СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

НООРУЗ тарбиялык саат

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«НООРУЗ тарбиялык саат»

Сабактын мөөнөтү:

Сабактын аты: Мекен таануу

Сабактын темасы: Нооруз



Сабактын максаты

Көрсөткүчтөр

Ата-бабалардын мурасы, элдик майрамдар, Нооруз тууралуу маалымат алышат.

Окуучулар ата-бабалардын мурасын, элдик майрамдар, Нооруз тууралуу билишсе.

Салт-санаа, улуттук тамак-аш, Ноорузда ойно-луучу улуттук оюндарды ойноого көнүгүшөт

Ноорузда жасалуучу тамак-аш, ойнолуучу оюндарды билишсе.

Улуттук дөөлөттөрдү сыйлоого үйрөнүшөт.

Өз элинин тарыхына карата сыйлоо сезими өнүксө.



Сабактын тиби: Аралаш

Сабактын жабдылышы: Мекен таануу китеби, сүрөттөр, ватман, доска жана бор.

Сабактагы негизги иш-аракеттер: Жуптарда жана топтордо иштөө. Ноорузду оюн түрүндө көрсөтүү, китеп менен иштөө, листке сүрөт тартып боё.



Сабактын этабы

Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучунун ишмердүүлүгү

Компетен-түүлүгү

Баалоо

НК

ПК

Уюштуруу

Саламдашуу, класстын сани-тардык абалына көңүл буруу, окуу куралдарын даярдоо. Жагымдуу маанай түзүү.


Жакшы маанай деген кандай?

Жакшы маанай деген момундай,

Жагымдуу маанай тартуулоо

Кандай? Ал мындай:

Бири-бирине күлө карап,

Жакшы тилек кааламай.

Сен мыктысың татына ,

А сен зорсун баарынан.

Бул сага менден,

А бул сага менден,

Бүгүнкү сабакта озуп кетем барибир сенден.

Маанай ачтык чын дилден,

Ха-ха, хо-хо.

Саламдашат, класстын санитардык абалына көз жүгүртөт, окуу китептерин алышат. Жагымдуу маанай ырын ырдашат.

НК2

НК3



Шыктандыруучу сөздөрдү айтуу

Үй тапшыр-масын кайталоо

Булуттарга катылган суроолор аркылуу окуучулар үй тапшырманы кайталап алышат. Суроолорго жооп берүү менен жаңы теманы ачып алышат.

Ар бир булуттарга катылган суроолорго жооп берүү менен бирден тамга пайда болот, жаңы теманы пайда кылышат.

НК2

НК3

ПК2

ПК5

Стикер менен баалоо

Жаңы теманы түшүн-дүрүү

Нооруз

«Нооруз» майрамы мусулман өлкөлөрүндө: жаңы жыл катарында кеңири белгиленип келет. «Нооруз» деген сөз иран тилинен алынган, «навруз» («нав»-жаңы, «руз»-күн) «жаңы күн» деген маанини берет.

Күн узарды. Бул жаздын бир белгиси, 21-мартта күн менен түн теңелет. Бир сутканын 12 сааты күн, 12сааты түн болот. Ушул күнү элдер ноорузду майрамдашат. Алас-алас деп ата-бабаларыбыз жаратылыш-тан, жер энеден, асмандан, күн-дөн жакшылык, мол түшүм сурап, таазим этишчүү.

Биздин өлкөдө элдер Нооруз-ду жыл сайын майрамдашат. Улуттук кийимдерин кийип, ыр ырдап, бийлешет, бири-бирине жакшы каалоо тилек-терин билдиришет. Сүмөлөк даярдашат.


Жаңы тема боюнча түшүнүккө ээ болушат, сабакта тартипти сактап олтурушат. Ар бир суроого так, даана жооп беришет. Сабактын ар бир этабында өздөрүнүн жөндөмдүүлүк-төрүн көрсөтүшөт.





























Бышыктоо

Ар бир түстө олтурган окуучу-лар теманы көркөм окуп, түшүнүктөрүн айтышат. Ноорузда бышырылуучу тамак кайсы?

Улуттук аштарды атап бер?

Ноорузда кайсыл, кандай кийимдер кийилет?

Күн желесинде олтурган окуучулардан бирден окуучу чыгып, Манастан үзүндү айтып беришет. Нооруз жөнүндө бил-ген ырларын айтып беришет.

Көркөм, шар окушуп, түшүнүктөрүн айтып беришет. суроолорго так, даана, жеткиликтүү жооп беришет. Ар бир бала, ар бир кыз Манастан үзүндү айтып беришет. Нооруз жөнүндө ырларын көркөм айтып беришет.

НК2

НК3

ПК2

ПК4

ПК5



Тепкич арыклуу баалоо

Эс алдыруу мөөнөтү

Улуттук «Кара жорго» бийин бийлөө.

Бийди бийлешет.




Жыйын-тыктоо

Жаңы тема боюнча түшүнк-төрүн, суроолорго жооп берүү менен жыйынтыктайт.

Ноорузда бышырылуучу сүмөлөктүн кошулмаларын стикерлерге жазылган сөздөрдү таап, ал стикерлерден байчечекей гүлүн пайда кылышат. Сүрөт тартуу.

Суроолорго жооп берет, Байчечекей гүлүн элестетип гүлдү пайда кылышат. Сүрөт тартышат.

НК2

НК3

ПК1

ПК5


Стикер менен баалоо

Баалоо

Окуучулардын топтогон упай-ларына карап, тепкичтеги ордуна карап, стикер таркатуу.





Үйгө тапшырма

Нооруз жөнүндө уламыштарды ата-энесинен сурап, билип келүү.








Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!