СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Окуу жүктөмдөрүн пландоо жана эсепке алуу нормалары

Категория: Директору

Нажмите, чтобы узнать подробности

ОшТУнун эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институтунун №1 бюллетени. Окуу жүктөмдөрү жана аларды пландоо нормалары жөнүндө жобо. – Өзгөн: МУИТО, 2023. – 7 б.

Бюллетенде окуу жүктөмдөрү жана аларды пландоо нормалары жөнүндө жоболор келтирилген. Жобо профессордук-окутуучулар курамы, кафедра башчылары, бөлүм башчылары жана структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилери үчүн окуу жүктөмдөрдү пландоодо колдонууга сунушталат.

Просмотр содержимого документа
«Окуу жүктөмдөрүн пландоо жана эсепке алуу нормалары»


























Кыргыз республикасынын билим берүү жана илим министрлиги






1

бюллетень



Эл аралык өзгөн технология жана билим берүү институту



окуу жүктөмдөрҮ

жана аларды пландоо нормалары жөнүндө жобо







Өзгөн – 2023

Кызматтык колдонуу үчүн

Эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институтунун №1 бюллетени. Окуу жүктөмдөрү жана аларды пландоо нормалары жөнүндө жобо. – Өзгөн: МУИТО, 2023. – 7 б.

Түзүүчүлөр: Зулпуев З.Б., Муратбаева Г.Н., Б.Тынай уулу, Темиралиева Г.Т., Касымбеков А.А., Раманкулов М., Абдуллаева Р.А.

Өзгөн технология жана билим берүү институтунун Окумуштуу Кеңешинин 2023-жылдын ...-сентябрындагы №1 жыйынында кабыл алынган.

Бюллетенде окуу жүктөмдөрү жана аларды пландоо нормалары жөнүндө жоболор келтирилген. Жобо профессордук-окутуучулар курамы, кафедра башчылары, бөлүм башчылары жана структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилери үчүн окуу жүктөмдөрдү пландоодо колдонууга сунушталат.

© ОшТУнун эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институту, 2023

Окуу жүктөмдөрү жана аларды пландоо нормалары жөнүндө жобо

1. Жалпы жоболор

Окуу жүктөмдөрү жана аларды пландоо нормалары эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институтунда окуу процессин уюштуруунун, профессордук-окутуучулук курамдын штаттык жадыбалын, окутуучулардын окуу жүктөмдөрүнүн өлчөмүн аныктоонун негизин түзөт.

Окутуучунун бир күндүк иш күнү 6 саатка, ал эми бир аптадагы иш күнү 36 саатка барабар. Бир окуу жылындагы окутуучунун жалпы окуу жүгү 1548 саатка барабар болуп, анын ичинен 720 сааты аудиторияда аткарылышы керек.

Окуу жүктөмдөр жана аларды пландоо нормалары адистиктер боюнча окутуу процессин уюштуруу үчүн колдонулат.

Жобо КРнын «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамынын, институттун уставынын, билим берүү багытындагы КР Өкмөтүнүн токтомдорунун, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктарынын жана инструкциялык каттарынын негизинде иштелип чыкты.

2. Окуу процессин уюштуруудагы негизги бирдиктер

2.1. 1 академиялык саат 40 минутага барабар. Бириктирилгенде 1 жуп сабак – 80 минутага барабар. 80 минута 2 академиялык саатка барабар. 1 жуп сабактан кийин 10 минуталык танапис болот. 4 академиялык (2 жуп сабактан) сааттан кийин 30 минуталык түшкү тамактануу үчүн танапис болот.

2.2. 1 тайпада – кеминде 25 студент болот. Практикалык жана семинардык сабактар 1 тайпага пландалат.

3. Окутуучунун окуу жүгүн пландоо нормалары

Жумуштун түрү

Убакыт өлчөмү

Эскертүү

1

Лекцияларды окуу

1 тайпага же 1 агымга

1 жуп сабакка пландалат.

1 жуп сабак 80 минута.

80 минута 2 академиялык саатка барабарланат.

2

Практика жана семинар сабактары

1 тайпага 1 жуп сабакка пландалат.

1 жуп сабак 80 минута.

80 минута 2 академиялык саатка барабарланат.

3

Лабораториялык сабактар

1 тайпачага (подгруппага) 1 жуп сабакка пландалат.

1 жуп сабак 80 минута.

80 минута 2 академиялык саатка барабарланат.

4

Сынактарды кабыл алуу

1 тайпа үчүн: лекторго – 9 саат (72%)

практикалык сабакты окутуучуга – 3,5 саат (28%)

1 студент үчүн 0,5 саат,

1 тайпа үчүн 12,5 саат

1 тайпача үчүн: лекторго – 4,5 саат (36%), практикалык сабакты окутуучуга – 1,5 саат (12%)

1 студент үчүн 0,5 саат,

1 тайпача үчүн 6,25 саат



Оозеки же жазма сынактарды кабыл алуу

(жүктөм)= студ.саны × 0,33 саат (20 мин.)

Сынакты кайра тапшырууну эске алуу менен, бирок, бир күндө 9 сааттан ашык эмес.


Электрондук окутууну жана дистанттык билим берүү технологияларын пайдаланган учурдагы сынакты кабыл алуу

(жүктөм)= 1 саат/тайпа + студ.саны × 0,13 саат (8 мин.)

Прием экзамена осуществляется в электронной среде путем выполнения студентами заданий с автоматической проверкой и устным собеседованием со студентом.

Проведение экзамена сопровождается преподавателем или иным сотрудником с целью идентификации личности и контроля условий проведения.

5

Курстук иштер

1 курст.ишке жетекчиликке - 2 саат


6

Обзордук лекциялар (МА)

1 мамлекеттик экзаменге 20 сааттан көп эмес


7

Кафедраны жетектөө жана сабактарга катышуу

Штаттык башчыга жылына 30 сааттан ашык эмес.


8

Бүтүрүү квалификациялык иштерге (дипломдук иштерге жана долбоорлорго) жетекчилик жана сын пикир жазуу үчүн

Ар бир бүтүрүү квалификациялык ишке - 18 саат

Жетекчиге - 16 саат,

рецензентке – 2 саат.

Бүтүрүү квалификациялык иштерге жетекчиликке чектөөлөр

Профессорлорго, илимдин докторлоруна

5 студентке чейин

Доценттерге, илимдин кандидаттарына

4 студентке чейин

Улук окутуучуларга

3 студентке чейин

Окутуучуларга

2 студентке чейин

Өндүрүштө иштеген жогорку билими бар квалификациялуу адистерге

9

Бүтүрүү курстарындагы мамлекеттик сынактар

МАКтын төрагасына, мүчөлөрүнө жана экспертке ар бир студент үчүн 0,5 сааттан.

МАКтын төрагасына, мүчөлөрүнө жана экспертке күнүнө 6 сааттан ашык эмес.

МАКтын катчысына экзамен өткөрүлгөн ар бир күнгө 6 сааттан


10

Окуу, өндүрүштүк жана диплом алдындагы практикалар

Жетекчисине: бир тайпага 60 саат


Сынактарды кабыл алуу лекторго пландаштырылат. Лектор модулдук-рейтингдик жобонун негизинде студенттен теориялык, практикалык материалдарды өздөштүргөндүгүн жана өз алдынча иштерди аткаргандыгын модулдар боюнча текшерет.

Эскертүү. Эгерде сырттан окуган студенттер адистиги боюнча иштесе, анда алар практика боюнча отчетторун жана тиешелүү документтерин практиканы жетектеген окутуучуга тапшырат. Бул учурда жетекчиге 1 студент үчүн 1 саат окуу жүктөмү жазылат. Эгерде сырттан окуган студенттер адистиги боюнча иштебесе, анда окуу жүктөмдөрү күндүзгү бөлүмдөгүдөй бөлүнөт.

4. Усулдук иштерди пландоонун жана эсепке алуунун нормалары

Иштин түрлөрү

Убакыт нормалары

Эскертүү

4.1

Лекцияга даярдануу (алгачкы жолу окулган учурда)

Окуу планы боюнча 1 саат лекцияга – 2 саат

Сабактар башка группаларда кайталанганда бул сааттар эсептелбейт

4.2

Лекцияга даярдануу (кайталанып окулган учурда)

Окуу планы боюнча 1 саат лекцияга – 1 саат

Сабактар башка группаларда кайталанганда бул сааттар эсептелбейт

4.3

Лабораториялык-практикалык жана семинардык сабактарга даярдануу (алгачкы жолу өткөрүлгөндө)

Окуу планы боюнча 1 саат сабакка – 1 саат

Сабактар башка группаларда кайталанганда бул сааттар эсептелбейт

4.4

Лабораториялык-практикалык жана семинардык сабактарга даярдануу (кайталанып өткөрүлгөндө)

Окуу планы боюнча 1 саат сабакка – 0,5 саат

Сабактар башка группаларда кайталанганда бул сааттар эсептелбейт

4.5

Кафедрада мурда окулбаган, жаңыдан кийирилген курс боюнча лекцияларды иштеп чыгуу (лекциялардын толук конспектиси көрсөтүлөт)

Окуу планы боюнча 1 саат лекцияга 3 саат жумуш убактысы каралат

Бул курсту башка потокторго кайталап окуган учурда бул сааттар эске алынбайт

4.6

Билимдерди текшерүүчү суроолорду, тапшырмаларды, тесттерди иштеп чыгуу

50 саатка чейин

1 дисциплина боюнча

4.7

Басып чыгаруу планында каралган окуу китебин иштеп чыгуу жана басмага даярдоо

100 саатка чейин (алгачкы жолу басып чыгарылуучу окуу китеби үчүн); 50 саатка чейин (кайталанып басып чыгарылганда)

1 автор үчүн 1 басма табак (16 бет), 2 автор үчүн 2 басма табактан кем эмес

4.8

Электрондук окуу китептерин, окуу колдонмолорун иштеп чыгуу жана даярдоо

Бир окуу жылына 100 саатка чейин

Окуу-усулдук кеңештин чечими менен берилген актыга ылайык басманын 1 басма табагына

4.9

Жаңы усулдук көрсөтмөлөрдү түзүү:

- лабораториялык иштер боюнча

- дисциплинанын Окуу-усулдук комплекси боюнча

- курстук иш боюнча

- дипломдук иш боюнча

- сырттан окугандардын билимдерин текшерүү боюнча тапшырмалар боюнча

- практикадан өтүү боюнча

20 саатка чейин


50 саат

30 саат

40 саат


80 саатка чейин

50 саатка чейин

Бардыгы 1 окуу жылына


1 дисциплина боюнча 1 ишке


1 усулдук көрсөтмө

1 усулдук көрсөтмө

1 усулд. көрсөтмө 1 дисц.б-ча


Бир түр боюнча

1 басма табакка 2ден көп эмес автор

4.10

Кредиттик технология боюнча студенттердин өз алдынча иштерин уюштуруу

Даярдоо:

- таркатылуучу материалдар;

- тапшырмалардын жеке варианттары;

- электрондук окуу материалдары ж.б.






Окуу жылына:

20 с. чейин 1 компл-ке 30 с. чейин 1 дисц-га

40 с.чейин 1 дисц-га аткарылган фактысы боюнча






Жаңылоо (окуу жылына):

10 саатка чейин

15 саатка чейин

Аткарылган фактысы боюнча 20 саатка чейин

4.11

Усулдук семинарларды, ачык сабактарды даярдоо жана өткөрүү

10 саатв

1 аткаруучуга 1 иш-чара үчүн

4.12

Дисциплинанын жумушчу программаларын иштеп чыгуу

Окуу жылына 30 саатка чейин


4.13

Дисциплинанын жумушчу программаларын кайрадан иштеп чыгуу

Окуу жылына 10 саатка чейин

1 окуу дисциплинасына

4.14

Кредиттик технология боюнча дисциплинанын жумушчу программасынын (Силлабус) автордук вариантын иштеп чыгуу

1 дисциплинага 20 саатка чейин


4.15

Жаңы лабораториялык ишти коюу, түшүндүрмөлөрүн иштеп чыгуу жана окуу-усулдук материалдарын даярдоо

1 ишке 60 саатка чейин

Окуу иштери боюнча дир.орун басары бекиткен актка ылайык кабыл алуу

4.16

Лабораториялык ишти модернизациялоо

30 саатка чейин

Окуу иштери боюнча дир.орун басары бекиткен актка ылайык кабыл алуу

5. Илим-изидөө иштерин пландоонун жана эсепке алуунун нормалары

Иштин түрлөрү

Убакыт нормалары

Эскертүү

5.1

Изилдөөчү-стажерлорго жетекчилик

Стажировканын ар бир айына 10 саат, бирок 1 жылда 30 сааттан көп эмес


5.2

Студенттердин илимий иштерине жетекчилик

10 саат

1 иш үчүн

5.3

Студенттердин окуу-изилдөө ишине жетекчилик

Профессор жана доцен үчүн жылына 40 саат

Студенттердин илимий иштери боюнча план болгон учурда

5.4

Студенттердин илимий иштерин кароо боюнча конкурстук комиссиянын ишине катышуу

Жылына 20 саатка чейин

Сааттар комиссиянын ар бир мүчөсү үчүн берилет

5.5

Илимий отчетторду, эмгектерди, диссертацияларды, диссертацияга автордук рефераттарды, окуу китептерин, окуу колдонмолорун, монографияларды, конкурстук материалдарды ж.б. рецензиялоо (сын пикир жазуу)

1 ишке 12 саатка чейин

Кеңештин, комиссиянын төрагасынын тапшырмасы боюнча

5.6

Илимий эмгектерди, окуу колдонмолорун ж.б. оңдоп-түзөө (редакциялоо)

1 басма табакка 12 с.чейин

Редколлегия мүчөлөрүнө

5.7

Илимий статьяларды жана тезистерди даярдоо

1 статья үчүн 25 саат


5.8

Монографияларды даярдоо

150 сааттан кем эмес

1 монографияга

6. Уюштуруу-усулдук иштерин пландоо жана эсепке алуу нормалары

Иштин түрлөрү

Убакыт нормалары

Эскертүү

6.1

Кеңештин мүчөсүнүн милдеттерин аткаруу:

- Окумуштуулар кеңеши

- окуу-усулдук кеңеши

Кеңешмелерге катышуу:

- кафедранын

- усулдук комиссиянын



30 саат

30 саат


30 саат

30 саат

Окуу жылына, ар мүчөгө

6.2

Комиссиялардын туруктуу иштеген секциясынын жетекчисинин жана мүчөсүнүн милдеттерин аткаруу

Окуу жылына 30 саат

Директордун буйругу боюнча

6.3

Түрдүү тапшырмаларды аткаруу

Факт боюнча убактынын чыгыма эсепке алынат

Директордун тапшырмасы боюнча

6. Тарбиялык иштерди пландоонун жана эсепке алуунун нормалары

Иштин түрлөрү

Убакыт нормалары

Эскертүү

6.1

Студенттик группанын куратору катары иштөө

1-курска 100 саатка чейин

2-курска 100 саатка чейин

3-курска 75 саат

Окуу жылына

6.2

Коомдук иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү

1 иш-чарага 10 саат

Бөлүм башчынын чечимине ылайык

7. Окуу жүктөмдөрдү пландоо жана бөлүштүрүү

1 ставкада иштеген окутуучулардын окуу жылындагы пландалуучу окуу жүктөмдөрү төмөнкүдөй болот:

Кызматы, илимий даражасы,

илимий наамы

Пландалуучу окуу жүктөмү

Эскертүү

1

Окутуучу, улук окутуучу, доцент, профессор

720 саат

720 сааттан ашкан окуу жүктөмү кошумча ставка катары эсептелет.

Мисалы, 180 саат 0,25 ставка болот.

Окуу жүктөмдөрүн пландоодо төмөнкү критерийлерди эске алуу керек:

  • Окуу жүктөмдөрү окутуунун формасына карабастан (күндүзгү, сырттан, кечки) жарым жылдыктарга бирдей бөлүштүрүлүшү керек (1-жарым жылдыкта аз, экинчи жарым жылдыкта көп болуусу туура эмес).

  • Аудиториялык саат (лекциялык, практикалык, семинардык, лабораториялык сааттардын саны) жалпы окуу жүгүнүн 60% нен кем болбойт.

  • Ар бир окутуучунун сырттан окуу бөлүмүндөгү окуу жүктөмү (практикаларга жетекчилиги менен бирге) жалпы окуу жүктөмүнүн 25% нен ашпайт.

Лекциялык окуу жүктөм төмөнкүдөй бөлүштүрүлүшү зарыл:

  • Улук окутуучу үчүн - жалпы жүктөмдүн 25% нен кем эмес;

  • Доцент үчүн - жалпы жүктөмдүн 30% нен кем эмес;

  • Профессор үчүн - жалпы жүктөмдүн 35% нен кем эмес.

Кафедранын сааттык фонду (почасовой фонд) жалпы жүктөмдүн 5% нен ашпайт жана 500 сааттан да ашып кетпөөсү зарыл. Бул сааттар мамлекеттик аттестациялык комиссиянын төрагаларына (төрайымдарына) жана эксперттерге пландалышы керек. Айрым учурда өндүрүштөн чакырылган жогорку квалификациялуу адистер үчүн пландоого болот.

Сааттык төлөм боюнча иштеген окутуучунун окуу жүктөмү 180 сааттан ашпайт. Сааттык төлөм боюнча иштеген окутуучуну ишке алуу, эреже катарында, окуу жылынын башында же жайкы семестрдин башталышында гана аткарылат.

Айкалышкан шартта иштөөчүлөрдүн (совместитель) негизги иштеген жеринен атайын уруксаты болгон учурда 0,5 ставкага чейин уруксат берүүгө болот.

8. Колдонулган адабияттар

1. Высшая школа. Под ред. Е. И. Войленко. Сборник основных постановлений, приказов и инструкций. В 2-х ч. Ч. 1. – М.: Высш. школа, 1978. – 399 с.

2. Высшая школа. Под ред. Е. И. Войленко. Сборник основных постановлений, приказов и инструкций. В 2-х ч. Ч. 2. – М.: Высш. школа, 1978. – 360 с.

3. Закон Кыргызской Республики «Об образовании» (№ 92 от 30.04.03) / Сборник нормативно-правовых актов в области образования КР. Выпуск 1. Бишкек: - Просвещение, 2004. - С. 13-56.

4. Постановление Правительства КР № 549 от 01.08.06 «Об установлении продолжительности рабочего времени педагогических работников образовательных организаций» // Нормативные акты КР. № 37. 2006. – С. 40 – 42.

5. Постановление Правительства КР № 18 от 19.01.2011 “О введении новые условия оплаты труда работников образовательных организаций”.

Даярдаган Раманкулов М. 04.06.2020


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!