" Саякбайга таазим"
Таазим этем Саякбай,
Заманым барат ыраактай.
Закымдап алп карааның,
Айтылат сөзүң"Чубактай"
Саякбай ата ким болгон?
Сабалап "Манас" айтуучу
Санаты шумдук жомокчу
Манасчыларга пир болгон
Саякбай ата ким эле?
"Чагылган чарт-чурт эткендей
Күн күркүрөп өткөндөй
Кара нөшөр төккөндөй
Кара сел болчу тим эле."
Тайторуну чаптырып
Каныкей эне арманын
Как жүрөктөн айттырып
Уккандардын барына
Кошо күлүк чаптырып
Көрүп аны тургандай
Радиодон уккпнда
Көөдөнүм турчу алп уруп.
Атайын эле туулган го,
"Манасты" айтып турганга
Дообулбасты ургандай
Карсылдашып найзасы
Как төбөгө ургандай
Арбагы тирүү Саякбай
Кырк кысырек миң байтал
Акысына бердирген
Айкөлүңдүн чоң дүрбү
Сыпаты укмуш сымаптай
Көркөмүн айтчу Саякбай
Картадан көрүп тургандай
Катар-катар жер сууну
Өзү кезип келгендей
Адашпай айтчу оордун.
Ит-Торпунун белинен
Ит-Өлөрдүн чөлүнөн
Кең кепенин белинен
Кара деңиз көлүнөн
Жаңылбастан айгайлап
Жер ченемин так айткан
О, укмуш, географ окшойт Саякбай.
Берметтей сөздү кынаган
Тулпарларын сынаган
Жасалганы айтканда
Тамшанттырып караткан
Атаганат, Саякбай
Миң жылда келбейт бул адам
.
Айкөл Манас
Залкарлардан муундан-муунга сакталып
Кыргыз салты, кыртыз наркы макталып
Кайталангыс улуу адамдар сөз менен
Айкөл Манас бизге жетти сактапып.
Айкөл Манас кайталангыс феномен
А манасчы кереметтүү дээри бар
Алла Таала Манас үчүн
Өзү сүйүп бир берген.
"Жараткан жасаганын койбой алат,
Бир гана жагымдуу сөз аман калат" деп айткандай
Бар болгула,о залкарлар, манасчылар, ыйыктар!
Смздер барда Айкөл Манас жашай берет түбөлүк
Айкел Манас кылымдарды карыткан
Басып кирген душмандарды багынткан.
Кыргыз эли, манасчылар турганда
Эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан.
Айкөл Манас азиянын арстаны
Улуу мурас бизге жеткен дастаны
Бабалардын жолун улап о, эпим
Ынтымакта,биримдикте жашайлы.