СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык ачык сабак

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык ачык сабак»



Кеченин темасы: Улут жүзү – ак калпак



Кеченин максаты

Көрсөткүчтөр: Жогорудагы

коюлган максаттар ишке ашат,

эгерде:

А) Улуттук баш кийимдердин баалуулугун, аларды урматтап сактап кийип жүрүү керек экенин билишет.

Улуттук баш кийимибиз Ак калпактын пайдалуулугун, баалуулугун даңазалашат.

Окуучулар улуттук баш кийимдердин баалуулугун билишсе

Баш кийимдерди урматтап, барктап кийип жүрө алышса

Балдар баш кийимди ыйык сактоону үйрөнүшсө

б) Улуттук баш кийим Ата мурас экенин ошондой эле аны турмушта барктап, аздектеп кийүүнү билишет

Улуттук баш кийим Ата мурасы экенин билишсе

Аны барктаса

Аздектеп кийүүнү билишсе

в) Окуучулар баш кийимди ыйык сактоого, баш кийимди эч нерсеге алмаштырбоого үйрөнүшөт.


Баш кийимди эч нерсеге алмаштырбоону уйронүшсө



Кече өтүлүүчү жай: Исмаил уулу Матиш атындагы жалпы орто билим берүүчү мектеби

Кеченин жабдылышы: Улуттук баш кийимдер, ак калпактын түрлөрү, слайд, үн жазуулар,

Кеченин методу: Сахналаштыруу, ролдоштуруу, ыр, бийлер

Кеченин жүрүшү:

Алып баруучу: Кымбаттуу агай – эжейлер, кадырлуу коноктор! 5-март - Ак калпак күнүнө карата даярдалган “ Улут жүзү – ак калпак” аттуу кечебизге куш келипсиздер!

Ала – Тоонун койнунда

Акыл калчап бийиктен

Ар намыстуу уулдары

Аппак калпак кийишкен” – демекчи эзелтеден эле биздин мырзаларыбыз башынан ак калпагын түшүрбөй, улутту даңазалап келишкен. Ак калпактын улуулугун жаш муундарга жеткирүүдө биздин улуу муундарыбыздын орду чоң. Ошондой улуу муундарыбыз биздин кечебиздин кадырлуу коноктору болуп отурушат. Алар ак калпак жөнүндө эки ооз сөз айтып кетпесе болбос. Эмесе, конокторубузга сөз кезегин берсек. Анда азыр ушул кечебизди ачып берүү үчүн Исмаил уулу Матиш атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору Стамбеков Абдубаит Корчубековичти чакырабыз.

Алып баруучу: Ак калпагы кыргыздын

Ак жүзүндөй нур кыздын

Ак кар баскан тоолордо

Ак нурундай жылдыздын – демекчи азыркы кезекти “Кылым кыйырындагы кыргыз калпагы” деген докладды окууга берсек.

  1. Доклад .Докладчы 7-класстын окуучусу Шергазиева Адина.

(Доклад окулуп жатканда экрандан слайд көрсөтүлүп турат)

(Магнитофондон “ Кыргызстан “ ыры уктурулат. Балдар колдоруна Кыргыз Республикасынын туусун, калпактын макетин көтөрүп чыгышып, катар болуп тизилишет.)

  1. Ак калпак жөнүндө декломациялар

  2. Хор “Ак калпак”. Окуучулар хор ырдашат, экранда слайд.

“Ак калпак”

Кийгенде башка жарашкан

Суктанып баары карашкан.

Ак калпак калган мураска

Атабыз айкөл Манастан

Кайырма:

Киебиз сыймыктап ардактап, ардактап

Кыргыздын жүзүсүң ак калпак, ак калпак

Кыргыздын жүзүсүң, жузүсүң ак калпак,

Ак калпак ай ак калпак

Киебиз сыймыктап ардактап, ардактап

Кыргыздын жүзүсүң ак калпак, ак калпак

Кыргыздын жүзүсүң, жузүсүң ак калпак,

Ак калпак ай ак калпак



Ак калпак кыргыз белгиси

Ак калпак кийип эргишип

Алыстан көзгө элестейт

Ал окшоп тоонун мөнгүсү

Кайырма.

Эркиндик элге жеткени

Арбыды калпак кийгени

Ак калпак жагып көп элге

Аралай берсин дүйнөнү.

Кайырма.

Алып баруучу:

Кыргызымдын башында
Ак калпагы кийилген

Жарашыктуу ак калпак

Кыргыз экенин билдирген.

-Кыргызымдын эң ыйык буюму баш кийим болот. Анда ушул ыйык баш кийимибиз жөнүндө жомок аткарып берели.

  1. Жомок

Автор: -Илгери өткөн заманда атагы далайга кеткен бир хан болуптур. Ал бир күнү билермандарды, дарыгерлерди чогултуп алып мындай дейт.

Хан: - Силер билесиңер, дайыма атамдын башы ооруп кыйналып жүрөт. Жаздын аптаптуу күндөрүндө башка салкын боло турган баш кийим таап келгиле.

Автор: Аркимиси башка салкын боло турган баш кийим алып келе башташат.

Бул баш кийимди көрүңүзчү?

Автор:- Ханга эч бири жакпайт. Бир күнү бир жөнөкөй киши баш кийим алып келет.

- Бул баш кийимди көрүңүзчү?

Хан: - (Ары бери кармалап көрүп) Ушул баш кийим аябай жакшы экен. Эми кышында кийгени жылуу баш кийим таап келгиле!

Бул баш кийим сизге жагат бекен, көрүңүзчү

Ушул тумак сизге жагат деп ойлойм, ханым.

Хан:- Жок, болбойт бул тердетип жиберет, аба да өткөрбөйт.

Автор: - Көптөгөн баш кийимдерди алып келишсе да ханга жакпайт. Бир күнү дагы баягы жөнөкөй киши баш кийим алып келет.

-Ханым бул кышында кийсе эң жылуу баш кийим, көрүңүзчү?

Хан:- ( Ары бери карап) Эмне үчүн салкын баш кийим десем да, жылуу баш кийим десем да ушул баш кийимди алып келесиң?

-Ханым, бул баш кийимдин аты- КАЛПАК. Бул төөнүн, эчкинин, койдун жүнүнөн жасалат. Анын ичинен пахтадан токулган кездеме тигилет. Ошандуктан кышта жылуу, жайда салкын болот.Атаңыз дайыма кийип жүрсө башы оорубайт.

Хан: Туура айтасың, бул калпакты тезирээк атама алып баралы. Жүргүлө!

Алып баруучу:

Калпакты кийгенимде ойлор келет

Боз үйдө комуз чертип жатканымда

Кыргыз кызы ийилип бийлеп кирет

Бүт турпаты кыргызымдын мурасы да



  1. Кыргыз бийи





  1. Ак калпыкты даңазалоо. Көркөм окуу (слайд менен)..Көркөм окуган 7-класстын окуучусу Жээнгазиева Медина



Мен силерге келип турат даңктагым,

Кадимки эле кыргызымдын калпагын.

Анда эмесе баарың кулак салып тур,

Ак калпактын улуулугун айтайын.



Тээ илгертен ата бабам кийишкен,

Бийик тутуп кадырлашып жүрүшкөн

Ак калпагың түшпөсүн деп башыңдан

Ак батасын балдарына беришкен.



Жайда салкын сактап күндүн нурунан

Кышта жылуу сактайт ызгаар сууктан

Жашка карап түркүн калпак кийишчү

Айырмаланган талаа, чачык, кыюудан.



Чоң аталар жайкалтышып сакалын,

Кийишчу эле бийик бакай калпагын.

Аппак калпак кийчү чыгаан мырзасы

Баатырлыктан чыгарышкан атагын.



Кызыл кыюу калпак кийген жигиттер

Үйлөнгөнгө жубай издеп жүрүшкөн.

Айлыбызга келди бойдок жигит деп

Шум жеңелер калпагынан билишкен.



Жашыл кыюу калпак кийген жаш балдар,

Балагатка али жашы жете элек.

Эркелешип жаратылыш койнунда

Эне сүтү али оозунан кете элек.





Ата- бабам кийген ыйык калпакты

Сен да бүгүн сыймык менен кийип жүр!

Кепка ,шапка.шляпаларды кийбестен

Кыргызсыңбы ак калпагын кийип жүр!



Ала- Тоого окшош кийген калпагың

Бүгүн жаштар кадырлагын барктагын

Башка элге белек кылып бербегин

Калпагыңды башка улутка сатпагын.



Ак калпагы жок го башка улутта

Калбаса экен кийилбестен унутта.

Ак калпагын дайым сага дем берет

Кыргыз болсоң калпагыңды унутпа.



Ала- Тоого окшош кийген калпагың

Алп Манастай сүрдүү болсун айбатың.

Аска зоодой көтөрүлүп зоболоң

Ата журтка кызмат кылсын кайратың.

Алып баруучу: Жебе тартыш, эр сайыш, же ат чабыш

Эр Манастан калган оюн сакталып

Ошолордой ак калпакты түшүрбөй

Келе жатабыз ата салтын аткарып

  1. Жеке номер: _____________________________________________________

Алып баруучу: Кылым келет күндү, айды арытып

Кыргыз элдин акыл – эсин байытып

Манас кийген, Бакай кийген ак калпак

Жашап барат жыл өмүрүн карытып



Кыргыз элим океандай куралып

Кылым өттү, жылдар өттү, суу агып

Ак калпагың бизге берген таберик

Доордон доорго жашай берет уланып – демекчи кыргыз урпактары турганда ак калпагыбыз эч качан эскирбейт да, жыртылбайт. 5 – март Ак калпак күнүнө арналган кечебиз да соңуна жетти. Көңүл бурганыңыздарга чоң ыракмат. Көрүшкөнчө аман болуңуздар. Бар бол кыргыз калкым! Бар бол кыргыз мурасым!

5-март Ак калпак күнү

Жылда 5-мартта Кыргызстанда улуттук баш кийим ак калпактын урматына Ак калпак күнү белгиленет. Бул күн Жогорку Кеңештин 2016-жылдын 29-июнундагы №825-VI токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салтты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган.

Ак калпак күнү официалдуу эмес түрдө 2011-жылы майрамдала баштаган. Күндү белгилөөнүн демилгечиси катары режиссёр Рысбек Жабиров болгон. Анын сөзү боюнча ак калпак, улуттук символ катары кийин муундар тарабынан унутта калбаш керек, ошондуктан ал өзүнүн майрамдык датасына ээ болуш керек деген ойлорун билдирген. Ал эми 5- март калпак күнү байчечекейлер чыгып, жаздын күндөрүнүн бири болуп, эң ылайыктуу күн катары кабыл алынган. Жылдан-жылга майрамдык күн массалык популярдуулукка ээ болуп, 2016-жылы официалдуу статус алган.



Ак калпак тарыхы
Ак калпак байыртан эле кыргыз эркектеринин улуттук баш кийими, ата-бабаларыбыздын мурасы катары саналып, өзүнө терең философияны камтыйт. Формасы, оймо-чиймелери, өзгөрбөстөн муундан-муунга өтүп келген. Калпак аркылуу кыргыздар адамдын жашын, коомдогу абалын билишкен. Бүгүнкү күнү дагы бул байыркы улуттук баш кийим өлкөбүздө кеңири колдонулат. Калпакты ардактуу, кадырлуу адамдарга белекке беришип, майрамдарга, жумушка, кыскасы кадимки турмуш-тиричиликте кийишет.

Айтмакчы, учурда түрдүү иш-чараларда, майрамдарда ижара калпак тартуулоо салтка айланып барууда. Ал эми Кыргызстан спортчуларынын эл аралык спорт мелдештериндеги параддык формаларына сөзсүз түрдө калпак кирет.

Ак калпак - тоолордун жана тазалыктын символу. Анын формасы Кыргызстандын ак кар, көк муз баскан тоо чокуларын элестет. Кыргыздардын "Манас" эпосунда да Кыргыздар калпагы башынан түшпөгөн эл деп айтылат. Калпакка болгон мамиле кыргыздарда өзгөчө десек болот, аны таза кармап, ыргытып же тегеретишпейт, эки колдоп гана чечүү керек, илгери кыргыздар жерге койбой бийигирээк же жанына коюп алышкан. Кыргыз өз калпагын сатпайт, бирөөгө бербейт, бир гана мурас катары берсе болот. Калпакты жоготсо же бирөөгө берсе анда адам кадыр-баркынан, акылынан жана аброюнан ажыраган болот деп айтылат.

Кыргыз калпактары бычылышы боюнча түрдүү болгону менен, негизинен ылдый жагы кең болгон аны төрт кыйыктан тигишкен. Кыйыктарды капталдарынан тигишпейт, бул калпактын талаачаларын өйдө же төмөн түшүрүүгө мүмкүндүк берген. Салтка ылайык оймолорун жибек жип менен тигишип, талаачаларын кара баркыт менен бастырышкан. Чокусун чачыча менен көркөмдүп, ал калпакта салаңдап турат. Тышкы жөнөкөйлүгүнүн артында кылымдар бою туураланып келген ыңгайлуулук менен тыкандык жатат.

Кыргыз маданиятында ак калпак эң демократиялуу баш кийим болгон. Аны бүт эркектер кийишкен - бай-манаптан баштап кедей-кембагалдары, жашы, карысы. Формасы жана түстөрү менен гана айырмаланып турган. Мисалы, ак сөөктөр, ырчылар бийигирээк калпак кийишип, ичке кылдуу жүндөн, кымбат баркыттан бычылып, өзгөчө оймолор менен кооздолгон.

Бүгүнкү күнү Кыргызстандын тикмечилери түрдүү фасондогу калпактарды даярдашат, майрамдык, күнүмдүк, балдарга, карыларга. Калпактын 80дей түрү бар деп айтылат, алар формасы, татаалдыгы, мааниси жана ыңгайлуулугу менен айырмаланышат. Чыныгы ак калпак табигый, жаңы тазаланган, ак ичке кылдуу койдун жүнүнөн дайындалат. Дал ушундай жүндөн жасалган калпак кышкысын сууктан сактап, жайкысын ысыктан коргоп, жаанда суу өткөрбөйт, формасын жоготпойт.


КАЛПАК ТҮРЛӨРҮ

Калпакты өңү түсү боюнча ажыратуу
Кыргыз эли баласы бойго жете электе кыюусу жашыл калпак кийгизишкен. Ал баланын жетилип келе жаткандыгын туюндурат.

Бойго жеткенде кыюусу кызыл түстүү калпак кийгизип, андай баш кийим кийген жигит кыз жандоого, өмүрлүк жар байкоого акылуу эле. Мурда кыштакка кыюусу кызыл калпак кийип келген жигитти "аа бойдок экен" же "жар издеп жүргөн экен" деп билишкен.

Эр-жигит кыз алып, турмуш улаганда, үйлүү-жайлуу болгондо кыюусу кара калпак башынан түшкөн эмес. Андай калпакты мурда кыз жак даярдап, күйөө балага беришкен. Кара кыюулуу калпак эр-жигиттин үй-бүлөсү бар, кара менен ак аралашкан турмушта жашап жатканын билдирген. Кырсык болуп, өмүрлүк жары жашоодон өтүп кетсе, эри кара кийиз калпак кийген.

Эр-жигиттин кадыры көтөрүлүп, калк башында турууга күчү жетсе, мындай жигит ак калпак кийген. Калпагына карап, жигитти төргө карай өткөрүп, кээде эт тартканда, тааныбаган адамдарга баш кийимине жараша устукан тарткан. Ак калпакты айкөл, калыс, адилеттүү, акылман адамдар кийишкен.

Манаптар, айыл башы, деги эле бийликте турган адамдар жөнөкөй элден айырмаланып, төбөсү шуңшуйган калпак кийген. Мындай калпактар кийинчирээк Бакай калпак атка конду.

Даражалуу адамдардын кадыр-даражасы канчалык экенин калпактын кыюусуна салынган оюу, ошол оюулардын арасына кыстырыла кеткен асыл таштар айкындап турган.

Оюмдардын мааниси
Жаш балага колдоп, жандап жүрсүн деген мааниде умай эне, жаман көздөн сактасын деп карганын тырмагын, акыл-ою таза болсун деп балык жана башка ушул сыяктуу оюм менен калпагын көркөмдөшкөн.



Эр-жигит аң улоо менен алек болсо, калпактарына мисалы, тоо теке, бүркүт, аркар оюмдарын түшүргөн.

Калк тынчтыгын сактаган баатыр-балбандар карышкыр, илбирс, жолборс, бүркүт сыяктуу оюусу бар калпактарды башынан түшүргөн эмес.



Калпак жөнүндө
Кыргыз калпагы, бир жагынан турмуш-жашоого ынгайлуу, аптада күндөн, ызгаарда сууктан сактаган, женил, ошол эле убакта олуттуу, салмагы оор эмес баш кийим.



Калпактын түзүлүшү кандай
Калпак бири-бирине дал келген төрт талаадан турат. Ал илгерки замандадагы адам башаты жер, аба, суу, отту туюндурат деген имиштер бар. Эгер андай болсо калпактагы 4 талаа кандайдыр бир философиялык ойду камтып, адамдын акыл-эси башында, баш кийимде деген мааниде.



Кыргыз калпагынын символикасы

А) Калпактын төбөсүндөгү кайчы сызык (кошуу формасындагы ):
1. Күндүн аян белгиси.
2. Өмүрдүн, тиричиликтин, жалпы жашоонун символу.




Б) Төбөсүндөгү топ чачы:
1. Тукумдун, тамыры тереңге жайылуунун аян белгиси.
2. Тынчтыктын, жаркын турмуштун, токпейил жашоонун символу.
3. Күлгун жаштыктын, оттуу курактын аян белгиси.


В) Төбөсү түшкөн белги:
1. Баш көтөрөөр эр бүлө үйдө жок калды. Кимдин бийлиги күчтүү болсо, ошонун үгүтүндө, үйрүсүндө болом деген аян белги.
Элдеги “Төбөңдөн ургур!”, “Төбөң түшүп калгыр!”, “Төбөң түшкүр!”, “Төбөң түшкүрдүкү” – деген сыяктуу каргыш сөздөр да ошондон калган.
2. Калпактын оң кыргагын басып кийсе (төмөн түшүрүп же шыпырып) аялынан (эгер эркек үй бүлөлүү жан болсо), ата- энеден, зор дөөлөттөрдөн айрылуу белгиси, аяны деп эсептелген.
3. Калпактын сол ныптасы көтөрүлбөй төмөн шыпырылып (оң кыргагы төмөн каралып жапырылса) өтө күчтүү аза күтүү аян белгиси. Анда айылдын, элдин куттуу баатырынан тектүүсүнөн, кадырман аксакалынан айрылып, аза күтүү аян белгиси.
4. Калпактын төбөсүн түшүрүп, эки кырын тең терең жапырып (шыпырып) кийсе: “Мен кулак кести кул катары жүрөмүн. Артымдан издеп алаар каруу – күч калбады”, деп жедеп, тукулжурап, мүңкүрөп, мөгдөп калуунун белгиси.
5. Калпактын кыры менен кырбуусундагы манат, баркыт, чый баркыт сыяктуу кездемелердин кара, көк, кызыл, күрөң түсү жаш өзгөчөлүгүн билдирсе, көбөөлөнгөн кыргактын өзү - таяныч, өбөк, жөлөк колдоонун ыйык символу.


































Сабактын темасы : Мекенимдин желеги, желбирей бер түбөлүк!

Сабактын максаты: 1) Билим берүүчүлүк: Туунун тарыхы жөнүндө маалымат алышат;

2) Өнүктүрүүчүлүк: Туунун түрлөрү жөнүндө, анын мамлекет үчүн

орду канчалык деңгээлде жогору турарын терең түшүнүшөт;

3) Тарбия берүүчүлүк: Мекенди коргоого, аны ар кандай шарттарда

коргоого, мекенчил болууга тарбияланышат.

Сабактын тиби: Жаңы билимди берүү сабагы

Сабактын усулу: Айтып берүүчүлүк-түшүндүрүүчүлүк

Сабактын жабдылышы: Кыргыз Республикасынын туусу, слайд, компьютер, экран,

проектор, түстүү сүрөттөр

Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу

2. Слайддан “ Кыргызстан” ырын уктуруу

3. Туу жөнүндө түшүнүк берүү

3-март Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу кабыл алынган күнү





Чүй облусу

Ош шаары

Сулайман тоо





Туу жөнүндө түшүнүк



Кыргыздарда туу жөнүндө түшүнүк байыртадан эле белгилүү болгон. Туу бийик жерге илинип, аскерлерди чогултуу белгисин билдирген. Орто кылымда аттын куйругун узун шыргыйдын же найзанын учуна бекитип жасаган туулар да колдонулган. Туу кыргыздарда да ар кандай шартта түрдүүчө колдонулган. Жоого аттанганда туу алып жүргөнгө эр жүрөк, ишеничтүү жоокер дайындалган. Салгылашуу учурунда кошунга дем, кубат берүү максаты менен ал тууну көрүнө дөңсөө жерге кармап турган.

Баткен облусу

Жалалабад облусу

Талас облусу

Нарын облусу

Ысык көл облусу

Сабакты бышыктоо:

  1. Суроо-жооп

А) Туу качан кабыл алынган?

Б) Туунун авторлору ким?

В) Туунун мааниси кандай?

Г) Биздин туубуз кандай чечмеленет?

Д) Туунун мамлекет үчүн кандай мааниси бар?





  1. Сүрөт тартуу ( туунун сүрөтүн тартып, сүйлөп беришет)

  2. Мекен жөнундө ырлардан аткаруу



Сабакты жыйынтыктоо:

Мекенчилдик – биримдиктин тиреги

  Учурда мамлекеттик символдорго болгон мамиле улам тереӊдеп, бийиктеп, аларга урмат-ызаат көрсөтүлүп, өзгөрүп барууда. Ошону менен бирге эле эл ичи бөлүнүп-жарылып, деструктивдүү күчтөрдүн таасири да улам күчөп баратат. Коомдо кайдигерлик, ындыны өчүү, үмүтсүздүк синдрому менен бирге эле агрессивдүүлүк, баскынчылык, зордук-зомбулук, таш боордук көрүнүштөр да тамыр жаюуда. Коом элди бириктирүүчү, келечекке мобилизациялоочу күчкө, идеяга суусап турат. Ал арада ар түрдүү уюмдар, топтор, бирикмелер, ички-тышкы күчтөр коомго өз акыйкатын таӊуулап, өз кызыкчылыгын ишке ашырууга көшөрө аракеттенип жатышат.

Дал ушундай жагдайда Мамлекеттик желек элди баш коштуруп, бириктирүү, данакерлөө касиетине эгедер болушу мүмкүн. Себеби, ал ар убак коомдун эӊ бийик, эӊ ыйык кызыкчылыгын, эӊ асыл ой-санаасын, эӊ таза үмүт-тилегин, чыныгы көөнөрбөс дөөлөттөрүн чагылтып турат. Бул кадам аркылуу өлкөбүз жаӊыча өнүгүү жолуна түшүп, эл ичинде бейпилдик, тынчтык орноп, жан дүйнөбүздө жакшылыктын үмүтү жанса, анда анын акыбети кайтканы ошо. Эгер андай болбосо, ар бир партия, ар бир уруу, ар бир аймак, ар бир коом өз желегин көтөрүп, чар учкандай тымтыракайыбыз чыгып, өлкөнүн бүтүндүгүнө жана биримдигине доо кетери турган иш. Биздин оюбузча, Манас атабыздын «Үзүлгөндү улайлы, чачылганды жыйнайлы» деген урааны бул иштин негизги жетектөөчү идеясы боло алат.

Мамлекеттик желек бүткүл элди, коомду ичтен бекемдеп, бириктирип, жеке, тар кызыкчылыктан, уруулук, диний, аймактык ж.б. бөтөнчөлүктөн жогору турууга жардам берип, жалпы элдик, улуттук сыймыкты, ар-намыстуулукту, адеп-ыйманды, акыл-эстүүлүктү, сабырдуулукту ойготууга кызмат кылышы керек.

Желектин авторлору депутаттарга, коомчулукка ар кандай кыргыз тууларынын (кызыл, ак, көк) тарыхый, маданий, эстетикалык, психологиялык негиздемелери тууралуу кеӊири түшүндүрмө берип келишүүдө. Мамлекеттик туунун түсү тууралуу кыйчалыш жагдай түзүлгөндө, «Манас атабыздын хандык туусун көтөрөбүз» деген идея кубаттоого ээ болуп, кызыл туу «легендарлуу парламенттин» бүт 350 депутатын баш коштуруп, бөлүнүп турган элди бириктирген.

Кызыл туу эгемендүүөлкөнүн туӊгуч туусу катары Ак үйдөн баштап бардык мамлекеттик мекемелердин үстүнө илинди. «Манастын» – 1000, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн – 2200, Ош шаарынын – 3000 жылдык мааракелеринде, Баткен



окуяларында, 2005-жылдагы март жана 2010-жылдагы апрель окуяларында, 20 жыл бою элге ак кызмат кылып, эркиндикке, адилеттикке, эрдикке үндөп келди.

Бул туу Ч.Айтматовдун, шейит кеткен баатырлардын табытына жабылды, Кыргыз спортунун ийгиликтерин дүйнөгө даӊазалады, Салижан Шарипов тууну космоско сайып келди. Ал Бириккен Улуттар Уюмунда, бүт дүйнөдөгү эл аралык уюмдарда, элчиликтерде ж.б. желбиреп турат. Өлкөнүн бүткүл окуу китептерине, энциклопедияларга, акчага, паспортко, бланктарга ж.б. түшүрүлгөн. Айылдык, поселкалык, райондук, шаардык, республикалык кеӊештердин депутаттарынын төш белгилери жасалган. Кызыл туу өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн ырасмий туусу катары бекитилген. Андыктан, бул туунун тарыхтан алган өзүнүн өчпөс өз орду бар. Аны унутууга эч кимдин акысы жок.

Мамлекеттик туудагы ар кандай түстөр, элементтер жана символдор элибиздин тарыхый, социалдык, рухий жана көркөм-эстетикалык маданиятына негизделгендиктен, алар элибиздин дүйнө таанымына жана жан дүйнөсүнө тереӊ сиӊген символдорго жатат. Алардын мамлекетибиздин туусунда айкалышта чагылып турушу – ата-бабалардын арбагына, элдин байыркы ишенимдерине жана өлкөнүн ачык, бейпил, бакубат келечегине болгон ишенимди бекемдебей койбойт.

 




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!