СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Орто мектептерде фразеологияны окутуу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Орто мектептерде фразеологияны окутуу»










АТАЙЫН КУРС:

«ОРТО МЕКТЕПТЕРДЕ

ФРАЗЕОЛОГИЯНЫ ОКУТУУ»



















Фразеологияны тереңдетип окутуу үчүн тандоо курс,

атайын семинарларды уюштуруу

ЖОЖдун окуу планына ылайык бөлүштүрүлгөн саат ичинде студенттерге кыргыз тилинин фразеологиясы боюнча эң негизги делген гана өзөк материалдарды окутууга убакыт жетет. Ал эми фразеологиянын бай материалдары менен студенттерди андан ары тааныштыруу үчүн курстук, дипломдук иштерди жаздыруудан тышкары атайын окуу планда көрсөтүлгөн тандоо курстарын, атайын семинарларды уюштурууга болот. Бул дисциплиналардын аты айтып тургандай, ЖОЖдордо мындай курстар бир нече болуп, студент өзү каалаганын тандап угууга укуктуу. Мындай курстарды төмөнкүдөй темаларда уюштурса болот:

  • Алкоо, каалоо-тилек жана каргоо иретинде колдонулуучу фразеологизмдер.

  • Адамдын оң жана терс сапаттарын туюндуруучу фразеологизмдер.

  • Адамдын дене мүчө аттары (соматизмдер) катышкан фразеологизмдер.

  • Кыргыз тилиндеги зоонимдер катышкан фразеологизмдер.

  • Сан атоочтор катышкан фразеологизмдер.

  • Орто мектептерде фразеологияны окутуунун методикасы.

  • Элдик оозеки чыгармаларда, акын-жазуучулардын чыгармаларында фразеологизмдердин колдонулушу.

  • Кыргыз элинин каада-салтын, үрп-адатын туюндурган фразеологизмдердин пайда болуу тарыхынан ж.б.

Биз сунуштаган тайын курс «XI класста кыргыз тилинин фразеологиясын орто мектептерде окутуу» деген темада 10 саат лекция, 8 саат практикалык сабак көлөмүндө. Мазмуну:

1-лекция (1 саат)

Тема: Орто мектептерде фразеологияны окутуунун актуалдуулугу.

Лексикологиянын бир тармагы болгон фразеологияны окутуунун максаты, милдеттери баяндалат. Бул теманы окутуунун азыркы күндөгү актуалдуулугу, практикалык мааниси ачылып берилет. Фразеологизмдердин окуучулардын сөз байлыгын көбөйтүүгө, кебинин көркөмдүгүнө, эне тилинин тарыхын билүүгө тийгизген таасири ачылат.

2- лекция (1 саат)

Тема: Фразеологиянын окуу программаларында жана окуу китептеринде берилиши.

Орто мектептердин 6- жана 11-класстарында окула турган бул теманын программаларда жана окуу китептеринде канча саат көлөмдө жана кандайча берилгендиги менен студенттер кеңири таанышат. Окуу китептеринде берилген теориялык материалдар, ар кыл көнүгүүлөр талданат.

3- лекция (1 саат)

Тема: Кыргыз фразеологиясынын изилдениш тарыхынан.

Бул лекцияда К.К.Юдахиндин «Кыргызча-орусча сөздүгүндөгү» фразеологиялык айкалыштарынын берилишинен тартып, азыркы кезде жүрүп жаткан бул темага байланыштуу илимий иштерге кыскача обзор берилет. Кыргыз тилиндеги бул багыттагы эң алгачкы Ж.Шүкүровдун макаласы, Р.Эгембердиевдин, Ж.Осмонованын, Б.Назаровдун кандидаттык диссертациялары жана башка тилдерде жүрүп жаткан бул багыттагы иштер жөнүндө сөз болот.

4- лекция (1 саат)

Тема: Фразеологизмдерди кыргыз адабият сабагы менен байланышта окутуу.

11-класста «Фразеология бөлүмү» окулуп жаткан кезде адабият сабагында Ч.Айтматовдун чыгармалары өтүлүп жаткандыгын эске алуу менен бул теманы окутууга бөлүнгөн предмет аралык байланышты кантип уюштурса болот? деген суроонун тегерегиндеги талкууну уюштуруу. Бул боюнча атайын иштелип чыккан сабактын планы, методикалык көрсөтмөлөр берилет.

5- лекция (2 саат)

Тема: Фразеологизмдер, алардын мүнөздүү белгилерин жана түрлөрүн окутуу.

Жалпы билим берүүчү орто мектептердин окуу планына ылайык фразеологиянын материалдарына бөлүштүрүлгөн 10 сааттык сабактардын темасы, формасы, сааты, колдонулган методдор (проблемалык, оюн, көрсөтмөлүүлүк ж.б.), каражаттар (таблицалар, карточкалар, көнүгүүлөр) жөнүндө кеңири сөз болот. Бул теманы өздөштүрүүдө кездешкен кыйынчылыктарга көңүл бурулуп, аларды чечүү жолдору көрсөтүлөт.



6- лекция (2 саат)

Тема: Кыргыз фразеологиясын окутууда сабактын стандарт эмес түрлөрүн колдонуу.

Окутуунун жаңы методдору кеңири пропагандаланып, жайылтылып жаткан азыркы мезгилдин талабына ылайык билимди даяр түрүндө эмес өз алдынча иштөө аркылуу, же болбосо сабактын тажатма бир формасы гана өтүлө бербестен, окуучунун активдүүлүгүн ойготуп, кызыгуусун туудурган сабактын стандарт эмес түрлөрү жөнүндө сөз болот. Кыргыз фразеологиясынын бөлүмүн жыйынтыктоо сабагын «сабак – мелдеш» формасында уюштуруунун болжолдуу план-конспектиси сунушталат.

7 - лекция (2 саат)

Тема: Алкоо, каалоо-тилек, айтууда колдонулган фразеологизмдер жана алардын тарбиялык мааниси.

11 - класстын окуу китебине кирбей калган мындай фразеологизмдер лексика-семантикалык жактан чечмеленип, турмушта колдонуудагы мааниси, алардын айрымдарынын пайда болуу тарыхы жөнүндө сөз болот. Мындай фразеологизмдерди жаш муундарга үйрөтүүдөгү өз элинин каада-салтын, үрп-адатын, диний ишенимдерин сыйлоо, тарбиялоо маселеси каралат.

Ал эми практикалык максатта семинардык сабактарды уюштуруу үчүн 10 көнүгүү, 8 таблица, «Фразеологизмдердин пайда болушу тарыхынан» (Х.Карасаевдин «Накыл сөздөр» китебинен алынган) тиркемеси колдонулат. Көнүгүүлөрдүн ар кыл аспектиде түзүлүшү студенттердин ишмердүүлүгүн активдештирет; таблицалар материалдарды бир ирет кайталап өздөштүрүүгө, эске сактап калууга таасирин тийгизет. Фразеологиялык талдоону жүргүзүүнүн ыкмасы үйрөтүлөт. Фразеологиялык минимум сунушталат.

Акырында, фразеологиянын теориясын жана аны орто мектепте окутуунун методикасын тереңден үйрөнүү менен студент өзүнүн кеп маданиятын, сөз байлыгын өстүрөт. Келечектеги мугалим катары өзүнүн окуучуларына да, тилибизди үйрөтүүдө таасирин тийгизбей койбойт.


  1. Кыргыз тилиндеги фразеологизмдердин изилдениши.


Кыргыз тили фразеологизмдерге абдан бай. Тээ илгертен эле ата-бабаларыбыз кептеринде уюткулуу накыл сөздөрдү, макал-лакаптарды кеңири колдонушкан. Укумдан-тукумга оoзеки түрдө айтылып, мурас катары бизге жеткен элдик чыгармалар буга күбө боло алат. Бирок бул өзүнчө бир көркөм каражат болуп кылымдар бою жашап келе жаткан тилибиздин бул катмарына илимий жактан кыргыз тил илиминде 50-жылдарга чейин атайын изилдөөлөр жүргүзүлгөн эмес.

Фразеология советтик тил илиминде өз алдынча лингвистикалык тармак катары ХХ кылымдын 40-50-жылдары калыптанган. Фразеологизмдерди тактоодо, классификациялоодо, тилден алган ордун белгилөөдө орус окмуштуулары өзгөчө ийгиликтерге жетишкен. В.В.Виноградовдун «Основные понятие русской фразеологии, как лингвистической дисциплины»1 деген эмгеги орус тилиндеги фразеологизмдерди изилдөөгө негиз салып, башка тилдердеги мындай сөздөрдү изилдөөдө жана классификациялоодо кеңири пайдаланылып келе жатат.

Фразеологизмдерди изилдөө иши ошол мезгилден тартып көптөгөн окумуштуулардын колдоосуна алынып, Б.А.Ларин2, В.Л.Архангельский3, И.Ожегов4, А.М.Бабкин5, Н.М.Шанский6, А.И.Молотков7 сыяктуу ондогон окумуштуулар тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр тил илиминин өнүгүшүнө чоң салым кошту. Ошентип, биздин кылымдын 40-жылдары фразеология тил илиминин бир бөлүгү катары таанылып, изилдөө объектилери белгиленип, ага байланыштуу илимий иштер кеңири кулач жайды.

Түркологиянын тарыхында мындай изилдөөлөр алгачкы жолу С.Кенесбаев тарабынан жүргүзүлгөн. Анын «Казак тилинин тыянактуу сөз тиркештери»,«Казак тилинин идиомалары менен фразалары тууралуу»8 деген эмгектери фразеологизмдерге арналган баалуу эмгектерден болуп калды.

Өзбек тилчиси Ш.У. Рахматуллаевдин «Азыркы өзбек тилиндеги этиштик фразеологиялык бирдиктердин грамматикалык жасалуу өзгөчөлүктөрү»9 деген темада коргогон кандидаттык диссертациясы - түрк тилдериндеги фразеологизмдердин грамматикалык өзгөчөлүктөрү менен семантикалык структурасын изилдөө иштерине жол салган эмгек болуп саналат.

Тил илиминде фразеологизмдерди изилдөө иштеринин актуалдуулугу жөнүндө 1959-жылы 15-18-сентябрда Навои атындагы Өзбек мамлекеттик университетинин тил кафедрасынын демилгеси менен эл аралык конференция уюштурулуп, Самаркандда өткөн. Ал түрк тилдериндеги фразеология маселелерине гана арналбастан, жалпы эле тил илиминдеги такталууга, талкууга муктаж болгон фразеологиянын изилденишин кызуу талкууга алган. 3 секция боюнча (орус тилинин фразеологиясы, түрк тилдеринин фразеологиясы, роман-герман жана иран тилдеринин фразеологиясы) 36 доклад жана маалымдоолор окулган. Катышуучулар ошол кездеги актуалдуу болгон фразеологизмдердин составы жана чеги; фразеологиялык түрмөктүн эркин сөз тизмегинен, татаал сөздөн, туруктуу метафоралык сөз тизмегинен айырмасын тактоо; фразеологизмдердин лексика - семантикалык жана грамматикалык түзүлүшүнүн табиятын таануу сыяктуу маселелерге өзгөчө көңүл бурушкан. А.Тихонов: «Конференция помогла наметить основной путь и направление по которым должна вестись работа над фразеологией в ближайшие годы»10 , - деп белгилегендей, конференция фразеология боюнча илимий иштер системалуу жана үзгүлтүксүз жүргүзүлүүгө тийиш экендигин көрсөткөн. Анын материалдары «Вопросы фразеологии» деп өзүнчө жыйнак болуп чыгып, ага С.Н. Муратовдун «Түрк тилдериндеги туруктуу сөз тизмектери»11 деген доклады кирген.

Андан бери түркологияда фразеологияга арналган теориялык жана методикалык көптөгөн эмгектер иштелди жана иштелип жатат. Мисалы: Алмамедов А. «Двухкомпонентные глагольные номинативные фразеологические единицы в современных английском и туркменском языках» (Ашхабад, 1982), Мамедова К.А. «Фразеологическая синонимизация в современном азербайджанском литературном языке» (Баку, 1983), Таева Р.М. «Фразеологические единицы типа «определение плюс определяемое» в современном казахском языке» (Алмата, 1983), Юлдашева Р.Ж. «Принципы составления и пути использования учебного двуязычного фразеологического словаря идеографического характера» (Ташкент, 1985), Сопиев З.Т. «Фразеологическая работа на уроках русского

языка в национальной школе с углубленным изучением предмета» (Душанбе, 1988), Ахметжанова Ф.Р. «Фразеологические единицы типа «относительное прилагательное плюс существительное» в казахском языке» (Алмата, 1988), Аллахвердиева Э.М. «Лексикографическая и структурно-семантическая эквивалентность в художественном переводе ( на основе переводов романов А.М.Горького) на азербайжанском языке» (Баку, 1987), Джапарбекова С.А. «Фразеология в двуязычных словарях» (Алмaта, 1990) ж.б.у.с. кандидаттык диссертацияларды атоого болот.

Эми кыргыз тилиндеги фразеологизмдердин изилденишине токтолсок.

Фразеологизмдер өзүнчө илимий талдоого алынбаса да, практикалык жактан изилденип келген. К.К.Юдахиндин 1940-жылы жарык көргөн «Кыргызча – орусча сөздүгүндө»12 фразеологизмдер кеңири кездешет жана алар башка сөз каражаттарынан айырмаланып, ромб белгиси менен белгиленген. Автор китептин баш сөзүндө: «В словаре богато представлен иллюстративный материал: пословицы, поговорки, устойчивые словосочетания, идиоматика, отдельные фразы и цитаты из произведении»13,- деп жазат. Сөздүк толукталып, 1965-жылы 2-жолку басылышында фразеологизмдердин саны дагы көбөйгөн.

Тилдеги сөздөрдүн лексикалык, семантикалык, стилдик нормасын белгилеген «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө»14 да фразеологизмдер бир кыйла берилген.А.Жапаров «Азыркы адабий кыргыз тилиндеги сөз айкаштарынын грамматикалык структурасы»15 деген эмгегинде фразеологизмдердин сүйлөмдөгү синтаксисттик функциясына кыскача токтолгон.

Кыргыз тилчилеринен фразеологизмдерди атайы изилдөөгө биринчи жолу аракет кылган окумуштуу Ж.Шүкүров болгон. Анын «Кыргыз тилиндеги фразеологиялык айкалыштар жөнүндө»16 деген макаласы фразеологизмдерге арналган кыргыз тилиндеги алгачкы эмгек болуп саналат. Бул макалада автор фразеологизмдердин туруктуу сөз тизмектеринин башка түрлөрүнөн (макал-лакаптардан, татаал сөздөрдөн) айырмалануучу белгилерин аныктап, фразеологиялык айкалыштардын түзүлүү жолдоруна көбүрөөк токтолуп, бир макала менен кыргыз тилиндеги фразеология маселесин камтуу мүмкүн эместигин, фразеологиялык айкалыштардын бардык маселелерин толук жана терең чечүү үчүн эң зор изилдөө жүргүзүү керектигин, ушул мезгилге чейин бул сөздөрдү изилдөөгө арналган эмгектер жоктугун, кыргыз тилиндеги фразеологизмдерди топтоо, классификациялоо, өздөштүрүү сыяктуу иштер тилчилер үчүн негизги маселелердин бири экендигин баса белгилеген.

Андан бери көптөгөн жылдар өттү. Фразеология - тилдеги өзгөчө көркөм сөз каражаттары болгон туруктуу сөз айкаштарын изилдей турган тил илиминин өзүнчө бир бөлүмүнө айланды. Изилдей турган объектиси - тилдеги фразеологизмдер боло тургандыгы такталды. Жалпы тил илиминде да, түркологияда да (анын ичинде кыргыз тилинде) илимий иштер иштелип, көптөгөн макалалар жарык көрдү. Фразеологизмдер ар тараптан иликтөөгө алынды.

Кыргыз тилинде фразеологизмдерге байланыштуу изилдөө иштери Ж.Шүкүровдун аталган макаласынан кийин дымып калган. 60-жылдардын аягында гана Ж.Осмонованын демилгеси менен бул изилдөөлөр кайра жанданды. Анын фразеологизмдердин бир бөлүгү болгон идиомаларды изилдөө иштерине арналган «Идиомалардын макал-лакап менен карым-катышы»17, «Кыргыз тилиндеги идиомалар жөнүндө»18, «Идиомалардын лексикалык

варианттары»19, «Идиомалардын синонимдери жөнүндө»20 жана башка макалалары биринин артынан бири жарык көрөт. «Кыргыз тилиндеги идиомалар» деген темада кандидаттык диссертациясы (кыргыз тилинин фразеологизмдерине арналган алгачкы диссертация) корголуп, 1972-жылы «Кыргыз тилиндеги идиомалар»21 аттуу монографиялык эмгеги басылып чыгат. Ж.Осмонованын эмгектери фразеологизмдерди теориялык планда изилдеп, өзүнүн так, даана корутундулары менен идиомалардын табиятын так ачып бергендиги менен баалуу.

Ж. Мамытовдун «Кыргыз тилинин фразеологиясы»22 А.Сапарбаевдин «Метафора менен фразеологиялык синонимдердин катышы»23, Ж.Мукамбаевдин «Идиомалар, учкул сөздөр»24, Б.Суранчиеванын «Фразеологиялык синонимдер»25 деген макалалары жарык көрүп, алар негизинен кыргыз тилиндеги фразеологизмдердин түрлөрү, алардын лексикa—семантикалык табияты, башка тилдик сөз каражаттарынан өзгөчөлүгү сыяктуу маселелердин тегерегинде изилдешип, атайын кыргыз тил жана адабият мугалимдери үчүн теориялык жактан жардам катары жарыяланган материалдар болгон.

Кыргыз тил илиминде фразеологизмдерди теориялык жактан да, методикалык жактан да кеңири иликтөөгө алган окумуштуу Р.Эгембердиев болду. Анын «Фразеология - тил илиминин бир бөлүгү»26, «Өнөр алды - кызыл тил»27 деген макалалары жалпы тил илиминде (анын ичинде кыргыз тилинде) фразеологизмдердин изилденишине, айрым фразеологизмдердин маанисин чечмелөөгө арналса, ал эми «Манас» эпосундагы фразеологизмдер»28 деген макаласында эпосто кеңири кездешкен бул сөздөрдү колдонуудагы стилдик жактан өзгөчөлүктөрү такталган. Ушул теманы терең изилдөө менен Р.Эгембердиев 1979-жылы «Манас» эпосундагы фразеологизмдер» деген кандидаттык диссертациясын коргойт. Бул эмгек элдик оoзеки чыгармаларда, көркөм адабиятта фразеологизмдерди колдонуудагы өзгөчөлүктөрдү иликтөөчүлөр үчүн салынган чыйыр болду десек болот. Анткени башка элдерде бул темага байланыштуу бир топ эле эмгектер бар. Алсак, Вирясова Л.С. «Фразеологизмы в произведениях М.А.Шолохова (Самарканд, 1960), Григорьеса А.Д. «Фразеология поэта Пушкина» (Москва, 1969), Гусеинов С.С. «Лексика и фразеология в произведениях Гасумбека Закира» (Баку, 1973), Каххарова Х.А. «Фразеология Абдуллы Кадыри» (Ташкент, 1985), Мамедов Забит Теймур оглы «Лексика и фразеология рассказов Сулеймана Сани Ахундова» (Баку, 1983), Гусимова Г. «Фразеологизмы в казахском эпосе» (Алмата, 1991) ж.б. Бул багытта кыргыз тил илиминде жогорудагы Р.Эгембердиевдин эмгегинен сырткары Ж.Мукамбаевдин «В.И.Лениндин чыгармаларындагы фразеологиялык байлыктар»29 деген макаласы жарык көргөн.

80-жылдары фразеологизмдердин мүнөздүү белгилеринин бири болгон - эмоционалдык –экспрессивдүүлүк касиетин иликтөө иштери А.П.Назаров тарабынан жүргүзүлдү. Анын «Кыргыз тилиндеги фразеологизмдердин маанисин күчөтүүнүн жолдору»30, «Фразеологизмдердин арасына сөз же сөз айкашын кыстаруу»31 , «Фразеологизмдердин натыйжалуулугун жогорулатуучу ыкмалар»32, «Фразеологизмдер, алардын иденфикаторлорунун стилдик максатта катар колдонулушу»33 сыяктуу макалалары фразеологизмдердин маанисин күчөтүүнүн жолдорун илимий түрдө изилдеген эмгектерден. Көп жылдык изилдөөлөрдүн натыйжасы болгон «Художественно-функциональные основы экспрессивности фразеологических единиц» деген темадагы кандидаттык диссертациясын 1985-жылы коргогон.

Кыргыз лексикографиясында фразеологизмдерди иликтөө иши улантылып, 1980-жылы «Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү», 1990-жылы Э.Абдулдаев, К.Сейдакматовдор тарабынан мектеп окуучулары үчүн «Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү» жарык көрүп, окуучулар, студенттер, тил жана адабият мугалимдери, илимий изилдөөчүлөр, дегеле жалпы калайык-калк үчүн керектүү китептерден болуп калды десек болот (Бул сөздүктөргө кеңирирээк 2-бөлүмдө токтолобуз).

Кыргыз тилиндеги фразеологизмдерди теориялык, практикалык жактан иликтөөгө арналган бир топ иштер иштелди. Ал эми фразеологияны мектептерде, окуу жайларда окутууга байланыштуу методикалык изилдөө иштери солгун журуп жатат. Мындай эмгектерди атасак: Ж.Мукамбаев, А.Осмонкулов «Азыркы кыргыз тили» (методикалык көрсөтмөлөр жана көнүгүүлөр жыйнагы)34, Ж.А.Чыманов «Орто мектептерде фразеологизмдерди окутуунун айрым маселелери»35 , «Сөз маданияты жана фразеология»36, А.Калдымолдоева «Сөз айкаштарын окутуу боюнча методикалык колдонмо» (3-5- курстун студенттери үчүн37,Р.Токсоналиева «Эсептик маанидеги фразеолгизмдер»38, Р.Эгембердиев «IХ класста фразеологизмдерди окутуунун өзгөчөлүктөрү»39 , «Фразеология» ( 6-класста фразеологияны окутуу)40 , 1992-жылы жарык көргөн «Фразеологияны ХI класста окутуу» (мугалимдер үчүн методикалык колдонмо).

Ж.Мукамбаев, А.Осмонкуловдун «Азыркы кыргыз тилинде» «Кыргыз тилинин фразеологиясы» деп өзүнчө бөлүм берилип, анда эркин жана туруктуу сөз айкаштарынын айырмасы, фразеологизмдердин бөлүнүштөрү, алардын изилдениши жөнүндө кыскача айтылып, ар түрдүү он чакты көнүгүүлөр берилген.

А.Калдымолдоеванын «Сөз айкаштарын окутуу боюнча методикалык колдонмосунда» эркин сөз айкашынан айырмаланып, туруктуу сөз айкашы сүйлөмдө бир гана сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткара тургандыгы, фразеологизмдер синтаксистин изилдөө обьектиси боло албастыгы жөнүндө айтылып, мисалдар келтирилген.

Жогоруда аталган эки эмгек ЖОЖдун студенттерине арналган. Ал эми «Эсептик маанидеги фразеологизмдер» деген макалада Р.Токсоналиева мектепте кыргыз тили сабагында сан атоочту өткөндө «бир тыйынга татыбаган; бирди көрсөтүү; эки колун мурунга тыгуу; үч уктаса түшүнө кирбеген; төрт тарабы кыбыла; беш өрдөгүн учуруу» сыяктуу сан атоочтор катышкан фразеологизмдерди колдонуп өтүү менен окуучуларды сабакка кызыктырып, кругозорун өстүрүп, кыргыз тилинин көрктүүлүгүнө, коoздугуна көңүлдөрүн бурдурууну сунуш кылат.

Мектептерде атайын фразеология бөлүмүн 6-11- класстарында окутуу боюнча Р.Эгембердиевдин эмгектери колдоого татыктуу. Окуу программасында бөлүнгөн сааттар боюнча сабактарды өтүү ыкмалары теориялык жактан баалуу маалыматтары, методикалык сунуштары менен азыркы учурда мектеп мугалимдери үчүн пайдалуу эмгектерден болуп кызмат өтөөдө. Бирок окуу программасынын өзгөрүшү менен бул эмгектердин айрым бөлүктөрү оңдоолорго жана толуктоолорго муктаж. (11-класска арналган методикалык эмгекке 2-бөлүмдө токтолобуз).

Ж.А.Чымановдун «Орто мектептерде фразеологизмдерди окутуунун айрым маселелери» деген илимий-практикалык конференцияда жасаган докладында мугалимдердин фразеологияны окутуудагы милдеттерине жана окуу китептеринде бул бөлүмдүн үстүртөдөн жана кыска берилгендигинен дуушар болуп жаткан кыйынчылыктарына токтолгон. «Сөз маданияты жана фразеология» деген макаласында окуучулардын речтеринде фразеологизмдерди туура колдонууга үйрөтүү керектигин баса белгилеп, мугалимдерге фразеологизмдердин мүнөздүү белгилери жөнүндө теориялык маалыматтарды берүүнү максат кылган.

Окумуштуу Р.Эгембердиев фразеологиянын өнүгүшү жана изилдениши жөнүндө мындай дейт: «Фразеология –как наука систематически развивается, идет от ступени к ступени, углубляется и расширяется. Так если 40-годы нашего столетия определялись семантические особенности фразеологии, и в этом направлении шла их классификация, то в 50-е годы внимание исследований привлекла сфера употребления в художественной литературе и уточнялись специфические отличие фразеологизмов от других языковых единиц, начиная с 60-годы глубокому изучению подверглись морфологические, синтаксистические особенности фразеологизмов, а сама фразеология, еще более упрочила свое положение, как важная и самостоятельная отрасль языкознания»41.

Жыйынтыктап айтканда, кыргыз тилинин фразеологиясында толук изилдене элек, колго алынбаган маселелер боюнча теориялык, практикалык, методикалык жактан илимий иштерди жүргүзүү - келечектин иши.


Окуу программаларында жана окуу китептеринде фразеологияны окутуунун берилиши.

Фразеологиянын материалдарын камтыган мектептер үчүн алгачкы окуу китеби – С.Кудайбергенов, Ы.Жакыпов, М.Мураталиевдер жазган VIII-Х класстар үчүн «Кыргыз тили»42. Китептин баш сөзүндө авторлор: «Кыргыз орто мектептеринин VIII-Х класстар үчүн мындан мурун тил боюнча окуу китеби болбогон. Бул класстар мурда V-VII класстардын жана педагогикалык окуу жайлар үчүн түзүлгөн грамматика43 менен окутулуп келген»44 дешет. Фразеология бөлүмү С.Кудайбергенов тарабынан жазылып, ага лексиканын материалдарынан кийин орун берилген. Негизинен окуучуларга фразеологизмдер жөнүндө кыскача түшүнүк берүү менен чектелген. Ошол кездеги кыргыз тил илиминдеги (дегеле тил илими боюнча фразеология маселелеринин тактала электигине байланыштуу) фразеологизмдерди изилдөө иштери жаңыдан жүргүзүлүп жаткандыгын эске алсак, китептеги терминдердин, айрым маалыматтардын туура эместиги кечиримдүү болот деген ойдобуз. Мисалы, фразеологизмдерге берилген аныктама: «Мааниси жагынан биримдикти түзүүчү сөздөрдүн туруктуу айкашуулары фразеология деп аталат»45 («фразеология» менен «фразеологизм» деген терминдердин айырмасы). «Фразеологиялык айкашууга идиома, макалдар жана лакаптар да кирет»46 деп берилет. «Фразеологизм» делбестен «фразеологиялык туруктуу айкалышуу» деп аталып, ал тилге эмоционалдык көркөмдүк берээри, көбүнчө өтмө мааниде болоору, сүйлөмдө 1 мүчөнүн кызматын аткараары, башка тилге сөзмө – сөз которулбастыгы белгиленип, «бармак басты, көз кысты; шагы сынуу; ыргыткан ташы өргө кулоо; кой терисин жамынган; эшек талкалоо; союп каптагандай; кур алакан; жапа тырмак» деген фразеологизмдер берилип, айрымдарына Т.Сыдыкбековдун чыгармаларынан мисалдар келтирилген, көнүгүүлөр берилген эмес.

1958-жылы түзүлгөн эне тилинин программасында VIII класска фразеологияны окутууга 1 саат бөлүнүп, жогоруда аталган китеп менен окутулган. Бул программа 1966-жылга чейин колдонулган. 1967-жылы «Жалпы орто билим берүүчү мектептердин иштерин мындан ары да жакшыртуу чаралары жөнүндө» кабыл алынган токтомго ылайык «Орто мектептин IV-Х класстары үчүн кыргыз тилинин программасынын» долбоору 1968-жылы бекитилип, анда фразеология өзүнчө бөлүм болуп берилбестен, 4-класста лексиканы окутууга 8 саат бөлүнүп, анын 1 сааты туруктуу сөз тизмектери жөнүндө түшүнүк берүүгө багытталган.47

1971-1972- окуу жылы үчүн 8 жылдык жана орто мектептер үчүн кыргыз тилинин жана адабиятынын жаны программасы иштелип чыгат. Фразеологизмдерди окутууга эми IХ класстын «Сөз маданияты жана стилистика» бөлүмүндө 2 сааттык убакыт бөлүнгөн.48 Бул материалдар А.Жапаров, Б.Орузбаева, Э.Абдулдаевдер түзгөн «Кыргыз тили»49 окуу китебинде берилип, «Сөз маданияты жана стилистика» бөлүмүн Э.Абдулдаев жазган. 1971 - жылы жарык көргөн бул китептин 4-басылышы жаңы программанын негизинде түзүлсө да, фразеология боюнча берилген материалдар 2 сааттык сабак үчүн аздык кылат. Ушундай пикирди билдирген Р.Эгембердиевдин «IХ класста фразеологизмдерди окутуунун өзгөчөлүктөрү»50 деген макаласы «Манас» эпосунда кездешкен фразеологизмдерди талдоо менен мугалимдер үчүн кошумча каражат болгон.

Окуу китебинин «Синтаксис жана пунктуация» бөлүмүн жазган А.Жапаров «Эркин сөз тизмеги жана туруктуу сөз тизмеги»51 деген темада да фразеологиялык сөз айкаштарга кыскача токтолгон.

1980-жылы түзүлгөн программанын долбоорунда фразеология 5 - класста окутулуп, «Лексика жана фразеологияга» жалпысынан 8 саат бөлүнүп, анын 1 сааты фразеология жөнүндө түшүнүк берүүгө арналган. Программада 1-жолу сабакты башка предметтер менен байланышта өтүүгө көрсөтмөлөр берилген. «Лексика жана фразеология» бөлүмүн өтүүдө предмет аралык байланышта адабият сабагы менен тыгыз байланышта өтүү, башкача айтканда, көркөм чыгармалардан туруктуу сөз айкаштарын жана эскирген сөздөр, аллегорияларды табуу менен байланышты ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү белгиленген. Фразеология боюнча билим алууда V класстын окуучуларына коюлган талап катары «фразеология боюнча жөнөкөй түшүнүктү билүүгө тийиш»52деген көрсөтмө болгон.

«… долбоор мектептерде, ЖОЖдордо, илимий-изилдөө институтунда кеңири талкууланып, айрым сын-пикирлер газета-журналдарга жазылгандан кийин Кыргыз ССРнин элге билим берүү министрлигинин алдында түзүлгөн комиссия тарабынан кайрадан каралып, илимий-теориялык, методикалык жана дидактикалык жактан алымча-кошумчаларды киргизүү менен андан ары өркүндөтүлдү»53. Ошентип, өркүндөтүлүп түзүлгөн 1983- жылкы программанын долбоордон айырмачылыгы- фразеологияны өздөштүрүүгө окуучуларга коюлган талаптардын тереңдеши, тактап айтсак «фразеологизмдерди колдонуудагы бөтөнчүлүктөрүн ача билүү; айрым сөздөрдүн синонимдери менен катары колдонулушуна мисал табууга жетишүү»54 керек болгондугунда..

Бирок, бул талаптарга жооп бергидей ошол мезгилде колдонулган Д.Исаев , С.Кудайбергенов, С.Үсөналиевдердин «Кыргыз тили»55 окуу китебинде фразеологияга байланыштуу материалдар берилген эмес. Мындай программа менен окуу китебинин ортосундагы дал келбөөчүлүктөр фразеологияны окутууда мугалимдер үчүн тоскоолдуктарды туудурган.

Мектеп реформасынын талаптарына ылайык эне тилди ар тараптан тереңдетип окутууну максат кылган 1987-жылы түзүлгөн «Кыргыз тили жана адабиятынын программасынын» (VI класстар үчүн) долбоору С.Давлетов, А.Иманов, Д.Шералиев, А.Кайбылдаев жана окумуштуулар, методисттер, мугалимдердин пикирлери менен түзүлүп, 1988-жылы бекитилген. Программада көпкө чейин өз ордун ээлей албай келген тил илиминин бир салаасы болгон фразеологияга атайын көңүл бурулуп, ал жөнүндө алгачкы маалымат 6-класста берилип, жалпысынан «Лексика менен фразеология» бөлүмүнө 10 саат бөлүнүп, анын 2-3 сааты фразеологияны окутууга ыйгарылган. Алар: «Фразеология жөнүндө жалпы түшүнүк» (1 саат), «Фразеологизмдердин сүйлөм мүчөсү катары милдет аткарышы» (1 саат), сөз маданияты боюнча: «Фразеологизмдерди колдоно билүү, фразеологиялык сөздуктүн жардамы менен фразеологизмдердин маанисин, түзүлүшүн тактап үйрөнүү» (1 саат)56.

Фразеологияны окутуу 10-11-класстарда улантылат. 10-класста «Лексика жана фразеологияга» 4 саат бөлүнүп окуучулар фразеологизмдердин, мүнөздүү белгилери, татаал сөздөр, эркин сөз айкаштары, макал-лакаптар менен карым - катышын үйрөнүшүп, аларды ар түрдүү стилдерде колдоно билүүгө жетишүү сыяктуу билимдерге ээ болушат.

11-класста фразеология өзүнчө бөлүм катары берилет. Ага 6 саат убакыт каралат. Ал сааттар:

Фразеологизмдин өз ара бөлүнүшү:

а) идиомалар;

б) фразеологиялык айкаш.

Сөз маданияты боюнча фразеологизмдерди речте колдонуу:

  1. өзгөртүүсүз колдонуу;

  2. өзгөртүү менен колдонуу;

  3. жарыш колдонуу.

Жогоркудай колдонуудан чыккан натыйжалар, фразеологизмдердин сөз менен синонимдик катышты түзүшү, алардын кошумча маанилериндеги өзгөчөлүктөр деген темаларга бөлүштүрүлүп, окуучулардын төмөнкүдөй натыйжаларга жетишүүсү керектиги көрсөтүлгөн: «Фразеологизмдердин түрлөрүн айырмалай билүүсү, фразеологизмдердин речте колдонууларын сергектик менен байкоо, өз речтеринде фразеологизмдерди орундуу пайдаланууга умтулуу».

Эми бул материалдар окуу китептеринде кандай чагылдырылганына токтолсок.

Мурдатан колдонулуп келген Д.Исаев, С.Кудайбергенов, С.Үсөналиевдердин «Кыргыз тили» окуу китеби программанын негизинде оңдолуп, толукталып 1986-жылы 6 – жолу басылып чыгат. Фразеология бөлүмүнө программага ылайык лексиканын материалдарынан кийин орун берилген.

§ 30та фразеология жөнүндө түшүнүк берилет да, 3-4 көнүгүү сунуш кылынган. Көнүгүүлөрдүн саны бир аз көбөйсө да, окуу китеп программадагы материалдарды толук камтыган эмес. Фразеологизмдерге берилген аныктама мурдагы окуу китептериндеги аныктамаларга караганда: «Составындагы сөздөр өздөрүнүн түздөн-түз маанисинен алыстоо менен бирге ажырагыс бир бүтүнгө беригип, ой пикирди курч, элестүү түрдө билдирүүчү туруктуу сөз айкаштары фразеологизмдер же фразеологиялык айкалыштар деп аталат» деп такталган.

Ал эми фразеологизмдердин бир сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарышы тууралуу эч кандай маалымат жок, көнүгүүлөр жетишсиз. Ушул сыяктуу өксүктөрдү толтуруу максатында Р.Эгембердиев 6-класста фразеологияны окутууга арналган 3 сабактын план конспектисин иштеп чыгып, «Аны ар бир мугалим өзү тарабынан жыйналган материалдар менен толуктап, зарыл деп эсептелген жерлерине алымча-кошумча киргизип, чыгармачылык менен окутушу керек»57 деп эскертет. Азыркы мезгилге чейин 6-класста фразеологияны окутууну мугалимдер өздөрүнүн чыгармачылыгы менен жүргүзүүдө, себеби, мектептерде жогорку биз көрсөткөн окуу китеп колдонулууда (акыркы жолу 1990-жылы басылган).

10-класста Э.Абдулдаев, А.Турсуновдун ошол кезде окутулуп жаткан IХ-Х класстар үчүн «Кыргыз тили» окуу китебинин 11-басылышында (1988-ж.) фразеология жөнүндө эч кандай маалымат жок. Бул кемчилик 1991-жылы А.Сапарбаев, С.Өмуралиева, Р.Эгембердиев тарабынан түзүлгөн Х-ХI класстар үчүн «Кыргыз тил» окуу китебинин жарык көрүшү менен жоюлду десек болот. Баш сөздө: «Мурдагы окуу китебине айырмаланып, мында жаңы бөлүмдөргө, кээ бир темаларга, окуучулардын өз алдынча ой жүгүртө билүү жөндөмдүүлүгүн арттыруу, тил каражаттарынын таасирдүүлүгүн , образдуулугун терең өздөштүрүү максатын көздөгөн практикалык иштерге көп орун берилди. Мисалы, «Фразеология», «Кыргыз тилинин советтик доордо өнүгүшү» деген темалар окуу китебине жаңыдан киргизилди»58 деп жазышкан.

«Фразеология» бөлүмүн Р.Эгембердиев даярдаган, өзүнүн илимий иштерин ушул темага байланыштуу алып жүргөндүктөн, окуу китебинде бул бөлүм программага толук жооп берип, так, кенен, кызыктуу берилген. Алгач фразеология боюнча жалпы түшүнүк берилет. Андан кийин фразеологизмдердин мүнөздүү белгилери, өз ара бөлүнүшү, фразеологиялык бирдик, идиомалар, фразеологиялык айкаштар, макал-лакаптар менен карым-катышы, речте колдонулушу, жарыш колдонуу, сөз менен синонимдик катышты түзүшү, алардын кошумча маанилериндеги өзгөчөлүктөр, предмет аралык байланыш деген темалар өз алдынча берилип, билим берүүчүлүк, өркүндөтүүчүлүк жана тарбиялык маанилери терең бир топ көнүгүүлөр берилген. Аныктамалар, кортундулар кыска, так жана жеңил берилген. Бул окуу китеп 1993-жылы 2-жолу оңдоолор, толуктоолор менен басылып чыккан. Жыл аягында «Фразеология» бөлүмүнүн кайталоо үчүн суроолор жана бышыктоо үчүн ар түрдүү көнүгүүлөр берилген.59 (Бул иштин 2-бөлүмүдөгү сабактардын үлгүсү ушул окуу китебине ылайыкталып түзүлдү).

1987- жылдан баштап лексика менен фразеологияны окутууга «… таанып билүүчүлүк жана тарбиялык мааниси да бар сөздүк составды, фразеологизмди окуу менен окуучулардын тил жөнүндөгү билими кеңеет, эстетикалык табиттери калыптанат, речтери байыйт»60 деп баа берилип, атайын факультативдик окутуу киргизилген.

Акыркы 1994-1996-жылы чыккан орто мектептердин V-Х1 класстары үчүн «Кыргыз тилинин программасында» фразеологияны окутуу 6 жана 10 класстарга бөлүштүрүлгөн. 6-класста мурдагыдай эле 2-3 саат, ал эми 9-класска (мурда 8 саат бөлүнсө) 10 саат жана жыл аягында кайталоого 2-3 саат каралган.61

Окуу китептери боюнча жогоруда айтылгандай, 6-класстар үчүн кыйынчылыктар бар болсо, ал эми 11-класстар үчүн азыркы колдонулуп жаткан окуу китеби фразеологияны окутууда программада коюлган талаптарга жооп бере алган.

ЖОЖдордо азыр лексика менен фразеологияны окутуу 1 - курста жүргүзүлүп, жалпысынан 28 саат лекция, 18 саат практикалык сабактар бөлүнгөн. Анын 3-5 сааты фразеологияга арналат. Бул темага байланыштуу курстук, дипломдук иштер жазылып, атайын курстар окулуп турат.






11- КЛАССТА ФРАЗЕОЛОГИЯНЫ ОКУТУУ

1. Фразеологизмдердин мунөздүү белгилерин жана түрлөрүн окутуу.


Жалпы билим берүүчү орто мектептерде кыргыз тили эң маанилүү негизги предметтерден болуп саналат. Баланын инсан катары калыптанышында жана акыл сезиминин өнүгүшүндө гуманитардык предметтердин ичинен тил жана адабиятка өзгөчө роль таандык. Мугалим кыргыз тили сабагын өтүү менен окуучуларга теориялык гана билимдерди бербестен, алардын логикалык ой жүгүртүүсүн калыптандырат, эске тутуу жөндөмдүүлүгүн өнүктүрөт, турмушка, коомдук-өндүрүштүк, эмгектик, адеп-ахлактык ишмердикке үйрөтөт.

Кыргыз тили боюнча билим берүүнүн мамлекеттик стандарты тилди окутуунун негизги милдеттеринин бири катары :

  • Эне тилин урматтоо жана аны менен сыймыктана алууга, эне тилинин тазалыгы үчүн кам көрүүгө, адабий тилдин нормаларын, сөздөрдүн туура жазылыш жана айтылыш эрежелерин эске тутууга, тилдин көркөм каражаттарын орундуу колдоно билүүгө машыктыруу;

  • Адабий тилдин нормаларын билгичтик менен өздөштүрүү, сөз байлыгын арттыруу, сөздүн синонимдик катарларын, көркөм сөз каражаттарды, өтмө маанилүү жана эмоционалдуу-экспрессивдүү сөздөрдү пикир алышуунун бардык формаларында туура колдоно билүү менен окуучулардын логикалык ой жүгүртүүлөрүн калыптандырууну белгилейт.

Окуучуларды мына ушу көндүмдөргө үйрөтө турган кыргыз тил илиминин бир салаасы - фразеология. Бул бөлүмдү окутуунун негизги максаты жана милдеттери төмөнкүлөр :

  • Фразеологиянын тилдин жалпы системасындагы ордун;

  • Фразеологизмдердин мүнөздүү белгилерин;

  • Фразеологизмдердин өз ара бөлүнүштөрүн;

  • Фразеологизмдердин эркин сөз айкаштарынан, макал-лакаптардан, татаал сөздөрдөн болгон айырмасын;

  • Фразеологизмдердин тилдеги функциясын;

  • Фразеологизмдердин колдонулушундагы өзгөчөлүктөрүн үйрөтүү.

Ушул максаттарды ишке ашыруу үчүн фразеологияны 11-класста окутууга бөлүнгөн 10 саатты мугалим чеберчилик, изденүүчүлүк, чыгармачылык менен колдонууга тийиш.

Фразеологияны мектептерде окутууга байланыштуу мугалимдердин иш тажрыйбасынан, методикалык эмгектерден, илимий изденүүлөрдөн пайдаланып программада бөлүнгөн сааттарды төмөнкүдөй бөлүштүрүүнү жана билим берүүнүн эффективдүүлүгүнө жетүү үчүн сабактын ар кандай формаларын пайдаланууну сунуш кылабыз.



Сабактын темалары

Сабактын формасы

Сааты

1

Фразеология жөнүндө жалпы түшүнүк.Фразеологизмдердин мүнөздүү белгилери.

Сабак-лекция

1

2

Фразеологизмдин өз ара бөлүнүшү:

а)фразеологиялык ширешме;

б) фразеологиялык бирдик;

в) фразеологиялык айкаш.

Проблемалык метод менен уюштурулган сабак

1

3

Көнүгүүлөрдү иштөө (16-19-көнүгүү).

Практикалык сабак

1

4

Фразеологизмдер менен макал-лакаптардын карым-катышы, сөз маданияты.

Стандарт сабак

1

5

Фразеологизмдердин речте колдонулушу:

а) өзгөртүүсүз колдонуу;

б) өзгөртүп колдонуу;

в) жарыш колдонуу.

Сабак-диспут

1

6

Фразеологизмдердин сөз менен синонимдик катышты түзүшү. Фразеологиялык сөздүк менен иштөө

Өз алдынча иштөө методу менен уюштурулган сабак

1

7

Фразеологиялык талдоо

Практикалык сабак

2

8

Предмет аралык байланыш

Өз алдынча иштөө методу менен уюштурулган сабак

1

9

Кайталоо

Сабак - мелдеш

1


1-САБАК

Мугалим жаңы теманы өтүүдөн мурун VI класста фразеология боюнча алган билимдерин окуучулардын эсине түшүрүп, бир нече cуроолорду берет:

  1. Кандай фразеологизмдерди билесиңер?

  2. «Фразеология», «фразеологизм» деген терминдерге аныктама бергиле.

  3. Фразеологизмдерге мүнөздүү болгон белгилер кайсылар?

  4. Фразеологизмдер сүйлөм мүчөлөрү боюнча кандай талданат?

  5. Эркин сөз айкашы менен туруктуу сөз айкашынын айырмасы кандай?

Ушул сыяктуу суроолорго жооп алуу менен мугалим окуучулардын фразеология боюнча алган билимдерин баамдай алат. Бул класста фразеологияны тереңдетип өздөштүрүү үчүн бөлүнгөн сааттардын тематикасы менен окуучуларды тааныштырып, алардын жаңы сабакка кызыгууларын ойготот. 1- сабак лекция түрүндө болоорун эскертип, анын өзгөчөлүктөрү тууралуу кыскача түшүнүк берет (Мугалим мурда мындай методду колдонбосо). Окуу китебинде берилбеген айрым материалдарды камтуу менен түзүлгөн лекцияны угуу окуучулар үчүн биринчиден, тереңирээк билим алууга пайдалуу болсо, экинчиден, алдыдагы студенттик окууга даярданууга жардам болот.


Лекциянын темасы: Кыргыз тилиндеги фразеологизмдер.


Планы:

  1. Фразеология жөнүндө жалпы түшүнүк.

  2. Фразеологизмдер жана алардын мунөздүү белгилери.


  1. Фразеология – тил илиминин бир бөлүгү. Ал өз алдынча лингвистикалык тармак болуп 50-жылдары калыптанган. Биздин өлкөдө анын өнүгүшү советтик тилчи академик В.В. Виноградовдун ысмы менен байланыштуу. Ал фразеологизмдерди изилдөөнүн маселелерин аныктап, алардын түрлөрүн ажыратуу менен, фразеологияга негиз салган. Фразеологиянын изилдей турган обьектиси - туруктуу сөз айкаштары, башкача айтканда, фразеологизмдер. «Фразеология» деген термин гректин «phrazis»- «түрмөк» айкалыш жана «logos» -«сөз» илим деген сөздөрүнөн алынган.

  2. Фразеологизмдер - тилибиздин көркөм сөз каражаттары. Мындай сөздөргө кыргыз тили абдан бай. Тээ илгертеден эле ата-бабаларыбыз кептеринде фразеологизмдерди кеңири колдонушкан. Буга элдик оoзеки чыгармалар күбө боло алат. Кыргыз тилиндеги фразеологизмдерге 1-жолу Ж.Шүкүров илимий жактан изилдөө жүргүзгөн.

Тилдеги синоним, омоним, антоним, историзм, диалектизмдер сыяктуу эле фразеологизмдердин да өзүнө тиешелүү белгилери бар. Алар:

  1. Кепте даяр материал катары колдонулушу;

  2. Компоненттүүлүгү;

  3. Маани жактан ширелишип, лексикалык бир бүтүндүккө айланышы;

  4. Образдуулугу;

  5. Туруктуулугу;62

  6. Сүйлөмдө синтаксистик жактан 1 мүчөнүн63 милдетин аткарышы. (Фразеологизмдердин жогорудагы 5-6 -белгилери окуу китебинде берилген эмес. Талдоолорду жүргүзүүдө кездешкен кыйынчылыктарды жоюу үчүн бул материалдарды окуучуларга берүү керек деген ойдобуз).

Белгилердин ар бирине өзүнчө токтолсок:

  1. Тилде даяр материал катары колдонулушу- фразеологизмдерге мунөздүү болгон эң негизги белги. Бул сөздөр адам сүйлөп жаткан учурда эркин сөз айкаштары сыяктуу кайрадан түзүлүп отурбастан (тамак ичүү, кызыл алма, жардам берүү, биринчи китеп, ж.б.), илгертеден эле кепте тил бирдиги катары колдонулуп, тил казынасына сиңип калган. Мисалы: кол ийрисине тартуу, мыйыгынан күлүү, сары майдай сактоо, ташка тамга баскандай, эрдин кесе тиштөө, эшек такало ж.б.

  2. Компоненттүүлүгү. Фразеологизмдер 2 же андан көп компоненттерден турат. Алардын сөз делбей, компонент деп аталышынын себеби, фразеологизмдердин тутумундагы сөздөр ар бири өзүнүн берген маанисинде колдонулбастан, жалпы биригип бир маанини бергендигине байланыштуу, б.а. бүтүндүн бир бөлүгүн түзүп туруучу элемент–компонент деп аталат. Төмөнкү фразеологизмдер: колу жука, жайыл дасторкон, оoзу ачык, ак таңдай, алдына түшүү - 2 компоненттен; ала жипти аттабаган, жумурткадан кыр чыгаруу, куурай башын сындырбоо, жалпак тилге салуу, капталынан күн көрүнүү - 3 компоненттен; жүргөн жерине чөп чыкпаган, бешиктен бели чыга элек, кара жанды карч уруу, салкын көз менен кароо - 4 компоненттен; ары карап ыйлап, бери карап күлүү; отуну менен кирип, күлү менен чыгуу; оoзунан ак ит кирип, кара ит чыккан; оң кулагың менен да, сол кулагың менен да ук; оoз ачып өпкөн, көз ачып көргөн; бармак басты, көз кысты кылуу; мүйүз тилейм деп, кулагынан ажыроо; мурдунан эшек курту түшө элек; таман акы, маңдай тери кайтуу; эки бакыр, бир тукур болуп ж.б. (5-8 компоненттен турат.

.

  1. Маани жактан ширелишип, лексикалык бир бүтүндүккө айланышы. Жогоруда айтылгандай фразеологизмдин компоненттери өздөрүнүн алгачкы лексикалык маанилеринен толук же жарым-жартылай алыстатылып, маани жактан өз ара ширелишип, фразеологиялык бир мааниге биригишет. Мисалы: жылдызы жарык - сүйкүмдүү; арасынан кыл өтпөгөн-ынтымак; төбөсү көккө жетүү - кубануу, ат тезегин кургатпай - тез-тез; тарс эсинен чыгуу - унутуу ж.б. Бирок, бардык эле фразеологизмдердин маанисин бир синоним сөз менен алмаштырууга болбойт. Кээ бир учурда алардын маанисин бир нече сөздөр же сүйлөмдөр менен түшүндүрүүгө туура келет. Мисалы: карышкырга кой кайтартуу; кашыктап жыйып, чөмүчтөп чачуу; сакасы алчы конуу; тилинен бал тамуу; түндүктөн түшкөн ууру ж.б.


  1. Образдуулугу. Фразеологизмдер жөнөкөй сөздөрдөн затты же анын белгилерин атоодо , кыймыл-аракеттин түрдүү кырдаалы ж.б.у.с. түшүнүктөрдү билдирүүдө айтылуучу ойду элестүү туюндуруусу менен айырмаланат. Мисалы: «Берекелүү күз» дегенди «Ак төөнүн карды жарылган күз» деп, «сараң адам» дегенди «битин сыгып канын жалаган, чычкан мурдун канатпаган адам» деп, «Жакшылап издеп, сөзсүз таап кел» дегенди «Сары изине чөп салып, жерден чукуп болсо да таап кел» деп салыштырсак, фразеологизмдердин образдуулугу даана байкалат. Образдуулук дайым эле ачык боло бербейт, бирок аздыр – көптүр болсо да байкалат. Мына ушул образдуулук белгиси аркылуу фразеологизмдер тилибизде көркөм каражат болуп саналат.


  1. Туруктуулугу. Фразеологизмдердин дээрлик көпчүлүгүнүн составындагы компоненттери бири -биринен ажырабай туруктуу келишет. Компоненттердин бирөөнү алып салсак, же орун которуштурсак, фразеологизмдин мааниси чыкпай калат. Бирок бардык эле фразеологизмдерди түзүүгө катышкан сөздөрдүн орун тартиби такыр ажырагыс деп айтуу туура эмес. Бул белги айрым учурда бузулат. Сөздөрдүн созулуп же кемитилип айтылышы, орун тартиби сакталбаган учурлары да кездешет (Ыр түзүлүшүндө, стилистикалык максатта).

Мисалы: «Айтканда тилим албасаң,

Бармагыңды бир жерде

Кесе тиштеп каларсын».

(«Жаныш-Байыш»)


  1. Сүйлөмдө синтаксистик жактан 1 гана мүчөнүн милдетин аткарышы.

Фразеологизмдердин составындагы ар бир компонент өз алдынча сөз катары колдонулбагандыктан, алардын жалпы суммасы бир маанини билдиргендиктен, ар бир компонент өз алдынча сүйлөм мүчөсү боло албастыгы келип чыгат.

Мисалы: 1. Кара жаак, жез таңдай,

Баары келсин тоюма. («Манас»)

2. Үчөөбүз жыйып келген нанды бир үйлүү киши чай менен ичип өзөк жалгадык. (М.Элебаев)

3. Кара кылды, как жарган

Кан Бакай сөзүн баштады. («Манас»)

4. Ачык оoзго сөз айтпа,

Сырты коoзго көз артпа. («Манас»)

5. Ташчайнар менен Акбара башы ооган тарапка бет алышып, кулак уккус, көз көргүс жакка жортуп баратышты. (Ч.Айтматов)

Фразеологизмдер 1- сүйлөмдө сүйлөм мүчөсү боюнча ээ; 2-сүйлөмдө баяндооч; 3- сүйлөмдө аныктооч; 4- сүйлөмдө толуктооч; 5- сүйлөмдө бышыктоочтун милдетин аткарышты.

Фразеологизмдердин жогорку аталган белгилеринин негизинде аныктама чыгарабыз. Тилибизде эки же андан көп компоненттен туруп, пикир алышууда даяр материал катары пайдаланылып, мааниси тутумундагы жеке сөздөрдүн семантикасынан алыстап, ширелишкен бир бүтүндүктү түзгөн, образдуулук касиетке ээ болуп, сүйлөмдө сүйлөм мүчөсүнүн жана сөз түркүмүнүн биринин гана кызматын аткарган туруктуу сөз айкаштары фразеологизм -дер деп аталат.

Лекция окулуп бүтөндөн кийин 1 - таблицаны (Китепченин аягында тиркеме катары берилет) сабакты бышыктоо үчүн колдонуп, 14 - көнүгүүнү үйгө тапшырма катары берсе болот. (Анда сүйлөмдөрдөн фразеологизмдерди таап, маанисин чечмелөө талап кылынган).

Сабактын акырында окуучуларга фразеологиялык сөздүктөр тааныштырылат.


Мугалим лекцияга даярданууда төмөнкү адабияттарды колдонсо болот.

  1. Р.Эгембердиев. Фразеологияны 11- класста окутуу. Бишкек, 1992.-6-22- б.

  2. Р.Эгембердиев. Фразеология. // Мугалимдер газетасы,1988, 18-23-ноябрь

  3. Ж.Осмонова. Кыргыз тилиндеги идиомалар. Ф., 1972

  4. Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү. Ф., 1980

  5. Л.А. Введенская, М.Т. Баранов, Ю.А. Гвоздарев. Лексика и фразеология русского языка.- М., 1979.- 92-95-б.

Окуучуларды фразеологиялык сөздүктөр менен тааныштырып жана алар менен иштөөгө үйрөтүү керек.


2-САБАК


Окуучуларга фразеологизмдердин бөлүнүштөрүн үйрөтүүдө окутуунун проблемалык түрүн колдонсок, бул татаал теманы өз бетинче өздөштүрүүсү менен жетишкен билимдери эстеринде бекем сакталып, фразеологизмдерди классификациялоодо зор өбөлгө болот деген ойдобуз.

Проблемалык окутуунун 1-этабы сабакта проблемалык кырдаалды түзүп, аны чечмелөө боюнча окуучуларды ойлонтууга алып баруу64.

Ал үчүн мугалим №2- таблицаны колдонсо болот. Чон батман кагазга 3 тилке сызылып, фразеологизмдин 3 түрүнүн аталышы жазылат. Кичинекей тилкечелерге ар бир түрдөн 5тен фразеологизмдер жазылып, бири-бирине аралашкан түрдө таблицага жайгаштырылып, доскага илинет.

Мугалим: Балдар, кыргыз тилиндеги фразеологизмдер составындагы компоненттердин берген мааниси менен жалпы фразеологиялык маанинин катышына жараша 3 түргө бөлүнөт. Алар фразеологиялык ширешме, фразеологиялык бирдик, фразеологиялык айкаш деп аталат. Бул таблицада фразеологизмдер баш-аламан жайгашкан, ушул сабакта биз буларды түрлөрүнө жараша классификациялап чыгышыбыз керек»- деп проблемалык кырдаалды түзөт.

Проблемалык окутуунун 2- этабы – ошол проблеманы чечүү үчүн окула турган теманы талдоого алып, өз бетинче иштөө үчүн кошумча материалдарды пайдалануу.

Мугалим окуучуларга окуу китебиндеги «§10. Фразеологизмдердин өз ара бөлүнүшү; §11. Фразеологиялык ширешме, §12 Фразеологиялык бирдик, §13. Идиомалар, §14. Фразеологиялык айкаштар» деген темаларды өз алдынча өздөштүрүүнү тапшырат. Бул материалдар кыска, так жана түшүнүктүү берилгендиктен окуучулардын өздөштүрүүлөрүнө көп кыйынчылыкты туудурбайт. Окуучулар бул тапшырманы аткаргандан кийин, мугалим өзү жалпылаштырып, фразеологиялык ширешмеде компоненттердин мааниси фразеологиялык маaни менен байланышы болбостугун; фразеологиялык бирдикте маанилердин аздыр-көптүр жакындыгы болоорун; ал эми фразеологиялык айкашта (же тизмекте) составындагы компоненттердин айрымдары өзүнүн жеке лексикалык маанисинде колдонулуп, чектелген гана сөздөр менен айкашып фразеологиялык маанини түзө тургандыгын айтып, окуучуларга дептерлерине таблицадагы фразеологизмдерди 3 тилкеге туура жайгаштырып чыгуулары үчүн убакыт берет.


Проблемалык окутуунун 3- этабы – алдыга коюлган проблеманы чечиш үчүн аны андан ары системалаштыруу менен анын жыйынтыгын чыгаруу.

Бул этапта мугалим доскага бир окуучуну чыгарып, өзүнүн дептериндегидей кылып фразеологизмдерди бөлүүнү тапшырат. Ар бир фразеологизмди эмне үчүн ушундай жайгаштырганын окуучулар менен чогуу талкуулашып, туура эмес жерлерин оңдошот. Мисалы:

  1. «Котур ташы койнунда» - бул фразеологизмдин составындагы ар бир сөздү тике маанисинде түшүнсөк, койнуна быдыракай таш салып алган адамды элестетмекпиз. Бирок бул фразеологизмдин мааниси – «ичи арам, жаман ойлуу, бузукулук ою бар адам»65. Бул эки маанинин ортосунда эч кандай жалпылык жок. Демек, бул фразеологиялык ширешме.

  2. «Бешиктен бели чыга элек» - «бойго жете элек, эр азамат боло элек, өсүп жетиле элек, жаш»66 деген маанини билдирип, компоненттердин берген маанилери менен жакындык бар экендиги сезилип турат. Демек, бул фразеологиялык бирдик.

  3. «Үшкүрүгү таш жарат» - «катуу кайгыруу, капа болуу, күйүт тартуу» 67 деген маанини билдирип, «Үшкүрүк» деген сөз өзүнүн түз маанисинде туруп «таш жаруу» деген сөз айкашы менен гана айкашып («Үшкүрүгү тоо жарат», «Үшкүрүгү таш талкалайт» болбойт) фразеологизм болот. Демек, бул фразеологиялык айкаш.

Мындай талкууда окуучулардын фразеологиялык ширешме менен бирдиктин ортосундагы талаш-тартыштары болушу мумкун. Бул закон ченемдүү көрүнүш. Себеби, дайым эле бул экөөнүн ортосундагы чек айкын боло бербейт. Ошондуктан мугалим тил илиминде бул 2 түрдү бириктирип, идиома деп аталаарын түшүндүрөт.

Сабакты жыйынтыктоодо фразеологизмдердин ар бир түрүнүн эрежелерин айттырып, ар бирине дагы мисалдарды келтиртип, убакыт жетишсе, сүйлөм түздүрүп, сөздүк дептерлерине жаңы фразеологизмдерди жаздыруу керек. Үйгө тапшырмага фразеологизмдердин түрлөрүнө 5тен сүйлөм түзүп келүү жана окуу китебиндеги 15 - көнүгүүнү иштөө тапшырылат (Тексттеги фразеологизмдерди таап, алар канча компоненттен тургандыгын аныктоо).


3-САБАК

Көнүгүүлөрдү иштетүү сабагы - фразеологияны өздөштүрүүнүн практикалык жагын көздөп, өтүлгөн материалдарды кайталап, бышыктоого жардам берет.

Мугалим сабакты уюштуруу ишин жүргүзгөндөн кийин, үйгө берилген тапшырманы жыйнап алат.

Окуу китебиндеги 16-жана 19- көнүгүүлөр окуучуларга өз алдынча иштөө сунуш кылынат. 16- көнүгүүдө сүйлөмдөрдөн фразеологизмдерди таап, катар турган сөздөрдөн ага синоним табуу, канча компоненттен тургандыгын аныктоо керек. Мисалы: Азыр ак төөнүн карды жарылган кез.(Т.С.)68Фразеологизмдин асты сызылат, «ак төөнүн карды жарылган», 4 компоненттен турат, ага синоним сөз – берекелүү.

19- көнүгүүдөн окуучулар текстти окуп чыгышып, андагы фразеологиялык бирдиктерди табышат. Мисалы: Кандай ата эле болбосун, очогунун отун өчүрбөй, куттуу үйүнөн түтүн булаткан туяк калышын тилейт69 (фразеологизмдердин асты сызылып, мааниси чечмеленет).

Бул көнүгүүлөрдү иштөөгө 10-15 минута берилет. Мугалим бул учурда окуучулардын үй тапшырмаларын текшерсе болот.

Көнүгүүлөр аткарылып бүткөндөн кийин фразеологизмдерди синоним сөз менен алмаштыруу, компонентин аныктоо, маанисин чечмелөө менен гана чектелбестен, фразеологизмдердин мүнөздүү белгилери жана түрлөрү жөнүндө кошумча суроолорду берүү керек.

Мисалы: Качыке өзүнүн айыптуу экенин сезип, Батийнаны көргөндө башы жерге кирди. (Т.С.)70 Фразеологизм – «башы жерге кирүү»- уялуу, 3 компоненттен турат.

Мугалим: Фразеологизмдердин кайсы түрүнө кирет?

Окуучу: Фразеологиялык бирдик.

Мугалим: Сүйлөмдүн кайсы мүчөсү?

Окуучу: Сүйлөмдүн баяндоочу.

Көнүгүүлөрдү ушундай ыкма менен иштетүү аркылуу мугалим биринчиден, окуучулардын көпчүлүгүн сураганга жетишсе, экинчиден фразеологиялык талдоо жүргүзүүгө үйрөтө баштайт.

17-көнүгүүнү иштетүүдө мугалим текстти көркөм окуйт. Окуучулар анда учураган фразеологизмдерди дептерлерине жазып отурушат. Текст окулуп бүткөндөн кийин 3 окуучуга тапкан фразеологизмдерин доскага жазуу тапшырылат. Алар класстын жалпы окуучуларынын жардамы менен такталат, толукталат.

Эгерде мугалим бул сабакты туура уюштура алса, класстагы ар бир баланын ушуга чейинки фразеология боюнча алган билимдерин текшерүүгө жана баалоого жетише алат.

Бул сабактын тарбиялык жагы да күчтүү, себеби көнүгүүлөрдө берилген тексттер, жомоктор окуучуларды мекенди, эмгекти сүйүүгө, ата-энени сыйлоого, адептүү, туруктуу болууга тарбиялайт.

Үйгө тапшырмага 18-көнүгүү берилет. Андагы «Жайлоого сапар» деген текстти окуп чыгып, маанилерин фразеологиялык сөздүктүн жардамы менен чечмелеп, өз сөздүк дептерлерине жазып келүү иши тапшырылат.

4- САБАК

Тема : Фразеологизмдер менен макал-лакаптардын карым-катышы.


Сабактын максаты:

  1. Окуучуларга тилибиздеги фразеологизмдер менен макал-лакаптардын айырмачылыктарын үйрөтүү;

  2. Фразеологизмдердин табиятын терең түшүнүүгө, аларды речтеринде кеңири, орундуу пайдаланууга багыттоо;

  3. Элибиздин каада - салтын билүүгө, урматтоого, адептүүлүккө тарбиялоо.

Сабактын тиби : Жаңы теманы өздөштүрүү.


Сабактын жабдылышы :

  • Фразеологизмдер менен макал-лакаптардын окшоштугун жана айырмачылыктарын көрсөткөн таблицалар (Таблица № 3, 4).

  • Закиров С. Кыргыз тилинин макал-лакаптары. Ф.: Мектеп, 1972.

  • Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү. -Ф., 1980.

  • Абдулдаев Э., Сейдакматов К. Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү.- Ф., 1990

  • Карточкалар.

Предмет аралык байланыш: Адабият сабагы менен.


Сабактын жүрүшү :

  1. Уюштуруу

  2. Үй тапшырманы текшерүү.

  3. Жаңы теманы түшүндүрүү.


Балдар, биздин тилибизде көп жылдар бою «макал-лакаптар фразеологизмдерге кирет» деген түшүнүк жашап келди. Бирок, фразеологияга байланыштуу илимий иштер жүргүзүлүп, азыркы учурда фразеологизмдердин тилдин башка бирдиктерден айырмасы такталды, алар макал-лакаптар менен бир топко кирбестен, өз алдынча тилдибиздин көркөм сөз каражаты экендиги далилденди.

Ооба, фразеологизмдерди макал-лакаптар менен жакын кылган белгилери бар. Силер билесиңер, фразеологизмдердин мүнөздүү белгилери катары биз анын речте даяр материал катары колдонуусун, составынын туруктуулугун, айрым компоненттери өтмө мааниде болуп, образдуулукка ээ экендигин атабадык беле. Мына ушул белгилер макал-лакаптарга да мүнөздүү (Мугалим доскага 3 - таблицаны илет).

Мисалы: «Жалкоонун жаны таттуу,

Дыйкандын наны таттуу»;

«Биринчи байлык – ден соолук», «Ырыс алды - ынтымак», «Карынын сөзүн капка сал», «Бөлүнгөндү бөрү жейт» ж.б.у.с. макалдарды алсак, булар да биринчиден, фразеологизмдер сыяктуу эле сүйлөп жатканыбызда улам түзүлүп отурбастан, даяр материал катары пайдаланылат. Экинчиден, нечен доорлор бою эл тарабынан кеңири колдонулуп келгендиктен, грамматикалык түзүлүшү жагынан да туруктуулукка жетишкен, б.а. фразеологизмдер сыяктуу эле сөздөрдү кошуп, же түшүрүп айтууга болбойт. Үчүнчүдөн, кээ бир макалдар, же алардын айрым сөздөрү өтмө мааниде колдонулуп, образдуулукка ээ. Мисалы: «Иши илгери болоордун ити чөп жейт» деген макалдын «ити чөп жейт» деген бөлүгү өтмө мааниде болуп, «иши өзүнөн - өзү оңолот» деген түшүнүктү билдирет. Ал эми «Бир карын майды бир кумалак чиритет» деген макал толугу менен өтмө мааниде, «чоң ишти кичинекей эле нерсе бузат» деген ойду түшүндүрөт.

Мына ушундай көрүнүштөр фразеологизм менен макал-лакапты жакындатат. Бирок, аларды бири-биринен кескин айырмалай турган белгилери да бар. (№ 4 таблица)

Балдар, силер эстесеңер, фразеологизмдерге мүнөздүү дагы кандай белгилер бар? Ооба:

1)Составындагы сөздөр лексикалык маанисинен алыстап баары бир гана мааниге ширелишкендиктен сүйлөмдө бир мүчөнүн гана милдетин аткарышы. Ал эми макал-лакаптардын тутумундагы сөздөрдүн (фразеологизмде алар компонент) ар бири лексикалык маанисин сактагандыктан, синтаксисттик талдоо жүргүзгөндө өз - өзүнчө талданат. Мисалы: Эр эмгегин жер жебейт (Эр-аныктооч; эмгегин - толуктооч; жер - ээ; жебейт – баяндооч);

2)Фразеологизмдер тилде көркөм каражат болуп саналат. Ал эми макал-лакаптар тилде ошондой көркөм каражаттар жана эркин сөз айкаштарынан да түзүлүп, сүйлөм, же чакан чыгарма болуп эсептелет.

Мисалы: Эшектин кулагы узун, ушакчынын тили узун.

Мал ээсин тартпаса, арам өлөт.

3)Макал-лакаптар эл турмушунун бай тажырыйбасынан улам корутундуланган белгилүү бир пикирди кыскача берет. Мисалы:

Жакшы менен жайлоого чыксаң,

Кудалашып түшөсүң.

Жаман менен жайлоого чыксаң,

Кубалашып түшөсүң.

Ал эми фразеологизмдер болсо, ой корутунду чыгарбастан, бир эле түшүнүктү элестүү, таамай атоо, туюндуруу менен чектелет. Мисалы: кылычынан кан тамган, кыпча бел, төкпөй-чачпай айтуу, жемин жедирбөө ж.б.

  1. Макал - лакаптар дидактикалык, б.а. акыл-насаат, турмуштан сабак берүүчү мүнөзгө ээ. Фразеологизмдер мындай сапатка ээ эмес.

Мына ушул айырмачылыктардан улам макал-лакаптар фразеологиянын изилдей турган обьектисине жатпайт деген жыйынтык чыгарсак болот.

5) Жаңы теманы бышыктоо.

а) Жазуу жүзүндө көнүгүүлөрдү иштөө.

б) Сабакты оoзеки бышыктоо. Карточкалар менен иштөө.

6) Үйгө тапшырма берүү. Фразеологизмдер катышкан макал - лакаптардан жазып келүү. Морфологиялык, синтаксистик талдоолорду жүргүзүү.

7) Окуучулардын билимин баалоо.


2. Фразеологизмдин кепте колдонулуштарын окутуу.


Туура сүйлөп, туура жаза билүү - адамдын сөз маданиятынын негизги белгиси эмеспи. Ж.Чыманов «Өспүрүмдөргө сөз маданиятын үйрөтүү жеке эле туура сүйлөп, туура жазууга же ойду так, толук берүүнү, тил каражаттарын ыктуу пайдаланууну гана үйрөтпөстөн, баарыдан мурда эне тилин сүйүүгө, урматтап, баалоого үйрөтөт»71 – деп белгилегендей, фразеология боюнча сөз маданиятына үйрөтүүчү окуу китебиндеги «Фразеологизмдин кепте колдонулушу», «Фразеологизмдерди жарыш колдонуу», «Фразеологизмдердин сөз менен синонимдик катышты түзүшү, алардын кошумча маанилериндеги өзгөчөлүктөр» деген темалар окуучулардын кептеринде фразеологизмдерди орундуу, туура пайдаланууга үйрөтүү үчүн арналган.

5-САБАК

«Фразеологизмдердин кепте колдонулушун» окутуу үчүн сабактын диспут формасын сунуш кылабыз. Күн мурунтан окуучуларга окуган чыгармаларынан фразеологизмдер катышкан сүйлөмдөрдү жазып келүү тапшырылат. Мугалим өзү да ушундай он чакты карточка даярдап алуусу керек. Мисалы:

1-карточка: «Кой оозунан чөп албаган момун Өскөнбай эч жакка бурулбастан түз үйүнө келди. (Т.С.)

2-карточка: Атка минсе ак жолтой,

Атышкан жоого сан колдой.

Жортуп чыкса ак жолтой,

Жоого тийсе сан колдой.

3-карточка: Күнүнө таң заардан туруп мурда долбоорлогон айрым вариант, сүрөтчө - этюддарды кайра баштан эки-үч сыйра карап чыгам да, таңкы тынчтыкта аркы-терки басып ойлоном. ( Ч.А.)

4-карточка: Тамак-чөптү көргөндө,

Ачылды аттын кабагы. ( «Эр Төштүк»)

5-карточка: Ушундай болот деп, үч уктаса Танабайдын түшүнө кирди бекен? (Ч.А.)

6-карточка: Өзүңдөн жогору турган, келечекте сенден орун талаша турган неменин тамырына азыртан балта чап. (Ж.Мавлянов)

7-карточка: Кой оозунан чөп албаган, чөптөн башкага зыяны жок мындай адамдардын зулумдарга кор болуп жүргөнүнө ким күнөөлүү? (К.Ж.)

8-карточка: Ичке үзүлүп, жоон сoзулуп турган кез. Биз эртеден кечке кекиртегибизди талга асып, тилибиздин кирин соруп, айран уюур мезгилди күтөбүз. (М.Э.)

9-карточка: Адалдан түгү жок, итке минер томаяктар да малдуу кишилерден саан алышып мында көчүп келишкен. (Каимов)

10-карточка: Канаттууга кактырбай,

Калкын жоодон сактаптыр.

Калың кыргыз коопсуз,

Жергесин душман баспаптыр.

Тумшуктууга чокутпай,

Туурун жоодон сактаптыр.

(«Карач-Көкүл баяны»)

Мугалим № 5-таблицаны колдонуп, фразеологизмдер кепте өзгөртүүсүз, өзгөртүлүп жана жарыш колдонула тургандыгы жана эмне себептен мындай болоору жөнүндө теориялык билимдерди бергенден кийин, сабактын диспут бөлүгүнө өтөт. Окуучулардан өз ойлорун тартынбастан ортого салып, активдүү катышууларын эскертет.

Окуучулардын жазып келген мисалдарын талкуулашып, фразеологизмдер өзгорүүгө учурадыбы же жокпу? Эмне себептен өзгөрүүгө учураган? деген сыяктуу суроолор берилет. 1-карточкадагы фразеологизмдин мааниси фразеологиялык сөздүктүн жардамы менен «кой оoзунан чөп албаган» деген фразеологизм «кишиге өйдө карабаган, абдан жаш, өтө эле момун», «куулук-шумдугу жок, эч кимге жаманчылык кылбаган» деген адамдын мүнөзүн билдирет жана бул сүйлөмдө эч кандай өзгөрүүгө учураган эмес;

4-карточкадагы «кабагы ачылды» деген фразеологизм эпосто муун өлчөмүн туура түзүп, рифманы сактоо үчүн 1-ден ортосуна сөз кошулуу, 2-ден компоненттердин ордулары алмашылып, өзгөрүүгө учуроо менен колдонулду. «Жаркылдаган жайдары мүнөздө болуу, кубануу, көңүлү көтөрүлүү» деген маанини туюндурат;

8-карточкадагы «ачка болуу» деген маанини билдирген 2 фразеологизм - «кекиртегин талга асуу» жана «тиштин кирин соруу» сүйлөмдө айтылып жаткан ойдун маанисин күчөтүү максатында синоним фразеологизмдер катар колдонулду. Мындай жол фразеологизмдерди жарыш колдонуу деп аталат деген жыйынтык чыгуу зарыл.

Ушундай ыкма менен мугалим окуучуларды талкууга чакырат. Талаш-тартыштар аркылуу чындыкка жетишишет.

Окуу китептериндеги 21- жана 22- көнүгүүлөрдөгү 5тен сүйлөмдү доскага иштетип, калганы үйгө тапшырмага берилет.

Окуучулар фразеологизмдер дайым эле өзгөртүүсүз колдонулбастан, стилдик максатка ылайык (маанини күчөтүү үчүн, ыр саптарында муун өлчөмдү, же ыргакты сактоо үчүн) анын маанисин бузбай туруп, өзгөртүп колдонсо боло тургандыктарына ынанышса, өздөрү да кептеринде бул көндүм, адаттарга жетишишсе, сабак максатына жетти десек болот.

6-САБАК

«Фразеологизмдердин сөз менен синонимдик катышты түзүшү, алардын кошумча маанилериндеги өзгөчөлүктөр» деген теманы өтүүдө мугалим фразеологизмдер сөзгө эквивалент боло тургандыгын, бирок сөз затты, түшүнүктү өзүнүн лексикалык мааниси менен туюндурса, фразеологизмдер болсо аны образдуу, көркөм туюндуруусу менен өзгөчөлөнө тургандыгын мугалим 6-таблицадагы мисалдар аркылуу далилдеп, окуучуларга түшүндүрөт.

Мисалы: Жылан чакпай, жылкы теппей – себепсиз,

Балтыр эти толо элек – жаш,

Биттин ичегисине кан куйган – чыйрак,

Шишке саяр эти жок – арык,

Мурдун балта кеспөө – тоготпоо,

Кубанычы койнуна батпоо - сүйүнүү, ж.б.

Ушул темада окуу китебинде берилбеген төмөнкүдөй маалыматты окуучуларга бере кетүү ашыктык кылбайт деп ойлойбуз.

Кебибизде фразеологизмдерди ага синоним болгон сөздөр менен катар да колдонгон учурлар кездешет. Мындай ыкма айтайын деген ойдун элестүүлүгүн күчөтүү үчүн, сөз болуп жаткан объектиге көңүл ого бетер бурулуп, таасирлүү болуу үчүн пайдаланылат. Төмөнкү 2 сүйлөмдү салыштырсак:

  1. Ийне саяр жери, жок куу чепкенинин этек - жеңин күүп, Алибай бийди көзүнүн төбөсү менен карады. (А.Матисаков)

  2. Ийне саяр жери жок , жыртылган куу чепкенинин этек-жеңин күүп, Алибай бийди жактырбай, көзүнүн төбөсү менен карады.

1-сүйлөмдө «ийне саяр жери жок», «көзүнүн төбөсү менен кароо» деген фразеологизмдер колдонулса, 2-сүйлөмдө бул фразеологизмдер менен алардын синоними «жыртылган», «жактырбоо» деген сөздөр катар колдонулду.

Окуучулардын жаңы теманы өздөштүргөндүктөрүн 23-көнүгүүнү иштетүү менен бышыктап, текшерсе болот. Көнүгүүдө таблица берилип, анда синоним фразеологизмдер жана аларга маанилеш сөздөр баш - аламан берилген. Аларды маанилерине жараша туш-тушуна коюп жазып чыгуу керек. Мисалы: Кылдан кыйкым издөө. Жумурткадан кыр табуу-кыйкымчыл; Тили оозуна батпоо. Каны катуу – суусоо; Күн карама. Күн тийген жердин күкүгү - кошоматчы ж.б.

Мугалим сабактын аягында окуучуларга: «Фразеологизмдерге синоним сөз деген эмне? Дайым эле фразеологизмдердин маанисин бир сөз аркылуу берүүгө болобу? Эмне үчүн кепте фразеологизмдер менен синоним сөзү катар кездешкен учурлар болот?» - сыяктуу суроолорду берип, сабакты оoзеки бышыктайт. Үйгө тапшырма окуучуларга сабакта колдонулбаган фразеологизмдерден 10 мисал жазып, катарына синоним сөздөрүн жазып келүү тапшырылат. Аларды жарыш колдонуу менен сүйлөмдөр түзүлөт.


7-8- САБАК

Окуу китебинде фразеологиялык талдоонун үлгүсү берилген эмес. Фразеологизмдерди терең өздөштүрүү үчүн мындай талдоого окуучуларды машыктыруунун мааниси чоң. Р.Эгембердиевдин «Фразеологияны ХI класста окутуу» методикалык колдонмосунда жана А.Жалиловдун «Кыргыз тили боюнча талдоонун түрлөрү» деген эмгектердеги талдоолорго алымча - кошумча киргизүү менен төмөнкүдөй фразеологиялык талдоонун үлгүсүн сунуш кылабыз (№ 7 -таблица):

  1. Сүйлөмдөн фразеологизмди таап, анын маанисин чечмелөө.

  2. Канча компоненттен тургандыгын аныктоо.

  3. Фразеологизмдердин кайсы түрүнө кирээрин ажыратуу.

  4. Сүйлөмдө фразеологизмдин колдонулушуна анализ берүү.

  5. Фразеологизмди синоним сөз менен алмаштыруу.

  6. Сүйлөмдө кайсы сүйлөм мүчөсүнүн жана сөз түркүмүнүн милдетин аткаргандыгын аныктоо.

Мисалы: Эгиз кoзудай ээрчишип жүрөбүз деген эмелер эми бөлүнүшөбү? (Ш.Бейшеналиев)

«Эгиз козудай»- «айрып алгыс, абдан окшош)» деген маанини билдирет, 2 компоненттен турат. Фразеологиялык бирдик, себеби компоненттердин берген мааниси менен фразеологиялык маанинин ортосунда жакындык бар. Сүйлөмдө өзгөрүүгө учурабай, даяр көркөм сөз каражаты катары колдонулду. Синоним сөзү - окшош, сүйлөмдө сын атооч жана аныктоочтун милдетин аткарат.

Окуучуларды ушундай ыкма менен өз алдынча фразеологиялык талдоо жүргүзүүгө үйрөтүү менен жалпы фразеология бөлүмү боюнча алган билимдерин бекемдөөгө болот.

Мугалим окуу китебиндеги көнүгүүлөрдү иштетүү менен гана чектелбестен, кошумча каражаттарды пайдалануу менен ылайыктуу көнүгуүлөрдү тандап алып, ушул сабакта пайдаланса болот. Бирок кыргыз тилинде атайын мындай көнүгүүлөр жыйнагы азырынча жок. Кызыктуу көнүгүүлөр окуучулардын логикалык ой жүгүртүүлөрүн арттырып, теориялык билимдерин практика жүзүндө сыноого мүмкүндүк берет (Мындай көнүгүүлөр китептин аягында тиркеме катары берилет). Мындан тышкары окуучулар жаңы фразеологизмдерди үйрөнүп, айрымдарынын жаралуу тарыхын билишет. Ал үчүн мугалим Хусейин Карасаевдин «Накыл сөздөрүндөгү» фразеологизмдердин пайда болушу жөнүндөгү маалыматтарды колдонсо болот.

9 - САБАК

Предмет аралык байланыш. Бир предметти экинчи бир предмет менен байланыштырып өтүү окуучулардын белгилүү бир тема боюнча билим алуусун тереңдетип, кругoзорун, ага байланыштуу түшүнүктөрүн кеңейтет. Фразеология боюнча алган билимдерди ушул максатта өркүндөтүү үчүн бул сабакты адабият сабагы менен түздөн-түз байланышта жүргүзүү керек. Фразеологизмдер катышкан мисалдар элдик оoзеки чыгармалардан, акын-жазуучулардын көркөм чыгармаларынан келтирилет. Ошондуктан адабият менен байланыш ушул гана сабакта болбостон, фразеология боюнча алгачкы сабак башталганда эле жүргүзүлүп отурат.

«Фразеология» бөлүмү өздөштүрүлүп жаткан учурда кыргыз адабият сабагында заманыбыздын залкар жазуучусу Ч.Айтматовдун чыгармалары («Жамийла», «Ак кеме», «Гүлсарат», «Бетме-бет», «Кылым карытар бир күн» ж.б.) окулуп жатканын эске алып, окуу программасында предмет аралык байланышка бөлүнгөн 1 саатты Ч.Айтматовдун чыгармаларында кездешкен фразеологизмдерди ( ал эми алар абдан көп) талдоо менен ишке ашырсак, сабак пайдалуу да, натыйжалуу да болот. Бул сабак фразеологизмдер боюнча теориялык материалдар өтүлүп бүткөндөн кийин коюлгандыктан, окуучулардын билимдерин кайталоого, бышыктоого да шарт түзөт.

Төмөндө мындай сабактын болжолдуу үлгүсүн беребиз.

Сабактын темасы: «Фразеология» бөлүмүн адабият сабагы менен байланышта окутуу.

Сабактын максаты:

  1. Окуучулардын тексттен, сүйлөмдөн өз алдынча фразеологизмдерди табуусуна жетишүү; «Фразеология» бөлүмү боюнча билимдерин бышыктоо.

  2. Ч.Айтматовдун чыгармаларын үйрөнүү менен фразеологизмдердин маанисин чечмелөө жана аларды өз кептеринде, жазуу иштеринде колдонууга үйрөтүү.

  3. Окуучулардын көркөм адабиятка болгон кызыгуусун арттыруу; ата-бабалардан калган сөздөрдү унутпоого, элибиздин каада-салтын урматтоого тарбиялоо.

Сабактын тиби: Өтүлгөн материалдарды кайталоо жана бышыктоо сабагы.

Сабактын жабдылышы: Ч.Айтматовдун китептеринен көргөзмө, фразеологиялык сөздүктөр, Х.Карасаевдин «Накыл сөздөрү», таблицалар, карточкалар.

(Мугалим тарабынан окуучуларга үйгө тапшырма катары жазуучунун «Кассандра тамгасы» романын окуп чыгып, андагы фразеологизмдерди дептерлерине көчүрүп, маанисин текшерип келүү алдын - ала тапшырылат).


Сабактын жүрүшү:

Сабак уюштуруу ишин жүргүзүү менен башталат. Бирок, башка сабактардан айырмаланып, мугалим сабактын максатын жалаң оoзеки ангемелешүү жана окуучулардын таблица, карточкалар менен өз алдынча изденүүсү аркылуу ишке ашырат. Ал үчүн биринчиден, мугалим сабактын жагымдуу атмосферасын түзүүсү керек, б.а. окуучуларды эркин пикир алмашууга чакырат. Мугалимдин Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы, же «Кассандра тамгасы» романы жөнүндө кыскача кызыктуу баяны, алар тууралуу мугалим менен окуучулардын ортосундагы суроо- жооптор мындай шартты түзүүгө көмөк болот . Мындан соң, чыгармада кездешкен фразеологизмдерди талдоого өтөт.

Мисалы: Ч.Айтматов тарабынан романдын эпиграфы катары алынган 2 цитатаны доскага жазып, фразеологиялык талдоо жүргүзөбүз.

  1. Кассандра Апполондун махабатын четке кагат, ошондо Апполон Кассандраны каарына алып, анын көзү ачыктык менен айткандарын эч ким ишенгис кылып салат … (Байыркы грек мифологиясынан)

  2. Жарыкчылыкка али келбеген, Асман алдында жасалып жаткан арам иштерди көрбөгөн жан гана тигил экөөдөн бактылуу. (Екклесиаст)

Андан соң мугалим окуучуларга доскага илинген 1-таблицага романда кездешкен фразеологизмдерди толтурууну тапшырат. Мисалы:

Фразеологиялык ширешме

Фразеологиялык

бирдик

Фразеологиялык

айкаш

1

2

3

Сиркеси суу көтөрбөй турган чактарда Жесси аны таштанды тарткыч деп шылдыңдап, анан баарын өрттөп жиберем деп опузалачу.

Ордоктун бул кызыктай жөндөмүнө бир туруп суктанса, бир туруп төбө чачы тик турарын Роберт Борк жашырчу эмес.

Жалгыз эле мага керекпи, чындап эле акыр заман келгенсип, эмне мынча сары санаага батам?!

Ушул жерден оoзунан ак ит кирип, кара ит чыгып, ажылдап жаткан бир катын дал бутага тийгизе айтты.

Бирок ал өзүн канчалык табалабасын санаасы ордуна келбеди, ал жанын коёрго жер таппады.

Ошентип дароо эле ток этер жеринен баштайын.


№2-таблицаны колдонуп окуу китебиндеги 140 - көнүгүүнү иштөө. Анда фразеологизмдердин кепте колдонулушуна талдоо жүргүзүү керек. Мисалы:



Фразеологизмдердин кепте колдонулушу


Фразеологизмдерди өзгөртүүсүз колдонуу

Фразеологизмдерди өзгөртүп колдонуу

Конституциянын жана азыркы закондордун бешик боосун Кудай бек кылсын…

Буга окшогон билдирүүнү газета бетине жарыялоо үч уктаса түшкө кирчү ишпи!

Мен Сиздин бул оюңузга да кошулам, мистер Борк, бул сүйлөшүү менин көзүмдү мурдагыдан да көбүрөөк ачты.

Мындай кадам жасоого баруу менен «Трибюн» кандай оор жүктү моюнга алып жатканын жакшы түшүнүп турам.

Сабактын акырында окуучуларга карточкалар таратылып берилет. Сүйлөмдөрдө кездешүүчү туруктуу сөз айкаштары табылып, алардын түрү, кепте колдонулушу боюнча ажыратылып, аныктамалары айтылат.

1-карточка: «Альфа-Бейсбол» спорт залында олтургандар ошол саатта дем тартышпай, Оливер Ордоктун чакырыгына -сөздөрүнө бир кишидей кулак түрдү.

2-карточка: Анан кыска жана катуу айттым.

3-карточка: Ассистент менен медсестра аны менин кабинетиме алып келишкенде, мен анын буга чейинки изилденишине көз жүгүртүп чыктым.

4-карточка: Мына ушунун баарын түшүнгөн Юнгер ар бир барактын башында: «Кудай жалгагырлар, факсты өчүрө көрбөгүлө!» деп жалынып отурат.

5-карточка: Жоболоң көз ачып-жумганча болду.

6-карточка: Мүнөздүү жагы, алдында акыркы күндөрү Кассандра тамгасы менен белгиленген кош бойлуу аялдар келе атышат.

7-карточка: Анын жети өмүрү жерге кирип баратканын Борк элестетти…

8-карточка: Эч ким ордунан кoзголбоду, эч ким лам деп оoз ачпады.

Сабакты жыйынтыктоо: окуучулардын билимин баалоо жана үйгө тапшырма берүү.

10- САБАК


Сабак – мелдештин максаты:

  1. Окуучулардын фразеология боюнча алган билимдерине байкоо жүргүзүү, кайталоо, бышыктоо.

  2. Окуучулар өз ара атаандашуу менен фразеологизмдерди канчалык өздөштүргөнүн, өз алдынча кантип изденишкендигине байкоо жүргүзүү, билүү.

  3. Окуучуларды ата-баба мурастарын, үрп-адат, каада-салттарын үйрөнүүгө, ыкчам ойлонуп, намыс алдырбоого тарбиялоо.


Сабак – мелдештин жабдылышы :

Командалардын аттары жазылган ленталар, командалардын фразеологизмдер жөнүндө чыгарган дубал газеталары, карточкалар, тапшырмалар салынган шариктер, баалоо үчүн көрсөткүчтөр.


Сабак –мелдештин жүрүшү :

Окуучулар отурган парталарына жараша 3 командага бөлүнөт. Мисалы: «Рабаят», «Санжыра», «Чечен» командалары. Конкурстун алып баруучусу жана калыстар тобу дайындалат. (Мугалим өзү алып баруучу болсо же калыстар тобуна кошулса да болот). Конкурс 6 тапшырмадан турат. Ар бир тапшырмалардан кийин калыстар тобу командалардын жоопторун баалап турушат.


1-тапшырма: Саламдашуу, команданын аты менен тааныштыруу. Өздөрүнүн чыгарып келген дубал газетасы боюнча обзор берүү.


2-тапшырма: «Фразеологизмдерди ким көп билет?»-деп аталат. Мында ар бир команда мүчөсү өз кезеги менен фразеологизмдерди айтышат. Эгерде команданын бир мүчөсү фразеологизм таппай калса, же туура эмес айтса, оюн токтолот.


3-тапшырма: «Идиомалардын маанисин чечмелөө»-деп аталат. Ар бир командага 3төн идиома жазылган карточкалар таратылып, алардын маанилерин ачып берүү талап кылынат (Кеңешүүгө 30 секунд берилет).

Мисалы :

«Рабаят» командасына: «Өз көмөчүнө күл тартуу; жибин тартып көрүү, түк күткөн сайын калтыроо»;

«Санжыра» командасына: «Жылын төө кылуу; жең ичинен сүйлөшүү; куйругуна калбыр байлоо»;

«Чечен» командасына: «Тил эмизүү, камырдан кыл суургандай, чычкан мурдун канатпаган».


4-тапшырма: «Фразеологизмдерге талдоо жүргүзгүлө»-деп аталат. Ар бир команда элдик оoзеки чыгармалардан, акын-жазуучулардын чыгармаларынан көркөм окушат. Калган командалар анда кездешкен фразеологизмдерди атап, бирөөнө фразеологиялык талдоо жүргүзүшөт.


5-тапшырма : «Фразеология боюнча суроолор» деп аталат.

«Рабаят» командасына: Фразеологиялык ширешме, бирдик, айкаш деген эмне? Мисал келиргиле.

«Санжыра» командасына: Фразеологизмдердин речте колдонулушу кандай? Мисал келтиргиле.

«Чечен» командасына: Фразеологизмдердин сөзгө синоним болушу. Окшош маанини билдирген фразеологизмдерден мисал келтиргиле - деген сыяктуу суроолор берилет.


6-тапшырма : «Команда башчыларынын таймашы».

Шариктердин ичине 2ден суроо бүктөлүп салынып, команда башчыларына таратып берилет. Андагы 2-суроого жооп команданын жардамы менен доскага жазылат.

«Рабаят» командасына:

  1. «Фразеология», «фразеологизм» деген эмне?

  2. Адамдардын мүнөзүндөгү оң сапаттарды чагылдырган фразеологизмдерди жазгыла. (М: ала-жипти аттабаган, ак жүрөк, жабуулуу кара инген, колунан көөрү төгүлгөн, колу жеңил ж.б.)

«Санжыра» командасына:

  1. Фразеологизмдин мүнөздүү белгилери кайсылар?

  2. Адамдын мүнөзүндөгү терс сапаттарды билдирген фразеологизмдерди жазгыла (М: колунан кокон тыйын келбөө, ак каптал, ак кол, саламга келбей калуу, тили узун, өпкөсү жок ж.б.)

«Чечен» командасына:

  1. Фразеологизмдердин макал – лакаптар менен жакындыгы жана айырмасы кайсылар?

  2. Алкоо, каалоо-тилек иретинде айтылган фразеологизмдерди жазгыла (М: Теңир жалгасын! Оoзуңа май! Көшөгөң көгөрсүн! Бешик бооң бек болсун! Кудай кут кылсын! ж.б.)


Мелдештин аягында жалпы жыйынтык чыгарылат. Мугалим тарабынан «Фразеология» бөлүмүн өздөштүрүүдө окуучулардын жетишкендиктери жана кемчиликтери тууралуу айтылып, сабак аяктайт.


Жыйынтыктап айтканда:

Программага ылайыкталып фразеологияны окутууга бөлүнгөн убакытта жогорудагы иштелип чыккан сабактардын үлгүсүн мугалимдер өздөрүнүн чыгармачылыгына жараша алымча-кошумчалар менен пайдаланышат деген ойдобуз. Фразеологияны мындан да тереңдетип окутуу үчүн дагы программага 2-3 сааттык убакыт кошулса, мугалимдин кошумча каражаттарды кеңири пайдалануу менен практикалык сабактарды өткөрүү, окуучулардын фразеологизмдердин маанисин түшүнүшүп, кептеринде ыктуу колдоно билүүлөрүнө жетишүүлөрү үчүн мааниси чоң болмокчу .


3. Фразеологияны окутууга байланыштуу кошумча каражаттар.

Мугалимдин «Фразеологияны» окутууда окуу китебиндеги материалдар менен чектелүүсү аздык кылат. Фразеологияны окутууга коюлган максатты толук ишке ашыруу үчүн кошумча каражаттарды кеңири пайдалануу керек. Аларга:

  1. Сөздүктөр;

  2. Методикалык колдонмолор;

  3. Таблицалар;

  4. Көнүгүүлөр жыйнактары кирет (азырынча кыргыз тилинде иштеле элек).

Булардын ар бирине өзүнчө токтолсок.

1) Академик Х.Карасаев: «Урматтуу жаштар! Тил байлыгыбыз - эки кабаттуу. Биринчи кабаты - шайдоот болот. Аны адамдын бардыгы эле билет. Экинчи, астынкы кабаты - кишинин баардыгына эле түшүнүктүү боло бербейт. Аны чечмелөө керек»72- деп белгилегендей, фразеологизмдер мына ушул тилдин экинчи кабатына кирип, окуучуларга аны чечмелөө менен гана түшүндүрө алабыз. Ал үчүн мугалимдерге фразеологиялык сөздүк эң негизги жардамчы болот.

«Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү» 1980-жылы «Илим» басмаканасынан 2000 нускада жарык көргөн. Сөздүк Э.Абдылдаев, А.Биялиев, А.Курманалиева, Т.Назаралиев, Ж.Осмонова, К.Сейдакматовдор тарабынан түзүлүп, 4000ден ашуун фразеологизмдерди камтыйт. Окумуштуу Ш.Жапаров: «Иштин максаты – элдик байлыкты элге тартуулоо, же болбосо элден алып, элдин өзүнө берүү.

Демек, атам замандан бери элде оoзеки түрдө жашап келген кенчти топтоп, кагаз бетине түшүрүп системага салып, сөздүк (жыйнак) түрүндө кайра казына ээсине –элге сунуш кылуу. Өз кезегинде мындай аракет элдин маданиятын жогорулатууга көмөк берет»-73 деп белгилегендей, сөздүк жарык көргөндөн эле жалпы коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынат.

Мугалим окуучуларга уккан, же окуган түшүнүксүз фразеологизмдердин маанисин чечмелөөдө, сабактарда көнүгүүлөрдү иштөөдө, үйгө берилген тапшырмаларды аткарууда сөздүктү пайдаланууну сунуш кылат. Сөздүк менен өз алдынча иштөөгө үйрөтүү аркылуу алардын сөз байлыгын өстүрүүгө, билбегенин билүүгө багыттайт. Ошондой эле окуу китебинде кездешпеген фразеологизмдер менен тааныштырат. Мисалы: алкоо, жакшы тилек, каалоону билдирүүчү фразеологизмдер. Алар сөздүктө абдан көп, тарбиялык мааниси да күчтүү. Алсак, Ак жалгасын! Ак жолуң ачылсын! Ак элечегиң башыңан түшпөсүн! Бешик бооң бек болсун! Иш илгери! Кудай жалгасын!» ж.б.у.с. фразеологизмдердин маанисин түшүндүрүү менен окуучуларды элдик каада-салтты, ырым-жырымдарды сыйлоого, бабалардан калган сөздөрдү унутпоого тарбияласа болот.

Дагы бир ушундай кызматты аткара турган эмгек Э.Абдулдаев, К.Сейдакматовдор тарабынан түзүлгөн «Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү». Жогорудагы эмгектен айырмаланып, бул эмгек атайын мектеп окуучулары үчүн жазылып, 1990- жылы 7000 тиражда басылып чыккан.

Бирок, тилекке каршы, мектептерде бул сөздүктөр жетишсиз. Көпчүлүк мугалимдер фразеологияны окутууда бул каражатты колдонбогон учурлары да кездешет. Мындай көрүнүш, албетте, окуучунун билим деңгээлине таасирин тийгизбей койбойт.

Фразеологияны окутуудагы баалуу каражаттардын бири - Х.Карасаевдин «Накыл сөздөр» деген эмгеги. Көп жылдык изденүүнүн натыйжасында жаралган бул эмгек жөнүндө автор: «Бабаларыбыз бизге мурас кылып калтырган тил байлыгын чогултуу, анын түйүнүн чечүү менен өмүр бою алпурушуп келдим. Биринчи кезекте «Манастан» башка эл чыгармачылыгы, унутулуп бараткан макалдарды, жалпылап айтканда накыл сөздөрдү жыйноого, анын маанисин чечмелөөгө көп аракет кылдым. Билимдердин жетишинче чечмелөөгө, ар бир накыл сөздүн капкагын ачып илгерки маанисин тактоого чоң аракет жасадым»74 деп жазгандай, бул эмгекти пайдалануу менен айрым фразеологизмдердин тилде пайда болушуна кандай шарттар өбөлгө болгондугу жөнүндө кызыктуу окуяларды окуучуларга айтып берүү менен кыргыз элинин тарыхы, каада-салты, диний ишенимдери жөнүндө да кабар берилет.

Бул эмгектин 1-китеби 1982-жылы, 2-китеби 1987-жылы «Накыл сөздөр» (Тил казынасынан баян) деген ат менен жарык көргөн. 2 китеп кошулуп, толуктоолор менен «Сорос» фонду тарабынан 1995-жылы 2-жолу басылып чыкты.

Сөздүк «Адалдан түгү жок; азат бою тик туруу; Айт маарек болсун!; акка моюн сунуу; ак каптал болгон; ак кылуу; ак уруу; ак төөнүн карды жарылуу; ала жип аттабоо; алчы – таасынан жаңылбаган; асан кайгы, атка жеңил, тайга чак; ат кара тил болгондо; ат тезегин куратпоо; баса көктөө; бешенеге жазганын көрүү; жабуулуу кара инген; жең ичинен сүйлөшүү; жибин тартып көрүү; жүнүн жейт; жылын төө кылуу; ичтен чыккан ийри жылан; кабыргаңа кеңеш; какаганга-муштаган; камырдан кыл суургандай; кара жанды карч уруу; кол кабыш кылуу; көздүн чаары чыгуу; Көзүнөн чыксын!; куйругуна калбыр байлоо; Куш боо бек болсун!; күлү додо болбогон; кыр көрсөтүү; милдеттүү конок; оoзун аппак кылуу; өз көмөчүнө күл тартуу; изине чөп салуу; сиркеси суу көтөрбөө; сөөк агартуу; сөөк жаңыртуу; тебетейди көккө ыргытуу; тил эмизүү; төө басты кылуу; түк күткөн сайын калтырайт; үкүнүн уясына жолугуу; чаар баш; чөөчө каткыруу; чычкан мурдун канатпаган; шилекей алышуу; эски малдын көзундөй; эт менен челдин ортосунда ж.б. Фразеологизмдердин мааниси терең чечмеленип берилген. Алардын айрымдарын карап көрсөк:

«Жүнүн жейт»- «эң көп, жерге сууга сыйбайт, быкпырдай кайнайт» деген мааниде.

Көк токойдун кыргоолу,

Көптүгүнөн токойго,

Жүнүн жеп батпай кетиптир. ( «Карач , Көкүл баяны»)

Илгери кыргыздар малын кышында кар түшпөгөн, кары аз жерлерге оторлотуп, тоо бетиндеги чөптөрдү оттотуп бакчу. Айрыкча, кой кышында кыйын абалда кала турган. Айла кеткенде, жылкыны тескейге, кары калың жерге жайып, кар астындагы чөптү жылкыга тептирип откозо турган. Ошол жылкы тепкен кардын бетине чыгып калган чөпкө кой жайып өткөрчү. Албетте, бул айла кеткендин иши болор эле. Кар калың, же жайыт тарып, кой оттой турган жер болбой калганда, ачыккан кой жылкынын куйругун отоп жибере турган. Ал тургай биринин жүнүн бири жеп коёр эле. Мына ушул жутаган койлордун биринин жүнүн бири жегени анчейин накыл кепке айланып, бир нерсенин жыштыгын, көптүгүн, жер - сууга сыйбасын билдирип калган»75.


«Жылын төө кылуу»- өтө манчыркап калуу, кокурайып, өөдөсүнүп, башкаларды тоготпой калуу, текеберленүү. Менден кыйын ким бар деп, пейил күтүп калуу. Бул «жылды төө кылуу» жөнүндө мындай уламыш бар.

Жан-жаныбарлар чогулуп келе жаткан жылды тосуп чыгышат. Ар кимиси биринчи көрүп, алдыңкылардан болууга тырышат. Ал жаныбарлардын ичинен төө: «Менден бийик ким бар? Мен эле биринчи көрөт эмесминби»,- деп манчыркап, кокурайып мойнун сoзуп келе турган жаңы жыл жакты карап турат. Чычкан да кыбырап жылды тосот. Ал амал кылып, акырын төөнүн жонуна чыгат. Акырын жөрмөлөп отуруп, төөнүн кулагынын учуна барып отурат. Кокурайган аңкоо төө байкабай калат. Бардык жаныбарлар тирмээ карап, жылды эң биринчи көргүсү келет. Төө манчыркап, эрдин шалпайтып карап турат. Келе жаткан жаңы жылды төөнүн кулагынын учунда турган чычкан биринчи көрүп: «Тигине, жаңы жыл келди тигине»,- деп көрсөтөт. Ошентип, манчыркаган төө биринчи көрбөй, чычкан көрүп жар салат. Мына ушундан улам төөчө манчыркап, өөдөсүнгөн адамдан «Жылыңды төө кылба!» деген накыл сөз жасалган имиш.

Ушул сыяктуу фразеологизмдердин чечмелениши менен окуучуларды тааныштыруу - алардын тилди таанып билүүлөрүн өстүрөт.

«Кол жазмадан накыл сөздөрдүн түпкү чыгышын, алардын түз жана өтмө маанилерин, туюнтмаларын дагы бир сыйра тактап, даана туюнтуп алганыма кубандым. Ошол кубануу менен бирге ушул жашка келгичекти, элге тилди мыкты билген жазуучу атанып туруп, бир кыйла сөздөрдүн туюнтмасын жеткире билбегендигиме, кай бирин үстүртөн калпыс туюнуп жүргөнүмө өзүм уялдым»76 – деп көрүнүктүү жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков жазгандай, ар бирибиз үчүн эле сөздүн чыгыш тарыхын үйрөнүү пайдалуу, ал эми тилчи мугалим үчүн аларды окуучуларга үйрөтүү милдет да болуп саналат.


2) Фразеологияны окутууга арналган методикалык колдонмолор методисттер тарабынан жеткиликтүү иштеле элек. 11-класста фразеологияны окутууга арналган жападан жалгыз эмгек Р.Эгембердиевге таандык. Азыркы учурда мектептерде окутулуп жаткан 10-11-класстар үчүн «Кыргыз тили» окуу китебинин «Фразеология» бөлүмүнүн автору болгондуктан, аны окутуунун методикасын жазууда, окуу китебинде берилген материалдарды кандай окутуу керек, мугалим кандай кошумча маалыматтар менен тааныш болуусу зарыл, көнүгүүлөрдү кандай ыкма менен иштетсе эффективдүү болот, ушу сыяктуу методикалык сунуштары эң баалуу. Бирок методикалык колдонмо 100 нускада гана чыккандыктан мугалимдер үчүн жетишсиз.


3) К.Дыйкановдун «Кыргыз тили таблица түрүндө» деген эмгегинде фразеологияга байланыштуу 3 таблица камтылган. Алар: «Сөз айкалышы» («Словосочетание»), «Туруктуу сөз айкалышы» (Фразеология), «Өтмө маани» (идиома)77 деп аталып, аныктамалар, мисалдар берилген.

Бул таблицаларды фразеологияны окутууда мектеп окуучуларына колдонуу жетишсиздик кылат. Ошондуктан бул эмгекте берилген таблицаларды сабакта колдонууну мугалимдер үчүн сунуш кылабыз.


4) Кыргыз тилинде фразеологияга байланыштуу атайын көнүгүүлөр жыйнагы иштелип чыга элек. Валентина Волина «Фразеологический словарь» (Москва,1987), В.Г.Лобанова «Мастер на все руки» («Упражнение по фразеологии»), А.И. Молотков «От фразеологизма к фразеологизму» ж.б. көнүгүүлөр жыйнактарын өздөштүрүп, натыйжада төмөнкүдөй кошумча көнүгүүлөрдү иштеп чыктык.


КӨНҮГҮҮЛӨР

1-көнүгүү: Фразеологизмдерди кашаанын ичиндеги сөздөрдү пайдалануу менен толуктагыла.


Бармагын…; беш кол…; биттин ичегисине …; боору…; бөрүгө кой …; бычакка …; зээни…; жайыл …; жаман айтпай …; жан…; жапа…; жер каймактагандан …; жибин …; жумурткадан …; жүнүн…; жүрөгү…; жыландын …; жылаңач …; ийне жеген …; ичкен ашын…; кабагына…; каймакка…; какаганга …; калчаган чүкөсү…; сүткө тойгон…; эт менен …; чириген…; ак сүтүн …

(Жооптор: … тиштөө; … кан куйган;… кайтартуу ; … кейүү;… жакшы жок; … тырмак; … тартып көрүү; … жейт; … башын кылтыйтуу; … иттей; … кар жааган; … муштаган; … кыл суургандай; … чөмүчтөп чачуу; …челдин ортосунда;… актоо; … шилекейин чачыратуу; … тең эмес; … эзилүү; … сап болгондой; … дасторкон; … бакты; … бери; … кыр чыгаруу; … түшүү; … баатыр; … жерге коюу; … куймак куйгандай; … алчы конуу; …жолтой; … күчүктөй; … бай.


2-көнүгүү: Асты сызылган сөздөрдү маанилеш фразеологизмдер менен алмаштырып, сүйлөмдөрдү жаңыдан түзгүлө. Алгачкы сүйлөм менен кийинки сүйлөмдөрдү салыштыргыла.

1) Бул ишти ал жакшы билет.

Ийне-жибине чейин билүү;

Беш колундай билүү.

2) Анын колунан баары келет.

Иштин көзүн таануу;

Колунан көөрү төгүлгөн.

3)Ал ишти кызыгуу менен аткарды.

Ичкен ашын жерге коюу;

Баш-оту менен;

Жан-дили менен.

4) Сен али жашсың.

Эне сүтү оoзунан кете элек;

Бешиктен бели чыга элек;

Балтыр эти толо элек.

5) Ал эч нерсе кылган жок.

Эшек такалоо;

Куурай башын сындырбоо;

Текей оттоо.


3-көнүгүү: Төмөнкү «Манас» эпосундагы үзүндүлөрдөн фразеологизмдерди таап, маанисин түшүндүрүп бергиле.

1) «Айтканын Манас угуптур,

Акырая бир карап,

От көзүнөн чыгыптыр».


2)«Карк эткенден карга жок,

Караан бараан калган жок.

Курк этерге кузгун жок,

Же жан караган тоскун жок».


3) «Атка минсе ак жолтой,

Атышкан жоого сан колдой,

Жортуп чыкса ак жолтой,

Жоого тийсе сан колдой».

4)«Айтып оoзун жыйгыча,

Аны муну кылганча,

Ачып көздү жумганча,

Ат даярдап алыптыр».

5)«Сандаган журтум бүт болсун,

Сарала ат мага кут болсун!

Атпай кыргыз журт болсун,

Аккула ат сизге кут болсун!»


4-көнүгүү: Синоним фразеологизмдерди туш-тушуна коюп жазгыла. Өзүңөр да бул катарды уланткыла.

Кой үстүнө торгой жумурткалоо

Ит кууп жүрүү

Көз ачып - жумганча

Эгиз кoзудай

Кубанычы койнуна батпоо

Каны катуу

Эшек такалоо

Жумурткадан кыр табуу

Тан куланөөк болгондо

Май чуңкурду табуу

Союп каптагандай

Көз ирмегенче

Таңдайы кургоо

Мурдун көтөрүү

Аягын асманга чыгаруу

Төбөсү көккө жетүү

Кылдан кыйкым табуу

Күлүн асманга сапыруу

Бой көтөрүү

Супа садык чалганда

Куркулдайдын уясын табуу

Ак төөнүн карды жарылган


5-көнүгүү: Антоним фразеологизмдерди туш-тушуна коюп жазгыла. Өзүңөр да бул катарды уланткыла.

Баа жеткис

Ичи тар

Жүрөгүндө оту бар

Кабагы бүркөө

Итке минип калуу

Ак жолтой

Ичи кең

Оoзу бош

Кабагы ачык

Беш тыйынга турбаган

Кайнаса каны кошулбоо

Оoзуңа май!

Кара жолтой

Камыр-жумур болуу

Оoзунан жел чыкпоо

Жүрөгүндө оту жок

Оoзуна таш!

Жылаңач баатыр

Оoзун куу чөп менен аарчуу

Төрт түлүгү шай


6-көнүгүү: Төмөндөгү жомоктордо кездешкен фразеологизмдерди катыштырып сүйлөмдөрдү түзгүлө. Канча компоненттен тургандыгын айтып бергиле.

1) Ай десе аркы жок, күн десе көркү жок; 2) Алма быш, оoзума түш; 3) Бери карап күлүп, ары карап ыйлап; 4) Бөрк ал десе, баш алуу; 5)Бээ көрдүңбү-жок, төө көрдүңбү-жок; 6) Жаман айтпай-жакшы жок; 7) Жегени желим, ичкени ирим болуу; 8) Жолуң шыдыр, жолдошуң кыдыр болсун!; 9) Жээрин жеп, ичерин ичкен; 10) Ийри отуруп, түз кеңешүү; 11) Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чектирбей; 12) Кашык да май, чөмүч да май; 13) Көздүн карегиндей сактоо; 14) Кулагынын кужурун алуу; 15) Күйбөгөн жери күл болуу; 16) Миңдин бири; 17) Мүйүз тилейм деп, кулагынан ажыроо;18) Оң кулагың менен да, сол кулагың менен да ук; 19) Оoзунан ак ит кирип, кара ит чыгуу; 20) Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк; 21) Пайгамбар жашында; 22) Таман акы, маңдай тер; 23) Узун элдин учунда, кыска элдин кыйрына; 24) Өлсө бир, чуңкурда, тирүү болсо бир дөбөдө болуу; 25) Чымын учса угула тургандай.


7-көнүгүү: Фразеологизмдерге синоним сөздөрдү тапкыла. Аларды катар колдонуу менен сүйлөмдөрдү түзгүлө. Өзүңөр да бул катарды уланткыла.

Эрдин кесе тиштөө

коркок

Тебетейин көккө ыргытуу

тымызын

Иттин мурду өткүс

жылмаюу

Жең ичинен

сүйүнүү

Бетинен түгү чыгуу

чоңюу

Мыйыгынан күлүү

ачуулануу

Ыйманы ысык

жыш

Эр жетүү

жылдыздуу

Суу жүрөк

өкүнүү

Ортосунан жел өтпөө

ынтымактуу


8-көнүгүү: Көп чекиттин ордуна сан атоочторду коюп, фразеологизмдерди толуктагыла.

ичеги; … колун мурдуна тыгуу; … тизгин; … чылбыр; … уктаса түшүмө кирбеген; … түлүк; … өрдөгүн учуруу; … саны аман; … атасын ; … жолун айтуу; … тамчы суудай; … кол тең эмес; … өмүрү жерге кирүү; … түлүгү шай; үйдун ичин … көтөрүү; … дин үстүнөн чыгуу; … кылбоо; … шыйрагы өлбөгөн жерде калуу; … бoзоруп, … кызаруу; жер кулагы … кат; … бутун… кончуна сыйдыруу.


9-көнүгүү: Адамдардын мүнөзүндөгү оң жана терс сапаттарды билдирген фразеологизмдерди жазып, маанисин түшүндүргүлө.

Үлгү :

Адам мүнөзүндөгү оң сапаттар:

Адам мүнөзүндөгү терс сапаттар:

Маңдайы жарык, ак көңүл, ичи кең, кара кылды как жарган, ысык - суукка бышкан, оoзу бек ж.б.

Акма кулак, ак кол, алчы-таасын жеген, битин сыгып канын жалаган, жел өпкө, жүргөн жерине чөп чыкпаган ж.б.

10-көнүгүү: Төмөнкү мисалдардан фразеологизмдерди таап, фразеологиялык талдоо жүргүзгүлө.


  1. Бир күнү эл чогулат. Ошол желмогуздан кантип кутулабыз деп кейишет. Кеңешке кой оoзунан чөп албаган момун да келет. Көмөчүнө күл тарткан тапан да келет. Тили менен жер шыпырган шыпыр да, өлүп кетейин деген жалакор да болот. («Жомоктон»)

  2. Токтот, болду. Мына бул маалим келиндердин алдында абийирим жакшы эле төгүлдү. Өлбөгөн төрт шыйрагым калды. (Т.С.)

  3. Мен суу ичпейм таңдай катып турганда,

Мен нан жебейм алдан тайып курганда.

Музыкадай мага таттуу суусун жок,

Берчи мага, берчи мага жарым кашык музыка. (А.О.)

Жыйынтыктап айтканда, мугалим «Фразеология» бөлүмүн окутууга коюлган максат жана милдеттерди иш жүзүнө толугу менен ашыруу үчүн кошумча каражаттарды кеңири жана чыгармачылык менен пайдалануусу зарыл.



Фразеологизмдердин пайда болуу тарыхынан

(Х.Карасаевдин «Накыл сөздөр» китебинен алынды)


1. «Камырдан кыл суургандай» - «Үй ээлеринин дал башына туурасынан жатчу ордунан акырын камырдан кыл суургандай билинбей туруп, жылып жөнөчү». (Н.Байтемиров)

- жик билгизбей, шырп алдырбай, кыйындыгы жок, табыш чыгарбай деген мааниде.

Кыргыз эли бoз үй тигип, мал менен кошо жашагандыктан, анын урунган нерселеринин арасында кыл да көп болгон. Анткени, бoз үйдүн тутуусу, кийген кийим, урунган нерселердин көпчүлүгү жүндөрдөн жасалган. Албетте, жыйган каймакта да кыл болоору талашсыз иш. Каймакты аябай жууп, чалып, ак майга айландырып алаар эле. Ал ак майды кайнатып, сары майга айландырчу. Ошол кезде (ак майды казанга кайнатып аткан кезде) атайы чийден кылдооч жасап, кайнап аткан майды кылдай турган. Ошол сыяктуу эле камырга кирип калган кылды да абдан тазалай турган. Албетте, камырдагы кыл оңой, табышсыз суурулганын байкоо кыйын эмес. Мына ушундан улам, ар бир оңой, табышсыз бүткөн ишти «Камырдан кыл суургандай» деген накыл сөз менен атаган. Ал эми кыйындык, убара менен бүтө турган ишти «Жүндөн тикенек, уйгак алгандай» деп сүйлөшкөн. (186-б.)


2. «Куйругуна калбыр байлоо»- «Өкмөттүн оң көзү болуп, журт үчүн кызмат кылып жүргөн биздин ак ниет адамдардын артына калбыр байлашка уста бул эл». (Т.С.)

- жамандоо, элге жаман көрсөтүү. Калп жеринен ушак таратуу. Сөздүн теги-азоо атты жоошутуунун бир ыкмасына барып такалат. Өтө эле азоо аттын куйругуна калбыр байлап кое берген. Ат үркүп эси ооп калганда, анын үстүнө минип, андан бетер эсин оодарып- жоошуп калганга аргасыз кылган.

Учурунда ак ниет адамга да дайыма өзү чочулап жүрө турган кылып, «улутчул, эскичил, эл душманы, жат элемент» деген үрөйү суук сөздөрдү жамап койгон учурлар көп болгон. (261-б.)


3. Кыр көрсөтүү«Кыр көрсөтүп, тизгин берген кыргыздарды тукум курут кылып, күлүн көккө сапырып кетели деп келген». (Ч.А.) «Кыр көрсөтүү, кырына чыгып алуу» - басмырлай берүү, желкелей берүү, оoз ачырбай шылдыңдай берүү.

Сөздүн төркүнү байыркы жоокерчилик заманда колдонгон согуш ыкмасына барып такалат. Кыргыз эзелтеден бери көбүнчө тоолуу жерлерде жашашкан. Дайыма тоонун кырларын кароол караган. Тоолордун таманындагы жол менен өтүп бараткан душманына таш кулатып, жолун бөгөп, өз айлын көздөй өткөрбөй койгон. Урушканда көбүнчө кырды ээлеген. Тоонун кырындагы жоокерлер тоонун этегиндеги душмандарды таш кулатып кырып салган. «Тоонун кырына чыгып алуу» деген сүйлөм «кырына чыгып алуу» болуп калган. «Биз дагы кырды ээлербиз» деген сүйлөм кыскарып, «кырды көрсөтүү», «кыр көрсөтүү» болуп калган. Бир кездеги кыргыз элинин согуш ыкмаларын билдирген сүйлөм кийин жөнөкөй мааниге өткөн, басмырлай берүү деген маанини алып калган. Ошентип бир кездеги чоң мааниге ээ болгон сүйлөм, заман өткөн соң мааниси унутулуп башка мааниге өтүп калат. Бирок ошол кездеги колдонгон сүйлөм ошо бойдон кала берет. Ошондуктан, мындай накыл сөздөрдү чечмелеп, илгерки маанисин кийинки тукумдарга ачып берүү - өтө зарыл. Ар бир жүз, элүү жылдарда эл жаңырып турат. Бирок ошол кездеги сүйлөм ошол бойдон сакталат, же кыскарып кылат. Бул турмуштун закону. (299-б.)


4. Тил эмизүү - курулай кургак убада берүү. Натыйжасыз убада бере берип, ишти узартуу.

Бул накыл кептин төркүнү бешиктеги бөбөктүн эжелеринин сооротушуна барып такалат. Энеси тиричиликтин айынан жумушка кетип, кичинекей баланы соорoтуу үчүн өзүнүн тилин сордурган. Ошону менен баланы энеси келгенче сооротуп турган. Албетте, тилден сүт чыкпасы анык. Бирок, кур убада берип алдоону, ишти сoздуктурууну «тил эмизүү» деген накыл кеп менен атай турган болуп кеткен. ( 419-б.)


5. «Айт маарек болсун!» - бул сөз айкалышы жалгыз гана түндүк кыргыздардын тилинде деп ойлойм. «Маареке» деген сөздүн төркүнүн таап, маанисин ачалы. «Маареке» арабдын «маареке» -даңазалуу, шаңдуу деген сөзүнөн. Бул ата-бабадан бери колдонуп, азыр кебетесин өзгөртүп, арабча айтылышына жакындап, «маареке» болуп адабий тилибизден орун алды.


6. «Куш боо бек болсун!»- алган жарың куттуу болсун, түбөлүк өмүр сүр деген мааниде куттуктоо.

Кыргыздар алган аялды бапестеп, колго кондурган куш сыяктуу баалаган. Алган аял менен өмүрүнүн акырына чейин жашоону максат кылып койгон. Куш таптап салган. Кушту качып кетпей турган кылып үндүккө көндүргөн. Сылап-сыйпап жакшы таптаган. Алган аялды ошол жакшы таптаган кушка теңеген. Ошондуктан жигит үйлөнгөндө жакшы тилек каалап жогорку накыл сөз менен куттуктаган.

7. Өз көмөчүнө күл тартуу- өзүнүн камын ойлоо, башкалардыкынан көрө өзүнүкүн тез бүтүрүүнүн камын көрүү, өзүмчүлдүк кылуу.

Кыргыз эли көчмөн турмушта жашагандыктан илгери нан тартыш болгон. Ошондуктан кээде балдарга көмөч бышырып берээр эле. Нан бышырууга ылайыктуу дандыр сыяктуулар көчмөн элде болгон эмес. Алар бир орундан экинчи орунга көчүп жүргөндүктөн дандыр жасоого мүмкүн эмес болгон. Кыргыз элинин отуруктуу элдер менен байланышы күчөгөндөн кийин дандыр, таба, көмөчтан сыяктуу нан бышыра баштады. Көмөч бышырылбай калды. Көмөчтү илгери бышыра турган очоктогу оттун кору деле кеңири болгон эмес, ошон үчүн өзүнүн көмөчүнө шилей турган. Кордун ысык корун талашып, балдар уруш да кылар эле. Ушундан улам, башкалардын камынан көрө өз керт башынын камын ойлогон кишилерге карата «Өз көмөчүнө күл тартуу» деген накыл кеп пайда болгон. Бул коом турмушунун бардык учурларында көп колдонулат. (348-349-б.)


8. «Түк күткөн сайын калтырайт» - байыган сайын зыкым болуу, дөөлөт күткөн сайын сараң болуу.

Накыл сөздүн төркүнү жомокко барып такалат. Кудай таала жыланга боору ооруп, «Ушул байкуш үшүп жүрөт го» деп түк, жүн берген экен. Жылан түктүү болуп, денесине жүн чыккандан кийин караса, калтырап үшүп жүргөнүн Кудай таала көрөт да, «Болбойт экен» деп түгүн алып таштаган экен. Мына ушул жомоктон улам, коом турмушунда жогоруда айтылгандай, накыл сөз пайда болгон. Бул а дегенде «Жыланга түк күткөн сайын калтырайт экен» деген сүйлөм кыскарып, «түк күткөн сайын калтырайт» болуп калган. Байыган сайын калтыраган адамга карата жыш колдонулат «түк »- кыргыз түшүнүгүндө - мал. Балким мал күткөн сайын битирегендиктен, калтырагандыктан пайда болгондур. Кыргызда «О түк күтпөгүр» деген сөз «мал күтпөгүр» деген мааниде. (433- б.)


9. «Чычкан мурдун канатпаган» - түк мал сойбогон, согум сойбогон, үй бүлөсү эт көрбөгөн адамдардын сапаты. Мал сойбогон менен чычкан мурдун канатпаган деген сөздүн кандай байланышы бар?

Мал асыраган эл дайыма эт менен тамактанат. Кыргызда мал сойгондо этти бoз үйдө ала баканга атайын жасалган сереге аскан. Бoз үйдө жагылган оттун түтүнү менен ыштаган көчмөн элдин мышыгы деле болуп жыргаган эмес. Ошондуктан, эт бар жерде үй чычканы да көп болгон. Чычкан дайыма эт жеген. Эт жегенде анын мурду кан болуп калган. Эт жок үйдө чычкандын мурду кайдан кан болгон. Ушундан улам «Чычкандын мурду кан боло турган эт жок» деген сөз кыскарып, «Чычкан мурдун канатпаган» деген накыл сөзгө айланган түрү бар. Бул накыл сөз - мал сойбогон, битиреген сараңдарга карата жыш колдонулат. (474-475-б.)


10. «Милдеттүү конок» - чоң ашта ат чабуу үчүн, тамаша куруу үчүн алыстан келген адамдарды аш берген уруу милдеттүү түрдө конокко алышы.

Бул салт байыркы замандан бери келе жаткан жол-жосун. Ал мындай: атактуу адам өлсө, же той берилсе, ат чабыш, балбан күрөш жана жамбы атыш сыяктуу тамашалар өткөрүлүп турган. Ал тамаша бир нече күн сoзулчу. Ошол мезгилдин ичинде ашка келген адамдар бекер, чыгымсыз конок болуп кетчү. Милдеттүү конок алуучу тамаша тараган кезде жүргөн элдин ичине бастырып келип, «Кана, менин үйүмө конок болуучу адамдардан 5-6 киши бери бөлүнгүлө!» - деп жар салчу. Конокко кой союлуу тамак-аш бышылуу болгон. Коноктун атын аталган үй ээсинин уулдары багып, мыктылап төшөк салып, сый-сыпааларын жакшы кылар эле. Эгер милдеттүү конокту таарынтса, же жакшы күтпөй койсо, үй ээси чоң айыпты тарта турган. Кээде мындай конок тосууну аштын, же тойдун ээси тарап бөлүштүрчү. (318-б.)







Таблица 1

ФРАЗЕОЛОГИЗМДЕРДИН МҮНӨЗДҮҮ БЕЛГИЛЕРИ


1. Кепте даяр материал катары колдонулушу.

М: сары майдай сактоо; эрдин кесе тиштөө; ташка тамга баскандай; эшек такалоо ж.б.


2. Компоненттүүлүгү.

М: жайыл дасторкон; куурай башын сындырбоо; кара жанды карч уруу; мурдунан эшек курту тушө элек; он кулагың менен да, сол кулагың менен да ук ж.б.


3. Маани жактан ширелешип, лексикалык бир бүтүндүккө айланышы.

М: жылдызы жарык; арасынан кыл өтпөө; ат тезегин кургатпоо ж.б.


4. Образдуулугу.

М: ак төөнүн карды жарылган; битин сыгып канын жалаган; сары изине чөп салуу; ийненин көзүндөй ж.б.



5. Туруктуулугу.

М: кабырга менен кеңешүү; сүттөн ак; үшкүрүгү таш жаруу; колу жеңил ж.б.


6. Сүйлөмдө 1 сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарышы.

М: Ташчайнар менен Акбара башы оогон тарапка бет алышып, кулак уккус, көз көргүс жакка жортуп баратышты. (Ч.А.)



Таблица 2

ФРАЗЕОЛОГИЗМДЕРДИН БӨЛҮНҮШҮ

Тутумундагы компоненттердин жеке тургандыгы тике мааниси менен жалпы фразеологиялык маанинин ортосундагы жакындыгына карата фразеологизмдер 3кө бөлүнөт.

1. Фразеологиялык ширешме

2. Фразеологиялык

бирдик

3. Фразеологиялык

айкаш


Сызга отуруп калуу

Оoзун араандай ачуу

Чилдей тароо

Кабырга менен кеңешуу

Кулак-мурун кескендей

Акыреттик дос

Төбө чачы тик туруу

Эки тамчы суудай

Үшкүрүгү таш жаруу

Маңдайы жарылуу

Бешиктен бели чыга элек

Сүттөн ак

Котур таш койнунда

Ичкен ашын жерге коюу

Куландан соо

Идиомалар



Таблица 3

Фразеологизмдер менен макал-лакаптардын окшоштуктары


1. Кепте даяр материал катары колдонулушу.

М: Жүрөгүндө кара жок; куландан соо, шиши толу ж.б.

«Карынын сөзүн капка сал», «Ырыс алды - ынтымак»,

«Биринчи байлык - ден соолук» ж.б.


2. Составынын туруктуулугу.

М: Эт менен челдин ортосунда; эне сүтүн актоо, ж.б.

«Бөлүнгөнду бөрү жейт», «Билим алуу ийне менен кудук казгандай» ж.б.


3. Образдуулугу.

М: Үй мүйүз тартуу; музоосунда сүздүрүү ж.б.

«Иши илгери болоордун ити чөп жейт», «Бир карын майды бир кумалак чиритет» ж.б.

Таблица 4

Фразеологизмдердин макал-лакаптардын айырмачылыктары


Фразеологизмдер


Макал-лакаптар


1) 1 гана сүйлөм мүчөсү жана 1 гана сөз түркүмү болот.

М: Кара кылды как жарган,

Кан Бакай сөзүн баштады.

(«Манас»)

Кара кылды как жарган- аныктооч, сын атооч.


1) Составындагы сөздөрдүн ар бири өз алдынча сүйлөм мүчөсү жана сөз түркүмү болот.

М: Эр эмгегин жер жебейт.

Эр-аныктооч; зат атооч; эмгегин-толуктооч, зат атооч; жер-ээ; зат атооч; жебейт-баяндооч; этиш.


2) 1 түшүнүктү элестүү атайт, туюндурат.

М: Кылычынын бал тамган; кыпча бел; ээн баш; төкпөй-чачпай айтуу; ж.б.


2) Эл турмушунун тажырыйбасынан корутундуланган түшүнүктү билдирет.

М: «Баланы жашынан,

Аялды башынан», ж.б.


3) Дидактикалык мүнөзгө ээ эмес.

М: бычакка сап болгондой; кылгылыкты кылуу; ичине кара таруу айланбоо; ж.б.


3) Дидактикалык мүнөзгө ээ.

М: «Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» , «Кыздуу үйдө кыл жатпайт»; ж.б.


4) Тилде көркөм каражат болот.

М: «Канаттууга кактырбай,

Калкын жоодон сактаптыр.

Калын кыргыз коопсуз,

Жергесин душман баспаптыр.

Тумшуктууга чокутпай,

Туурун жоодон сактаптыр».

(«Карач-Көкүл баяны»)


4) Тилде сүйлөм же чакан чыгарма болот.

М:«Шодоконун бүркүтүндөй жутунба»;

«Жакшы менен жайлоого чыксаң,

Кудалашып түшөсүң.

Жаман менен жайлоого чыксан,

Кубалашып түшөсүң». ж.б.





Таблица 5

Фразеологизмдердин кепте колдонулушу


1. Өзгөртүүсүз колдонуу:

М: 1)Адамдын адамдан көңүлү үч журттай калса, аны менен жашоо кыйын го. (К.Ж.);

2)Уркуянын жылдызы түшүп, терең улутунуп койду. (М.У.)


2. Өзгөтүп колдонуу:

М: 1) Ушундай болот деп үч уктаса Танабайдын түшүнө кирди бекен? (Ч.А.)

2) Тамак чөпту көргөндө

Ачылды аттын кабагы. («Эр Төштүк»)


3. Жарыш колдонуу.

М: Ичке үзүлүп, жоон созулуп турган кез. Биз эртеден кечке кекиртегибизди талга асып, тишибиздин кирин соруп, айран уюур мезгилди күтөбүз.(М.Э.)

Таблица 6

Фразеологизмдин сөз менен синонимдик катышты түзүшү


Фразеологизм

Синоним сөзү

Жылан чакпай, жылкы теппей

себепсиз

Балтыр эти толо элек

жаш

Биттин ичегисине кан куйган

чыйрак

Шишке саяр эти жок

арык

Мурдун балта кеспөө

тоготпоо

Кубанычы койнуна батпоо

сүйүнүү

Беш өрдөгүн учуруу

калп айтуу

Өзү тойсо да, көзү тойбоо

ач көздүк

Башы жерге кирүү

уялуу

Адалдан түгү жок, ж.б.

жакыр,ж.б.


Эскертүү: Бардык эле фразеологизмдердин маанисин бир сөз менен түшүндүрүү мүмкүн эмес. М: карышкырга кой кайтартуу; сагызган изи; таш түшкөн жеринде оор; ж.б.



Таблица 7

Фразеологиялык талдоо жүргүзүүнүн ыкмасы

  1. Сүйлөмдөн фразеологизмди таап, анын маанисин чечмелөө.

  1. Канча компоненттен тургандыгы аныктоо.

  1. Фразеологизмдин кайсы түрүнө кирээрин ажыратуу.

  1. Сүйлөмдө фразеологизмдин колдонулушуна анализ берүү.

  1. Фразеологизмди синоним сөз менен алмаштыруу.

  1. Сүйлөмдө кайсы сүйлөм мүчөсүнүн жана сөз түркүмүнүн милдетин аткарышын талдоо.


М: Эгиз кoзудай ээрчишип жүрөбүз деген эмелер эми бөлүнүшөбү? (Ш.Б.)

«Эгиз кoзудай» - «айрып алгыс, абдан окшош» деген маанини билдирет; 2 компоненттен турат; фразеологиялык бирдик; колдонууда өзгөрүүгө учураган эмес ; синоним сөзү- окшош; сүйлөм мүчөсү боюнча аныктооч, сөз түркүмү боюнча-сын атооч.



1Виноградов В.В. Основные понятие русской фразеологии, как лингвистической дисциплины. Китепте: Труды юбилейной научной сессии ЛГУ. - Л., 1946. - 45-69-б.

2 Ларин Б.А. Очерки по фразеологии. Китепте: Очерки по лексикологии, фразеологии и статистике. – Л., 1956.- 200 б.

3 Архангельский В.Л. О понятии устойчивой фразы и типах фразеологии. Китепте: Проблемы фразеологии. - М.: Наука, 1964.- 102-125- б.

4 Ожегов С.И. О структуре фразеологии. Китепте: Лексикографический сборник. – М., - 1957. - 31-53- б.

5 Бабкин А.М. Русская фразеология, ее развитие и источники.- Л., - 1970

6 Шанский Н.М. Фразеология современного русского языка.- М.: - ВШ, 1969

7 Молотков А.И. Фразеология русского языка и принципы их лексикографического описания. Китепте : Фразеологический словарь русского языка. – М.,- 1967

8 Кенесбаев С. Казак тилинин тиянактуу сєз тиркестери (Докт. диссертация).- Алмaта, 1944

9 Рахматуллаев Ш.У. Грамматические особенности образование глагольных фразеологических единиц современного узбекского языка..- М., - 1952

10 Тихонов А. Конференция по вопросам фразеологии. //Русский язык в национальной школе.- Москва, 1959.- №6

11 Муратов С.Н. Турк тилдериндеги туруктуу сєз тизмектери. Китепте: Вопросы фразеологии.- Ташкент: Фан, 1965.- 136-140 –б.

12 Юдахин К.К. Кыргызча-орусча сєздїк. - Москва,1965.

13 Юдахин К.К. Кыргызча – орусча сєздїк. - Москва,1965.

14 Кыргыз тилинин тїшїндїрмє сєздїгї. – Фрунзе,1969

15 Жапаров А. Грамматическая структура словосочетании в современном литературном кыргызском языке (Автореферат канд. дисс.).- М,1955.- 23 б.

16 Шїкїров Ж. Кыргыз тилиндеги фразеологиялык айкалыштар жєнїндє. К.:Труды института языка и литературы АН Кыргызской ССР.- Фрунзе, 1956.- Вып.7.- 29-36-б.

17 Осмонова Ж. Идиоманын макал-ылакап менен карым - катышы. //Известия АН Киргизской ССР, 1969.- № 2.- 75-79-б.

18 Осмонова Ж. Кыргыз тилиндеги идиомалар жєнїндє.// Мугалимдер газетасы,1969.- 27.IХ.

19 Осмонова Ж. Идиомалардын лексикалык варианттары. //Мугалимдер газетасы,1970, № 8, 4 - б.

20 Осмонова Ж. Идиомалардын синонимдери жєнїндє. // Кыргызстан маданияты,1970, № 5, 10 - б.

21 Осмонова Ж. Кыргыз тилиндеги идиомалар. Фрунзе: Мектеп, 1972.- 161- б.

22 Мамытов Ж. Кыргыз тилиин фразеологиясы. // Мугалимдер газетасы. 1969.- 5- декабрь

23 Сапарбаев А. Метафора менен фразеологизмдин катышы. // Мугалимдер газетасы. – 1973.- 13 - июнь.

24 Мукамбаев Ж. Идиомалар, учкул сєздєр. Мугалимдер газетасы. 1974. – 9- январь

25 Суранчиева Б. Фразеологиялык синонимдер. Известия АН Киргизской ССР. – 1978. - № 2. – 81-87-б.

26 Эгембердиев Р. Фразеология – тил илиминин бир бєлїгї. // Мугалимдер газетасы.-1974.-9-январь

27 Эгербердиев Р. Єнєр алды-кызыл тил . // Кыргызстан пионери.-1977.- 25- март

28 Эгембердиев Р. «Манас» эпосундагы фразеологизмдер. // Кыргызстан маданияты .- 1976.- 29- апрель

29 Мукамбаев Ж. В.И.Лениндин чыгармаларындагы фразеологиялык байлыктар.// Эл агартуу,1981, №4, 56-58-б.

30 Назаров А.П. Кыргыз тилиндеги фразеологизмдердин маанисин кїчєтїїнїн жолдору.// Эл агартуу,-1982, №1,48-51- б.

31 Назаров А.П. Фразеологизмдердин арасына сєз же сєз айкашын кыстаруу.// Эл агартуу,1983,№3, 51-54-б.

32 Назаров А.П. Фразеологизмдердин натыйжалуулугун жогорулатуучу ыкмалар.// Эл агартуу,1987, №6, 53-55 –б.

33 Назаров А.П. Фразеологизмдер, алардын иденфикаторлорунун стилистикалык максаттарда катар колдонулушу. //Эл агартуу,1989, №3.55-57-б.

34 Мукамбаев Ж., Осмонкулов А. Азыркы кыргыз тили. -Фрунзе:Мектеп, 1976.-27-68-б.

35 Чыманов Ж.А. Орто мектептерде фразеологизмдерди окутуунун айрым маселелери. Китепте: Актуальные вопросы методики преподавания национального языка и литературы в школе и вузе.- Фрунзе,1982.- 75-76-б.

36 Чыманов Ж.А. Сєз маданияты жана фразеология.// Мугалимдер газетасы,1988,29-июль.

37 Калдымолдоева А. Сєз айкаштарын окутуу боюнча методикалык колдонмо.- Фрунзе,1989.- 12-15-б.

38 Токсоналиева Р. Эсептик маанидеги фразеологизмдер // Эл агартуу.- 1993.- № 5,6.- 78-79- б.


39 Эгембердиев Р. IХ класста фразеологизмдерди окутуунун єзгєчєлїктєрї.// Эл агартуу,1976, № 9, 14-16- б.

40 Эгембердиев Р. Фразеология. // Мугалимдер газетасы,1988,18-23- ноябрь

41 Эгембердиев Р. Фразеологизмы в эпосе «Манас» (Кандидаттык диссертация.) – Фрунзе,1979. –17-18-б.

42 Кудайбергенов С, Жакыпов Ы, Мураталиев М. Кыргыз тили.- Фрунзе, 1958.

43 Майрыков Д. Кыргыз тилинин грамматикасы.- Фрунзе, 1954.

44 Кудайбергенов С, Жакыпов Ы, Мураталиев М. Кыргыз тили.- Фрунзе, 1958,2-б.

45 Кудайбергенов С., Жакыпов Ы, Мураталиев М. Кыргыз тили. – Фрунзе, 1958.- 14-б.

46 Кудайбергенов С., Жакыпов Ы, Мураталиев М. Кыргыз тили. – Фрунзе, 1958.- 15-б.

47 Орто мектептин программасы. IV-Х класстар їчїн. Кыргыз тили.// Мугалимдер газетасы, 1967, 23-май

481971-72- окуу жылы їчїн 8 жылдык жана орто мектептер їчїн кыргыз тилинин жана адабиятынын программасы.- Фрунзе, 1971.

49 Орузбаева Б., Абдулдаев Э., Жапаров А. Кыргыз тили. – Фрунзе: Мектеп, 1971. – 36-б.

50 Эгембердиев Р. 1Х класста фразеологизмдерди окутуунун єзгєчєлїктєрї.// Эл агартуу,1976, № 9, 14-16-б.

51 Кыргыз тили жана адабиятынын программасы. - Фрунзе : Мектеп, 1980.- 15- б.

52 Осмонкулов А. Мектептерде кыргыз тилин окутуу методикасынын илим катары єнїгїшї (1958-1988). - Бишкек, 1992. – 51- б.

53 Кыргыз тили жана адабияты программасы (IV-Х класстар їчїн). Фрунзе :Мектеп, 1983.- 23-б.

54Орузбаева Б., Абдулдаев Э., Жапаров А. Кыргыз тили. Фрунзе: Мектеп, 1971. -110 – б.

55 Исаев Д., Кудайбергенов С., Їсєналиев С. «Кыргыз тили». – Фрунзе: Мектеп, 1980

56 Кыргыз тилинин жана адабиятынын программасы (V-ХI класстар їчїн).- Фрунзе: Мектеп, 1987

57 Эгембердиев Р. Фразеология.// Мугалимдер газетасы,1988,18-23/ХI

58 Сапарбаев А, Ємуралиева С. , Эгембердиев Р. Кыргыз тили (10-11 – класстар їчїн). - Бишкек : Мектеп, 3-б.

59 Сапарбаев А., Ємїралиева С, Эгембердиев Р. Кыргыз тили (10-11-кл. їчїн). –Бишкек : Мектеп, 1993.- 207-213-б.

60 Кыргыз тили боюнча 7-10 - кл. їчїн факультативдик окуунун программасы. – Ф.,1987.- 57 – б.

61 Кыргыз тилинин программасы (5-11- класстар їчїн). - Бишкек : Мектеп, 1996

62 Эгембердие Р. Фразеологизмы в эпосе «Манас» ( Рукоп. канд.дисс.).- Фрунзе 1979.- 23-27- б.

63 40-б.

64 Иманалиев К. Орто мектептерде кыргыз адабияты боюнча проблемалык окутууну уюштуруу иши. – Ф: Мектеп, 1981.

65 Кыргыз тилинин фразеологиялык сєздїгї.-Фрунзе:Илим,1980.-163- б.

66 68-б.

67  Кыргыз тилинин фразеологиялык сєздїгї.- Фрунзе: Илим,1980. -298- б.

68 Сапарбаев А, Ємуралиева С., Эгембердиев Р. Кыргыз тили Х-ХI- класс. -Б.,1993.- 169-б.

69 176-б.

70 176-б.

71 Ж.Чыманов . Сєз маданияты жана фразеология.// Муг.газетасы, 1988, 29.VII

72 Карасаев Х. Накыл сєздєр.-Бишкек,1995.-4-бет.

73 Кыргыз тилинин фразеологиялык сєздїгї.-Фрунзе, 1980.-4-бет.

74 Карасаев Х. Накыл сєздєр . -Б., 1995.- 3-б.

75Карасаев Х. Накыл сєздєр. - Б.1995.- 145-б.

76Карасаев Х. Накыл сєздєр. - Б.1995.- 5-б.


77 Дыйканов К. Кыргыз тили таблица тїрїндє. – Алматы , 1989.- Таблица № 218-220

64



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!