СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Пиза боюнча тест 5-класс

Нажмите, чтобы узнать подробности

Piza Кыргызстан, #пизатест

Просмотр содержимого документа
«Пиза боюнча тест 5-класс»

PISA- тест 5-класс

1. ОКУП ТҮШҮНҮҮ

Менин Мекеним – Кыргызстан

Ар кимдин өз мекени болот. Мекен ата-энедей ыйык, атаэне жашоо берип, жарык дүйнөгө алып келсе, мекен бизди өстүрөт. Биздин мекенибиз –Кыргызстан. Мекенибиз бийик тоолуу, абдан кооз өлкө. Кайда барбагын – ак мөңгүлүү тоолор бизди коштоп жүрөт. Таза аба, таза суу, меймандос эли – биздин чоң байлык. Кыргызстан эгемендүү, эркин өлкө. Кыргызстандын калкы 5 миллиондой элди түзөт. Анын ичинде 80 ге жакын улуттар бар. Алардын баарын биз сыйлап жашайбыз.Кыргызстан 7 областтан турат. Алар : Чүй, - 20 - Талас,Нарын, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл. Борборубуз Бишкек шаары. Борборубуз Чүй өрөөнүндө жайгашкан. Бишкек шаарыбыз жыл сайын оңолуп, өсүп келе жатат. Ар бир өлкөнүн өзүнө таандык туусу, герби жана гимни бар. Биздин да мамлекетке таандык бүт шаң белгилерибиз бар.

Суроолорго жооп бергиле:

1.Эмне үчүн мекен ыйык?

А. Мекен бизди өстүрөт.

Б.Мекен тоолуу өлкө.

В. Мекен биздин үйүбүз.

Г.Мекен – кооз.





2. Кандай байлыгыбыз бар?

А. Мекен бизди өстүрөт.

Б.Таза аба, таза суу, меймандос эли – биздин чоң байлык.

В.Мекенибизде тоолор бар.

Г.Мекенибиз абдан кооз.

3. Кыргызстанда канча област бар?

А. Кыргызстанда 5 област бар.

Б. Кыргызстанда 9 област бар.

В.Кыргызстанда 7 област бар.

Г. Кыргызстанда 6 област бар.

4. Кыргызстандын борбор шаары кайсы областта жайгашкан?

А.Борборубуз Чүй өрөөнүндө жайгашкан.

Б.Борборубуз Нарын өрөөнүндө жайгашкан. В.Борборубуз Баткен өрөөнүндө жайгашкан.

Г.Борборубуз Ош өрөөнүндө жайгашкан.

- 5. Мамлекетке таандык белгилер?

А.Ар бир өлкөнүн өзүнө таандык туусу, герби жана гимни бар.

Б.Биздин да мамлекетке таандык бүт шаң белгилерибиз бар.

В.Биздин конституциябыз бар.

Г.Артисттер, акындар, жазуучулар бар.





PISA_2025 Пиза тест-5-класс

1.Менин ..... жок.

А. дептериңиз

Б. дептерим

В.дептер

Г. Дептерибиз

2.Тиги биздин.....

А. китебибиз

В. китеби

Б. китебибинизди

Г.китебиңиз

3.Силердин .... жакшы экен.

А. сөздүктөрдү

В. Сөздү

Б.сөздүктөр

Г. сөздүгүңөр

4. Сиздердин.... кайда?

А. үйүбүз

В. үйүңүздөр

Б. үйүңөр

Г. үйү

5.Анын.... мына.

А.макалабыз

В.макалаңыз

Б. макаласы

Г. макала –

6. Мага сенин.... жагат.

А. саатың

В. Катыбыз

Б. каттарыңар

Г. Катыңыз

7. .... сөздүгүңдү алсам болбу ?

А. Менин

В. Сенин

Б. Анын

Г. Сага

8. .... үйүнүз алыспы ?

А. Анын

В. Сизге

Б. Сиздин

Г. Сиздердин

9.... атым Назгүл

А. Бизге В. Меники

Б. Биздин

Г. Менин

10. .... бөлмөбүз чоң эмес

А. Бизге

В. Биздин

Б. Силердин

Г. Булардын





11.Бул ............. кызыктуу аңгемелер бар экен.

А. жыйнактан

Б. жыйнакка

В. жыйнактын

Г. жыйнакта

12. Бул эрежени ............. изде.

А. китепти

В. китепте

Б. китептен

Г. китепке

13. Бул ............. аннотация жазышым керек.

А. макаладан

В. макалада

Б. макалага

Г. макаланы

14. Сага ........... жагабы?

А. Алыкул Осмоновдун ырларын

Б. Алыкул Осмоновдун ырларына

В. Алыкул Осмоновдун ырларынан

Г. Алыкул Осмоновдун ырлары

15. Болот .......... орус тилине которду.

А. Айтматовдун аңгемесин.

Б. Айтматовдун аңгемесинен

В. Айтматовдун аңгемесинде

Г. Айтматовдун аңгемеси



16. Бул ............ жыйнагы.

А. Пушкиндин ырларын

Б.Пушкиндин ырларына

В. Пушкиндин ырларынын

Г. Пушкиндин ырларында

17. ............. кызыктуу жерлер бар.

А. А. Токомбаевдин чыгармаларын

Б. А. Токомбаевдинчыгармаларынан

В. А. Токомбаевдин чыгармалары

Г. А. Токомбаевдин чыгармаларында

18. Мен .......... рецензия жаздым.

А. К.Молдобасановдун операсында

Б. К.Молдобасановдун операсынын

В. К.Молдобасановдун операсына

Г. К.Молдобасановдун операсынан

19. ............ үзүндүлөрдү жатка билем.

А. М.Алыбаевдин ырларын

Б. М.Алыбаевдин ырларынан

В. М.Алыбаевдин ырларында

Г. М.Алыбаевдин ырларына

20. Эретең мен ........... барам.

А. Асылдыкына

В. Асылды

Б. Асылда

Г. Асылдын



PISA деген эмне?

Окуучулардын жетишкендиктерин баалоо эл аралык программа -дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө окуучулардын сабаттуулугун жана билимин практикада колдонуу билгичтигин баалоочу тест. Үч жылда бир жолу өтөт. Тестке 15 жаштагы өспүрүмдөр катышат.

Окуучулардын билим жетишкендиктерин изилдөө негизи 3 багытта жүргүзүлөт:

Окуу сабаттуулугу (кыргыз тили, орус тили, чет тили)

Математикалык сабаттуулук ( алгебра, геометрия, информатика)

Табигый илимдер боюнча сабаттулук (физика, химия, биология, тарых, география)













Бекитемин:

Директор: ______________________





________________________________________ орто мектебинин PISA программасында аткарылуучу иштер



Аткарылуучу иштер

Мөөнөтүү

Жооптуулар

1

PISA програмасы боюнча семинар өтүү

Октябрь




2

PISA програмасы боюнча атайын район жетекчилири менен биргеликте семинар уюштуруу

Октябрь

Мектеп администрациясы

3

PISA програмасы боюнча предмет мугалимдери окуучулардын билим сапатын турмушта пайдалана билүүсү боюнча план түзүү

Октябрь

Предмет мугалимдери

4

Бир айда аткарылган иштин жыйынтыгын анализдөө усулдук жетекчилер

Октябрь




5

Аткарылган иштин жыйынтыгы педсоветте кароо

Ноябрь

Мектеп администрация









Түзгөн: ____________________________________















Алтын куш” жомогундагы алманын кандай касиети бар эле?

*

1 балл

Аны бир жеген кишинин курсагы ачпайт эле.

Аны жеген абышка-кемпир улам жашарып турчу.

Эч кандай касиети жок болчу.

Аны жеген адамдын каалаган тилеги орундалчу.

“Акыл Карачач” жомогундагы Жээренче чечендин «Узун жолду кыскарт» деген сѳзүнүн маанисин кандай түшүнүүгѳ болот?

*

1 балл

жолду кетмендеп чаап кыскартуу

катуу чуркап кѳздѳгѳн жерге жетүү

ѳткѳн-кеткенден кеп салуу

узун жолду кыскартууга болбойт.

“Адамды шайтан азгырат, Артык дөөлөт мас кылат. Тумшугу таштай катарда, Тууганы менен кас кылат», - деген саптар кайсы жомокко таандык?

*

1 балл

“Алтын куш” жомогуна

“Бугу эне жѳнүндѳ жомокко”

“Акылдуу дыйкан” жомогуна

“Акыл Карачач” жомогуна

“Акылдуу дыйкан” жомогунда дыйкан хан болуп “Акыл менен журт сурап калыптыр” дегендин маанисин кандай түшүнѳсүңѳр?

*

1 балл

эли-журтуна акылдуу суроолорду бериптир

элин акыл-эс менен башкарып калыптыр

элине акыл-насаат айта баштаптыр

эли менен кеңешип калыптыр

Улуулар турмушта болгон ар кандай окуядан акыл менен жыйынтык чыгарып, улам кичүүлөргө накыл кылып айтып калтырган дидактикалык чыгармалар?

*

1 балл

эмгек ырлары

табышмактар

жомок-уламыштар

макал-лакаптар

Тѳмѳнкү табышмактын жандырмагын тапкыла: «Түр-түр килем, түр килем, Түрө албадым бир килем. Сал-сал килем, сал килем, Сала албадым бир килем».

*

1 балл

асман-жер

кум-таш

булуттар

килемдин түрлѳрү

Бат сүйлөшүүгө, тилди өстүрүүгө жана жатыктырууга көмөктөшүүчү, сөздүн угумдуу болушуна жардам берүүчү чыгармалар кандай аталат?

*

1 балл

макал-лакаптар

жаңылмачтар

табышмактар

акыйнек айтышуу

“Манас” эпосундагы “Чоң жинди” ким? Ал атты балага ким коет?

*

1 балл

Кутубий, Ошпур

Манас, Акбалта

Ажыбай, Жакып

Канжаркол, Эсенкан

Жакыпка бул кеңешти ким айтып жатат? “Айтканым уккун сен, Жакып,Эми малдын баарын чачалык,Медер кылып МанастыКыргызды көздөй качалык.Бул Алтайга турганда,Не муратка жетелик.Курган жан аман барында,Кыргызга кирип кетелик!".

*

1 балл

Акбалта

Бакай

Ошпур

Чыйырды

А.Токомбаевдин “Жетим менен сыйкырчы” жомогунда кемпир баласын сыйкырчыга кандай максат менен берди?

*

1 балл

баласынын тентектигинен жадагандыктан

душманынан ѳч алуу максатында

ѳнѳр-билим алсын деген максатта

ѳзү бага албай калгандыктан

Ч.Айтматовдун «Бугу эне» жомогунда «Жылдыздар адам болсо, көккө батмак эмес. Балыктар адам болсо, сууга батмак эмес» деп ким айтат?

*

1 балл

Майрык-Чаар-Жезкемпир

кыргыздын душмандары

Мүйүздүү Бугу эне

Бугу эненин балдары

Илгери-илгери улуу кыргыз журту мекендеген Энесай жѳнүндѳ мобул ыр калган. Ошол Энесай каякта жайгашкан эле? Энесай, сендей жайкын өзөн барбы? Энесай, сендей жаркын мекен барбы? Энесай, сендей кыйын азап барбы? Энесай, сендей ыйык азат барбы?

*

1 балл

Кыргызстандын түндүгүндѳ

Кыргызстандын түштүгүндѳ

кең өзөн түндүктө Сибирь деген жерде

Арал деңизине жакын жерде

Т.Үмѳталиевдин “Күч бирдикте” чыгармасында карыя балдарын биримдикке тарбиялоо үчүн кандай акыл ойлоп тапты?

*

1 балл

балдарын бири-бири менен күч сынаштырды

айылдын балбан балдары менен күч сынаштырды

бооланган ыргайды тобу менен сындыртып сынады

даракты түбү менен омкоргула деди

Адам таппас акылы менен энелер бүтүндөй элин жоодон сактап калгандыгы тууралуу чыгарма кандай аталат жана автору ким?

*

1 балл

“Жетим менен сыйкырчы” А.Токомбаев

“Бугу эне” Ч.Айтматов

“Күч бирдикте” Т.Үмѳталиев

“Эненин жүрѳгү” Ж.Садыков

С.Рысбаевдин “Балык балдар ...” чыгармасындагы кѳл жээгинде кум сепилдерди куруп ойногон балдар эмне себептен балык балдарга айланып кетишиптир?

*

1 балл

так талашып, байлыкка көпкөн адамдардын айынан

алар башынан эле балыктын балдары болушкан

сыйкырчы аларды дубалап, балыкка айландырып жиберген

алар ата-энесин капа кылгандыгы үчүн

Кыргыз балдар адабиятындагы илимий-фантастика жанрына негиз салган жазуучу ким?

*

1 балл

Беганас Сартов

Жоомарт Бѳкѳнбаев

Кусейин Эсенкожоев

Аалы Токомбаев

1916-жылкы үркүндѳ катаал турмуш, оор тагдырды башынан кечирген элибиздин турмушун баяндаган чыгарма кандай аталат жана автору ким?

*

1 балл

“Неге кечигет?” А.Осмонов

“Кайран эл”, Ы.Шайбеков

“Күч бирдикте”, Т. Үмѳталиев

“Алакан”, С.Жусуев

К.Баялиновдун “Ажар” повестинде Ажардын тагдыры кандай аяктады?

*

1 балл

Ажар карышкырларга жем болду.

Ажар Чырдан качып, Какшаалдагы кыргыздарга барды.

Ажар ѳзү теңдүү жигитке турмушка чыкты.

Ажар бей-бечараларга жардам берди.

Телегейдин каардуу согуш учурундагы оор шарттарда адамдык кандай сапаттары ѳзгѳчѳкѳрүндү?

*

1 балл

кайраты, эрки

мээримдүүлүгү, уялчаактыгы

коркоктугу, тартынчаактыгы

таш боор, мерездиги

Улуу Ата мекендик согуш темасына арналган чыгармалар кайсылар?

*

1 балл

“Карагул ботом”, “Телибай тентек”, “Эр жигитке сын”, “Күч бирдикте”

“Ала-Тоо”, “Болор жигит”, “Болбос жигит”, “Тянь-Шань”

“Тоо эчки, “Булут”, “Жамгыр”, “Кыргыз тоолору”

“Неге кечигет?”, “Бүкѳнтай”, “Алакан”, “Атадан калган туяк”

Кѳркѳм сѳз каражаттарын маанисине ылайык келген сѳздѳр менен дал келтиргиле.

*

4 балла

тартуу камдоо жөнөп кетүү болуу кондуруу

айран-таң

сапарын кезеп

жер танабын

күлазык

айран-таң

сапарын кезеп

жер танабын

күлазык

Выберите вариант ответа в каждой строке.

Санжыргалуу сѳз берметтерин мааниси ылайык келген сѳздѳр менен дал келтиргиле

*

4 балла

ѳтѳ сак ѳтѳ ичи тар уктабаган жыргап эс алып абдан сулуу

чырм этип кирпик талдырбаган

бели кындай, бети айдай, күмүш үндүү, күн жүздүү,

көңүлдүн мээрин кандырып

чычканга кебек алдырбаган

чырм этип кирпик талдырбаган

бели кындай, бети айдай, күмүш үндүү, күн жүздүү,

көңүлдүн мээрин кандырып

чычканга кебек алдырбаган

Накыл кептерди маанисине ылайык келген бѳлүгү менен дал келтиргиле.

*

4 балла

күлүк күнүндѳ чарчабаган эшек жакшы жаркырап күйгөн тезек жакшы сүтүн берген уй жакшы пайдасы тийген кыйыр жакшы

Күч бербеген тулпардан –

Пайдасы жок туугандан –

Чабал аттан

Жаш жыгач отундан –

Күч бербеген тулпардан –

Пайдасы жок туугандан –

Чабал аттан

Жаш жыгач отундан –

Макалдын чачылган сѳздѳрүн катар иретине ылайык мамычаларга жайгаштыргыла.

*

4 балла

жакшылык иши жамандыкка эр адамдын

1

2

3

4

1

2

3

4

Тѳмѳндѳ берилген жомоктун сүйлѳмдѳрүн маанилерине жараша уланмалуулукту сактап, кезеги менен мамычаларга жайгаштыргыла.

*

4 балла

Улгайганча бала кѳрбѳй, алар тагдырларына кейип жүрүшѳт. Шамдын эриген тамчысы жерге тамып, ал балык сымал туйлай баштайт. Бир күнү адаттагыдай эле күүгүм киргенде кемпир шам жагат. Илгери-илгери бир абышка-кемпир болуптур.

1

2

3

4

1

2

3

4

Никогда не используйте формы Google для передачи паролей.

Компания Google не имеет никакого отношения к этому контенту. Сообщение о нарушении - Условия использования - Политика конфиденциальности

Google Формы




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Похожие файлы

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!