_____ _________________ 20 -жыл Музыка. 2-класс
Сабактын темасы: «Ыр, бий, марштын операда колдонулушу».
Негизги компетенттүүлүктөр:
- Маалыматтык;
- Социалдык-коммуникативдик;
- Өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү;
|
Сабактын тиби: Аралаш
Колдонулуучу ыкмалар: Аӊгемелешүү, суроо-жооп ж.б
Керектелүүчү каражаттар: темага байланыштуу таркатмалар, сүрөттөр ж.б
|
Сабактын максаттары:
|
Көрсөткүчтөр
|
- Билим берүүчүлүк: окуучулар темага карата маалымат алышат, түшүнүшөт.
- Өнүктүрүүчүлүк: ой жүгүртүүсү, көӊүл буруусу,сүйлөө кеби өнүгөт.
- Тарбиялык: опера,хордун маанисин түшүнүп, өз оюн тартынбай айтууга тарбияланышат.
|
Окуучулар темага карата маалымат алышса, теманы түшүнүшсө;
Ой жүгүртүүсү, көӊүл буруусу, сүйлөө кеби өнүксө;
Чыгарманын маанисин түшүнө билсе, өз оюн тартынбай айтууга тарбияланса;
|
Сабактын жүрүшү:
Сабактын
этаптары
|
Убактысы
|
Мугалимдин ишмердүүлүгү
|
Окуучунун ишмердүүлүгү
|
Баалоо
|
1 Уюштуруу
|
3 мин
|
Окуучулардын формаларына, гигиеналык абалына, окуу куралдарына көӊүл бурат.
|
Окуучулар формаларына, гигиеналык абалдарына, окуу куралдарына баш оту менен жооп беришет
|
|
2 Өтүлгөн теманы кайталоо
|
4 мин
|
Жалпы класска төмөндөгүдөй суроо менен кайрылат.
- Селкинчек ырын жатка айтып ырдап бергиле?
- Муратаалы Күрөӊкеев ким болгон?.
|
Окуучулар суроолорго жооп берүү менен бирге үй тапшырмаларын айтып беришет
Окуучулар доскага чыгып, ырды айтып беришет.
Топтор бири-бирине суроо беришет.
|
|
3 Жаӊы теманы түшүндүрүү
|
10 мин
|
Мугалим жаӊы тема менен тааныштырат.
Ыр, бий, марштын операда колдонулушу жөнүндө түшүнүк берет. Доскага жазат.
Опера-бул театрлаштырылган музыкалык оюн (спектакль).
Анда аткаруучулардын кыймыл-аракети, оюндун жүрүшү бүтүндөй музыка менен коштолот. Опера ырчылардын, хордун жана симфониялык оркестрдин катышуусу менен өтөт.
|
Жаӊы тема менен таанышышат.
Мугалим окуп берип жатканда кунт коюп угушат.
Окуучулар доскага жазганды көчүрүшөт.
|
|
4 Жаӊы теманы бышыктоо
|
10 мин
|
Видео аркылуу кыргыз композиторлорунун опералары жөнүндө көргөзөт.
|
Видео аркылуу көрүп, түшүнүктөрүн бекемдешет.
|
|
5 Талкуулоо үчүн суроолор
|
10 мин
|
1. Опера деген эмне? Операнын негизин кандай музыка түзөт?
2. Хор деген эмне? Хордо кимдер ырдайт?
|
Окуучулар суроолорго жооп берүү менен талкууларды уюштурушат
|
|
6 Тыныгуу
|
3 мин
|
Эс алдыруу максатында темага байланыштуу оюн ойнотот.
|
Окуучулар темага карата оюн ойноп эс алышат.
|
|
7 Сабакты жыйынтыктоо
|
3 мин
|
Темага байланыштуу карточкалар менен билимдерин бышыктайт.
|
Карточкалардагы суроолорго жооп беришет.
|
|
8 Үйгө тапшырма
|
2 мин
|
Музыкалык сөздүктү жаттап келүү.
|
Күндөлүктөрүнө жазып белгилешет.
|
|
Текшерилди:_________ Окуу бөлүмүнүн башчысы:______________Ф. Даркимбаева.
Просмотр содержимого документа
«Музыка сабагы "Ыр, бий, марштын операда колдонушу"»