СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сот адилеттиги органдары

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

кыргыз республикасынын сот адилеттиги органдары

Просмотр содержимого документа
«Сот адилеттиги органдары»

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СОТ СИСТЕМАСЫ Кыргыз Республикасынын сот бийлиги бийликтин 3-бутагы болуп эсептелет. Алар КР аймагындагы сот адилеттигин жүзөгө ашырат. Соттор 3 инстанциядан турат.  Кыргыз Республикасынын райондук жана шаардык соттору;  Кыргыз Республикасынын областык соттору жана Бишкек шаардык соту;  Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СОТ СИСТЕМАСЫ

Кыргыз Республикасынын сот бийлиги бийликтин 3-бутагы болуп эсептелет. Алар КР аймагындагы сот адилеттигин жүзөгө ашырат. Соттор 3 инстанциядан турат.

Кыргыз Республикасынын райондук жана шаардык соттору;

Кыргыз Республикасынын областык соттору жана Бишкек шаардык соту;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту

 Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин түзүлүшү Кыргыз Республикасынын Президентинин 1994-жылы 1-ноябрындагы №290 Жарлыгы менен штаттык саны 36 адамды түзгөн  Кыргыз Республикасынын  Судьялар  кеңешине караштуу Сот администрациясы түзүлгөн. Буга чейин Юстиция министрлигинин балансында турган соттордун ишмердүүлүгүн уюштурууну камсыз кылуу боюнча функциясы (финансылык, материалдык-техникалык, автотранспорттук ж.б.) Сот  администрацияга  өткөрүлүп берилген.

Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин түзүлүшү

  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 1994-жылы 1-ноябрындагы №290 Жарлыгы менен штаттык саны 36 адамды түзгөн  Кыргыз Республикасынын  Судьялар  кеңешине караштуу Сот администрациясы түзүлгөн.
  • Буга чейин Юстиция министрлигинин балансында турган соттордун ишмердүүлүгүн уюштурууну камсыз кылуу боюнча функциясы (финансылык, материалдык-техникалык, автотранспорттук ж.б.) Сот  администрацияга  өткөрүлүп берилген.
Кыргыз Республикасынын  Президентинин 2 000-жылы 28-декабрында №363 Жарлыгы менен Сот департаменти Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу бардык мурдагы  функциялары өзүндө  калуу менен Сот департаменти болуп кайра түзүлгөн.
  • Кыргыз Республикасынын  Президентинин 2 000-жылы 28-декабрында №363 Жарлыгы менен Сот департаменти Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу бардык мурдагы  функциялары өзүндө  калуу менен Сот департаменти болуп кайра түзүлгөн.

Судьялар кеңешин уюштуруу.

  • Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын судьяларынын курултайынын аралыгындагы мезгилде иштеген, соттук өзалдынча башкаруунун жогорку органынын саясатын жүргүзгөн соттук өзалдынча башкаруунун шайлануучу органы болуп саналат. Судьялар кеңеши судьялардын курултайына отчет берип турат.
  • Судьялар кеңеши судьялардын курултайы тарабынан курултайга катышкан судьялардын көпчүлүк добушу менен шайланат.
  • Судьялар кеңеши бир жыныстагы адамдардын жетимиш пайыздан ашпаган гендердик өкүлчүлүгүн эсепке алуу менен, судьялар коомдоштугунун ичинен, үч жылдык мөөнөткө шайланган он беш мүчөдөн турган курамда түзүлөт.
  • Судьялар кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлер боюнча сунуштар судьялар чогулушу тарабынан судьялардын курултайынын кароосуна киргизилет. Талапкерлердин курамына жергиликтүү соттордун судьялары менен катар Жогорку соттун үчтөн ашпаган судьясы жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын бир судьясы киргизилиши мүмкүн.
  • Судьялар кеңешинин жаңы курамын түзүүдө судьялардын курултайы Судьялар кеңешинин ишинин жолун жолдоочулугун камсыз кылуу зарылдыгын эске алуу менен кабыл алат.
Судьялар кеңешинин ишин уюштуруу, техникалык, материалдык, финансы жана усулдук жактан камсыз кылуу жергиликтүү соттордун ишин камсыз кылган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан (мындан ары ыйгарым укуктуу орган) ишке ашырылат. Судьялар кеңешине жетекчиликти Төрага, ал эми ал жокто — Төраганын орун басары жүзөгө ашырат. Судьялар кеңешинин мүчөсү эки мөөнөттөн ашык катары менен Судьялар кеңешинин төрагасы же Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары кызматына шайлана албайт. Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагалары жана алардын орун басарлары Судьялар кеңешине кире алышпайт. Судьялар кеңеши зарылдыгына жараша, бирок жылына төрт жолудан кем эмес чакырылат. Судьялар кеңешинин төрагасынын жазуу жүзүндөгү сунуштамасына ылайык, Судьялар кеңешинин мүчөсү үчүн Судьялар кеңешинде аткарган иштеринин көлөмүнө жараша тиешелүү соттогу негизги иш орду боюнча тагылган милдеттери азаят.
  • Судьялар кеңешинин ишин уюштуруу, техникалык, материалдык, финансы жана усулдук жактан камсыз кылуу жергиликтүү соттордун ишин камсыз кылган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан (мындан ары ыйгарым укуктуу орган) ишке ашырылат.
  • Судьялар кеңешине жетекчиликти Төрага, ал эми ал жокто — Төраганын орун басары жүзөгө ашырат. Судьялар кеңешинин мүчөсү эки мөөнөттөн ашык катары менен Судьялар кеңешинин төрагасы же Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары кызматына шайлана албайт.
  • Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагалары жана алардын орун басарлары Судьялар кеңешине кире алышпайт.
  • Судьялар кеңеши зарылдыгына жараша, бирок жылына төрт жолудан кем эмес чакырылат.
  • Судьялар кеңешинин төрагасынын жазуу жүзүндөгү сунуштамасына ылайык, Судьялар кеңешинин мүчөсү үчүн Судьялар кеңешинде аткарган иштеринин көлөмүнө жараша тиешелүү соттогу негизги иш орду боюнча тагылган милдеттери азаят.
Судьялар кеңешинин ыйгарым укуктары Судьялар кеңеши өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын жана Судьялар кеңешинин Регламентинин негизинде жүзөгө ашырат. Судьялар кеңеши төмөндөгүлөргө укуктуу: — Кыргыз Республикасынын судьяларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган чараларды жүзөгө ашырат; — соттордун бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына контролду жүзөгө ашырат; — судьяларды тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндөгү маселелерди карайт; — Судьяларынын курултайын чакырат; — сот реформасын иш жүзүндө ишке ашыруу боюнча ишти координациялоону жүзөгө ашырат; — соттук өзалдынча башкаруу органдарынын иш тажрыйбасын иликтейт, жалпылайт жана жайылтат, алардын ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;

Судьялар кеңешинин ыйгарым укуктары

Судьялар кеңеши өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын жана Судьялар кеңешинин Регламентинин негизинде жүзөгө ашырат.

Судьялар кеңеши төмөндөгүлөргө укуктуу:

  • — Кыргыз Республикасынын судьяларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган чараларды жүзөгө ашырат;
  • — соттордун бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына контролду жүзөгө ашырат;
  • — судьяларды тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндөгү маселелерди карайт;
  • — Судьяларынын курултайын чакырат;
  • — сот реформасын иш жүзүндө ишке ашыруу боюнча ишти координациялоону жүзөгө ашырат;
  • — соттук өзалдынча башкаруу органдарынын иш тажрыйбасын иликтейт, жалпылайт жана жайылтат, алардын ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
— мыйзамдардын долбоорлорун, соттордун жана судьялардын иштерине тиешелүү болгон башка ченемдик жана ченемдик эмес актыларды экспертизадан өткөрүүнү жүзөгө ашырат; — мамлекеттик башка органдар жана коомдук бирикмелер менен мамилелерде судьялардын кызыкчылыгын билдирет; — башка мамлекеттердин сот коомдоштугунун органдары, эларалык уюмдар, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары менен өзара иштешүүнү жүзөгө ашырат; — мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынан жана алардын кызмат адамдарынан алардын иши үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди суратып алат; — судьяларды жана сот аппараттарынын кызматкерлерин окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштурууну жүзөгө ашырат; — сот коомдоштугунун өнүгүшүнө багытталган дагы башка маселелерди карайт. — тиешелүү бөлүктөгү сот тутумунун бюджетинин аткарылышы боюнча ыйгарым укуктуу органдын отчетун угат;
  • — мыйзамдардын долбоорлорун, соттордун жана судьялардын иштерине тиешелүү болгон башка ченемдик жана ченемдик эмес актыларды экспертизадан өткөрүүнү жүзөгө ашырат;
  • — мамлекеттик башка органдар жана коомдук бирикмелер менен мамилелерде судьялардын кызыкчылыгын билдирет;
  • — башка мамлекеттердин сот коомдоштугунун органдары, эларалык уюмдар, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары менен өзара иштешүүнү жүзөгө ашырат;
  • — мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынан жана алардын кызмат адамдарынан алардын иши үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди суратып алат;
  • — судьяларды жана сот аппараттарынын кызматкерлерин окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштурууну жүзөгө ашырат;
  • — сот коомдоштугунун өнүгүшүнө багытталган дагы башка маселелерди карайт.
  • — тиешелүү бөлүктөгү сот тутумунун бюджетинин аткарылышы боюнча ыйгарым укуктуу органдын отчетун угат;
  • — ыйгарым укуктуу органдын жана Судьялардын окуу борборунун иштери тууралуу ыйгарым укуктуу органдын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Судьялардын окуу борборунун (мындан ары — Судьялардын окуу борбору) жетекчилеринин жылдык отчетторун угат;
  • — Судьялар кеңешинин комиссиясынын курамын бекитет, алар тууралуу жобону иштеп чыгат жана бекитет;
  • — Кыргыз Республикасынын судьяларына квалификациялык класстарды ыйгаруу тууралуу Президентке сунуштама киргизет;
  • — Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамынын үчтөн бирин шайлайт;
  • — судьялардын жүрүм-турумунун кынтыктуулугу жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалыматтарды милдеттүү тартипте текшерүүдөн өткөрөт;
  • — Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларын ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу андан ары Жогорку Кеңешке сунуштама берүү үчүн Президентке сунуш киргизет;
  • — жергиликтүү соттордун судьяларын кызматынан четтетүү жана бошотуу боюнча сунушту Президентке киргизет;
  • — судьяларды соттук тартипте берилүүчү жазык жана администрациялык жоопкерчиликке тартуу үчүн макулдук берет;
— ыйгарым укуктуу органдын, Судьялардын окуу борборунун жетекчилерин кызматка дайындоого жана кызматтан бошотууга макулдук берет. Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган дагы башка ыйгарым укуктарга ээ. Судьялар кеңеши Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмес курамдагы Судьялар кеңешинин жалпы санынын добушу менен коллегиалдуу түрдө чечим кабыл алууга укуктуу.
  • — ыйгарым укуктуу органдын, Судьялардын окуу борборунун жетекчилерин кызматка дайындоого жана кызматтан бошотууга макулдук берет.
  • Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган дагы башка ыйгарым укуктарга ээ.
  • Судьялар кеңеши Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмес курамдагы Судьялар кеңешинин жалпы санынын добушу менен коллегиалдуу түрдө чечим кабыл алууга укуктуу.
КӨҢҮЛ БУРГАНЫҢЫЗДАРГА ЧООҢ РАХМАТ.

КӨҢҮЛ БУРГАНЫҢЫЗДАРГА ЧООҢ РАХМАТ.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!