СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сабак-окутуунун формасы катарында.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Сабак-окутуунун формасы катарында.»

Тема: Сабак жана сабакка коюлуучу негизги талаптар

План:

1. Сабак жөнүндө түшүнүк

2. Сабакка коюлуучу негизги талаптар

3. Сабактын типтери

Окутууну уюштуруунун системасынын негизги элементи сабак болуп эсептелет. Сабак – активдүү жана пландуу окуу, таанып билүү иш аракетин камсыз кылып, окуу – тарбия ишиндеги милдетти ишке ашырат, ага окутуунун закон ченемдүүлүктөрүнө, принциптерине ылайык талап коюлат.

Сабак – окутуунун коллективдүү формасы болгондуктан, ага окуучулардын туруктуу курамы, белгилүү убакыттын чегинде болгондугу, туруктуу расписание жана окуу иши белгилүү материалдар боюнча уюштурулгандыгы менен мүнөздөлөт.

Сабакта окуучулардын таанып – билүү жана чыгармачылыгы өсөт, илимий жактан ой жүгүртүүнүн ыктары түзүлөт, китепти сүйүүгө тарбияланат. Сабак тарбиялануучулардын интеллектуалдык турмушунун башкы чөйрөсү болуп эсептелет, анда жашоодо көптү көргөн насаатчынын жана турмуштун биринчи баскычтарына кирип жатышкан тарбиялануучуларынын ортосундагы рухий катнаш ар күнү келип чыгып турат.

Азыркы сабактын сапаттуулугу жана сабакты окутуунун чеберчилиги төмөндөгү сабакка коюлуучу бир катар талаптарды кылдаттык менен сактоосу талап кылынат:

1. Сабакты жана анын бардык элементтерин илимий жактан негиздеп уюштуруу үчүн мугалим сабактын максатын, мазмунун, усулдарын жана каражаттарын илимдин жаңы жетишкендиктерине, алдыңкы педагогикалык практикага негиздеп түзүүсү тийиш.

2. Дидактиканын бардык принциптерин жана эрежелерин оптималдуу айкалыштыруу.

3. Окуучулардын кызыгуусун, жөндөмдүүлүгүн, талабын эске алуу менен таанып – билүү активдүүлүгүн, өнүктүрүүгө шарт түзүү.

4. Сабакта предметтер аралык жана ички предметтик байланыштарды түзүү

5. Окуучулардын буга чейинки алган билимин актуалдаштыруу, сабакта аларга таянып жаңы билимдерди калыптандыруу.

6. Ар бир сабакта окуучулардын жөндөмдүүлүктөрүнүн, көңүл- буруусунун, ой жүгүртүүсүнүн, кебинин, кыялдануусунун, эске тутуусунун, эркинин жана
сезимталдуулугунун өнүгүүсүн жетектөө менен акыл жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү.

7. Окуу–тарбия ишинин бардык этаптарын эмоцианалдуу, логикалык удаалаштыкта өткөзүү.

8. Окутуунун негизги каражаттарын рационалдуу пайдалана билүү.

9. Сабактын мазмунун турмуш жана практика, окуучунун өздүк тажрыйбасы менен байланыштыруу.

10. Практикада зарыл болуучу билим, ык-машыгууларды калыптандыруу жана ойлоонун, ишмердүүлүктүн рационалдуу ыкмаларына ээ кылуу.

11. Окуп, билим алуунун жана дайыма өз билимин толуктап, өркүндөтүп туруунун ыкмаларын калыптандыруу.

12. Ар бир сабакты тактык менен кабарлоо, проектилөө жана пландоо.

Ар бир сабак үч негизги максатты ишке ашырууга багытталат:

1. Билим берүүчүлүк

2. Өнүктүрүүчүлүк

3. Тарбия берүүчүлүк

Сабакка коюлуучу негизги талаптар

Дидактикалык талаптар:

а) сабактын билим берүүчүлүк милдетин так аныктап, сабактардын жалпы системасындагы ордун аныктоо;

б) сабактын программага, окуучулардын билим денгээлине ылайык оптималдуу мазмунун аныктоо;

в) окуучулардын таанып-билүүчүлүк иш-аракетинде жаңы технологияларды колдонуу;

г) окутуунун рационалдуу ыкмасын, каражаттары менен усулдарын сабактын жана окуу процессинин структуралык бөлүктөрүнө ылайык айкалыштыруу;

д) окуучулардын сабактагы жана үйдөгү өз алдынча чыгармачылык ишмердүүлүгүн пландаштыруу;

е) сабакта бардык дидактикалык принциптерди чеберчилик менен колдонуу;

ж) окуучулардын ийгиликтүү өздөштүрүүсүнө шарт түзүү;

е) сабакты өткөрүү чеберчилиги жана илимийлүүлүктү камсыз кылуу.

Тарбиялык талаптар:

а) окуу материалынын мазмунуна жараша тарбия берүү мүмкүнчүлүгү аныктоо;

б) турмуштун талабына ылайык жалпы адамзатка тиешелүү болгон баалуулуктарына тарбиялоо үчүн зарыл болгон турмуштук сапаттарды калыптандыруу: тыкандык, жоопкерчиликтүү аткаруучулук, өз алдынчалык, чынчылдык, жамааттык сезимге ж.б.;

в) окуучунун психологиялык өнүгүү өзгөчөлүгүн эске алуу;

д) мугалимдин педагогикалык тактынын талаптарын сактоо, алардын окууга болгон кызыгуусун арттыруу үчүн педагогикалык кызматташта болуу.

Өнүктүрүүчү талаптар:

а) окуу-таануу ишмердүүлүгүндө окуучулардын туруктуу мотивдерин калыптандыруу жана өнүктүрүү, алардын кызыгуусун, чыгармачылык демилгелүүлүгүн жана активдүүлүгүн арттыруу;

б) балдарда жаңы сапаттарды калыптандыруу үчүн сабактарда «алдыга жылуу» мүмкүнчүлүгүн түзүү;

в) келечек өнүгүү, өзгөрүүгө жараша окуучулардын интеллектуалдык, эмоционалдык, социалдык өнүгүшүн камсыз кылуу.

Уюштуруучулук талаптар:

а) тематикалык планга ылайык сабактын планынын болушу;

б) сабактын так уюштурулушу;

в) окутуунун ар түрдүү каражаттарын даярдоо жана рационалдуупайдалануу.



Сабакка коюлуучу гигиеналык талаптар:

а) класста аба, жылуулук режиминин сакталышы;

б) жарыктын түшүшүнүн талапка жооп бериши;

в) класс бөлмөсүнүн санитардык-гигиеналык абалы (тазалыгы, желдетүү);

г) окуп-үйрөнүү ишмердүүлүгүнүн түрлөрүнүн алмаштырылып турулушу (угуу, эсептөө, графикалык жана пракикалык сабакта бардык дидактикалык принциптерди чеберчилик менен колдонуу);

д) эс алуу минутасын сапаттуу жана өз убагында өткөзүү;

е) окуучунун столдо туура отуруунун эрежелерин сактоосу;

ж) класстагы эмеректердин окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө туура жана келиши.



Сабак өтүүнүн техникасына коюлуучу талаптар:

а) окуу материалын ачык жана образдуу, кызыктуу, өзүнө тартарлык жеткире айтып берүү;

б) сабактын темпи жана ыргагы оптималдуу болуп, мугалим менен окуучунун иш-аракеттеринин ийгиликтүү аякташына шарт түзүү;

в) сабакта мугалим менен окуучунун иш аракети толук байланышта болуп, педагогикалык такт жана педагогикалык оптимизм сакталууга тийиш;

г) сабакта таанып-билүү активдүүлүгү жана жагымдуу атмосфера, болуусу талапка ылайык;

д) окутуунун оптималдуу усулдарын жана ыкмаларын айкалыштырып, мүмкүн болушунча ишмердүүлүктүн түрлөрүн алмаштырып туруу;

ж) мектепте бирдей орфографиялык эрежени сактоону камсыз кылуу;

е) ар бир окуучунун активдүүлүгүнө, кругозорунун өнүгүүсүнө кам көрүү.











Сабактын типтери жана аларга мүнөздүү болгон структуралык өзгөчөлүктөр

Сабактын сапаттык өзгөчөлүгү анын максаты, мазмуну өткөрүүнүн методикасы, мектептин өзгөчөлүгү менен аныкталат. Ар кандай сабак билим, билгичтик, көндүмдөрдү өздөштүрүү процессинин баскычына ылайык, мугалим менен окуучунун ишмердүүлүгү аркылуу мүнөздөлүүчү курамдык
бөлүктөрдөн турат. Демек, сабактьн структурасы дегенде анын курамдык бөлүктөрүнүн (элементтеринин) белгилүү ырааты жана алардын өз ара байланышын түшүнсөк болот. Сабактын курамдык бөлүктөрү жөнөкөй да, өтө татаал да болушу мүмкүн.

Сабактын структурасы максатка, окуучулардын билим деңгээлине, сабактын өткөрүү ордуна, мугалимдин чыгармачылык менен иштешине ж. б. шарттарга көз каранды. Сабактардын классификациясына жараша белгилүү структурасы бар. Сабактын структурасы окуу материалынын мазмунуна, окуу шартына, окуучунун даярдыгына ж. б. факторлорго жараша өзгөрөт.

Негизинен алганда азыркы кездеги сабакка өздөштүрүү, синтездөө, кайталоо, бышыктоо, жаңы өздөштүрүлгөн билимди практикада колдонуу, жана аны көзөмөлдөө сыяктуу элементтер кирет.

Сабактардын курамдык бөлүктөрүнүн көп түрдүүлүгү анын көп түрдүү типтери болорун көрсөтөт.

Б. Есипов тарабынан сунуш кылынган, сабактарды конкреттүү максатына жана окутуу процессиндеги ордуна карай классификациялоо системасы орчундуу, негиздүү деп эсептелет.

Бул системага ылайык сабактар төмөнкүдөй типтерге бөлүштүрүлөт:

1. Жаңы билимдерди калыптандыруу сабагы.

2. Билимдерди бышыктоо жана билгичтик кендүмдөрдү калыптандыруу сабагы.

3. Билимдерди кайталоо, жалпылоо, системалаштыруу сабагы.

4. Билим, билгичтик жана көндүмдөрдү көзөмөлдөп, баалоо сабагы.

5. Аралаш сабак.

I. Жаңы билимдерди калыптандыруу сабагы.

Жаңы теманы баяндоого бүт сабактын дээрлик төрттөн үч бөлүгүнө жакын убакыты сарпталат. Мында окуучулар жаңы түшүнүктөрдү жана билимдерди алышат. Ал эми мугалим болсо алардын алган билимдерин түрдүү өз алдынча иштерди өткөрүү менен кеңейтүүгө, тереңдетүүгө жана түшүнүктөрдү туура калыптандырууга аракет кылышат.

Жаңы билимдерди өздөштүрүү сабагынын структурасы
төмөнкүдөй элементтерден турат:

-үй тапшырмасын текшерүү, таяныч билимдерди кайталап калыбына келтирүү;

- сабактын темасын, максатын, милдеттерин билдирүү;

- жаңы материалды кабылдап, баамдоо, обьектилердеги байланыштарды жана карым-катнаштарды байкап түшүнүү;

- билимдерди жалпылоо жана системалаштыруу;

- билимдерди бышыктоо;

- сабактын жыйынтыгын чыгаруу жана үйгө тапшырма берүү.



II. Билим, ык, машыгууларды бышыктоо сабагы.

Адатта мындай сабактар 1-2 саат мурда өтүлгөн сабактагы жаңы теманы бышыктоо максатында (өз алдынча иштерди жүргүзүү) өткөрүлөт.

Сабактын бул тибине -төмөнкүдөй этаптар мүнөздүү.

-окуучуларга аткарылуучу иштердин максатын маалымдоо.

-өтүлгөн материал боюнча кыскача фронталдык жана жекече суроо-жооп ишин жүргүзүү.

-практикалык билгичтик жана көндүмдөрдү өнүктүрүү жана калыптандырууга багытталган түрдүү көнүгүүлөрдү аткаруу.

-аткарылган тапшырмаларды текшерүү.

кетирилген каталардын үстүндө иштөө жана аларды коррекциялоо.

-сабакты жыйынтыктоо жана баалоо.

-үйгө тапшырма берүү.

III. Билимдерди кайталоо, жалпылоо жана системалаштыруу сабагы:

Кайталоо сабактардын зарыл структуралык элементи болуп эсептелет, Ансыз терең жана бекем билим алуу дегеле мүмкүн эмес. Бирок окуу процессинин логикасына ылайык бир бөлүмдү, теманын же курстун аягына чыккан соң, ошондой эле жыл башында да, өтүлгөн материалдарды кайталоо максатында бир же бир нече сабактарды катары менен өткөрүүгө туура келет. Билимдерди кайталоо, жалпылоо жана системалаштыруу сабактары мугалимден өтө кылдат даярдыкты талап кылат. Анткени, жумуштун өнүмдүү уюштурулушу үчүн оболу окуучуларды өз алдынча жана чыгармачыл ой жүгүртүү, программалык материалды жалпылоо, түйүндүү түшүнүктөрдү бөлүп көрсөтүү, үйрөнгөн нерселеринин башка билимдер, турмуш менен байланышын ачып көрсөтүү сыяктуу иш аракеттерге мажбурланган орундуу суроолор, тапшырмаларды даярдоо зарыл.

Бул сабактын структурасы төмөнкүдөй элементтерден турат:

- сабактын темасын, максат милдеттерин билдирүү, окуучуларды активдүү иш аракетке багыттоо.

- таяныч билимдерди эске түшүрүү жана коррекциялоо.

- түшүнүктөрдү кайталоо, жалпылоо жана системалаштыруу, билимдердин белгилүү системасын, түйүндүү идеяларды, теорияларды өздөштүрүү.

- сабакты жыйынтыктоо жана үйгө тапшырма берүү.



IV. Билим, билгичтик, көндүмдөрдү көзөмөлдөө жана баалоо сабагы:

Мугалим балдардын билимдерди өздөштүрүү динамикасын бардык эле сабактарда текшерет жана баалайт. Бирок бул максатты жүзөгө ашырууга тикеден-тике багытталган атайын сабактар да өткөрүлөт. Алардын катарына тил сабактары боюнча өткөрүлүүчү жазуу иштерин (диктант, изложение, сочинение), математика, физика, химия предметтерине тиешелүү практикалык көнүгүү жумуштарын кошууга болот. Адатта бул типтеги сабактар чөң бөлүмдү бүткөндө, чейректердин, жана окуу жылынын соңунда өткөрүлөт. Ал окуучулардын академиялык жетишкендиктерин аныктоо, өркүндөтүү багытында андан аркы иш чараларды белгилөө үчүн бөтөнчө маанилүү.

Бул сабактын курамы төмөндөгүлөрдөн турат:

- сабактын темасын, максат милдеттерин билдирүү,тапшырмаларды аткаруу, натыйжаларын кандайча жазып жасалгалоонун эрежелерин түшүндүрүү.

- билимдерди, билгичтиктерди, көндүмдөрдү ар түрдүү методдордун жардамы менен (фронталдык аңгеме, жекече сурамжылоо, жазуу жүзүндө суроо, өз алдынча практикалык тапшырмаларды аткартуу, тест өткөрүү)
текшерүү.

-аткарылган тапшырмаларды талдоо жана баалоо.



V. Аралаш (комбинациялык) сабак.

Бул сабактын структурасында көп кырдуу максаттар ошондой эле окуу ишинин көптөгөн түрлөрү өз ара байланышта тизмектешип келгендиктен ал аралаш (комбинацияланган) сабак деген атка ээ болгон. Ырасында эле бул сабак жаңы билимдер өтүлгөн сабактын материалдарын кайталоо, бекемдөө өздөштүргөн билимдерди текшерүү жана баалоо сыяктуу ж.б. кош кабат максаттарды чечүүнү көзөмөл тутат. Анын дээрлик бардык окуу предметтерин окутууда өтө эле көп колдонулушу да мына ушул себептерге байланыштуу.



Аралаш сабактын структурасында окуу ишинин төмөнкүдөй түрлөрү көбүрөөк орун алган:

- сабакты уюштуруу.

- сабактын максатын коюу, үйгө берилген тапшырманы текшерүү.

- окуучуларды жаңы материалдарды кабыл алууга даярдоо, билимди актуалдаштыруу, практикалык жана акыл эмгегин уюштуруу.

- жаңы окуу материалдарды үйрөтүү, өтүлгөн тема менен байланыштыруу.

- билимди жалпылоо, системалаштыруу.

-жыйынтыктоо, үйгө тапшырма берүү.





Сабактын этаптарына коюлуучу талаптар

1. Уюштуруу

Уюштуруу этабына 1-2 минут бөлүү керектиги сунушталат. Бул учурда окуучуларды жоктоо (дежурдун же старостанын билдирүүсү), класс кабинетинин абалын көздөн өткөрүү, окуучулардын көңүлүн бир жерге топтоп, активдүү үйрөнүүгө даярдоо сыяктуу жумуштар аткарылышы туура болот.

2. Үй тапшырмасын текшерүү

Үй тапшырмасын текшерүү -маңыз мааниси боюнча сабактын эң биринчи зарыл звеносу болуп эсептелет. Мурдагы учурларда үй тапшырмасы такай сурамжылоо аркылуу текшерилчү. Бир окуучу доскага чыгып айтып берсе, калгандары угуп, анча мынча толуктап гана турушчу. Мугалим доска алдындагы окуучунун жообун укчу, суроо берчү, сурамжылоо, «суракка» айланып кеткен учурлар да болбой койгон эмес. Мындай кырдаалда көпчүлүк окуучулар эч кандай иш аракетсиз эле олтура беришкен. Азыр сабактын бул бөлүгү «сурамжылоо» эмес, «үй тапшырмасын текшерүү» же «үй тапшырмаларынын үстүнөн иштөө»-деп аталат. Минтип аталыштын өзү үйдө аткарылган тапшырманы түрдүү ыкмалар менен текшерүүгө болоорун айгинелейт.

Негизинен үй тапшырмасын текшерүү өтүлгөн материалдын канчалык деңгээлде терең жана бекем өздөштүрүлгөнүн билүү, окуучулардын сабактан тышкаркы үйдөгү системалуу иш аракетин көзөмөлдөө, жаңы билимдерди
өздөштүрүүгө даярдоо сыяктуу милдеттерди аркалайт. Ушундан улам,эгерде ал татаал келип, балдар өздөштүрө албай каталарды кетиришсе аларды түзөтүү боюнча атайын иш алып баруу зарыл.

Үй тапшырмасын текшерүүдө алдыңкы мугалимдер кандай ыкмаларды колдонушат? Алардын тажрыйбасынан келип чыккан сунуштардын айрымдары булар: эгерде окуучулар үй тапшырмасын ар кандай булактар боюнча даярдашса, анда аны жеке жана фронталдык суроо жолу менен жүргүзсөк болот.

Ал эми тапшырма жазуу жана оозеки жумуштардан турса, айрым окуучуларды доскада аткартып, ал учурда окуучулардын калган бөлүгү менен иштөөгө болот. Аягында доскада жана партада олтурган окуучулардын кыскача жооптору угулат так аткарылышы, чечилиши гана текшерилет. Жазуу жүзүндөгү тапшырмаларды текшерүүдө алардын бардык пункттарын эмес борбордук түйүнүн түзгөн түшүнүктөрдү, эрежелерди алгоритмдерди гана териштирүү зарыл.

Тажрыйбалуу мугалимдер балдардын билимдерди канчалык өздөштүргөнүн, үй тапшырмасына окшош башка варианттагы тапшырмаларды аткартуу аркылуу да текшеришет. Тапшырманы текшерүүнү өз ара жана өзүн өзү текшерүү ыкмалары аркылуу да жүргүзүүгө болот. Мында, бир партада олтурган окуучулар дептерлерин алмаштырып, өзүнүн аткарган тапшырмасын башка окуучулардыкы менен салыштырышат. Кетирилген каталар айкындалып, түзөтүлөт. Өзүн өзү текшерүүнү жоопторду таблицаларга, даяр үлгүлөргө салыштыруу аркылуу да жүргүзүүгө болот.

3. Жаңы билимдерди өздөштүрүү

Сабактын бул этабы, эреже катары жаңы окуу матералы менен балдардын билим тажрыйбаларынын ортосунда байланыш түзүүдөн башталат. Демек, мурдагы алган билимдерди жаңы окуу материалын өздөштүрүүнүн өбөлгөсү- таянычы катары колдонуу өтө маанилүү. Окуучулар жаңы теманын мурдагы окуу материалдары менен байланышын даана баамдашкан соң аларды сабактын максаты, жаңы окуу материалдардын түйүндүү маселелери, аларды өздөштүрүүнүн ирети, ыктары менен тааныштыруу керек. Андан ары тикеден-тике жаңы материалдарды өздөштүрүү иши уюштурулат. Ал окуу материалын биринчи ирет кабыл алуу жана түшүнүү ошондой эле андан ары аң сезимдүү, терең талдап, таанып билүү, аларды системалаштыруу, сыяктуу жумуштардан турат.Башкача айтканда, жаңы окуу материалын өздөштүрүү мурдагы бөлүмдөрдө белгиленгендей кабыл алуу, түшүнүу, жалпылоо, системалаштыруу сыяктуу иш аракеттерди талап кылат.

4. Өздөштүрүлгөн билимдерди практикада колдонуу аркылуу окуучулардын билгичтик көндүмдөргө ээ болуусу.

Бул аралаш сабактын эң маанилүү этабы. Анткени жогорку темаларда белгиленип келгендей билимдин негизинде бир нерсе аткара билүүгө үйрөтүү көнүктүрүү окутуунун бирден бир милдети. Ал эми ушул милдеттерди аркалаган жазуу, практикалык чыгармачылык мүнөздөгү көнүгүүлөр кандайча уюштурулат? Эң обол белгилей кетчү нерсе окуучулар теориялык билимдерди терең түшүнгөнгө чейин көнүгүү аткаруу ишин уюштуруу, алгылыктуу натыйжа бербейт. Окуучулар кандайдыр бир нерсени билген билимдерине таянып гана жасай алышат.

Көнүгүүлөрдү уюштуруу төмөнкүдөй этаптардан турат:

- мугалим тарабынан көнүгүү аткаруунун үлгүсүнүн көрсөтүлүшү.

- окуучунун кайталап аткарышы.

- билгичтик, көндүмдөрдү калыптандыруу багытындагы андан аркы көнүгүүлөр.

5. Жаңы билимдерди бышыктоо

Окуучулардын окуп үйрөнгөн билимдеринин бекем болушу, белгилүү өлчөмдө аны бышыктоону туура уюштурууга байланыштуу. Эң башкысы, бышыктоо өтүлгөн материалды өзүндөй кылып кайра айтып берүү эмес, анын маани-маңызын, себеп натыйжа байланыштарын териштирип, эсинде бекем сактап калууга багытталганы туура болот.

Окумуштуу педагогдор И.Бекбоев жана А.И. Тимофеевдер «Сабактын оптималдуу вариантын даярдап өткөрүүнүн методикасы» аттуу эмгегинде өрнөктүү илимий көз караштарга жана алдыңкы тажрыйбаларга таянуу менен жаңы билимдерди бышыктоонун төмөнкүдөй жолдорун белгилешкен.

- жаңы өтүлгөн теманын бардык маселелери боюнча аңгеме өткөрүү жана теманын түйүндүү маселелеринин тегерегинде аңгемелешүү.

- окуу китебиндеги, ошондой эле мугалим сунуш кылган суроолорго жооп табуу үчүн китептин текстин кайрадан окуп чыгуу.

- жаңы материалдын текстине карата суроолордун варианттарын даярдоо.

- жаңы окуу материалынын корутундуларын жоболорун өздөрү тапкан конкреттүү мисалдардын негизинде чечмелей билүүгө багыт берүү.

- окуу материалын сүрөттөргө, таблица схемаларга салыштырып, талдап, башкы түшүнүктөрдү бөлүп көрсөтүү аркылуу бышыктоо ж.б.

6. Үйгө тапшырма берүү

Сабакта жаңы окуу материалы канчалык жакшы өздөштүрүлбөсүн ал бара-бара унутула баштайт. Ошондуктан ал класстык сабак системасы пайда болгон күндөн эле анын ажырагыс компоненти катары сакталып келет.

Окуучуларга көбүнесе төмөнкүдөй мүнөздөгү тапшырмалар берилет:

- окуу китептеги материалды үйрөнүү, конспектилөө

- жазуу жана практикалык мүнөздөгү ар кыл тапшырмаларды аткаруу

- сочинение жазуу же башка чыгармачылык иштер

- түрдүү схемаларды, диаграммаларды даярдоо

- табият-кубулуштарына байкоо жүргүзүү, гербарийлерди топтоо

- физика жана химия сабактары боюнча түрдүү тажрыйбаларды жүргүзүү

- окуу китептерден башка булактардан (газета, журнал, илимий-популярдуу адабияттар, сөздүк, энциклопедиялар, радио теле берүү, интернет) кошумча
маалыматтарды табуу.

Үйгө берилген тапшырма окуучулардын сабакта өздөштүргөн билимин тереңдетип, бекемдеши үчүн мугалим төмөнкудөй иш аракеттерди жасашы зарыл:

- сабакта жады окуу материалынын үстүнөн иштеп жатып үй тапшырмасына тике тиешеси бар айрым маселелерди атайылап белгилеп өтүү;

- үйгө тапшырма берүүдө балдардын курактык жана таанымдык тажрыйбаларын кылдат эске алуу, тапшырмалардын реалдуу мүмкүнчүлүктөрүнөн ашып түшпөшү керек.

Үй тапшырмасын берүүдө окуучулардын курактык-физиологиялык мүмкүнчүлүктөрүн да эске алуу абзел. Эреже боюнча 1-класста 1 саатка, 2-класста 1,5 саатка, 3-4-класста 2 саат, 5-6-класста 2,5 саат, 7-класста 3 саат, 8-11-класста 4 саатка эсептелет.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!