СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Разработка урока кыргызского языка на тему "Кыргыз тилинин эрежелери. Орфография"

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Разработка урока кыргызского языка на тему "Кыргыз тилинин эрежелери. Орфография"»

Кыргыз тили сабагынан “Кыргыз тилинин жазуу эрежелери. Орфография” темасы боюнча Кахаров М.А тарабынан даярдалган сабактын иштелмеси.

Сабак: Кыргыз тили

Класс: 10 -“Б”

декабрь 201 жыл.



Сабактын планы


Бекитемин

Окуу бөлүмүнүн башчысы:

______________________

_______._________2019ж.


Сабактын темасы: “Кыргыз тилинин жазуу эрежелери. Орфография”

Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк:

Өнүктүрүүчүлүк:

Тарбия берүүчүлүк:

Окуучулар кыргыз тилинин жазуу эрежелери жөнүндө билишет. Орфография сөзүнүн маанисин билишет.


Окуучулар кыргыз тилинде так, туура сүйлөөну, жазууну билишет жана көнүгүүлөрдү аткарышат


  • Окуучулар мамлекеттик тилди сүйүүгө, достукка, бири-бирин сыйлоого тарбияланат

Көрсөткүчтөр- күтүлүүчүүчү натыйжалар: жогоруда айтылгандар максатка жетти дейбиз, эгерде...

Окуучулар кыргыз тилинин жазуу эрежелери жөнүндө билишсе. Орфография сөзүнүн маанисин билишсе


Окуучулар кыргыз тилинде так, туура сүйлөөну, жазууну билип, көнүгүүлөрдү туура аткарышса


  • Окуучулар мамлекеттик тилди сүйүүгө үйрөнсө, достукка, бири-бирин сыйлоого тарбияланса

Сабактын тиби:

Сабактын түрү:

Сабактын методу:

Аралаш сабак

Интерактив метод.

Көнүгүү методдору.

Сабактын жабдылышы: Кыргыз тили боюнча таблицалар, кыргыз тилинин жазуу эрежелери, сүрөттөр, ватман, маркерлер.


Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу: Окуучулардын сабакка катышуусу жана сабакка даярдануусу аныкталат. Класс группаларга бөлүнөт жана группаларга ат коюлат.

  1. Сабактын максаты жана андан күтүлүүчү натыйжалар айтылат.


  1. Өтүлгөн бөлүм боюнча окуучулардын өздөштүргөн билимдери суроо-жооп методу боюнча суралат жана формативдүү (оозеки баалоо) методу менен баа берилет.




Окуучулардын билим жана билгичтигин текшерүү:

1-тапшырма: Ар бир группа конверттеги төмөнкү суроолордон экиден алышат жана жооп беришет.

    1. Кыргыз тилинин фонетика бөлүмүндө эмнелер үрөлүнөт?

    2. Алфавит дегенде эмнени түшүнөсүңөр?

    3. Үндүү тыбыштар кайсылар?

    4. Үндсүз тыбыштар кайсылар?

    5. Кыргыз тилинде кандай үндөштүк мыйзамы бар?

    6. Эки сөздүн аралыгында үндүүлөр кандай айтылат жана жазылат?

суроолоруна жооп алынат.

Жаңы темага өтүү үчүн табышмактар айтылып жаңы теманын аты табылат.


Табышмактардын жоопторунун биринчи тыбыштарынан кайсы сөз келип чыкты. Орфография. Демек биздин бүгүнкү темабыз орфография экен.


Жаңы теманы окуп-үйрөнүү:

Окуучуларга мугалим тарабынан жаңы тема боюнча төмөнкү маалыматтар берилет

Кыргыз орфографиясынын атайын иштелип чыккан эрежелеринин системасында ар бир сөздүн адабий тилде туура жазылышы сунушталган.

Адабий тилдин жазууда колдонула турган бирдиктүү нормаларын туура сактап, сөздөрдү бир түрдүү жазуу эрежелерин орфография үйрөтөт.

Кыргыз орфографиясынын негизги эрежелерин төмөнкүлөр түзөт.

-Сөздөрдүн унгу жана сөз мүчөлөрүн жазуу эрежелери

-Сөздөрдү бирге жана бөлөк жазуу эрежелери

-Сөздөрдү баш тамга менен жазуу

-Сөздөрдү ташымалдап жазуу

Сөздөрдүн уңгу жана сөз мүчөлөрүн жазуу эрежелери

Кыргыз тилиндеги уңгу сөздөрдүн жана ага жалганган мүчөлөрдүн жазылышы морфологиялык жана фонетикалык принципке баш иет. Демек, кыргыз тилиндеги сөздүн уңгусу морфологиялык, ал эми ага улануучу мүчөлөр фонетикалык принципке негизделип жазылат.

Мисалы,

  • мен+га = мага

  • бала+лар =балдар

  • эки+оо = экөө

Кыргыз тилиндеги уңгу сөздөр төмөндөгүдөй жазылат.

  • Өз алдынча турган уңгу сөздөр айтылышы, же угулушу боюнча фонетикалык принцип боюнча жазылат ата, бала, кел, жаз, бар, оку, беш, алты, кызыл, сары, ак, мен, сен, ал, менен, жана,эмне,качан, кайда.

  • Айрым тыбыштарды орун алмашылып айтылган уңгу сөздөрдүн эки түрүнө жазууда жол берилет:айыр – айры, кайры – кайыр, күнөм – күмөн, убакыт – убакты, бакыт –бакты.

  • Төмөнкү сөздөрдө сөз башында н тыбышы түшүрүлбөй жазылат: найза, намыс, нарк, нокто, начар, нөшөр, ным.

Ал эми төмөнкү сөздөрдүн эки түрлүү жазылышына жол берилет: нечен – эчен, небак – эбак, нары – ары

  • Басма сөздөрдө, оозеки кепте бирден р,л, тыбыштары менен берилип жүргөн сөздөр төмөнкүчө жазылат: рахмат эмес, ыракмат, раазы эмес, ыраазы, рас эмес, ырас, раак эмес, ыраак, руксат эмес, уруксат, рай эмес, ырай.

  • Орус тилинден алынган сөздөр орус орфографиясы боюнча жазылат. Район, радио,роман,редактор, редакция, ремонт, директор, класс,техника, искусство, эталон,институт, университет, техникум жана башкалар.

  • Араб, фарсы жана башка тилдерден кабыл алынган төмөнкү сөздөр р тыбышы менен жазылат: рамазан, раис, рубаи, рабат, райкан, расмий, жана башкалар

Өтүлгөн теманы бышыктоо.

79-көнүгүү.

1.Эмгек өмүрдү узартат. уят бетти кызартат. 2. Улуунун өзү урмат, айткан сөзү кымбат. 3. Жалко көп уктайт, акыл айтсаң укпайт. 4. Бирөөгө чай бергениң, өзүңө май бергениң. 5. Душман көз артат, тууган сөз артат.

80-көнүгүү.

Жаңылмачты жаттап, тилди жатыктыруу.

Көл көпкөкпү,

Көк көпкөкпү?

Көл да, көк да көк эмес,

Көк чөп көпкөкпү?


Жорго кара атым,

Жорток тору атым

Жоргобу, жортокпу

Жолго жарасын

Сабакты бышыктоо:

Окуучулар мугалимдин төмөнкү суроолоруна жооп беришет.

  1. Орфография дегенде эмнени түшүнөбүз?

  2. Кыргыз орфографиясынын негизги эрежелерини эмнелер түзөт?

  3. Сөздөрдүн уңгү жана сөз мүчөлөрүн кандай жазуу эрежелери бар?

  4. Орус тилинен кирген сөздөр кандай жазылат?

  5. Араб, фарсы тилдеринен кирген сөздөр кандай жазылат?



Сабакты жыйынтыктоо:


Мугалим: Балдар бүгүн биз сабагыбызда эмнелерди үйрөндүк?

Окуучулар жооп беришет.


Мугалим группалардын сабакта кандай катышкандыгы, алардын алган баллдарыны айтат жана сабакка жакшы катышкан окуучуларды баалайт.


Үйгө тапшырма:Теманы окуу, 81-көнүгүүнү аткарып келүү.


Баалоо: Мугалим группалардын сабакта кандай катышкандыгы, алардын алган баллдарыны айтат жана сабакка жакшы катышкан окуучуларды баалайт.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!