СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Презентация "Кыргыз тоолору"

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Маалыматтар интернет булактарынан алынды.

Просмотр содержимого документа
«Презентация "Кыргыз тоолору"»

Адигине тоо —  Түркстан  кырка  тоосунун  түндүк тармагы. Лейлек   жана Карабшин сууларынын аралыгында кеңдик багытта 30 кмге созулуп жатат. Туурасы 6 км. Орто бийиктиги 3200–3500 м, эң бийик жери 3952 м. Жону тайпак, айрым жерлеринин капталы тик, кыска кокту-колоттуу. Ортоңку  карбондун   кумдук ,  алебролит ,  акиташтуу   конгломерат , сланес тектеринен турат. Кургак талаа (1600–1700 м бийиктикке чейин),  шалбаалуу  талаа  жана арчалуу  токой  (2600–2700 мге чейин), субальп жана альп шалбаалуу талаа, сейрек бетегелүү талаа ландшафттары мүнөздүү. Жайыт.

Адигине тоо —  Түркстан кырка тоосунун  түндүк тармагы.

Лейлек   жана Карабшин сууларынын аралыгында кеңдик багытта 30 кмге созулуп жатат. Туурасы 6 км. Орто бийиктиги 3200–3500 м, эң бийик жери 3952 м. Жону тайпак, айрым жерлеринин капталы тик, кыска кокту-колоттуу. Ортоңку  карбондун   кумдук алебролит акиташтуу   конгломерат , сланес тектеринен турат. Кургак талаа (1600–1700 м бийиктикке чейин),  шалбаалуу талаа  жана арчалуу  токой  (2600–2700 мге чейин), субальп жана альп шалбаалуу талаа, сейрек бетегелүү талаа ландшафттары мүнөздүү. Жайыт.

Алай тоо кыркасы ― Алай–Түркстан тоо системасына кирет. Кеңдик багытта 350 кмге созулуп жатат. Орточо жазылыгы 70– 80 км (Фергана өрөөнүнө чейин), эң бийик жери 5539 м (батышында Тамдыкул чокусу).  Тоо  орографиялык жактан кескин айырмаланган 3 бөлүктөн турат. Батыш бийик бөлүгүндө тоонун түндүк капталы  Кыргыз  Республикасына  карап, негизинен Сох д-нын алабын камтыйт; мында бийик чокулуу мөңгүлөр арбын.

Ат-Башы тоо кыркасы ―  Кыргызстандын  түндүгүндөгү  Ички  Теңир-Тоонун  түштүк бөлүгүндөгү тоо кыркасы. Ат-Башы тоо кыркасы түндук-чыгыштан (Кынды ашуусунан) түштүк-батышка (Түз ашууга чейин) 140 кмге созулуп жатат. Туурасы 30 кмге чейин жетет. Орточо бийиктиги 4280 м, эң бийик жери 4786 м (Жел-Тегирмен чокусу). Тоо кыркасы түндүк-чыгыштан түштүк-батышка карай улам бийиктеп,  Терек- Суунун  тушунан кайра жапыздайт. Капталдарында суу өрөөндөрү, суу жеп кеткен кокту-колоттор, жыбыт-жылгалар көп. Кырка тилкелеринде чакан мөңгүлөр кездешет. 

Ат-Башы тоо кыркасы ―  Кыргызстандын  түндүгүндөгү  Ички Теңир-Тоонун  түштүк бөлүгүндөгү тоо кыркасы.

Ат-Башы тоо кыркасы түндук-чыгыштан (Кынды ашуусунан) түштүк-батышка (Түз ашууга чейин) 140 кмге созулуп жатат. Туурасы 30 кмге чейин жетет. Орточо бийиктиги 4280 м, эң бийик жери 4786 м (Жел-Тегирмен чокусу).

Тоо кыркасы түндүк-чыгыштан түштүк-батышка карай улам бийиктеп,  Терек- Суунун  тушунан кайра жапыздайт. Капталдарында суу өрөөндөрү, суу жеп кеткен кокту-колоттор, жыбыт-жылгалар көп. Кырка тилкелеринде чакан мөңгүлөр кездешет. 

Жумгал кырка тоосу -  Ички  Теңир-Тоодо ,  Жумгал  өрөөнүнүн  түндүк жагында. Кызарттын белинен  Көкөмерен  капчыгайына чейин чыгыштан батышка карай 100 кмге созулат. Орточо бийиктиги 3830 м, эң бийик жери – 4121 м (Карамойнок чокусу).  Тескей Ала- Тоонун  ( Үкөк ,  Карагатты ,  Кызарт  тоолору ) батыш уландысы. Ж. к. т. өз ара жарыш жана ача сымал таралган бир нече кырка тоодон турат. Чыгыш бөлүгүндө Сандык, Карамойнок тоолору кууш Чыгыш Сөөк өрөөнү менен бөлүнөт. Батыш бөлүгү түндүк-чыгыштан түштүк-батышка созулган үч кырка тоого (Киндик, Жумгал, Ойкайың) ажырайт. Тоонун геол. түзүлүшү өтө татаал, батыш бөлүгү гранит-диорит интрузиясынан жана жогорку протерозойдун калыңдыгы 500– 3000 м болгон  филлит , кварцит тектеринен турат. Ортоңку бөлүгү негизинен төмөнкү палеозойдун гранит, гранит-диоритинен, чыгыш бөлүгү ордовиктин калыңдыгы 1000–4600 мге чейинки  кумдук , туф, порфирит, акиташ теги, конгломерат жана башкалар чөкмө тектеринен түзүлгөн.

Жумгал кырка тоосу -  Ички Теңир-Тоодо Жумгал өрөөнүнүн  түндүк жагында. Кызарттын белинен  Көкөмерен  капчыгайына чейин чыгыштан батышка карай 100 кмге созулат. Орточо бийиктиги 3830 м, эң бийик жери – 4121 м (Карамойнок чокусу).  Тескей Ала- Тоонун  ( Үкөк Карагатты Кызарт тоолору ) батыш уландысы. Ж. к. т. өз ара жарыш жана ача сымал таралган бир нече кырка тоодон турат. Чыгыш бөлүгүндө Сандык, Карамойнок тоолору кууш Чыгыш Сөөк өрөөнү менен бөлүнөт. Батыш бөлүгү түндүк-чыгыштан түштүк-батышка созулган үч кырка тоого (Киндик, Жумгал, Ойкайың) ажырайт. Тоонун геол. түзүлүшү өтө татаал, батыш бөлүгү гранит-диорит интрузиясынан жана жогорку протерозойдун калыңдыгы 500– 3000 м болгон  филлит , кварцит тектеринен турат. Ортоңку бөлүгү негизинен төмөнкү палеозойдун гранит, гранит-диоритинен, чыгыш бөлүгү ордовиктин калыңдыгы 1000–4600 мге чейинки  кумдук , туф, порфирит, акиташ теги, конгломерат жана башкалар чөкмө тектеринен түзүлгөн.

Зергер, тоо –  Фергана тоо  тизмегинин  түштүк-батыш тармагы. Зергер жана Доңузтоо сууларынын (Жазынын оң куймалары) аралыгында түштүк-батыштан түндүк-чыгышты карай 23–25 кмге созулуп жатат. Өзгөн р-нун аймагында. Туурасы 7–8 км. Орточо бийиктиги 1700–2000 м, эң бийик жери 2186 м. Кыры тайпак, түштүк-батышка акырындап жантаят. тоо капталдары кыска, анчалык тик эмес, кокту-колоттор кездешет. Түндүк-чыгыш бийик бөлүгү карбон-пермь жана юра мезгилдеринин кумдук, алевролит, сланец, гравелит, жапызыраак түштүк-батышы бордун кызыл түстүү кумдук, конгломерат, чопо, акиташ тектеринен түзүлгөн. Бийик чөптүү талаа (1600 мге чейин) жана андан жогору шалбаалуу талаа, шалбаалуу жаңгак токою ландшафт алкактары басымдуу.  Жайыт ,  чөп  чабынды;  токой  чарбалары  бар.

Зергер, тоо –  Фергана тоо тизмегинин  түштүк-батыш тармагы. Зергер жана Доңузтоо сууларынын (Жазынын оң куймалары) аралыгында түштүк-батыштан түндүк-чыгышты карай 23–25 кмге созулуп жатат. Өзгөн р-нун аймагында. Туурасы 7–8 км. Орточо бийиктиги 1700–2000 м, эң бийик жери 2186 м. Кыры тайпак, түштүк-батышка акырындап жантаят. тоо капталдары кыска, анчалык тик эмес, кокту-колоттор кездешет.

Түндүк-чыгыш бийик бөлүгү карбон-пермь жана юра мезгилдеринин кумдук, алевролит, сланец, гравелит, жапызыраак түштүк-батышы бордун кызыл түстүү кумдук, конгломерат, чопо, акиташ тектеринен түзүлгөн. Бийик чөптүү талаа (1600 мге чейин) жана андан жогору шалбаалуу талаа, шалбаалуу жаңгак токою ландшафт алкактары басымдуу.  Жайыт чөп  чабынды;  токой чарбалары  бар.

Иле Ала-Тоо –  түндүк  Теңир-Тоодогу  кырка тоо,  Кыргызстан  менен  Казакстандын  чегарасында. Орточо бийиктиги 3750 метрге жакын, эң бийик жери –  Талгар чокусу  (4979 м). Тоодо Теңир-Тоодогу эң байыркы тоотек катмарлары жатат. Алар архей заманында пайда болуп, кийин өзгөрүүлөргө учураган жана өтө метаморфизмделген. Тоо этектеринде антропоген мезгилинин чөкмөлөрү жатат. Интрузия тоо тектеринен гипербазит,  габбро ,  гранит  жана  сиениттердин  массивдери кездешет. Тоонун мезозойго чейинки тектоникасы татаал, ал эми азыркы учурда ал негизинен бир мегантиклиналды түзөт.  Полиметалл ,  висмут ,  алтын ,  молибден , сейрек жана чачыранды элементтер, кооз  мрамор ,  гранит  жана башкалар кендер бар.

Иле Ала-Тоо –  түндүк Теңир-Тоодогу  кырка тоо,  Кыргызстан  менен  Казакстандын  чегарасында. Орточо бийиктиги 3750 метрге жакын, эң бийик жери –  Талгар чокусу  (4979 м). Тоодо Теңир-Тоодогу эң байыркы тоотек катмарлары жатат. Алар архей заманында пайда болуп, кийин өзгөрүүлөргө учураган жана өтө метаморфизмделген. Тоо этектеринде антропоген мезгилинин чөкмөлөрү жатат. Интрузия тоо тектеринен гипербазит,  габбро гранит  жана  сиениттердин  массивдери кездешет. Тоонун мезозойго чейинки тектоникасы татаал, ал эми азыркы учурда ал негизинен бир мегантиклиналды түзөт.  Полиметалл висмут алтын молибден , сейрек жана чачыранды элементтер, кооз  мрамор гранит  жана башкалар кендер бар.

Какшаал тоо тизмеги -  Теңир-Тоонун  түштүгүндө,  Кыргызстан  менен  Кытайдын  чек арасы боюнча 582 кмге созулуп жатат. Эң жазы жери 54 км. Орточо бийиктиги 4500 м. Эң бийик чокулары:  Жеңиш  (7439 м) жана  Аскер топографтары  (6873 м). Орографиясы жагынан 3 бөлүктөн турат: чыгышы Бозкыр деп аталып, Сарыжаз капчыгайына чейин созулат, айрыктары: Кайыңды, Көйкап, Майбаш. Ортоңку бөлүгү Караичкетоо, Акзоо, Жангарт, Үччоку, Кайчы тармактарынан турат. Батышы Каракыр, Торугарт жана башкалар тармактардан туруп, Аксай өрөөнүн көздөй жапыздап, кайнозойдун тектерине чөгөт. Какшаалдын түштүк бети тик (50–60°), түндүк бети жантайыңкы (30–40°).

Кан-Теңир тоо тоому, Муз-Тоо –  Борбордук  жана Чыгыш Теңир-Тоонун, негизги бөлүгү  Кыргызстандын , чыгыш жагы жана Түштүк капталдары  Кытайдын , Түндүк капталдары  Казакстандын  аймагында. Батышынан Сары-Жаз, чыгышынан Музарт өрөөндөрү, түндүгүнөн Текес, түштүгүнөн Тарим ойдуңдары менен чектешет. Узундугу 200 км, туурасы 50–60 км, жалпы аянты 10 миң км 2 ден ашык. Батышында Меридиан кырка тоосуна такалат. Батыш тарабындагы негизги кырка тоолор:  Тескей Ала- Тоо ,  Адыр-Төр  тоосу ,  Сары- Жаз  кырка  тоосу ,  Теңир-Тоо ,  Эңилчек  кырка  тоосу ,  Кайыңды  кырка  тоосу , Көйкап тоосу,  Май-Баш тоосу ,  Боз-Кыр  кырка  тоосу ; чыгышында: Калык-Тоо, Сайкал жана башка Мында Теңир-Тоонун эң бийик бөлүгү –  Жеңиш  (7439 м) жана Кан-Тоо (6995 м) чокулары жайгашкан. Эң жапыз жери 1687 м бийикте болгондуктан, бийиктик амплитудасы 5759 мге жетет. Орточо бийиктиги 3500 м.

Кан-Теңир тоо тоому, Муз-Тоо –  Борбордук  жана Чыгыш Теңир-Тоонун, негизги бөлүгү  Кыргызстандын , чыгыш жагы жана Түштүк капталдары  Кытайдын , Түндүк капталдары  Казакстандын  аймагында. Батышынан Сары-Жаз, чыгышынан Музарт өрөөндөрү, түндүгүнөн Текес, түштүгүнөн Тарим ойдуңдары менен чектешет. Узундугу 200 км, туурасы 50–60 км, жалпы аянты 10 миң км 2 ден ашык. Батышында Меридиан кырка тоосуна такалат. Батыш тарабындагы негизги кырка тоолор:  Тескей Ала- Тоо Адыр-Төр тоосу Сары- Жаз кырка тоосу Теңир-Тоо Эңилчек кырка тоосу Кайыңды кырка тоосу , Көйкап тоосу,  Май-Баш тоосу Боз-Кыр кырка тоосу ; чыгышында: Калык-Тоо, Сайкал жана башка Мында Теңир-Тоонун эң бийик бөлүгү –  Жеңиш  (7439 м) жана Кан-Тоо (6995 м) чокулары жайгашкан. Эң жапыз жери 1687 м бийикте болгондуктан, бийиктик амплитудасы 5759 мге жетет. Орточо бийиктиги 3500 м.

Кемин-Челек тоо тоому –  Иле Ала- Тоосу  менен  Күнгөй Ала- Тоонун  ашташкан жеринде.  Кыргызстан  менен  Казакстандын  чегинде. Дээрлик кеңдик багытында созулуп жаткан кырка тоолорду Талгар тоо массивинин батышынан түштүк-чыгышты көздөй кеткен кыска (13 кмге жакын) жана бийик (Конституция чокусу, 4580 м) тоо туташтырып турат. Кемин-Челек тоо тоому –  Түндүк  Теңир-Тоонун  эң бийик (Талгар чокусу, 4973 м) жери жана ири мөңгүлүү аймагы. Негизинен протерозой менен палеозойдун кристаллдык тектеринен түзүлгөн. Неоген-антропогенде өтө күчтүү тектоникалык көтөрүлүүнүн натыйжасында калыптанган. Көтөрүлүү процесси азыр да уланууда.

Күнгөй Ала-Тоо –  Түндүк  Теңир-Тоодогу  кырка тоо. Каркыра өрөөнүнөн Боом капчыгайына чейин кеңдик багытта 285 кмге созулат. Түштүгүнөн  Ысык-Көл  өрөөнү, түндүгүнөн  Чоң-Кемин  жана Челек өрөөндөрү менен чектешет. Кемин-Челек тоо тоому аркылуу Иле Ала-Тоосу менен туташат. Орточо бийиктиги 4200 м, эң бийик жери 4770 м ( Чоктал  чокусу ). Тоо кескин асимметриялуу: түштүк капталы жантайыңкы, узак (15–20 км), түндүгү тик, чукул (6–9 км). К. А-до тектоникалык көтөрүлүүдөн пайда болгон рельефтин 3 ярусу бар. 

Меридиан тоо кыркасы —  Борбордук  Теңир-Тоодо ,  Кыргызстан  менен  Кытайдын  мамлекеттик чек арасында жайгашкан. узундугу 80 кмдей, Кыргызстандын аймагында 22 км. Эң жазы жери 40 км. Эң бийик бөлүгү Сары-Жаз суусунун алабын чыгышынан чектеп турат. Орточо бийиктиги 5000–5500 м, эң бийик жери 6800 м (Достук чокусу). Башка бийик чокулары: Мрамор (6637 м), Пржевальский (6276 м). Тоо түндүккө карай жапыздап, Нарынкол суусунун башында 4100 мди түзөт. Рельефи татаал чокулардан түзүлүп, капталдары тик жана жалама, этегинен кырына чейин мөңгү менен капталган. Тоо негизинен палеозойдун башында пайда болгон мрамор, мраморлошкон аки таш теги, кристаллдуу сланец, аларды жиреп чыккан гранит интрузиялары ж. б. тектерден турат. 

Меридиан тоо кыркасы —  Борбордук Теңир-Тоодо Кыргызстан  менен  Кытайдын  мамлекеттик чек арасында жайгашкан. узундугу 80 кмдей, Кыргызстандын аймагында 22 км. Эң жазы жери 40 км. Эң бийик бөлүгү Сары-Жаз суусунун алабын чыгышынан чектеп турат. Орточо бийиктиги 5000–5500 м, эң бийик жери 6800 м (Достук чокусу). Башка бийик чокулары: Мрамор (6637 м), Пржевальский (6276 м). Тоо түндүккө карай жапыздап, Нарынкол суусунун башында 4100 мди түзөт. Рельефи татаал чокулардан түзүлүп, капталдары тик жана жалама, этегинен кырына чейин мөңгү менен капталган. Тоо негизинен палеозойдун башында пайда болгон мрамор, мраморлошкон аки таш теги, кристаллдуу сланец, аларды жиреп чыккан гранит интрузиялары ж. б. тектерден турат. 

Орток-Тоо -  Талас өрөөнүнүн  чыгышында.  Каракол  жана  Үч-Кошой  сууларынын аралыгында,  Кыргыз Ала- Тоосуна  жарыш жатат. Узундугу 35 км, туурасы 8 км. Тоонун жонунда байыркы түздүктөр жакшы сакталып калган, түндүктү карай жантайыңкы жана жазы. Орточо бийиктиги 2300 м, эң бийик жери 2501 м (Шумкар чокусу). Капталдары асимметриялуу: түштүгү тик жана кыска, терең сайлар көп. Түндүк бетинде бийик чөптүү шалбаалуу талаа жана шалбаа, түштүк бетинде бадал (1600–2000 м бийиктикте), бетеге шыбактуу талаа өсүмдүктөрү, 2000 мден жогору түркүн чөптүү шалбаалуу талаа. Жайыт.

Памир-Алай –  Орто  Азиянын  түштүк чыгышындагы тоо өлкөсү,  Фергана өрөөнүнөн  түштүк тарапта. Ага Фергана өрөөнү менен  Аму-Дарыянын  ортосунда жайгашкан  Алай ,  Түркстан ,  Заравшан ,  Ысар  (Гиссар) кырка тоолору жана алардын уландылары,  Памир  жана Түштүк  Тажикстан  чуңкурдугу кирет. Батыштан чыгышты карай 900 кмте созулат; туурасы 400 кмге чейин. Илимге Памир-Алай деген түшүнүктү И. В. Мушкетов киргизген (1886).

Памир-Алай –  Орто Азиянын  түштүк чыгышындагы тоо өлкөсү,  Фергана өрөөнүнөн  түштүк тарапта. Ага Фергана өрөөнү менен  Аму-Дарыянын  ортосунда жайгашкан  Алай Түркстан Заравшан Ысар  (Гиссар) кырка тоолору жана алардын уландылары,  Памир  жана Түштүк  Тажикстан  чуңкурдугу кирет. Батыштан чыгышты карай 900 кмте созулат; туурасы 400 кмге чейин. Илимге Памир-Алай деген түшүнүктү И. В. Мушкетов киргизген (1886).

Саймалы-Таш тоосу —  Фергана тоо  тизмегинин  түн.-чыгыш тармагы.  Көгарт  (чыгыш) жана Кылдоо сууларынын ( Нарындын  сол куймалары) аралыгында түштүк-батыштан түн.-чыгышка 30 кмге чейин дого сымал созулат. Туурасы 3-4 км. Орт. бийикт. 2200-2400 м, эн бийик жери 3400 м. Кыры аска-зоокалуу, капталдары кыска, негизинен тик, кокту-колоттор кездешет. Төмөнкү карбондун акиташ теги, доломит, кумдук, конгломерат, гипс тоо тектеринен турат. Шалбаалуу талаа жана шалбаа (2400- 2500 м бийиктикке чейин), андан жогору токой шалбаалуу талаа ландшафттары таралган. Жайыт. Саймалы-Таш сурөт галереясы дал ушул С.-Т. т-нда жайгашкан.

Сулайман-Тоо —  Кыргызстандын ,  Ош шаарындагы  ыйык тоо. 2009-жылдын июнь айында Дүйнөлүк Мурастарына кирген биринчи мамлекеттеги эстелик [1] . Сулайман тоосу Ош шаарынын так ортосунда,  Ак- Буура  суусунун  сол жээгинен орун алган. Узундугу – 3 км, туурасы – 1,5–2 км, деңиз деңгээлинен бийиктиги 1176 м. Салыштырмалуу бийиктиги 300–350 м. Сулайман-Тоо – улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплекс.Кээ бирөөлөр тоону чөгүп жаткан төөгө окшоштурушат. Сыйынуучулардын саны бир жылда 16-17 миң адамды түзөт. XVI кылымга чейин Сулайман-Тоо Баара-Кух деп аталганы маалым.Сулайман Тоо 2009 жылдын июнь айында ЮНЕСКОго катталган мемлекеттик биринчи эстелик

Сулайман-Тоо —  Кыргызстандын Ош шаарындагы  ыйык тоо. 2009-жылдын июнь айында Дүйнөлүк Мурастарына кирген биринчи мамлекеттеги эстелик [1] . Сулайман тоосу Ош шаарынын так ортосунда,  Ак- Буура суусунун  сол жээгинен орун алган. Узундугу – 3 км, туурасы – 1,5–2 км, деңиз деңгээлинен бийиктиги 1176 м. Салыштырмалуу бийиктиги 300–350 м. Сулайман-Тоо – улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплекс.Кээ бирөөлөр тоону чөгүп жаткан төөгө окшоштурушат. Сыйынуучулардын саны бир жылда 16-17 миң адамды түзөт. XVI кылымга чейин Сулайман-Тоо Баара-Кух деп аталганы маалым.Сулайман Тоо 2009 жылдын июнь айында ЮНЕСКОго катталган мемлекеттик биринчи эстелик

Суусамыр тоо кыркасы —  Ички  Теңир-Тоодо .  Суусамыр  жана  Кетмен-Төбө  өрөөндөрүн бөлүп турат.  Ала-Бел ашуусунан  (батышта)  Көкө - M ерен  капчыгайына  чейин (чыгышта) кеңдик багытта 126 кмге созулуп жатат. Эң жазы жери 31 км. Орточо бийиктиги 3500 м, эң бийик жери 4048 м. Чыгыш бөлүгү  Сарыкамыш  деп аталат. Тескей тарабы кыска, айдөш түздүктүү, түштүк капталы жазы, чейин жапыздайт. Түштүк капталы тик, түндүгү бир аз жантайыңкы. Түштүк капталына Кара-Суунун өрөөнүнө түшүп жаткан корум таштар мүнөздүү. Ашуулар көп: Капка (бийиктиги 3339 м), Кентулук (3289 м),  Шибе -Бел  (3140 м), Такталык (2324 м), Карагыш (1961 м) жана башка. Кырка тоо төртүнчүлүк мезгилде көтөрүлгөн. 

Талас Ала-Тоосу  –  Түндүк  Теңир-Тоодогу  ири кырка тоо.  Кыргыз Ала- Тоосунан  Корумду суусу аркылуу бөлүнүп, кеңдик багытта батышты карай Каратоого (Чакпак ашуусуна) чейин созулуп жатат. Уз. 260 км, эң жазы жери 40 км. Орт. бийикт. 3930 м, эң бийик жери –  Манас  чокусу  (4482 м) Өпкөсү жок тор. Суу бөлгүчү аскалуу, кыр чокулары пирамида сымал. Рельефтин альп, эрозия, эрозия-аккумуляция типтери калыптанган. Капталдары асимметриялык түзүлүштө. Тескей беттери (түн.) жазы, күнгөйү (түш.) тик, кыска. Түн. капталы Күркүрөө, Карабуура, Үрмарал, Бешташ, Калба, Үчкошой ж. б. Суулардын капчыгайлары ж-а өрөөндөрү м-н тилмеленген. 

Талас Ала-Тоосу  –  Түндүк Теңир-Тоодогу  ири кырка тоо.  Кыргыз Ала- Тоосунан  Корумду суусу аркылуу бөлүнүп, кеңдик багытта батышты карай Каратоого (Чакпак ашуусуна) чейин созулуп жатат. Уз. 260 км, эң жазы жери 40 км. Орт. бийикт. 3930 м, эң бийик жери –  Манас чокусу  (4482 м) Өпкөсү жок тор.

Суу бөлгүчү аскалуу, кыр чокулары пирамида сымал. Рельефтин альп, эрозия, эрозия-аккумуляция типтери калыптанган. Капталдары асимметриялык түзүлүштө. Тескей беттери (түн.) жазы, күнгөйү (түш.) тик, кыска. Түн. капталы Күркүрөө, Карабуура, Үрмарал, Бешташ, Калба, Үчкошой ж. б. Суулардын капчыгайлары ж-а өрөөндөрү м-н тилмеленген. 

Тескей Ала-Тоо -  Кан- Теңир  тоо  тоому на Ашуу-Төр кырка тоосу деген ат менен Сары-Жаздын эң бийик жери  Семёнов чокусу  (5816 м) аркылуу барып такалат. Ашуу-Төрдүн эн бийик жери 5470 м.  Сары- Жаз  суусунун  жогорку агымында Тескей Ала-Тоонун бийиктиги кескин төмөндөп, 3300—3600 м бийиктиктеги сырттар менен теңелип, Оттук суусунун тушунда кайра кескин көтөрүлүп,  батыш ка карай 354 км ге созулуп жатат. Эң жазы жеринде 40 км ден ашык. Түндүк капталы  Ысык-Көл дүн  ойдуң ун чектеп,  Кочкор  өрөөнүнө  чейин келип бүтөт. Тескей Ала-Тоосунун эң бийик жери  Каракол чокусу  (5216 м) Каракол суусунун төрүн чектеп турат. Эгерде Ашуу-Төр Тескей Ала-Тоонун  чыгыш  бөлүгү деп эсептелинсе  Семёнов мөңгүсүнүн  оң жагындагы 5470 м бийиктиктеги чоку анын эң бийик жери деп эсептелинет.

Чаткал тоо кыркасы ― Түштүк-Батыш  Теңир-Тоодо .  Талас Алатоосу  м-н Атойнок кырка тоосунун бириккен жеринен түш.-батышты карай 225 км аралыкта созулуп жатат. Туурасы борбор бөлүгүндө 50–60 км. Орт. бийикт. 3500 м, эң бийик жери 4503 м ( Авлетим  чокусу ). Тоо батыштан чыгышты карай бийиктейт. Түн.-батыш капталдары кыска, түш.-чыгышы жазы. Суу бөлгүч кырлары тик аска-зоокалуу, алардан бир нече майда тоолор тарайт. Чапчыма ашуусуна жакын тоо жапыздап, Ангрен м-н Касансайдын суу бөлгүчтөрүндө кыр тилкелери кеңейип, үстү тегиз жондорго айланат. Чыгыш бөлүгү бийик, тик, кырлуу болуп, чокулары арсак-терсек (өзгөчө Терек-Сай, Алабука сууларынан чыгышты карай).

Чаткал тоо кыркасы ― Түштүк-Батыш  Теңир-Тоодо Талас Алатоосу  м-н Атойнок кырка тоосунун бириккен жеринен түш.-батышты карай 225 км аралыкта созулуп жатат. Туурасы борбор бөлүгүндө 50–60 км. Орт. бийикт. 3500 м, эң бийик жери 4503 м ( Авлетим чокусу ). Тоо батыштан чыгышты карай бийиктейт. Түн.-батыш капталдары кыска, түш.-чыгышы жазы. Суу бөлгүч кырлары тик аска-зоокалуу, алардан бир нече майда тоолор тарайт. Чапчыма ашуусуна жакын тоо жапыздап, Ангрен м-н Касансайдын суу бөлгүчтөрүндө кыр тилкелери кеңейип, үстү тегиз жондорго айланат. Чыгыш бөлүгү бийик, тик, кырлуу болуп, чокулары арсак-терсек (өзгөчө Терек-Сай, Алабука сууларынан чыгышты карай).

Үч-Эмчек кырка тоосу –  Тескей Ала- тоонун  түш. тармагы. Кичи Нарындын алабында. Түндүгүнөн Үчемчек, түштүгүнөн Буркан суулары агат. Уз. 54 км, туурасы 18 км. Орт. бийикт. 3920 м, эң бийик жери 4482 м. Рельефи үч ярустан турат: биринчи ярус – тоонун кырында палеозойдун аягынан неогенге чейин пайда болгон түздүктөрдүн калдыктары; экинчиси неоген м-н төртүнчүлүк мезгилинде пайда болгон эрозия-денудация тектирлери, тик капталдуу аска-зоокалар; үчүнчүсү төртүнчүлүк мезгилинин ортосунан голоценге чейин пайда болгон тик капталдуу тепши сымал терең өрөөндөр ж-а тоо этегиндеги тектирленген адырлар. Кумдук, чополуу сланец, конгломерат, алевролит ж. б. тоо тектерден турат. Ү. к. т-нда 144 мөңгү (жалпы аянты 92,4 км2) бар. Түн. капталына бийик тоолуу талаа (3000–3100 м), субальп (3100–3400 м), альп (3400–4000 м), шалбаалуу талаа гляциалдык-нивалдык, түштүгүнө бийик тоолуу талаа (3000–3800 м), альп (3600–4200 м) ж-а гляциалдык-нивалдык ландшафттар мүнөздүү.

Үч-Эмчек кырка тоосу –  Тескей Ала- тоонун  түш. тармагы. Кичи Нарындын алабында.

Түндүгүнөн Үчемчек, түштүгүнөн Буркан суулары агат. Уз. 54 км, туурасы 18 км. Орт. бийикт. 3920 м, эң бийик жери 4482 м. Рельефи үч ярустан турат: биринчи ярус – тоонун кырында палеозойдун аягынан неогенге чейин пайда болгон түздүктөрдүн калдыктары; экинчиси неоген м-н төртүнчүлүк мезгилинде пайда болгон эрозия-денудация тектирлери, тик капталдуу аска-зоокалар; үчүнчүсү төртүнчүлүк мезгилинин ортосунан голоценге чейин пайда болгон тик капталдуу тепши сымал терең өрөөндөр ж-а тоо этегиндеги тектирленген адырлар. Кумдук, чополуу сланец, конгломерат, алевролит ж. б. тоо тектерден турат. Ү. к. т-нда 144 мөңгү (жалпы аянты 92,4 км2) бар. Түн. капталына бийик тоолуу талаа (3000–3100 м), субальп (3100–3400 м), альп (3400–4000 м), шалбаалуу талаа гляциалдык-нивалдык, түштүгүнө бийик тоолуу талаа (3000–3800 м), альп (3600–4200 м) ж-а гляциалдык-нивалдык ландшафттар мүнөздүү.

Чоң-Алай тоо кыркасы ―  Кыргызстандын  аймагынын эң түштүк четинде  Памир тоолорунун  түндүк чети болгон Чоң-Алай кырка тоосу орун алган. Чоң-Алай кырка тоосунун суу бөлгүчү  Тажикстан  менен  Кытай  Эл Республикасынан Кыргызстандын аймагын бөлүп турган чек ара катары милдет аткарат.  Алай  кырка  тоосу  менен Чоң-Алай кырка тоосунун ортосунда кеңдик боюнча созулган Алай өрөөнү Памир тоолору менен Алай-Түркстан тоолорунун табигый чеги болуп эсептелет. Кырка тоо батышта Кызыл-Суу менен Мук-Суунун чатынан чыгышта Чыгыш Кызыл-Суу менен Маркан-Суунун кошулган жерине чейин 250 км ге кеңдик боюнча созулуп жатат. Анын ичинен 190 км Кыргызстандын чегинде жатат. Эң бийик жери Ленин атындагы чокунун бийиктиги 7134 м, ал бийиктиги боюнча Кыргызстандагы экинчи орундагы чоку.

Фергана тоо тизмеги –  Теңир-Тоо  тоо системасындагы ири кырка тоо.  Ички  Теңир-Тоону  Фергана өрөөнүнөн бөлүп турат. Теңир-Тоо тоолорунун негизги багытынан кыйгач, түш.-чыгыштан түн.-батышты карай созулат. Түш.-чыгышындагы Сөөк ашуусу (4024 м) Торугарт ж-а  Алайкуу  кырка  тоолорунан , түн.-батышындагы Төм.-Нарын капчыгайы  Атойнок  кырка  тоосунан  бөлүп турат. Уз. 206 км, туурасы 62 км, басымдуу бийикт. 3500–4000 м, эң бийик жери Тар суусунун алабындагы Үчсейит массивинде (4818 м). Үчсейит массивинен түн.-батышты карай басаңдап, Көгарттын алабында өтө жапыздайт (3200–3400 м). Андан ары кайрадан бийиктеп Бабашата массивинде 4427 мге (Вебер чокусу) жетет. Түш.-батыш капталы жазы ж-а терең капчыгайлар м-н тилмеленген (Терек, Кулун, Каракулжа, Жазы, Көгарт, Карүңкүр, Майлысай ж. б.). 

Фергана тоо тизмеги –  Теңир-Тоо  тоо системасындагы ири кырка тоо.  Ички Теңир-Тоону  Фергана өрөөнүнөн бөлүп турат.

Теңир-Тоо тоолорунун негизги багытынан кыйгач, түш.-чыгыштан түн.-батышты карай созулат. Түш.-чыгышындагы Сөөк ашуусу (4024 м) Торугарт ж-а  Алайкуу кырка тоолорунан , түн.-батышындагы Төм.-Нарын капчыгайы  Атойнок кырка тоосунан  бөлүп турат. Уз. 206 км, туурасы 62 км, басымдуу бийикт. 3500–4000 м, эң бийик жери Тар суусунун алабындагы Үчсейит массивинде (4818 м). Үчсейит массивинен түн.-батышты карай басаңдап, Көгарттын алабында өтө жапыздайт (3200–3400 м). Андан ары кайрадан бийиктеп Бабашата массивинде 4427 мге (Вебер чокусу) жетет. Түш.-батыш капталы жазы ж-а терең капчыгайлар м-н тилмеленген (Терек, Кулун, Каракулжа, Жазы, Көгарт, Карүңкүр, Майлысай ж. б.). 

Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!