СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Планетабызды таштандылардан тазалайбыз" эссе

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«"Планетабызды таштандылардан тазалайбыз" эссе»





Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району

Жапар Шабиров атындагы ОртоѲрүктү жалпы орто

билим берүү мектеби



Бар бол, Жер Эне-2023” республикалык экологиялык сынагына карата

«Планетаны таштандылардан тазалайбыз»

темасында жазылган эссе









Аткарган: 11-класстын окуучусу

Карыпбаева Үмүткөр Талантбековна

Байланыш телефону: 0704613911

Жетекчиси: химия-биология мугалими

Молдобаева Мээрим Таалайбековна

Байланыш телефону: 0705341310





Планетаны таштандылардан тазалайбыз

Биз жер планетасында жашайбыз. Ал биз үчүн абдан кымбат. Жер-жемиштерди берет, нан берет, тамак берет. Себеби анын топурагы – асыл. Тилекке каршы көпчүлүк жердин асылдыгын биле бербейт. Билип да билбей да булгап, зыян келтирип алат.

Биз баарыбыз билгендей эле адам баласынын ден соолугуна аны курчап турган айлана-чөйрө түздөн түз таасирин тийгизет. Ушул себептен биз өзүбүздүн ден соолугубуз үчүн айлана-чөйрөнү сактоого тийишпиз. Бир гана өзүбүздүн ден соолугубуз үчүн эмес, башка дагы көптөгөн себептер үчүн коргошубуз керек.

Айлана-чөйрөнүн булганышынын ар кандай түрлөрү бар: абанын булганышы, кыртыштын булганышы, суунун булаганышы, таштандылар жана алардан келип чыккан булгануу. Абанын булганышы жумуш орундарынын ысышынан, өнөр жайлардан, энергия өндүрүүдөн, азот кычкылдарынан, көмүр кычкыл газынан, коргошундан жана автомобилдердин чыккан ар түрдүү газдардан келип чыгат. Ал эми суунун булаганышы – жаратылышка тазаланбастан чыккан чарбалык жана өндүрүштүк агынды суулардан улам жер үстүндөгү суулардын, деңиздердин жана жер астындагы суулардын булганышы. Ошондой эле шаардын жашоосунан, өнөр жай иш-аракеттеринен, туура эмес айыл-чарба практикасынан улам топурак дагы булганып жатат. Таштандыларды көп таштабоого аракет кылуубуз зарыл. Пластмассадан жана кагаздан жасалган бир жолку колдонууга жарамдуу буюмдар айлана-чөйрөнү аябай булгайт. Бул буюмдарды алмаштыруу үчүн үйүбүздө көп жолу колдонулчу буюмдарды колдонушубуз зарыл. Калктын өсүшү, сабатсыздык, токойлордун кыйылышы сыяктуу кээ бир факторлор дагы булаганууга жол ачат. Булгануунун эң кооптуу фактору , бул- адам. Бирок булгануунун натыйжасында жабыр тарткан ошол адам өзү жана алар ар кандай ооруларга дуушар болууда. Экологиялык саясатты жүргүзүү ар бир мамлекеттин милдети. Биз жашай турган башка жер планетасы жок. Жер – бул биздин жалгыз үйүбүз. Жер планетасын таштандылардан арылтуу үчүн, булгануудан сакташ үчүн мен эмне кыла алам? Алгач мен илимий сабатуу болушум керек. Экологиялык проблемаларды аныктаганды билишим керек. Экологиялык проблеманын кайдан, качан, эмне себептен келип чыккандыгын аныктаганды үйрөнүшүм керек. Жана албетте экологиялык демилгелерге катышып, уюмдарга, коомчулуктарга кошулуп, активдүү болушум зарыл. Бир дарак болсо да отургузуп, таштандыларды чогултуп, өзүм үйдө колдонгон буюмдарды сарамжалдуу, максаттуу, табияттан алган керектөөлөрүмдү рационалдуу пайдаланышым менин алгачкы милдетим. Пластмассадан жасалган буюмдарды, бут кийимдерди, ар кандай тиричилик буюмдарды өрттөбөш керек. Атайын полигондорго төгүп же жергиликтүү таштандыны кайра иштетүүчү чакан ишканаларга алып барсак туура болот. Ар кандай тиричиликтен чыккан таштандыларды сорттоп, бөлүп чогултса да таштандыны кайра иштетүүчү ишканаларга өткөрүү оңой болмокчу.

Жерде 6,9 млрд тоннадан ашык таштандынын болжол менен 6,3 млрд тоннасы түздөн түз полигонго түшкөн эмес. Аларды адамдар токойлорго жана океандарга ыргытышат. Калган таштандылар сууга түшүп кычкылтек чыгарган микроорганизмдерге зыян келтирет.

Абанын булганышын айтпаганда ичүүчү суу жараксыз болуп калып жатат. Пластмассадан жасалган микробөлүкчөлөр ичүүчү сууга, андан соң адамдын денесине кирет. Туруктуу биоаккумулятордук жана уулу (РВТ) химиялык заттар адамдын ден соолугуна оор залакасын тийгизет.

Жашоо чөйрөдө өзгөрүмү деңиздердин, океандардын жана дарыялардын жээктери, түбү сыяктуу аймактарда органикалык эмес калдыктардын топтому менен шартталган. Таштанды негизинен экологияга терс таасир берээрин баарыбыз билебиз. Жана билип туруп таштанды таштайбыз. Жер шарынын таштанды менен булганышы катастрофалык темп менен өсүүдө. Полигондордун эбегейсиз зор аянттары атмосфераны жана топуракта калып, алардын чириши узак убакытты талап кылат. Жана чиригенге чейин топурактын өсүмдүк үчүн керектүү бөлүгүн ууландырууда. Таштанды маселесин чечүү үчүн мен 5 жолду сунуш кылам.

  1. Таштандыны кайрадан иштетүү. Бул үй тиричилигибиздеги таштандыны сорттодон башталат. Чоң конуштун тургуну жылына бир нече жүз килограмм таштанды ыргытат.

  2. Бир жолку колдонулуучу буюмдарды көп жолку колдонуучу буюмдар менен алмаштыруу

  3. Полиэтилен пакеттеринин ордуна материалдан жасалган баштыктарды колдонуу

  4. Кагазды үнөмдүү колдонуу жана макулатурага өткөрүү

  5. Тамак-аш калдыктарын аз чыгаруу. Тамак-аш продуктыларын үнөмдөө, рационалдуу пайдалануу. Себеби бул заттар чиригенде метан газы көп бөлүнүп чыгат. Ал өз кезегинде адамдын, жаныбарлардын ден соолугуна терс таасирин тийгизери аныкталган.

Бизди тирүү жана ден соолукта сактоо биологиялык ар түрдүүлүктүн жер бетиндеги жашоонун көп түрдүүлүгүнө көз каранды. Дем алган абабыз, ичке суубуз, жеген тамагыбыз, дары – дармектерибиз – булардын баары дени сак планетабыз.

Бирок, биздин дүйнө жана ал колдонгон жашоонун көп түрдүүлүгү коркунучта болуу менен, токкойлордун кыйылышы, булганышы, парник газдары, саздак жерлердин көптүгү, климаттын өзгөрүшү, глобалдуу жана заманбап жашоонун башка факторлору био көп түрдүүлүктү жок кылууда жана экосистема болуп көрбөгөндөй зыян тартууда. Жерге зыян келтирип, өзүбүздүн ден соолугубузга зыян келтирип жатканыбызды көпчүлүгүбүз аңдабай, баамдабай элебиз же жөн гана кайдыгербиз. Бул эссени жазып жатып мен бир нерсени түшүндүм, адам эртеңки күндү ойлобогон, келечек муунду ойлобогон, жаратылышты коюп, өзүнүн балдарынын атмосферасы, планетасы жөнүндө ойлонбогон, жаратылгандардан аң-сезимдүүсү болсо да, өз напсисин тыя албаган эң акылсыз жан экен. Кийимдерди 5-6 жыл кийбей бир жылда ыргытат. Бул- таштанды. Буюмдарды 10 жылга жетпей 5-6 жылда керектен чыгарат. Колдонгон буюуму толтура. Бир эле функцияны аткарган 2-3 буюму бар. Ал керектен чыкканда – таштанды. Кийимдерди бир башына оңдоп алат. Ага бут кийим, кышкы, жайкы, жазгы, күзгү деги койчу эмне деген гана кийимди кийип, модасы өттү деп таштап жатат. Канчалаган мода кууган, бирок планетаны булгап жатканын ойлонбогон, заманбап стилде жашагысы келгендер, 3 жылда үйүнүн ремонтунан канчалаган таштанды чыгып жатканын ойлонду бекен. 2023-жылдын жыйынтыгы менен былтыркы жылга салыштырганда автоунаалардын саны 8,5% өскөн, жеңил гана автоунаалардын 8 млн го көбөйгөн. LMC Automotive консалтинг компаниясынын билдиргендей 2023-жылы 9 ай ичинде 65,6 млн (+10,2%) жеңил автоунаа чыгарылган. Бул, автоөндүрүүчүлөргө чоң киреше алып келгени менен, калган эски автоунаалар ар бир өлкөдө таштанды болуп чогулуп жатат. Автоунаа чыгарган заводдордон чыккан таштандыларына автоөндүрүүчүлөр эч кимиси жооп бербей эле жана эч нерсе болбогондой эле жылына жаңы автоунаа өндүрүшүп, өз капчыктарын толтуруп, планетаны жабыркатууда. Эль-Кувейт өлкөсүндө сонун саясат бар экен, интернет булагынан алган маалыматым. Өндүрүлгөн нефти пландалган жылдарга жетсе, ашыкча нефтини өндүрүшпөйт. Бул саясат бир жагынан алганда келечек муунга сырьену сактап коюп жатышат, бир жагынан алганда эң негизгиси экологияга келтирген зыянды бир аз болсо да 5 жылга болсо да азайтып жатышат. Өнүккөн өлкөлөрдө Канада, АКШ, Фрнация, Германия ж.б жашоо деңгээли башка өлкөлөргө салыштырмалуу жогору болгону менен автозаводдорду иштетүү, айыл чарба продукцияларын өндүрүү боюнча эң алдыда. Жана ошол ишмердүүлүгүн ченеми менен кылганды билбейт. Биздин өлкөдө айыл чарбасы жана өнөр жай жакшы өнүккөн эмес жана бизде экологиялык коркунуч болбойт деп ойлоо адашкандык. Себеби, Жер – бул бир бүтүн система. Бир жагы жабыркаса, экинчи, үчүнчү жагы сөзсүз жабыркабай койбойт. Ошол эле башка континентте чыккан зыяндуу газдар, заттар, биздин да континентке зыянын тийгизбей койбойт. Кээ бир адамдар, мунун магаг тиешеси жок деп ойлошу мүмкүн. Бирок ошол адам планетанын бир кичинекей, микробөлүгү экенин, океандын кирдеши, мөңгүлөрдүн эриши, парниктик эффект же озон катмарынын жукарышы биздин өлкөдө завод, фабрикалар жок болсо дагы, башка өлкөдө иштеп жаткан ишмердүүлүктүн негизинде келип, ар кандай ооруларды, аллергия, рак ооруларын козгоп жатканын билсечи. Абанын булгануусунун натыйжасында, суулардын булгануусунун натыйжасында тамак-ашы таза болбой жатканын бир ойлоп койсочу. Болуп жаткан ар кандай көйгөйлөр, эң алгач экологияга, жашаган чөйрөбүзгө, жер планетабызга туура эмес мамиле кылып жатканыбыздан экендигин билип, аңдап, эртеңки бала-чакасына кандай табиятты калтыраарын ойлобогон, эң акылсыз муун болбодукпу. Аттиң, адам эмне мынча дүнүйөгө тойбойт. Колдонгон буюм, керектөө, заманбап жашоонун аркасынан кубалап, башклардан артык көрүнүү, байлыгын, мансабын даңазалоо менен гана жашап, алкымыбыз, курсагыбыз дүнүйөгө тойбоду го. Кооздук, иштеп жатам, иш билемдик кылып, канчалаган материалдардан банерлерди илип, алар бир жылдан соң таштандыга айланып жатпайбы. Ал материал экинчи колдонууга жарасачы. Баары аз келгенсип, кээ бир өлкөлөрдө болуп жаткан согуштар, жер титирөөлөр, селдер, кар көчкүлөр, канчалаган турак-жайларды таштандыга айлантууда. Канчалык өндүрүш жакшы иштеп, чыгарган продукция көп болсо, ошончолук көп таштанды чыгаарын билип, өндүрүшчүлөр ал таштандыны кайра иштетүүнү, таштандыны азыраак чыгарууну да колго алышса. Продукция өндүрүүдөн мурун, Жерибизге зыян келбейби, таштандысын кайра иштетүүгө болобу, 10 жылдык колдонуудан кйин бул продукция кайда, кандай негизде жараксыз болуп калаарын түшчү кирешесин эсептегендей эле пландап, эсептешсе. Адамдар, куру кыялдар менен жашабай, ар түркүн кооздукка умтулбай, аң-сезимди жабыркаткан азыркы цивилизациянын терс жагын жа баалап, баамдап жаратылыш менен тыгыз гармонияда жашаганды үйрөнсө деген терең үмүт менен оюмду жыйынтыктайм.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!