Просмотр содержимого документа
«Санариптештируу менин жашоомдо»
Саламатсынарбы,балдар? Силерге эң соонун маанай каалаймын
Бугунку сабактын темасы:Санарип менин жашоомдо
Бугун санарип дуйнө биздин жашообуздун ар-бир бөлүгнө кирип жатат,аны убактыбызды кантип колдонгонубуздан баштап,тапкан акчаларыбызды коротконго чейин пайдалануудабыз.Санарип технологиясы биздин адаттагыдай байланыш ,көңул ачуу жана жаңы маалымат алуу ыкмасын өзгөртүү.Биз анариптик маалыматты алуучу адамга айландик,жашоого керектүү нерселерди газета,журналдардан издебей,интернеттен издеп баштадык.
Санарип деген эмне, санариптештируу деген эмне
САНАРИП
Санарип - бул маалыматтардын электрондук форматы. Башкача айтканда, кандай гана маалымат болбосун аларды чектелүү сандагы ариптердин (символдордун) жардамы менен туюнтуу дегенди билдирет.
Санариптештирүү - бул маалыматтарды электрондук форматка өткөрүү, же жалпак тил менен айтканда, маалыматтарды сактоо, ирээттөө, эсептөө, алмашуу жана көбөйтүп таркатууну жеңилдетүү, тездетүү үчүн аларды компьютердин "тилине" өткөрүү дегенди билдирет.
Компьютерде маалыматтар 0 жана 1 сандары менен белгиленген сигналдар менен жазылат. 0 саны сигнал нөлгө барабар, ал эми 1 саны сигнал бар дегенди билдирет. "Жарым-жартылай" же "эки эсе" сигнал деген түшүнүктөр жок. Бул эки сандын айкалышы экилик код (двоичный код) деп же жөн гана кыскача бит деп аталат. 1 бит эки гана маанинин бирөөсүн бере алат, ал 0 же 1 гана болушу мүмкүн. 0 жана 1 сандарынын айкалышы кандайдыр бир маалыматты билдириши үчүн, алардын топтомдорун белгилүү бир чектелген санда бөлүп кароого туура келет.
Компьютерде маалыматтарды жазууда 8 биттин топтомун маалыматтын бирдиги катары эсептөө кабыл алынган. Башкача айтканда 8 бит биригип 1 байтты түзөт. 1 байт - бул санариптик маалыматтын бирдиги. 1 байтта 0 жана 1 сандарынын жыйындысынын жалпы саны 8ден ашпайт. Мисалы: 00010101 - бир маанини же символду түшүндүрө турган болсо, 11010101 - дагы бир башка маанини же символду билдирет. Ошентип 1 байт менен жалпы мүмкүн болгон 256 маанини белгилесе болот. 1 байт менен баардык орус жана англис алфабитиндеги тамгаларды, чоң тамгалары, илеп белги, суроо белги, үтүр, чекит жана башка белгилерди толук камтып белгилегенге мүмкүндүк берет .