СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мультиурок менен иштоонун алгоритими

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

ечрррр

Просмотр содержимого документа
«Мультиурок менен иштоонун алгоритими»

КЫРГЫЗ ПЕДАГОГИКАСЫНЫН ӨНҮГҮШҮ

ПЛАН:

1. Элдик педагогика-илимий педагогиканын башаты катары. Кыргыз этнопедагогикасы.

2. Илимий педагогиканын калыптанышындагы ойчулдардын жана агартуучулардын орду (Ж.Баласагын, М.Кашкари, И.Арабаев, К.Тыныстанов ж.б.)

3. Илимий педакгогиканын калыптанышындагы педагог-окумуштуулардын салымы.

Адабияттар:

  1. Апышев Б. Педагогика. Бишкек, 2006

  2. Бекембай Апыш “Педагогика” – Ош, 1993

  3. Алимбеков А. Кыргыз этнопедагогикасы- Б., 1997

  4. Волков Г.Н. Этнопедагогика -М.,2000

  5. Измайлов А.Э. Народная педагогика: Педагогические воззрения народов Средней Азии и Казахстана – М.,1991

  6. Муратов А. Кыргыз эл педагогикасы: табияты,таралышы жана тарыхы- Б., 2011

  7. Антология педагогической мысли Кирг. ССР- М.,1998

  8. Кыргыз этнопедагогикасы /А.Ж.Муратов, Б.Ш.Тажикова, К.К.Акматов-2015

  9. Ж.Баласагын “ Кут алчу билим” – Б.,1989

  10. Калдыбаева А.Т. Эл акындарынын чыгармачылыгындагы этнопедагогикалык идеялар – Б.,2005



1.Элдик педагогика-илимий педагогиканын башаты катары. Кыргыз этнопедагогикасы

Кыргыз илимий педагогикасы хх-кылымда калыптана баштаган. Илимий педагогиканын пайда болушуна чейин анын миссиясын элдик педагогика аткарып келген . Элдик педагогика элдин миндеген жылдык тажрыйбасында иштелип чыккан жана бүгүнкү күнгө чейин анын турмуш-тиричилигинде колдонулуп жаткан педагогикалык маданиятты камтыйт. Элдик педагогиканын аныктамасы боюнча окумуштуулар арасында түрдүү көз караштар бар:

1.Элдик педагогика — элдин оозеки чыгармачылыкта, үрп-адат, каада-салттарда, оюн жана оюнчуктарда сакталган педагогикалык идеяларынын жана тарбиялык тажрыйбаларынын тутуму», тарбия жаатындагы элдик эмпирикалык билимдер, оозеки педагогикалык чыгармачылыж (Волков Г. Н.),

2. Окутуу, тарбиялоонун максаты, милдеттерин, каражаттарын, көндүм, ыкмаларын өз ичине камтыган элдик эмпирикалык билимдердин тутуму (Ханбиков Я.И.),

3. Эл массаларынын тарбия жаатындагы көз караштарынын, үрп-адат, каада-салттарынын жыйындысы. Анын объектиси бардык жыныстагы, бардык жаш курактагы адамдардын инсаны (Гашимов А. Ш.),

4. Эл массаларынын тарбия жаатындагы көз караштарынын тажрыйбаларынан улам жаралып, практикада текшерилип, тастыкталып, муундан муунга оозеки өтүп келген эмпирикалык билим, көндүм, ыкмалардын тутуму (Измайлов А. Э.).

5. Элдик педагогика — бул улут болуп калыптанганга чейин эле узак мөөнөт жашап, белгилүү географиялык жана тарыхый шарттардын, элдин керектөөлөрүнүүн негизинде өнүгүп-өркүндөп, адамды ишенимдердин, ыймандык нарк дөөлөттөрдүн духунда тарбиялоого багытталган билимдердин жана практикалык эмпирикалык муундан-муунга мурасталган идеялардын, ишенимдердин, иш-аракеттеридин бөтөнчө тутуму.

Элдик педагогиканын кенч казыналары, булактары (уламыш, болумуштар, дастандар, жомоктор, макал-лакап, табышмактар, элдик ырлар, колдонмо-жасалма өнөрү, таштагы жазуулар, акындар чыгармачылыгы, санжыралар). Элдик тарбиянын мазмуну жана максат-милдеттери (пейил-мүнөздү, адеп-ахлакты, акыл жана дене бой маданиятын калыптандыруу, ден соолукту сактоо, чыңдоо, көркөм-эстетикалык табитти өстүрүү ж. б.). Тарбиялоонун факторлору, усулдары (жандуу жаратылыш, эне тил эмгек, каада-салт, үрп-адаттар, элдик өнөр, дин, турмуш-тиричилик ж. б.).

Каражаттары (өрнөк, түшүндүрүү, ынандыруу, ишеним, бата, өтүнүч, кеңеш, ишаарат, алкыш, какшык, зекүү, эскертүү, көндүрүү, тыюу, коркутуу, дем берүү ж. б.). (Эпостор, жомоктор, макалдар, табышмактар, жаңылмач, апыртма, бат айтма, элдик ырлар, көркөм өнөр, оюндар, табият, элдик майрамдар ж. б.). Адамзаттын жамааттык жашоо образынын пед. концепциясы (үй-бүлө, урук, уруу, коом, эл, адамзат).

Элдик тарбиячылар (ата-эне, уруулар, карыялар, усталар, уздар, саяпкерлер, мүнүшкөрлөр, эсепчилер, манасчылар, жомокчулар, акындар, санжырачылар, уламалар); элдик педагогикадагы инсандык идеалдар (чыныгы адам, эр жигит, аксакал, карыя, ак көрпө жайыл ургаачы, жабылуу кара инген, ак жоолук делбир ж.

Элдик педагогиканын өзгөчөлүктөрү. Элдик педагогика илим педагогикадан өзүнө таандык бир катар өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат. Элдик таалим-тарбиянын мазмуну элдин тарыхы менен өтмө катар байланышта. Байыркы бабалардын турмуш практикасынан жаралган каада-салттар, үрп-адаттар эчен муундардын акыл-элегинен өтүп, улам жаңы турмуштук жагдайларга ылайык байып, өнүгүп олтуруп, өрнөктүү жашоонун мыйзамына, таасын эрежесине айланган. Демек, улуттун теги сыяктуу анын тарбия маданияты да тарыхый категория.

Коллективдүүлүк – элдин таалим-тарбия тажрыйбаларынын генезисин, өсүп-өнүгүшүн мүнөздөөчү башкы өзгөчөлүк. Ал миллиондогон адамдардын акыл чабыттарынан, турмуштук сабактарынан жаралып, эчен муундардын элегинен өтүп, иргелип тандалып, байып отуруп, соңку урпактардын уңгулуу дөөлөттөрүнө, тарбия маданиятына айланган.

Муундан муунга тынымсыз өтүүчүлүк, элдик мурастарга, анын ичинде элдик педагогикалык мурастарга да мүнөздүү. Ушул ыңгайдан алып караганда элдик педагогика муундар ортосундагы байланышты бекемдөөнүн, улуттук рухий баалуулуктарды сактоонун бөтөнчө калыпы болуп эсептелет.

Элдик педагогикага мүнөздүү бөтөнчөлүктөрдүн бири – синкретизм. Бул термин кыргыз тилинде «биригишкен», «айкалышкан» деген түшүнүктү билдирет. Элдин таалим-тарбиялык жөрөлгөлөрү эл турмушунун бардык тарабын: коомдун саясый-экономикалык түзүлүшүн, элдин диний ишенимдерин, салт-санаа, үрп-адаттарын, тиричилик-чарбалык иш-аракеттерин, коомдук жүрүм-турум нормаларын ж.б. өз ара айкалышта чагылдырып көрсөтөт. Тилекке каршы , совет мезгилинде элдик педагогиканын бай тажрыйбаларын окуп үйрөнүүгө маани бербей келгенбиз. Ал боюнча проф. Б.Апышев мындай дейт: “Белгилүү тарыхый кырдаалда обьективдүү шартка ылайык биздин кыргыз жаштарыбыз Телибай Тентек, же тагыраак айтканда чыныгы маңкурт болду. Анткени түптүү, нарктуу элибиздин өткөнүн иликтеп үйрөнгөн билимдин негизинде жаш муундарга улуттук аң-сезимди ойготуп, кыргыздын үрп-адатына, салт-санаасына, тарыхына, маданиятына сыймыктанып, анын тилин, дилин, пейилин сүйүүнү түптөөнүн ордуна, бабаларыбыздын руханий дүйнөсүн чагылдырган алтын кенчти таптакыр жээрип, жаш жеткинчектерибизге Европа маданиятын үйрөтөбүз деп батыштын элдерин туурамыш болуп, “же нары барып Чүйдө өлбөй, же бери келип үйдө өлбөй”-дегендей арасат жолдо тентиреп калдык. Мунун залакасы дагы көпкө чейин элдин кендирин кесчүдөй болуп турат. Демек, мектептин, окуу жайлардын окуу китептерин, окуу куралдарын кыргыздын жана башка чыгыш элдеринин тарыхый жана маданий материалдарына негиздеп түзүү бүгүнкү күндүн өктөм талабы” (2,9).



Этнопедагогика термини илимий лексиконго 60—70 жылдарда Г.Н.Волковдун эмгектери аркылуу кирди. Атап айтканда, анын «Чуваш элинин этнопедагогикасы» (1966), «Этнопедагогика» (1974) аттуу эмгектеринде бул илимдин өзүнө таандык табияты, нерсеси, изилдеп чечүүчү көйгөйлөрүү алгачкы жолу аныкталып, өз алдынча илим катары калыптанышы, өнүгүшү үчүн өбөлгөлөр түзүлдү. Буга чейинки илимий адабияттарда элдин таалим-тарбиялык тажрыйбаларын изилдөөчү билим катары «элдик педагогика» термини колдонулуп келген. Белгилей кетүүчү нерсе, бул терминдин маңыз мазмуну боюнча окумуштуулар арасында азыркыга чейин да бирдиктүү көз караш жок.

Этнопедагогика — «этнос» жана «педагогика» деген илнмий терминдердин курамынан турат. «Этнос»-урук, урук, эл улут деген түшүнүктөрдү жалпы туюнтуучу илимий термин. Демек, этнопедагогика термини элдердин, урук, уруулардын, улуттардын педагогикалык билимдери менен тажрыйбаларын жалпылоочу илим катары туура негизделген. Г. Н. Волков «элдик педагогика» жана «этнопедагогика» ортосундагы чекти ачык жана так ажыраткан. Элдик педагогика элдин таалим-тарбия идеяларын, тажрыйбаларын мүнөздөөгө карата айтылса, ал эми этнопедагогика теориялык ой жүгүртүүлөрдүн, илимдин чөйрөсү.Элестүү айтсак, эгер элдик педагогика жана этнопедагогика аттуу хрестоматиялык жыйнак түзүлө турган болсо, анын биринчисинде элдик педагогикалык мазмундагы оозеки чыгармалар, үрп-адат, каада-салттардын кыскача баяндамалары орун алмак, ал эми экинчиси ошол тарбиялык салттарды, орошон ойлорду илимий талдоого алган эмгектерден турмак.

Ар бир эл өзүнүн тарыхый өнүгүү жолунда тарбия берүү практикасын калыптандырган, окутуу жана тарбия берүү ыкмаларын иштеп чыккан. Тарбия берүү тармагындагы элдик тажрыйба педагогикалык билимдердин түзүлүшүндө татыктуу орун ээлеген. Бул айтылгандар толук бойдон кыргыз элинин этнопедагогикасына да таандык. Ал азыркы Кыргызстандын аймагында жүздөгөн жылдар бою өнүгүп келген педагогикалык процесстин составдык бөлүгү болуп эсептелет. Этнопедагогика ошол элдин чарбалык-тиричилик укладдагы жана көзкараштагы туруктуу салттарына таянат. Кыргыз элинин улуттук этнопедагогикасы бул жагынан алганда четте калбайт. Бул салттар убакыттын өтүшүнө жараша түрүн өзгөрткөн, бирок алар көп жагынан коомдун психикалык, коомдук аң-сезимдин, үрп-адаттардын, ырым-жырымдардын көптөгөн белгилерин, тиричиликтин жана бүтүндөй руханий маданияттын өзгөчөлүгүн аныктоону уланта беришкен. Кыргыз этнопедагогикасы улуттук руханий маданияттын өзөктөш бөлүгү болуп эсептелет. Элдик педагогиканын негизи элдик оозеки чыгармаларда жатат, башкача айтканда, кыргыздын элдик фольклорун окутуу менен элдик идеяны, традицияларды үйрөтүүгө болот. Чындыгында эле кыргыз элдик оозеки чыгармаларда элибизге тиешелүү болгон руханий маданияттын бардык үлгүлөрү сакталып, кийинки муундар үчүн баа жеткис казына катары кызмат кылып келе жатат.

Мисалы, «Манас» эпосу кыргыз элинин руханий маданиятынын энциклопедиясы деп айтылып калышы бекер жерден эмес, анткени эпосто турмуштук ар кандай шарттарда адам турмушун коштоп, кооздоп, өзгөчө маани-маңыз берип келе жаткан элдик үрп-адат, каада-салттар орун алган.. «Манас» эпосу көркөмдүгү жогору, мазмуну терең эң көрүнүктүү чыгарма, элдин өзүн-өзү аңдап билүү каражаты катары кыргыз калкынын педагогикалык көз карашынын кылымдар бою өнүгүшүн жандуу чагылдырып, таалим-тарбия берүү процесси, жаштарга мурунку муундун турмуштук тажрыйбасын өткөрүп берүү практикасы тууралуу кеңири маалымат берет. Ошондой эле эпостун энциклопедиялык мазмуну тарых, география, угуучуларга билим берүү, дүйнө таанытуу милдетин аткарып, калктын калың катмарына чыгарманын кеңири белгилүү болуп, өзгөчө сүймөнчүлүккө ээ болушу, этикага жана моралга байланыштуу элдик түшүнүктөр «Манастын » образдарынын мисалдарында түшүндүрүлүп, жаштарга тарбия берүүнүн эң бир натыйжалуу каражатына айланышына шарт түзгөн.
Элдик таалим- тарбия кыргыз элинин акындарынын чыгармаларында кеңири берилген. Акындар санат-насыят, терме мактоо ырлары менен жаштардан баштап улгайганга чейин акыл туюмун өстүрүп келген. Акындар эл аралап санат-насыят ырларын ырдашкан. Эл топтолгон тойлордо, жыйындарда тарбиялык мааниси бар ырларды көпчүлүккө жайылткан. Бул тарбиялык мааниси бар ырларды көпчүлүк өздөрүнүн балдарына тарбия берүүдө колдонушкан жана кулактарына сиңиришкен.

Токтогул Сатылганов Жалал-Абад облусунун Кетмен-Төбөсүндө туулган. Он үч жашынан эле айыл арасында ырдай баштаган. Акындын лирикалык жанрдагы "Алымкан", "Насылкан", "Кызыл жоолук" аттуу ырлары күнү бүгүнкүгө чейин өзүнүн баасын жоготпой ырдалып келет. Өз заманынын аң-сезимдүү, кыраакы, терең ой жүгүртө билген инсаны катары Токтогул элдин кайгы-муң, ой-санаасына себепкер социалдык калыссыздыкты, курч маселелерди көз жаздымында калтыра алган эмес. Мисалы, атактуу "Беш каман" аттуу ыры менен элди эзип, күн көрсөтпөгөн беш бир туугандарды сынга алган. Токтогул өз чыгармаларында жашоо-турмуш жөнүндө философиялык көз караштарын да чагылдырган.Токтогулдун «Өмүр», «Карылык», «Насыят», «Санат», «Үлгү ырлар», «Нускалуу ырлар», «Терме», «Курдаштын көөнүн билип өт» деген философиялык ойлорго бай, педагогикалык маңызы терең ырлары бүгүнкү күндө дак актуалдуулугун жогото элек. Токтогулдун чыгармачылыгындагы эң негизги концепция-адам эң жогорку турган кымбат нерсе, улуу идеал.

Түрүнүп иштеп эр жигит
Тишиң барда таш чайна.
Ирээтиңди түзөтүп,
Иштебесең, аш кайда?
Эгин айдап, чөбүң чап
Эмгегиңден пайда тап.
Азамат болсоң, ак иштеп,
Аздыр-көптүр малың бак!

Аргымакты «жаман» деп,
Бууданды кайдан табасың?
Агайынды «жаман» деп,
Тууганды кайдан табасың?

ТОГОЛОК МОЛДО - – Байымбет Абдрахман уулу (1860, Акталаа р-ну – 1942) – кыргыздын улуу акыны, иштиктүү педагог. Анын ырчылык, жомокчулук дарамети, пед. ишмердиги тууралуу бир катар изилдөөлөр бар. Т. М. пед. мазмундагы чыгармаларында баланы жашынан тарбиялоонун бирден – бир шарты аны өндүрүмдүү эмгекке катыштыруу, ансыз баладагы инсандык асыл сапаттар түптөлбөйт деген ойду бекемдейт. Ошону м-н бирдикте алардын нарктуулугунун бирден-бир көрсөткүчү-окуу, билим экендигин аңдап түшүнүп, калайык-калкты, жамы-журтту илим-билим алууга үндөйт. Т. М. Тогузторо жергесинде биринчи мектептин ачылышына активдүү катышып, ал мектептин алгачкы окуучуларына арнап жазган «Алга, алга», «Кайдасыңар», «Окугула» өңдүү ырларында мугалимдерге окуучулар м-н кызматташ болуусун эскертет. Ал эми «үркөр-үркөр топ жылдыз», «Торпогум», «Турумтай», «Балдар ыры», «Куштардын аңгемеси», «Жер жана анын балдары», «Эки чилде», «Талымкыз менен Көбөктүн айтышканы», «Алатоо» өңдүү ырлары ж-а поэмалары аркылуу ал балдардын сөз байлыгын өркүндөтүүнү, аларга өз жергеси, анын табияты, флора, фауналарын таанытып-үйрөтүүнү ниет кылган. Адал жүргүн, арам болбо, Сакы болуп, сараң болбо, Жакшылыкты билип туруп, Түшпөгүлө жаман жолго. Жамандын да жаманы бар, Чаманын да чамасы бар. Жигит таап сырдаш болгун, Адамын таап иштеш болгун. Душманыңа сыр билдирбей, Жакшыларга жолдош болгу

МОЛДО КЫЛЫЧ - Шамыркан уулу (1866, Кочкор – 1917) – жазгыч акын. М. К-тын негизги чыгармалары: «Зилзала», «Кыз-жигит», «Алдамчы», «Кол казалы», «Керме-Тоо», «Жинди суу», «Көбөй, Султан», «Балбак», «Азамат», «Садырбай», «Мал казал», «Кайнага-келин», «Канаттуу», «Буудайык», «Бүркүттүн тою», «Зар заман», «Чүй баяны» болуп эсептелет. Чыгармалары адам баласынын жүрүм-туруму ж-дөгү этикалык ойлорго, накыл сөздөргө, тарбия-таалим идеяларына бай. «Чүй баяны», «Буудайык» чыгармасы табиятка каршы баруу адам баласы үчүн трагедия м-н аякташы мүмкүн деген филос. ойду билдирип турат. М. К-тын чыгармалары тоталитардык идеология узак мезгил бою саясый кодулоодо болуп, «кара сандыкка» жабылган. Анын чыгармачылыгы ж-дө 40-жылдары ил. эмгек жазган окумуштуу Тазабек Саманчин «Улутчул», «Космополит» катары куугунтукка алынган. М. К-тын адабий мурастары демократиялык жаңылануу жылдарында элге кайрылып келди

Жакшы катын белгиси
Жарык болоор кабагы.
Кичи пейил, уяттуу
Жаш баладай сыягы.
Ал өндөнгөн айымдар
Шарияттын чырагы.
Жаман катын белгиси
Ызааты жок сөзүндө.
Эрден мурун сөз айтаар,
Уяты жок жүзүндө.
Эрден коркуп көнбөгөн,
Ыйманы жок бетинде.
Ал өңдөнгөн катындар
Жети тозок отунда.
Акылы жок катындар
Аңги койгон айгырдай.
Эрки менен сүйлөйдү
Эч кишиден тайманбай.

Кыз баланын жакшысы
Күмүш, шаңшуур жамбыдай,
Качан болсо кымбатка
Адам качпай алгыдай.
Жаман болсо кыз бала
Жазгы конгон коноктой,
Үй-бүлөсүн жүдөтөөр
Мизи мокок ороктой.

БАРПЫ Алыкулов (1884–1949) – кыргыз элинин залкар насаатчы акындарынын бири. Барпы элдик таалимчи-педагог катары адамды ар кандай чен-өлчөмдөр м-н, ар тараптан келип карап, түрдүү мүнөздөрдү салыштырып талдап, терс жактарын иргеп таштап, оң сапаттарын алып, кошумчалап, жалпылап отуруп, өз идеалындагы ошондой личностун көркөм концепциясын иштеп чыккан. Атап айтканда, акын «Болоор жигит», «Болбос жигит», «Эр жигитке сын», «Жигиттик», «Марттык», «Баатырдык» деген ырларында эркектер тобунун мүнөз дүйнөсүн изилдеп, өзүнүн байкоолору менен коштоп, жалпылап, эр жигиттин ырааттуу идеалын түзгөн. Акындын пикири боюнча чыныгы жигиттин артыкча арнамысы, сөздөрүнүн курчу, бекем эрки, өзгөчө сүрү болот. Чыныгы жигит барда да, жокто да ар-намыс менен адамдык наркты бийик сактайт. Эр жигиттин нарк насили акындын «Санат» аттуу ырында төмөнкүдөй саптар менен толукталат: «Калың элдин калкасы, Болгон жигит жакшы экен. Кабар келсе бир жерге, Жеткен жигит жакшы экен. Кадыры элге бөтөнчө, өткөн жигит жакшы экен. Адамга катык тийбеген, Майын жигит жакшы экен. Көпчүлүктү күлдүргөн, Шайыр жигит жакшы экен». Ал өмүрүн, эмгегин, эрдигин, эл-журт тагдырына анын келечек бактысына багыштаган. Барпынын ой тыянактары белгилүү өлчөмдө учурдагы инсан идеалы жана таалим-тарбиянын максаты тууралуу көз караштарды тактоого, байытууга өбөлгө боло алат.

Аргымак атты арык деп,
Жолго таштап кетпеңер,
Азамат эрди карып деп,
Торго таштап кетпеңер.
Аргымак атка жал бүтөөр,
Азамат эрге мал бүтөөр
Азаптуу оор күн кетээр,
Азаттык бир күн жарк этээр Калыгул Бай уулу (1785, азыркы Ысык-Көл району, Кара-Ой айылы — 1855, Чолпон-Ата) — кыргыз элине кеңири белгилүү ойчул, нускоочу акын; «Замана» агымынын өкүлдөрүнүн бири

Жаман иштен качып өт -
Жакшылыкка жетесиң.
Кокусунан жаманга,
Жолукпагын нааданга,
Арманда болуп кетесиң,
Аманат жандан кечесиң.
Жакшы кепке шашпагын,
Сабырлык менен барасың.
Акыры түбү ошондон,
Жакшылыкты табасың.

Мына өзүбүз көргөндөй , акындардын эмгектери таалим-тарбиянын маселделерин камтып,жаштарды тарбиялоодо бүгүнкү күнү да актуалдуулугун жогото элек.

2. Илимий педагогиканын калыптанышындагы ойчулдардын жана агартуучулардын орду (Ж.Баласагын, М.Кашкари, И.Арабаев, К.Тыныстанов ж.б.)



Илимий кыргыз педагогикасынын пайда болушу жана өнүгүү жолу XX кылымда элдердин жалпы маданий өнүгүшүнүн көз карашындагы тарыхый-педагогикалык проблемаларды чагылдырган эмгектер чет элдерде пайда боло баштаган (К. А. Шмидт). Кыргыз илимий педагогикасынын негиз салуучулары деп Ж.Баласагынды жана М.Кашгарини эсептесек болот.

ЖУСУП БАЛАСАГЫНДЫН «КУТ БИЛИМ» ДАСТАНЫ - Таалим-тарбия ишинин ары татаал, ары масштабдуу проблемаларын, түбөлүктүү түшүнүктөрүн акыл тегирменине салып, талдап, тактап баш-аягы калыптанган окуу сымал ырааттуу чагылдыруу жагынан «Кут билим» дастанына орто кылымдагы түрк тилдүү элдердин рухий көркөм мурастарынын эч бири теңдеше албайт. Ошондуктан “Кут билим” – көркөм поэтикалык тил менен шөкөттөлүп жазылган классикалык пед. трактат, ал эми анын автору Жусуп түрк тилдүү элдердин арасынан чыккан эң алгачкы энциклопедист, даанышман педагог болгон. «Кут билимдин» ар бир ыр сабында эбегейсиз рухий жаратмандык кудуретке ээ педагогикалык идея, орошон осуяттар уютулган. Адамдардын адеп наркын асылдандыруучу акыл кеңештерди рационалдуу пед. парадигмаларды таамай так, таасирдүү, натыйжалуу жеткирүүдө да олуттуу пед. устаттыкты көрсөтө алган. Дастандагы көптөгөн этикалык, пед. түшүнүктөр каармандардын көз карашы, турмуш образы аркылуу персонификацияланып, идеал жаратуучу күчкө ээ болгон. Алсак, Күнтууду – адилеттик, вазир Айтолду – бакыт-дөөлөт, Вазирдин уулу Акдилмиш – акыл эс, вазирдин иниси Өткүрмүш – каниетчилик. Ал эми алардын ортосундагы диалог пикир алышууну эле мүнөздөбөстөн алар аркылуу адамдарды ошол адептик-этикалык маселелерге карата ой жүгүртүүгө чакырып, таасирлүү сабак берет, бүтүм чыгарууга өбөлгө түзөт. Жусуп пендени эл ичинде калыптанган ар кандай чен өлчөмдөр м-н ар тараптан талдап, ал үчүн зарыл болгон оң сапаттарын алып кошумчалап, жалпылап олтуруп, жалпы эле адамды гармониялуу өнүктүрүүнүн пед. концепциясын иштеп чыккан. Акын алды м-н адамдын турмушунда жакшылык м-н жамандык жанаша жашай тургандыгына токтолот. Дастандын мазмуну акындын адамдар ортосундагы этикалык эрежелердин ак карасын ылгап, мыкты өздөштүрүп системага салгандыгынан кабар берет. Жусуп адамдарды адептүү, адилеттүү, көтөрүмдүү, жоомарт, кичипейил, жароокер, жөнөкөй, мээнеткеч, намыскөй болууга үндөйт. Ошону м-н бирге адамдын нарктуулугуна шек келтирген, арак-шарап ичүү, сүй-лөшкөндө ашкере жалпаңдап жасакерленүү, артыкбаш арсалаңдап күлүү, кепке конок бербөө, сараңдык, кепсисин агытуу, ичи тардык сыяктуу ж. б. жосунсуз жүрүм-турум эрежелерин сынга алып, маңыз-маанисин кесепетин түшүндүрөт; тунук жашоонун атынан бийик үн салып жаштарды андай сапаттардан оолак болууну даңазалайт.

МАХМУД - Кашгари – ХI к-дагы теңир тоолук түрк калктарынан чыккан энциклопедист аалым, тилчи, этнограф, агартуучу болгон. Анын туулган жылы да, дүйнөдөн кайткан жылы да белгисиз. Ил. божомолдорго ишенсек М. К. 1029– 112 www.bizdin.kg 1038-ж-дар аралыгында Кара кагандар сулалесине таандык Барскоон шаарында туулган. Анын «Түрк сөздөр жыйнагы» 1915–1917-ж-дары Стамбулда таш басмадан үч томдук китеп болуп чыгат. “Дивандын” структурасы, мазмуну белгилүү өлчөмдө аны Түрк элдеринин түпкү маданий педагогикалык салттарын, көз караштарын ырааттуу чагылдырган энциклопедиялык мазмундагы «окуу китеп» катары кабылдоого толук мүмкүндүк берет. “Диванда” астрономия, математика, биология, география, тарых, тил илимине таандык бай эмпирикалык билимдер да учурайт. Ал эми байыркы түрктөрдүн педагогикалык көз караштары сөздүктөгү эпостук баян түрүндөгү ырлардын үзүндүлөрүнөн тартып баатырларды жоктоо, акыл насаат айтуу, табигатты сүрөттөө, айрым лирикалык ырларга чейинки чыгармалардын үзүндүлөрү (1000 сапка жакын ырлар), көптөгөн макал-лакаптарга чейин орун алган. Алар белгилүү өлчөмдө ошол доордогу түрк тилдүү элдердин педагогикалык маданиятынын өзгөчөлүктөрү тууралуу башка булактар берген маалыматтарды толуктап турат. «Диванда» мындан сырткары турмуштагы табияттын адамдардын өз ара мамилелериндеги кубулуштарды таанытууга багытталган макалдар да арбын учурайт. Педагогикалык мотивдер айрыкча «Алп эр Тонганы жоктоо», «Белгисиз баатырды жоктоо» – деген кошок ырларда, макал-лакаптарда ачык даана баамдалат. Ошентип, М. К-нин мурасы көп кырдуу энциклопедиялык мааниге ээ. Аны, аксиологиялык, тарыхый педагогикалык потенциалын ачып көрсөтүү атайын олуттуу изилдөөлөрдүн объектиси болууга тийиш.

Илимий педагогиканын калыптанышына кыргыздын алгачкы агартуучулары И.Арабаев жана К.Тыныстановдор чоң салым кошушкан.

АРАБАЕВ - Ишеналы (1882, Кочкор р-ну – 1933, Ташкент) – кыргыздын биринчи мугалими, алгачкы агартуучу, коомдук ишмер, туңгуч «Алиппенин» автору. А. өзү туулган аймактагы кат билген кишилерден, молдолордон окуп, сабаты ачылгандан баштап, Кочкор өрөөнүндөгү айылдарда мугалим болуп, бала окутуп, агартуу ишинин ардактуу ж-а татаал жолун беттеп чыккан. 1907-ж. А. Түркиянын Константинополь шаарына келип, окууга кирет. Анда бир аз окуп, кийин Тегеран, Багдад ш-ларын басып өтүп, Мекеге жеткен. Билим издеп, Оренбург, Казань, Уфа шаарларына барган. 1910–13-ж. Уфа калаасындагы дин сабагы м-н катар европалык үлгүдө илим-билим үйрөткөн «Медресе Галия» окуу жайында окуган. Мында Сарсакеев деген казак студент м-н биргелешип, биринчи жолу кыргыз, казак балдарына арналган «Алип-бээ жаки төтө окуу» аттуу окуу китебин жазып, 1911-ж. жарыкка чыгарган. Ушуга удаа эле «Жазуу өрнөктөрү» (сулуу жазуунун үлгүлөрү) деген китепти да жаратып, 1912-ж. Оренбург ш-дагы «Вакыт» басмасынан чыгарган. 1914-ж. «Медресе Галияны» бүтүп келип, мектеп ачып, балдарды окутканда, өзүнүн китептерин чоң ийгилик м-н пайдаланган. 1916-ж. кандуу каргашанын айынан мектепти, эл-жерин таштап, Кытайга качууга аргасыз болгон. 1917- ж. Окт. рев-ясынын жеңиши м-н ал Кытайдан тууган жерине кайтып келген. А. эки эселеген кайрат м-н мурдагыдан да активдүү иштей баштаган. Шериктештери м-н бирдикте кыргыз алфавитин түзүп, мындан соң «Алип-бээ» (Ташкент, 1924), «Кыргыз алип-бээси» (1925), «Жазуу жолунда саамалык» (1925), «Сабатсыздыкты жоюу куралы» (1925), «Жаңылык» (Х. Карасаев м-н бирдикте, 1928), «Биздин мектеп, балдар үчүн алип-бээ» (1930), «Эл адабиятын жыйноочуларга колдонмо» (1931), «Табият таануу» (Д. Исмагунов м-н бирдикте, 1932) аттуу учурунда эл үчүн абадай зарыл окуу китептерин, окуу колдонмолорду жазып тартуулайт. А. жалаң эле окуу куралдарын жазуу м-н чектелбестен, 1918–24-ж. Түркстандын Жети-Суу областында ар түрдүү жооптуу кызматтарда иштеген. Мугалимдерди даярдай турган алгачкы курстарды уюштурган. Ал кыргыздын туңгуч газетасы «Эркин-Тоонун» биринчи номерин чыгарууга да активдүү кол кабыш кылган. Тилекке каршы, негизсиз саясий айып коюлуп, акыры 1925-ж. «эл душманы» деп ак жерден күнөөлөнүп, камакка алынган, 1933-ж. Ташкенде түрмөдө каза болгон

ТЫНЫСТАНОВ - Касым (1901, Ысыккөл р-ну –1938) - туңгуч агартуучулардын бири, окумуштуу-тилчи, коомдук ишмер, акын, драматург, котормочу, педагог. 20–30-ж-дардагы Кыргызстандагы агартуу жана илим-билим ишине зор салым кошкон. 1919-ж. Ташкен шаарына келип, казак-кыргыз агартуу ин-туна окууга кирет. Ал 1923-ж. 22 жаш курагында кыргыз тилинде «Окуу китеби» аттуу китебин жазып, аны 1924-ж. Ташкендеги Орто Азия басмасынан чыгарган. Өз эне тилибиздеги окуу куралдары кезде жарык көргөн бул туңгуч «Окуу китеби» калкыбыздын турмушунда өзүнчө чоң жаңылык болгон. Казак-кыргыз агартуу ин-тун 1924-жылы бүтөрү м-н Түркстан республикасынын академиялык борборунда илим комиссиясынын Кара-Кыргыз областтык бөлүмүнүн катчылыгына бекитилип, андан кийин анын төралыгына көрсөтүлөт, көп өтпөй кыргыздын туңгуч газетасы «Эркин-Тоонун» жооптуу редакторунун кызматын да аткарат. 1927-ж. Кыргыз АССРинин эл агартуу комиссары болуп дайындалып, бул кызматта 1930-ж.га чейин иштеген. Мындан тышкары 1928–1931-ж-дары «Жаңы маданият жолунда» аттуу маданий-агартуу журналын уюштуруп, анын түптөлүп-өнүгүшү үчүн көп эмгек жумшаган. Т. буга чейин колдонулуп келген араб алфавитин кыргыз тилинин бөтөнчүлүгүнө ылайыкташтыруу ишине катышып, андан соң араб алфавитин латынчага алмаштырууга да көп эмгегин жумшап, акыры латынчадан орус алфативине өтүүнүн биринчи демилгечилеринен болот. 1926-жылы И. Арабаев м-н бирге Баку шаарында өткөн түркологдордун биринчи съездине катышып, «Жаңы алфавитти түзүүнүн негизги принциптери» деген доклад жасаган. Ал Т. «Чоңдор үчүн алиппе», «Биздин тил», «Тил илиминин терминологиялык сөздүгү», «Кыргыз адабий тилинин жаңы орфографиясынын долбоору» (1926, 1927, 1933, 1934-ж-дары), «Кыргыз тилинин морфологиясы», «Кыргыз тилинин синтаксиси» (1934–1936-ж.) аттуу окуу-илимий эмгектерин жазган, элге тартуулаган. Бул эмгектер эл агартуу ишинде жа кыргыз тил илимин өнүктүрүүдө өтө зор рол ойногон. Аталган эмгектер кыргыздын туңгуч тилчи-илимпозунун чыныгы окумуштуулук ж-а атуулдук эрдиги болгон. Агартууга, илимге, маданиятка, адабиятка сиңирген эмгеги зор экенине карабастан, Т. тоталитардык тар идеология тарабынан ак жерден айыпталып, саясий жактан «алашчыл», «эл душманы», «улутчул» катары негизсиз күнөөлөнүп, репрессияга кабылып, 1938-ж. атууга өкүм кылынган. Т. 1957-ж. айыпсыз деп табылып, акталган.



3. Илимий педакгогиканын калыптанышындагы педагог-окумуштуулардын салымы.



1917–жылдагы Октябрь революциясынан кийинки Кыргызстандагы мектептер, педагогикалык ойлор СССРдеги элге билим берүүнүн бүткүл системасынын составдык бөлүгү катарында өнүгө баштаган. 19 www.bizdin.kg Тарыхый-педагогикалык мүнөздөгү алгачкы эмгектер XVII кылымдын аягында пайда боло баштаган. XIX кылымда педагогиканын тарыхына кызыгуу өскөн. Ал кездеги тарыхый-педагогикалык эмгектер тарбиялоо менен окутуунун теориясы жана практикасынын ар түрдүү тармактарына тиешелүү болгон бир топ материалдарды камтыган. Кыргызстанда тарыхый-педагогикалык изилдөөлөрдү республиканын бир катар илимпоздору (Д. Айтмамбетов, Б. Кулдашев, А. Э. Измайлов, М. Р. Балтабаев, М. Р. Рахимова, А. Э. Имаева, Н. И. Асипова ж. б.) жүргүзүшкөн. А. Э. Измайловдун Кыргызстандагы советтик мектептердин 40 жылдык тарыхы боюнча очерктерин (1917–1957)”, М. Р. Балтабаевдин Кыргызстанда жалпыга милдеттүү орто билимди ишке ашыруу проблемаларына арналган эмгектерин, М. Р. Рахимованын Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү педагогиканын болуу жана өнүгүү маселелерине арналган эмгектерин ж. б. көрсөтүүгө болот. 1993-жылы Жусуп Баласагындын (XI–XII к.) бүткүл дүйнөгө белгилүү “Кут билим” аттуу дидактикалык поэмасынын байыркы түрк тилинен кыргызчага которулушу кыргыз коомчулугундагы маданий жана педагогикалык маанилүү окуя болду. Кыргыз педагогика илимизилдөө институтун түзүүдө жана илимий иштерин уюштурууда анын биринчи директору, таланттуу педагог Б. К. Кулдашевдин (1916–1950) эмгеги зор. Б. К. Кулдашевдин изилдөөсү болгон “1917–30-жылдардагы кыргыз совет мектептеринин тарыхы” (Алма-Ата, 1950) Кыргызстандагы элге билим берүүнүн тарыхы боюнча биринчи илимий эмгек. Б. К. Кулдашевдин педагогикалык мурастары кеңири чөйрөдөгү маселелер боюнча макалаларды түзөт. А. Э. Измайловдун төмөнкү эмгектери кыйла белгилүү: “Кыргызстанда 40 жылдагы советтик мектептердин тарыхы боюнча очерктер (1918–1957)”, “Туташ сабатсыздыктан агартуунун туу чокусуна карай”, “Орто Азия менен Казакстан элдеринин педагогикалык көз караштары” ж. б. илимий эмгектери педагогдор үчүн абдан маанилүү. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, педагогика илимдеринин доктору, профессор М. Р. Балтабаевдин Кыргызстанда педагогика илиминин таралуусунда өз орду бар. Анын “Развитие всеобщего среднего образования в Киргизской ССР”, “Кыргызстандагы элге билим берүү иши 60 жылда” ж. б. эмгектеринде улуттук билим берүүнүн тарыхына арналган. Педагогика илимдеринин доктору, профессор М. Р. Рахимованын “Кыргыз Республикасында мектепке чейинки тарбия берүү системасын өнүктүрүү 1917–1992-жылда”, “Педагогика тарыхынын очерктери”, “Педагогикалык сунуштар”, бала бакчалар үчүн жазылган окуу китептери, хрестоматиялар ж. б. эмгектери белгилүү. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, эл аралык педагогика жана социалдык илимдер Академиясынын академиги, педагогика илимдеринин доктору, профессор И. Б. Бекбоевдин илимий ишмердиги негизинен билим берүүнү башкаруунун аспектине, педагогиканын жалпы проблемаларына, окутуунун методикасын изилдөөгө, илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоого багытталган. Ал билим берүү тармагына көрүнүктүү салым кошкон, математиканы окутуу методикасынын проблемаларын изилдөөчүлөрүнүн илимиймектебинин негиздөөчүсү. Бекбоев 150дөн ашык илимий жана илимий-методикалык эмгектин (анын ичинде: 9 монография, 20 окуу китептеринин жана окуу колдонмолорунун) автору. Алардын негизгилери: “Программаланган окутуунун принциптерин математика сабагында колдонуу” (1970), “Физика-математика адистери эмес үчүн жогорку математиканын жалпы курсу” (1984, 2000), “Задачи с практическим содержанием как средство раскрытия содержательно-прикладного значения школьного курса математики” (1967), “Ориентация на личность” (2000), “Инсанга багыттап окутуу технологиясынын теориялык жана практикалык маселелери” (2003) ж. б. Бекбоев өзүнүн шакирттери менен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу орто мектептин I-XI класстары үчүн математика боюнча стабилдүү окуу китептеринин толук циклин түзүп чыгарды. Эл аралык педагогика жана социалдык илимдер академиясынын анык мүчөсү, педагогика илимдеринин доктору, профессор Л. А. Шейман кыргыз мектептеринде орус адабиятын окутуунун методикасынын калыптанышына чоң эмгек сиңирген. Л. А. Шейман кыргыз мектептери үчүн окуу китептерин, методикалык адабияттарды жазган. Эл аралык педагогика жана социалдык илимдер академиясынын анык мүчөсү педагогика илимдеринин доктору, профессор Э. Мамбетакуновдун окутуу процессинде окуучулардын жана студенттердин илимий түшүнүктөрүн калыптандыруу, табигый илимдерди байланыштырып окутуу маселелерине арналган эмгектерин окуучулар, студенттер жана мугалимдер кеңири пайдаланууда. Мектеп окуучуларын тарбиялоо жана билим берүүнү өнүктүрүүнүн маселелери педагогика илимдеринин доктору, профессор Ж. А. Аманалиевдин “Пути развития и перестройки образования Кыргызстана”, “Общеобразовательные школы Кыргызстана на современном этапе” деген эмгектеринде изилденген. Өсүп келе жаткан муундарга дене тарбиясы сабагын берүү маселелери педагогика илимдеринин доктору, профессор Х. Ф. Анаркуловдун “Совершенствование физического воспитания учащихся общеобразовательных школ” ж. б. эмгектеринде каралган. Кыргыз этнопедагогикасынын теориялык жана практикалык маселелерин изилдөөнү Ж. Койчуманов “Тоголок Молдонун агартуучулук ишмердиги жана педагогикалык идеялары” (1964), Н. Имаева “Токтогулдун чыгармаларындагы тарбиялык идеялар” (1971) эмгектеринде алгачкылардан болуп жүр-гүзүшкөн. Педагогика илимин өнүктүрүүдө, кадрларды даярдоодо Эл аралык педагогикалык жана социалдык академиянын академиги, анын Кыргызстандагы филиалынын президенти, физика-математика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын академиги А. А. Бөрүбаевдин эмгеги зор. Кыргыз Республикасынын президенти А. Акаев тарабынан аныкталган улуттук “Билим” программасынын негизинде А. Бөрүбаевдин жетекчилиги менен “ХХI кылымдын педагог кадрларын даярдоо” деген программа түзүлгөн. 21 www.bizdin.kg Өткөн кылымдын 40-жылдарынын акырына чейинки мезгилде билим берүү жана жалпы педагогикалык маселелер өкмөт менен партиянын тиешелүү чечимдерине ылайык мектептер үчүн айрым окуу предметтерин, окуу программаларын жана окуу китептерин түзүүгө, ошондой эле кээ бир темалар боюнча тарбия берүүгө керектүү чакан методикалык сунуштарды жана көрсөтмөлөрдү иштеп чыгууга гана багытталып келген. Педагогика илиминин биздин республикада расмий түрдө өнүгүүсү 1951-жылдын ноябрь айында Кыргыз ССР Министрлер Советинин токтомунун негизинде түзүлгөн Кыргызстан педагогикалык илим-изилдөө институтунун уюштурулушунан башталган. Бул институттун ишмердүүлүгү 1945-жылы уюштурулган Мугалимдердин квалификациясын өркүндөтүүнүн республикалык институтунун иши менен тыкыс байланышта жүргүзүлгөн. Кыргызстан илим-изилдөө педагогика институту 1992-жылдын ортосунда Кыргыз билим берүү институту (КИО) болуп, андан кийин (КАО) кайра түзүлүп, анын составына мугалимдердин квалификациясын өркүндөтүү институту кошулган. Бул институт ошондой эле Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын жана Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын окумуштуу-педагогдору менен, республиканын демилгелүү чыгармачыл мугалимдери менен тыгыз кызматташтыкта илим-изилдөө иштерин жүргүзүп келет. 1950-жылдардан баштап институт Кыргызстандын педагогикалык борбору болуп, мында мектептер үчүн базалык окуу программалары, окуу китептер, окуу-методикалык колдонмолор, кийинчерээк о. эле билим берүүнүн мамлекеттик стандарттары, предметтик концепциялар ж. б. таяныч нормативдик-педагогикалык материалдар иштелип чыгат.

«КУТБИЛИМ - » – республикабыздагы бирден-бир агартуу маселелерин улуттук масштабда окурман көңүлүнө салып келе жаткан коомдук-педагогикалык, илимий-популярдуу басылма. Гезит 1953-жылы 5-апрелде Кыргыз ССРинин Агартуу министрлиги менен агартуу кызматкерлеринин республикалык комитетинин органы катарында негизделип, дээрлик 40 жыл бою жалпы коомчулукка «Мугалимдер газетасы» деген ат менен белгилүү болгон. 1993-жылдын 23-январында юстиция министрлигинен каттоодон өткөн. Гезиттин ээси – Билим берүү министрлиги менен гезиттин эмгек жамааты. «К.» жумасына бир жолу, кыргыз жана орус тилдеринде жарык көрөт. 1999-жылдын январынан тарта гезиттин окуу-методикалык тиркемеси – «Кутбилим сабак» басылып чыгууда. «КУТБИЛИМ – САБАК » – «Кутбилим» гезитинин окуу-методикалык тиркемеси. 1999-жылдын январынан бери карай басылып чыгууда. «К. с.» айына бир жолу кыргыз, орус тилдеринде жарык көрөт. Тиркеменин «Кутбилим сабактын лекциондук залы», «Педагогиканын классиктери», «Окутуунун алдыңкы усулдары», «Стандарттуу эмес сабак», «Интеграцияланган сабак», «Алдыңкы педагогикалык тажрыйба», «Көңүлдүү математика», «Класстан тышкаркы иш чара», «Мектеп сахнасына», «Окумуштуулар мектепке», «Балдарга айтып бериңиз» ж. б. у. с. рубрикалары астында салтка айланбаган сабактардын мыкты үлгүлөрү, иштелмелери, окутуунун ж-а класстан тышкаркы иштердин заманбап усул-ыкмалары жарыяланып келүүдө. Тиркеме жеке мугалимдин ишкердүүлүгүн гана чагылдырбастан, окурмандарды учурдагы билим берүү системасын реформалоонун алдыңкы сабында бараткан педагогикалык коллективдердин иштажрыйбалары м-н тааныштыруу максатында көзөмөл тутат.

КАРАСАЕВ - Кусеин (1901-ж., Түп р-ну – 1998 Каракол) – алгачкы агартуучулардын бири, окутуучу-педагог, атактуу тилчи-лексикограф, профессор, КРУИАнын ардактуу академиги, К. Тыныстанов атындагы сыйл. лауреаты. Адегенде айылдык молдолордон кат-сабаты ачылып, кийин 1914–1916-ж-дарда Караколдогу орус-тузем мектебинен окуп билим алат. 1923-жылы Ташкенге келип, кыргыз-казак агартуу институтуна окууга өтөт. Ташкенде окуп жүргөндө Ишеналы Арабаев, Касым Тыныстанов менен таанышып, бул экөө менен бирге 1924-ж. кыргыздын биринчи газетасы «Эркин-Тоону» чыгарууга катышат. 1927-ж. И.Арабаев менен бирдикте жаңы латын алфавитинин негизинде «Жаңылык» аттуу окуу китебин жазып, 1928-ж. басмадан чыгарат. Бул китептин учурунда өтөгөн мааниси жүнүндө К. Карасаевдин замандашы Зияш Бектенов төмөндөгүчө эскерип жазган: «И. Арабаев менен К. Карасаевдин «Жаңылык» аттуу алиппе китеби кыргыз эли латын тамгасын кабыл алган кезде, жаңы тамга м-н биринчи басылып чыккан эң мыкты окуу куралы болуп, сабатсыз элдин сабатсыздыгын жоюуга эбегейсиз зор кызмат кылган окуу куралы эле». «Жаңылык» м-н катар К. «Сабат ачкыч» аттуу алиппени да (1927) жазып, жарыкка чыгарган. Бул алиппенин да өз мезгилинде аткарган кызматы чоң болгон. Кыргыз алфавитинин бардык түрүн түзүүгө катышкан. К. Тыныстановго кошулуп, тил терминдеринин сөздүгүн да түзүшкөн. К. чындыгында эле Кыргызстандагы сөздүк түзүү ишинин негиз салуучуларынын бири. Алсак тилчи-агартуучу И. Батманов менен бирдикте алгачкы «Орусча-кыргызча сөздүктү» (1938), 1944-жылы К. Юдахин, Ж. Шүкүровго авторлош болуп «Орусчакыргызча сөздүктү» (1944) түзүп жарыкка чыгарган. Административдик-буйрукчул системанын таптык тар саясаты К-ди кодулап, жектеп куугунтукка алган. 1933-ж. улутчул, контрреволюциячыл делип кармалып, Жалал-Абаддын түрмөсүнө отургузган. 50–60-жылдары 60 миң сөздөн турган «Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгүн» (1966) тартуулады. Мындан соң 70–80-ж-дары «Түгөйлүү сөздөр» (1971), эки томдон турган «Накыл сөздөр» (1982; 1987) китебин, «¤здөштүрүлгөн сөздөр», «Камус наме» аттуу сөздүккитептерди жарыялаган

БЕКБОЕВ Ысак (1930-ж. т., Атбашы р-ну) – педагогика илимдеринин доктору (1994), проф. (1983), КРУИАнын корр.– мүчөөсү (1997), эл аралык пед. ж-а социалдык илимдер академиясынын академиги (1996), Кырг. Респ. Эмгек сиңирген мугалими (1983), эл аралык «Руханият» сыйл. лауреаты (2000), Кырг. Респ. илим жана техника тармагындагы мамл. сыйл. лауреаты (2002). Кыргыз мамл. ун-тинин физика-математика факультетин бүтүргөн (1952). Орто мектептин математика мугалими (1952–1955), Кыргыз пед. илим-изилдөө ин-тунда ага ил. кызматкер, сектор башчысы, директорго орун басар (1955–1975), КМУда декан, окуу иштери б-ча проректор (1975–1984), Кыргыз Билим берүү институтунда директор (1984– 66 www.bizdin.kg 2002) болуп иштеген. 2003-жылдан баштап Кыргыз Билим берүү академиясынын билим берүү борборунун директору. 150дөн ашык ил. эмгектердин (а. и. 10 монография, 20 окуу китеби) автору. Эмгектери негизинен билим берүүнү башкаруунун аспектине, педагогиканын жалпы проблемаларына, окутуунун мазмунун ж-а методикасын изилдөөгө, ил.- пед. кадрларды даярдоого арналган (мис., математиканы окутуунун проблемаларын изилдөөчүлөрдүн ил. мектебинин негиздөөчүсү). «Ардак Белгиси» ордени (1971) ж-а медалдар менен сыйланган.

ИЗМАЙЛОВ - Азиз Эминович (1913–2004, Крым обл., Евпатория ш.) – көрүнүктүү педагог-окумуштуу, педагогика илимдеринин доктору (1959), СССР ПИАнын анык мүчөсү (1967), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1968), Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1974). 1934-ж. Москвадагы Н. К. Курпская атн. коммунисттик тарбия берүү академиясын бүтүргөн, ошол эле жылы РСФСР эл агартуу комиссариатынын жолдомосу м-н Кыргызстанга келип, педагогикалык кызматтарда эмгектенген. 1955–1981-ж. Кыргыз педагогика ил. изилдөө институтунун директору болгон. Педагогика илиминин өнүгүшүнө зор салым кошкон. Ал 260 ил. эмгектердин автору. Анын ил. эмгектери КМШ өлкөлөрүнө кеңири белгилүү. 1970–74-ж. жазган эмгектери үчүн СССРдин ПИА эң жогорку Н. К. Крупская атн. сыйлыгына татыктуу болгон (1974), 1955–81-ж. 40ка жакын ил.-пед. кадрларды, илимдин кандидаттарын, докторлорун даярдап чыгарган. Өкмөт алдында сиңирген эмгектери үчүн Октябрь революциясы, үч Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ордендери ж-а медалдары менен сыйланган. Ал “К вопросу об изучении обобщения и распространения передового педагогического опыта” (1952), “Из опыта политехнического обучения в школах Киргизии” (1955), “Мектепте атеисттик тарбия берүү” (1967), “Кыргызстандагы советтик мектептердин тарыхы (1917–1957)” (1961), “Мектепте кесип тандоого багыт берүү” (1965), “По ленинскому пути” (1970), “В. И. Ленин и проблемы воспитания и образования” (1971), “Просвещение в республиках советского Востока” (1973), “Изучение развития культуры народов Средней Азии и Казахстана в курсе истории СССР” (в 8-10 классах); (1986), “Этика и педагогика семейной жизни” сыяктуу эмгектердин авторуак болууга чакыра

РАХИМОВА - Магрифа (1929. Жетиөгүз р-ну) – педагогика илимдеринин доктору (1979), профессор (1978), Кырг. Респ. илимине эмгек сиңирген ишмер, РФ Эл аралык педагогика ж-а социалдык ИАсынын академиги (1995). Пржевальск ш-ндагы пед. окуу жайын Кыргыз мамл. педин-ттун тарых факультетин (1951) бүтүргөн. 951–54-жылдары Кыргыз мамл. у-теттин педагогика ж-а психология кафедрасынын ассистенти, 1954-жылдан азыркы И. Арабаев атн. КМПУда (В. В. Маяковский атындагы кыз-келиндер ин-ту) окутуучулуктан баштап, профессорлук даражага чейинки түрдүү кызмат орундарында: 1968-81-жылдары сырттан окуу бөлүмүнүн деканы, 1981-2003-жылдары педагогика кафедрасынын башчысы болуп эмгектенген. Ал «Совет бийлигинин мезгилиндеги Кыргызстандагы мектепке чейинки тарбия берүү» деген темада кандидаттык (1967-ж), ал эми «Кыргызстанда мектепке чейинки тарбия берүүнүн калыптанышы жана өнүгүү келечеги» деген темада докторлук диссертация (1978-ж.) коргоп, Орто-Азия ж-а Казакстан аймагында аялдардын ичинен биринчилерден болуп, педагогика илиминин доктору даражасына ээ болгон. Р-нын ил. иштери мектепке чейинки балдарды тарбиялоо ж-а окутуу маселелерине арналган. Ал мектепке чейинки мекемелер үчүн монография, хрестоматия, окуу куралдарын, окуу-методикалык колдонмолорду ж-а 60тан ашык илимий макалаларды жараткан. Р-нын илимий жыйынтыктары «Мектеп жашына чейинки балдар үчүн хрестоматия», «Кыргызстандагы мектепке чейинки тарбия», «Наристе», «Кыргыз элдик педагогикасы», «Педагогиканын тарыхы 148 www.bizdin.kg боюнча очерктер», «Бүчүр», «Наристе», «Мөл булак», «Бала бакча», «Педагогиканын теориясы, системасы ж-а технологиясы» сыяктуу эмгектеринде чагылдырылган Р. республикабызда ил. кадрларды даярдоого чоң салым кошууда, анын жетекчилиги м-н 15 кандидаттык диссертация корголгон. Ал И. Арабаев атн. КМПУнун алдында ачылган Квалификацияны жогорулатуу ж-а кадрларды кайра даярдоо ин-тунун негиздөөчүсү. Р. «Кыргыз ССРинин элге билим берүүсүнүн эң мыктысы» (1967), «СССР эл агартуусунун эң мыктысы» (1974) төш белгилери, «Эмгектеги каармандыгы үчүн», «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» (1971), «Даңк» (2003) медалдары, Ардак грамоталар м-н сыйланган. И. Арабаев атн. сыйлыктын ээси.

Апышев Бекембайдын жаңыча багытта,илимий педагогика менен элдик педагогиканын орошон ширетмесинде кыргызча сүйлөгөн окуу китеби 90-жылдары окурмандардын аң-сезимине, көз-карашына башкача таасир берип, убагында музыка дүйнөсүндө Рыспай Абдыкадыров кандай жаңыча багыт берсе, Бекембай Апыш уулу да педагогикада ошондой жаңыча көз-карашты аң-сезимге калыптандырып кетти .Ал бир нече окуу китептерин жазып, окурмандардын кеңири чөйрөсүнө сунуштаган. Алар: «Жалпы дидактиканын негиздери»(1991), «Педагогика»(1993),«Тарбия назарияты»(1996), «Педагогика»(2002), «Мухаммед пайгамбардын таалим-тарбия жөнүндөгү даанышман ойлору»(2005), «Дидактика»(2006..

БАЙЫМБЕТОВ - Мамади (1927-ж. т.) – жаңычыл педагог, Кырг. Респ. Эл мугалими (2001). Ош мамл. пед. ин-тун бүтүргөн. Билим берүү системасында 50 жылдан ашык эмгектенип, анын ичинде 39 жыл мектеп жетекчиси болгон. Ал мугалимдик иш-аракеттин устаты, өз учурунда жүргүзүлгөн: «Кол эмгек сабагы» (1955-ж. киргизилген), «Пионердик үч баскыч» (1957), «Сегиз жылдык мектеп» (1958), «Милдеттүү орто билим алуу» (1961), «Даярдоо классы» (1979), «Үйбүлө жана адеп сабагы» (1983) ж. б. жаңы башталмаларды мектепте калыптандырууда ж-а акыркы жылдары респкабызда жүрүп жаткан «Ыйман сабагы» (1992), «Пилоттук мектеп» (2002) ж. б. реформаларды ишке ашырууда башка мектептерге жол көрсөткүч, насаатчы катары таанылган. Москвада өткөн Бүткүл союздук агартуу кызматкерлеринин III съездине (1988) ж-а респ-калык мугалимдердин III–V съездерине делегат болуп шайланган. Б. белгилүү педагогдор В. А. Сухомлинский, Г. Н. Волков ж-а жаңычыл-педагогдор Шаталов, Амонашвили, Крачковский, Ильиндер м-н пикир алмашып, билим берүү системасындагы өз көз караштарын сунуш кылган. Б. кыргыз тили ж-а адабиятын окутуу, элдик педагогиканын методдору, улуттук менталитетке байланыштуу 40тан ашык окуу макалаларын жарыялаган. Б. «Ыйман сабагынын программасы» (1992), «Мактанба» (1994), «Каада-салт жобосу» (1996), «Тил сабагында өз алдынча ой жүгүртүү» (1998), «Окуучу ойлоно билсин» (1998), «Тил сабагындагы ыр сабагы» (1998), «Манас эпосу – тарбиянын кенчи» (1999) китептеринин автору. Б. эмгеги мамлекет тарабынан бааланып, «Ардак белгиси» ордени, «Эмгектеги каармандыгы үчүн», «Эмгек ардагери» медалдары м-н сыйланган. Кырг. Респ. Элге билим берүүсүнүн отличниги (1997), «СССР эл агартуу отличниги» (1977), «Методист-мугалим» (1983), Кырг. Респ. эмгек сиңирген мугалими (1995), «ОшМУнун ардактуу профессору» (1999) наамдары берилген. Кыргыз Республикасынын «Эл мугалими»

Исаков, Бектур Сыдыкович (1941-жылы т, Талас району, Арал айылы) — кыргыз тили жана адабияты мугалими, 1964-ж. Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн. "Манас" эпосун окутуу” усулдук (методикалык) китебинин автору. Талыкпаган чыгармачыл эмгектери үчүн көптөгөн мамлекеттик сыйлыктарга ээ болгон. Ал «Кыргыз ССРинин эл агартуунун отличниги» (1974), «Ардак белгиси» ордени (1978), СССРдин «Эл агартуу отличниги» наамы (1980), Крупская медалы (1982), СССР ВДНХ күмүш медалын (1982), Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак громатасы (1983), Кыргыз Республикасынын «Эмгек синирген мугалими» наамы (1993), Эл аралык коомдук Айтматов академиясынын академиги наамын (1994), «Манас-1000» медалын (1995), И. Арабаев атн. сыйлыктын лауреаты (1997), «Даңк» медалын (1999), Кыргыз Республикасынын «Эл мугалими» (2003) наамын алган.Исаков кыргыз тилинин вариативдүү окуу программасын (5-кл.), Манас сабагын окутуу чежиресин (3–11 кл.), «Ыйман сабагы» боюнча окуу программасын түзүүгө катышкан. Ошондой эле «Биздин адабияты» (5-кл.), «Кыргыз адабияты» (8-кл.), Кыргыз тили (7–9-кл.), Манас сабагы (3–11кл.) окуу китептерин жазган. Бектур Исаковдун педагогикалык ишмердүүлүгү жөнүндө 2 китеп, 4 очерк, 20 ашык макала жана методикалык колдонмолор жазган. «Б.Исаковдун алдынкы тажрыйба мектеби» деген ат менен республикада биринчи жолу республикалык алдыңкы тажрыйбалык мектеби уюшулган.

Азыркы мезгилде педагогика илиминин тармагында көптөгөн илимдин докторлору жана кандидаттары билим берүү системасынын жана таалим-тарбиянын көп кырдуу проблемаларын изилдешип кыргыздын илимий педагогикасынын өнүгүшүнө өз салымдарын кошуп келе жатышат.А.Муратов, Ж.Каниметов, Д.Бабаев,Т.Сияев, А.Калдыбаева, А.Алимбеков, К.Акматов ж.б.

Өз алдынча иштөө үчүн суроолор:

  1. Элдик педагогиканын идеялары жана тажрыйбалары бүгүнкү күнгө туура келеби?

  2. Элдик педагогика” жана “этнопедагогика” түшүнүктөрүнүн маанисин акчып көрсөткүлө.

  3. Б.Апышевдин “Педагогика” окуу китебиндеги элдик педагогика боюнча айтылгпн ойлорду талдагыла

  4. Манас”эпосундагы кайсыл идеяларды бүгүнкү күндүн таалим- тарбиясында колдонсок болот?

  5. Кыргыз элдик педагогикасындагы биогенетикалык жана социогенетикалык ойлор.

  6. Ж.Баласагындын “ Кут билим” чыгармасындагы педагогикалык идеялар.

  7. М.Кашкаринин эмгегиндеги педагогикалык ойлор.

  8. Табышмак- балдарды өнүктүрүүдөгү негизги дидактикалык каражаттардын бири

  9. Акындардын педагогикалык ойлору

  10. Кыргыз педакгогикасынын өнүгүшүнө смалым кошкон белгилүү окумуштуулар жөнүндө айтып бергиле

  11. Педагогдор М.Байымбетов менен Б.Исаковдун иш тажрыйбалары




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!