СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сабактын планы математика

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Сабактын планы математика»

       Алгебра                                                                               9-класс

«Каалоо болсо, жол табылат».

Сабактын темасы: Арифметикалык прогрессиянын касиеттери

Окулган темадагы, бөлүмдөгү  сабактын ордун аныктоо:

“Арифметикалык прогрессиянын касиеттери” темасына 3 саат бөлүнгөн.

I. Жалпы окуу иш-чаралары:

1)   Жеке – окуучулардын арифметикалык прогрессия боюнча билимдин маанилүүлүгүн түшүнүүсү, өзүн баалоо жөндөмдүүлүгү.

2)   Когнитивдик – окулган тексттен керектүү маалыматты чыгарып алуу жөндөмү.

3)   Коммуникативдик – бири-бири менен диалог жүргүзүү (угуп, өз оюн айта билүү).

4)   Регулятивдик - өз ара контролдоо (партадагы кошунасы менен каталарды оңдоо), өзүн ө__________________                                         зү көзөмөлдөө (каталардын себептерин түшүнүү), мугалим тарабынан көзөмөл.

 

I. Сабактын максаттары: маселелерди чечүүгө таанып-билүүчү кызыгууну өнүктүрүү,

окуучулардын төмөнкүдөй натыйжаларга жетишүүсүнө көмөктөшүүчү окуу-методикалык шарттарды түзүү:

- тема: мурда өтүлгөн темадагы арифметикалык прогрессия түшүнүгүн пайдаланып жаны материалды өздөштүрүү, арифметикалык прогрессиянын касиеттерин колдонуу менен көндүмдөрүн өнүктүрүү.

- метапредметик:

  1) практикалык маселелерди чыгармачылык менен чечүү; чыгармачылык ишти өз алдынча аткарууга жөндөмдүүлүгү;

  2) оозеки байланышка кирүү, диалогго катышуу;

  3) окуудагы жетишкендиктерин, эмоционалдык абалын баалоо жөндөмүн калыптандыруу.

- жеке:

1) акыркы натыйжаларга жетүү үчүн эрктин жана туруктуулуктун көрүнүшү;

2) гипотезаларды айтуу, далилдерди издөө жана логикалык ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгү;

3) адамдар менен болгон мамиледе ишенимди өнүктүрүү;

4) математикалык операцияларды ишенимдүү жана оңой аткаруу жөндөмү.

5) өз алдынча иштөө жана билимге өзүн өзү баалоо көндүмдөрүн калыптандыруу.

II.  Сабактын маселеси:

1) билим берүү: тапшырмалар менен иштөөдө колдонуу жана өнүктүрүү боюнча алган билимдерин өркүндөтүүгө салым кошуу;

2) практикалык: арифметикалык прогрессиянын касиеттерин пайдаланып чыгаруу көндүмдөрүн калыптандыруу;

3) өнүктүрүү: окуучулардын билимин ар кандай кырдаалдарда колдонуудагы өз алдынча активдүүлүгүнүн деңгээлин текшерүү;

4) тарбиялык: окуучулардын кызыгуусун жана чыгармачылык активдүүлүгүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү.

 

III.  Колдонулган билим берүү технологияларынын сыпаттамасы, аларды колдонуунун негиздемеси:

1) Ден соолукту сактоочу технологиялар (дене жана психологиялык жеңилдик мүнөтү, жазууда туура поза менен отуруу, классты жарыктандыруу).

 

Сабактагы иштин формалары жана методдору бул класстын психологиялык-педагогикалык өзгөчөлүктөрүнө жараша тандалып алынат.

 

IV.  Колдонула турган иштин формалары: а) жеке, б) топтук, в) фронталдык.

 

V.  Сабактын жабдылышы:

1) Окуу куралдары: «Алгебра 9» окуу китеби.

2) М. Иманалиевге редакциялаган окуу китеби боюнча 9-класстын алгебра сабагынын план конспектисин иштеп чыгуу.

3) Чечим үчүн мугалим тарабынан даярдалган таратма материалдар.

 

VI.  Колдонулган технологиялар:  а) деңгээлди  дифференциациялоо, б) жеке окутуу,  в) көйгөйлүү  издөө,            г) топтук.

 

VII. Иш ыкмалары:

1) окуу жана таанып-билүү ишин уюштуруу ыкмалары: а) оозеки, б) көрсөтмө,                                в) практикалык,  г) жетекчилик менен иштөө.

2) контролдоо жана өзүн-өзү контролдоо ыкмалары: а) оозеки суроо, б) фронталдык суроо, в) өз ара

контролдоо, е) өзүн-өзү контролдоо.

 

 

VIII.           Пландаштырылган натыйжа:

1.   Билүү:

• арифметикалык прогрессиянын касиеттерин колдонуу жолдору,

• маселелерди чечүү алгоритми (формуланы туура колдонуу)

2.   Жасай алуу:

• арифметикалык прогрессиянын касиеттерин колдонуунун ыңгайлуу ыкмасын колдонуу;

• маселелерди чечүү үчүн алгоритмди практикада колдонуу,

• билимдин ар кандай булактарын колдонуу,

• топтордо, жекече иштөө.

IX.   Сабактын планы.

                 1. Уюштуруу учуру.

         2. Билимдерди актуалдаштыруу, жаңы билим берүү.

3.   Дене-психологиялык жактан жеңилдетүү мүнөтү.

         4. Мисалдарды иштөө.

         5. Рефлексия.

         6. Өзүн-өзү сыйлоо.

         7. Сабактын жыйынтыгын чыгаруу.

         8. Үй тапшырмасы.

X.     Сабактын жүрүшү.

1.       Уюштуруу учуру.

Мугалимдин ишмердүүлүгү

 

Окуучунун ишмердүүлүгү

 

-          Саламдашуу

Биз силер менен бүгүн жаны түшүнүктөрдү карайбыз, жакшылап угуп, мисал иштөөдө колдоно билүүгө жетишебиз.                                                                                                  Дептерлерди ачып,  числону жазып,  бүгүнкү сабактын темасын жазабыз.

  – Өзүбүздүн түшүнүктөрүбүздү баалайбыз.

-          Саламдашуу

-          Дептерлерине числону, сабактын темасын жазышат.

 

2.       Билимдерди актуалдаштыруу.

Мугалимдин ишмердүүлүгү  II 1, 2, 3; III 3);

V а),  б)

Окуучунун ишмердүүлүгү

I  4); VII д)

1.       Келгиле өтүлгөн темадан билимибизди текшерип көрөлү

 

 

2.       Жаны теманы түшүндүрүү:

1-теорема: Арифметикалык прогрессиянын биринчи мүчөсүнөн башка ар бир мүчөсү аны менен коңшулаш эки мүчөсүнүн арифметикалык орто маанисине барабар, б.а.

, мында n 1.

 

2-теорема:  Эгер  удаалаштыктын биринчи мүчөсүнөн башка ар бир мүчөсү анын коңшулаш эки мүчөсүнүн арифметикалык орто маанисине барабар болсо, анда ал удаалаштык арифметикалык прогрессия болуп эсептелет.

 

1-    жана 2-теоремаларды бириктирген теореманы келтирели.

a, b жана c үч сан качан гана b саны a жана c сандарынын арифметикалык орто мааниси, б.а  болгондо гана арифметикалык прогрессиянын удаалаш мүчөлөрү боло алышат. Бул касиет арифметикалык прогрессиянын аталышын бышыктайт.

 

1.       Бардык класска суроо берилет:

-          арифметикалык прогрессия деген эмне?

-          n мүчөсүнүн формуласын жазабыз?

 

2.       Окуучулар формулаларды жазышат.

3.       Көнүгүү иштөө: 1 - сабакта: №26; №27

                          2 - сабакта: №29; №30; №31

                          3 - сабакта: №33; №34; №35; №36.

1.       Математикалык диктант №7

2.       Математикалык диктант №8

3.       Математикалык диктант №9

3.      Дене-психологиялык жактан жеңилдетүү мүнөтү.

Окуучулардын көздөрүнө гимнастика жасатуу.

4.       Рефлексия (Көңүлдөрүн буруу)

5.       Өздөрүн баалоо

 

Мугалимдин ишмердүүлүгү II 5);

VII 2 е)

Окуучунун ишмердүүлүгү I 4);

 

Мугалим окуучуларга өз иштерин баалоону сунуш кылат.



Иштин түрү

баасы

1

Суроо-жоопту иштей алды


2

Математикалык диктант


3

Сабакка активдүү катышты


4

Оозеки суроолорго жооп берди


Жалпы баасы:



6.       Сабактын жыйынтыктоо.

Мугалимдин ишмердүүлүгү II 2)

 

Окуучунун ишмердүүлүгү VI в)

 

«Ар кандай жакшы чечилген математикалык маселе психикалык ырахат тартуулайт»  Г.Гессе

Балдар сабакка көңүл коюп, активдүү катышкандыгыңар үчүн силер менен иштешүү да жакшы болду.

Силерге бүгүнкү сабак жактыбы?

Окуучулар сабакка болгон көз караштары менен бөлүшүшөт.

7.       Үй тапшырма.  §3.  №28; №32; №37.

Математикалык диктант №7   (1-сабак)

Тема:  «Сан удаалаштыгы».

  • 1200 санын бөлүүчүлөрүнөн түзүлгөн сан удаалаштыгы чектүүбү же чексизби?

Жооп: ______________________ .

  • 8 санына эселүү сандардын удаалаштыгы чектүүбү же чексизби?

Жооп: ______________________ .

  •  Бардык үч орундуу сандардын удаалаштыгы n) дин акыркы мүчөсүн жазгыла.  Канчанчы мүчөсү болуп эсептелет?.

Жооп:  ________________________________________________________________________ .

  • Удаалаштык bn=5n+2 формуласы менен берилген. Анын үчүнчү мүчөсүн тапкыла.

Жооп: ______________________ .

  • Удалаштык: an+1=an –4,  a1=5 шарты менен берилген.  a3  мүчөсүн тапкыла.

Жооп: ______________________ .

_________________________________________________________________________________

 

Математикалык диктант №8 (2-сабак)

Тема: «Арифметикалык прогрессия».

 

1.       Кандай шартта арифметикалык прогрессия кемүүчү болот?

         Жооп: __________________________________.

2.       Натуралдык сандардын квадраты арифметикалык прогрессия болуп эсептелеби?    

Жооп: ____________, себеби_______________________________________________________.

3.       формуласы менен берилген удаалаштыгы арифметикалык прогрессия болуп эсептелеби?     Жооп: _______________________.

4.       Чексиз арифметикалык прогрессиянын жазылбай калган мүчөсүн толуктагыла:  6; ____; 14; 18;…

5.       Арифметикалык прогрессиянын айырмасын тапкыла:  6,5; 7,3; 8,1;…

         Жооп: d= _________________.

6.       Арифметикалык прогрессиянын  п-мүчөсүнүн формуласын жазгыла:  6,5; 7,3; 8,1;…

         Жооп: ________________________ .

7.       Арифметикалык прогрессиянын 10-мүчөсүн тапкыла, эгерде = –1,  d = 4 болсо.

         Жооп: = _______________.

 

Математикалык диктант №9  (3-сабак)

Тема: «Арифметикалык прогрессиянын касиеттери».

 

1.       Кандай шартта a, b жана c үч саны үчүн арифметикалык прогрессиянын касиеттери аткарылат?

        




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!