СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сабактын планы .

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Окуучулар шарттуу ыңгай боюнча маалымат алышат .

Просмотр содержимого документа
«Сабактын планы .»





Чын куран айынын жыйырма тогузу.

Сабактын темасы: Шарттуу ыңгай

Сабактын максаты: Этиштин шарттуу ыңгайы боюнча түшүнүшөт, шарттуу ыңгайды башка ыңгайлардан ажыратып биле алышат.

Тема боюнча көнүгүү иштешет, ой жүгуртүүсүн өстүрүшөт, сабаттуу жазууга, адабий тилдин нормасында туура сүйлөөгө көнүгүшөт.

Адептүүлүккө бирин-бири сыйлоого тарбияланышат.

Сабактын жабдылышы: Акылдуу доска, сүрөттөр, маркер, ат, дарак, көөкөр чыны.

Сабактын тиби: Жаңы билимди өздөштүрүү.

Сабактын формасы: Аралаш

Сабактын методу : Интерактивдүү

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу

  1. Окуучулар өздөрүнүн маанайын сүрөт аркылүү чагылдырып беришет.

  2. Бүгүнкү күн жөнүндө айтып беришет.

Үй тапшырма суралат.

Эки топко бөлүп алалы. Баарыбыз доскадагы аттарды алуу менен топторго бөлүнүп олтурабыз. Мына балдар топко да бөлүнүп алдык. Сабагыбызды ким көп кымыз ичет оюну менен ар бирибиз чыныларды чогултуу аркылуу өз тобубузга упай чогултабыз.

Жаңы тема: Шарттуу ыңгай.

Этиштин ыңгайлары деп эмнени айтабыз?

Этиштин канча ыңгайы бар?

Кыймыл аракеттин аткарылышы же аткарылбай калышы үчүн тийешелүү шарттын болушун көрсөткөн этиш сөздөр шарттуу ыңгай деп аталат. Шарттуу ыңгайды са мүчөсү уюштурат. Мисалы: Эртен аба-ырайы жылуу болсо тоого барабыз. Ата – энеңди сыйласан, өз балаңдан сый көрөсүң.

Шарттуу ыңгайдын – са мүчөсү жалганган этиштер төмөнкүдөй маанилерди билдирет.

  1. Шарттык маани: Жаан жааса, биз барбай калабыз.

  2. Мезгилдик маани: Танабай келсе, ал үйдө жок экен.

  3. Өтүнүү, сурануу маанини: Жакшы окусаңар, тартиптүү болсоңор.

  4. Себеп мааниси: Согуш бүтсө, жумуш жеңилде калар.

Шаттуу ыңгайдын – са мүчөсүнөн кийин жак мүчөлөрдүн кыскарган түрү улана берет. Мисалы:

Мен окусам.

Сен окусаң.

Ал окуса.

Шарттуу ыңгайдын – са мүчөсү оң жана терс формада айтыла берет.

Мисалы: Барса – барбаса, келсе – келбесе.

Балдар силерге тема түшүнүктүү болдубу? Эгер түшүнгөн болсоңор анда көнүгүү иштейбиз.

431-көнүгүү

Төмөнкү сүйлөмдөрдү окуп шарттуу ыңгайды тапкыла. Эрежесин айтып бергиле. Эмне үчүн шарттуу ыңгай экенин аныктагыла.

434-көнүгүү

Сүйлөмдүн ичинен шарттуу ыңгайдын – са мүчөсү катышкан сөздөрдүү тапкыла. Кайсы жакта, кайсы санда турганын аныктагыла.

Анда юалдар көнүгүүлөрдү иштеп алдык. Мен силерге жомок жазылган бирден барак берем. Ал жомокту андан ары улантып жазгыла. Жомото шарттуу ыңгай катышсын.

Доскадагы сүрөткө карап этиштин шарттуу ыңгайын катыштырып сүйлөм түзгүлө.

Анда ар биринердин колунарда үчтөн алма бар ошол алмага карап түшүнзөңөр жашылын, сурооңор бар болсо сарысын, эч нерсе түшүнбөсөнөр кызылын алма дарагына жармаштыргыла.

Жыйынтыктоо:

Баалоо:

Үй тапшырма: 433- көнүгүү.






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!