СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"сайрасын кыргыз-комузу"

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарбиялык саат             7-И класс                                 9.09.2020

Сабактын темасы: Комуз – улуттун сыймыгы

Сабактын максаты:

А) Кыргыздын улуттук аспабы болгон комуз жөнундө кеңири маалымат берүү;

Б) Комуз – кыргыз элинин улуттук сыймыгы, анда кыргыз элинин байыркылыгы, басып өткөн жолу, жашоосу, жыргалы-кууралы камтылганын түүнүшөт.

В) Ата- бабалардан калган таберик буюмду аздектеп, көздун карегиндей сактап, муундан – муунга сыймыктануу менен өткөруп беүүгө, өнөр адамдарын сыйлоого тарбияланышат.

Сабактын жабдылышы: Сурөттөр, учкул сөздөр, комузчулардын сүрөттөрү.

Сабактын жүрүшү:

Саламатсыңарбы, балдар. Бүгун 9-сентябрь Комуз кунү.

Комуз кыргыз элинин салттуу маданиятында өзгөчө орунду ээлейт.Комуздун күүлөрү өзүнчө философиялык ойлорду, жашоо-турмушту жана маданияттын өзгөчөлугун камтып, муундан-муунга өтуп, биздин күндөргө чейин жетти.

Кыргыз комузу

Абалтан дайын дүйнөгө,

Ала –Тоо ата конушу.

Тарыхын элдин баяндап,

 Таңшый бер, кыргыз комузу.

Комузум дайым жоголбой,

Калдайган кыргыз барында.

Токтобой күулөр удургуйт,

Толкуган кыргыз канында.

Күнү-түн уксаң канбайсың,

Күулөрү ары-намысы.

Колумда турган жөнөкөй,

Комузум кыргыз тарыхы.

   Мына ушундай кереметтүу аспапта кол ойнотуп, кыргыздын басып өткөн жолунда өчпөс чыйыр жолун салган залкар комузчуларыбызды айта кетпесек болбойт. Алар кыргыз элинин басып өткөн карт тарыхын комузга салып,  баяндап өлбөстүккө даярдаган. Алар: Токтогул Сатылганов, Тоголок Молдо, Муратаалы Күрөңкеев, Жеңижок, Ыбрай Туманов, Карамолдо Орозов ж.б.

Эми комуздун өзүнө токтоло кетели:

   Комуз – кыргыздын байыртадан келе жаткан чертме кылдуу, үндүү аспабы. Ал өрук, жаңгак, арча дагы бир катар жыгачтардан чабылат.

Комуз – баш, моюн, 3 кулак, тулку, чара, капкак, тепке жана

3  кылдан турат.аспаптын жалпы узундугу болжол менен 90 см, туурасынын эң жазы жери 19,5-22,5 см жетет. Комуздун жаны – жыгач жана кыл. Башка жыгачка караганда өрүктөн чабылган комуз нарктуу деп эсептелет.

   Ал эми илгерки комуздардын көлөмү азыркыдан кичирээк келип, ат үстундө алып жүрүүгө ылайыкташкандыгын айта кетүү керек. Мисалы, атактуу акын Токтогул Сатылгановдун комузунун чарасы ромбик түрундө болгон экен.

  Негизинен комуздун жаралуу тарыхы жөнундө көптөгөн миф, легенда, уламыштар бар. Алардын чындыкка жакындарын алып көрөлү...

   Илгери –илгери жоокерчилик заманда Камбаркан аттуу мергенчи жашаптыр .Ал өз өнөрү менен бүтүндөй элин багып жүргөн экен. Күндөрдун биринде ал талаада кетип баратса бир башкача үн угулат. Камбаркан ал үн чыккан тарапка барса, кайсы бир жаныбардын ичегисинин бакка тартылып,андан чыгып жаткан үндү угат. Мергенчи ал ичегини алып, үйүнө алып барып, жыгачтан  аспап жасап, ичегини тартып, канчалык чертсе да чертилбей коёт. Акыры ойлонуп, кайра баягы бакка барып, аны кыйып келип, аспап чабат. Ошондо гана андан мукам добуш чыгат. Мергенчи өзү чапкан аспабына “комуз” деген наам ыйгарып, ал эми Камбаркан черткен биринчи күү “Камбаркан” деп аталып калган экен.

Сабакты жыйынтыктоо: Мына, балдар. Биз бүгункү сабагыбызда комуздун келип чыгуу тарыхына, анын баалуулугуна, көркөмдүгүнө, кайталангыс, башка эч нерсеге окшобогон турпатына, аларды тилге киргизген залкар комузчуларга токтолдук. Демек, комуз – кыргыз элинин сыймыгы экендигине дагы бир жолу ынандык. Кыргыз элин дүйнө жузунө тааныткан улуу эпосубуз “Манас”,  чыгармалары жер шарын айланып кыргыз деген улут бар экенин билдирген алп жазуучубуз Чыңгыз ата болсо, боз үйубүз, КОМУЗУБУЗ, калпагыбыз, ак элечегибиз, Ала –Тообуз, Ысык-Көлубуз аларды толуктап КЫРГЫЗ деген атты өчурбөй сактап турат.

Просмотр содержимого документа
«"сайрасын кыргыз-комузу"»

Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!