СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ноокатым менин ооматым

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Ноокат району жөнүндө

Просмотр содержимого документа
«Ноокатым менин ооматым»

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ

ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

Ноокатым

менин

ооматым”

Мугалим: Байматова Аксана



Сабактын темасы: Мекеним-ыйык тумарым, Ноокатым-алтын турагым


Сабактын максаты

Сабактын көрсөткүчтөрү

А)

Билим берүүчүлүк:Мекен жөнүндөгү

түшүнүктөрүн ар тараптан кенейтүү

А)

Мекен жөнүндөгү

түшүнүктөрүн ар тараптан кенейте алышса

Б)

Өнүктүрүүчүлүк:Эркин ой-жугүртүүлөрун, сүйлөө маданиятын, көркөм эстетикалык табитин өркүндөтүү

Б)

Эркин ой-жугүртүүлөрун, сүйлөө маданиятын, көркөм эстетикалык табитин өркүндөтө алышат

В)

Тарбия берүүчүлүк:балдарды мекенди ардактап сүйүүгө, аны коргоого тарбиялоо

В)

Окуучуларды мекенди ардактап сүйүүгө, аны коргоого тарбияланышат

Сабактын тиби: Мекен жөнүндөгү түшүнүктөрүн жалпылоо сабагы

Колдонулган усулдар: Эркин талкуу

Сабактын жабдылышы: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Герби, Гимни, Туусу, уусу, Ноокаттын сүрөттөрү, учкул сөздөр.

Сабактын жүрүшү:

  1. Уюштуруу учуру ( 3 мүнөт).

Комуз күүсү (кыргыз көчү)ойнолот

Мугалимдин баяны:

Балдар адамдын жан дүйнөсү не деген Улуу сезим туйуулардан турат.М:энелик сүйүү, достук сезим, туугандык сезим ж.б. ушул кудурет сезим туйуулардын башкысы бул-Ата Мекенди сүйүү сезими. Бүгүн силер менен ушул улуу сезим жөнүндө сөз кылабыз. Э нбиринчи “Мекен”деген түшүнүктү чечмелеп алалычы.

“Мекен” деген эмне?

Окуучулар Мекен жөнүндө айта баштайт.

Мисалы:

Мекен-бул эне бешигибиз

Мекен-бул Ала-Тообуз

Мекен-бул өз үйүбүз

Мекен-бул айылыбыз

Мекен-бул Кыргызстан

Мекен-бул мектебибиз

Мекен-бул өзүбүз ар бирибиз

Мекен-бул байлыктарыбыз жер, суу, тоо, дарак, чөп таш

  1. Ой-толгоо бөлүмү (10 мүнөт)

Мекен! Ноокат... беш гана тыбыш Ноокат дегенде ар бирибиздин жүрөгүбүздө Ариет, Намыс, Сүйүү, Сыймык, дем болуп уюп бизди жакшы окууга, жакшы иштерди кылууга шыктандырат.

Азыр биз үч топко бөлүнөбүз.

  • Макал тобу

  • Көркөм окуу тобу

  • Вокал тобу

Негизги багыттар

Ар бир топ оз багыттары боюнча ишке киришет.

Макал тобу.

  1. Ноокатым-алтын турагым

  2. Туулган жердин топурагы алтын

  3. Ай кун менен жакшы,

эр эл менен жакшы

  1. Адам эли менен,

каз, өрдөк колү менен

  1. Айылы бүтүн аман жүрөт

  2. Ат арытмак арзан,

журт арытмак кымбат

  1. Ат тойгон жерине качат,

Азамат туулган жерине шашат

  1. Атажуртуң-алтын бешик

  2. Ата-мекен, эне-нур

  3. Жакыныңа жат болбо.

Өз элиңе кас болбо

Көркөм окуу тобу.

Жусуп Баласагын кут алчу билим.

  1. Адамзатты жаратты жандан артык,

Акыл, билим, өнөрдү берди калпып.


  1. Ак пейил, тилди ойду кошо берди,

Жаркын жүз, жакшынакай келбет өңдү.

  1. Билим бийик, түгөнгүс окуу улук,

Адамда эки ушул артыкчылык.


  1. Илим менен билимге көпүрө-тил,

Көкөлөткөн адамды тили деп бил.

  1. Тил адамды бакытка бөлөп салат,

Тил адамды шорлото башын алат.

  1. Адам өлсө, сөзү калат артында,

Жакшы атагы жаша берет артында.

  1. Бир душман тили болот, айтаар ушак,

Да бири куру убада тарткан тузак.

  1. Адам пейили калыс, түз, таза болсо,

Эки дүйнө жыргалда жашайт ошо!


Ноокат даңазасы (даңазалуу жерлери, инсандары, өзгөчөлүктөрү жөнүндө)

  1. Суусу маржан желелеп,

Апшыр-Ата керемет.

Кара-Койго теңелсе,

Бейиш гана теңелет.


  1. Ата кыргыз жүрөгү,

Ата кыргыз тиреги.

Кыргыз-Атам анда эле,

Бүт Кыргыз Рух түнөгү!


  1. Ноокатым назар салган жер,

Бабалардан калган жер.

Улуу Кыргыз Атанын,

Киндик каны тамган жер!


  1. Ноокатта канча сынчы өткөн,

Мойдунбектей курч өткөн.

Токтогул, Барпы тан берген,

Ботобайдай ырчы өткөн.


  1. Элимдин даана устаты,

Баарына өрнөк нускасы.

Исанов менен Кулатов,

Кыргыздын бели туткасы.




  1. Уркуя чыкса аялдан,

Душмандан коркпой, корунуп.

Оттон, суудан тайбастан,

Ноокат деп өттү Бобулов


  1. Мырза аке жазган өрүкзар,

Бажырайып гулдөйт оболу.

Сыбызгыйт Кудаш, Абидин,

Бекболот, Жээнбай обону.


Ноокат таржымалы: Мугалимдин баяндамасы.

Ноокатттын алгачкы аты “Долоно ой” деп аталганы жөнүндө маалыматтар бар. Ал

Эми “Ноокат” деп аталып калышы жөнүндө түрдүү легенда-уламыштар айтылып келинет. Чили-сайдын кире беришиндеги узуну 2,5 км келген таш ноого илгери кимдир бирөөлөр тарабынан түрдүү кат белгилер түшүрүлгөн. Кийин бул аймакты түнөктөгөн калк бири-бирине Кайда барасың? десе Ноодогу катка деп жүрүшүп, Ноокат аталган дешет.

Белгилүү окумуштуу аалым-Лутфулла Жусупакматов далилинде 600 дөн ашык белгилерден турган бул панорама-жөн эле жазуу эмес, аалам планеталарынын жайгашуусу, жылышуу жана тогошууциклдеринин ташка чегип түшүрүлгөн картасы. Демек Ноокаттын бир кезде чоң шаар болгондугу айтылып келет.

Демек, биздин сыймыктана турган жөнүбүз бар.

Окумуштуулардын далилдөөсүнө караганда Ноокат Улуу Жибек жолунун тоолуу болгон Ноокат шаарындагы Исанов атындагы край таануу музейи бар.

Уркуя Салиеванын музейи Апшыр-Ата шаркыратмасы, Алтын казык тоосу, Кыркол жайыты, Кара-Кой жайлоосу ж.б.

Ноокаттан чыккан чыгаан адамдар.

  1. Төрөбай Кулатов

  2. Насирдин Исанов

  3. Уркуя Салиева

  4. Камбаралы Бобулов

  5. Мурза Гапаров

  6. Токтомат Зулпуев

  7. Эрнист Сыдыков

  8. Айтибай Тагаев

  9. Кудайберген Темиров

  10. Жусубалиев Абдыганы

  11. Абидин Темиров

  12. Купуев Пирмат

  13. Төрөбай Зулпукаров

  14. Гулшайыр Садыбакасова

  15. Райкан Абдубалиева

  16. Сулайманов Алтынбек

  1. Вокал тобу.

Ата Журтум

Ата Журтум туулган жери мекеним,

Жан кубатым сүйгөн жерим секетим.

Тоо ташындын, турпагындын, сууңдун,

Мен көрбодүм пайдасы жок бекерин.


Ноокат району түштүк-батыш Кыргызстандын Ош облусундагы район. Борбору Ноокат шаары. . Ош облусундагы администрациялык-аймактык бирдик. Түндук-батышынан Өзбекстан, түндүгүнөн Араван, чыгышынан Карасуу, батышынан Баткен облусунун Кадамжай, түштүгүнөн Алай жана Чоң Алай райндору менен чектешет. Аянты 4,04 миң км2 (облустун аймагынын 13,9%). Калкы 206,0 миң (2002). Район 15 айыл өкмөтүнө бөлүнөт. Борбору – Ноокат шаары.Биздин оодан (район) 1928-жылы 24-декабрда Кыргыз АССРинин Ош областында Ноокат району болуп тузүлгөн. Кийинчерээк ага Жаңы Ноокат району кошулуп борбору Эски Ноокат кыштагы болуп калган. 2003-жылы Ноокат шаары статусу берилген. Бүгүнкү күндө 110 мектепте 50минден ашыкбала билим тарбия алышууда.


Сабакты бышыктоо: мына бүгүн биз Ноокатыбыздын 90 жылдык басып өткөн жолун көрдүк. Сабагыбыздын аягында ыр менен аяктайбыз.

Мекеним

  1. Сабакты баалоо системасы. (___мүнөт).

(Комментариялап баалоо, мугалимдин баалоосу, ченемдүү баа, ченемсиз баа, компетенцияны баалоо, окуучунун өзүн-өзү баалоосу, топтук жана жуптук баалоо, моралдык колдоо, Блум таксономиясы аркылуу баалоо ж.б.)

Үй тапшырмасын берүү: (___мүнөт)

(Иштин мазмуунун жана аткаруу тартибин түшүндүрүү).




Ноокат району түштүк-батыш Кыргызстандын Ош облусундагы район. Борбору Ноокат шаары. [1]. Ош облусундагы администрациялык-аймактык бирдик. Түндук-батышынан Өзбекстан, түндүгүнөн Араван, чыгышынан Карасуу, батышынан Баткен облусунун Кадамжай, түштүгүнөн Алай жана Чоң Алай райндору менен чектешет. Аянты 4,04 миң км2 (облустун аймагынын 13,9%). Калкы 206,0 миң (2002). Район 15 айыл өкмөтүнө бөлүнөт. Борбору – Ноокат шаары. Район 1928-ж. 24-декабрда уюшулган. Райондун рельефинде адырлуу тоо этектери жана тоо аралык депрессиялар басымдуу. Аймагында Ноокат өрөөнү (деңиз деңгел бийиктиги 1200–1700 м) жана ага туташ адырлар, Кичи Алай кырка тоосу (4454 м), Кичи Алай өрөөнү (1200–2800 м), Караван түздүгү (Караван-Көкжар) жатат. Көмүр (Абшыр, Алмалык, Бешбур- кан кендери), курулуш материалдарынын кендери бар. Климаты континенттик. Жайы ысык, кургак, кышы мелүүн суук, кар аз түшөт. Ноокат өрөөнүндө январ- дын орто температурасы – 2,6°С, июлдуку 24,4°С, Кичи Алай өрөөнүндө январдыкы – 6,9°С, июлдуку 15,5°С. Жаан-чачындын жылдык орто өлчөмү 270–300 мм. Ири суулары: Кыргызата, Абшырсай, Акбуу- ра, Кичи Алай, Косчан, Шанкол, Чечме, Чилисай. Суулары сугатка кеңири пай- даланылат. Найман суу сактагычы курул- ган. Каралжын боз, күрөң, кара күрөң (тоо капталдарында), шалбааолуу тоо топурактары басымдуу. Деңиз деңг. 1200– 1500 м бийиктикте эфемер-шыбактуу та- лаа, андан жогору (500–1800 м) аккылкан шыбактуу талаа, дан өсүмдүк шыбактуу талаа (1800–2200 м), арчалуу шалбаа (2000–2800 м), субальп, альп шалбаалуу талаасы (2800–3400 м) жана гляциалдык-нивалдык алкактары бар.

Тарыхы

Ноокат районунун аймагынын тарыхы узак кылымдарды ичине камтыйт. Мындан 40 миң жыл мурда палеолит доорунда эле бул жерде жашоо болгонун күбөлөндүргөн археологиялык казуулар ишке ашкан. Бул жердеги үңкүрлөрдүн б.з.ч. IV-I кылымга таандык адамдардын колдонгон куралдары абылган. Алгачкы коло доорундагы байыркы Чуст маданиятынын издери Бөрү-дөбөдөн археолог Ю. А. Заднепровский тарабынан 1981-жылы аныкталган. Б.з.ч. II-кылымда жер иштеткен адамдардын уруулук топтору болгондугун окумуштуулар далилдешкен. Коло доорунда, б.з.ч. II-кылымда Фергана өрөөнүндөгү 80 эл турак кылган жайлардын бир тобу ушул аймактардан орун алган. Ошол доордо бул жерлерде Давань (балким Дубан) мамлекети болгон. Анын бир элестери Ноокат, Апшыр-Сай аймагындагы тоолорго түшүрүлгөн “Асман аттарынын” чегилген сүрөттөрүндө сакталуу турат. 80-жылдарда Ноокатта райооруканада 8 бөлүм болуп, 355 койкалык орун иштеген. Аймактагы 44 китепканада 307,6 миң нуска китеп болуп, 1985-жылы 34,7 миң окурманды тейлеген. 1977-жылы Край таануу музейи уюшулган, анда 1700 дөн ашык экспонат коюлган.

Географиясы

Ош облусундагы администрациялык-аймактык бирдик. Түндүк-батышынан Өзбекстан, түндүгүнөн Араван, чыгышынан Кара-суу, батышынан Баткен облусунун Кадамжай, түштүгүнөн Алай жана Чоң Алай райoндору менен чектешет. Аянты 4,04 миң км2 (облустун аймагынын 13,9%). Калкы 206,0 миң (2002). Район 15 айыл өкмөтүнө бөлүнөт. Борбору – Ноокат шаары. Район 1928-ж. 24-декабрда уюшулган. Райондун рельефинде адырлуу тоо этектери жана тоо аралык депрессиялар басымдуу. Аймагында Ноокат өрөөнү (деңиз деңгээлинин бийиктиги 1200–1700 м) жана ага туташ адырлар, Кичи Алай кырка тоосу (4454 м), Кичи Алай өрөөнү (1200–2800 м), Караван түздүгү(Караван-Көкжар) жатат. Көмүр (Абшыр, Алмалык, Бешбур- кан кендери), курулуш материалдарынын кендери бар. Климаты континенттик. Жайы ысык, кургак, кышы мелүүн суук, кар аз түшөт. Ноокат өрөөнүндө январьдын орто температурасы – 2,6°С, июлдуку 24,4°С, Кичи Алай өрөөнүндө январдыкы – 6,9°С, июлдуку 15,5°С. Жаан-чачындын жылдык орто өлчөмү 270–300 мм. Ири суулары: Кыргыз-ата, Абшыр-сай, Акбуура, Кичи Алай, Косчан, Шанкол, Чечме, Чилисай. Суулары сугатка кеңири пайдаланылат. [Найман суу сактагычы]] курулган. Каралжын боз, күрөң, кара күрөң (тоо капталдарында), шалбааолуу тоо топурактары басымдуу. Деңиз деңг. 1200– 1500 м бийиктикте эфемер-шыбактуу талаа, андан жогору (500–1800 м) аккылкан шыбактуу талаа, дан өсүмдүк шыбактуу талаа (1800–2200 м), арчалуу шалбаа (2000–2800 м), субальп, альп шалбаалуу талаасы (2800–3400 м) жана гляциалдык-нивалдык алкактары бар

Айыл-чарбасы

1984-жылы райондо айыл чарбачылыгына жарактуу 191,7 миң га жер болгон. 47 миң ири мүйүздүү мал, 170 миң кой-эчки, 0,3 миң чочко, 6,6 миң жылкы, 257 миң канаттуулар коомдук чарбада багылган. СССРдын урашы менен бара бара колхоз-совхоздор жоюлуп, жеке менчик фирмалар, дыйкан чарбалары уюшулган. Бул турмуштук укладдан башкага өтүү убактылуу кыйынчылык жаратканы менен дыйканчылыкка, мал күтүүгө кеңири жол ачылды. Айрым адамдар чет өлкөлөргө чыгып иштеп келүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Райондун жалпы эли: 234566

  • Аялдар: 118365 = 50,5%

  • Эркектер: 116201 = 49,5%

Улуттук курамы
  • Кыргыздар: 167480 = 71,4%

  • Орустар: 357 = 0,2%

  • Өзбектер: 62204 = 26,5%

  • Башка улуттар: 1525 = 0,65%

Айыл округдары

Ноокат

Найман

Бел  • Борбаш

Гүлстан  • Фрунзе

Кара-Таш  • Нойгут

Кожо-Арык  • Акчал  • Баглан  • Кош-Дөбө • Кызыл-Булак

Жаңы-Ноокат  • Кызыл-Тейит  • Темир-Корук

Куу-Майдан • Ак-Терек • Арбын • Чегеден • Шанкол

Кыргыз-Ата  • Көтөрмө  • Борко  • Кара-Ой  • Кара-Таш • Таш-Булак  • Ак-Булак

Учбай  • Айбек • Ак-Чабуу  • Интернационал  • Караке  • Коммунизм • Осор  • Таштак • Чучук • Ятан

Жаңы-Базар • Жар-Коргон  • Федоров  • Чеч-Дөбө • Кожоке • Кичи-Алай

Көк-Бел  • Кайыңды

Көк-Жар • Алашан  • Борбаш  • Жийде • Каранай • Сарыканды

Он Эки-Бел  • Нарай

Муркут • Ай-Тамга  • Герей-Шорон  • Жайылма • Додон • Кеңеш  • Меркит • Толман

Чапаев • Арал  • Барын  • Будайлык • Капчыгай • Кара-Кокту

Ынтымак • Беш-Буркан  • Арык-Бою  • Дон-Маала • Акшар • Таш-Булак  • Челекчи • Ничке-Суу







Өсөр айылы

А к-Булак айылым

Ак-Булагым алма жыттуу айылым,

Суктанган көп, угуп алып дайынын.

Кооз табигат көркүн ачып тургандай,

Тоо түбүндө орун алган жайындын

Тузун татып, баркын билип жашаган,

Топурагын алтын өндүү кимгедир,

Ой жүгүртүп коем кээде өзүмчө,

Оо дүйнөнүн бейиши да сенчедир













Кара-Кой жайлоосу

Сахаба эс алуу жайы

Ноокат шаары

Абшыр-Ата шаркыратмасы

Ноокат эс алуу паркы

Ноокат шаардык мэриясы

Ноокат мамлекеттик администрациясы

Кыргыз-Ата

Айылым туулган жерим Кыргыз-Атам,

Аздектеп жашап келген ата-бабам.

Алтынга алмаштыргыс керек болсо,

ар күнү жутуп турган таза абам


киндик кан тамган жери малтын уям,

жашоонун баалуулугун сенден туям.

Өзүндо өмур сүрүп жатканыма,

Өзгөчө, көөдөн толо сыймыктанам.


Көргөндүн жүрөгүнөн түнөк тапкан,

Көркөмдүү шаарга айланып бара жаткан,

Кылымдан кылым артып бийиктей бер,

Кымбатым ыйык жерим Кыргыз-Атам

А. Өмурзакова



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!