Просмотр содержимого документа
«Санарип сабаттуулук»
5-класс
Тема: Бир маанилүү жана көп маанилүү сөздөр
Сабактын максаты:
- Бир маанилүү, көп маанилүү сөздөр боюнча түшүнүк аласыңар;
- Оозеки жана жазуу кебинде сөздөрдүн маанисин талдай аласыңар;
- Туура сүйлөө, жазуу сабаттуулугуна ээ болуу менен кеп байлыгыбызды өстүрөбүз.
Эгерде сөздөр белгилүү бир нерсенин,түшүнүктүн атын билдирип, бир мааниде гана колдонулса, бир маанилүү сөздөр деп аталат.
Түгөнгүс акыл мүрөгү, Илимдин ушул жүрөгү. Жан досубуз китепти , Ардактайлы, сүйөлү!
Араа- жыгачты,металлды кесүү үчүн колдонулуучу курч темирден жасалган аспап.
Аары- гүлдүн ширесин чогултуп, аны балга айландыруучу, чымын-чиркейдин бир түрү
Мисалы: аары, араа, балаты, андалек,балык,китеп. Мына ушул сөздөргө ар-бирибиз бирден мисалды дептерибизге жазабыз.
Бир эле сөздүн бир нече маанилерди билдириши сөздөрдүн көп маанилүүлүгү деп аталат.
Мисалы: класс
- Мектеп окуучуларынын жаш өзгөчөлүктөрүнө карата топко бөлүнүшү.
- Ошол топтогу окуучулар үчүн арналып,бөлүнгөн мектеп бөлмөсү.
Тамыр деген сөздүн маанилерин байкап көрөлү;
2. Адамдын кан тамыры .
3. Математикалык термин.
Балдар келгиле, биз азыр бир нече сөздөрдү карап көрөлү. КӨЗ деген сөздүн маанисин кандай түшүнөсүңөр балдар?
287-көнүгүү
Бышыктоо көнүгүүсү
Нан
жылдыз
шам
кол
балаты
музей
Желек
туяк
Сөздөрдүн маанилерин жазгыла. Сөздөр. Берген маанилери:
Тапшырма Төмөнкү сөздөрдүн көп жана бир маанисин таап жазгыла.