СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Пиза боюнча материалдар

Категория: Физика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Пиза боюнча материалдар»





Авторлор: Канатбекова С. Кубанычбекова С.









ПОЛИЭТИЛЕН БАШТЫКЧАСЫ БИЗДИН ЖАШООБУЗДА























О.Эсенканов атындагы негизги мектеби

О.Эсенканов атындагы негизги мектеби













Полиэтилен баштык

Америка Кошмо Штаттарынын биринчи салынган баштыктар менен 1957-жылы өндүрүлгөн. Алар бутерброды салып берγγ үчүн колдонушкан.

Полиэтилен

Полиэтилен - кеңири таралган, популярдуу жана талап кылынган материал, ал адам ишмердүүлүгүнүн ар кандай чөйрөсүндө колдонулат. Бирок, ар бир адам полиэтилендин ар кандай түрлөрүнүн көп экенин билбейт. Бүгүн биздин материалда биз материалдын көбүктүү түрү жөнүндө сүйлөшөбүз, анын айырмалоочу өзгөчөлүктөрү менен таанышабы





































Биздин турмушубузда полиэтилен баштык





Желим баштык арзан жана ыңгайлуу болгондуктан, биздин турмушубузда маанилүү орунду ээлейт. Күн сайын ар бирибиз жок дегенде эле бир-экиден мындай баштыкты көтөрөбүз. Бирок бул табият үчүн абдан чоң зыяны тийип жатканын ойлогондор аз.



Кыргыз элинде илгертеден эле буюмдарын кездеме баштыктарга, кагаздарга ороп-чулгап жүрүшкөн. Кийинчерээк полиэтилен баштыктары чыкканда маданияттын бир жетишкендиги катары кабыл алынган.













100 жылдан 400 жылга чейин бузулат;









Аларды күйгүзгөнгө болбойт, анткени күйгөн пакеттер уу заттарды бөлүп чыгарат;









Аба менен оңой тарап, сууну булгайт;









Жыл сайын пластик пакеттердин айынан жүз миңдеген балыктар, канаттуулар жана сүт эмүүчүлөр кырылат.







Эмне үчүн пластик пакеттер коркунучтуу?














.









БУУнун маалыматына караганда, мүнөт сайын дүйнө жүзүндө 10 миллион пластик пакет колдонулат. Айрым статистикалык маалыматтарга ылайык, дүйнө жүзүндө мүнөт сайын бир миллионго чукул пластик бөтөлкө сатылат. Анын 7% гана кайра иштетилет. Желим буюмдар жүздөгөн жылдар бою жок болбойт. Мисалы, пенопласттан жасалган стакан 50 жылда, ал эми балдардын памперси жана желим бөтөлкөлөр 450 жылда араң чирийт. Кыргызстанда күн сайын же жылына канча пластик идиш колдонулат? Азырынча аны эсептеген эч ким жок. «Тазалык» муниципалдык ишканасы Бишкекте күн сайын 500 тоннанын тегерегинде таштанды чыгарат. Активисттердин эсебинде, чыгарылган таштандынын 40 пайызын полиэтиленден жасалган буюмдар түзөт.





“Жаныбарлар жеп алса, азап тартат”







Таштандыга ыргытылган тамактар менен  бирге алар салынган баштыктарды жеп алган жаныбарлардын ден соолугуна терс зыянын тийгизээрин билүүбүз керек. Организмге кирген полиэтилен пакеттери ашказанда сиңирилбейт, табигый жол менен сыртка чыгарылбайт. Натыйжада организмде топтоло берет да, катуу затка айланып, зат алмашуу процессинин бузулушуна алып келет. Аларды операциялык жол менен эле алып салбаса, сыртка чыгышы мүмкүн эмес. Кичине өлчөмдөгү баштыктар эле чыгып кетпесе. Ал эми көчөдө жүргөн иттердин көпчүлүгү ушул себептен өлүмгө дуушар болушат.

Бул өлкөлөрдө тыюу салынган

Кытай:  2008-жылдын 1-июнунан тартып калыңдыгы 0.025 мм болгон желим баштыктарды иштеп чыгууга, сатууга тыюу салган.

Дания: 1994-жылы сатуу борборлорунда желим баштыктарды акысыз таратууга айып пул салынган. Бул мыйзам ишке киргенден кийин желим баштыктарды колдонуу 90 пайызга кыскарган.

Италия: 2011-жылы 1-январдан тартып желим баштыктарды колдонууга тыюу салып, алардын ордуна биобаштыктар колдонулат.

Кенияда полиэтилен баштыкчаларын пайдаланууга тыюу салынды. Мындай чаралар айлана -чөйрөнү коргоо максатында көрүлгөн.

















































Эколог

Аманбаев Арсен




Полиэтилен баштык маселеси чоң көйгөй. Анын экологияга тийгизген зыяны абдан курч экени белгилүү. Өткөн жылы Ысык-Көлдү кесип өтүү максатында 5 саат 16 мүнөт 5 секунд көлдүн тескейинен күнгөйүнө чейин сүзүп өткөм. Ошондо сүзүүгө тоскоол болгон балык кармоочу торлор, тоодой үйүлгөн целлофан баштыктары менен желим бөтөлкөлөрдү көрүп таң калгам. Эгер аркы жээкке аман-эсен сүзүп чыксам, бул көйгөйдү көтөрүп чыгам деп ниет кылган элем. Таза Ысык-Көл деген коомдук фондго мүчө болуп киргенмин. Май айында көлдүн түбүнө түшүп видео материал жасап, элге көрсөтөйγн деп жатамын. Көлдүн түбүнө түшүп кеткен полиэтилен баштыкчалар жана бөтөлкөлөр аз дегенде 500 жыл кармалып турат экен. Башкача айтканда Ысык-Көлүбүздүн түбү дем албай калды. Анын кесепетинен балыктар жоголууда.





























Активист

Муслимов Жандос

Азыр аталган баштыкчалар талаада, бак-дарактарда жана көлдүн ичинде да болуп жатат. Биз аны колдонууга тыюу салышыбыз керек. Буга убакыт деле келди. Көчмөндөр оюнунда биз полиэтилен баштыкча, пластик идиштеринин калдыктарын чогултуп жүрүп эле күнүбүз өттү. Талаадагы таштандыны жыйнап, чогултуу оңой, көлдүн ичине кирип кеткен калдыктарды жыйноо чоң машакат.




Активист

Кенжегулова Нурдана





Биз целлофандарга, желим идиштерге аябай эле көнүп алганбыз да. Эгерде колдонбоого мыйзам чыгара турган болсо, жогоруда айтылган заттардын ордуна мамлекет башка нерсени сунуштай алабы? — деген суроо пайда болот. Албетте желим бөтөлкө, полиэтилен баштыктар өлкөбүз үчүн аябагандай эле зыян алып келип жатат. Бул маселени айтып эле келе жатабыз, айта беребиз дегендей. Экологияны сактайбыз десек, азыртадан мыйзамдар кабыл алынып, иштеши керек.















Желим баштыктардын адамдын ден соолугуна тийгизген таасирин врачтар ачык айтышпайт. Бирок желим баштыкка коргошун кошулат. Бул ден соолукка абдан зыян.  Коргошун көбөйүп олтуруп, көп дарттардын чыгышына алып келет. Желим баштыкты кызыл-тазыл боёктор менен кооздошот.  Ал боёктор  тамак-ашка аралашканда да зыянын тийгизбей койбойт.  Ал эми тигиштерин бири-бирине жабыштырыш үчүн химиялык желим кошулат. Бул дагы ден соолукка зыян.  Желим баштыкта сакталган азык-түлүк тез бузулат, анткени анда зыяндуу бактериялар бар. Желим баштык менен кошо тамакты ысытканда ал баштык уулуу  зат бөлүп чыгара баштайт.















Дүйнөнү сактап калуунун жолун издөө үчүн ушул бутубуздун астында тиричилик кылган баатырлар жөнүндө көбүрөөк билишибиз керек! Учурда биздин планетада бактериялар менен грибоктордун 1% гана белгилүү жана изилденген. Бул пайызды көбөйтүү зарыл.





























































Полиэтилен баштыкчалары коомго,жаратылышка терс таасирин

тийгизбөө аракеттери



Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча өлкөнүн аймагында полимердик пленканы өндүрүү, импорттоо жана иштетүүгө тыюу салуу













Полиэтилен баштыктарынын айлана-чөйрөгө эбегейсиз чоӊ зыянын токтотушубуз керек! Адамдын иш-аракетинен улам жагымсыз химиялык заттар жана таштандылар бүтүндөй планетага таасирин тийгизиши мүмкүн!















Эгер адамзаттын ач көздүгүнүн кесепетинен биздин планетага орду толгус зыян келтиришин токтотуу үчүн дүйнө жүзү боюнча өкмөттөр тарабынан кабыл алынган мыйзамдарды жана эрежелерди ишке киргизишибиз керек.










Эгерде ар ким өз ишин аткарса,

анда биз баарыбыз бактылуу болобуз!!











Полиэтилен баштыкчанын биздин жашообуздагы

ролун изилдөөбүздүн максаты


Жер шарын полиэтилен баштыкчаларынан арылтуу,жаратылышка тийгизген таасирлерин изилдөө жана анын жоюу жолдорун табуу.

Ар бир адам өзү жашап жаткан айлана-чөйрөгө кандай кам көрүүсү керектиги жөнүндө билимге ээ болушу үчүн таштандыларды кайра иштетүү жөнүндө маалыматты жайылтабыз.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!