СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сабырдуу оспурумдуу тарбиялоо

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Как воспитывать подростков 

Просмотр содержимого документа
«Сабырдуу оспурумдуу тарбиялоо»

«Ата-энелер мектеби»

Число:

-класс

Муг:

Катышкандар:



Саламатсыздарбы урматтуу ата-энелер кош келипсиздер

Тема: Өспүрүмдү сабырдуулукка тарбиялоо

Чогулуштун максаты:

1) Сабырдуулук деген эмне ?

2) Сабырдуу өспүрүмдү кантип тарбиялайбыз?

3) Сабырдуулук жана сабырсыздык.

Чогулуштун жабдылышы:

  • ватман, маркер, слайд, карточкалар, видео ролик

Чогулуштун журушу:

  • Уюштуруу (тааныштыруу)

  • Топторго бөлүү (мезгил боюнча).

Суроо: Сиз балдарынызга жаш өзгөчөлүгүнө карата мамиле кыласызбы?

  • (лист таркатылат).

Суроо: (талкуу)

Азыркы учурда балдарыныздардын мүнөзүндө кандай өзгөрүүлөрдү байкадыңыздар ?

Баланын өсүүсүнө таасир этүүчү нерселер

Үй-бүлө

Массалык маалымат каражаттар (35%)

(теле-радио, гезит)

Мектеп

Теңтуш, достор

Анкета

1. Аты жөнүнүз.

2. Баланыздын аты жөнү?

3 .Канча баланыз бар?

4. Мугалими менен канча жолу суйлөштунуз?

5. Чейректери кандай болду?

6. Кундөлугундө канча баасы бар?

7. Баланыз кайсы сабакка кызыгат?

8. Келечекте ким болом дейт?

9. Келечекте ким болсо деп ойлойсуз?

10. Жакын досу ким?

11. Баланыз сабагын даярдоодо жардам бересизби?

12.Сабак даярдоодо шарт барбы үйдө?

13. Балаңызга татыктуу коңул буруп, жакшы тарбия берип жатам деп ойлойсузбу?

14. Сентябрдан бери канча жолу сабактан калды?

15 .Сиз баланызга туулган кун откоруп бересизби?

Венндин диаграммасы

    1. Мурунку жаштар

    2. Азыркы жаштар

Эрте жигиттик курак: 15-18 жаш

Бул мезгилде организмдин анатомиялык-физиологиялык жетилүүсү негизинен аяктайт. Бул мезгил жаш балдардын өзүн-өзү тарбиялоо, өз алдынча билим алуу, өзүн-өзү өстүрүүгө кызыккан мезгили. Кесипке, келечекке, турмушка аң-сезимдүү, кызыгып мамиле кылган учуру болот. Илим-билимге, адабиятка, искусствого кызыгуусу, керектөөсу өсөт. Балдар менен кыздардын ортосундагы мамиле активдешет.

Баланы тарбиялоодо

Сабырдуулук

Чынчылдык

Кайрымдуулук

Сабырдуулук-бул сапат тарбиянын эң керектүү сыпаттарынын бири.Кыргызда ,,сабырдын түрү сары алтын” дейт Балдарыбызды сабырдуу болууга кичинесинен үйрөтүүбүз зарыл.Турмушта ар кандай кыйынчылыктар болуп калса, эң биринчи өзүбүз сабырдуу болуп,аларга үлгү болууга аракет кылуубуз керек.

Чынчылдык- калптын казаны кайнабайт” дейт элибизде Ак барак сымал таза өспүрүмдөрүбүзгө чынчылдык деген сапатты кантип үйрөтүп жатабыз? Азыркы учурда көпчүлүк ата-энелер балдарыбызды көнүмүш жаман адаттарга жалганчылыкка байкабастан үйрөтүүдө. Мисалы эшикти такылдатып бирөө келсе,үйдө туруп “Мени жок деп кой” дейбиз , телефон аркылуу соо туруп “Ооруп жатам үйдөн чыкпай жатам , жатып калдым” жана башка ушул сыяктуу көптөгөн туура эмес корүнүштөрдү жасайбыз.мунун баары аларга болгон туура эмес тарбияболуп эсептелет.

Кайрымдуулук- экономикалык абалыбыз жана жашоо шартыбыз жакшы болуп туруп, элибизде карылар үйлөрүнүн ачылышы жана ал жерлерде биздин ушундай жакшы жашоого жетишибизге, биз үчүн ар дайым күнү-түнү дебей эмгектенип, карыганда балдарынын урматын көрсөм деген ата-энелерибиздин ташталуусу жүрөктү оорутпай койбойт. Эгер биз балдарыбызды азыртан кайрымдуулук сапатына үйрөтө турган болсок,анда келечекте ата-энесине, бир тууган жакындарына жана жалпы эле эли-журтуна жакшы караган атуул болуусуна чыйыр жол салган болобуз.

Балага тарбия берүү -көчөт тигип, аны мөмө берген бак кылып өстүрүү сымал. Эгер көчөттү өз убагында туура карабасаң, анда ал жакшы мөмө бербейт, аркандай курт-кумурскалар зыян келтирет же куурап жок болуп калат

Слайддагы сүрөттөр көрсөтүлөт.

Өспүрүм бала менен мамиле кылуунун эң кызыктуу 4 жолу:

    1. Балаңыз кызыкканга кызыгыңыз

    2. Бала менен бирге спорт менен машыгыңыздар

    3. Бирге ойноңуздар

    4. Бирге окуңуздар



Ата-энелер баланын ролунда.

1-топ Бала 2-топ Ата 3-топ Эне

Кийим маселеси

Акча маселеси

Телефон маселеси

Той, кечелер, майрамдар маселеси

Көчө маселеси

Ушул маселелер боюнча балдар, кыздарыңыздар үйдө чыр чыгарса кандай мамиле кыласыздар.

Балдар менен сүйлөшүүдө төмөнкү сүйлөмдөрдү колдонбоо зарыл

“ Мен сага миң жолу айттым…” ;

“ Канча жолу кайталаш керек…” ;

“ Эмнени ойлоносуң өзүң…” :

“ Ушуну эстеп калыш сен үчүн оорбу …” ;

“ Эмне болуп баратасың … ” ;

“ Нурай (Данияр,Баястан ж.б.) тигиндей, а сен болсо…” ;

“ Ары турчу, менин убактым жок ..”

Балдарга мүмкүн болушунча көбүрөөк айтылчу сөздөр:

“ Сен менин акылдуумсуң (сулуумсуң ж.б) “ ;

“ Сенин барың кандай жакшы …” ;

“ Сен менин кыйынымсың …”;

“ Мен сени аябай жакшы көрөм …” ;

“ Кандай сонун жасагансың,мени да үйрөтчү …” ;

“ Сага рахмат,мен сага аябай ыраазымын…”;

“ Сен болбосоң, мен эч качан бүтүрө алмак эмесмин…”

Корутунду:

Урматтуу ата-энелер

Балдарыбыздын келечекте туура багыт алуусу жана мыкты инсан болуп калыптануусу үчүн илим-билим жана туура тарбия берүү зарыл.Канаттууга анын эки канаты кандай кызмат кылса,инсанга илим жана тарбия так ошондой зарыл.

Тарбия -бул инсандын адебин жакшыртып ага жашоодогу эң керектүү адамгерчиликтүү сапаттарга үйрөтөт

Илим -бул адам баласынын аң сезимин өстүрүп ар кандай кесип ээси болгонго жана бул жашоодо башкалардан кем болбой өз оокатын таап жегенге мүмкүнчүлүк берет

Туура тарбия берүү

Айрым ата-энелерге “Балаңызга кандай тарбия берип жатасыз ?”- деп суроо узатылып калса,”мен баламды эч нерседен кем кылган жокмун,курсагы ток кийими бүтүн үстүндө үйү жана астында машинасы бар ” деген жоопту угуп келебиз.Бирок биз балдарыбызга жашоодогу муктаждыктарын чечип берип,тарбия берүүнү унутта калтырабыз.

Балдарды тарбиялоо менен биз өлкөбүздүн келечегине чоң салым кошуп жатканыбызды унутпайлы. Себеби даанышмандар “Кайсы элдин жаштары тарбиялуу жана күчтүү болсо, ошол элдин келечеги кең” -деп айтып келишкен.



Ата -энелердин ойлору:



Чогулушка келип катышып бергениңиздер үчүн чооң рахмат. Саламатта калыңыздар.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!