СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сабагына жетише албаган окуучулар менен иштөө. Жетишпөөнүн себептери.

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сабагына жетише албаган окуучулар менен кандай иштѳѳ керектиги жѳнүндѳ маалымат алышат. Ошону менен бирге жетише албаган окуучуларга кандай мамиле жасап, кандай план түзүү керектигин билишет

Просмотр содержимого документа
«Сабагына жетише албаган окуучулар менен иштөө. Жетишпөөнүн себептери.»

Сабагына жетише албаган окуучулар менен иштөө. Жетишпөөнүн себептери.

Америкалык айрым психологдор балдарды келгин куштардын күзүндө жылуу(чыгыш) жакка учуусу менен салыштырышкан. Алардын ортосунда көбүрөөк топтошуп, алдыңкы жана арткы катарда сейрек учушат.

Алдыңкылары- жетишкендери, артка калгандары – жетише албагандары.

Жетише албаган окуучунун кандай себеби бар жана алар менен кандай иштерди уюштуруу керек?

Жетише албаган окуучу деген эмне?

Жетише албаган окуучу–бул берилген окуу программасын канаттандыраарлык деңгээлде өздөштүрө албаган мектеп окуучусу.

Жетише албаган окуучулар кайдан келип чыгат?

Жетише албаган окуучулар-бул мектеп көйгөйүнүндөгү педагогдордун “баш оорутмасы”. Бул көйгөй азыркы учурда эле пайда болду деп айтууга болбойт, муну чечүү үчүн мурунтадан бери эле көптөгөн педагог– психологдор иштеп келе жатат.

Бул көйгөйдү чечүүдө конкреттүү психологиялык багыт берүү эки жол менен чечилет.

Биринчи жолу окуучуну кийинки жылга ордуна калтыруу, жеңилдетилген программа менен талап кылуу. Көйгөйдү чечүүнүн бул варианты көп өлкөлөрдө колдонулуп келе жатат.

Класстарда окуучулардын санын кыскартуу, аз сандагы окуучулар менен жекече иштөөгө чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Психологиялык жактан өнүгүүсү начар балдар үчүн атайын мектептер ачылган жана алар үчүн атайын жеңилдетилген программалар каралган.

Турмуштагы бардык көйгөйлөр тарбия менен байланышта боло турганын көрсөтүүдө.

Медиктердин, психологдордун чечимине карабай-“Менин балам эң кыйын”-деп, атайы мектепке жибербей коюшунун себебинен да окуучулардын жетишпөөчүлүгү келип чыгууда.

Бул багыт боюнча кесиптештер эмнени сунуштайт?

Ордуна, кийинки жылга калтырууда экономикалык, психологиялык жана педагогикалык жактан да эч кандай пайда алып келбесин тажрыйба көрсөткөн. Көпчүлүк учурда балага эч кандай пайда келбейт, ал окууга болгон кызыгуусун жоготот жана мектепке келбей да коёт.

Жетише албагандыкты жоюу үчүн анын себебин билүү керек. Окуучунун окууга көңүлү жокпу, же акыл–эси толук жетиле элекпи.

Жетишпе албаган окуучунун да көптөгөн себептери болушу мүмкүн.

Белгилүү психологдор Ю.К.Бабанский жана В.С.Цетлин бул себептерди эки топко бөлүшкөн: сырткы жана ички.

Сырткы себептери кайсылар?

  1. Биринчи кезекте социалдык, б.а. коомдогу билимдин баалуулугунун төмөндүгү, билим берүү системасынын стабилдүү эместиги. Социалдык абалды жакшыртуу менен жетишпегендик боюнча мектепте ар тараптуу иш алып баруу. Тилекке каршы мындай көйгөйлөрдү ордунан чечүүгө болбой калат.

  2. Сырткы себептерине окуу процессин уюштуруу, жекече мамиленин жоктугу, өтө көп тапшырмалардын берилиши, кызыксыз сабактар ж.б.у.с.

  3. Айланасындагылардын, үй-бүлөсүнүн ж.б. тескери таасири

Жетише албаган окуучулардын ички себеби кайсы?

  1. Бүгүнкү күндө эң негизги себептеринин бири болуп мектеп окуучуларынын ден – соолугунун начардыгы, жашоо тиричилигинин кескин начарлашы. Медициналык мекемелердин айтымына караганда ар бир төртүнчү төрөлгөн баланын ден -соолугунда көйгөйү бар.

  2. Ички себебине дагы интеллекттин төмөндүгү, жаңы окуу куралдарынын көпчүлүк окуучуларга жеткиликтүү болушу зарыл.

  3. Окуучунун мотивациясынын жоктугу, ал коомдун маанисин түшүнбөйт жана ийгиликтүү окууга умтулбайт.

  4. Окуучулардын эркинин боштугу. Тилекке каршы акыркы себепке көп көңүл бурулбайт. К. Д. Ушинский бул тууралуу мындай деген - ”Окуу- кызыгууга гана негизделет жана окуучунун эркин бекемдейт.”

Ошентип мектеп окуучуларынын жетише албаган окуучулардын себептери толуп жатат.

Бардык жетише албаган окуучулар мугалимдердин көзүнө бирдей эле көрүнөт. Мына ушундан көптөгөн көйгөй келип чыгат: жекече мамиле менен иштөөнүн жоктугу, окуучулар менен иштөөдө рационалдуу эмес ыкмалаларды колдонуу.

Психолог Н. И. Мурачковдун айтымында жетишпеген окуучуларды топторго бөлүү керек. Топторго бөлүүдө автор эки көрсөткүчкө көңүл буруу керек: ой–жүгүртүүнүн өзгөчөлүгү жана баланын өздүк сабакка болгон мамилеси. Ар кандай көрсөткүчтөр төмөнкүдөй жыйынтыкка алып келет.

Жетише албаган окуучулардын топторуна:

1. Ой жүгүртүүсүнүн, таанып билүүсүнүн начар өнүгүшү

2. Ой жүгүртүүсү жогору, бирок жалкоо

3. Ой жүгүртүүсү начар жана жалкоо

Бул топторго биздин көз караш чоң практикалык мааниге ээ. Чыныгы себебин билсек ар топтогу окуучуларга дифференцирленген жардам бере алабыз.

Кимге кандай жардам берүү керек?

Эң кеңири тараган жетише албагандыкты жоюу бул–кандай себеп менен жетишпей жаткандыгына карабастан сабактан тышкаркы убакта кошумча сабак өтүү. Мугалим биринчи жана экинчи топтогу окуучуларды сабактан кийин алып калып окутуусу чанда деле эмес. Теманы, тапшырманы берип “Отуруп, окугула!” –деп коюшат, бул учурда окуучуларга ар тараптуу жардам керек.

Экинчи топтогулар кандайдыр бир даражада акталган, үйүнөн сабакка даярданбайт. Биринчи топтогу балдар экинчи топко кандайча түшүп калды? Алар дайыма сабакка даяр жана абдан аракетчил болушат.

Мында келтирилген мисалда жетише албаган окуучу ар бир топко сабакта да, сабактан тышкаркы окууда да, ылайык келе турган анык форманы жана жардам берүү ыкмасын тандоосу зарыл. Биринчи топтогу жетишпегендер(ой жүгүртүүсү начар, бирок, окуганга калоосу бар) буларга атайы уюштурулган сабактар өтүлүшү абзел, негизгиси окуганды үйрөтүш керек, ата-энелерин мектепке чакыруу эч кандай деле пайда бербейт. Алар ансыз деле азап чегүүнүн ичинде да, тескерисинче алар менен чогуу кубанып, кичине болсо да, алдыдага жеңиштерге жетүүгө аракет жасоо керек.

Экинчи топтогу жетишүүсү начар окуучулардын ички өздүк позициясы- окууга калоосу жок. Мектепке эч калбай келе беришет, бирок сабакка активдүү катышуудан баш тартышат, мугалимдин тапшырмаларына кайдыгер карашат.

Жетише албаган окуучулардын эң татаал тобу үчүнчү топ, мындай окуучулар көбөйгөндөн көбөйүүдө. Мында позитивдүү психологиянын жардамы керек. Ар бир баланын күчтүү жагы, оң сапаттары бар. Мугалим баланын эмнеге жөндөмдүү экенин табуусу керек.

Мектепте жетише албагандыктын эрте жана кечи болот. Эртесине эң башында эле, башкача айтканда 1-класста окуй баштаганда эле байкалат. Окуудан арта калуунун ар кандай себептери болушу мүмкүн. Алар:

  1. Балдардын мектепке чейин жетишээрлик билиминин жоктугу;

  2. Психологиялык жактан окууга даяр эместиги 80% түзөт;

  3. Аң – сезими начар өнүккөн балдар;

  4. Мугалимдин айтканын укпайт жана доскада жазылгандарды көрбөйт;

  5. Ой жүгүртүүсү начар өнүккөн окуучулар(мындай балдар үлгү менен да иштей алышпайт).

Айрым учурда кеч жетише албаганды эске алуу зарыл. Аны ортоңку класстарда байкоого болот.

Психологдор айткандай башталгыч класстан ортоңку класска өтүүдө билим сапаты 30% ке төмөндөйт. Бул мезгилде окуу программасы татаалдана баштайт да, окуу кыйыныраак болот.

Кээ бир окуучулар мурун канаатандыраарлык жана жакшы окушса, мында жетишүү деңгээли кескин төмөндөйт.

Бул, биринчиден–мектепке даярдыгы жогору балдар өзүлөрүнүн классташтарынан эң жакшыларынан болгон. Аларды окутуу жеңил болгондуктан эч кандай кыйынчылыксыз эле жогорку баага жетишкен. Ортоңку звенодо талап башкача болгондуктан, алардын каалоосу мурунку башталгыч класстагыдай эле деңгээлде болот. Баланын окууга болгон кызыгуусу начарлайт.

Экинчиден-башталгыч класстан ортоңку класска өтүүдө өзүлөрүнүн курбулары менен болгон мамилеси өзгөргөндүктөн, мурунку орто окуган бала жетишпей баштайт.

Үчүнчүдөн-көпчүлүк учурда окуучулар көп убактысын башка жумуштар менен алек болуп, өтө кызыккандан жетише албай калат.

Жыйынтыктап айтканда эгер окуучу сабагынан жетишпей жатса баарынан мурда анын себебин сөзсүз түрдө аныкташ керек.

Жетише албаган окуучулар менен иш алып баруу:

Турмуш көрсѳткөндөй жетишкендиктерди жетишпегендик коштоп келген жана мындан ары да коштоп келе берет.

Төмөндө жетишпөөчүлүктү жоюунун заманбап дидактикасын карап көрөлү.

  1. Педагогикалык профилактика-жаңы педагогикалык технологияны, активдүү ыкмаларды колдонууну издөө.

  2. Педагогикалык диагностика-системалык контролдоо жана окуунун жыйынтыгы.



  1. Педагогикалык терапия – окуудагы арта калууну ченөө. Кошумча сабактарды өтүү. Буларды атайын даярдалган мугалимдер өтүшөт, сабакка сөзсүз түрдө катышуу керек.

  2. Тарбиянын таасири. Начар тарбиянын мааниси да сабакка өз терс таасирин тийгизет. Булар менен жекече пландалган тарбиялык иштерди ата-энеси менен чогуу жүргүзүү керек.

Жогоруда педагогикалык профилактика, педагогикалык терапия, сабактан жетишпеген окуучуларга кандай жардам көрсөтүү керек экендиги жөнүндө сөз болду.



Жетише албаган окуучулар менен иштөөнүн пландары

Сабакта жетише албаган окуучулардын проблемалары баарыбызды тынчсыздандырат: чоңдорду да, балдарды да. Туура, жер шаарында мен жаман окуганды жакшы көрөм, же мага жаман окуган жагат деген бир да бала жок экенин билебиз. Эгер бала “эки” деген баа алса, анда анын биринчиден окууга болгон кызыгуусу жоголуп, анан ал сабакты көп калтыра баштайт, ар кандай себептер менен, убакыт өткөн соң ал окуучу, тартиби, билими, жүрүм-туруму начар окуучу деп атала баштайт. Алгач класста, анан мектепте, ал окуучу өзүн кемсинтпей, кабыл ала турган чөйрөнү издей баштайт. Ошентип, алар көчө компанияларына көздөй багыт алат. Хулигандардын, наркомандардын армиясын толукташат.

Жетише албаган окуучу деген эмне? Жетише албаган окуучу–бул сабактардан жетишпей, системалык билим алуунун программаларын өздөштүрбөй, өзүнө толгон-токой проблемаларды үйүп алган окуучу.

Жетише албагандыктын каражаттарын табуу үчүн, эң биринчи эмне себеп болду? – деген суроого жооп табуу керек. Бул окуучуда ойлонуу деңгээли өтө төмөн болушу мүмкүн, окууга кызыгуусунун жоктугу, жаш курагынын өзгөчөлүгү ж.б. Буларга башкача айтканда мектептеги жетише албаган окуучуларга квалификациялуу жардам берүү зарыл.

Мектеп сабактарын жакшы өздөштүрө албагандыгы окуучунун окууга болгон кызыгуусуунун азаюуусу, журуш-турушунун бузулушу жана кээ бир учурда криминалдык жүрүмүнүн байкалышы. Алардын ичинен эң биринчи орунда бул окуучунун жазуу жана окуусу бузулуу. Ар турдуу психикалык бузулуулар жазууну үйрөнүүгө терс таасирин тийгизет. Туруктуу жазуу бузулуулары кадимки интеллекти жакшы , сүйлөй алган, көрүү жана угуу функциясы иштеген балдарда болушу мумкун. Мындай нерселер айкын көрүнбөсө да, жазуу жана окууда кыйынчылык жаратышы мүмкүн. Көпчүлүк мугалимдер жана ата-энелер мындай жаратылыш кубулуштар жөнүндө толук кандуу маалыматы жоктугунан көйгөй келип чыгат. Дисграфия жана дислексия жөнүндо маалыматы жок болуп, балдарына убагында жардам көрсөтө албай калышат. Балдары болсо өмүр бою начар сабаттуу болуп калуу коркунучунда турат. Дисграфия менен дислексия деген эмне? Жана анын себептери эмнеде?

Дисграфия-бул жазуунун бузулуусу, бир сөздү кайра-кайра ката жазуу кирет. Азыркы күндө көп ката жазган балдар кезигет. Мындай бузулуу дисграфия менен байланыштуу. Бирок окумуштуулар дагы деле бир жыйынтыкка келе элек.

Дислексия – бул окуунун бузулушу, тамгаларды алмаштырып окуу кирет.

Мындай кубулуштардын себеби эмнеде?

Башталгыч класстагы биринчи мугалим – окуучуга жана ата-энеге биринчи жардамчы болуп саналат. Зарылчылыгы бар болсо мугалим окуучуга логопедке, невропатологко барууну сунуштаса болот. Кээ бир кырдаалдарда мугалим өзү окуучуга жардам берсе болот. Эрте , өз убагында диагностика кылуу – дартты айыктырууда көп жакшы мүмкүнчүлүктөрдү берет. Чет өлкөлүк авторлордун маалыматына караганда дислексияны аныктаганда 1-2 класста окуу 82% га, 3 класста 48%га, 4 класста 47%га, 5-7 класста 10-13%га нормага жеткирүүгө болот.

Андыктан биз балдарыбызга жакшы көнүл буруп, аларга жардам берүүбуз керек.

Окуганга жардам көрсөтүүнүн түрлөрү:

- Сурагандын темпин жайлатуу, доскада даярданууга көбүрөөк убакыт берүү

- Көрсөтмө куралдарды пайдаланууга уруксат берүү менен алган билимин бышыктап билүүгө көмөктөшүү

- Жетишпеген окуучуларга кызыктыруучу суроолор менен окуу материалдарын тереңирээк түшүнүүгө жардамдашуу

- Жетишпегендиктин алдын алуу чаралары

Жетише албагандыктын профилактикасы .

Окуучулардын даярдыгына көз салуу

Тема боюнча суроолорго туура даярдануусуна абдан көңүл бөлүп, ката, туура эмес айтылган жерлерин, терминдердин туура айтылышына, эрежелерди так билдирүүлөрүнө дыкат көңүл бөлүп, каталарды жеринде оңдоого аракет кылынышы.

Жаңы материалга баяндама

Бериле турган материалды сабак учурда окуучулар кандай кабыл алышарына байкоо жүргүзүү керек. Окуу материалдары боюнча окуучулар түшүнө албай жаткан суроолорго түшүндүрүү керек. Кандайдыр бир ыкма менен окуучуларды кызыктырууга мугалим аракеттенип, билимди туура, тереңирээк кабыл алдырууга милдеттүү.

Сабакта окуучулардын өз алдынча иштөөсү

Окуу материалдарын татаалыраак, кыйын болгон бөлүмдөрүнөн так тапшырмалар боюнча өз алдынча иштөө иштерин топтоо керек. Азыраак көнүгүү, суроолор болсо да, эффективдүүрөөк үйрөнүүгө шарт түзүү. Өздүк иштердин жүрүшүн сөзсүз түшүндүрүү керек. Окучууга түшүнбөй жаткан жерлерине жардам берүүгө болот. Ошентип баланы өз алдынчалыкка акырындык менен үйрөтүп, ойлонуусун, сүйлө речин өстүрүү, эске тутуусун, кабыл алуусун күчөтүү менен чоң жетишкендиктерге жетишсе болот.

Класстан тышкаркы өз алдынча ишти уюштуруу.

Программаны өздөштүрүүдө ар бир үйгө берилген тапшырмалардын каталары өз алдынча да текшерүүгө систематикалык түрдө көндүрүү. Үй тапшырманы кантип аткаруу керек экендигин так түшүндүрүп, аны окуучу түшүндүбү, ошону текшерүү керек. Башка предметтен берген мугалимдер менен сүйлөшүп, жетишпеген окуучуларга үй тапшырмалары кыйын, көп болбошуна да, байкоо жүргүзүү зарыл.





Жетише албаган окуучулар менен иштөөнүн планы.

1. Былтыркы окуу материалдарындагы айрым бөлүмдөр боюнча срез. текшерүү иштер алынышы керек.

Максаты: Учурдагы баланын билим деңгээлин аныктоо; бөлүмдөр боюнча билиминин жетишсиздигин чыгарып, ошол боюнча тезинен иштөө.

2. Ата-энелер менен жолугушуунун натыйжасында жетишпегендиктин себептерин тастыктап, окуучу менен психолог, доктур менен баарлашуусуна көмөктөшүү.

3. Айрым бөлүмдөр боюнча жеишпей калган окуучулар менен иштөөнүн жекече иш планын түзүү.

4. Жыл бою жетишпеген окуучуларга дифференцирленген багытта, өз алдынча тапшырмаларды берип, сурап, кызыктыруу менен сабактарга кызыгуусун арттыруу.



Жетише албаган окуучулар менен жекече иштөөнүн планы.

1. Педагогикалык жана психологиялык мүнөздөмө.

2. Окуу китеби боюнча окуучунун жетишпей калган темалары жана бөлүмдөрү.

3. Иштердин формалары жана ыкмалары.

4. Кошумча сабактардын өтүлүүсүнүн жүгүртмөсү (число, айы, кайсы тема боюнча).

5. Баалары.

6. Ата-энелери менен байланышы.

7. Класс жетекчиси жана коомдук бирикмелер боюнча байланышуу.

Жетише албаган окуучулар менен иштөөнүн мугалимдер үчүн эскертме.

Качан гана мугалим жетишпеген окуучулар менен иштедим деп айта алат:

1. Эгер мугалимдин жетишпеген окуучулар менен иштөөчү жекече планы болсо;

2. Окуучунун ата-энеси менен(чейрек ичинде) 2-3 жолу жолугуп, баланын проблемаларын бөлүшсө;

3. Эгер окуучу жекече тапшырмаларды мугалим тарабынан алса;

4. Жардам жана консультацияларды берсе;

5. Арт жагында отурган балдарды, жакшы окуган балдар менен орун алмаштырып отургузуу;

6. Бардык жазуу иштери өз убагында текшерилсе;

7. Сабакты, тапшырманы кантип окуунун жолдорун үйрөткөн болсо;

8. I чейректе 5-6 жолу предметтен суралган болсо:



Окуучулар менен жекече иштөөнүн бирдиктүү талаптары.

1. Мектепте колдонулган материалдар аркылуу өз убагында жана сабаттуу билим алуу менен өз билим деңгээлин текшерүү.

2. Ар бир тема боюнча окуучу кандайдыр бир билимге жана көндүмдөргө ээ болуусу абзел;

3. Ар бир окуучунун ар түрдүү иштеринде кетирилген каталарынын классификациясы;

4. Өтүлгөн темаларды систематикалуу түрдө, өтө кунт коюу менен кайталоо керек;

5. Окуучуларга өз убагында жекече тапшырмалар берилиши керек;

6. Жекече тапшырмаларды эсепке алуу менен өз убагында баалануусу;

7. Жетишпеген окуучуларга сабак убагынан тышкары кошумча сабак өтүү;

8. Окуучулардын арасында бири-бирине жардам берүү байланышын түзүү:



Сабактан жетише албаган окуучулардын себептери.

А. Биринчиден:

1. Окуу-тарбия иштеринин, мектеп менен үй-бүлөнүн ортосундагы байланыштардын жоктугу;

2. Мектептен сырткары ар кандай шарттар;

3. Мектеп окуучусунун анатомия-физиологиялык жетилүүсүндөгү бузулуулар:

Б. Экинчиден:

1. Окучуунун билим алып, көндүмдөргө ээ болуусунда шартка байланыштуу эң чоң проблемалар (жетишпегендик);

2. Ар кандай үйрөнүү процесстеринин начар иштеши;

3. Эмгек, окуу иштеринин начар уюштурулушу;

4. Тарбия – тартипти күчөтү;

5. Билим алууга терс көз карашта болуусу:



Жетише албаган окуучулардын себептерин изилдөө ыкмалары.

Ар бир мугалимге керек болуучу бир канча ыкмалар сунушталат:

1. Максаттуу багытталган байкоо;

2. Белгилүү программа боюнча окуучулар, ата-энелер, класс активисттери менен баарлашуу;

3. Оозеки жана жазуу иштерине анализ жүргүзүү;

4. Диагностикалык жана дил баяндарды жаздыруу;

5. Мектеп документтери менен таанышуу (журнал, күндөлүк, мед.баракчасы).



8



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!