СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ориентирование на местности без карты

Категория: ОБЖ

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ориентирование на местности без карты»

Начальная военная подготовка Алгачкы аскердик даярдык Тема : « Ориентирование на местности без карты» « Картасыз  жайгашкан ордубузду жана багыттарды туура мерчемд өө »

Начальная военная подготовка Алгачкы аскердик даярдык

Тема : « Ориентирование на местности без карты»

« Картасыз жайгашкан ордубузду жана багыттарды туура мерчемд өө »

 Аскердик топография Максаттар: «Карта жок учурларда жер шартынын өзгөчөлүктөрүнө карап жайгашкан жерди туура аныктоо»  «Компас менен ,күн жана саат менен ошондой эле жергиликтүү предметтер аркылуу багыттарды туура аныктоого үйрөнүү »  ( түндүк,түштүк,батыш, чыгыш)

Аскердик топография

Максаттар:

«Карта жок учурларда жер шартынын өзгөчөлүктөрүнө карап жайгашкан жерди туура аныктоо»

«Компас менен ,күн жана саат менен ошондой эле жергиликтүү предметтер аркылуу багыттарды туура аныктоого үйрөнүү » ( түндүк,түштүк,батыш, чыгыш)

 Аскердик топография   Согуш учурларында, же болбосо башка аскердик тапшырмаларды аткарууда убакытты жана жер шарттарынындагы ынгайлуу жагдайларды өз пайдасына иштетип калуу үчүн тез жана ыкчам аракет талап кылынган мезгилдер болуп турат.  Мындай учурларда ар бир жоокер жайгашкан ордун жана горизонттун багыттарын,аралыктарды тез жана так аныктап кырдаалды туура пайдаланып калууга аракет жасашы керек . Ал үчүн ар бир жоокер багыттарды ,аралыкты ,жайгашкан ордун аныктоонун жөнөкөй ыкмаларын билиши зарыл. Бул ыкмаларды биз аскердик топографиядан үйрөнөбүз.

Аскердик топография

  • Согуш учурларында, же болбосо башка аскердик тапшырмаларды аткарууда убакытты жана жер шарттарынындагы ынгайлуу жагдайларды өз пайдасына иштетип калуу үчүн тез жана ыкчам аракет талап кылынган мезгилдер болуп турат.
  • Мындай учурларда ар бир жоокер жайгашкан ордун жана горизонттун багыттарын,аралыктарды тез жана так аныктап кырдаалды туура пайдаланып калууга аракет жасашы керек .
  • Ал үчүн ар бир жоокер багыттарды ,аралыкты ,жайгашкан ордун аныктоонун жөнөкөй ыкмаларын билиши зарыл.
  • Бул ыкмаларды биз аскердик топографиядан үйрөнөбүз.
 Аскердик топография   Аскердик топография  — бул ар бир жоокер билүүгө жана пайдалана билүүгө милдетүү болгон аскер илими  Ал өзүнө төмөндөгүлөрдү камтыйт.  Жер шарттарынын өзгөчөлүктөрүн туура аңдап билүү.  Жайгашкан ордун жана багыттарды туура аныктоо Карта менен жана картасыз туура ориентир алуу  Аскердик аракеттерди жасоодо жана түрдүү тапшырмаларды аткаруу учурларында бул жөндөмдүүлүктөрүн пайдалана билүү

Аскердик топография

  • Аскердик топография  — бул ар бир жоокер билүүгө жана пайдалана билүүгө милдетүү болгон аскер илими

Ал өзүнө төмөндөгүлөрдү камтыйт.

  • Жер шарттарынын өзгөчөлүктөрүн туура аңдап билүү.
  • Жайгашкан ордун жана багыттарды туура аныктоо
  • Карта менен жана картасыз туура ориентир алуу
  • Аскердик аракеттерди жасоодо жана түрдүү тапшырмаларды аткаруу учурларында бул жөндөмдүүлүктөрүн пайдалана билүү
 Ориентир алуунун элементтери   Ориентир алуу үч элементтен турат. 1.Жайгашкан ордуңдагы жер шарттарынын өзгөчөлүктөрүн изилдеп ориентир алуучу белгилерди тактоо. 2.Бизди кызыктырган же өзүбүз байкоого алган обьектинин жайгашкан ордун аныктоо. 3 . Ошол жердин горизонттук багыттарын туура аныктоо   (тундук,туштук,батыш ,чыгыш) ж.б.

Ориентир алуунун элементтери

Ориентир алуу үч элементтен турат.

  • 1.Жайгашкан ордуңдагы жер шарттарынын өзгөчөлүктөрүн изилдеп ориентир алуучу белгилерди тактоо.
  • 2.Бизди кызыктырган же өзүбүз байкоого алган обьектинин жайгашкан ордун аныктоо.
  • 3 . Ошол жердин горизонттук багыттарын туура аныктоо

(тундук,туштук,батыш ,чыгыш) ж.б.

 Ориентир алуу Ориентир алуу- үчун биз турган жерибиздеги жердин рельефтик өзгөчөлүктөрүн (суу,токой,тоо,таш,казылган аңдар ж.б.) Ошондой эле Ө зг ө ч ө лонг ө н, көзгө урунттуу предметтерди (жол,үйлөр,башня,завод.склад ж.б.) пайдаланабыз

Ориентир алуу

  • Ориентир алуу- үчун биз турган жерибиздеги жердин рельефтик өзгөчөлүктөрүн (суу,токой,тоо,таш,казылган аңдар ж.б.) Ошондой эле Ө зг ө ч ө лонг ө н, көзгө урунттуу предметтерди (жол,үйлөр,башня,завод.склад ж.б.) пайдаланабыз
Жайгашкан ордубузду аныктоо  Алгач биз өзүбүздүн турган жерибизди, жайгашкан оордубузду туура аныкттоону үйрөнөбүз. Мисалы :Бул сүрөттөрдөгүдөй . Ориентир алуучу предметтер айланадагы башка нерселерден формасы,көлөмү ,түсү ,ж.б менен айырмаланып өзгөчөлөнүп турушу керек Жана аларга чейинки аралыктын өлчөмдөрүн да болжолдуу аныкташыбыз керек .

Жайгашкан ордубузду аныктоо

  • Алгач биз өзүбүздүн турган жерибизди, жайгашкан оордубузду туура аныкттоону үйрөнөбүз.
  • Мисалы :Бул сүрөттөрдөгүдөй . Ориентир алуучу предметтер айланадагы башка нерселерден формасы,көлөмү ,түсү ,ж.б менен айырмаланып өзгөчөлөнүп турушу керек
  • Жана аларга чейинки аралыктын өлчөмдөрүн да болжолдуу аныкташыбыз керек .
Жайгашкан ордубузду жана багыттарды аныктоо Жайгашкан ордубузду аныктоодо биз пайдаланган предметтердин биздин кайсыл тараптарыбызда жайгашканын аныктоо үчун биз горизонттун багыттарын так аныктап алышыбыз керек болот.

Жайгашкан ордубузду жана багыттарды аныктоо

  • Жайгашкан ордубузду аныктоодо биз пайдаланган предметтердин биздин кайсыл тараптарыбызда жайгашканын аныктоо үчун биз горизонттун багыттарын так аныктап алышыбыз керек болот.
Горизонттун багыттарын кантип аныктайбыз Компас менен Күн,ай жана жылдыздар аркылуу Жергиликтүү предметтердин жардамы менен Жебелүү саатарды пайдалануу менен

Горизонттун багыттарын кантип аныктайбыз

  • Компас менен
  • Күн,ай жана жылдыздар аркылуу
  • Жергиликтүү предметтердин жардамы менен
  • Жебелүү саатарды пайдалануу менен
Компас менен горизонттун багыттарын аныктоо Куралдуу күчтөрдө көпчүлүк учурда Адрианов компасы колдонулат. Компас түндүк,түштүк ,батыш, чыгышты так аныктап берет .  Компаста түндүк жана түштүктү көрсөтүп туруучу эки жебеси бар жана горизонттун багыттары тамгалар менен көрсөтүлгөн. С -север- түндүк Ю - юг- түштүк В -восток- чыгыш З -запад – батыш Ошондой эле сааттын жүрүү багыты боюнча горизонттун багыттарынын градустук өлчөмдөрү көрсөтүлгөн

Компас менен горизонттун багыттарын аныктоо

Куралдуу күчтөрдө көпчүлүк учурда Адрианов компасы колдонулат.

Компас түндүк,түштүк ,батыш, чыгышты так аныктап берет .

Компаста түндүк жана түштүктү көрсөтүп туруучу эки жебеси бар жана горизонттун багыттары тамгалар менен көрсөтүлгөн.

С -север- түндүк

Ю - юг- түштүк

В -восток- чыгыш

З -запад – батыш

Ошондой эле сааттын жүрүү багыты боюнча горизонттун багыттарынын градустук өлчөмдөрү көрсөтүлгөн

Компасты кантип колдонобуз Компасты түз , тегиз жерге жайгаштырабыз Предохранителди бошотобуз. Компастын көк түстөгү жебеси ар дайым түндүктү  ал эми кызыл жебеси түштүктү көрсөтөт Компасты тегеретип көк түстөгү жебеси С тамгасына же нөл градуска ал эми кызыл жебеси Ю тамгасына же 180 градуска келгендей кылып токтотобуз Мындай жайгаштыруу менен биз горизонттун башка багыттарын жана алардын градустук өлчөмдөрүн ошондой эле азимуттарды аныктай алабыз .

Компасты кантип колдонобуз

  • Компасты түз , тегиз жерге жайгаштырабыз
  • Предохранителди бошотобуз.
  • Компастын көк түстөгү жебеси ар дайым түндүктү ал эми кызыл жебеси түштүктү көрсөтөт
  • Компасты тегеретип көк түстөгү жебеси С тамгасына же нөл градуска ал эми кызыл жебеси Ю тамгасына же 180 градуска келгендей кылып токтотобуз
  • Мындай жайгаштыруу менен биз горизонттун башка багыттарын жана алардын градустук өлчөмдөрүн ошондой эле азимуттарды аныктай алабыз .
 Багыттарды так аныктайбыз https://learningapps.org/watch?v=pv7f0s29321

Багыттарды так аныктайбыз

https://learningapps.org/watch?v=pv7f0s29321

 Эмне үчүн компастын жебелери ар дайым адашпастан  түндук менен түштүктү көрсөтөт? https :// youtu.be/Kjvyzaip  S4U

Эмне үчүн компастын жебелери ар дайым адашпастан түндук менен түштүктү көрсөтөт?

  • https :// youtu.be/Kjvyzaip S4U
Күн жана сааттын жардамы менен багыттарды аныктоо Жебелүү саатты алып убакыттын саатын көрсөтүүчү жебесин күндү карай багыттап кармайбыз. Убакыттын саатын көрсөтүүчү жебе менен сааттагы 1 цифрасынын ортосундагы бурчту так экиге бөлгөн түз сызык түштүк тарапты көрсөтөт Биз түштүк тарапты табуу менен горизонтун калган башка тараптарын оңой аныктасак болот .

Күн жана сааттын жардамы менен багыттарды аныктоо

Жебелүү саатты алып убакыттын саатын көрсөтүүчү жебесин күндү карай багыттап кармайбыз.

Убакыттын саатын көрсөтүүчү жебе менен сааттагы 1 цифрасынын ортосундагы бурчту так экиге бөлгөн түз сызык түштүк тарапты көрсөтөт

Биз түштүк тарапты табуу менен горизонтун калган башка тараптарын оңой аныктасак болот .

Күн жана Айдын жардамы менен багыттарды аныктоо  Күн жана ай дайыма чыгыштан чыгат жана батышка батат биз аларга карап чыгыш менен батышты аныктайбыз .   Ал эми күн менен айга карап түндүк  жана түштүктү аныктоого болобу?

Күн жана Айдын жардамы менен багыттарды аныктоо

  • Күн жана ай дайыма чыгыштан чыгат жана батышка батат биз аларга карап чыгыш менен батышты аныктайбыз .

  • Ал эми күн менен айга карап түндүк

жана түштүктү аныктоого болобу?

Күн жана Айдын жардамы менен багыттарды аныктоо  КҮн жана ай чыгыштан чыгат жана батышка батат биз аларга карап чыгыш менен батышты аныктайбыз . Ал эми күн жана ай дайыма асмандын түштүк бөлүгү менен өткөндүктөн көлөкө дайыма түндук тарапка түшөт муну менен биз түндүк,түштүктү аныктасак болот

Күн жана Айдын жардамы менен багыттарды аныктоо

  • КҮн жана ай чыгыштан чыгат жана батышка батат биз аларга карап чыгыш менен батышты аныктайбыз .
  • Ал эми күн жана ай дайыма асмандын түштүк бөлүгү менен өткөндүктөн көлөкө дайыма түндук тарапка түшөт муну менен биз түндүк,түштүктү аныктасак болот
Түнкүсүн ай көрүнбөгөн учурларда горизонттун багыттарын кантип аныктасак болот?
  • Түнкүсүн ай көрүнбөгөн учурларда горизонттун багыттарын кантип аныктасак болот?

Түнкүсүн жылдыздар аркылуу горизонттун багыттарын аныктоо Биз Алтын Казык деп атаган жаркырап турган жылдыз бизге дайыма асмандын түндүк бөлүгүнөн көрүнөт. Алтын казык жылдызын биз Чоң Жетиген, жана Кичи Жетиген жылдыздар тобунан табабыз .  Чоң жетиген жылдызынын аягындагы эки  жылдыздын аралыгынчалык аралыктан  беш жолу Кичи Жетиген жылдызы тарапка  эсептеп жылганыбызда Кичи Жетиген  жылдызынын аягында жайгашкан  жаркыраган жылдыз Алтын Казык деп аталат.  Алтын Казык жылдызы аркылуу биз  горизонттун түндүк тарабын билебиз.

Түнкүсүн жылдыздар аркылуу горизонттун багыттарын аныктоо

  • Биз Алтын Казык деп атаган жаркырап турган жылдыз бизге дайыма асмандын түндүк бөлүгүнөн көрүнөт.
  • Алтын казык жылдызын биз Чоң Жетиген, жана Кичи Жетиген жылдыздар тобунан табабыз .
  • Чоң жетиген жылдызынын аягындагы эки

жылдыздын аралыгынчалык аралыктан

беш жолу Кичи Жетиген жылдызы тарапка

эсептеп жылганыбызда Кичи Жетиген

жылдызынын аягында жайгашкан

жаркыраган жылдыз Алтын Казык деп аталат.

Алтын Казык жылдызы аркылуу биз

горизонттун түндүк тарабын билебиз.

 Алтын Казык жылдызы аркылуу горизонттун багыттарын аныктайбыз Алтын Казык жылдызына бет маңдай карап турсак  арка тарабыбыз түштүк,оң  жагыбызды чыгыш ал эми  сол тарабыбызды батыш  деп билсек болот.

Алтын Казык жылдызы аркылуу горизонттун багыттарын аныктайбыз

  • Алтын Казык жылдызына бет маңдай карап турсак

арка тарабыбыз түштүк,оң

жагыбызды чыгыш ал эми

сол тарабыбызды батыш

деп билсек болот.

 Туман басып Ай , Күн жана жылдыздар көрүнбөгөн мезгилдерде горизонттун багыттарын аныктоо үчүн биз жергиликтүү предметтерди пайдалансак болот . Кантип? Жергиликтүү предметтер аркылуу :  Мисалы: тоо,таш,токой ж.б . аркылуу  түндүк,түштүктү кантип аныктаса болот?
  • Туман басып Ай , Күн жана жылдыздар көрүнбөгөн мезгилдерде горизонттун багыттарын аныктоо үчүн биз жергиликтүү предметтерди пайдалансак болот .
  • Кантип? Жергиликтүү предметтер аркылуу :

Мисалы: тоо,таш,токой ж.б . аркылуу

түндүк,түштүктү кантип аныктаса болот?

 Жергиликтүү предметтер аркылуу багыттарды аныктоо Дарактардын түндүк тарабындагы бутактары начар ,ал эми түштүк тарабы жакшы өсүп жетилет . Дарактын кесилген калдыгындагы тегерекчелер түндүк тарабында тыгыз болуп түштүк тарабы тескерисинче аралыктары бири биринен алыс жайгашат. Козу карындар ,мох ж.б . Өсүмдүктөр дарактардын , таштардын түндүк тарабына өсүшөт.

Жергиликтүү предметтер аркылуу багыттарды аныктоо

Дарактардын түндүк тарабындагы бутактары начар ,ал эми түштүк тарабы жакшы өсүп жетилет .

Дарактын кесилген калдыгындагы тегерекчелер түндүк тарабында тыгыз болуп түштүк тарабы тескерисинче аралыктары бири биринен алыс жайгашат.

Козу карындар ,мох ж.б . Өсүмдүктөр дарактардын , таштардын түндүк тарабына өсүшөт.

Жергиликтүү предметтер аркылуу багыттарды аныктоо Тоо ,таш дарактардын түштүк тарабында кар тез эрип кетет. Кумурскалар дайыма дарактын таштын же дөңсө жерлердин түштүк тарабына уяларын жасашат. Дарактардын түндүк тарабы нымдуу ал эми түштүк тарабы кургак болот.

Жергиликтүү предметтер аркылуу багыттарды аныктоо

Тоо ,таш дарактардын түштүк тарабында кар тез эрип кетет.

Кумурскалар дайыма дарактын таштын же дөңсө жерлердин түштүк тарабына уяларын жасашат.

Дарактардын түндүк тарабы нымдуу ал эми түштүк тарабы кургак болот.

Жайгашкан ордубузду жана багыттарды аныктоо Мисалы бул сүрөттө Түштүк тарапта 90 метр аралыкта чоң склад. Чыгыш тарапта 70 метр аралыкта жалгыз түп дарак. Түндук –чыгыш тарапта 30 метр аралыкта дайра бар деп жайгашкан ордубуздун ориентировкасын алабыз . түштүк чыгыш Түндүк -чыгыш

Жайгашкан ордубузду жана багыттарды аныктоо

Мисалы бул сүрөттө

Түштүк тарапта 90 метр аралыкта чоң склад.

Чыгыш тарапта 70 метр аралыкта жалгыз түп дарак.

Түндук –чыгыш тарапта 30 метр аралыкта дайра бар деп жайгашкан ордубуздун ориентировкасын алабыз .

түштүк

чыгыш

Түндүк -чыгыш

 Компассыз багыттарды аныктоо

Компассыз багыттарды аныктоо

 Сабакты бышыктоо үчүн суроолор Аскердик топография эмнени үйрөтөт? Топографиянын элементтерин атагыла Ориентир алуу эмне үчүн керек? Биз болжолдогон ориентир кандай талаптарга жооп бериши керек? Горизонттун багыттарын күндүз жана түндөсү кантип аныктайбыз ? Өзүңөрдүн жайгашкан оордуңарды аныктагыла

Сабакты бышыктоо үчүн суроолор

  • Аскердик топография эмнени үйрөтөт?
  • Топографиянын элементтерин атагыла
  • Ориентир алуу эмне үчүн керек?
  • Биз болжолдогон ориентир кандай талаптарга жооп бериши керек?
  • Горизонттун багыттарын күндүз жана түндөсү кантип аныктайбыз ?
  • Өзүңөрдүн жайгашкан оордуңарды аныктагыла
 Көңүл  бурганыңыздар  үчүн рахмат!

Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!