Просмотр содержимого документа
«Сулайман тоо- керемет кенч.»
№ 40 Ы Мону атындагы орто мектеби 5-б класс
Кл жетекчи:Белекова Айвера
Мозговой штурм по визуальным и техническим требованиям нашего производства.
1 июня 2021 года
Компания «МДМ»
Сулайман тоо-керемет кенч.
Сабактын максаты: Окуучулар Ош шаарынын так ортосунгда жайгашкан Сулайман тоонун ыйыктыгын,тарыхый мурас экендигин түшүнүшөт.Сулайман тоого чыкканда тазалыкты сактоого,ар бир таштын ишеним менен аттого тарбияланышат.
Сулайман тоо Ош шаарынын чак ортосунан орун алып, өзүнүн жайгашуусунун озгөчөлүгү, кооздугунун кайталангыстыгы, уникалдуулугу менен дүйнөгө таанылган. Бул тоо-өз-өзүнчө өркөчтөнгөн төрт тоонун тутумунан турат. Эң бийик жери 100-150 метрге жетсе,узундугу бир жарым километр, ал эми туурасы 120 метрге чамалап барса ,абсолюттук белгиси деңиз денгээлинен 1106 метр бийиктикте турат
Биринчи тоонун чокусунда туристтер үчүн атайын аянтча жасалган.Бул аянчадан тоо этегинде жайгашкан шаардын жана Ак-буура суусунун панорамалдуу ажайып пейзаждык көрүнүшү алаканга салгандай тегиз көрүнүп турат.
Сулайман тоого киргенден түшконгө чейин 940 тепкич бар.Тоого чыгуу үчүн атайын тепкичтер аркылуу өйдө көтөрүлсөңүз, аянтчага чыгасыз. Андан ары тоону капталдаган бир аяк жол менен бара берсеңиз, Тешикташты, Үңкүрдү, Сыйгалакташты көрөсүз.
Сыйгалакташтын сыйкыры күч. Ар кандай илдетке чалдыккандар ушул ташка сыйынып,ушул таштан сыйгаланышат, таштан дартка дабаа,илдетке шыпаа болчу касиети бар.
Акүй деп алатуучу,атайын мусулмандар намаз окуп,зыярат кылуучу мечит үй жайгашкан. Бул үйду Бабурдун чежиреси деп да атап жүрүшөт.
Бабурдун үйү
Тоонун чокусунда Бабурдун башкаруусунда пайда болгон «Тахты Сулайман» мечити жайгашкан. Атеисттер 1963-жылы Бабурдун үйүн буздуруп салышкан. Кийин 1991-жылы сакталып калган материалдардын жардамы менен бул тарыхый эстелик кайра калыбына келтирилген.
Сулайман тоо музейи анын батыш бөлүгүнөн орун алган. Музейде археологиялык казуулардын натыйжасында табылган буюмдар -таштагы жазуулар, ошол аймактагы байырлаган жаныбарлардын, канаттуу куштардын катырылган эстеликтери көргөзмө катары коюлган.
Музей архитектор Назаров Кубанычбек Кудайназаровичдин долбоору менен 1978-жылы курулган. Музей 2 кабаттан турат. Биринчи кабатында майда табигый буюмдар жайгашкан. Экинчи кабатка чыгып бара жатып, жан жаныбарлардын катырылган абалда турганын көрүүгө болот. Экинчи этажында дүйнөлүк диндердин, Фергана өрөөнүндөгү элдердин ырым-жырымдары жайланышкан зал болуп эсептелет.
2009-жылы Сулайман тоо.2009-жылы адамзаттын материалдык маданий мурастары боюнча ЮНЕСКОнун тизмесине “Сулайман-Тоо”улуттук тарыхый-археологиялык музей- комплекси кирген.
Сулайман тоо жөңүндө көркөм ыр жатка айтып бергиле
Суроолорго жооп бергиле
Үйдөн Сулайман тоо жөнүндө кластер түзүп келгиле.