун тартипке салуу үчүн, эрежелердин эмне кереги бар? - деди Анда мен: - Сен үчүн Кудайдын, жаратылыштын, акырет жана эсеп күнүнүн эч кандай мааниси жокпу? - деген суроо узаттым. - Өтө деле мааниси жок. Бул нерселерди акылыма орноштура албадым. Өзүм каалагандай жашоону каалайм, - деп жооп берди. 2-кадам: Окуучуларга төмөндөгүдөй суроолор менен кайрылып, жоопторун угат: Жашоодон үмүтү болбогон, ишенимсиз, максатсыз жана жоопкерчиликсиз адамдардын кандай болоорун билип алдыңызбы? Бул сыяктуу көйгөйлөргө кабылбаш үчүн адам, алгач «өзүнүн ким экендигин, эмне үчүн жашагандыгын, кайсыл жерге бара тургандыгын, кимге жана кандай жооп бере тургандыгын» билиши зарыл. Бул дүйнөдө бактылуу жашагысы келген ар бир адам, алгач ушул сыяктуу көйгөйлөрүн чечип алышы керек. 9 Ар бир окуучу, өзүн-өзү таануусу, адамдык сапаттардын эң жакшыларына ээ болушу, жана келечегине маанилүү максат коё билүүсү үчүн төмөндөгү суроолорго жооп табышы керек болот. Алар: ➢ Эмне үчүн жашап жатам? ➢ Эмнеге жаратылдым? ➢ Жашоо маңызсызбы же жашоонун бир маңызы барбы? Адам бактылуу жашашы үчүн, жогорудагы суроолордун жоопторун өзүнүн жашоосунан издеши керек. Маселени такташтырыш үчүн, адамга тиешелүү болгон баалуулуктарга көз жүгүртөлү: Адам жаратылыш жана ааламдын сырлары менен тынымсыз алектенип жатканы белигилүү, бирок өзүнүн өзгөчөлүктөрү жана сырлары менен канчалык деңгээлде алектенип жатканы белгисиз? Адам деңиздердин тереңдигин жана жаңы жылдыздарды аныктоого өз өмүрүн жумшаганы белгилүү, бирок өзүн таанууга, өзүнүн ааламына сүңгүп кирүүгө канчалык деңгээлде күч жумшаганы белгисиз? Адам болуунун алгачкы шарты өзүн-өзү таануу эмеспи? 3-кадам: Мугалим окуучулардын жоопторунан кийин түшүндүрмө берет, жыйынтыктайт. Адамдын өзгөчөлүктөрүнө токтолот. Адамдын өзгөчөлүктөрү: Адамдын эненин ичинде жетилип чоңоюшу өзүнчө бир сыр десек болот. Анткени бир клеткандан адам келбетине келет. «Зигот» деп аталган бул клетка, көзгө көрүнбөйт, прибордун жардамы менен жүз эсе чоңойтулганда гана, көзгө көрүнөт. Бирок бул клетка өзүнөн миңдеген эсе чоң адамдын келбетин алышы таң калыштуу сыр эмеспи? Адамдын сырткы жана ички органдары бири-бирин толуктап, бири-бирине жардамдашып турат. Адамдын денесине көз чаптыра турган болсок, бир да кемчилик көрө албайбыз. Тамактын ашказанга кириши, сиңдирилиши жана ашыкча заттардын чыгарылышы укмуштуудай система менен өз ишин улантат. Бул системаны изилдеген окумуштуулар таң калгандан башка эч нерсе айта алышкан эмес. Адамдын мээсинде ондогон миллиард кабыл алуу борборлору бар. Бул борборлордун ар биринде эки миңге жакын синапстар бар. Өзгөчө бардык синапстар бири-бири менен тыгыз байланышта болуп, бири-бирин көзөмөл кылып турушат. Мээбиздин укмуштуудай өзгөчөлүккө ээ экендигине күбө болдуңузбу? Кайсыл органыңызга карабаңыз Улуу Жаратуучунун эмгегин көрө аласыз. Адам жашоосунда миллиондогон галлактикалар, күндөн миллиард эсе чоң жылдыздар жөнүндө маалыматка ээ болуп, өзү туурасында толук маалыматка ээ болгонго аракет кылбай жаткандай сезилет. А чынында адамдын өзү рухий жана материалдык жашоосу биригип бир аалам болуп эсептелет. Жаратылыш максатын жана баалуулуктарын көрө албаган адам, башка эч нерсени көрө албайт. Жашоосу максатсыз, болгондугу үчүн биринчиден өзү бактысыз болот, экинчиден айлан чөйрөсүнө да терс таасирин тийгизет. 10 Эгер көз уялткан ааламды көрүү үчүн көзүбүз болбогондо, жан эргиткен үндөрдү угуу үчүн кулагыбыз болбогондо, даам татуу үчүн тилибиз болбогондо, жашоонун кыйынчылыгы кандай болоору туурасында ой жүгүртүүнүн өзү коркунучтуу болмок.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!