«БАШТАЛГЫЧ ЭКСПЕРИМЕНТ SEA»
ЫКМАСЫНА ЫЛАЙЫК
(ГЕОМЕТРИЯ ПРЕДМЕТИНЕН)
САБАКТЫН ИШТЕЛМЕСИ
Тема: ҮЧ БУРЧТУКТАРДЫН ИЧКИ БУРЧТАРЫНЫН СУММАСЫ |
|
ТҮЗГӨН: |
ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНИН ОКУТУУЧУСУ НУРМАТОВА МАЙРАМГУЛ НАРБЕКОВНА |
|
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫ |
Материалдык тизмеси:
ак барактар, клей, кайчы
Маркер
Сызгыч, транспортир
Т үрдүү формадагы үч бурчтуктар
Тажрыйба көрсөтүү:
үч бурчтук формасындагы фигура көрсөтүлөт:
1 баракка жайылган бурч сызылат жана 1 баракка үч бурчтук бастырылып сызылат:
Көрсөтүлгөн үч бурчтуктун бурчтары кыркылып алынат:
Кыркылып алынган секторлор жайылган бурчтун жогорку бөлүгүнө жарым тегерек түзүлгөндөй жабыштырылат.
Мүмкүн болгон байкоолор:
үч бурчтук формасындагы фигура көрсөтүлдү;
жайылган бурч сызылды;
түз сызык сызылды;
үч бурчтук формасындагы фигура көрсөтүлдү жана жайылган бурч сызылды;
үч бурчтуктун бурчтары кыркылып алынды;
жайылган бурчтун үстүнкү бөлүгүнө жабыштырылды;
үч бурчтуктун бурчтарынан жарым тегерек түзүлдү;
үч бурчтуктун бурчтарынын суммасы жайылган бурчка барабар.
Тандалган байкоо
үч бурчтук формасындагы фигура көрсөтүлдү жана жайылган бурч сызылды;
үч бурчтуктун бурчтары кыркылып алынды; жайылган бурчтун үстүнкү бөлүгүнө жабыштырылды; үч бурчтуктун бурчтарынан жарым тегерек түзүлдү;
үч бурчтуктун бурчтарынын суммасы жайылган бурчтун чоңдугуна барабар.
Суроолор:
үч бурчтук менен жайылган бурчтун кандай байланышы бар?
Ар кандай үч бурчтуктун бурчтарын кыркып алып, жайылган бурчтун үстүнкү бөлүгүнө жабыштырса, жарым тегерек түзүлөбү?
Ар кандай үч бурчтуктун бурчтарынын суммасы жайылган бурчтун чоңдугуна барабар болобу?
Гипотезалар:
Үч бурчтуктун бурчтары менен жайылган бурчту салыштырса керек;
Үч бурчтуктун бурчтары менен жайылган бурчту байланыштырса керек;
Тик бурчтуу үч бурчтуктун бурчтарын кыркып алып, жайылган бурчтун үстүнкү бөлүгүнө жабыштырса, жарым тегерек түзүлсө керек;
Тең жактуу үч бурчтуктун бурчтарын кыркып алып, жайылган бурчтун үстүнкү бөлүгүнө жабыштырса, жарым тегерек түзүлсө керек;
Бардык үч бурчтуктар үчүн аткарылышы мүмкүн;
Тик бурчтуу үч бурчтуктун бурчтарынын суммасы жайылган бурчтун чоңдугуна барабар;
Ар кандай үч бурчтуктун бурчтарынын суммасы жайылган бурчтун чоңдугуна барабар боло бербейт
Параметрлер:
Үч бурчтуктун бурчтары менен жайылган бурчтун байланышын аныктоо;
Ар кандай үч бурчтуктун бурчтарын кыркып алып, жайылган бурчтун үстүнкү бөлүгүнө жабыштырса, жарым тегерек түзүлөөрүн аныктоо;
Ар кандай үч бурчтуктун бурчтарынын суммасы жайылган бурчтун чоңдугуна барабар болоорун аныктоо.
Текшерүү үчүн тажрыйбалар:
Бурчтары боюнча түрдүү үч бурчтуктарда параметрди аныктоо
Жактары боюнча түрдүү үч бурчтуктарда тиешелүү параметрди аныктоо
Түрдүү чоңдуктардагы үч бурчтуктарда тиешелүү параметрди аныктоо
Концепция:
Жайылган бурчтун чоңдугу 180 экендиги баарыбызга маалым. Ошондой эле бурчтар боюнча ички, сырткы, кайчылаш деген сыяктуу бурчтардын түрлөрү менен да буга чейин таанышып келгенсиңер, демек биз үч бурчтуктардын ички бурчтары менен иш алып бардык. Анда аткарылгандар жана силердин чыгарган коцепцияларыңарга ылайык төмөнкүнү жазууга болот:
үчүн барабардыгы орун алат. Башкача айтканда “ар кандай үч бурчтуктун ички бурчтарынын суммасы ка барабар”. Жыйынтыгында биздин сабактын темасы:…