Просмотр содержимого документа
«Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү»
Бишкек шаарындагы №86 жалпы билим берүү орто мектеби
Сабактын аты: Кыргыз тили
5-класс
Сабактын темасы: «Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү, аларга коюлуучу тыныш белгилер»
Мугалим : Дөөлөталы кызы Гүлзахира
Сабактын максаты:
- Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрүн таба билишет;
- Бир өңчөй мүчөлөрдүн байланышуу жолдорун үйрөнүшөт;
- Бир өңчөй мүчөлөрдүн арасына коюлуучу тыныш белгилер менен таанышат.
Сүйлөм мүчөлөрү
Айкындооч мүчөлөр (Аныктооч, толуктооч, бышыктооч)
Баш мүчөлөр (Ээ, баяндооч)
Баш мүчөлөр
Ээ (Ким? Эмне? Кимдер? Эмнелер? Кимиси? Эмнеси?)
М: Бала уктады.
Баяндооч (Эмне кылды? Эмне кылып жатат? Эмне кылат?)
М: Бала уктады .
Айкындооч мүчөлөр
Аныктооч ( Кимдин? Эмненин? Кандай? Кайсы?)
Толуктооч (Кимге? Эмнеге? Кимди? Эмнени? Кимде? Эмнеде? Кимден? Эмнеден?)
Бышыктооч (Канча? Нече? Кайда? Качан? Кантип?)
М: Акылдуу бала китепти издеп окуйт.
М: Акылдуу бала китепти издеп окуйт.
М: Акылдуу бала китепти издеп окуйт .
Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү деген эмне?
Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү
1) Бирдей суроого жооп берип, сүйлөмдүн бир мүчөсүнүн милдетин аткарат: Элибиз достукту, ынтымакты жактырат.
2) Алар бири-бирине багынбай, тең укукта болушат.
М: Чыдамкай, токтоо, эмгекчил адам гана баарын жеңет.
3) Сүйлөмдүн бардык мүчөсү (ээ, баяндооч, аныктооч, толуктооч, бышыктооч) бир өңчөй мүчө боло алат.
М: Кыргыз жергесиндеги атактуу жайлоолор – Сары-Жаз, Ак-Шыйрак жана Ак-Сай .
Эскертүү : - бир өңчөй мүчө, - алар байланышып турган сүйлөм мүчөсү. М: менен мектепке
келишти.
Асан
Анара
Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү интонация жана байламталар аркылуу байланышат.
- Бир өңчөй мүчөлөр санак интонациясы аркылуу байланышса, арасына үтүр коюлуп жазылат.
Бир өңчөй мүчөлөр
- менен, жана байламталары аркылуу байланышса, арасына үтүр коюлбайт.
М: Окуучулар майрамда ырдашты, бийлешти.
М: Окуучулар майрамда ырдашты жана бийлешти.
- Да, дагы байламталары аркылуу байланышса, үтүр байламтадан кийин коюлат.
М: Окуучулар майрамда ырдап да, бийлеп да жатышты.
Сабакты бышыктоо
Сабакты даярдаган:
Дөөлөталы кызы Гүлзахира
Көңүл бурганыңыздар үчүн
рахмат!