Просмотр содержимого документа
«Суу жана анын касиеттери. Сууну тазалоо»
Сабакка чейин
Сабактын темасы: Суу жана анын касиеттери. Сууну тазалоо
Сабактын методу: Айтып берүү
Сабактын тиби: Аралаш
Сабактын формасы: аӊгемелешүү
Сабактын максаты | Көрсөткүчтөрү |
А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Суунун физикалык жана химиялык касиеттери, суунун булганышы, сууну тазалоо, сууну коромжусуз туура пайдалануу боюнча окуп үйрөнүшөт. | Суунун физикалык жана химиялык касиеттери; суунун булганышы; сууну тазалоо жолдору; сууну коромжусуз туура пайдаланууну айтып бере алышса. |
Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук): Суутек, суутектин бирикмелери, суунун касиеттери, суу ресурстары, ичүүчү суу жана аны пайдалануу боюнча түшүнүгү өнүгөт. Жаратылышка аяр мамиле жасоого, коргоого тарбияланышат. | |
Күтүлүүчү натыйжа:
Суунун физикалык жана химиялык касиеттерин;
суунун булганышын;
сууну тазалоо жолдорун;
сууну коромжусуз туура пайдаланууну айтып бере алышат
Суутек;
суутектин бирикмелерин;
суунун касиеттерин;
суу ресурстарын;
ичүүчү суу жана аны пайдаланууну айтып бере алышат.
Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): Суунун физикалык жана химиялык касиеттери, суунун булганышы, сууну тазалоо, сууну коромжусуз туура пайдалануу. ичүүчү суу жөнүндө жалпы маалымат алышат
Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): Суутек, суутектин бирикмелери, суунун касиеттери, суу ресурстары, ичүүчү суу жана аны пайдалануу боюнча маалымат бар.
Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.
Убакыт: 45 минута
Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин
Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин
Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин
Сабак
Сабактын жүрүшү:
Чакыруу этабы:
Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.
Жагымдуу маанай түзүү: Сизге кайсы гүл жагат? тести
Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:
1. Суутектин химиялык касиеттерин мүнөздөй турган реакциялар теңдемелерин түзгүлө.
2. Суутектин төмөндөгү оксиддер: а) сымап (II) оксиди; б) темир оксиди Ре3О4; в) вольфрам (IV) оксиди менен болгон химиялык реакциялар теңдемелерин түзгүлө. Бул реакциялардагы суутек ролун көрсөткүлө.
Түшүнүү этабы(сабактын негизги болүгү):
Суу — суутек менен кычкылтектин химиялык бирикмеси. Ал метеорологиялык шартка жараша түрдүү абалда (туман, булут, жаан, кар, мөңгү, муз) болот. Сууда көпчүлүк заттар жакшы эригендиктен табиятта таза химиялык суу кезикпейт. Андагы эриген заттын түрүнө жараша суу тузсуз, туздуу жана өтө туздуу (рассол) болуп айырмаланат. Тузсуз суу тиричиликте чоң мааниге ээ. Жер шарынын 3⁄4 бөлүгү суу менен капталып, дайыма жаратылышта айланып жүрөт. Жер бетинин 60%ке жакыны тузсуз сууга муктаж. 500 млндой киши суунун жетишсиздигинен же сапатсыз болушунан түрдүү оорулар менен жабыркашат. Суу ресурсунун көбүн ичүүгө жана өнөр жайга жараксыз туздуу деңиз жана океан суулар түзөт.
Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):
Мугалимдин иш аракети: | Суроо-жооп, аӊгемелешүү менен сабак лекция түрүндө өтүлөт. |
1. Анализ жана синтез ыкмаларынын жардамы менен суунуи сапаттык жана сакдык курамын, химиялык формуласып чыгарууга болорун түшүндүргүлө. | |
Үйгѳ тапшырма:
1. Суу башка заттар менен өз ара аракеттенишкенде, мисалы: а) кислоталар; б) щелочтор; в) щелочтор жана суу пайда болушу мүмкүн. Ар бир учурга экиден мисал келтиргиле.
Баалоо: