Просмотр содержимого документа
«План конспект слайд»
Аманкан Мамыров атындагы №27 жалпы билим берүүчү орто мектебинде химия сабагы боюнча 8-класстар үчүн өтүлгөн ачык сабактын иштелмеси
Сабактын темасы: Молекулалар жана атомдор.Химиялык элементтер.Химиялык элементтердин белгилери.
Сабактын максаттары:
Билим берүүчүүлүк максаты:
Окуучулардын атом,молекула,химиялык элемент,белгилери боюнча активдүү таанып билүү билимин илимий көз караш боюнча калыптандырышат.
Тарбия берүүчүлүк максаты: Аң-сезимдин иреттүүлүгүнө,акыл эмгегине жана материалисттик көз карашка тарбияланышат.
Өнүктүрүүчүлүк максаты:
Атом,химиялык элемент жөнүндөгү билим-билгичтиктерин илимий негизде өнүктүрүшөт .
Сабакта пайдаланылуучу усулдар:
Интерактивдүү усулдар,карточка менен иштөө,оозеки аңгемелешүү,проблемалык жагдайды түзүү ыкмалары
Сабактын жабдылышы:
Менделеевдин мезгилдик таблицасы,химиялык элементтердин белгилери,Э.Резерфорд боюнча «атомдун түзүлүшүнүн планетардык моделинин схемасы»
Күтүлүүчү натыйжалар:
Зат молекуладан ,молекула атомдордон тураарын билишет;
.жөнөкөй жана татаал заттын молекуласын жана атомдорун айырмалай алышат.
.атом-молекулалык окуу аркылуу атом жана молекуланын маңызын ачып бере алышат
Сабактын жүрүшү:
А)уюштуруу
Б) өтүлгөн материалды жаңы материал менен байланыштыруу
В)Теманы бышыктоо
Г)Үйго тапшырма берүү
Д) Баалоо
Сөз тамгадан куралат. Үй кирпичтен курулат. Дүйнө заттардан турат .
Окуучуларга ???
Заттар эмнеден түзүлөт?
Ар түрдүү варианттар айтылат.
Тарыхка кайрылсак: Байыркы Грецияда философ Демокрит(2500жыл мурда)зат эң майда бөлүкчөлөрдөн -атомдордон турат деген.
XVIII кылымдын ортосунда орус окумуштуусу М.В.Ломоносов да зат молекуладан,молекула атомдон тураарын аныктаган.
Молекулалар атомдордон тураарын тажрыйба аркылуу далилдесек да болот. Мисалы: Суу -татаал зат.Ал суунун молекулаларынан тураарын физикадан жакшы билебиз.Суу аркылуу электр тогун өткөрсөк,суу кычкылтектин жана суутектин молекуласына ажырайт. Суу=суутек+кычкылтек
Суутектин молекуласы суутектин атомдорунан кычкылтектин молекуласы кычкылтектин атомдорунан тураарын эсиңерден чыгарбашыңар керек .
Атом түшүнүгүнө келсек,Резерфорд атомдун түзүлүшүнүн планетардык моделин сунуш кылган.
Резерфорддун бул модели боюнча:атомдун борборунда оң заряддуу ядро,анын айланасында орбиталар боюнча электрондор айланып жүрөт,күндүн тегерегинде планеталар айланып жүргөн сыяктуу.
Атомдордун белгилүү бир түрү –химиялык элемент деп аталат . Химиялык элементтерди атайын белгилери боюнча айырмалайбыз. Аларды белгилөөдө латынча аталышынын 1же2-чи тамгасын алып белгилөө Берцеллиус тарабынан сунуш кылынган. М: Н-суутектин,О-кычкылтектин белгиси болуп кабыл алынган.Окуучуларга Менделеевдин мезгилдик системасынан элементтердин белгиси менен жазуу үчүн карточкалар таркатылат.Атайын топторго бөлүп.Муну менен тема бышыкталат. Активдүү катышкан окуучуларга баалоо жүргүзүлөт.
Үйгө тапшырма:
Молекула жана атомдор жөнүндө окуп келүү,Элементтерди белгиси менен жазып,аталышын жаттап келүү.